кадыр тун качан озу?
Кадыр түндүн пайдалары жана Кадыр түндү тосуучуларга насааттар
#62 20 Июль 2014 - 15:25
#63 20 Июль 2014 - 16:01
Убактысы
Кадыр Түндүн анык датасы тууралуу аалымдар ортосунда талаштар бар. Бирок, алардын баардыгы Кадыр Түндүн рамазан айынын акыркы он түнүндө экенинде бирдей ойду айтышат. Аллахтын элчиси саллаллаху алейхи уа саллам айтты: “Кадыр Түндү рамазан айынын акыркы он түнүндө күтө бергиле” аль-Бухари 2017, Муслим 1169.
Имам Абу Иса ат-Тирмзи айткан: “Пайгамбардан саллаллаху алейхи уа саллам Кадыр Түн рамазандын 21-, 23-, 25-, 27-, жана акыркы түнүнө туура келгендиги кабарланган” . Ошондуктан аль-Музани жана Ибн Хузейма келген хадистерден Кадыр Түн ар бир жылы башка башка түндөргө дал келээрин айтышкан.
Ошондой эле сөздү хафиз Ибн Хаджар айткан: “..Кадыр Түн рамазан айынын акыркы 10 түнүнүн бирине дал келет. Анан да ал ар жыл ар кайсы түнгө дал келет” “Фатхуль- Бари” 4/326.
Аалымдар Кадыр Түндүн анык датасынын белгисиз болушунда даанышмандык бар. Ал – мусулмандар бир эле түнгө байланып калбастан, жок дегенде рамазан айынын акыркы он түнүндө чын дилден ибадат кылуусу. Ошондуктан пайгамбар саллаллаху алейхи уа саллам Аиша радиаллаху анха айткан хадисте келгендей “...түндү ибадатта өткөзүп, үй-бүлөсүн ойготуп сыйынууда ынтаа койгон” аль-Бухари 2024, Муслим 1174.

Талластын бул жазгандарын жылдырып койбосом, көпчүлүккө жашырууна калып жаткандай.
#64 20 Июль 2014 - 16:03
Белгилери
‘Убады ибн Самит пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уа салламдан Кадыр Түндүн белгилери тууралу төмөндөгүдөй хадисти келтирет: “Кадыр Түндүн белгилеринен болуп төмөндөгүлөр эсептелинет:
Ахмад 5/324, “Ибн Касирдин тафсири” 4/255.

- Түн ачык болот. Өтө караңгы эмес. Ак түн болот. Ай жаркырап турат;
- Тынч, суук эмес, ысык эмес;
- Таң аткыча бул түнү жылдыздар (кометалар) учканга уруксат берилбейт (Аллах Тааладан, бардык нерсе Аллахтын эрки жана каалоосу менен болоору – бул мусулмандын ыйманынын бир устуну); Күн чыкканда ай толгон убактагыдай нурсуз чыгат, анткени, бул түнү периштелер жерге түшүп, таң атаарда кайра асманга көтөрүлүшөт. Алардын көптүгүнөн күндүн нуру көрүнбөйт;”
Ахмад 5/324, “Ибн Касирдин тафсири” 4/255.
#65 21 Июль 2014 - 12:35
Алла Таала айтты:
«Чынында, Биз аны (Кураанды) Кадыр Түнүндө түшүрдүк. Кадыр түн эмне экенин (эгер Биз үйрөтпөсөк, ) сен кайдан билмек элең?! Кадыр түнү миң айдан да жакшы. (Анткени,) бул түнү периштелер жана Рух (Жебирейил) Раббисинин уруксаты боюнча, ар түрдүү иштер менен (жер бетине ) түшүшөт. Ал таңга чейин саламаттык(тын түнү)! ». (97: 1,5)
Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: «Кимде- ким Кадыр түнү ыйман келтирип жана (сооп) үмүт кылып намазга турса, анын мурдакы күнөөлөрү кечирилет» (Бухарий жана Муслим).
Айша (радияллаху анха) энебиз: «Алланын элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) акыркы он күндө башка учурда болуп көрбөгөндөй ибадаттарга бекем болоор эле»,-дейт(Муслим).
Кадыр түндүн пайдалары:
1) Ал түн бир жылдагы түндөрдүн эң улуусу.
2) Ал берекелүү түндө кылынган амал миң айда кылынган амалдан да сообу көп болуп көбөйүп турат.
3) Ал түндө периштелердин көптүгүнөн жер тар болуп кысылышып турат.
4) Ал шарапаттуу түндү ким издеп тапкан болсо, Алла Тааланын алдында мартабасы жогорулайт.
5) Ал түндө Алла Таала периштелерге Өзүнүн солих пенделери менен сыймыктанып мактанат.
6) Ал түндө Алла Таала периштелерине келерки жылга чейин адам баласынын тагдырын жазууну буйурат. Бир жылдык тагдыр Кадыр түнү жазылат.
7) Ал түн саламат амандык түн. Шайтан ал түндө эч кандай жамандык жана зыян кыла албайт.
8) Ал түн Кыямат күндөгү кыйроого учуроочу жамандыктардан саламат болуу жана кутулууга себеп боло турган түн.
Кадыр түндү тосуучу адамга 10 насаат:
1) Акыркы он түндү уйкусуз өткөрүү;
Пайгамбарыбыз акыркы он түндү тирилтип тахажжуд, намаз, зикир, дуба кылуу менен өткөзөт эле. Айша (радияллаху анха) энебиз риваят кылат: «Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) акыркы он күндүк киргенде, ыштанын (ычкырын) бекем байлап, (т.а. аялдарына жакындабайт эле) түнүн уктабай өткөрчү жана үй-бүлөсүн ойготот эле» (Бухарий жана Муслим)
2) Үй-бүлөгө жакшы амалдарды кылууга көмөк көрсөтүү;
Абу Зарр (радияллаху анху)риваят кылган хадисте «Пайгамбар 23, 25 өзгөчө 27 -түнү үй-бүлөсүн, аялдарын ойготуп тургузаар эле»,- деген. Бул нерсе Пайгамбарыбыздын Кадыр түн үмүт кылынган так түндөрү тургузгандыгына далалат кылат.
Суфян Саурий деген аалым: «Акыркы он күн киргенде түндөрү тахажжуд окуп, ижтихад(катуу аракет) кылуу, үй-бүлөнү жана бала чаканы, эгер күчү жетишсе намазга тургузуу мен үчүн жакшыраак», -деген.
3) Ал түндө дубаны көп кылуу;
Чындыгында Пайгамбарыбыз момундардын энеси Айша энебизге ал түнү дуба кылууну буйруган. Айша энебиз Пайгамбарга: « Мага кабар берчи мага, эгер Кадыр түнгө туш болуп калсам эмне деп айтам»,-деп сураганда. Пайгамбар: " Эй Аллахым, Сен кечирүүчүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң, мени кечиргин" ,-деп айт»,-деди.
4) Сырткы келбетти (денени) жана ички дүйнөнү тазалоо;
Бизден мурунку өткөн салафу солихиндер акыркы он түндүн баарысында гусул кылып, тазалап жуунууну жакшы көрөөр эле. Алардын кээ бири Кадыр түн үмүт кылынган так түндөрү гусул кылып, жыпар жыттарды себинээр эле. Алла Таалага жалбарууда сөзсүз түрдө сырткы дүйнөнү да, ички дүйнөнү да тазалаш керек.
5) Бул убакта Алла Таалага жакын болгон ибадаттардын эң шарапаттуусу Алла Таала менен жалгыз болуп, Ага чын жүрөк менен умтулуу;
Алла Таала айтты:
"Ошол үчүн Роббуңдун ысымын эстеп, Ага умтул. Ал-Чыгыштын да, Батыштын да Роббусу. Чындыгында Андан башка кудай жок. Аны гана өзүңө Колдоочу деп бил" (Муззаммил:8, 9)
Жүрөгүңдү Аллах үчүн бошоткун. Талаш тартыштарды ташта. Аял эркектердин бузукулук аралашуусунан сактан. Телефонуңду өчүр. Интернетиңди токтот. Кайгы-капаңды унут. Алектенткен, сени ибадаттан алаксы кылган жумушуңду ташта. Өзүңдүн нафсиң менен жалгыз бол. Роббуңа сыйынуу, жалбаруу, зикир кылуу, дуба кылуу менен алек бол.
6) Жүрөгүңдү карап көр, ниетиңди көзөмөлдө. Адамдын ниети анын кылган амалынан жакшы. Алла Тааладан гана соопту үмүт кыл;
7) Билгин, сенин бара турган ордуң сенин аракетиңе жараша болот.
Жакшылык эшиктеринин эч бирөөсүн калтырбастан, аны каккыла. Ал эшиктерден кирүүгө аракет кыл. Ибадаттардын түрүн кылуу инсандагы болгон табият чарчоосун кетирет. Мисалы, ибадаттын түрүнө: намаз, зикир, дуба кылуу, куран окуу, садака берүү ж.б., кирет.
8) Ибадат кылууда, аракет кылууда Алла Тааладан сабырдуулук тилеп дуба кыл. Албетте, Алла Таала сабырдуулар менен бирге.
9) Пайдасыз сөздөрдү азайт. Көп сөздөрдү сүйлөө ибадаттан алаксытып коет.
10) Эстегин, албетте, бул убакыт- жарышуу убактысы.
Зыянга учуроого, жакшылыктардан куру жалак калууга ыраазы болбо. Адамдар Алла Тааланын кечирими менен, Анын ырайымы менен тозоктон кутулуп, амалдары көбөйгөндөн көбөйүп жатса, бейишти каалап ага умтулуп жатышса, сен өзүңдүн ордуңда кылган күнөөлөрүң, катачылыктарың сени кишендеп коюуусуна жол бербе. Ошол себептен соопторго жетүүгө аракет кыл. Жакшылыктарга шашыл. Жакшылык кербени токтоп турбайт. Балким, биринчилерден болуп жетээрсиң.
Алла Таалага жакшы ойдо бол. Эгер сенден бир жакшылык, сооп иш текке өтүп кеткен болсо, тургун, ага жеткенге аракет кыл, балким анын орун басарын табаарсың. Эгер Алла Таалага жакшы ойдо болсоң кылган амалың оңолот. Алла Тааланы терең чыныгы сүйүү менен сүйүп каласың.
اللهم نسألك حبك و حب من يحبك و حب كل عمل يقربنا الي حبك
Эй, Аллахым, Сенин сүйүүңдү сүранабыз, Сени сүйгөн адамдарды сүйүүнү суранабыз жана Сенин сүйүүңө жакындата турган ар бир амалды сүйүүнү суранабыз.
اللهم اجعلنا من الفاءزين في رمضان و اجعلنا من الفاءزين في الدنيا و الآخرة
Эй,Аллахым, бизди Рамазанда ийгилике жетүүчүлөрдөн кылгын. Бизди бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да ийгилике жетип бейишиңе татыктуу инсандардан кылгын.
اللهم اجعلنا من الربانيين و لا تجعلنا من الرمضانيين
Эй, Аллахым, бизди Өзүңө гана сыйынуучу пенделериңен кылгын. Бизди рамазанда гана ибадат кылып башка маалда жалкоолонуп таштап коюуучулардан кылба!!!
Даярдаган: Максат Айтабев, Аль-Азхар университетинин студенти Максат Айтбаев,

#67 22 Июль 2014 - 01:16
Кадыр түн Аллах Таала тарабынан акыркы Пайгамбар Мухаммадга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жана анын үммөтүнө берилген белек. Бул түндө аткарылган ибадат - миң күндүк ибадатка барабар. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: "Аллах Таала Кадыр түндү менин үммөтүмө ырайымдуулук кылып берген, мындан башка үммөттөргө берилген эмес". Экинчи бир хадисте минтип айткан: "Силерге Рамазан айы келди. Анда бир кече бар, ал миң айдан артыгыраак.
Кимде-ким ушул кечеден куру калса, анда ал баардык жакшылыктан куру калат, бирок бул кечеден бактысыз адам гана куру калат".
Кадыр түндүн мааниси:
"Кадыр" деген сөз, ислам аалымдары тарабынан үч түрдүү чечмеленген:
1."Өкүм түнү" - деген маанини б.а. Аллах Тааланын тагдырында өкүмү чыгарылган иштердин ажыратылган түнү деген маанини билдирет. Бул жерде айтылып жаткан "тагдыр" эзелки белгилеп коюлган өкүм-чечимдердин ачыкка чыгуусу болуп эсептелет.
2. "Кадыр-барктуулук, улуулук" - деген мааниде.
3. "Тардык, кысылуу" - деген мааниде. Мунун мааниси - бул түндө жер бетине түшкөн сансыз периштелерге жер тардык кылат. Кээ бир ислам аалымдарынын пикиринде, "кысылуунун" артында чоң жакшылыктар болот. Курандагы алгачкы аян, сүйүктүү Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Жабрайил периштенин катуу кысуусу менен башталган.
Кадыр түндүн убактысы:
Кадыр түндүн так убактысы айтылган эмес. Исламда кээ бир маанилүү иштердин убактысы так көрсөтүлгөн эмес. Мисалы: Жума күнүндөгү дуба кабыл болуучу убакыт, беш убак намаздын арасынан даражасы жогору болгон "ортоңку намаз", айтып туруп дуба кылса, дуба сөзсүз кабыл болуучу Аллах Тааланын "Ысмы Аьзамы" ж.б. Бул нерселер адамдар өздөрү аракет кылып ибадат кылсын үчүн жашырылып коюлган. Ошол сыяктуу эле Кадыр кечеси да Рамазан айынын ичине жашырылган. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Кадыр кечесин Рамазан айынын ичинен издегиле" , "Кадыр кечеси - Рамазандын так түндөрүндө" , "Кадыр кечеси - Рамазандын акыркы он күнүндө" деген сыяктуу хадистерди айткан. Кадыр түн Рамазандын жыйырма жетинчи түнүндө деген да айтымдар да бар.
Кадыр түндүн артыкчылыктары:
Бул түндө Куран түшүрүлгөн. Куран түшүрүлгөн деген сөздү Ислам аалымдары эки түрдүү чечмелешет. 1. Куран түшүрүлө баштады деген мааниде. Ыйык Куран аяттары Рамазан айында түшүрүлө баштаган. 2. Бул түнү Куран дүйнө асманына түшүрүлдү деген мааниде.
Бул түндө жасалган ибадаттардын сообу - миң айлык ибадаттын сообуна барабар. Бул түнү Жабрайил (алайхис салам) баштаган периштелер жер бетине түшүп, таң атканча адамдарга салам-тынчтык тилеп турушат. Бул түнү кимде-ким ыклас менен ибадат кылса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Кимде-ким кадыр түндү ишенүү менен сооп үмүт кылып өткөрсө, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет" - деп айткан.

Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!

#68 22 Июль 2014 - 01:18
Кадыр түндү кантип өткөрөбүз:
1. Кадыр кечесинде ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша намаз окуусу керек
2. Куран окуй алгандар Куран окуп, окуй албагандар аны угуусу керек
3. Көп дуба кылуу керек. Айша энебиз Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): " Оо, Аллахтын элчиси, мен Кадыр кечесин таап калсам, кантип дуба кылайын?" - деп сураганда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салавты болсун): "Аллахумма иннака афуввун, тухиббул афва фаъфу анни" - деп, дуба кылгын деген. Дубанын мааниси: "Аллахым, Сен кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң, мени да кечир"
4. Куран аяттарын, хадистерди жана башка диний маалыматтарды угуу керек
5. Өткөн күнөөлөргө тооба кылуу керек
6. Аллахты зикир кылуу керек
7. Өзүң жана өткөндөр үчүн дуба кылуу керек

#69 22 Июль 2014 - 15:40
24-июль.
Бир сурот илген экенсиз Оро3о календары тууралуу, ал жерде 23-июль деп турат. Ошондо ал ката болуп калабы?
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#70 22 Июль 2014 - 16:04
#71 22 Июль 2014 - 23:33
салам аллейкум туугандар аялдар Москвада мечитке барса болобу Кадыр Тундо билбейстерби
#72 23 Июль 2014 - 00:06
Саласатсыздарбы?
Кадыр туну окулуучу намаз тууралуу сурайын дегем. Кандай ниет айтылат, канча рекет окулат? Алдын ала рахмат.
#73 23 Июль 2014 - 00:53
Бир сурот илген экенсиз Оро3о календары тууралуу, ал жерде 23-июль деп турат. Ошондо ал ката болуп калабы?
Календар негизи эрте эле даярдалат. Быйыл календарь боюнча 28-июндан башталыш керек.болчу, бирок айдын көрүнүшү боюнча 29-июлда орозо башталды. Анан мен 24-июль деп жазганымдын себеби ошол.
Кадыр түн орозонун акыркы он күндүгүнүн так күндөрүндө болот. 21, 23, 25, 27, 29,
Бүгүн түнү орозонун 25 караган түн демек кечинде кадыр түн болот.
Бүгүн түнү орозонун 25 караган түн демек кечинде кадыр түн болот.
Убактысы
Кадыр Түндүн анык датасы тууралуу аалымдар ортосунда талаштар бар. Бирок, алардын баардыгы Кадыр Түндүн рамазан айынын акыркы он түнүндө экенинде бирдей ойду айтышат. Аллахтын элчиси саллаллаху алейхи уа саллам айтты: “Кадыр Түндү рамазан айынын акыркы он түнүндө күтө бергиле” аль-Бухари 2017, Муслим 1169.
Имам Абу Иса ат-Тирмзи айткан: “Пайгамбардан саллаллаху алейхи уа саллам Кадыр Түн рамазандын 21-, 23-, 25-, 27-, жана акыркы түнүнө туура келгендиги кабарланган” . Ошондуктан аль-Музани жана Ибн Хузейма келген хадистерден Кадыр Түн ар бир жылы башка башка түндөргө дал келээрин айтышкан.
Ошондой эле сөздү хафиз Ибн Хаджар айткан: “..Кадыр Түн рамазан айынын акыркы 10 түнүнүн бирине дал келет. Анан да ал ар жыл ар кайсы түнгө дал келет” “Фатхуль- Бари” 4/326.
Аалымдар Кадыр Түндүн анык датасынын белгисиз болушунда даанышмандык бар. Ал – мусулмандар бир эле түнгө байланып калбастан, жок дегенде рамазан айынын акыркы он түнүндө чын дилден ибадат кылуусу. Ошондуктан пайгамбар саллаллаху алейхи уа саллам Аиша радиаллаху анха айткан хадисте келгендей “...түндү ибадатта өткөзүп, үй-бүлөсүн ойготуп сыйынууда ынтаа койгон” аль-Бухари 2024, Муслим 1174.
Кадыр Түндүн анык датасы тууралуу аалымдар ортосунда талаштар бар. Бирок, алардын баардыгы Кадыр Түндүн рамазан айынын акыркы он түнүндө экенинде бирдей ойду айтышат. Аллахтын элчиси саллаллаху алейхи уа саллам айтты: “Кадыр Түндү рамазан айынын акыркы он түнүндө күтө бергиле” аль-Бухари 2017, Муслим 1169.
Имам Абу Иса ат-Тирмзи айткан: “Пайгамбардан саллаллаху алейхи уа саллам Кадыр Түн рамазандын 21-, 23-, 25-, 27-, жана акыркы түнүнө туура келгендиги кабарланган” . Ошондуктан аль-Музани жана Ибн Хузейма келген хадистерден Кадыр Түн ар бир жылы башка башка түндөргө дал келээрин айтышкан.
Ошондой эле сөздү хафиз Ибн Хаджар айткан: “..Кадыр Түн рамазан айынын акыркы 10 түнүнүн бирине дал келет. Анан да ал ар жыл ар кайсы түнгө дал келет” “Фатхуль- Бари” 4/326.
Аалымдар Кадыр Түндүн анык датасынын белгисиз болушунда даанышмандык бар. Ал – мусулмандар бир эле түнгө байланып калбастан, жок дегенде рамазан айынын акыркы он түнүндө чын дилден ибадат кылуусу. Ошондуктан пайгамбар саллаллаху алейхи уа саллам Аиша радиаллаху анха айткан хадисте келгендей “...түндү ибадатта өткөзүп, үй-бүлөсүн ойготуп сыйынууда ынтаа койгон” аль-Бухари 2024, Муслим 1174.
Neizvestnyi. , белгилеген күндөр туура.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#74 23 Июль 2014 - 04:16
#75 24 Июль 2014 - 10:09
24-25-ИЮЛЬ КАДЫР ТҮН КЕЧЕСИ Орозо кармап, ибадат менен өткөргөн, ырайым жана береке мезгили болгон Рамазандын аягына жакын калганда, Ыйык Китебибизде «Миӊ айдан дагы берекелүү» делген кадыр түндү кубаныч менен тособуз. «Акыйкатта,
Биз Аны кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экендигин билесиӊерби?
Кадыр түн –миӊ айдан да артыгыраак.
(Ал түндө) Аллахтын буйругун аткаруу үчүн периштелер жана Рух жер үстүнө түшүшөт. Ал таӊ атканча тынчтык-амандык» (Кадр сүрөөсү, 1-5-аяттар).Кадыр түн Аллахтын бизге берген сансыз нематтарынан,
ырыскыларынан пайдалануу убагы. Кадыр түндү туура түшүнүп, тиешелүү баа берүүнүн жолу – Куранды сөзмө сөз окуп, угуудан башка анын маанисин тереӊ түшүнүп, анын үстүндө ой жүгүртүп, жашообузда жолкитеп катары кабыл алуу болуп эсептелет.Бул түн аманчылык жана ишенимдин бардык тарапка жайылган, асмандын эшиктериачылган,
дуба жана тообалар кабыл болгон куттуу бир түн болуп эсептелинет.
Биз бул түнү өзүбүздү жакшы жолгобаштоо,
жашообузду туура жолго багыттоо мүмкүнчүлүгүнөнтуура пайдаланып,
убакытты өзүбүз үчүн, үй-бүлөөбүз үчүн жана баардык адамзаты үчүн дуба кылуу менен өткөрүшүбүз өтө пайдалуу.Бул ыйык Кадыр түн баарыбызга тычтык, ынтымак жана бакыт алып келүүсүн Жараткандан тилейбиз!
P.S маалымат булагы муфтияттын расмий сайты...

#76 24 Июль 2014 - 10:16
.Аллахумма иннака 'афуун, тухиббуль-'
афуафа'фу'
анни (Тирмизи)Алла Таала кылган ибадаттарыныздыкабыл кылсынКОТОРМОСУ Кадыр Түн дуасы «Оо, Аллахым! Сен Кечиримдүүсүң!
Кечиргенди жакшы көрөсүң. Мени(нкүнөөлөрүмдү) кечир көр! - деп айткын».Тирмизи
#77 24 Июль 2014 - 10:31
24-25-ИЮЛЬ КАДЫР ТҮН КЕЧЕСИ Орозо кармап, ибадат менен өткөргөн, ырайым жана береке мезгили болгон Рамазандын аягына жакын калганда, Ыйык Китебибизде «Миӊ айдан дагы берекелүү» делген кадыр түндү кубаныч менен тособуз. «Акыйкатта,
Биз Аны кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экендигин билесиӊерби?
Кадыр түн –миӊ айдан да артыгыраак.
(Ал түндө) Аллахтын буйругун аткаруу үчүн периштелер жана Рух жер үстүнө түшүшөт. Ал таӊ атканча тынчтык-амандык» (Кадр сүрөөсү, 1-5-аяттар).Кадыр түн Аллахтын бизге берген сансыз нематтарынан,
ырыскыларынан пайдалануу убагы. Кадыр түндү туура түшүнүп, тиешелүү баа берүүнүн жолу – Куранды сөзмө сөз окуп, угуудан башка анын маанисин тереӊ түшүнүп, анын үстүндө ой жүгүртүп, жашообузда жолкитеп катары кабыл алуу болуп эсептелет.Бул түн аманчылык жана ишенимдин бардык тарапка жайылган, асмандын эшиктериачылган,
дуба жана тообалар кабыл болгон куттуу бир түн болуп эсептелинет.
Биз бул түнү өзүбүздү жакшы жолгобаштоо,
жашообузду туура жолго багыттоо мүмкүнчүлүгүнөнтуура пайдаланып,
убакытты өзүбүз үчүн, үй-бүлөөбүз үчүн жана баардык адамзаты үчүн дуба кылуу менен өткөрүшүбүз өтө пайдалуу.Бул ыйык Кадыр түн баарыбызга тычтык, ынтымак жана бакыт алып келүүсүн Жараткандан тилейбиз!
P.S маалымат булагы муфтияттын расмий сайты...
P.S маалымат булагы муфтияттын расмий сайты...
+++++
#78 24 Июль 2014 - 23:25
"Ибн Хубайра "Орозонун акыркы 10күнүнүн ичиндеги Жума түнү #Кадыр_Түн болушуна толук негиз бар"
Жума 27-числого (так күнгө) туш келип жатат!"
Мага мыноондой смс келиптир, кандай карайсыздар?

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#80 25 Июль 2014 - 01:47
Бүгүн тосуп жатабызго.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия