Кадыр түн кайдан чыккан? Эмнени түшүндүрөт?
“Кадр” сүрөсүнүн 3-аятында “Кадыр түнү миң айдан артык” делинет. Бул деген эмне сөз? Куран, Аллахтын сөзү – кыска, бирок нуска жашоо көрсөтмөсү.
Бир аяттан бир канча маани чыгат. Жана аны Ибн Касир, Ибн аль-Коййим, Куртуби, Табари, Табарани, АбдуРахман Саади деген сыяктуу ислам аалымдары куранты чечмелешин (тафсирлешип) ар бир аятка түшүндүрмө жазышкан. Албетте, алар өз ойлорунан жазышкан эмес. Пайгамбарыбыздын хадистери менен, тарых менен чечмелешкен.
Мына ушул 3-аяттын чечмелениши төмөндөгүчө экен.
Адамзат жаратылганда биздей болуп аз жашачу эмес экен. Алар миң-миң жылдап өмүр сүрүшчү экен. Мисалы, Адам алейхи салам 960 жыл жашаса, Нух алейхи салам 950 жыл элди ыйманга чакырган (канча жашаганы белгисиз), ал эми Ибрахим алейхи саламдын атасы 360 жыл жашаган. Мына ушинтип доор алмашып, заман өткөн сайын адам баласынын жаш курагы кыскарып кете берген. Албетте, мунун баары Аллахтын эрки жана каалоосу менен. Биздин пайгамбар Мухаммад саллаллаху алейхи уа салламдын коому орто эсеп менен 63 жаш жашайт. Дал ушул курагында пайгамбар Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллам каза болгон. Орто эсеп менен. Мындан аз болушу мүмкүн, көп болушу мүмкүн, бирок 200 жыл эч ким жашай албайт. Анткени, бул Аллах Тааланын мыйзамченеми.
Пайгамбар Мухаммад саллаллаху алейхи уа салламдын доорунда адамдар ага келишип: “Эй, Аллахтын элчиси, мурунку доорлордо адамдар узак жашашчу экен. Биз аз жашайбыз. Жана жакшы иштерди, ибадаттарды аз кылып калабыз. Аларга караганда биздин сообубуз ал болуп калат. Аллахтан сурагының, биздин жашыбызды узартсын”, - дешкенде, пайгамбар Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллам дуа кылган экен. Ошондо дал ушул аят түшкөн. 1000 ай жылга айлантканда болжол менен 83 жыл 4 ай болот. Демек, Кадыр түнү кылган ибадатыбыздын,
жакшы ишибиздин акыбети 83 жыл кылгандай болт. Аллахка мактоолор болсун, бизге ушундай неаматты берип койгону үчүн. Айталы, бир адам Кадыр түнү Аллахка дуа кылып жалбарып ибадат кылып, намаз окуп өткөздү. Ушул адам бир түн эмес 83 жыл 4 ай дуа кылып, намаз окугандай сооп алат!
Кадыр Түн деген сөз арабдардын “Qadar” “Taqdir” деген сөздөрүнөн алынган. “Qadar” деген сөздөн “сыйлуу”, “урматтуу” деген маани чыкса, “Taqdir” деген сөздөн бул түнү инсандын тагдыры жазылат деген маани чыгат. Бул жерде тагдыр бир жылдык тагдырды түшүндүрүрөт,
башкача айтканда, ушул түнү адамдын бир жылдык тагдыры жазылат. Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уа саллам мындай деген: “Тагдырды дуа гана өзгөртө алат”. Аалымдар бул задисти чечмелешкенде “ушул түнү, Кадыр түнү кылынган дуа ошол дуа кылган адамдын тагдырып кылган дуасына карата ошол жылы өзгөрүлөт” дешкен.
Кадыр түндүн пайдалары жана Кадыр түндү тосуучуларга насааттар
#21 01 Сентябрь 2010 - 16:33
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#22 01 Сентябрь 2010 - 18:14
“Биз аны (Куранды) Ыйык (Кадыр) түнүндө түшүрдүк. Жана Биз (аны менен элдерди) эскертүүчүбүз.
Ал түндө ар бир өкүм кылынган иштер белгиленет”
[44-сүрө, 2-5-аяттар]
Къатада айткан: “Ушул Түнү кийинки жылдын тагдыры аныкталат (алдын-ала)” “Тафсир ат-Табари” 25/65
Ибн Аббас айткан: “Аллах ушул Түнү Өзүндө болгон Тагдырды бүтүн бойдон ылдыйкы асмандагы “Улуктуктун үйү” деген жерге түшүргөн. Андан кийин Жебрейил периште аркылуу өзүнүн элчисине 23 жыл бою ар кайсы шартка жараша аяттарды бөлүп-бөлүп жиберип турган” “Табаринин тафсири” 2/144, “аль-Мустадрак” аль-Хаким 2/530 жана “Ибн Касирдин тафсири” 4/685.
Анас ибн Малик айткан: “ Пайгамбар саллаллаху алейхи уа саллам айтты: “Силерге ушул ай (рамазан) келди. Бул айда миң түндөн артык түн бар. Ким ушул түндөн айрылса, ал анын жакшылыгынан да кошо айрылат”” Ибн Маджа 1/289
Кадыр түн өзүнүн бул атын Аллахтын алдында болгон орду – башка күндөрдөн жана түндөрдөн болгон артыкчылыгы аркылуу алган. Ал артыкчылыгы – ушул түнү адамдардын жашоо мөөнөтү жана ырыскысы жазылат. Жана ошондой эле ушул жылы эмне болот, алдын-ала Аллах Тааланын чексиз Билими менен жазылат.
Пайгамбар саллаллаху алейхи уа саллам айтты: “Кадыр Түнү жерде периштелер майда таштардын санынан дагы көп болот”.
Хафиз Ибн Раджаб айткан: “Эй, эч нерсе көрбөгөн инсан (жакшылык көрбөгөн). Кадыр Түндү тек өткөрбө. Анткени дал ушул Түн бир бүтүн өмүргө тете”.
Пайгамбар саллаллаху алейхи уа саллам айтты: “Ким Кадыр Түндү Аллах Тааланын сыйлыгына болгон ыйманы жана үмүтү менен ибадатта өткөзсө, анын мурдагы майда күнөөлөрү кечирилет”.
Аиша радиаллаху анха Пайгамбар саллаллаху алейхи уа салламдан сурады: “Эй, Аллахтын элчиси, эгер мен Кадыр Түндүн болоорун билсем эмне кылышым керек?” Аллахтын элчиси жооп берди: “Төмөнкү дуаны айткын: “Аллахумма иннака ‘афуун, тухиббуль-‘афуа фа‘фу‘анни” “О, Аллах, Сен – Кечиримдүүсүң, Айкөлсүң! Сен кечиргенди жакшы көрөсүң. Мени кечиргин! ” ” ат-Тирмизи, Ибн Маджах, аль-Хаким. «Сахих аль-джами’» 4423.

#23 01 Сентябрь 2010 - 18:16
Убактысы
Кадыр Түндүн анык датасы тууралуу аалымдар ортосунда талаштар бар. Бирок, алардын баардыгы Кадыр Түндүн рамазан айынын акыркы он түнүндө экенинде бирдей ойду айтышат. Аллахтын элчиси саллаллаху алейхи уа саллам айтты: “Кадыр Түндү рамазан айынын акыркы он түнүндө күтө бергиле” аль-Бухари 2017, Муслим 1169.
Имам Абу Иса ат-Тирмзи айткан: “Пайгамбардан саллаллаху алейхи уа саллам Кадыр Түн рамазандын 21-, 23-, 25-, 27-, жана акыркы түнүнө туура келгендиги кабарланган” . Ошондуктан аль-Музани жана Ибн Хузейма келген хадистерден Кадыр Түн ар бир жылы башка башка түндөргө дал келээрин айтышкан.
Ошондой эле сөздү хафиз Ибн Хаджар айткан: “..Кадыр Түн рамазан айынын акыркы 10 түнүнүн бирине дал келет. Анан да ал ар жыл ар кайсы түнгө дал келет” “Фатхуль- Бари” 4/326.
Аалымдар Кадыр Түндүн анык датасынын белгисиз болушунда даанышмандык бар. Ал – мусулмандар бир эле түнгө байланып калбастан, жок дегенде рамазан айынын акыркы он түнүндө чын дилден ибадат кылуусу. Ошондуктан пайгамбар саллаллаху алейхи уа саллам Аиша радиаллаху анха айткан хадисте келгендей “...түндү ибадатта өткөзүп, үй-бүлөсүн ойготуп сыйынууда ынтаа койгон” аль-Бухари 2024, Муслим 1174.

#24 01 Сентябрь 2010 - 18:17
Белгилери
‘Убады ибн Самит пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уа салламдан Кадыр Түндүн белгилери тууралу төмөндөгүдөй хадисти келтирет: “Кадыр Түндүн белгилеринен болуп төмөндөгүлөр эсептелинет:
Ахмад 5/324, “Ибн Касирдин тафсири” 4/255.

- Түн ачык болот. Өтө караңгы эмес. Ак түн болот. Ай жаркырап турат;
- Тынч, суук эмес, ысык эмес;
- Таң аткыча бул түнү жылдыздар (кометалар) учканга уруксат берилбейт (Аллах Тааладан, бардык нерсе Аллахтын эрки жана каалоосу менен болоору – бул мусулмандын ыйманынын бир устуну); Күн чыкканда ай толгон убактагыдай нурсуз чыгат, анткени, бул түнү периштелер жерге түшүп, таң атаарда кайра асманга көтөрүлүшөт. Алардын көптүгүнөн күндүн нуру көрүнбөйт;”
Ахмад 5/324, “Ибн Касирдин тафсири” 4/255.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#25 01 Сентябрь 2010 - 23:14
Assalamu Aleikum tuugandar!
Tallas myrza informasialarynyzga teren yraazychylyk!
bilbegen kop nerselerim ar eken bilip aldym.
otkon jaly andan murunku jyldary tura emes kylgan turbaimynby!
Murdaagy jyly tuugandarym menen chogulup alyp, tunu menen jyrgap kino korup ,bijlep ,tamak jep
tan atkanda kudaidan ar nerse tilenip otkorgon elek!
byltyr bolso Germaniada bolgonuma bailanyshtuu kurbum ekoobuz dastorkon jazyp Islam tuuraluu ar nerselerdi okup,
videolordukorup birok namaz okubai ele otkorgon elek.
Emi ushul jolkusunda kudai buirusa tuura otkoruugo arakettenem!
Sizderge bir suroom bar: kyz kishige mechitten kadyr tun otkoruugo bolobu?

@-}}--
#26 02 Сентябрь 2010 - 11:13
АЛЛАХЫМ буюрса, кадыр тун тосконго аракет кылам!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#28 02 Сентябрь 2010 - 11:39
Мен да Кадыр түндүн келишин чыдамсыздык менен күтүп жатам. Кудайым насип этсе, Кадыр түн тосом деген ниетим бар.
Бардык орозо кармаган мусулмандардын орозосу кабыл болсун!! !

#29 02 Сентябрь 2010 - 18:57
Орозонуздар кабыл болсун!
Былтыр Кадыр тундо байкем мени борбордук мечетке алып барайын, аялдар да келишет, эн жакшы, маанилуу кенештерди уга аласын деген болчу. Шарт туура келбей баралбай калгам.
Ким барып корду эле?

Эн мыкты сот-абийирибиз!
(Н.И.Гнедич)
#30 02 Сентябрь 2010 - 21:12
Орозонуздар кабыл болсун!
Былтыр Кадыр тундо байкем мени борбордук мечетке алып барайын, аялдар да келишет, эн жакшы, маанилуу кенештерди уга аласын деген болчу. Шарт туура келбей баралбай калгам.
Ким барып корду эле?
Былтыр Кадыр тундо байкем мени борбордук мечетке алып барайын, аялдар да келишет, эн жакшы, маанилуу кенештерди уга аласын деген болчу. Шарт туура келбей баралбай калгам.
Ким барып корду эле?
aa anda ajaldar dele mechitten kadyr tun tozso bolot eken da
@-}}--
#31 02 Сентябрь 2010 - 23:57
1. Otkon jaly andan murunku jyldary tura emes kylgan turbaimynby!
Murdaagy jyly tuugandarym menen chogulup alyp, tunu menen jyrgap kino korup ,bijlep ,tamak jep tan atkanda kudaidan ar nerse tilenip otkorgon elek!
byltyr bolso Germaniada bolgonuma bailanyshtuu kurbum ekoobuz dastorkon jazyp Islam tuuraluu ar nerselerdi okup, videolordukorup birok namaz okubai ele otkorgon elek.
Emi ushul jolkusunda kudai buirusa tuura otkoruugo arakettenem!
2. Sizderge bir suroom bar: kyz kishige mechitten kadyr tun otkoruugo bolobu?

1. Эч нерсе эмес. Кыргызча айтканда "көч бара-бара түзөлөт". Шарият өңүтүнө сала келсек, Аллах Таала унутуп калгандарды жана билбегендерге күнөөлөбөйт, бул, албетте менин билишимче. Дагы башкалардан сураштырып көрүңүз.
"Аллах эч бир жанды алы-кудурети жетпеген нерсеге буюрбайт (ар кимдин) пайдасы да өз иши(нен), зыяны да өз иши(нен)ю Оо, биздин Рабби! Эгер унутсак же ката кетирсек, жазалаба! " [Бакара сүрөсү, 286-аят]
2. Менин оюм (бул шарият өкүмү эмес(!)): Эгер кайсыл жактын пайдасы көбүрөөк болсо, ошол жактан тосконуңуз оң го. Мисалы, исламда ибадат кылганга караганда илим алуу (Аллахтын жалгыздыгын таануу илими) өйдөрөөк турат. Неге дегенде билбей кылгандан көрө билип кылган артыгыраак. Ошон үчүн Курандын эң биринчи аяты окуу, илим алууга үндөгөн аяттардан. (караңыз Аль-Исро (96) сүрөсү, 1- аят). Азаловдун байкесинин айтканында чындык бар.
Ушул мааниге окшош маселелерден - аял кишинин үйдөн намаз окуганы мечиттен окуганына караганда 27 эсе артык. Ал эми эркектердики тескерисинче. Мында, албетте, даанышмандык бар. Дегении, аял кишинин мечитке барышына тыюу салынбайт, бирок, үйдө болгону, албетте, артык.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#32 03 Сентябрь 2010 - 00:03
Шартка байланыштуу орозо кармабагандар деле кадыр тун тозсо болобу???
Эмнеге болбосун?! Аллах Таала Өзүнөн бир нерсе сураган адамды четке какмак беле? Дал ушул түнү дуа кабыл болот! Ошондуктан оозуңузга батышынча сурай бериңиз. Баягы Күмөндөр айткандай пейилди кенен коюңуз. Хадисте келет: "Эгер бардык адам келип каалаган нерсесин сураса, Алардын каалоосу аткарылгандан кийин да Аллахтын байлыгы чалкыган деңизге ийнени салып кайра сууругандан кийин азайгандай дагы азайбайт" .
Ошондуктан, өлкөңүзгө, туугандарга, кошуналарга, ата-энеңизге, досторуңузга анан бизге окшогон Алланын күнөөкөр кулдарына дуа кылыңыз. Бирок, эң биринчи өзүңүзгө сураңыз. Дуа тартиби ушундай.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#33 19 Август 2011 - 16:44
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#34 26 Август 2011 - 06:11
Кадыр Түндүн келатканына байланыштуу апаптап коёюн теманы. Өзүм араң таптым.
Башынан баштап окуу
Башынан баштап окуу
Салам алайкум! Бугун тан атканча Абдушакур менен Муфтий Чубак ажы теледен суйлошот экен.андыктан уйдо тосуп телени карап отуруп уккула деген маалыматтар жетти. Ким билет ошондойбу?
Акыл дос, ачуу душман.
#35 08 Август 2012 - 01:08
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#36 08 Август 2012 - 10:40
Кадыр тун - 14 август
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#37 08 Август 2012 - 17:30
Бардык мусулмандарды бул куттуу, улуу тунду жакшы ниет, ой-тилектер менен тосууга чакырам. Бул туну жааган сооптордун эсеби чексиз болот ...
тоголок жерде, тоголок суроолорго бай болгон тоголок жашоо....
#38 08 Август 2012 - 17:42
Кадыр тун - 14 август
Кадыр Түндү тигил түнү же бул түнү деп айтып болбойт. Мейли, официалдуу адамдар да айтып жаткан болсун, бирок, алардын таянган хадистеринен башка да Кадыр Түн тууралуу келген хадистерди мен тизмектеп өттүм эле. Эгер чындап Кадыр Түндү "кармап" алгысы келген адам болсо, жакшысы - рамазандын акыркы он күнүнөн издесе болот. Кыскасы, теманы кайра мен көрсөткөн жеринен баштап окуп чыгууну дагы бир жолу сунуштайм.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#40 28 Июль 2013 - 18:08
Ооба түрдүү тамактарды бышырып, кудайдын жолундагы амалдарды аткарып, тообо келтирип ынтымакта олтурсак, периштелер ошол куну бакыттын нурун себелеп турат экен. Кадыр түн миң айдага тете соопторду жыйнап алууга мумкунчулук берилет, ал ыйык кунду жараткан бизге белек кылып берген дешет.
Эркиндик-
мейкиндик алкагында!

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия