Салам достор. Жашоодо таң калтырган күндөр да болот экен... Же бул тагдырдын мага берген жазасыбы??? Айтор мен азыр эмне болуп кеткенин түшүнө албай турам. Анда эмесе менин сөзүм мындайча. Окуумду бүтүп, борбобдон өзүбүздүн шаарга келип жумушка орноштум, жаны жумуш, жаны жашоо дегендей... Алдыма койгон максатым чоң, ата - энемдин "кыз турмушка чыгыш керек" деген сөздөрүнө макул болбой, журо бердим. Көп эле бала суйусун арнап, артымдан чуркаса да бир эле жери жакпай калса дароо бетине айтып жок деп салчумун, ал тургай көз жашын төгүп сүйөм десе да басып кетчүмүн, "жүрөгүң муз экен" деп көп бала айтчу. Өзүмчө өз дүйнөмдө жүргөндү жактыраар элем. Ошентип журуп жаңы жумушка кирдим, жашоомду да жаңыдан багыттан баштоону чечтим. Телефон номеримди да өзгөртүп, интернет баракчаларымдын көбүн өчурдүм да бир экөөсүн калтырып койдум, азыр ойлоном ошондо баарын эле өчүрүп салсам болмок экен эле деп. Жумушка киргенимден бир жума өтпөй бир бала менен таанышып калдым, ооба мен досторумду шылдыңдап интернеттенби деп күлчүмүн. Билбейм экөөбүз бат эле тил табышып суйлошуп кеттик, ал тургай ал рекорд койуп 2 кундо телефон номеримди алды. Бир жума суйлошуп жолугууга макул болдум. Ошентип жолууга бардым, узун бойлуу, арык-чырай жигит күтүп алды, тааныштык жакшылап, жадакалса коздору да мен ойлогондой,
мүнөзүнөн аябай чечкиндүү анан да күчтүү экен. Башында эле ачык суйлошуп, апасы 5ке чыкканда таштап, атасы өзү чоңойтконун айтты. эмнегедир мен ошол кезде көзүмө жаш толуп жанымда турган баланы 5 жашар элестетип аяй кеттим, өз баласын таштап кеткен эне болобу деп таң калдым. Биз ошентип жолуга баштадык мурунку муз журөгүмду ал бир эле карашы менен ээритип койчу, бул дүйнөнүн кооздугу биз үчүн жаралгандай,
ар-бир ырда биз үчүн жаралгандай туйулду. Айтор менин журогумдогу бала экен деп мен ага көнө баштадым, чыдамсыздык менен жолугушууга барабыз, анын бир эле жытын сагынып. Бир ай суйлошуп журдук ал мага болгон суйусун арнап ачык эле айтат анан менден да ошону талап кылат а мен болсо жүрөгүм ошол деп согуп жатса да сыр бербегенге аракет кылчумун. Бирок ал уй-булө куруу жөнүндө такыр сөз кылчу эмес, а мен болсо аз эле суйлошподукбу деп өзүмдү алдайм. Күндөрдүн биринде ал мага болгон сүйүүсүн айтып "өзүңдү мага арнап бер" деп суранды. Бул мен үчүн өтө өөн учурады, ордумдан так секирип мага такыр жолобосун айтып кетип калдым, бирок ал калган жок. "сен эмне десен да мен ээрчип жүрө берем" деп чалып жолугуп туруп алды. А мен жолукпай койо албадым, сагынычым ушунчалык катуу болчу. Бирок ага үмүт бергим келбеди, ачыгын айттым баары тойдон кийин болот депя. ал ага макул болгондой болду. Анан бир куну жөн эле текшерүүнү чечтим да, мен борборго которулуп жатам, ойлоп көрсөм мага ошол эле жакшы экен дедим, ал ойлонуп туруп "макул сага кайсыл жерде жакшы болсо мен ошого макулмун, барабер деди". Ошондогу сезимдерим айтып буткүс эле, демек мен бул адамдын планында жок экенмин деп чечтим. Андан кол үзүүнү ойлоп такыр жооб бербей койдум, бирок баарыбир ал келип "мен эмне кылышымды да билбей турам, унутайын дейм унута албайм, жүрөккө ээ эмес экенбиз" деп айтып жатты. А мен түшүнбөй жаттым ошентип ал чындыкты айтты "менин жубайым, уулум бар" деп. Алгач тамашалап жататго деп ишенбедим карасам айтып эле жатат. Дароо интернет баракчаман анын досунун номерин алып чалдым, ал болсо каамырабай туруп "ооба, айтпады беле бир уулу бар" деп жооб берди, алар азыр каякта деген суроомо "ал жаңы төрөгөн, апасыныкында 40 күн жүрүш керек экенго" дегенде колум калтырап, денемди муздак калтырак басып, оозума эчтемке келбей калды. Эмне болуп кеткенин тушунбой, кыйла отурдум, анан ыйлап болгон ызамды ыйдан чыгаргым келди. тагдырга таарынып эмнеге биринчи жолу махабака жолуксам ушундай кылдың деп ыйлап жаттым, 2 күн аябай кыйналдым, демек мен уйлонгон бала менен кол кармашып басып жүрүпмүн да деп өзүмдү жек көрүп кетем, андан да анын аялына боорум ооруду, байкуш араң төрөп жатса, бул бул жакта мени менен жүрүптүр деп, кыскасы ойлор, сөздөр түгөнбөй койду. Азыр аны такыр көргүм жок, өзүмдү күнөөлөйм ушуну байкабадыңбы деп. Азыр эч им менен сүйлошкум жок, көңүлүм калды...........
...........
- (2 )
-
- 1
- 2
Көңүлүмдөн орун алган элең...
#2 16 July 2014 - 18:43
. Ммм " ал рекорд койду , 2 кундо тел номеримди алды " дегин. Ырас мактанган менен акыры оюндагыдай болбоптур.
Бул деген сен ошол маалдагы ыйлаткан жигитердин " коз жашынан " куралган сокку деп бил,эгер,тушунсон.
. Анан да эн негизгиси озунду озун "сактап" калыпсын го,ошого шугур кыл.
Бул кундор да отот. Алдыда жакшы кундор бар. Ылайым эле оз тенин менен бактылуу болуп,мээримдуу эне болушуна тилектешмин. Сага ийгилик!
Бул деген сен ошол маалдагы ыйлаткан жигитердин " коз жашынан " куралган сокку деп бил,эгер,тушунсон.
. Анан да эн негизгиси озунду озун "сактап" калыпсын го,ошого шугур кыл.
Бул кундор да отот. Алдыда жакшы кундор бар. Ылайым эле оз тенин менен бактылуу болуп,мээримдуу эне болушуна тилектешмин. Сага ийгилик!
#3 16 July 2014 - 19:01
Женил ойлуулукка алдырбай кыздык намысынды сактап калыпсын. Мына ушул сенин эн чон женишин.
Баары артта калыптыр, отконду эстеп окунбо.Келечекке карай умтул, бактылуу кундор али алдыда.
Баары артта калыптыр, отконду эстеп окунбо.Келечекке карай умтул, бактылуу кундор али алдыда.
#4 16 July 2014 - 19:46
Алдыда жашоонун баары.Уй-булоосун жашырып жаш кызды алдаган эркектен жакшы ата чыкпайт.Сен сулуулука кызыкпа.
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#5 16 July 2014 - 19:54
Эмне андан башка эркек жок бекен анчалык кайгыргандай?
Бироону ыйлатса кандай болоорун тушунупсуз,
эми кайгырбаныз,
буйруса баары сонун болот.
#6 16 July 2014 - 19:55
#7 16 July 2014 - 21:25
Эн башкысы Намысынды сактап калыпсын, калганы убактын оттушу менен ордуна келет, Башка кыздарга да айтарым Намысынарга шек келтиргенге аракет жасаган, ким болбосун силерге татыктуу эмес бул анык.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#8 16 July 2014 - 21:45
Аялы, жаңы төрөлгөн баласы турса башка менен чер жазышкан (в смысле: сүйлөшкөн) эркектичи
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#9 16 July 2014 - 21:47
Ал балдар жакпаса жок дейт да. Кыздарды балдар менен журбогуло дейсинер. Мына эч ким менен журбоптур. Автор капа болбон бул кундорда отуп кетет. Жигитердин коз жашынан деп ойунуз га албан. Ал жигиттер сизден болок коп кыздын алдында ыйлашкан. Эч кандай эч кимдин алдында куноонуз жок. Сиз 2буз окшош экенбиз мен да эч ким менен жургон эмесмин омурумду бир гана адамга арнайм деген учун. Ошол адам алдаганы сиз учун ото оор болуп жатканын билип жатам. Хоть жинди болуп кетейн деп жатсаныз да ал кундор башыныздан отуу. Унутун андай акмак адамды ( келинчеги тороп куйоосунун колдосуна муктаж болуп журсо бул э*** кыздардын башын айландырып журот) унутун, ал сиздин бир тамчы коз жашынызга арзыбайт.
Умей говорить в глаза, a не за спинoй.
#10 16 July 2014 - 21:57
Ммм чын эле биринчи жолу махабатка кезигип андан ушундай жооп алсан, козундон жаш эмес кан агайын дейт. Билбейм ай кандай эркек бул??? бул ойлогонго аялы торкунунон келгиче сизди эрмектеп турайын деп, тилегине каршы сиз аппак таза кыз болдунуз. Бироонун жашоосу менен башка адамдын иши деле жок туура, сизди кийин эмне болот, кантип жашайт, кантип бакыт курат деп ойлобогон. Суйунузго мейли, убакыт отуп очот, намысынызга тийгиси келгенге жол болсун, урод! Сиз коп кайгырбан эн негизгиси ишениш керек, сизди чындап суйгон, ар дайым сизди ойлогон, сиз учун кайгырган адам жолугуп аны менен бактылуу болушунузга.
Тескеринче сиз андай адам жок, баары жалганчы, жаман деген сайын ошондойлор жолуга берет. Оюнузду озгортун, баары бирдей эмес, андан конул калса, башкасыдан калбасын.
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#11 16 July 2014 - 22:04
Колдонгусу эле келген экен, эч кандай сүйүүсү жок эле. Чын сүйгөн адам эч качан өзүңдү арна дебейт.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#12 16 July 2014 - 22:49
Бул бала озунун айалы бар туруп алдаганына тан бердим. Анан сизге кызыкканычы,
намысынызды бузуп эмне пайда табат, бул эмнени пландаган тушунбодум.
Автор кайгырбаныз,
чечкиндуу болунуз, озунуздун конолунузду озунуз которгонго аракет кылыныз. Андыктан бул жашоодо жолунузду таап кетууго ишенем.
Бул окуяны унуттум деп. Жашоого жаны коз караш м.н карап алга сурунуз.
Бул окуяны унуттум деп. Жашоого жаны коз караш м.н карап алга сурунуз.
#13 16 July 2014 - 23:59
Эми теманын аталышына басым жасагым келди. 
"Көңүлүмдөн орун алган элең…"…………
Жүрөгүңүздөн орун алса такыр башкача болмок экен (балким көптөгөн шашылыш нерселер болуп кетмек, Кудай сактасын)…
Жүрөгүңүздөн орун алаар башкасы деп билиңиз. Жашоо ушуну менен бүтпөйт. Бүгүн бирөө көңүлүңүздү калтырса, эртең башкасы гүл себет. Жашаңыз! Бактылуу болуңуз!
"Көңүлүмдөн орун алган элең…"…………
Жүрөгүңүздөн орун алса такыр башкача болмок экен (балким көптөгөн шашылыш нерселер болуп кетмек, Кудай сактасын)…
Жүрөгүңүздөн орун алаар башкасы деп билиңиз. Жашоо ушуну менен бүтпөйт. Бүгүн бирөө көңүлүңүздү калтырса, эртең башкасы гүл себет. Жашаңыз! Бактылуу болуңуз!
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#14 17 July 2014 - 00:11
Жашоонузга " жылт" этип кирип келип, умут шамын жандырып, жан дуйнонузду жаркыратып жылдыздарга толтуруп, бирок баарына суу сепкени жаман болуптур. Бирок, негизгиси намысынызды сактап калганыныз сиздин утугунуз. Кайгырбаныз,
ал сиздин тамчы жашынызга арзыбайт. Бир кун албетте бактыныз "жарк" этип кирип келет.
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
#15 17 July 2014 - 00:26
#16 17 July 2014 - 04:53
Aвтор чын эле окунучтуу экен тандап,тандап тазга жолугат экен,кайтар дунуйо дейт муну Бактынызды издебен ал бакыт озу издеп табат сизди баарынанда абийринизди сактап озунузго бек болуп туура жол туткансыз,мындан ары буйруса баары жакшы болот.Бугун кыйналып аткан болсонуз кудайым бактынызды ачып койгон болсо бул кунунуз унутулуп жокко эсе болотго насип этсин Сизде да аке ини барда аларда кээ бир сиз ыйлаткан балдардын абалына тушуусун каалабасаныз андай кылбаш керек.
#17 17 July 2014 - 08:35
Рахмат достор! Менин абалымды туура түшүнгөнүздөр үчүн терең ыраазычылык билдирем. Чындыгында айткым келди, анан ушул жака жазууну чечтим. Мага көптөгөн кеңештерди бергениңиздерге рахмат. Буйурса унута албасам да, эстебегенге аракет кылам. Анан да ата-энем мени бул максат менен чоңойткон эмес, бул мен үчүн чоң тажрыйба болуп калат. Албетте менин да байке, инилерим бар алар таптакыр башкача, ошондуктан эми жашоого болгон көз карашымды өзгөртөм. Мени сиздер айткандай убакыт даарылай алат... РАХМАТ БААРЫҢЫЗДАРГА!
!!
Жашоо уйкуну сүйгөндөр үчүн эмес!
#19 17 July 2014 - 09:36
Buirusa unutasyn,al senin bir tamchy koz jawyna arzybait.Forumchular aitmakchy,negizgisi namysyndy saktap kalypsyn.Myndailardyn maksaty,eptep basa kalyw.Kelechekte buirusa senin,baktyluu ene, suiuktuu jar boluwuna tilektewmin!!
!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео


















