Суперстан: Анекдот айтып берчи. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • > Оюн, күлкү, тамаша
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (127 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 91
  • 92
  • 93
  • 94
  • 95
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Анекдот айтып берчи. Андигидот билгендердин клубу....

#1841 Пользователь офлайн   Milana.   15 Январь 2015 - 09:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 128
  • Катталган: 27 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 17 Мар 2018 03:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Марс

Даярланып кирейин анан айтып берем ээ
Сени корсом
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1842 Пользователь офлайн   Lipton   15 Январь 2015 - 12:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 04 Май 14
  • Соңку аракети: 11 Сен 2015 23:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош.

Кичинекей баланы магазинден салафан алып
кел деп жиберет бала магазинге барып
салафанга тили келбей фалафан берип
койунузчу дейт ал емне деп магазинчи
тушунбой кайра сурайт фалафан берип
койунузчу деп тажатат магазинчи жини
келип ей кетчи бар азыр тилинди мык менен
кагып салам деп кууп чыгат бала бир аздан
кийин кайра келет да байке мык барбы дейт
жок десе анда фалафан берип койозбу деген
екен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1843 Пользователь офлайн   askat2501   15 Январь 2015 - 13:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 39
  • Катталган: 16 Август 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2019 18:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россия,новосибирск

-кайсы тамганы корсотуп жатам
-а сиз каерде турасыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1844 Пользователь офлайн   Bek94   15 Январь 2015 - 14:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 879
  • Катталган: 19 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 17 Янв 2022 23:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Жакшы жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1845 Пользователь офлайн   Feijipiao   15 Январь 2015 - 16:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Чоко машинелерди текшерип, постто дүжүр эле. Түн бир оокумда машине пипилдеп калды. Кызуу уйкусунун бузулганына нааразы болуп, Чоко ачуулуу чыкты. "Күндүзү өтсө өлөт бекен эми". Караса отун жүктөгөн машине, үстүндө отундун ээси болсо керек, бир караан соксоёт. Чоко тааныбайт экен - ал Айтпай деген жигит болчу.

- Кимсиң, эй?

- Айтпаймын.

- "Кимсиң" деп жатам?

- Айтпаймын дейм, тосмоңду аччы бачым, тоңуп калмай болдук.

- Акыркы жолу сурайм, чыныңды айтчы, кимсиң?

- Эмне эле тергөөчүдөй такыйсың? Айтпаймын дедим го. Чоконун андан бетер ачуусу келди, анан:

- Неге эле мынча жалынам, айтпасаң өлүп кет, - деп көөмүтүнө кирип кетиптир.


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1846 Пользователь офлайн   Feijipiao   15 Январь 2015 - 16:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Чоко автобус айдап жүргөндө бирөө өлүп, ошол тажыяга адамдарды алып барат. Барар жерге жетип адамдар түшкөн соң, автобустун эшиктерин жаап, кулпулап чыкканча адамдар өкүрүп, үйгө кирип кеткен болот. Жалгыз калган Чоко эмне деп өкүрөөрүн билбей калат. Себеби, ал эркек же аял, бала же кыз экенин сурап да алган эмес экен. Ойлонуп турууга убакыт жок, тобокел деп Чоко да өңгүрөп жөнөдү:

- Гражданин, ой, гражданин! ..


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1847 Пользователь офлайн   Bek94   15 Январь 2015 - 16:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 879
  • Катталган: 19 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 17 Янв 2022 23:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Анча эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1848 Пользователь офлайн   Feijipiao   15 Январь 2015 - 16:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Анда Чоко айдоочу. Машинесин айдап шашып баратып, төрт көчөнүн кесилишиндеги чоң айлампага жакындаганда ал жак, бул жагын караса МАИ көрүнбөйт. Айлампасын айланып жүрөмбү деп, жакын жагына - солго буруп жиберет. Аңгычакты асмандан түшө калгансып, нары жактан МАИ токтотуп, тартип бузгандыгы үчүн жазаламак болот. Анда Чоко:

- Ой, аябай шашып бараткандыгыман билип туруп эле ушундай салып жибербедимби. Кечирип коюңуз, эмдигисинде оң жагы менен эки тегеренип коём, - дейт имиш.


