Суперстан: Достор. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Достор. Же бир кызга байланган үч тагдыр!

#61 Пользователь офлайн   AMAH-2   09 Август 2014 - 01:57

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Жарым сааттан өтүп Кубанын чалуусун кабыл алды.
-Эмне болду билдиңби?
-Аскат?
-Угуп жатам айта бер..
-Каердесиң азыр?
-Ийи?
-Бир жакка барып келишибиз керек..-деген Кубанын табышмактантып айткан сөзү Аскаттын жүрөгүнүн үшүн бир заматта алып салды.Оюна ар кандай жаман ойлор келип кудайдан Азаматтын амандыгын тилеп,жалбарып ийди.
-Аскат каердесиң дейм?
------------ --------------
-Асыке?
-Да,да! Менби? Мен тиги үйдүн эле жанында жүрөм.
-Мен азыр барып калам.Кыжаалат болбо досум,баары жайында эле-деген Кубанын көңүл көтөрүрөөрлүк сөзү да Аскатка жардам бере албады.
-Болуптур. ..-деп телефонун өчүргөн Аскат ойлуу олтурду...
---Куба жарым сааттан өтүп келип калды.Аскаттын ыраңын көрүп "Асыке сен туура эмес тушүнүп алган окшойсуң,Азамат жакшы эле,болгону ичинен биртке жаракат алыптыр" деп Аскаттын жаман ойлоруна бөгөт койуп сүйлөп бара жатты машинасын айдай."Жаракат алыптыр" деген сөзү мээге таштай уюп,ошол жаракат кылган адамдар азыр алдынан кезигип калса жер менен жексен кылууга даярдай жини келип бара жатты.Райондук ооруканада экен.Ичи таңылуу жаткан Азаматты көрүп досун аяп кетти,кудайга миң мертебе шүгүрчүлүгүн айтып да алды.Мелдешүүдөн биринчи орунду алгансып Азамат Аскаттын үрөйүн көрүп жылмая:
-Дос,баары жайында,бир айда куландан соо болуп айыгып кетем көрөсүн го-деп алды.
-Айтканың келсин дос,анан ушуну кылгандарды чогуу издеп таап сазайын беребиз ээ?-деди Аскат Азаматка кошула жылмая.
-Болуптур дос,болуптур. ... Бирок?-деген Азамат ойлонуп калды.
-Эмне бирок?
-Мен бир аз ичип алган элем ал түнү,ошон үчун алардын жузүн эстей албай жатам...
-Эстээрсиң кийинчерээк. ....-деген Аскат ошол эле түнү Бекжандын да "ичтим" дегенин эстеди.Экөө бир ичиштиби же эки башка ичиштиби азырынча Аскат үчүн табышмак бойдон гана калып кетти.Себеби азыр Азамат эс алыш керек эле.Жаракаты кудайдын сактоосу менен ичтин четкерээк жеринен орун алып,ички органдарына бир да залакасын тийгизбегени менен Аскат көбүрөөк кандан айрылып калыптыр...
---Аскат үйгө келбей эле туз эле жумушуна келди.Бекжанга чалса ал өчүк экен.Себеби Бекжан дагы ичип аткан болчу бул убакта....

Билдирүүнү түзөткөн: AMAH-2: 09 Август 2014 - 01:59

Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   AMAH-2   09 Август 2014 - 03:35

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Ооба, Бекжан дагы ичип жатты.Кыз бала Бекжанды алсыз адамга айлантып салган болчу.Себеби Назиктен бүгүн "Мени эми унутуң" деген билдирүү алган эле.Өткөндө ичип келип алып эч нерсе менен иши жок бир жакшына уктагандыктан ащыр да ошону каалап турду.Себеби бүгүнкү күн эки күндөн кийинки экзаменге даярдык менен өтпөй эле Назик жөнүндө ойлонуу менен өттү.Мээсине "Назикти түбөлүккө жоготуп алдың" деген кайсыдыр бир туюм орноп алган эле.Азыр Бекжан Азаматты да,Аскатты да эстен чыгарып салган болчу.Бир гана ачуу арак Бекжандын ойлорун алыстарга кууп жатты...Азаматка болгон таарынычынан ушул арак менен арылгысы келди.Ооба,Азамат күнөөлүү...
-Бекжан турчу дос! Сага эмне болгон досум?-деген Аскаттын эрте мененки кыстоосу Бекжанды турууга мажбур кылды.
-Эээ Аскат кандаааай?-деп ыржаңдаган Бекжанды абалын көрүп анын масчылыгы дагы деле толугу менен таркай элек экенин билди арак жыттанган бөлмөнү желдетүүгө терезелерди ачып жатып.
-Мен жакшы! Өзүң кандай? Кебетең кантет?
-Эмне болуптур кебетеме?-деген Бекжан олтурган калыпта өзүнө бир сыйра коз жүгүрттү да кайра Аскатты карап:-Ичкен адамды көрбөй жүрдүң беле эмне?-деп кайра бир тийди.Бекжандын ушул созүн кандай мааниде айтканын Аскат түшүно албады.Жанына келип олтурду да:
-Бекжан эмне дартың бар? Мени менен тең бөлушчү дос сураныч... Жеңилдеп да каласың-деди көздөрунө тигиле.Бекжанга ушул эле соз жетпей жаткан белем көздөрүнө бир паста жаш толуп жашып кирди.Көздөрүнөн чыккан жаштан досунан уялгандай бырышкан көйнөгүнүн жеңи менен аарчыды да оор үшкүрүп алып ичтеги дартын айтып кирди.Ага байланып калганын,ансыз эми кантип жашаарын,Азамат Бекжандын аны сүйгөнүн билсе да ага уйгактай жабышып алганын,бүгүнкү Назиктен алган билдирүүсүн айтып акыры ушунун баарына Азамат күнөөлүү экенин айтты да оор үшкүрүп созүн жыйынтыктады. Аскат эмне демек эле,жарытаарлык деле эч нерсе айта албады.Себеби бир гана Азамат күнөөлүү эмес өзү да күнөөлүү экенин сезип турду.
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   AMAH-2   09 Август 2014 - 04:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Ошол ошол болду.Ооруканадан он күндөн кийин эле чыккан Азамат менен Бекжан элдеше албай койду.Бир-бирине болгон мамилеси салкын болуп,ооз уучунан гана саламдашышып койгон болбосо экөө бири-бирине жат адамдардай мамиледе болуп калышты.Бекжан экзамендерин тапшырып койуп айылга кетти.Шаарда Азамат менен Аскат калды.Бир күнү Азамат кечки тамактын үстүндө:
-Аскат көптөн бери бере албай жүргөн бир суроом бар эле сенде-деди
-Кулагым сенде досум,бере бер сурооңду-деген Аскат азыр сөз кайсы жакка оошун алдын-ала эле билип койду.
-Чыныңды айтчы,Назик ким сага?-деген Азамат Аскаттын ар бир кыймылына коз салганча карап калды.
-Ким болмок эле,аяшым болчу бир ай мурун-деген Аскат ичиндеги сырын билгизип албоого телевизорду караган бойдон жооп берди.
-Чындап элеби?
-Ооба дос,неге сурап атасың?
-Себеби ага болгон көз карашың башкача эле...
-Кандайча башкача?
Эми кандай десем?-деген Азамат туура келчү создөрдү издеп жаткандай бир аз ойлонуп турду да-Качандыр бир кезде жоготуп алган адамыңдай карайт болчусуң-деди. Мынакей Азаматтын кыраакылыгы, таймашта да өзүно көп пайдасын тийгизген ушул сапаты эле.Каршылашынын коз карашынан анын оюн алдын-ала билүүнү өздөштүрүп алгандыктан жеңилүү ызасын да аз тартты.
-Каяктагыны айтпачы эй-деген Аскат калп эле күлүмуш болуп койгону менен ичиндеги сырлардын баары алдында жайылып жаткан дасторконго төгүлүп калгандай ыңгайсыз боло түштү.
-Эх,сенден ачыгын угам десе,сен ачыгын айтпай койдуң-деген Азамат да Аскатка кошула күлүп алды.Бирок бул сөзүн Аскат тамаша катары түшүнгөнү менен Азамат чындап эле айтканын билген жок.Ал кайдан билди дейсиң бир нерсенин артынан сая түшүп издөөнү жакшы көргөн Азамат жакынкы күндөру Назиктин айылын таап,жада калса экөөнүн качанкы баштала элек балалык сүйүүлөрүнөн бери сураштырып билип алаарын.....


Уйкум келип кетти.Дем алыш күндөрү жазганга колум тийбей калышы толук мүмкүн.Ошон үчүн чыдап туруңуздар, кудаа кааласа жакында аяктайт:)...

