Өткөрүлүп берилди - өткөрүп берилди;
Алынып салынды - алып салынды;
Жогорудагы окшогон этиштердин кайсынысы туура деген талаш жүрүп жатат:
Буга мен мындайча далил келтирдим:
Этиш менен этиш келгенде, биринчиси этиштин түрлүү формасында болушу мүмкүн: кабЫЛ алуу, келбЕЙ калуу, өткөрҮП берүү, алА качуу...
Мындай этиштерде, биринчиси (актив войсто дагы, пассив войсто дагы) эч качан жакталбайт жана жөндөлбөйт.
Мисалы:
Кабыл алды - кабыл алынды
Өткөрүп берди - өткөрүп берилди
Далилдерди келтирип берсеңер, урматтуу форумчулар (кыргыз тилинин эрежелерине ылайык)...
Барс аваны тааныган тургундар бул темага баш багып коюшун сурана кетиңиздерчи.
..
Алдын ала Рахмат...
Кыргыз тили боюнча суроо Так далил келтирип берсеңер, суранам (тилчилер)
#2 28 July 2014 - 10:29
"Кабыл алды"-> Кимди (эмнени) ким (эмне) кабыл алды?
"Кабыл алынды"-> Ким (эмне) кабыл алынды?
"Өткөрүлүп берилди"
Мисалы бийлик ээ.
"Өткөрүп берилди" болбойт го.

В каждой шутке есть доля правды...
#3 28 July 2014 - 12:27
Менимче,
өткөрҮЛүп берилди, алЫНып салынды деген туура. Сиз айткандай, этиштин действительный (актив войс) жана страдательный (пассив войс) залогдору да болушу мүмкүн. Бирок кыргыз тилинде этиштин беш
(
Негизги
- Кыймыл-аракет сүйлөмдүн ээси тарабынан аткарылгандыгын билдирген этиштер. М., Замира китеп окуду;
Кош
- Кыймыл-аракеттин бир канча адам тарабынан кошулушуп, иргелешип аткарылгандыгын көрсөтүүчү этиштер. Кош мамилени -ыш (-иш, -уш, -үш, -ш) мүчөсү юштурат. М., алыш (алышты), жазыш (жазышты);
Туюк
- Кыймыл-аракеттин өзүнөн-өзү иштелгендей маанини билдирген этиштер. Бул этишти –ыл, (-ил, -ул, -үл, -л) мүчөсү уюштурат. М., жазылды, ачылды;
Өздүк
- Негизги мамиле этишке -ын мүчөсүнүн уланышы аркылуу жасалып, кыймыл-аракет иштөөчүнүн өзүнө багытталгандыгын же өзү үчүн иштелгендигин билдирген этиш сөздөр. Өздүк мамилени -ын (-ин, -ун, -үн, -н) мүчөсү уюштурат. М., ачын, көрүн, жуун, кийин;
Аркылуу
- Кыймыл-аракет буйручунун өзү эмес башка бирөөлөр тарбынан иштелгендигин,
аткарылгандыгын көрсөткөн этиш сөздөр . Бул этишти төмөнкү мүчөлөр уюштурат. -дыр – алдыр, күлдүр; -гыз – отургуз, жеткиз; -кыр – жеткир, жаткыр; -ыр – батыр, өчүр; -коз – бүткөз, өткөз; -ыз - агыз, эмиз; -т – санат, окут, ойнот; -ыт – коркут, үркүт ж.б.)
мамилеси
бар. Сиз келтирген мисалдар этиштен этишти жасоочу мүчө катары эсептелинип,
кимдир бирөөнүн, үчүнчү бир адамдардын ишке ашырган кыймыл-аракети.
Өткөрүп берилди эмес, өткөрүп берди десек болот, бирок мында өткөрүлүп берилди
дегендеги маани өзгөрүп кетти, тагыраагы, белгилүү бир адам, мисалы, Асан өткөрүп берди дегендей болуп калды. Өткөрүлүп берилди дегенде ким өткөрүп бергени белгисиз, кимдир бирөө тарабынан кыймыл-аракет жасалды. Ошондуктан,
менимче, берИЛди
деп жардамчы этишке туюк мамиленин мүчөсүн же этиштен этиш жасоочу мүчөнү улап айтсак, анда негизги этишке да туюк мамиленин -ыл мүчөсүн улап жазышыбыз керек. Бул туюк мамиленин мүчөсүнүн ордунда ар кайсы этишти жасоочу мүчө болушу мүмкүн.
Кабыл алды, кабыл алынды дегенге келсек, кабыл ал дегендин өзү татаал этиш, а биз келтирген сөздөрдө жөнөкөй этиштерден татаал этиш жасалып жатат. Этиш сөздөр жакталат (өткөрдүм, өткөрдүң, өткөрдү; кабыл алдым, кабыл алдың, кабыл алды), бирок жөндөлбөйт.
Кыскасы, өткөрҮЛүп берИЛди, алЫНып салЫНды деген туура.

#5 28 January 2016 - 23:07
Салам тилчилер!
Дагы бир суроо. Төмөнкү эки сүйлөмдүн кайсынысына көбүрөөк ыктайсыңар жана эмне үчүн?
2. GMAIL жаңы колдонуучу кошууга аракет кылууда, бирок түзмөктө мындай каттоо эсеби (balancha@gmail.com) мурунтан эле бар. Баары бир уланта бересизби?
2. GMAIL жаңы колдонуучуну кошууга аракет кылууда, бирок түзмөктө мындай каттоо эсеби (balancha@gmail.com) мурунтан эле бар. Баары бир уланта бересизби?
тактоо иретинде: талаш "колдонуучу(ну)" сөзүнө, -ну мүчөсүнө уланышы керекпи же жокпу, ушул жөнүндө болуп жатат. Ушулардын кайсынысы туура болот жана эмне үчүн, бейтарап пикириңерди айтып кетсеңер. Төмөнкү материалдын да жардамы тийиши мүмкүн: Кыргыз тилинде табыш жөндөмөсүнүн мүчөсү түшүрүлүп
да, түшүрүлбөй да айтыла берет. Төмөндөгүдөй учурларда
табыш жөндөмөсүнүн мүчөсү түшүрүлбөй айтылат:
а) бир нерсени же түшүнүктү конкреттештирип, дааналап-
тактап, кандайдыр басым менен айтсак: шаарды араладык, үйдү
шыбадым, атты каңтардың ж.б.
б) табыш жөндөмөдөгү сөз ат атооч болсо: сени көрдүм,
мени ук, аны таштаба, эмнени айтасың ж.б.
в) табыш жөндөмөдөгү сөз кыймыл атооч же атоочтук
болсо: окууну бүттүм, сугарганды билет, өткөндү эстедик,
кутуларды ойлогула ж.б.
г) табыш жөндөмөдөгү сөз затташкан сын атооч же сан
атооч болсо: жакшыларды тосушту, тебетейлүүнү аңдыгын,
бирди коштум, бешти алып салдыңбы, он экинчини алдым ж.б.
д) табыш жөндөмөдөгү сөз энчилүү аттардан болсо:
Адылды урбагыла, Аккуланы каңтардым, «Кыяматты» сатып
алдык ж.б.
е) табыш жөндөмөдөгү сөз таандык болуп турса: атаңды
тааныдыңбы, колумду кармаба, мектептикине тийбегиле,
оюбузду айтабыз ж.б.
ж) табыш жөндөмөдөгү сөз жандоочтор менен келсе: үйдү
көздөй басты, айылды карай баратат ж.б.
з) табыш жөндөмөдөгү сөз менен этиш сөздүн ортосуна
кандайдыр башка сөз кошулуп айтылган учурларда: талды
жакшы багуу керек, катты узак жаздым, ырды биз да
жазабыз, жүктү аягына чейин ташыдыңарбы, тамакты
түгөтө ичтик ж.б.
Төмөндөгүдөй учурларда табыш жөндөмөсүнүн мүчөсү
түшүрүлүп айтылат:
а) абстракттуулук маани басымдуулук кылып, табыш
жөндөмөдөгү сөз этиш менен жанаша айтылганда: мал багуу -
жакшы иш, кат жаздым, ыр жазгыла, жүк ташыдыңарбы,
тамак ичтик ж.б.
б) табыш жөндөмөнүн мүчөсү бирөңчөй мүчөлөрдун эң
акыркысынан башкаларында түшүрүлүп айтылат: тоо, токой,
талааларды басып өттүк; Айым, Жамийла, Асел,
Саадаттарды көрдүм ж.б.

Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#7 20 February 2016 - 00:28
Ак кол дегендин мааниси кандай? (Терээн жооп кутом)
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.

#8 20 February 2016 - 00:33
Ак кол дегендин мааниси кандай? (Терээн жооп кутом)
Ак кол.
Жалпак тил менен айтканда,шаарга барып кара жумуш кылышты унутуп калган адамды айтат.Мисалы; Айылдагы жумуштарды кыла албаса,чоп чабыш,кетмен чабыш,жана башка ушул сыяктуу жумуштарды. Унутуп калган адамды ак кол деп коет. Ак колдор жаны айылга барып иштегенде,колдору парсанак болуп кетет.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .

#9 20 February 2016 - 00:35
Рахмат Мунар )
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#10 22 February 2016 - 00:18
Ак кол деп кара жумуш кылып деле корбогондорду да айтат. Жалан эле жумушту унутуп койгонду эмес.
#11 22 February 2016 - 00:23
ак кол деген уста адамдыбы же колунан баардык иш келген, иштин көзүн билген адам деген тушунук да бар
#12 22 February 2016 - 00:25
Мунар айткан мааниде экен ))
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#15 12 May 2017 - 19:15
Эмгек өргүү болобу же эргүүбү
Далилин го таба албадым, "эмгек оргуусу" болсо туурараактай болуп турат. "Эргуу" - бул илхом дегенди тушундурот да.
..

Супер-Инфо
super.kg
видео