
Айдоочулар майдын кымбатташына жана жол эрежесин бузгандарга айып пулдун көтөрүлүшүнө нааразы болушууда. Ошондой эле күйүүчү май кымбаттап, эмгек акталбай жатканын айтып жатышат. Шаардагы №286-каттамдагы маршруттук таксинин айдоочусу Төлөгөн Кабылов мына буларды билдирди:
“Күйүүчү майдын баасы кымбаттап кеткендигине байланыштуу биз өз ишибизди бүгүн токтоттук. Анткени майга кеткен каражат өзүн актабай жатат. Маселен, 470 сомго май куйсак, тү шкөн киреше 360 сом болуп жатат. Тескерисинче, биз үйдөн кайра акча коротуп жатабыз. Биз өкмөттөн майга болгон баанын төмөндөтүш үн талап кылабыз. Эгер талап аткарылбаса, жол кирени жогорулатууга мажбур болобуз. Андан сырткары эл аялдамадан башка жакка туруп алып маршрут тосушат, албай өтүп кеткенге да болбойт, токтосоң МАИ кызматкерлери 500 сомдон айып салып жатышат. Бул нерсеге да чара көрүү талабын коёбуз”.
Ал эми жүргүнчүлөр бул маселени өкмөт эки тараптуу кылып чечүү керектигин айтышууда. Шаар тургуну Майрамгүл Карыбекова маршруткалар жол кирени жогорулатса, өкмөт айлык акыларды да көтөрүш керек деген пикирин билдирди.
“Мен жумушка башкалар сыяктуу эле маршруттук такси менен барам. Эгерде айдоочулар “май кымбаттады” деп жол акысын 12 же 15 сом кылса, биз да өкмөттөн айлыкты эки эсе жогорулатууну талап кылабыз. Ошон үчүн өкмөт эки тарапка тең маселе жаралбашы үчүн Казакстан, Орусия менен жакшылап сүйлөшүп бул маселени чечиши керек. Айлык көтөрүлбөй туруп эле жол акы кымбаттап кетсе, карапайым элдин жашоосу кандай болот? Анан, албетте, базардагы азык-түлүктүн баасы да эки эселеп өсөт”,- дейт Карыбекова.
Учурда шаардагы кичи маршруттар токтотулганы менен, өкмөт карамагындагы автобустар өз иштерин улантышууда.
Айта кетсек, жүргүнчүлөр үчүн кичи маршруттарга жол кире күндүз 10 сомдон болсо, кечки 21:00 дөн кийин 12 сомдон төлөшөт. Ал эми автобус жана троллейбустарда жол кире үчүн 8 сомдон төлөнөт.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 28 Июль 2014 - 23:34