Бренд дегенде эле баарыбызга белгилуу дуйнолук маркалар келет эмеспи оюбузга, эми алардын денгээлине жетпесе дагы жаныдан туптолуп копчулукко белгилуу боло баштаган бир топ эле кыргыз бренддери бар экени маалым. Мисалы: Blueberrycrafts, АсылЧач, AccessoriesKg, Sanat Décor, Энесай Онору, ErkeAiym жана башкалар.
Эгер билгендер болсо кошумчалап жазсанар дагы жакшы.
Нукура кыргыз бренди кыргыз бренддери жонундо маалымат...
#2 11 June 2014 - 12:56
Ошолордун арсынан "Энесай өнөрү " бренди тууралуу маалымат жазууну туура кордум.
P.S максатым жон гана маалымат беруу рекламалоо эмес

#3 11 June 2014 - 12:59
"Энесай өнөрү " бренди тууралуу
Мекенчил духтагы «толстовкаларды» түзүү идеясы Стамбул шаарында 2012-жылы пайда болгон. Идеянын автору, ошол кездеги 2 курстун студенти Зафарбек Сулайманов адегенде жакын досторуна арнап, «толстовканын» бир нече түрүн чыгарып көргөн. Ошол мезгилде баарыбыз мекенден алыста биринчи жыл жашап жатпагандыктан, кыргыз маданиятынын белгилери бар буюм чыгаруу идеясы жаңы жана кызыктуу сезилди, себеби Стамбулда, атүгүл Кыргызстанда да бул иш менен эч ким шугулдана элек болчу. Алты адамдан турган топ идеяны кош колдоп кубаттоо менен ишти баштоого макул болушту. Адегенде эле өзүбүздүн буюмубузга ат тандадык. Бул кыргыз тилинде жакшы угулган жана мааниси терең сөз болууга тийиш эле. Көптөгөн талашып-тартышуулар менен дискуссиялардан кийин биздин оюбузда эң оптималдуу болгон «Энесайөнөрү» деген атка токтодук. Энесай /орус.Енисей/ Енисейлик кыргыздардын, биздин ата-бабалардын байыркы мекени. Өнөр – чеберчилик, жаратмандык. Муну менен биз ишибиздин чыныгы кыргыз мүнөзүн аныктап, ишибизге заманбап түр берүүнү көздөдүк. Жети «толстовкадан» турган алгачкы коллекциябыз Жаңы жылга арналган иш-чарага карата чыгарылды. Аукцион учурунда буюмдарыбыз абдан тез жана кымбат сатылып кетти, адегенде эмне болуп кеткенин түшүнбөй деле калгандай болдук. Оңунан чыккан соодага жана жакшы ой-пикирлерге шыктанган биз ишибиздин ийгилигин белгилеп коюш үчүн кымбат индия ресторанына бардык. Ошол күнү тобубуз менен алдыдагы максаттар жана милдеттерибизди талкуулап, жаңы буюмдарды дароо чыгарууга даяр элек. Ошондо бул отурушубуз алдыдагы иш-чараларыбызды кызуу талкуулаган биринчи жана акыркы расмий жолугушуубуз болгонун кимибиз ойлоптурбуз?

#4 11 June 2014 - 13:03
2013-жылдын январында «Энесайөнөрү» мекенчил духтагы принттер басылган 30 га жакын толстовкаларды чыгардык. Турция жана Кыргызстандагы досторубузга буюмдарыбыз абдан жагып, аларды ушул эки өлкөгө жөнөтө баштадык. «Энесайөнөрүнө» байланышкан көптөгөн пландарыбыз жана келечекке карата бир топ идеяларыбыз бар эле, бирок кырдаал баарын өзүнө ылайык чечип койду. Экинчи семестрде командабыздагы үч адам Европага тажрыйба алмашууга жөнөп кетишти. Стамбулда дагы үч адам калдык. Ар бирибиздин өз ишибиз жана окуубуз бар эле, бири-бирибизден алыста болуп, андыктан жумуш ыргагын ойдогудай көзөмөлдөй албай калдык. Ушул себептен «толстовкаларды» чыгаруу февраль айынан тартып, убактылуу токтоп турду.
2013-жылдын жайында Зафарбек Сулайманов менен Карима Талгат Кызы Турцияга кайтып келишти. Ошол кезде биздин ишибиз начар болуп жатканы анык болуп, мурдагы команда менен иштөө мүмкүн болбой турган. Топтогулардын эч кимиси таркап кетүүгө каршы болушкан жок, кээ бирлери өздөрү «Энесайөнөрүнөн» кетүүнү суранышты. Акырында июль айында топто калган эки адам ишибизди жандандырдык жана «толстовкалардын» жаңы топтомдорун пландаштырып, анын үстүндө иштей баштадык. 2013-жылдын жайы кызуу өттү: Бишкекте иш алып бара турган менеджер, эмгектери «толстовкага» пайдаланылуучу дизайнерлерди табышыбыз, эсеп-кысапты тактап, буюмдарды тигүүчү ателье табышыбыз керек эле. Жумуш көп болуп, биз да баш ийип отуруп калбадык. Стамбулга күзүндө кайтып келип, болгон каражатыбызды жана досторубуздан карызга алган акчаларыбызды кошуп, 2013-жылдын ноябрында 240 «толстовка» чыгардык. Жумуштун акыркы үч күнүндө белгиленген мөөнөткө үлгүрүп калыш үчүн ательеден чыкпай өз колубуз менен принттерди тигип аттык. Бул оор күндөр болуп, күнү-түнү иштеп, жумуш менен 200 пайыз алек болдук. Сатуу ишинде эч кандай тажрыйбабыз жок туруп, ар түрдүү ыкмаларды пайдаланып көрдүк. Фейсбукта өз баракчабызды ачып, буюмдарыбызды жарнамалай баштадык. Мезгил өтүп, биз тууралуу айта башташты. «Энесайөнөрү» бүткүл Кыргызстан боюнча болбосо дагы Турцияда жана башка жактарда жашаган чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын оозуна алына баштады. Буюмдарыбызды Турция, Кошмо Штаттары, Европа, Россияга жиберип, онлайн сатууларды баштадык. Маал-маалы менен фотосессияларды жасап, фейсбуктагы баракчабыз жанданып калды. Буга шыктанып, мындан ары жөн гана иштей берүү эмес, заманбап кыргыз бренди катары өнүккүбүз келди! Андан ары өзүбүздүн алгачкы кийимдер тобубузду чыгарууга кириштик. Кыргызстандын жана Турциянын рыногун изилдөөгө эки ай кетти, андан сырткары текстиль буюмдарын чыгаруучу фабрика таап, футболкалардын үлгүсүн жана дизайнын тандап, инвесторлорду таап, аларды биздин ишибиздин ийгилигине ишендириш керек эле.

#5 11 June 2014 - 13:04
2014-жылдын 21-мартында көптөн күттүргөн эксклюзивдүү футболкаларыбыздын топтому жарык көрдү. Бул абдан узун жана ишке толгон күн болду: эртелеп баннерлерди чыгарып, товарды Бишкекке жибердик, досторубузду топтоп, Стамбулдун ар башка райондорунда видеороликтерди тарттырдык.
Кечинде Ноорузга арналган концерттик программа болуп, 17 миллион калк жашаган шаардын ар кай тарабынан футболкаларды көрсөтүп жана сатып калууга үлгүрүш үчүн шашып концертке келдик. Сатууга ар кандай жаңылыктарга даяр туруп, футболкалардын жарымын Бишкекке жибердик. Биздин идеябызга кызыгып, биз менен кызматташкысы келген көптөгөн адамдар пайда болушарын билбей туруп, ушундайча «Энесайөнөрүнө» чыйыр салдык.
#8 25 June 2014 - 15:30
Aiana981,
азаматсынар, идеянар колдоого алаарлык экен. Эми деле уланта берсенер ишмердуулугунорду, дурус болмок.
Кыргызстандык бренддер, копчулукко маалымдары: Шоро,Акун,Келдике, Энесай, Камбаркан топтору, жогоруда жазылган Dilbar жб.
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)

Супер-Инфо
super.kg
видео