Бешенеге жазганды көрөсүң" дегендей, тагдырдын туңгуюгуна малынып азаптуу күндөрдү башынан кечирип келаткан борбор шаарыбыздагы Чүй-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер төлөөдө тилемчилик кылып күн өткөрүп жанын баккан Тойгонбаева Сагынгүл апанын тагдырын жазууну туура көрдүк. Анда сөз башынан болсун
Менин жашоо турмушумдун сүрөтүн көрмөйүнчө менин тагдырымды элестетүү кыйын. Анткени, тагдыр мени жакшы эле сындап, ары-бери калчады. Мен көргөн кордукту башкаларга каалабас элем. Айланайындарым, атайын апаңардын тагдырына кызыгып атайын келип калыпсыңар, кантип мен кечирген күндүн себебин айтып бербейин.
***
Мен бул жерде күнүмдүк жашоо тиричиликтин айынан отурам. Кечке күндүн ысыгына, жердин муздагына чыдап какайып отуруп тапкан акчам араң гана курсак тоёрлук тамак-ашка жарап берет. Бир жумада бир жолу атайын кичине болсо да эт алып шорпо жасап ичем. Чынында ушул күн мага майрамдай эле сезилет.
***
Ден соолугумдун начардыгына, тактап айтканда экинчи топтогу майып экениме карабай өз дарыларымды өзүм алам, бир дарым 100, экинчиси 300 сом турат. Баарын алганга мүмкүнчүлүгүм жок болсо да, акчам жеткенине алып ичем. Эми, эмнеге мындай абалга тушугуп, оорукчан, майып экенине, улгайганына карабай бул жерге кантип келип калды деген сурооңорго жооп берейин.
***
Мен мурун эл катары эле Советтер союзунда цехте 23 жыл иштегем. "Кыздын барар жери күйөө" дегендей, турмушка чыгып, бир балалуу болгонбуз. Жан кейиткен оорунун азабынан жолдошум дүйнө сала берди. "Өлбөгөн жанга күн өтө берет" дегендей, балам экөөбүздүн жашообуз улана берди. Жалгыз балам эрежеге жетип бой көтөрүп чоңойду, эч нерседен кем кылбай эл катары той берип үйлөнттүм. Бирок, кайсыл жазыгым үчүн белгисиз, балам үйлөнүп өз алдынча бүлө күткөндөн кийин тагдырым таттуу болбой эле, баары тескерисинче чыкты. Ар бир эне кыялдангандай эле өз келинимдин төрүндө олтуруп сый көрүп, колунан ысык чай ичип, неберелеримди жыттап, баламдын урматын көрөм деген кыялдарымды ит капты. Эмне үчүн андай болду, кантип болду, анын баарына токтолуу мен үчүн абдан оор. Дале болсо өзүм да ушундай тагдырга тушукканыма ишенбей кетем (Эже ушул жерге келгенде көзүнө жаш алып, оор үшкүрүнүп, бир топко ызалуу сүйлөй албай токтоп калды. Бир топко ортобузду тунжураган тынчтык каптап, андан кийин сөз уланды).
***
Эненин Кудайдан тилеп тапкан жалгыз баласы жубайы менен бирге өз энесинин башын жарып көчөгө кубалап чыкканын кинодон же жомоктон да көрүп, укпайт болушуңар керек. Бирок, дал ушундай тагдыр менин таалайыма жазылган экен. Айла жок, ишенишке туура келет. Маңдайыбызга Жараткан мындай тагдырды жазып койсо аны да көрөт экенбиз. Баарына өзүңдү күнөөлөп, өлбөстүктүн күнү көргөндөн башка айлаң да калбайт экен. Ошентип, өз үйүмөн өз балам кууп чыккандан кийин он селсаяк менен көчөдө калдым. Ошол күндөн ушул убакка чейин өзүңөр көргөндөй, кайырчылык кылып күн кечирип келем. Убагында колумда бар кезимде, төркүндөрүмө жылкыларымды, малдарымды берип, ал эле эмес акчалай да жардам берген элем. Ал эми азыр алар анын баарын унутуп, мени карап да, кабар алып да коюшпайт. Бүгүн адамдардын пейили бузулуп, "колуңда бар болсо адамсың, жок болсо эч ким эмесиң" заманында жашап калыптырбыз, көрсө. Колумда эч нерсем жок, мына мени жада калса өз төркүндөрүм да карабай кетти.
***
А баламчы, өз канымдан жаралган баламчы? Аны төрөп, ак сүтүмдү берип, эр жеткирип чоңойтуп, айтор, 37 жыл аярлап, айланып-тегеренип бапестеп бактым. Азыр эми ооруп, алдан тайып турган кезимде, ал мага кам көрүүнүн ордуна ит көрбөгөн азапты көрсөтүп жатат. Кантип эле ушундай болсун деп ишенбешиңер мүмкүн. Албетте, акылсыз жаныбар да өз энесине мындай мамиле кылбайт. Бирок, азыр арак деген балекет адамды көрсө бардык жолго алып барып, жолунан, акылынан адаштырат экен. Азыр апасын көчөгө калтырып, көрүнгөн жерде арак ичип темселеп жүргөнүн эстеп дагы да болсо энелик жүрөгүм канайт. Жок дегенде өз жашоосун жакшылап алса, эне байкуштун арманы азыраак болмок.
***
Мен эч кимден жардам күтпөйм! Анткени, азыр ар ким өз арабасын сүйрөй турган заманда жашап жатабыз, ар биринин өзүнүн үй-бүлөсү, кам көрө турган кишилери бар. Кимге эле көчөдө жүргөн селсаяктын жашоосу кызык болуп жатыптыр. Ошентсе да, ушунча кыйналып, турмуштук оор тажрыйбамдан кийин жаштарга кайрылбай коё албайм. Айланайындарым, өз энеңерди эч убакта капалантпагыла, ар күнү сыйлап, урмат көрсөтүп, ак сүтүн актаганга, ак батасын алганга болгон аракетиңерди жумшагыла. Энеңер болбосо, силер ким болмоксуңар, кайдан жаралмаксыңар, кантип чоңоймоксуңар. Эне каргышы жаман деп айтылат, бирок, эне өз канынан жаралган наристесин кантип каргамак. Бирок кудай деген баарын өзү таразалап, баарын ордуна коюп, убагы келгенде силер да жооп бере турган күн турганын эсиңерде болсун! Мен көргөн кордук бир да энеге жолобосун, душманыма да каалабайм.
P.S: Улам үшкүрүнүп, оор жөтөлүп, көзүн жаш басып кайгылуу тагдыры менен бөлүшүп олтурган Сагынгүл апанын айткандарын угуу бизге да жеңил болгон жок. Тилекке каршы, ушундай тагдырга тушуккан эненин арманына ишенбеске арга жок болуп турду. Муну окуган ар бир окурман кылдат ойлонуп, жыйынтык чыгарат деп ишенебиз, анткени коомду, пейилди тазалоо ар бирибизден башталат эмеспи. А эгер, бул апага кимде ким жардам берүүнү кааласа, төмөнкү телефон номерине кайрылса болот: 0559 11 13 03
Каным Асаналиева,
Мен бул макаланы окуп алып ушунчалык ыйладым.
Эй кыргызым бизди ушунчалык денгээлге ким тушурду?! Тогуз ай омурткасы сыздап төрөгөн энекелерибизди көчөдө, каарылар үйүндө кор кылып, ал эле эмес сабап ур токмокко алышат.
Биздин келечегибиз болгон балдарды көчөгө, мусорго ыргытышат, же болбосо өлтүрүшөт
Эч ким көчөгө акчасын ыргытпайт! А бирок балдарды ыргытышат!
Демократия Эркиндик Өзүм каалагандай жашайм, деп ушул денгээлге түштүкпү?!
Эми мунун чечимин кайра демократиядан издеп атасыңарбы? !
Убагында Умар (Аллах андан ыраазы болсун) халиф болуп турган чагында бир мусулман аялды каапырлар туткундап алып, Умарга кунун төлө деп кат жолдошкон. Ошондо Умар “Эгер бүгүндөн калбай ал аялды коё бербесең, башы сенин мамлекетине жеткенде аягы бул шаардан чыгып бүтө элек аскер жиберип, мамлекетиңди тыйпыл кылам” деп жооп жазган. Бир аялдын намысы, дини үчүн бир мамлекетти тыйпыл кылууга даяр эле биздин Умар (Аллах андан ыраазы болсун) , бир аялдын намысы үчүн миңдеген мусулман жоого аттанууга даяр эле. Биздин үмөт аялдардын намысын ушундай коргогон.
Ошондой болгон соң өзүбүздүн өздүгүбүзгө кайта турган мезгил алда качан келген, Ошондо гана бул кордуктан чыгабыз!
Исламда ата-энени караш баланын милдети. Жана үй бүлө балдарды багыш да аялдын эмес эркектин милдети.
Аялдын милдети балдарга жакшы исламий тарбия берүү,
Тарбия жакшы берилсе Кудайдайдан корккон бала эч качан ата-энесин көчөгө таштабайт, жана кор кылбай башына көтөрүп багат.
Бейиш эненин таманы астында,
Ата-энең кафир болсо да аларга УФ деп үшкүрбөй карагын деген Аллах таала, алардын көңүлүн эч качан оорутпагыла деген Аллах таала,
А азырчы азыр эмне кылып жатышат?!

Супер-Инфо
super.kg
видео




