Билдирүүнү түзөткөн: AMAH-2: 09 Август 2014 - 04:06

Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   AMAH-2   13 Август 2014 - 02:01

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

-Кандайсыз эже?
-Жакшы балам..
-Эже ушул үйдө Назик жашайбы?
-Ооба,сен кимиси болосуң?
-Мен... мен группалашы болот элем...
-Ааа жакшы,эмне ишиң бар эле Назиде? Тынччылыкпы деги?
-Тынччылык эле.Жөн эле учурашып койойун деп...
-Ааа ошондой дечи балам... Назик бир жакка кеткен болчу....
-Ааа мейлиңиз анда,мен барайын...
-Нан ооз тий!
-Жоок,жок убара болбоңуз,мен шашылыш элем-деген Азамат өзүно тың келген жузү жылуу бул аялды убара кылбоого коштошуп алып чоң жолго чыкты.Эки жакты карап бир талдын түбүндөгу көлөкөдө озү курактуу эки бала олтурганын көрдү да ошолорду коздөй басты.
-Ассалоому алейкум жигиттер!
-Ва алейкум!-деп алдында чымыр денелүү,аппак фудболка кийген Азаматка жарыша ордуларынан тура коюшуп колун сунуп калышты.
-Азамат менин атым-деп өзүн тааныштырган Азамат бул эки бала менен тез эле тил табыша кетти."Кимсиң? деген алардын суроосуна Назиктин үйүн көргөзүп "Мейманмын" деп койду.Азамат канчалык сөздү айландырып Назик жөнүндө сурабасын бул эки баладан да жарытаарлык эч нерсе уга албады.Кызыгы ал экөө тең Назикти көптөн бери көрө да элек экен.Анан ортодо сөз түгөнүп калганда жөн эле жымжырттыкты бузуу үчүн Аскат тууралуу сурап калды."Кайсы Аскат?" деп сурап алган тиги экөө айылдагы Аскат аттууларды тизмектеп киришти.Аскаттын жаш курагын угуп да эч нерсени эстей албай жатышып анан бирөөсү мурда кичинекей кезинде Аскат деген бала өзүнун классташы экенин айтып Азаматтын чиеленишкен суроолоруна ылайык жооптор бекилген маарага жакындатып алып барды.Аскаттын атасынын атын угуп гана ошол классташы өзүнүн досу Аскат экенине ишенди.Андан ары эч нерсе деле сурабады.Аларсыз деле Азамат үчүн баары тушүнүктүү. ..
---Аскат да шефинен жооп сурап августун башында айылга бир айга эс алууга келген эле.Келип айылдын ыссыгына күйө түшкөн Бекжан менен күн алыс жолугуп он күндөй жүрдү да ата-энесине "Туугандар менен учурашып келейин" деп өзу туулган айылга жөнөдү.Келип баары менен учурашып,үй жумуштарына жардам беримиш болуп жүрүп бир жума өткөзүп жиберди.Ошол бир жумада түнү менен Назиктин үйун акмалоону токтотподу. Өзү окуган,бир көчөдө ойногон балдарга да такыр эле көнө албай койду.Алар да Аскатты жатыркап жатышкансыды. Назиктин кайда кеткенин билүү үчүн ошол жердеги бир баладан да сурап көрдү.Бирок айылда окуп жүргөндө эле көчөгө көп чыкпачу Назиктин кабарын ал да билбейт эле.Назиктин кайда кеткени Азаматка кызык болгондой эле Аскатка да кызык боло баштады...
---Ал эми Бекжан башында Назикти сагынып кыйналып жүргөну менен күндөн-күнгө ага таарына баштады.Апасынын "үйлөнсөң боло" деген сөзүнө акыры ынап окуу башталганда апасы тапкан кызга жолугуп сүйлөшүп көрүүгө убада берди.Бирок күндө Назиктин "Мени эми унутуң!" деген билдирүүсүнө тигилип,эмнеге мынтип айтканын тушүнө албай жүрдү.Болуптур бир эки жолу анын көзүнчө Азамат менен мушташа кетти,болуптур ага күндө сүйөм-күйөм деген сөздөрүн айтпады,бирок, өзүн чын жүрөктөн сүйөөрүн кантип сезбеди? Өзүн кызганган үчүн ошол туура эмес кадамга барганын неге түшүнгүсү келбеди?...деген суроолордун жообу бир гана Аскат экенин Бекжандын оюна да келбеди...
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   AMAH-2   13 Август 2014 - 02:37

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Сентябр башталып Бекжан сабагына,Аскат жумушуна шаарга келишти.Ал Азамат жай бою шаарда болду.Кайра эле ошол көрүнүш.Үчөө тең сырттарынан сыр бербегени менен ичтеринде бири-бирине болгон тирешүү күч алды.Бекжан апасына убада кылгандай эле бир эмес эки кызга жолугуп көрдү.Бирок негедир алар башка жандар,Бекжан үчүн эмес адамдар болуп чыгып апасына "жакпады" деген шылтоо менен кутулду.Быйыл төртүнчу жылы башталгандыктан оюнда "Эми бир жолу окууну аяктап анан үйлөнөм" дегенге өттү.Назикке жолугууга күн алыс ал окуган окуу жайга келип жүрдү.Бирок Назиктин кайда экенин керек болсо группалаштары да билбей турганын угуп Бекжан таң калды."Унут" деген анын ошондогу билдирүүсүн анын "турмушка чыгып кеткен окшойт" деген божомолго жоруй баштады.
---Азамат болсо Назикти окуу жайдан,интернеттен, тааныштарынан сураштырып жүргөнү менен кабарын биле албады."Күйөөгө тийип кеткен окшойт" деген кооптонуусу да туура эмес чыгып сүйүнүп да калды.Бирок ага баары бир жолугууну эңсеп жүрдү.Бирок кайдан,каерден ага жолуга алат? Деги эле кайдасың Назик? Аны унутууга да аракет кылып көрдү.Бирок эч майнап чыгара албаган соң жөн гана күтүүнү туура көрдү.Аз гана убакыт күтүүнү.Балким ошол күтүү бир күн келип унутууга түрткү болоорун боолголоду. Жакын досунун капа болоорун билип туруп эмне себептен андан көңүлү калбаганына таң калып мурдагы эле шаңдуу жашоосун улантып жүро берди.Кышка жакын Азамат Бекжан менен такыр эле келише албай койгондуктан башка квартирага чыгып кетти.Аскат да Азаматты түшүнгөндөй унчукпады.
---Ал эми Аскат болсо жөн гана күтө албады.Жумуштан чыгып барып Назик жашаган үйдү акмалап да жүрдү.Бул жакка Азаматтын да Бекжандын да келип калышы толук ыктымал экенин билгендиктен өтө этияттыкка салды.Ошол үйгө күндө кирип чыгып жүргөн Назикке бир аз окшошуп кеткен бир сулууча келген эжени көрүп акыры ал менен да таанышты.Ойлогонундай эле ал эже Назиктин эжеси Мүрөк болчу.Аскатты тааный албай койгону менен жылуу учурашты.Кай жерде иштегенин тактап алып калп эле ар шылтоолорду айтып,же кийим алымыш болуп жүрүп Назиктин эжеси менен жакшы болуп кетти.Аскаттын максаты Назиктин кабарын билүү болчу.Айткысы келбей жүргөн Мүрөк акыры күз мезгилинин бүтөөр маалында Аскатка Назиктин кабарын айтты.Аскат сезгендей эле Назик үч достун достугунун ажыроосуна себепчи болуп калбаш үчүн башка өлкөгө кеткенин билди...
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   AMAH-2   13 Август 2014 - 12:41

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Мынакей Назик!..


...Аз уктагандыктан көздөрү бир аз шишимек тартып Назик жумушуна бара жатты.Кулагында наушниктен чыгып жаткан сүйүү тууралуу ырга деле көңүл бөлбөй өзүнчө ойлуу.Мындай ойлуулугу ар дайым сүйүшкөндөрдү көргөндө кайдан-жайдан пайда боло калат да бир топ түйшүккө салат.Азыр да адам жыкжыйма болгон метродо тушунда бири-бирин кумарлуу карап,бактылуу көз караштары менен сүйлөшүп бара жаткан эки жашты көз кыры менен карап койуп бара жатты.Беш ай өтүп кеткенине карабай туулган жеринде калган көңүлүнө жакын адамдарды унута албай жүрөт.Ошондо Азамат менен Бекжандын мушташуусун экинчи жолу күбө болгондо коздөрүнө жаш толо окуу жайдан чыгып кеткен бойдон аларды унтууга бел байлаган болчу.Керек болсо катуу сүйлой албаган,ар дайым козүнун кареги менен айланчу Бекжандын өзүн түртүп жиберген көз ирмем көп убакыт бою коз алдында тартылып жүрдү.Экөөнүн тең Назиктин сезими,ою менен эсептешпей өзүм билемдикке салганы Назиктин көңулүн ирээнжитти. Ооба,Назиктин ошол маалда ал экөөндө тең көңулү жок боло баштаганын сезе баштаган болчу.Себеби Аскат! Ошол эс алуудагы Аскат менен болгон өбушүү... Анын ыссык эриндери... Анын "Сени сүйөм" деген жалындуу сөздөрү.Ошондогу мушташтан кийин чындап эле экөөндө тең көңулү жок экенине ынанды.Эжесинин "Бир эки күндөн кийин кет" деген созүнө көнбөй эртеси эле эрте менен айылга да баса берди.Себеби кечиндеси келген Бекжан бул күну да келээрин билет болчу.Анын жалооруган кара коздөрүно "Кечир,сенде көңулүм жок" деп айтуу кыйын экенин да сезди.Деги эле мурда-кийин мынтип айтып көрбөгөн Назикке ал создөрду айтуу кыйынга турат эле.Ошон үчүн жөн гана кетип калууну эп көргөн болчу.Ооба,Назик жоопкерчиликтен дагы качты.Мейли артынан жаман сүйлөшсүн,мейли озүн үчөө тең жек көрүп калсын,Назик бир гана үч достун өзүнун айынан душманга айланып кетүүсүн каалабады.Үчөөнүн кимисин катуу сүйөөрүн алыстык,убакыт көргөзөөрүнө ишенди.Күч таап Бекжанга "Эми мени унут!" деген билдирүү да жазып жиберди да телефонун биротоло иштетпей койду.Айылда бир айдай жүргөн Назик апасы менен атасына эркелеп жатып акыры атасынын дайындоосу менен алысыраак туугандары иштеген ушул өлкөгө келе берди.Үчөөнүн бирөөсү болбосо бирөөсү озүн издеп келээрин сезгендиктен апасына бир да адамга өзүнүн кайда кеткенин айтпоону суранды.Эне жүрөгу сездиби же жөн гана жакшы көргөн кызынын өтүнүчүн четке кагууну туура көрбөдүбү эч кандай суроосуз эле макул болду.Бул жакка келгенине аз өтпөй тез эле жумушка да орношту.Бул элдин тилинен бир аз аксагы бар Назик зээндүлүгүнүн айын тез эле тилди да үйрөндү.Тилди үйрөнгөн Назикти агасынын жардамы менен ошол эле ресторанга официант кылып коюшту.Идиш жууган жумушунан бир канча жеңил болгону менен бул жумушу көбүрөөк моралдык жактан кыйыныраак эле.Ресторанга келген ар бир мейман менен жакшы маанайда учурашуу,менюда жазылган ар бир тамактын кошулмаларын жатка айтып берүү жана алардын көңүлүн алып кайра ушул эле ресторанга келтирүүгө аракеттенүү болчу.Курбу күттү.Университетте эң жакын курбусу Миргүлдөн кийин эле ушул Чынара болду.Башында теңсинбей жүргөн бул кыз да акыры Назик менен жакшы болуп кетти.Анан эң акыркы мейманга чейин эч жакка кетпей күтүп алуу болгондуктан кээ бир күндөрү үйунө кеч кайтаар эле.Пешенесине агасы ушул эле жерде иштегендиктен ал күндөрү Назикти ар дайым күтүп үйүнө чогуу алып кетет болчу.Ал агасы Назикке Азаматты эстетет.Себеби ар дайым жарык маанайлыгы, көңул борборунда жүргөндүгү, сулуу кызды көргөндө кыя өтө албай тийишип же карап өткөндүгү куддум эле Азаматтын адаттарынын көчүрмөсү болчу.Бир гана эртеси жумушка жалгыз барат.Жашаган жери жумушунан бир кыйла алыс болгондуктан метро менен каттайт.Назикке бул жерде да көзөмөл катуу болгондуктан ашыкча баспайт.Үйүнө бутун сүдүрөп зорго келген Назик тамак жасайт,үй жыйнаштырат анан колуна тийген китепти окуп жата берет.Интернеттеги баракчасын да башкача кылып өзгөртүп жаңы ачкандыктан ал жак да зеригиштүү эле.Миргүл менен анан бир эки эже-сиңдиси менен сүйлөшүп калбаса эч ким деле жазбайт болчу.Бул жактын суугу башкача болгондуктан үшүкчөл Назик кыш жакындаган сайын үшүй да баштады.Азыр да курткасынын калыңдыгына карабай моюн орогучун бекем бууп алып бара жатат.Азыр жетет,анан кийим алмаштырат, керээлден кечке көп сүйлөгөн Чынара менен күбүр шыбыр болуп сүйлөшкөнчө келген кардарларды тейлейт.Анан Чынара кеткенде башка да иштеген орус кыздар менен сүйлөшө албай эле аргасыз ойго чөмүлөт.Ошол жерде иштеген бирин-серин кыргыз балдардын озүн кароосуна да көңул бурбай жумушун аяктатып койуп кайра үйүно кайтат.Мына ушул эле окшош күндөр.Ресторанга кирген кардарлардын жүздөру гана ар башка болбосо калган аткарган нерселери дээрлик опокшош...
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   AMAH-2   14 Август 2014 - 00:03

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

...Үчөөнөн качып кеткен Назик,бирге жашап жаткан Бекжан менен Аскат,бирге машыккан достору менен жашап калган Азамат да бул кышты кызыксыз эле өткозүп коюшту.Бирок төртөөнүн ойлору ар башка болгону менен кээде бири-бири жөнүндө да ойлонуп калышаар эле.Жаркыраган жаз кирип келди.Кышы менен Назик кеткен өлкөгө сүйгөнүнүн артынан барууга шымаланып жүргөн Аскат да жазгы сессиясын тапшырып коюп эле Назикти издеп барууга пландай баштады.Бирок анын бул ою Азаматка да Бекжанга да айтылбады.Кызганды алардан чынында." Мейли" деди ичинен,"Экөө тең болгон мүмкүнчулүктү туура пайдалана алышпады,эми кезек меники" деп ойлогон Аскат Назик жөнүндо ойлорун азыр эмес кийинчерээк айтаарын ойлонуп койду.Бирок ошол эле маалда "Эч ким билбейт менин сырларымды" деп сүйүнүп жүргөн Аскаттын бул сырлары Азаматка маалым эле...
Жаз ортолоп май айы жакындап калганда Аскат эки досуна "Мен башка жакка иштеп келейин" деген шылтоо менен озүнүн бир жумадан кийин кетээрин билгизди.Ушул сөздү айтыш үчүн экөөнү тең үйгө чакыргандыктан бири да Аскатка ашыкча суроо беришпеди.Мурдагы эле "Кыйналсаң келе бер,чалып тур" деген создөрдү айткан достору Аскаттын ойлогон нерсеси тууралуу эч нерсе сезе алышпады.Азаматтын жардамы менен Аскат бара жаткан өлкөдөн алдын ала устачылык менен алектенген адам табылып Аскат ошол жакка барууну көздөп жүрдү.Мейли Азаматтын бир өзүм билемдик адаты бар болсун,бирок ал ушундай кырдаалдарда ар дайым берешендигин көргозө алаары менен кыйын эле.Анын ошол спорттон тапкан тааныш-билиштиги экөөнө көп эле жардамы тийди.Мына азыр да дүйнөнүн башка жагында жайгашкан өлкөдөгү экөө тең тааныбаган адамга Аскатты дайындап олтурат.Болбосо Аскат эч кимди тааныбаган ал жерде эмне кылмак эле? "Барганда бир нерсе болоор" деп ойлоп жүргөн Аскат досунун бул ишине ичинен ыраазы болуп турду.Колундагы кичинекей баракчадагы Мүрөк эже жазып берген Назиктин жашаган жеринин дарегин,жумушунун дарегин көкүрөк чөнтөгүнө салып алды да утур-утур ал жерин текшерип алыскы өлкөгө жөнөп жатты."Апа, ата,бир аз иштеп келип,келээрим менен сиздерди келиндүү кылам кудай буйруса" деп ата-энесинин, агасынын көңүлүн жайгарып,достору менен коштошту вагондору чиркелишкен узун поезге олтурду да узатып келген жакын адамдарына кол булгалаган бойдон кете берди... Бул кетип жаткандагы максаты жеңиш,ийгилик менен аяктайбы,аяктабайбы баары үчүн табышмак эле.Ичтеринен Аскатка амандык тилеп койуп гана кала беришти.Аскат гана бараары менен Назик алдынан капкара жымыңдаган көздөрү менен тосуп алчудай жүрөгү ошону каалап,сезип бара жатты."Бактылуу болгуң келеби? Анда күт же изден" деп айтылгандай Аскат ушул учурду бир топ убакыт күттү.Бирок Бекжан менен таарынышып кетишин каалабады,экөөнүн тил табышып бирге өмүр түтүн булатышын тымызын тилеген эле.Өзүн канча жолу сооротуп адамдык сапаты,достук парзы менен Назикти Бекжандан тартып алууну коздөбөдү.Жөн гана "Унутаармын" деген ойго жетеленип," аялым болбосо да аяшым болсун" деп жашап келди.Эми мына өзүнүн кезеги келди.Өзүнүн бакытын издеп алыстарга жол тартты."Кудайым менин жолумду ача көр" деп күбүрөнүп алып бара жатты ойлуу Аскат....

Билдирүүнү түзөткөн: AMAH-2: 14 Август 2014 - 00:06

Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   AMAH-2   14 Август 2014 - 01:59

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Бүгүн жумуш күнү болгондуктан ресторанда деле адам аз.Бул убакта бир бурчка олтура калып окуп баштаган китебине үңүлүп олтуруп калмай адаты бар Назиктин.Китептин кызуусуна кирип кеткен экен бир маалда дайым ушул жерден тапчу Чынара Назик олтурган жерге мойнун созуп карап үнүн секин чыгара:
-Наааз, сенин столуңда жанатан бери кардар олтурат го...
-Кана,канакей? -деп башын чыгарып караган Назик далысын салып нары карап олтурган бир кен далылуу жигитти көрдү.Китеп десе жанын берчу Назик ордунан тургусу келбей Чынараны эркелеген көздөрү менен карап:
-Чынааар, өзүң эле тейлеп койчу-деп калды.
-Өзүң эле барчы,мен негедир чарчап турам-деген шылтоосун айта салды Чынара.
-Ушу шылтооң эч эле эскирбес болду да-деп жылмайып алган Назик ордунан туруп столдо жаткан менюну колуна кармады да тиги жигит олтурган жакка кадам шилтеди.Келип эле ал жигитке толук көз жүгүртпөй:
-Добрый день! Что жела....-деп эле көргөн козүно ишенбей андан ары эч нерсе сүйлөй албай туруп калды.Себеби ал жерде:
-День добрый! Я? Я.... я желаю вас! Вы свободны?-деп орусчаны эптеп окшоштурумуш болгон Аскат Назикти көргөнүно кубана жылмайып олтурган эле.
-Аскат? Сен кайдан?-деген Назик Аскаттын тамаша созүнө эре-торо бербей эле суроо узатып кирди.
-Мен сени издеп келдим Назик!
-Кандайча? Кантип таптың?
-Эжең берди дарегиңди... деген Аскат ордунан тура калып Назикти кучактап кучактап алгысы келип кетти.Бирок Назиктин жумушта экенин эске алган Аскат анте албады.Аны ыңгайсыз абалга калтыргысы келбеди.
Колундагы саатын карап алган Назик:
-Азыр үч сааттан кийин жумуштан чыгам,сыртта күтүп тур ээ?-деген Назиктин сулуу жүзүн эми гана жылмайуу аралады.Анын үстүно чоочун тилде сүйлөшүп жаткан бул экөөнү жакыныраак жерде олтургандар карай баштаган эле.Чынара да таңыркай Назиктен көзүн албай карап туруптур.Өзгөчө акыркы айда түшүндө жашап алган,ар түндө жолугуп кубаныч тартуулап жаткан мырзасы эми мынтип бет маңдайында олтурганы Назик үчүн бүгүн өзгөчө белек болду.Аргасыз "Болуптур" деген Аскат "Кел,анда бир нерсе шам-шум этейин" дегенинен кубанычы койнуна батпаган Назик шыпылдап басып тамак ташып курсагын тойгозду.Өзүнүн кардарларын тейлеп жүргөн Чынара Назиктен козүн албай көзөмөлдөп жатты.Ресторан көбүнчөсү балыктан тамак жасагандыктан тандап жүрүп өзү кээде жеп жүргөн тамактан алып келип берген эле."Жөн эле кой" дегенине болбой Аскат тамактын акысын төлөдү да сыртка жөнөдү.Жана эле берилип окуп жаткан китептин да кызыгы кетип Назик улам колундагы саатын карап убакыттын тезирээк өтушүн каалап жатты."Ким ал?" деген Чынаранын берген суроосуна "Класташым" деп калп айтып койду...

Билдирүүнү түзөткөн: AMAH-2: 14 Август 2014 - 02:02

Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   AMAH-2   14 Август 2014 - 12:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

-Ииий, мынча толкунданып? Беттериң албууттанат го тим эле... Тынччылыкпы?
-Ким,менби? Жок ай жөн эле,күндүн ыссыгынан болсо керек...
-Залдын ар жеринде кондиционерлер иштеп жатса кайсы күндүн ыссыгы?
-Эмне эле мага жабышып алдың ээля? Оо кара тигилериңди, карап атышат сени-деп тейлеп жаткан кардарларын көргөздү.
-Күтүшөт, андан көрө айтсаң,жанакы жигит ким?
-Опбоо тажаттың го,классташым болот дедим го жана эле...
-Чындап элеби? Тааныштырчы анда мени.
-Ийи?
-Ийиси ичинде,тааныштыра берсең.Баса, үйлөнгөн эмеспи?
-Чынар жакшына болчу,Жыргал көрчү болсо дагы кайым айтыша кетесиңер.
-Көргөзбөйм да ага.Же эмне кызганып атасыңбы?
-Кимди?
-Жанакы келишкен жигитти да...
-Жооок ай,жөн эле сенин жигитин бар го дегеним...
-Хи хи хи... Эх,Назик Назик,калп айтканды да билбейсиң.Көздөрүң эле айтып турат го ал сенин жөн гана классташың эмес экенин.
-А болуптурчу- деген Назик жылмайуу менен-Ооба,ал менин көптөн бери күтүп жүргөн адамым-деди Чынараны карай.Анан Чынара да такыр эле жигит жандаганын көрбөгөн курбусун сыймыктануу менен карап "Колдон чыгарба" дегендей кучактап койду.Убакыты бүтөөрү менен шашып-бушуп кийимин которду да бетин-башын бир сыйра карап алып ресторандын жумушчулары чыкчу эшиктен шашылыш чыгып кетти.Ресторандын алдына өттү да жымыңдаган коздөрүн чоң ача Аскатты издеп жатты.Карап жатканына он секунддай өтө элек жатып бушайман болуп кетти.Ошол маалда арттан бирөө шырп алдырбай жакындап келди да Назикти сол колу менен ичтен аяр кучактай ыссык деми менен кулакка шыбырай:
-Мен бул жактамын сулуу кыз! А бул чизге...-деп бир букет гүлдү Назикке оң колу менен сунду.Назик артын карабай эле Аскатты,анын демин,үнүн жазбай тааныды.Ал сунган гүлдөрдү көрүп ошол гүлдөр менен Аскаттын өзүнө болгон сезимдерин түшүнгөндөй болду.Эки катар аппак розалар курчап,ортосунда ажайып бир кооз кыпкызыл розалар турган бул букетти көрүп Назик кубанганынан жүрөгү лакылдап тез-тез сого баштады.
-Оо Аскат! Мынча кооз гүлдөр...-деп Аскаттын бир колу менен сунган букетти эки колдоп алды да жыттап-жыттап алды.
-Ооба,ошол гүлдөрдү кооз кылып турган сенсиң да-деген Аскат Назикин моюнунан кере-кере жыттап алды.Бул эки жашты көргөн нары-бери өтүп жаткан орус улутундагы, кавказ улутундагы, азият улутундагы элдер суктануу менен карап өтүп жатышты.Ушул маалда бул эки жашка ааламда экөөнөн өткөн бактылуу адамдар жоктой сезилди...
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   AMAH-2   14 Август 2014 - 12:59

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Аскат бул жакка келээри менен эле жумушка кирген болчу.Бир жумадай документи бүтө электигинин айынан эч жакка чыга албады.Аскаттын колунан келген иштерге Азаматтын досу Нурлан абдан ыраазы болуп жатты.Документи даяр болгондо жумушун эрте эле аяктатып алып чөнтөгүндө төрт бүктөлгөн Назиктин даректери жазылган жерлерге жөнөп кетет.Анын булу кылыгына эч кимиси түшүнбөй жатты.Жашаган жеринен издөөнү баштады.Бирок Назиктин жумуштан качан кайтаарын билбеген соң ал жактан табуу мүмкүнчүлүгу аз болчу.Анан гана жумушу жазылган даректи изеп кирди.Москванын биринчи келген адамга таптакыр түшүнүксүз болгон көчөлөрдөн Назик иштеген ресторанды табуу бир топ эле түйшүк жаратты.Нары бери өткөн орустардан сурап жүрүп акыры он күн дегенде тапты издегенин.Ичине кире албай сырттан акмалап канча күн жүрдү.Ичкери кирейин дейт,бирок чөнтөгүндө жарытаарлык акчасы жок.Кечиндеси болсо бирге чыккан бир жигитти көрүп "Жигити окшойт" деп ойлонуп алып маанайы чөгө да түштү.Бирок метрого чейин арттан акмалап жүрүп ал бала жигити эмес экенин түшүндү.Себеби бир эки жолу алдынан чыккан бир кыз менен өбүшүп учурашып Назиктин жигити эмес эле тууганы же досу экенин айгинеледи. Жанында ар дайым ойлуу бара жаткан Назик деле ал балага башкача мамиле кылып жатты.Бир ай аны издөө,акмалоо менен өттү.Мына кечээ гана колуна биринчи акчасы тийип,үстүндөгү кийимдерин ресторанга ылайык кылып жаңылап,түптүз өзү көрүп жүргөн ар дайым Назик тейлөөчү столго кирип барды.Киргенде эле саламдашып жол көргөзүп ээрчитип барып бош столду сунуштаган кызга да моюн сунбай Назик жүрчү столдор тарапты көргозүп өтүп барды.Атайылап Назиктер олтурчу жакка далысын сала көчө тарапты карап олтурган эле.Назиктин таң калуусу менен эле кошо кубанганын көргүсү келди.Назик менен бул жерде жарытаарлык деле сүйлөшө албаганын билген соң сыртка чыгып кыдырып жүрүп гүл саткан жерден эң кооз букетти тандап сатып алды да кайра келип чыдамсыздык менен бир чекеде күтүп олтурган болчу.Атайы издеп жүрүп тандап алган букети Назикке жакканы кубандырды. Биринчи жолу кыз кишиге гүл белек кылып аткандыктан албетте Аскатта бир кызыктай сезимдер пайда болгон эле...
---Бул убакта Бекжан болбой эрчитип алган атасынын жанында олтуруп бир жакка бара жатты.Тизилген машиналарды көрүп гана атасынын оюн түшүндү.Бирок унчукпады,эч нерсени түшүнбөгөн адам болуп олтура берди.
-Танда- деди машиналардын жанына ээрчитип кирген атасы бир маалда.
-Эмнени? -деген Бекжан атасын таң калган тейде карап калды.
-Бекжан мына жакынкы күндөрү окууну да аяктайсың.Ошого апаң экөөбүз кеңешип сага машина белек кылалы деп чечтик.Менин да акыркы эки жылда жумушуман колум бошобой сен негидир түнт болуп кеткендей сезилдиң.
-Ата,баары жайында,мага машинанын кереги жок,анын үстүнө айдаганды да билбесем...-деген Бекжан чынында кубанып турду..
-Айдаганды үйрөнүү сен үчүн кыйын деле эмес да туурабы?-деген атасы уулунун далысынан таптай сыймыктануу менен жылмайып алды да:
-Машина белек кылуу апаңдын сунушу,отказ берсең апаң капа болот.Ошон үчүн тандооң шарт уулум-деди кыдырата тизилген машиналарга көз жугүртө.Жандай көргөн апасынын сунушун билген соң Бекжан да акыры атасынын айтканына ийип макул болду.Ата бала ар машинаны карап,тандап жүрүп акыры Бекжан жактырган бир машинага токтолушту. Бекжандын кубанычында чек жок эле.Бирок ал "бул белектин арты менен бизди келиндүү кыл" деген ата-энесинин оюн азырынча түшүно албады.Эртеси эле экзаменге даярдык катуу болуп жатканына карабай машина айдоо курсуна жазылып койду.Мына эки жумадан кийин дипломдук темасын ийгиликтүү жактап алса жогорку билимдүү адамга айланат.Анан эле каалабаса да атасынын жардамы менен жумушка орношот.Анан үйлөнөт,бала- чакалуу болот.... Ушинтип Бекжан өзүнчө план койуп жатты.Бул деген Назикти убактылуу унуткандыгы эле,андан кечкендиги эле...

Билдирүүнү түзөткөн: AMAH-2: 14 Август 2014 - 13:03

Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   AMAH-2   15 Август 2014 - 11:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Азамат. ..


Азамат жаз башталаардын алдында эле Кулпунай деген кыз менен таанышты.Нарагынан ушундайбы же Кулпунай деле Назиктей жагымдуу жан белем Азамат бул кызга бир айдын ичинде ашык болуп калды.Бирок ал ашыктыгы окуу жылынын этегине чейин гана созулду.Дагы башка кыз... Анан дагы башкасы... Аскат кеткенден кийин Бекжан менен көп деле көрушпөдү.Аяш атасы машина белек кылганын апасынан ган укту.Ошол акыркы экзаменинде экөөнүн ортосунда эч нерсе болбогондой күлүп-жайнап барып досун окууну аяктаганы менен машиналуу болгонун куттуктады. Ошол жолугушуу экөөнүн ортосундагы толук үзүлө элек достук мамилени бир гана Аскат бышыктап жүргөнү дайын кылып бергенсиди. Себеби Бекжандын көздөрүнөн өзүно болгон таарынууну, ызаланууну көрду.Мамилеси да салкын экени сезилди.Бул жылы деле өзүнүн ардак доскадагы өзүнүн илинип турган сүрөтүнүн арты менен эле дээрлик баардык экзамен,зачетторун автоматтык түрдо алды.Өзүнүн ийгиликтериндей эле ийгиликтердин ээси Жаныбек менен бир квартирада жашап жаткандыгына байланыштуу аны менен тез эле жакын дос болуп кекен эле.Мурда Азамат менен Аскаттан башка катташып жүргөн балдарды дос эмес жөн гана тааныш адамдардай көрүп жүргөн болсо эми Жаныбекке деле Аскатка,Азаматка мамиле кылгандай мамиледе болуп калды.Себеби Жаныбекте да Азамат баалаган,суктанган касиеттер бар болчу.Тоонун көк жал жигити болгондуктан анын да эч тайманбаган өжөрдүгү,өзүнүн созүно ар дайым жооп бере алгандыгы менен Жаныбек Азаматтын купулуна толоор эле.Аскаттын алыстарга кетиши,Бекжандын бир кыз үчүн өзүнөн жүз бурушу Азамат үчүн өтө деле чоң жоготуудай сезилбеди." Убакыт келип баары ордуна түшөт" деген ой менен гана өзүнүн оптимистик жашоосун уланта берди.Бирок өзүн канчалык сооротпосун, канчалык алаксытпасын баары бир Назик окуган,жашаган жерден өтүп бара жатканда сагынган көздөр жүрөгүнө жакын адамын тымызын издээр эле.Ошондо Аскат менен Назиктин байланышын өз алдынча "Сүйүшкөндөр же жактырышып жүрүшкөндөр" деп гана жоруп койгону менен Аскаттан батынып дагы сурай албады.Аскаттан "Ооба,менин мурда сүйгөн кызым болчу" деген жоопту угушун сезсе деле ошол жоопту уккусу келбегендей тим болду.Аскаттын эркинин күчтүүлүгүнө суктанды.Эки жакын досунун озүнун тун сүйүүсүн талашып,сүйүп жүргөнүн билип туруп да сыр бербей,ичтен гана бышып жүрө алганына тан берди.Өзүн Аскаттын алдында алсыз,эрксиз адамдай да сезип кетээр эле кээде...
---Кийинки окуу жылы башталаар алдында эле Жаныбек үйлөнөм деп калды.Досун куттуктаган Азамат Жаныбек үйлөнөм деген кыз менен таанышты.Тыпылдаган бир жакшына кыз экен.Бирок адам канчалык өжөр болбосун,канчалык эр жүрөк болбосун акчалуу адамдын алдында алсыз боло тушөөрүнө Азамат өз көзү менен күбо болду.Себеби Жаныбек үйлөнө турган кыз байдын кызы болгондуктан чыгымдын көбүн кайнатасы көтөрду.Жаныбек колунда жок адамдардын уулу болгондуктан жактырган кызына эптеп жетиш үчүн кайнатасынын кердейгенине, өз кызына тең көрбөй,колунда жок экенин кыйыта айтып өтүп тойго кеткен чыгымдын көбүн өзүм көтөрөм дегенине аргасыз макул болду.Ушулардын баарын байкап жүргөн Азамат бул дүйнодө акчалуу бирок коркок адамдар акыры өзүно окшогон тайманбас,эр жүрөк,спортсмен адамдарды башкарып калганын түшүндү.
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   AMAH-2   19 Август 2014 - 01:03

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

...Азамат жоро-жолдошторунун бири гана болуп чыкты Жаныбектин тоюнда.Килейген ресторанда ар кандай жүздөр көбөйүп той шаңдуу башталды.Күндүзгү закс менен шаар кыдыруу бир четте гана жүргөн Азаматка эч кандай деле кызыгуу жаратпаган эле.Анын үстүнө кийип чыккан кастюм-шымы да денесине чыпталышып ыңгайсыздыкты жаратып жүрдү.Ошол маалда козүнө өзүнөн жеңил крассовкасы, спортивкалык кийимдери көздөн учуп жатты.Бир күнгө эле ушунча жүдөй түшкөн Азамат үстүнөн классикалык кийим үзүлбөгөн Бекжанды эстеди."Кантип жүрдү экен ушинтип кийинип?" деп мыйыгынан жылмайып да алды.Жаныбектин келинчегине курбу болуп чыккан кыздардын арасынан бою узун,чачы саргыч түскө боелгон,жанындагыларды текебердене карап жүргөн бир кыз керээлден кечке Азаматты айланчыктап жүрдү.Бир-эки жолу сүйлөшө да түшүшту.Бирок Азамат ал кызга такыр көңүл бурбай койгондуктан акыры өзү таанышууга жол ачты.Аты Бермет экен.Кайсы бир чет өлкөнү атап,ошол жакта окуурун да айтып өттү.Бирок Азаматтын табитиндеги эмес кыз болгондуктан анчейин деле ачылып сүйлөшө бербеди.Азамат үчүн озү келип таанышкан кыздар кызыксыздай туюлчу.Өзүн кыйын сезип,теңсинбей, таанышкысы келбеген кыздарды илип алуу,анан алардын сезимдери менен ойноо Азамат үчүн алда-кандай кызыктуу жана кумардуу сезилээри менен эле ырахат да тартуулаар эле.Той жүрүп жатты.Биринин артынан каалоо-тилек сүйлөп жаткан апалар,аталар, кыз-келиндер жана боз уландар.Ичип алган Жаныбектин классташ балдарынын жанында жүргүсү келбеген Азамат Жаныбектин жанында бир жүрдү айланчыктап, анан Бермет менен бийге түштү,бир аз сүйлөшүп да турду.Анан ресторандын ичин жаңыртып жаткан музыкадан бир аз дем алууга сыртка чыкты.Таксистердин гана караандары көрүнбөсө сыртта дээрлик эч ким жок экен.Бир четте тамеки чегип жаткан өзүнон улуу эки байкенин жанын келип алар менен сүйлөшө туруп калды.Саат түнкү экилер чамасы болчу.Ошол маалда катуу ылдамдыкта эки машина келип ресторандан алысыраак жерге токтоду да ичинен эңгезердей болгон сегиз бала чыгып келди.Алардын бирөөсү булкунуп жаткан бирөөсүн тарткыласа болбой жүткүнүп атып ресторан тарапка келе жатышты.Эмне болгонун түшүнө албай турган Азамат да башкаларга окшоп тура берди.Тиги сегиз бала бир келгенине карабай эки тарап болуп кыйкырышып жатышты.Бирөөсү бирөөсүн уруп да жиберди.Анан эле "Беш мүнөт убакыт бер" деп жанакы булкунуп жатканы бирөөсүнө кыйкырып алды да нары тараптагы бирөөсүнөн кандайдыр бир жооп угуп ресторандын кире бериш жагына басып келди.Артындагылар куйрук улаш келе жатышты.Ресторандын да күзөтчүсү чоң киши болгондуктан алардын алдын тороду.Кыжылдашып жатып эле бирөөсү тиги күзөтчүнү бир урду эле анысы узунунан кулап түштү.Ушуларды жанатан бери берегирээкте беркилерге окшоп кызыгуу менен карап турган Азамат эми гана эсине келгендей ичкери кирип кеткен тигилердин артынан жүгүрдү.
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   AMAH-2   19 Август 2014 - 02:23

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

-Ээляяя? -деп өгүздөй өкүргөн тигинин үнүн уккан Азамат Жаныбектин жанында бактылуу жылмайып бакытка бөлөнүп турган Элмира жөнүндо болуп жатканын тушүндү.Алдынан чыккан дагы бир күзөтчүнү жыга урду да олтургандарлын ортосуна кирип барышты.элдин баарынын баштары кирип келген бул балдарга бурулуп кулак түрө олтуруп калышты.Микрофонду колго алган тамада:
-Жигиттер бул жерде үлпөт той болуп жатат-деди эле анын жаагын тигил өкүрүп жаткан бала:
-Урганым барбы? Же сокурга окшоп турамбы ыя? Дагы бир сүйлөсөң колуңдагыңды аркаңдан табасың түшүңдүнбү? -деди эле томаданын жаагы бир заматта жабылды.Булар кимдер? Эмне себептен келишти? деген суроолорго толук жооп алыш үчүн Азамат да башкаларга окшоп бир чекеде турду.Ошол эле маалда өкүрүп жаткан баланын артында турган жети баатырдын ар бирин карап анализ кылып жаткансыды. Бирөөсүнүн көзүнүн алдынан кеткен шрамы бар экен,бирөөсүнүн бир кулагы сынык,мурду кыйшык,дагы бирөөсүнүн болсо эки кулагы тең сынып самбистер айтмакчы "манты кулак" болуп калыптыр.Экөөсү болсо эки колун спортивкасынын чөнтөгүнөн чыгарбай эки жагын көзүнүн кыйыгы менен карап тургандыктан ал чөнтөгүндө бычак же дагы ошого окшогон бир курч предмет бар экенин билип койду.Ай ушундай адамдарды Азамат өтө жаман көрөт эле.Азамат үчүн чыныгы эркек муштум түйө эч кандай куралсыз мушташыш керек.
-Эляя ушул кембагалдан эмне таптың? Айтчы мына ушул жерде,элдин көзүнчө?-деп Жаныбектин жанында көздөрүң алаңдата бир нерседен чочулап турган Элмираны карды.
-Кеша,сага эмне керек? Элмираны жайына койуп мына мени менен сүйлөш эркек болсоң!-деген Жаныбектин үнү чыкты."Түзүксүң досум" деген Азамат ичинен кубаттап койду.Жана эле жинди суудан бир аз ичип алып баатыр болуп жаткан Жаныбектин досторунун биринен да үн чыкпай жатты.Бир маалда жанатан бери ошолорду башкарып жүргөн жор башчысы,Жаныбектин жанында керээлден кечке жакын досунун милдетин аткарып жүргөн Бектур:
-Жигиттер, жүргүлө сыртка чыгып сүйлөшпөйлүбү- деди.
Жанатан бери бири-бирин карап эч нерсени тушүнбөй турган тойдун меймандары эми гана эсине келгендей "Уят эмеспи той болуп жаткан жерге басып кирип бейбаштык кылган"," Тарбия көргөн балдарсыңарбы? ","Азыр милиция чакыртабыз" сыяктуу создөрду айтып киришти.Ошол маалда ичи салаңдаган, колундагы жылтыраган алтын сааты бар Элмиранын атасы ичкериден чыгып келди да түз эле кыйкырып жаткан балага жакын басып келип:
-Керээз, сенден ушуну күтпөдүм эле.... Сениби шашпа...-деп сөөмөйү менен кезей ызырынып кирди.
-Бактыбек ага мени сизге дагы,тиги кемчонтой күйөө балаңызга дагы келген жокмун! Мен кызыңа келдим уктуңбу? Кааласам азыр чыркыраткан бойдон сууруп чыгып кетем...дегенде олбурлуу келген Жаныбектин кайнатасы аны бет талаштыра бир койду.Ошону эле күтүп турган белем артка жыгылып кете жаздаган аны арттагы баатырлар кармап калышты да бирөөсү керилип туруп Жаныбектин кайнатасынын көкүрөгүнө бир тепти."Күп" деген эле үн чыгып ал киши жерге чалкасынан кетти.Опур-топур бир заматта башталды.Жөн гана карап туруу,же бир жагына жашырына калуу Азамат үчүн эми жарашпагандай ал башкаларга кошула тиги сегиз эргулга карай умтулду.Кайнатасынын жыгылганын көргөн Жаныбек да Элмира менен кошо олтурган столунан атып туруп эле жетип келип калган эле.Ар ким ар жагынан тап бере тиги сегиз баатырды сыртка сүрүп чыгышты.Ошол сыртка чыккыча да ортодо оролуп калганын карабай тойго келген эркектердин көпчүлүгүн сулатып жатышты.Ресторандын алдындагы жарыкка чыкканда гана жанакы Азамат байкаган толмоч келген бала чөнтөгүнөн бычак сууруп өзүлөрүнө тап берип жаткандарга туштап айкырып шилтеп кирди.Көпчүлүгүнүн үрөйү уча артка кетенчиктеп калышты.Ошол маалда ичкериден аппак көйнөгүнүн жеңин турүнө Жаныбектин атасы чыгып келип:
-Керээз тигилериңди бас да эсен-сооңордо кетип калгыла! А то эртең башкача сүйлөшүп калабыз!-деп калды.Баары тынчый түшүштү.Бирок көздөрү канталаган, ызалуу,мас Керээз:
-Коркутпа сен,акчалуумун деп эле өктөм сүйлөй бересиңби? Сендеги акча мына менде да бар-деп колу менен көкүрөгүн койгулап кирди.
-Эми өзүңдон көр-деди да күйөө баласын карап-Кана өөткөндө айтып жаткан жигиттериң? Чакыр ошолорду-деди. Корс кайнатасын бир карап алган Жаныбек топтолушкан элдердин арасынан тез эле Азаматты тапты да кайра кайнатасын карап:
-Аларды чакырып олтурбай эле мына мага айта бериңиз,мен өзүм бүткөрөм-деди.
-Анда мыноогуларды бул жерден жогот!-деген кайнатасы Жаныбекти анан Керээзди бир карап алды да ресторанга кирүүгө бурулду.
-Ээнеңдурайын керсейген ашкор...-деп айкырган Керээз жанында бычак кармап турган досунун колунун бычакты сууруп алды да Жаныбектин кайнатасына атырылды.Бирок андан көзүн албай карап турган Азамат тездик менен Керээзге жетип келди да ичке бир уруп туруп бычак кармаган колуна бир уруп кагып түшүрдү да кайра андан бир кадамдай артка кетенчиктеп туруп Керэзди бетке бир тээп жерге кулатты.Бул кыймылдар ушунчалык тездик менен болгондуктан эч кимиси эч нерсени түшүнбөй эле кала берди.Керэздин эси ооп жерде жатканын көргөн аны бир досу досун бир карап алды да ал да чөнтөгүнөн бир нерсе алып чыгып Азаматка шилтеди.Жалт- жулт этип ресторандын жарыгынан көрүнүп турган бул нерсе өзу байкагандай эле бычак экенин көрдү да андан буйтап барып шилтеп жаткан колунун билегинен бир колу менен бекем кармап туруп өзүнө тартты да бир колу менен анын колунун бүгүлгөн жеринен кармады да колун бүгүп туруп кайра өзүно түртүп жиберди....
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   AMAH-2   20 Август 2014 - 01:27

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Колуна тийген ысык кандан гана өзүнун эмне кылып салганын түшүндү.Жаныбек жетип келип эле Азаматты ал баладан оолактатып нары тартты.Ал баланы болсо жанындагы достору жаалап карап эле ызы-чууга түшүп калышты.Жаныбектин кайнатасы да көптү көргөн киши болгону үчүн тиги ичинде бычак сайылып турган баланы ошол жердеги бир машинага нары-бери салды да ооруканага айдатып жиберди.Берегирээкте өзүнүн кылган ишине эми гана анализ кылып өзүнө келе албай турган Жаныбек менен турган Азаматка келип:
-Ким атың? Сенин досуңбу?-деп экөөнө алмак-салмак карап калды.
-Ооба менин досум.Аты Азамат-деди Жаныбек.
-Азамат. ... сен азыр из жашыр... Мына-мына милициялар келип калыш керек.Алар менен өзүм сүйлөшөм.Мени коргогонуң үчүн башка күнү ырахмат айтам,жарайбы?
-Болуптур- деген Азамат башын гана ийкегенге чамасы келди.Ушул убакка чейин ар бир таймашууда, мушташууда кылдаттык менен иш алып барчу Азамат азыркы эле кылган чекилик ишине түшүнө албай турду.Жаныбек да кайнатасынын сөзүно ийий Азаматты узатууга шашылды.Жок жерден чоң балееге кабылып калган досун аяп турду.Ушул ишке өзүн да күнөөлөп жатты.Себеби Элмираны ушул Керээз деген баладан тартып алган эле.Керээз бакма бала болгону үчүнбү же башка себеппи баңгизат колдонуп коймой адаты бар болчу.Ошол кылыгы билинип калганы үчүн да Элмиранын атасы жуучулукка келген Керээздин ата-энесине макулдуктарын бербей койгон.Күндөп- түндөп Элмирага келе берген Керээз менен кыжылдашканга чейин барганын Элмирадан уккан болчу.Акыры өчөшкөн Керээз Элмираны алып качууга да аракет кылды.Бирок кызын наркомандын чеңгелине салып бергиси келбеген кайнатасы Керээзди милициянын колуна салып берип тынган эле.Айып пул төлөп чыккан Керээз Элмиранын үйүнө барууну токтоткону менен окуган жеринен,жүргөн жеринен тынчын алып жүрдү.Үч-төрт жолу Жаныбек менен да кыжылдашканга үлгүрдү.Мектепте окуп жүргөндөн бери жактырчу,анан сүйлөшүп жүрчү Элмира гана акыры катуу айтып Керээзди өзүно такыр жологус кылган болчу.Бир жыл бою такыр тынчын албаган Керээз мынтип ак тоюнун үстүно бастырып киришин экөө тең кайдан билди дейсиң?... Ардайым ызы-чуулуу жерден башы чыкпай жүргөн Керээз мына бүгүн да өзүнүн,Азаматтын башына балее үйүп олтурат.Жана да тойго келген ар бир меймандын маанайын түшүргөнгө жетишти.
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   AMAH-2   20 Август 2014 - 01:54

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Азамат Жаныбектин үйүндө да эмес такыр эле башка досунун үйүндө жашырынып жүрдү.Жаныбектин кайнатасы милициялар менен кандай кылып сүйлөштү ал жагы табышмак бойдон кала берди.Бирок тиги Керээздин атасынын тааныштарынын күчтүүлүгүнөнбү же бычак жеген баланын да ата-энеси кадыр-барктуу адамдар белем Жаныбек бир күнү Аскатты убактылуу башка өлкөгө чыгып туруусун билгизди.Ооруканага түшкөн озүно келмейинче, бул кылмыш иши бир аз соолгундамайынча ушул жолго баруулары шарт экенин айтып Азаматка билет сатып бердирип колуна бир тутам акчаны карматып туруп самалетко салып жиберди.Кече эле эч нерседен капарсыз жүргөн Азаматты тагдырдын шамалы эми мынтип башка өлкөгө айдап олтурат.Бул башына түшкөн ишин досу Бекжанга да,айылда жүргөн ата-энесине да,жада калса күн алыс барып турчу эжесине да айтпады.Бул келген шаарда бир жумадай болду да Нурлан менен кабарлашып Москвага жөнөдү.Өзүнүн бара жатканын досу Азаматка айтпоону өтүндү....


---Бул убакта Азамат башка жакта жашайт болчу.Жумушуна алыстыгын билсе да Назик жашаган районго көчүп келип алган эле.Нурлан менен жумушта гана көрүшпөсө башка убакта көрүшпөгөндүктөн Азаматтын келе жатканын билбеди.Балким Нурлан менен бир жашап жүргөндө көп сүйлөгөн Нурлан айтып салмак беле.Назик менен күн алыс жолугуп чер жазыша сүйлөшүп алууну адатка айлантып алган.Назиктин ою менен болуп анын айтканынан чыкпачу.Агасы менен келе жатканын,же жалгыз экенин алдын ала смс менен билдирип тураар эле.Бул учурда жолугушпайт. Себеби айылда жургөн ата-энеси кызынын кантип жургөнүн укса айылга чакырып алуулары бышык эле.Аскат менен табышкандан бери Назик да жумасын бир күн дем ала баштады.Бул күн Аскатка арналган күн.Экөөнүн баа жеткис махабатына арналган күн.Экөө шаар айланышат,бак аралашат,киного киришет.Ушинтип жүрушүп күндүн кантип кеч киргенин да байкабай калышат.Экөө бир-эки жолу гана өбүшпөсө андан-арысына өтүшпөдү.Экөө паркта олтуруп алышып канча балалуу болушаарын, бири-бирине кантип кайрылууларын, кайсы жерде ким башкараарын сүйлөшүшүп, план койушуп,кыялданышып олтуруша беришээр эле.
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   AMAH-2   20 Август 2014 - 02:32

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Бул кун да дем алыш күндөрдүн бири эле.Болжолдошкон жерден жылмая учурашышкан экөө кол кармаша ошол эле райондогу өткөнкү дем алышта олтуруп келген фонтанга жөношту.Ал жердеги паркты бир азга аралаган экөө анан фонтанга келип алышып бири-бирине суу чачышып ойношту.Анан бирден балмуздак алып алышып фонтанды эрмек кыла бир чекеде турган столго олтура кетишти.Күз айынан биринчи айы аяктап калгандыктан суук болуп калган эле.Ным боло түшкөн кийимдерин кымтыланыша бири-бирине жөлөнүшүп бактылуу көз ирмемдерди баштан кечирип жаткан убакта арт жактан:
-Ооо куттуктайм сүйүшкөндөрдү! -деген экөөнө тең тааныш үн чыкты.Экөө тең үн чыккан жакты карап ооздору ачылып калды.Себеби беш кадамдай алыс жерде Азамат Нурлан менен турган эле.
-Азамат? -деген Аскат ордунан атып туруп досуна жакын басып келди.Экөө кучакташа көрүшүштү.Назик да жакын басып келип учурашканга аргасыз болду.Бирок жөн гана кол алыша учурашты экөө.Назик Азаматтын алдында чоң айыбы бардай көздөрүн алып качты.
-Иий досум,кайсы шамал учуруп сени бул жакка?-деди Аскат Назикти оңтойсуз абалдан куткаруунун жолун издеп Азаматка карай.
-Ушундай болуп калды дос.Билесиң го досуңдун тынч жүро албаганын.Сөссүз бир нерсенин үстүнон чыгып жүрүшүм керек-деди да Назикти карай-Чынбы Назик?-деп койду.Назик жылмайып гана койду башын ийкей.Анан кантсин байкуш.Эми гана бул баладан кутулдум деп жүргөндө дагы пайда болду.Турат бет маңдайында Назик ага бир нерсе карыздай.Өзү себеп болуп Бекжан менен таарынышып кеткении менен да иши жоктой.Эми Аскат менен ажыраштырбагыдай эле....
-Тынччылыкпы деги? Качан келдиң өзү?
-Башка күнү айтып берем дос.Тынччылык эле.Дагы да биротоло тынчуусуна бир аз убакыт талап кылынат.Кечээ кечинде келгем.
-Ааа ошондой эле болсун...
-Өзүңөр кантип атасыңар?-деген Азамат Аскатка эле эмес Назикке да суроо берди.
-Бизби? -деген Аскат Назикти карап койду да-Биз ушу жүрөбуз тиргилик менен алпурушуп.
-Ааа жакшы.Сени атайы издеп келип Назикти да ушул жерден көрөм деген менде такыр ой жок болчу.Назикти аяш дей берсем болобу дос?-деди какшык,ыза,тамашаны аралаштыра.
-Ооба,болот. .. Назик менин мектепте эле башталган сүйүүм болот Азамат... Туура түшүнөсүң деген ойдо....
-Билем дос,тоскоол да болбойм,кабатырланбай эле койсоң болот-деген Азаматтын жообу Аскатты да башка жакты карап турган Назикти да бир жагынан таң калтырса бир жагынан ыраазы кылды.


Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   AMAH-2   21 Август 2014 - 01:21

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Бул убакта Бекжан Айсулуу деген кыз менен жаңы гана жолуга баштаган эле.Көп сүйлөбөгөн, орду-орду менен сүйлөгөн бул кызды көрүп Бекжан жактырды.Назиктен такыр эле үмүтү үзүлгөн Бекжан ушу кызга үйлөнүүнү да чечип койду.Эмнеге болбосун? Мынакей,атасынын жардамы менен шаардын ортосундагы банкка жумушка орношконуна үч айга жакындап баратат.Өзүнүн тактыгы,жоопкерчиликтүүлүгү, тыкандыгы менен ал жерде иштегендердин көбүнүн көзүнө тез илешкенге да жетишти.Биринчи тепкичтен баштоону эп көрүп ошол жердеги эң ылдыйкы жумушка өзүнүн сунушу менен иштеп калды.Атасы "Байкап көр уулум,оорчулугу тийсе айт" дегенге гана жарап уулунун бул кылыгына бир жагынан таң калса,бир жагынан кубанды.Ананчы, жалгыз уулу мынтип акылдуу,токтоо болуп эр жетсе.Машинасын да көп жылдык тажрыйбасы бар адамдардай өтө этияттык,кылдаттык менен айдайт.Көптү үмүттөндүргөн уулу менен сыймыктана да баштады.Өкүндүргөнү башкаларчасындай жоро-жолдош күтпөгөнү.Азамат, Бекжан менен дос экенин билгени менен андан башкалар менен да дос болушун каалачу,самачу. Өзүндөй болуп ар областтан,ар райондон тааныш-билиш арттырыруусун тилечү.Бул заманда тааныш-билишсиз орчундуу жумуш бүтпөшүн билген атасы көп нерсеге башы жеткен уулунун ушул нерсеге башы жетпегенине таң да калчу.Армияда дос болуп калган банктын жетекчисине жолугуп уулуна дайындуу эле жумуш сүйлөшүп келсе уулу тигинтип ошол банктагы көп жүгүрөөрлүк, түйшүгү менен эле кошо көп убакыт талап кылаарлык жумушка кирүүнү айтып туруп алды....
Апасы болсо "Мага жакты апа" деген уулунун сөзүн угуп алып кубанычы койнуна батпай жүргөн кез.Уулунун шашылуусун каалабадыбы же башка билгени барбы негедир Бекжанды шарт эле үйлөнүп алуусун каалабады.Бекжандын өзүнүн оозунан чыкчу "Жуучулукка барып келгиле" деген сөзүн күтүүнү туура көрду.Бекжан болсо ар алтынчы күнү айылга келет да кайра биринчи күнү таң атпай жумушка кеткенче шаарга баса берет.Апасы Айсулуу менен сүйлөшүп жатканын сурагандан тажабайт.Мактагандан да тажабайт.Себеби Айсулуунун апасы өзүнүн качанкы бир кезде жогорку окуу жайда бир окуган курбусу.Айсулунун кичинекей кезде көргөндөгү кылыктарын айта берип Бекжандын ууртуна да жылмайуу,күлкү орнотот.Ата- энесин бир күнү "Жуучулукка барып келгиле" деп кубантаарын ойлоп алып сүйүнүп алат.Кудайга шүгүрчүлүк кылат.Жаз мезгилине чейин башка өлкөдө жүргөн Аскаттын келишин тилеп,көптөн бери көрө элек Азаматка болгон таарынуусу таркап кетээрин күтүп гана жүрөт.Айсулуунун өзүно болгон мамилесине да ыраазы.Ойлоп көрсө Назиктен өзүнө Айсулуу кылган мамилени жолуктурбаптыр, байкабаптыр. Ооба,Назик менен баарлашканда, пикир алмашканда, эс алганда ал кыздын өзүнүн ар бир сөзүнө дыкаттык менен жооп бериши башкача эле,өзгөчө эле,купулуна толоорлук эле....

Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   AMAH-2   21 Август 2014 - 01:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Аскат менен Азамат...


Ошол күнү үйдө жата албай Нурландын Аскаттын жашаган жерин билээрин билген соң аны болбой эле ээрчитип жөнөгөн болчу.Нурлан да "Чалбайм, ага кокустан жолугуп бир таң калтырайын" деген Азаматтын сөзүно каршы боло албай Аскаттын жашаган жерине ээрчитип барды.Анын жашаган кабат үйүндөгү өзү да тааныган бир-эки баладан Аскаттын кайда болушун билип алып фонтанга алып өттү."Чалып билейинби каерде экенин?" деп утур-тур айтса да Азамат такыр көнбөй койду.Кепканы баса кийип алган Азамат Аскаттын ушул жерде экенин сезгендей издеп жатты.Бир маалда "Оо тигинде олтургандардын бирөөсү окшошуп жатат" деп эле ал жерге барчу жолду карап да койбой чөп-сакты тебелеген бойдон жөнөдү."Кайра эле келет да ушул жерге" деген Нурлан ошол турган жеринде кала берген эле.Азамат жакын басып келип Аскатты жазбай тааныды.Жанында олтурган жүзү толук көрүнбөй жаткан кыздын бой-келбети бирөөгө окшошуп жатканы менен ким экенин жакшы тааный албай жатты.Айланып барып ал кыздын ким экенин көрүп тили күрмөөгө келбей калды."Демек, бул экөө алдын ала сүйлөшүшкөн экен да.Ошондогу эс алууда эле Аскат Назик менен келишип койгон экен да.Айтам эмнеге эле экөө уурдана бири-бирин тиктешет деп? Шүмшүк десе,Бекжан укса эми эмне болоор экен?" деген ойлордун жетегинде бир азга ойлонуп туруп калды.Кайрылып кетип калууга күчү жетпеди.Экөөнүн тең жүздөрүн көргүсү келди.Көрдү. Назик көзүн алып качканы менен эч нерседен өкүнбөгөндөй түр көргөзүп жатканы таң калтырды.Жигиттик намысын Назик ошол кыймылы менен тепселеп жаткандай туюлду.Аскат болсо бир аз оңтойсуз абалга кабылганы менен жигиттик кылып тез эле Назик экөөнүн ортосундагы мамилени ачыкка чыгарды.Баракелде бул кадамына.Бирок, экөөнүн бул жерде бир болушу алдын-ала сүйлөшүлгонбү же кокустукпу? Кокустук болсо мейли.А эгер алдын-ала сүйлөшүлгөн болсо Азамат Аскаттын бул кылыгын такыр кечире албоосун түшүндү.Ал эми Назикти болсо ушул кылыгы үчүн башкача жазалоосун өзүно-өзү убада берди.
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   AMAH-2   21 Август 2014 - 02:35

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Бир аз сүйлөшүп турганда эле Назик экөө менен коштошуп кетип калды.Азамат Аскатка "Кетпей тур де" дей албады,Аскат Назикке "Бир аз кое тур" дебеди.Экөөнүн ал күнкү баарлашуусу Азаматтын бул жакка эмне себептер менен келип калганы тууралуу болду."Мен жөн эле карап турам" деген Азамат Аскат менен жумушта бирге жүрдү.Эртеси да ошол күн.Анын эртеси деле ошол көрүнүш.Аскат мурдагыдай эле Назик менен сүйлөшүп,жолугуп жүргөн болсо,ал эми Азамат экөөнүн бири-бирине болгон мамилелеринин статусун изилдеп жүрду.Кээ бир дем-алыш күндөрү Аскатты Назикке жолуктурбай койуунун амалын издеп жолуктурбай койуп да жатты.Ал күндөрү экөө кечке смс жазышышат эле.Күндөр өтүп кычыраган кыш кирип келди.Азамат Жаныбек досунан кыш чыгаары менен келе берээрин угуп сүйүнүп алды.Бирок ушул үч айда Назикти досу Аскатка биротоло ыраа көрүп тынууну,же өзүнө кайра кайрып алууну максат кылды.Бир күнкү жумуш күнүндө Аскаттын бүгүн Назикке жолукпоосун билди да эки ай ичинде Аскат аркылуу билген Назик жүрчү,иштечү ресторанга өтүп барды."Тоскоол болбойм" деген сөзүнүн өтөөсүнө чыга албоосун ойлонуп да койбоду.Назик жумушунан чыкканы менен бирөөнү күтүп жаткандай телефонун чукулуп турган эле.Берегирээкте акмалап турган Азамат кокустан өтүп бара жаткан адам болуп:
-Ой,Назик сенсиңби? Ушул жерде иштейсиңби? -деп калды жылмая.
-Ооба,кандайсыз? -деген Назик чочулап карап койду Азаматты.Бул баладан коркуп жүрөт акыркы күндөрү.
-Мен жакшы... Тиги жакка жумуштар менен бара жатып кокустан сени көрүп калып...-деген Азамат анткорлоно актанып кирди эптеп сөзгө тартуунун айласын кылып.
-Ммм жакшы...
-Бирөө жарымды күтүп атасыңбы?
-Ооба..
-Бекжандыбы?
-Жоок,башка бирөөнү..
-Ким экен ал "бирөө" ?-деген Азамат какшык аралаш суроо узатты.
-Жээнимди. ..
-Ааа ошондой десең (күлүп)... А мен ойлопмун сен дагы деле-деп келе жаткаанда эле Назиктин:
-Азамат эмне керек сага? Менин жайыма койчу сураныч-деп жини келгенинен сенге өткөн үнү чыкты.
-Ойбоооой мынча... Мен тек гана сурап койдум го.
-Мен эми башкамын Азамат! Менин артымдан жүрүшүң мага оор тийип жатканын сезсең гана...
-Назик! ? Мен сенин артыңан аңдып келген жокмун го... Кокустан көрүп калдым деп жатпаймынбы. ..
-Ошондой болгон күндө деле мен үчүн сени көрүү оор... Сенин айыңдан Бекжан экөөбүз эки айрылыш жолго түштүк.Эми Аскат менен да эки жолго түшүшту каалабайм эгер билсең...-деп жатканда нары жактан Назиктин жээни келип калды.
-Эмне болду Назик? Ким бул?-деген Абдурасул Азамат менен Назикти алмак-салмак карап калды.
-Таанышы болом... Туурасын айтканда аяшы болом-деген Азамат Назиктин алдында дагы мушташып кетүүнү каалбай озүн токтоо кармап жооп берди.
-Кимиси болом?-деген Абдурасул Азаматтын жообуна түшүнбөй калды.Назиктин жигити бар экенин Чынарадан чала угуп калганы менен ишенбеген эле.
-Сүйлөшкөн жигитимдин досу болот Абдыш...-деген Назик жээнине өзу жооп бере салды.
-Ммм...-деп Азаматтын сыдыра карап алган Абдурасул дагы да такып сурай бербей Назикти карап-Жүр кеттик анда,дагы үшүп каласың анан өөткөнкүгө окшоп-деп туруп алды жанында.
-Жакшы бар-деген Азамат нары карап басып кетти.Назик болсо ооз уучунан коштошту да Абдурасулдан эч кимге айтпоосун өтүнүп бара жатты."Качан тааныштырасың анан күйөө бала менен?" деп улам тийишимиш болгон жээни эч кимге ооз ачпоого соз берди....
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   AMAH-2   22 Август 2014 - 01:57

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

-Кандайсың менин татынам?
-Жакшы рахмат... Өзүң кандайсың?
-Кудаага шүгүр.Эмне маанайың жок?
-Бааар. ..
-Айтсаң эми.. Эмне болду?
-Азамат менен кезигип калдым жанараакта.
-Каерден? Эмнеге? Не дейт?
-Жумуштан чыга бериш жерден кокустан жолугуп калдым.Кокустан эмес экенин сезип турам Аскат.
-Эмне деди?
-Олуттуу эч нерсе деле деген жок.
-Ммм... Бүгүн жумуш кандай болду?
-Күндөгүдөй эле... Бир кардар...-деген бойдон Назик адаттагыдай жумушундагы болгон кызык окуяларды айтып кирди.Же Аскат аларды угуудан тажабайт.Бирок ушул убакта экөөнүн тең көөдөндөрүндө бир нерседен тынсыздануу орноп алган эле.Аскат "Эмнеге барды экен ал жакка? Тоскоол болбойм деди эле го" деп ойлонуп жатса Назик "Эми Аскат менен Азамат мушташып кетпегей эле.Эхх Азамат Азамат.. Качан мени жайыма коесуң?" деген ойлор менен алпурушуп жатышты.Аскат Назик менен коштошоору менен эле шарт эле Азаматка чалып кирди.
-Да!
-Кандай досум?
-Болот! Кудаага шүгүр.Өзүңчү?
-Менде деле ошо дос.... Азамат?
-Оу..
-Назик менен кезигиптирсиң бүгүн...
-Ааааа (күлүп) Ошол жакка жумуштар менен бардым эле.Назик ошол жакта иштейт турбайбы ээ? Өтүп баратып кокустан көрүп калдым аяшты.Качан сүйлөштүң?
-Сенин алдыңда эле.
-Эмне дейт?
-Эмне демек эле... Ошо сени көрдүм дейт..
-Дагы?
-Дагы эмне деши керек эле?
-Билбейм. .. Жөн эле сурап койдум.
-Дос чыныңды айтчы.... Назикте дагы деле көңүлүң барбы?
Азамат жактан бир азга жооп чыкпай жатты да анан бир топтон кийин:
-Сенин оюңча кандай?
-Менин оюмчабы? Мммммм... Менин оюмча сен Назикти менден тартып алгың келип жүрөт туурабы?
-Жок! Туура эмес дос....
-Анан? Бүгүн атайы эле Назикти көруш үчүн бардың да туурабы?
-Жумуштар менен бардым дедим го.Кел дос көп орунсуз суроолорду бере бербечи.
-Эртең каерде болосуң?
-Билбейм. .. Балким үйдө,балким тентийм бүгүнкүгө окшоп...
-Жолугалычы. ..
-Болуптур!
-Эртеге жумуш жакка өтүп келе аласыңбы?
-Кайсы убакка?
-Кечирээк келсең жакшы болот.
-Макул. .. Жумуштан чыгаар маалыңа өтүп барам.
-Сүйлөштүк. .. Болуптур анда жакшы жат дос!
-Давай, давай...-деген Азамат телефонун өчүргөнгө шашты.Назиктин мынтип шарт эле Аскатка бүгүнкү ишти айтып коерун билбеген эле.Мурда Бекжанга мынтип айтпайт эле го? Эмне Аскатты ушунчалык жакшы көрөбү?
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 27 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 27, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 12:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: