сурайын дегеним тундуктук кызга, же туштуктук кызга (тундуктук балага же туштуктук балага) уйлонуп (тийип) жатканда ата эненерди кантип кондурдунор эле? азыр бактылуусунарбы же ажырашып кеттинерби (эмне себеп болду?)? Ата энеси каршы болуп уйлонбой калгандар, депрессияны кантип жендинер эле? бул барьерди кантип женсе болот?
Түндүктүк менен түштүктүк үйлөнгөндө бактылуу жашагандар барбы
#4 30 April 2014 - 20:20
Менин бир женем Колдон болот. Россияда уйлонушкон той кылышып, Ошко келин болду. Эгер келин же куйо бала жакшы болсо жердиги эч нерсе эмес го дейм. Ата энелери да ыраазы болушкан. Азыр Ошто турушат. Айтмакчы дагы бир акебиз Канттан уйлонгон. Алар Бишкекте той беришкен. Азыр ошол жакта турушат. Эмнегедир алар уйлонгондо эч ким эч нерсе деле деген эмес окшойт. Жакшы эле жашашат го.
#5 30 April 2014 - 20:26
Бул жерде 'жерликтин'
эч кандай тиешеси жок го дейм...
Болгону биз жалпы адамдар 'алыстык' деген нерседен жатыркайбыз.

В каждой шутке есть доля правды...
#6 30 April 2014 - 21:07
Биздин салттарыбыздын айырмасы абдан чон. Биздин жакын туугандардан эч ким тундуктон алган жок хотья биз тундукто турабыз. Бизде иштен бир эже Ошко тийди азыр абдан окунот же той же калын бербеди деп. Анан да кайненеси келише албайт экоо аябай урушушат (кудай сактасын) бул нерсеге анын жердиги чон роль ойноду.
уважаю всех кроме себя. Теперь все будет наоборот....
#7 30 April 2014 - 21:41
Тундук-туштук салттарга жабышып алганда проблема жаратат. Салттарга жабыша бербей, бири-бирлери менен тил табышкан болсо проблема деле чыкпайт. Менин кайнагам да Колдон уйлонгон. Жакшы эле жашап жатышат.
#8 30 April 2014 - 22:33
Ушул тундук туштук маселеси козголгондо чыны аябай зээним кейип,жаным кашаят.Кыргыздын кыздары,жигиттери бири кытайга тийсе а бири орустан уйлонуп жатбайбы андан коро тундуктон болобу туштуктон болобу жердигине болбой уйлонусшо жакшы эмесби.Негизгиси эки жаш бактылуу болсо болду да,менин деле агам куду Нарындын Атбашысынан уйлонду Аллага шугур бактылуу уй було мотурайган эки наристенин ата-энеси.Анан уйлонушкондо деле эч кайсы тарап каршы болгон эмес'
#9 30 April 2014 - 22:36
Калын бербеди, той бербеди деп материалдык байлыкка кул болгондорго тан калам. Бир айылда туруп, баш кошушса деле, жоктун иши жок, бергенге шарты болбосо чарасы канча? Эн негизгиси ынтымакта турмуштун арабасын суйроп кетишсе эле болгону. Ошол калын, ошол той ынтымактуу жашоодон устун турабы? Калындыда берип, очойтуп, дунгурото той берип, акыркы тыйыны калганча чачып, анан эки ай отпой ажырашып кетсе тойу бир тыйынга татыбай калатго. Бири жердин тубундо, бири айда жашап журуп баш кошушса деле, туболугу бир болуп, бак айтсын.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#10 30 April 2014 - 23:11
Мен болочок жубайымдын жерлигине эмес, дүйнө таанымына, тарбиясына,
ыйманына карайм. Бири бирибизди тушунуп жашасак; алыстык, салт санаа бизге тоскоол болбойт.
#11 30 April 2014 - 23:35
Аралык алыс деле эмес, салтыбызда чон айырма жок баарыбыз кыргызбыз бир тилде суйлойбуз.
Менин бир туугандарым Атамдын инилери тундуктон алышкан копчулугу, 3 женем бар Ысык Кол, Чуй, Таластан, жакшы эле сый урмат менен жашап жатышат, айырмачылык коргон жокмун.
Бул адамдардын тушунугунор болсо керек деп ойлойм.

Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)

#12 01 May 2014 - 00:31
Мен да мурда жогорудагылардыкындай башкысы эки жаштан дечу элем. Бирок бир окуядан кийин оюмдан кайттым . "Келин албай кайын ал " - демекчи, кыздарга да балдарга да айтаарым: кайындарынарды да жакшыраак изилдей коргуло . Эки жаштын жашоосуна кайындардын булук тушургон учурларга кубомун . Анан салт-санааны да башында эле жакшы суйлошуп - келишип алуулары керек эки тарап . Той бербеди аны муну деген создун торкуну ,анын созсуз чачылып-сарпталуусу эмес , бирок, кыздын баркын,ата-энесинин кадырын, элдин жузундо тушурбоо дегенге барабар. Калынсыз кыз болсо да каадасыз кыз болбойт . Андыктан , элдин батасын алуу керек.
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#13 01 May 2014 - 00:45
Нарындан женем бар сонун жашашат 4 уулдуу болушту
улгулуу уй булоолордун катарында
#14 01 May 2014 - 14:11
Оштон жеңем бар. Жакшы жашашат балалуу болду, бирок жеңемдин характери ухуу ...чатак да. Эри башкарбай, ал эрин дагы баарын башкарат. Өзү чечет, эмне кылыш коюш керек экенин. Нормальный да иши кылса.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#15 01 May 2014 - 14:35
Ушул тундук туштук маселеси козголгондо чыны аябай зээним кейип,жаным кашаят.Кыргыздын кыздары,жигиттери бири кытайга тийсе а бири орустан уйлонуп жатбайбы андан коро тундуктон болобу туштуктон болобу жердигине болбой уйлонусшо жакшы эмесби.Негизгиси эки жаш бактылуу болсо болду да,менин деле агам куду Нарындын Атбашысынан уйлонду Аллага шугур бактылуу уй було мотурайган эки наристенин ата-энеси.Анан уйлонушкондо деле эч кайсы тарап каршы болгон эмес'
Азаматсыз!
#16 01 May 2014 - 15:02
Аранарда мен деле туштуктон тундукко келин болгом,кыйынчылык оооо аябайле болду.Эн негизгиси женип отуу экен,куйоон экоон бири биринди колдоо дегендей.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#17 02 May 2014 - 09:19
Менин бир эжекем Нарынга(Жумгалга),
таэжем Колго келин болгон. Сопсонун болуп эле жашап атьшат.
#18 03 May 2014 - 10:00
Негизи мындай нерселерди оору дейт .ошол ооруну дарылаштын бир эле жолу адамдарды ыймандуулука чакырышыбыз керек. Ыймандуу, Кудайды тааныган адамдар эч качан болунбойт сен туштук мен тундук деп. Пайгамбарыбыз буткул адамзаттын баштарын бириктирууго омурун арнаган негр, кытай, орус , араб кыргыз болсун. Биз баарыбыз бир Кудайдын кулу, адам атанын баласы болобуз. Андыктан журоктогу мындай ооруларды жок кылуу керек , бул биздин ар бирибиздин милдетибиз.
#20 03 May 2014 - 11:43
Башынан бери окуп отуруп,жаштардын ой жугуртусуно бир жылмайып алдым.Тундук менен Туштуктун болууну оорусу эч качан калбайт Жана да кыздарын,балдарын уйлонушко эч качан раазы болуп батасын бербейт.Бул созго башынан откон кана адам айласыз туура дей алат.Отпогондор мындай кылса болот ,андай кылса болот деп,дунуйо парас ата эне дунуйого кызыгат деп ойлошот.Кеп мал дунйодо эмес кеп турмушта.Кеп бактылуу жашашта да эмес,кеп турмуштун башка тушкон оош кыйышында.Бактылуу жашоонда турмуштун ош кыйышында козуно корунбой калат.Мына ушуну ата эне сезип балам кыйналбасын,
балам баардык жоктон бактылуу болсун,эч нерседен кем болбосун деп ойлойт.Силер азыр гений болсонор да бул суроого жаштык кыласынар.
Мен да силердей жаш болгом,курч болгом.
Колдон Ошко келин болуп туштум.жашмын эч нерсени ойлогон эмесмин.Келинди кандай кабыл алат балким кабыл албай койсочу деген ой эч башыма келбеген.Дегеле келинди кабыл албайт деген создун озун укпаган экемин.Ал эми апамдын раазылыгын алалбасыма козум жетет эле.Мени оз жерибизге беребиз деп атканда экообуз кол кармашып,эч нерсеге карабай Ошко качып келе бергенбиз.Атам раматылык бизди кабыл алып ак батасын берип,кичине тойчук кылып булоосуно мени кошту.Бирок кайнагам аркалык деп мени жек коруп кабыл алды.Мен турмушка тын элем,тын чыйрагым менен кол чеберчилигим менен мен атама жактым.Мен келип эле кыштын куну уйду актап,краскалап, уй ичине мындай керек деп уйду жасалгоолом атама жакты.Сага кийим алып берем деп атам болбойт.Мен киймим коп керек эмес мага заневеска,гарниз андай керек,мындай керек деп мен болбойм.Качан кана уйдун жасалгасы буткондо атам мага раазы болуп бата берген.Биздин булоодо кайненем олгонуно коп жыл болуп,уйдо аял кишинин колу жок болуп ангырап бош турган кези экен эле.Мен Ошко келин болуп,коп кыйынчылыктарды коп кордум бирок биринчи намыс учун чыдадым.Чыдамым тугонуп баратканда балалуу болуп калдым.Балам деп дагы чыдоого туура келди.Мен ошол кыйынчылыктарды бир озум жендим десем ыйманыма камчы салган болом.Жок бир озум женген жокмун.Мен кыйналып,конулум оксуп турганда,колуман кармап конулумо карап,журогумо жол таап дайма коргоп турган чон атам бар эле.Ошон учун экообуз жендик.Кыйынчылык менен курган уйубуз азыр шаар болуп осуп баратат.Бир айылдан бир айылга келин болуштун озу кыйын,ал эми тундуктон туштуко келин болуш озунор ойлоп коргуло...
Бар менен жоктун кыйынчылыгын женсен болот.Бирок табигий жол алыстыгын жениш ото кыйын.Турмушта нелер гана болбойт...
Атам каза болду деп кечки беште звонок келди.Аба ырайна караштуу самалот учпайт туну куну куттук,эртеси женил машинада чыктык жол тайгак кыбырап биз жеткенче атамы жаназага койуп,эл туруп калыптыр.Ошонтип муздак жузун деле коро албай калдым.Толук бир жыл болгондо апам кайтыш болуп туну звонок келди.Оштун озундо кар жаап бороо чапкын.Самалот учпайт женил машина жолго чыкпай атыптыр.Менин ыйлаганыма боор оруп уваз бармак болду.Уч кун жол журдук,жол корунбойт анда заман оор болуп турган кез.Жолдо жургон машине корунбойт.Ошондо мен биринчи жолу Ошко ойлонбой жаштыгым менен тийип алганыма катуу окундум.Озумду ото бактысыз сездим.Козумо беш балам,колумдагы суймончук неберем деле корунбой жыл откоро каттуу куйутто журдум. Ошондо да апакем тушумо кирип "Балам тагдырга тан бер "-деп уч жолу айтып,бурулуп кетип калды,ошол созунон озумо келип,тагдырыма тан берип калгам.Апакем балам ай мен олгондо муздак жузумду корбой калып арманда калып ыйлаар бекенсин деп койот эле.Мен кулуп башка балдарын,синдилерин машина менен чайпалып келгенче мен самалот менен жетип келем коркпонуз деп тан бербейт элем.Турмуш мага шашылба коргонунон коро элегин коп,ошол сен айткан жакындарын сенин аман келер бекен деп зар какшатам деген экен.Олгондун устуно комгон болуп,бизди жолго чыкты дегенине уч кун болуп,биз жок.аман эсен келишсе экен деп ун чыгара албай жол карап бизди кутуп калышкан экен.
Мына ушуну сезген ата эне макул болбойт анча мынча укандары да эч качан макул боло бербейт.Ошон учун ата энеге капачылык болбош керек.Ата эне балдарым бактылуу болсо экен деп тилейт.Жок суйум кучтуу деген жаштар бардык кыйынчылыкты женем,мен бактылуу боло алам деп чечсе анда ак жол...
Мага дайыма суроо беришет кыз беришке,келин алышка кандай карайсыз деп.Мен озум аркалык болсом да аркадан алышка,аркага беришке каршымын.
Ар бир инсан бактылуу болуп жашаш керек мен балдарымдын, неберелеримдин бактылуу болуп,оксубой армандабай жашашын ото каалайм..
Мен турмушта кыйынчылык коргонум менен уй булоолук бактым тегиз болду.Мени кадырлаган, суйгон адам омур бойу тогулбой,боксорбой тегиз келе жатат.
Бирок армансыз адам болбойт мен мелтиреп жаткан Ыссык-Колумду, бийик,бийик тоолорумду, эл жеримди,ата энемдин эскирип бараткан мурзолорун сагынам.Кийин карып козум отуп баратканда коро албай армандуу козум жумулса керек деп ойлоном...
Ошон учун бардык адамдарды оз жеринде оз элинде бактылуу жашап коз жумса дейм.

Супер-Инфо
super.kg
видео