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1849 Пользователь офлайн   Feijipiao   15 Январь 2015 - 16:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Аялы наалып жатат дейт:

- Байкабастыгым- ай, ушу сени кыйраткан эр болот деп тийген менде мээ жок!

- Ошону айтпайсыңбы, асылым. Мен да сени сүйүп калып, эсимди жоготуп,

мээңдин бар экенин, же жок экенин байкабай алганымды карачы,-деп алаканын шак койгон экен үнүн армандуу чыгарып күйөөсү.


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1850 Пользователь офлайн   Feijipiao   15 Январь 2015 - 16:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Базардын четинде бирөө бир терини булгалап кыйкырып жатат дейт:

- Норка, норка сатам, алгыла, норка сатам, алгыла...

- Ой, мунуң норка эмес эле иттин териси го?

- Итимдин аты Норка болчу да!


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1851 Пользователь офлайн   Feijipiao   16 Январь 2015 - 11:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Адвокат мырза, мен күйөөм менен ажырашкым келет. Төрт жыл бирге жашаптырбыз, ал эми ал болсо бул жылдары мага болгону төрт гана сөз айтыптыр...

- Та-ак, бийкеч, силердин балаңар барбы?

- Ооба, төртөө...


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1852 Пользователь офлайн   Feijipiao   16 Январь 2015 - 11:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Аялы күйөөсүнө кыйкырат:

- Сени менен бирге жашоого таптакыр болбой калды.

- Анда дароо энеңе жөнөгүн!

- Анын өлгөнүн сен билесиң да.

- Албетте, билем!..


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1853 Пользователь офлайн   Feijipiao   16 Январь 2015 - 11:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Күмүш тойдо күйөөсү аялына кайрылып, өткөндөгү жаңылыштыгын мойнуна алып жатпайбы:

- А сен билесиңби, кымбаттуум, биздин баш кошконубуз каталыктын кесепетинен болуптур.

- Кантип? - деди аялы таң калып.

- Ооба, ошондой. Мен ошондо таксини токтотуш үчүн ышкырсам, сен келип калбадыңбы. ..


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1854 Пользователь офлайн   Feijipiao   16 Январь 2015 - 11:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Ай, даяр болдуңбу? - деп кыйкырды дарбазанын жанында турган күйөөсү. - Болбойсуңбу, кечигип жатабыз.

- Деги кандай аңкоосуң! - деп кыйкырды ичкериден аялы. - Бир

саатча болду го сага айтканыма, эки мүнөттөн кийин эле даяр болом деп. Кандай түшүнбөгөн тажаткыр немесиң!


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1855 Пользователь офлайн   Feijipiao   16 Январь 2015 - 11:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Эшиктен шашып келген күйөөсү аялына ачууланды:

- Мындай иш сенин гана колуңан келет. Биздин балабыз канчанчы класста окуурун айтпай туруп да ата-энелер чогулушуна жибересиңби! ..


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1856 Пользователь офлайн   Feijipiao   16 Январь 2015 - 11:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

АЙТБҮ: - Ай, Кантбү, кандай?

КАНТБҮ: - Апей, сен белең, Айтбү? Жакшы. Ай, бирок Кантбү дегениң жаман угулат экен, азыр менин атым Кантбү эмес, Катя болгон.

АЙТБҮ : - Ий, мендей болгон турбайсыңбы. Менин атым азыр Аня.

КАНТБҮ: - Уккам, Анечка, уккам. Өзүңдүн иштериң кандай?

АЙТБҮ: - Биздики качан жаман болчу эле. Во да!.. (бармагын көрсөтөт).

КАНТБҮ: - Ай-ий, көрүшпөгөнүбүзгө көп жыл болгон экен. Сен аябай өзгөрүптүрсүң.

АЙТБҮ: - Сен дагы бир топ өзгөрүптүрсүң.

КАНТБҮ: - Жаңылыктардан сүйлө. Кайда иштеп жатасың?

АЙТБҮ: - Убактынча эч жерде иштебейм. А өзүңчү?

КАНТБҮ: - Иштегенде эмне, айлык өзүнөн өзү жүрүп жатса.

АЙТБҮ: - Ал кандай айлык? Канча айлык аласың?

КАНТБҮ: - Үч миңге чамалап барат.

АЙТБҮ: - Ой-боо-ой. Эмне, министр болуп кеткенсиңби?

КАНТБҮ: - Министриң эле жыргап кетиппи? Алты жерден алимент алам.

АЙТБҮ: - Ай-ий, деги сен, Катя, башынан эле бактылуусуң. Мен куурадым. Алиментим аз. Бар болгону эки эле жерден алам. Сеники тим эле жыргал тура, үч миң сом не деген акча!..

КАНТБҮ: - Деги ушу алиментти ким чыгарса да, жакшы чыгарган! ..

АЙТБҮ: - Эх, сонун да, сонун!.. Бактылуусуң, Катюша, бактылуусуң. Мен дагы алиментимди сеникине жеткирсем...

КАНТБҮ: - Аракет кылсаң - берекет. Жакшылап аракет кыл да...

АЙТБҮ: - Аракет кылып эле жаткансыйм. Бирок, жарыбай койдум. Мен да сенчилеп үч миң сомго көтөрүп алсам, ханга салам бербейт элем.

КАНТБҮ: - Меники да анча-мынча өп-чап болуп турат. Береги коңшу айылдагы Жакып аялын кетириптир. Ошого тийип алсамбы деп баратам, айлыгы дурус дешет. Анан андан да алимент алсам...

АЙТБҮ: - Катюша, а балдарың кантет? Аларга каралашаар кишиң барбы?

КАНТБҮ: - Ошол да кеппи? Балдарды энем багат. Эне байкуш кыйын тура, баарына түтөт, тууп берип турганыма эле ыраазы.

АЙТБҮ: - Меники деле ошо. Энелерибиз бар, багыбыз бар.

КАНТБҮ: - Кой, мен кеттим, Жакып дагы бирөөнө үйлөнө салса, кур калбайын.

АЙТБҮ: - Мени ээрчите барчы.

КАНТБҮ: - Эмнеге?

АЙТБҮ: - Кокус, сени албайм десе, мени алып калгысы бардыр?..

КАНТБҮ: - Анда мейлиң, жүр. (Кетишет).


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1857 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Январь 2015 - 12:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Киши өтүүчү жайдан зуулдап токтоосуз өтүп жаткан автоунаалар бир заматта эле тартипке кире калышып "өтүңүз, өтүңүз" деп колдору менен булгалап, адамдарды өткөрүп калышат. Аларга таң калган бирөө сурайт:

- Эмне эле мынча маданияттуу болуп кеттиңер?

- Кайдагы маданият, тиги

МАИшник безирейип келип калбаганда силерге маданиятты көрсөтөр элем,- деп ай-доочу күбүрөп ызырыныптыр.


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1858 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Январь 2015 - 12:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Бир күнү СССРдин генералдык секретары Л.И. Брежнев Өзбекстандын партия жетекчиси Рашидовдон сурап калат:

- Силер, өзбектер, качан космоско учасыңар?

- Базар ачылса эле, эртеси учабыз, - деп жооп берген экен.


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1859 Пользователь офлайн   Bek94   19 Январь 2015 - 12:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 879
  • Катталган: 19 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 17 Янв 2022 23:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Анектодту оюнардан чыгарган жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1860 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Январь 2015 - 12:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Менин аялым да сеникиндей …

Караңгыда үйүнө шашып келе жаткан адамдын карп-курп алдын бирөө тосот:

- Жан керекпи, же капчык керекпи, тез айта сал?

- Албетте, жан керек, урматтуу каракчым, бирок аялым акчасы жок барсам баары бир жанымды сууруп алат…

-
Менин аялым да так сеникиндей, болбосо жыргаганымдан каракчы болуп жүрүптүрмүнбү, эмне кыл дейсиң эми? - деп шаштырат дейт.


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Оюн, күлкү, тамаша
  • Кийинки тема →

  • (127 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 91
  • 92
  • 93
  • 94
  • 95
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 15:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: