-Мине балеее,пиво алып келип алган эмессиңби?-деди каткыра.
-Ооба,эмне болуптур? Бирден ичип койсок эч нерсе болбостур... .
-Койчу дос... Билесиң го мен ичпейм...
-Мен деле ичпейм досум.Бирок азыр негедир ичким келип турат..
-Эмне болду? Тынччылык элеби?
-Тынччылык элеее.Кел андан көрө ал-деп буусу чыгып жаткан бул өлкөдө популярдуу тооктун этин көргөзүп калды.
-Айтпасаң деле алам дос-деген Азамат "грилге" колун сунду.Бир сааттай "ичпейм" деп сөздү ар башкага буруп жаткан Азамат акыры ичти.Аскат дагы ичти.Азамат жанараакта эле Жаныбек менен сүйлөшкөнүн айтып мактанып да алды."Анын кайнатасы мени өзүнө жан сакчылыкка жумушка алам деп жатыптыр" деген созүн улам-улам кайталап жатты кубана.Себеби бул өлкөгө келгени менен башкаларга окшоп жумуш кылбаса да кыйла жүдөй түшкөн болчу.Келгенде эле Аскаттын кеңеши менен ата-энесине "Олимпиядага катышууга даярданып жүрөм" деп чалып койгон эле.Эки сааттай ар нерсени божурашкан эки дос алдыларындагы грилди да жеп болушту,колдорундагы экиден пиволорун да ичип болушту.Дээрлик ичпеген экөө тең ошол эки шише пивого эле кызый түшүштү.
-Аза-деди бир маалда Аскат.
-Оув-деген Азамат досун карап калды сүйлөп жаткан сөзүн токтото.
-Сенден ушул убакка чейин эмне сурандым?
Ойлонумуш болуп калган Азамат бир топтон кийин:
-Эч нерсе деле сурана элек болушун керек.... Ийи?
-Анда жакшы.... Сеебеби азыр бир нерсе суранам досум...
-Эмне экен ал? Колумдан келеби иши кылса?-деген Азамат Аскат эмне жөнүндө суранаарын божомолдоп койду.
-Келет дос...
-Андай болсо кулагым сенде.
-Өзүн деле сезип жатсаң керек.. Назикти жайына койчу сенден сураныч.Мени сыйласаң ушул өтүнүчүмдү жөн гана соз менен эле эмес жүрөгүң менен аткар.
Экөөнүн ортосунда бир азга жымжырттык орноду.Анан эле Азамат Аскаттын далысын бир колун кое:
-Болуптур дос! Бирок бир шартым бар,ошону аткарасың! Анан бир суроом бар,ошого жооп бересиң...
-Эмне десең ошол дос.Бир гана менин суранычымды чын дилден кабылдасан болду.
-Шартты айтайынбыыыы же суроону биринчи узатайынбы? -деген Азамат табышмактатып сүйлөп кирди.
-Өзүң бил!
-Анда суроом мындай:Назик экөөңдүн бул жакта жолугуп калышыңар кокустукпу же алдын-ала сүйлөшүлгөн нерсеби?
-Кокустук дагы эмес,сүйлөшүлгөн дагы нерсе эмес Азамат!
Билдирүүнү түзөткөн: AMAH-2: 22 Август 2014 - 02:57