Теманы туура эле бөлүмгө ачтым - деп ойлойм.Туугандарыбыз , тактап айтканда апамдын бир туугандарын , ойлондуруп жаткан ойду сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм .
Жакында улуу таякемдин кызы , ата - энесинин каршы экенине карабай турмушка чыкты . Мурда эки турмуш көргөн , бир кызы бар 2 жашар . Азыркы күйөөсү өзүнөн 17 жаш улуу экен , биринчи аялы жол кырсыгынан , экинчи аялы жер көчкүдөн каза болушкан экен угушумча . Биринчи , экинчи аялынан биригип 5 баласы бар .
Эми сөздүн ток этер жери : элдин баары күйөөсүн " кара жаздык " - деп айтып жүрүшөт . Башкача айтканда ошол киши үйлөнгөн аялдар өлө берет имиш ( эжем эч нерсеге карабай , өз каалоосу менен , турмушка чыкты ). Ушундайды уккансыңарбы ?
Билдирүүнү түзөткөн: jypara1415: 12 Июль 2014 - 12:39