- (4 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Наристенизди кантип уктатасыз? Жомок жана бешик ыры.....
#1 19 Июль 2014 - 19:16
#2 19 Июль 2014 - 19:26
Баланын физикалык онугушуу учун тамак аш канчалык зарыл болсо,ички дуйносунун онугушу учун бешик ыры да дал ошондой зарыл.Ооба,ымыркай создордун маанисин тушунбойт,анткен менен ал апасынын унун,бешик ырынын ыргагын,эненин мээримдуу колун эн жакшы ажыратат.Ушулардын эсебинен бала тынч жана катуу уктайт,ал эми мындай уйку баланын ден соолугун бекемдейт,туура онугушуно жардам берет.
Изилдоолор корсоткондой, эмчек эмизген эне ымыркайына такай бешик ырын ырдап берсе,анын суту да кобойот.Ал эми торолоор маалы жакындап калган ичиндеги баласына бешик ырын ырдап берген кош бойлуу аялдын тороту женил болот экен.Туйулдук эненин унун,ал такай ырдаган ырды жаттап калат,жарыкка чыккан сон дал ошол ыр баланы тынчтандыруунун негизги куралына айланат.Анткени, жарыкка келген сон бала ар кандай чоочун ундордон коркот,бирок ал баягы озуно тааныш ун ырдаган музыканы угаары менен коркуу сезими жоголуп,тып басылат.
Бешик ырынын ролу ушуну менен эле бутуп калбайт.Ал баланын соз байлыгын остурот жана бир нерсени бат кабыл алууга кондурот.Эгер бала мектепке барганга чейин бешик ырын угуп чонойсо,мектепке барганда да мугалимдин созун озуно бат кабыл алып,ырларды оной жаттайт.
#3 19 Июль 2014 - 19:32
Уктаарында балага жомок айтып беруу-баланын уктатуунун гана жолу эмес.Жомок-баланын акыл-эсинин онугуусуно, соз байлыгынын осушуно зор таасирин тийгизет.Психологдордун ою боюнча,балага жомок аркылуу эмне жакшы,эмне жаман экенин тушундуруу оной.Бала озун жомоктогу он каарманга салыштырат жана ал ак конул,боорукер, кучтуу болуп калыптанат. Жомоктордун акырында карозгой терс каармандар созсуз жазасын алышат.Мындай мазмун аркылуу баланын оюнда "демек,жаза албаш учун эч качан эч кимге жамандык кылбаш керек экен" деген тушунук калыптанат.
Уктатаарда балага жонокой,кыска, тынч,аягы жакшылык менен буткон жомокторду айтып беруу зарыл.Баланын тундо коргон тушу ушул жомокко байланыштуу болот.
#4 19 Июль 2014 - 19:36
Анан эң оңой жана ыңгайлуусу бул баланы бешике бөлөө. Бешикте тынч жана узакка уктайт бала. Ойгонуп да кетпейт терметип койсо уктай берет.
А 2-3 жаштагы бөбөктөрдү уктатуу оңой болбосо керек, мындай куракта балдар оюнга тойбой кечке ойной беришет уйкуну унутушуп. Менин эжемин кызы качан чарчаганда гана уктайт болчу, түнкү саат 4 5 ке чейин мультик көрүп патырап оюнчуктарды шагыратып ойноп отурат эле адамды уктатпай.
#5 19 Июль 2014 - 19:39
#6 19 Июль 2014 - 20:34

А улуу кыздарыма болсо жомок айтып берем, бирок бироону айтып берсен дагы бирди, дагы бирди деп тажатып жиберишет. Китептерин жыйып келгем, кыргызстандан, супер инфонун балакай болумундогу бут жомокторду айтып бутком, калбай калды, оюмдан чыгарып айтып берип жатып оюмдада эч нерсе калбады.)) Уйго келгендерди жомок айтып берчи деп кыйнашат, эми айтып баштаганда, "Ааа, биз муну билебиз!" - деп жомоктун аягына чыгарып салышат экоо жарыша айтып жатып. Акыры тажап, интернеттен аудио жомокторду телефонго батышынча жуктоп салгам, ошону уккула, эми айтпайм деп. Бирок, адабий тилде айтылгандыктан жакшы тушунушпой, эмне деди деп сурай беришет. Ошондуктан жонокой создор менен озун айтып бергенге жетпейт экен.
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 19 Июль 2014 - 20:55
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#7 19 Июль 2014 - 21:30
#8 22 Июль 2014 - 20:52
Ак бешике жат бопом.....

Дагы ушинтип ширин создорумдон жай ыргакта ырдаап уктатып койчулем козумду. Азыр апасы менен атасы келгендеги кезди элестеткен жомокту жадабай угат экен. Жомок китеби бар суроттору менен. Окуп бербе айтып бер дейт экен.

#9 23 Июль 2014 - 01:12
Ак бешикке жат бөбөк,
Кунан койду сой бөбөк,
Куйругуна той бөбөк.
Алдей алдей бөбөгүм,
Алдей бөпөм ыйлаба,
Менин жаным кыйнаба,
Атаң тойго кетиптир,
Аккисте толгон эт келет.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Энең тойго кетиптир,
Эмчеги толгон сүт келет,
Алдей бөбөк ыйлаба
Эжекеңди кыйнаба.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Кырма табак кырдырба,
Кыруусу менен куйдурба,
Куруу кыйнап эжеңди,
Кокуйлатып кыйнаба.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Жапкан нандын ортосу,
Жүрөгүмдүн толтосу,
Алдей, алдей бөбөгүм,
Садагасы кетейин,
Сарысына жетейин,
Ат тээп ийгенсип,
Томолонуп кетейин.
Билдирүүнү түзөткөн: azamat1992kg: 23 Июль 2014 - 01:17
#10 23 Июль 2014 - 10:09
Бешик ырын ырдап жургонго баарыбызды жеткирсин... .
#12 23 Июль 2014 - 13:02
#13 23 Июль 2014 - 13:07
#14 23 Июль 2014 - 13:07
azamat1992kg (23 Июль 2014 - 00:12) жазган:
Ак бешикке жат бөбөк,
Кунан койду сой бөбөк,
Куйругуна той бөбөк.
Алдей алдей бөбөгүм,
Алдей бөпөм ыйлаба,
Менин жаным кыйнаба,
Атаң тойго кетиптир,
Аккисте толгон эт келет.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Энең тойго кетиптир,
Эмчеги толгон сүт келет,
Алдей бөбөк ыйлаба
Эжекеңди кыйнаба.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Кырма табак кырдырба,
Кыруусу менен куйдурба,
Куруу кыйнап эжеңди,
Кокуйлатып кыйнаба.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Жапкан нандын ортосу,
Жүрөгүмдүн толтосу,
Алдей, алдей бөбөгүм,
Садагасы кетейин,
Сарысына жетейин,
Ат тээп ийгенсип,
Томолонуп кетейин.
Нарындыктардын бешик ыры окшойт э? Эт эле дейт го
#15 23 Июль 2014 - 13:23
Aikoo2014 (23 Июль 2014 - 12:02) жазган:
Баланы мыжыктап да уктатабы экен?
Тема боюнча жаза кетсем: бизде-ошон учун чыгаан инсандар чыкпайт да, кайнжуртума кызмат кылышым керек, мындай-андай кылышым керек деп оз баласына да жакшы конул бурушпайт. Келиндер боюнда болсо журо беришет пока бир витамин жетишпей жыгылып калгыча, же бир жери ооругуча. Боюнда бар мезгилде бала иод коп талап кылат, аны бизде каякта ичишсин. Ошон учун да балдардын бою кичине болуп калат. Анан кантип бизден кыйын адамдар чыксын?
Европеецтерди, Япондорду алып корсок, боюнда болгондон баштап эле оздорун ушундай жакшы карашат, витаминдуу момо-жемиштерди жеп, убагы менен врачтарга каттап, жада калса боюнда бер мезгилде жомок айтып беришет, классика коп угушат, парктарда сейилдешет. Ошондуктан алардан окумуштуулар коп чыгат.
Кызматты кылыш керек, балага конул бурганды да унутпаш керек.
Билдирүүнү түзөткөн: Aygul: 23 Июль 2014 - 13:26
#16 23 Июль 2014 - 13:42
Өзүм баламы уктатып жатканда үнүмдү акырын чыгарып алдей айтам . Тез эле уктап калат .
#17 23 Июль 2014 - 14:22
Ооба балага деле убакыт болунот,убакыт тапсак болот. Кээ бир келиндер барго кечке эле балдары менен алек болот. Уйуно кире элек дарбазадан баш бакканда эле баары жогу сасып. Баардык жогу жыюусуз,бир аз олтуруп калсан чайы деле кайнабайт.Балам антип балам мынтип деп баласыны ыйлап жыйнай албай калып деп калышатго. Эми менин айтайын дегеним кечке бала менен алек боло бербей бир аз тазалыктыда караш керек. Энесин коруп кызын ал деген бар.
#18 23 Июль 2014 - 14:30
Бирок ширинтайым жомок угар мезгилде мен жомок айта албадым тириликтин айынан мынтип журбойбузбу. Ошентседа менин ширинтайым зирек,эсине бат сактап калат.
#19 23 Июль 2014 - 14:51
#20 28 Июль 2014 - 07:39
Кеч киргенде иш буткондо эне бала эркелешип ээн уйдо жыргаганым эсимде...
Канчалык азапта жашасан да,оор туйшукто иш кылсан да,балан сага талпынып,сагынып турганын коргондо сенден откон бактылуу эне барбы...
Бешигин терметип,аллей айтып сендеги чарчоондуу жоготосун.
- (4 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »