...
Ислам динине байланыштуу сүрөттөр))) Ислам динине байланыштуу..
#761 10 Февраль 2017 - 18:58
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#762 10 Февраль 2017 - 19:03
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#763 10 Февраль 2017 - 19:04
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#764 15 Февраль 2017 - 12:48
Куйоонун уруксаты жок уйдон чыкса ошол аял уйго келги чейин периштелер наалат айтат дейтго ошол чынбы ошол хадистин фотосу кимде бар
#766 15 Февраль 2017 - 14:07
Кандай аял Бейишке татыктуу.
Аягына чейин окунуз. Суроонузга жооп табас.
Жараткан аял менен эркекти бул дүйнөгө бир бүтүн, эриш-аркак кылып жараткан экен. «Аялдын бейиши эркектин таманынын астында» деген сөздө айтылгандай, аял бактылуу болом десе өмүрлүк жолдошуна баш ийип, анын бакытты сезүүсүнө көмөкчү болушу керек. Ал эми үй-бүлөгө бакыт уялап туруусу үчүн аялзаты өзүнүн милдеттерин так билүүсү кажет. Ошондуктан, бул жолу дин маселесине, диндеги аялдардын ордуна кайрылууну туура көрдүк.
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты
«Күйөөсүн сүйүүчү, көп бала төрөөчү. Эгер анын күйөөсүнүн ачуусу келсе же ага бир жаман сөз айтса же ага күйөөсү нааразы болуп калса, анда ал күйөөсүн ыраазы кылуу үчүн «Менин колум сиздин колуңузда, сиз ыраазы болмоюнча мен уктабайм» десе бул аял бейишке татыктуу
Бул хадисте бейишке татыктуу аялдын сапаттары баяндалды. Бейишке баруучу аялда ушул сапаттар табылат
1. Аял жары менен таттуу мамиледе болот. Жолдошунун бир аз көңүлү чөгүп калганына анын тынчы кетет. Дайыма жанында жан шерик болуп, оюна башка эч кимди илбейт. Өтө катуу махабаттын кучагында жашап, күйөөсүнө кандайдыр бир сыноо келсе ага сабыр кылат.
2. Көп төрөгөн аял. Көп төрөгөн аял мактоого ылайыктуу. Ал Аллах жана анын элчисинин алдында сүйкүмдүүрөөк. Себеби, пайгамбар «Бала төрөөчү аял Аллахтын алдында бала төрөбөгөн сулуу аялдан жакшыраак. Төрөбөй турган сулуу аялдарды таштагыла. Кара, бала төрөй турган аялды алгыла. Мен силердин көптүгүңөргө кыямат күнү мактанамын» деп айткан.
«Аял качан беш убак намаз окуса, өзүнүн уяттуу жерин сактаса жана күйөөсүнө баш ийсе, ал бейиштин каалаган эшигине кирет
Аялдар намаз окууда кемчилик кетиришет. Окушпайт, же таштап кайрадан окуйт, же жалкоолуктун себебинен убакыт өтүп кеткенден кийин окуйт. Аялдын бейишке баруусу оңой, күнөөлөрдөн сактанып жүрсө, намаздарын таштабаса жана күйөөлөрүнө кызмат кылып, баш ийип кубантса, ошондо бейишке дарбазанын каалаганынан киришет
«Аллах Таала «мен үйлөнбөйм» деген эркектерди жана «мен турмушка чыкпайм» деген аялдарды каргыштаган».
Аллах Таала ар бир адамдын зарылчылыгын экинчиси менен байлап койгон. Бир эле аял эмес, күйөө дагы аялга муктаж. Ошол себептен үйлөнбөгөн эркектерге жана турмушка чыкпаган аялдарга Аллах каргыш айткан.
«Каза болордо күйөөсү ыраазы болсо, ал аял бейишке кирет»
Күйөөлөрү картайган, алсыз жана оорукчан болсо да аларга бир кызмат кылып коёюн дебеген, көңүлүнө дагы албаган көптөгөн аялдар бар. Алгач үйлөнгөндө аны жакшы көрүп, айтканын жасачу, эми андан баш тартат. Байкуш күйөөсү кыжаалаттыкта бул дүйнө менен коштошот. Күйөөсүнө ушундай мамиле кылган аял бейишке татыктуу эмес
«Кыяматта Аллах Таала күйөөсүнө тили менен кыйынчылык тарттырган аялдын тилин жетимиш арыш узун кылып, моюнуна оройт. Күйөөсүн жаман көз менен караган аялды башы кесик жана денеси бырчаланган абалга айлантат».
Аял күйөөсүнө колдон келишинче жарык маанай менен мамиле кылып, сүйүүсүн көрсөтүүсү керек. Тил менен дагы аны таарынтпоо керек.
«Күйөөсү менен гана махабатта болгон, ачык маанай, башка эркектен өзүнүн намысын сактаган аялга Аллах Таала ыраазы болот»
Күйөөсүн катуу сүйгөн, аны менен жакшы мамиледе болгон аял Аллах Тааланын алдында сүйкүмдүүрөөк. Күйөөсүнөн башка эркектерге кызыкпоо, алар менен эч кандай байланыш кылбоо керек. Чоочун эркектер менен тамашалашып күлүү, сүйлөшүү дурус эмес. Бул зынанын өкүмүнө кирет. Мунун баары – күнөө.
«Аллах Таала күйөөсүнө шүгүр кылбаган жана ага нааразы болмоюнча тура албаган аялга карабайт».
Кайсы бир аял күйөөсүнө шүгүр кылбай, оозунан дайыма шүгүрсүздүк сөз чыкса «мага зулум кылдың, укугумду, акымды тебелеп жатасың» деп ойлосо, күйөөсүнө адеп көрсөтпөсө, экөөнүн ортосунда байланыш жок болот. Үйдөгү нерселер кенен болуп туруп да бир тозоктун үлгүсүнө айланат. Ошондуктан, аялдар оозунан шүгүрсүздүк сөздү айтуудан этият болуулары керек. Эгер айтса Аллахтын назарына калат. Эгерде кандайдыр бир кыжаалаттык болсо, ага сабыр кылса, эртең ошол амалына бейиш берилет
«Күйөөсү аялын төшөгүнө чакырганда аялы барбай койсо, периштелер таң атканга чейин каргыш айтат».
Эгерде аялдын этек кири келген болсо же ооруп жатса, ачык маанай менен себебин айтып түшүндүрсүн. Ортодогу мамиле муздап кетпеси үчүн ушундай мамилеге көңүл коюу керек. Себеби, жубайлардын ортосундагы мамиле өтө назик
«Аялын күйөөсүнө каршы күүлөгөн киши бизден эмес».
Кээ бир адамдардын адаты күүлөө жана башкаларга каршылыкка үгүттөө болот. Ошондуктан, кээ бир аялдар кайсы бир аялды күйөөсүнө каршы тукурушат. Ал аял күйөөсүнөн жийиркенип, арыздана баштайт. Мындан улам урушуп дагы кетишет. Бул жаман нерсе. Кимдир бирөөнүн үйүн бузуп, ажыраштыруу өтө жаман нерсе. Мындан сактануу керек, бул тозоктун амалы
«Кайсы бир аял катуу зарылчылыксыз күйөөсүнөн талак сураса, ага бейиштин жыты арам».
Жубайлардын ортосунда уруш болот. Ошондо күйөөсү «кет» деп аялына айтпоосу керек. Кайсы жерде күйөөсүнө кыжаалаттык туулса, ал жерде аялдын да жашоосу бузулат. Жаш балдарына болсо түйшүктүн үстүнө түйшүк кошулат. Натыйжада аял ар жагынан кыжаалат болуп, көптөгөн башка күнөөлөргө жол ачат. Дини да, дүйнөсү дагы бузулат. Ошол себептен күнөөнүн дарбазасы ачылуу үчүн шайтан талак бердиргенге аракет кылат. Талак берип экөөнүн ажырашуусуна аракет кылып, кыйынчылык менен жашоо өткөрүүгө болгон аракетин жумшайт. Кыйынчылыкка сабыр кылуу аябай чоң сооп
«Аял күйөөсүн нааразы кылып үйүнөн чыкса, асмандагы бардык периштелер жана кайсы жерден өтсө инсан жана жинден башка ошол жердеги нерселердин баары, ал үйүнө кайтып келгенге чейин каргыш айтып турушат».
Аял күйөөсүнө кайсы бир себептен нааразы болуп калса, үйдөн сыртка чыгып кетүүнүн ордуна ачуусу тарагандан кийин кечирим суроо керек.
«Кыямат күнү аялдардан эң биринчи намаз жөнүндө суралат. Андан кийин «күйөөң менен кандай мамиледе болдуң?» деген суроо суралат».
Шариаттын парздарынан кийин аялдардан күйөөлөрү жөнүндө жана аларга кызмат кылуусу жөнүндө суралат. Бүгүнкү күндө жумушта иштеп, күйөөлөрүнүн кызматында кемчилик кетиришет. Ушундай аялдар бар, кала берсе күйөөлөрүнө тамак бышырып беришпейт. Мындай кемчилик кыямат күнү абдан өкүнүчтүү болот.
«Эң биринчи бейиштин дарбазасын мен ачамын. Бирок, бир аялдын менден биринчи кирип кетип жатканын көрдүм. Мен андан: «эмне болду, сен кимсиң?» деп сурайм. Ал: «Мен ушундай аялмын, күйөөм каза болгондон кийин жетим балдарды багып, тарбия кылганмын, алардын себебинен турмуш курбадым» деп айтат».
Бул өтө чоң суктануучу дөөлөт. Ушундай аял парздарды убагында аткарып, күнөөлөрдөн сактанып, бир бала же кызды карап, ага тарбия берүүнүн себебинен өзүнүн жаштык курагын курбанчылык кылды. Эми бейишке пайгамбардан мурун кирип бара жатат. Бул аял баласын тарбиялайм деп күйөөгө чыккан жок. Эгерде экинчи турмушка чыкканда, бул күнөөсүз баласы кайда бармак? Таенеси же чоң энесинин колунда тарбия дурус болбой калмак. Эненин койнундагыдай жыргалчылык тарбияны кайдан табат? Эгерде экинчи күйөөсүнүн алдына ошол бала барса, күйөөсү өз баласына тарбия кылгандай тарбия кылбайт. Аял күйөөсүнүн балдарына тарбия кылуу менен алек болмок. Ошол себептен турмушка чыкпагандыгы артыкчылыгы болду.
«Кайсы бир аял көрүнүү үчүн атыр себинип көчөгө чыкса, эл таасирленип аны караса, үйүнө кайтып келгенге чейин Аллахтын каарына калат».
Чоочун эркектерге көрүнүү үчүн жасанып, упа жана кремдерди, лактарды коюп үйүнөн чыккан аял Аллахтын каарына калат. Себеби, жасанып сыртка чыккан деген эмне? Ал башкалар көрсүн жана көңүл койсун дегендик.
«Мен бейишти карасам көпчүлүгү кедейлер, тозокту карасам көпчүлүгү аялдар экен».
Тозокто аялдардын көп болгонунун себеби, алардын тилдеринен этиятсыздык кылып каргыш айтуу, жемелөө, күйөөсүнө шүгүрсүздүк кылуу чыгып кетет. Урушканда «сен эмне бердиң, мен эч качан жыргалчылык заманды көргөн жокмун» деп айтат. Бул Аллахтын ачуусуна себепчи болгон, тозокко салчу сөздөр!
«Качан менин үмөтүмө он беш нерсе келсе, аларга кыйынчылыктар келе баштайт».
«Качан олжо малды өзүнүн малы деп түшүнө баштаса, аманаттын малын олжо деп түшүнсө, зекетти жүк деп билсе, күйөөсү аялына баш ийип энесинен бурулуп кетсе. Достору менен жакшы мамиледе болуп, атасына көңүл бурбаса, мечиттерде үндөр бийик боло баштаса, коомдун башчысы ылайыксыз киши болсо, кишини жамандыгынан сактануу үчүн сыйлай баштаса. Арак ичүү жалпы болсо, жибектин кийими иштеле баштаса. Ыр ырдоочулар көбөйүп кетсе. Кийинкилер мурдагыларды жамандай баштаса. Ушундай убакыт келгенде кызыл чаңды жана жердин чөгүүсүн, беттердин бузулуп кетүүсүн күткүлө».
«Бейишке татыктуу аял
1. Жетимиш олуядан абзел болот.
2. Алла Таала аны хурнайндан жетимиш эсе сулуу, татынакай кылып коёт.
3. 70 мин периште бир гана анын кийимдерин которушот.
4. Куйоосуно тамак берсе 12 жылдык нафил ибадаттын сообу берилет.
5. 70 мин периштенин жана хурнайндын ээси болот.
6. Куйоосун якуттан (жемчуг) жасалган аттын устундо кутуп турат.
7. Куйоосуно баш ийсе жаннаттын каалаган эшигинен кире алат.
8. Айттырбай массаж кылса (куйоосуно) 1кг алтынды садага кылгандын сообу берилет, айттырып кылса 1кг кумушту садага кылгандын сообу берилет.
9. Куйоосун ыраазы кылып дуйнодон отсо анын бейишке кириши ваажип (тийиштуу).
10. Боюнда бар аялдын 2 рекет намазы жонокой аялдын 80 рекет намазынан абзел.
11. Куйоосунун чарчап келгенин коруп, жакшылап тосуп алса жарым жихаддын сообу берилет.
12. Тункусун баласынын ыйлаганы себебинен уктай албаса 20 кул бошоткондун сообу берилет.
13. Куйоосун мээрим козу менен караса, Алла Таала ал аялга рахмат мээрими менен назар салат.
14. Оорулуу баласынын себебинен уктай албаса баардык куноолору кечирилет жана 12 жыл ибадат кылгандын сообу берилет.
15. Эгерде боюнда болсо туну ибадат, куну орозо тутту деп эсептелет.
16. Бала торогондо ошол аялдын амал китебине Алла Таала 70 жылдык намаздын сообун жаздырат.
17. Бала тороп жаткандагы кыйынчылыктын ордуна ошол аялдын ар бир тамыры ооруганы себептуу бир тамырынын ооруганынын ордуна Алла Таала 1 хаждын (ажылык) сообун жазат.
18. Баласын озу сут ичирсе (эмизсе) 1 жылдык намаз жана орозонун сообу берилет.
19. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) айткан"Менин уммотумдогу эн жакшы аял - кимисинин калыны аз болсо".
20. Диндеги баласы бар аялдын диндеги баласы жоктон айырмасы - 82 жылдык ибадат б.а. баласын диндар кылып тарбияласа 82 жылдык ибадаттын сообу жазылат.
21. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) айткан "Бул дуйнодо кимде 4 нерсе болсо бул дуйно жана акыреттин жакшылыгын тапты: 1) Зикр кылуучу тил; 2) Шугур кылуучу журок; 3) Кыйынчылыкты которуучу дене (сабырдуулук); 4) Куйоосун сыйлаган жана анын малын сактоочу аял".
22. Эгерде аял уйдогу ар бир ишти бисмилланы айтып баштаса уйдогу бардык нерселер ал учун дуба жана истигфар кылышат. Ошондой эле ичип-жеген нерселеринде береке болот.
Эгерде аялда динге кызыгуу, сооп иштерге кызыгуу пайда болсо келечектеги балдарына да таасир этет. Аял киши жакшы журсо балдары да туз журот. Анткени, тарбия беруудо коп убакыт энеге тийиштуу
Аялдын уну да аврат. Эгерде Алладан башкага сажда кылына турган болгондо уруксат болсо, анда аялы куйоосуно сажда кылмак.

Жондоолор
#768 03 Июнь 2017 - 00:31
#769 03 Июнь 2017 - 00:33
#770 03 Июнь 2017 - 00:41
#775 11 Июль 2017 - 17:11
BROKEN ANGEL