Кыргыздар ушунчалык кайдыгер калкпыз, озубузду да озгону да сыйлабайбыз.
Ар ким озунон эле баштаса. Мэрия тазалатып эле атат, биз элдер таза кармабай жатабыз. Тазалаган таза эмес, таза кармаган таза дейт го элибизде.
- (2 )
-
- 1
- 2
Бишкек таза болушу үчүн эмне кыла аласыңар?
#22 12 March 2016 - 00:35
Ар бир инсан колдонгон нерселерин ой келди ыргытпай таза болуш керек,государства толоп берет деп эле тыштай берген болбойт,шыпырган адамдардын да эмгегин баалаш керек,бул нерсеге ар бир шаар тургуну олуттуу карап таза болсо шаарыбызда таза болот.
#24 13 March 2016 - 12:35
Ар бир адам тазалыкты сакташ керек.Кочодогу,
арыктагы мусорлор озунон озу пайда болбойт же асмандан тушпойт.Суйлогондо тилибиз буудай кууруйт
, бул жерде кантеееебиз деп жазып отурсак, ким тазалайт эле, патриотпуз дешет кообу, кочодогу бир кагазды алып коюштан уялатда кормоксон болуп отот.А ушундай эле патриоттукту корсоткунор келсе (теманын автору) жаштар(паркта отурган бекерчилер ошоончо, бир кун кечке журсо бутот) тазалап баштагыла, жазда келди.Автор озунуз бир нерсе кылдынызбы?
#25 14 March 2016 - 15:39
Семичке чакпай койдум))).
Государство толоп берет деп мусорду туш келди жерге ыргытаберсенер эчкачан таза болбойт.
Государство толоп берет деп мусорду туш келди жерге ыргытаберсенер эчкачан таза болбойт.
#27 17 March 2016 - 10:34
Чын-чынына келгенде айылдагы көчөлөр таза. Анткени бир дагы үй-бүлөдөн отход чыкпайт. Кагаздарды тамызгы кылышат, пакеттер бир нече жолу колдонуудан кийин гана отко жагылат, жашылчалардын кабыгы малдарга кетет. Ал эми шаардачы? Даараткан кагаздары менен тамаш-аш калдыктары аралашып эле жатып калат. Таштандыдан аккан суулар жолду каптап жатат. Күн ысыса кайрадан жыттанат. Ушул жагын мэрия колго алып, атайын идиштерди койсо сонун болот эле го.
#29 17 March 2016 - 10:58
Акыркы кундөү Бишкек шаары тазара баштаганын байкап жүрөм. Качан болбосун өз формаларын кийген жмушчу топ жерден таштанды терип жургөндөрун көп көрөм. Жайында, күзүндө эртең менен жумушка баратканда бутуңа илешкен таштандылардан көңүлүм иренжип кетчү. Бир тепкичке болсо да, көтөрулдук деп ойлойм. Бул тууралуу кимдир бирөөгө сөз кылсам, Ал мага буларды айтты: "Мурда таштанды тазалоочулар рейсине жараша акы алышчу экен. Азыр болсо салмагына жараша акысын алышат имиш. Ошондуктан,
кээде салмак көп болсун деп, бири-юиринин территориясын да тазалап кетишет экен..." дейт. Бирок, жеке мен иликтеген жокмун. Балким Супер Инфо иликтеп калабы?
Бишкек таза болуш үчун таштанды таштоочу урналарды көбөйтүш керек. Эгер таштанды таштоочу урна жок болсо, мен чөнтөгумө, сумкама салып коё берем. Бирок, адамдардын баары окшош эмес да... Анан дагы таштандыны чөнтөк менен сумкага салып жүрүү деле этикага туура келбейт го... Кокус таанышын жолугуп калса, "Иий азыр телефонундун жазып калайынчы" - деп сумканы ачсак эле ичинен таштанды чыкса, ар бир адам үчүн эле ыңгайсыз жаратат да...
Жанагы депутаттар куудулдар чырынан кийин, маданий иш чаралар өтүүчү мекемелерге (театр, цирк, филлормония, ДС ж.б.у.с.) сахнадагы болуп жаткан иш-чараны, концертти, ж.б. болуп жаткандарды көзөмөлдөөчү видео камераларды коюууну буйрук кылды. Ар бир мекеме өз каражаттарынан 60000-70000 тегерегиндеги акча каражатына сатып алмай болду. Депутаттар өздөрүнүн гана кызыкчылыгы үчүн иштешет экен деп ойлоп калдым. Андан көрө таштанды салуучу урналарды көбөйтүүнү буйрук кылса жакшы болмок экен...

"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
#30 17 March 2016 - 11:02
Шаар таза болуш учун интернетте жаша керек, колдонуш керек! Тамашасы жок эле соц. тармактарда жашаш керек.
Семичке чаккан кызды соц.тармактарда баардыгы жеп салышты, жемелеп жутуп салышты. Тазалык жондо ар кандай соц.тармактардагы коментарийлерди окусанар - Ооо, укмуш! Элдин баары таптаза, тазалыкты сактаган, тазалык учун курошкон адамдар.
Ошондо шаарды булгап жаткан ким??? Демек интернет колдонбогондорду баары булгагыч, кирдеткич турбайбы.
Тазалыкты сакташ учун Сен таза болсон,мен таза болсом-коом таза болот деген И.Раззаковдун созун кайра кайра эле айта бербеш керек, просто АТКАРЫШ керек. Ал киши жумшак муноздо айтып койгон турбайбы. "Мен тазамын, сен да таза бол" -деп уруп согуп жазатыш керек.
"Бугун коомдун тазалыгы учун эмне кылдын?" - деген акция башташ керек.

#31 17 March 2016 - 11:10
Бул көйгөйдөн арылуу үчүн азыркы адамдардын деңгээлине жараша иш кылуу керек го деп ойлойм. Майда деп маани бербейбиз, бирок ушул тазалык өзүбүздүн ден соолугубуз экенин, маанайыбызды жакшырта турганын, кийинки муун үчүн калтырчу асыл сапаттар экенин баарыбыз биле албай жатабыз. Айрымдарына айып тарттырып, жаңыдан уюшулуп жаткан патрулдук милиция илгеркидей ошол таштанды таштагандар менен да иштөө керек го деген ой бар. Биз бул жерге жазган менен бул көйгөй менен иши жок, мунун көйгөй экенине маани бербеген кайдыгер, жашоодон тажап калган, тазалык эмес адам өмүрүн тобокелге салып тоготпогон көп адамдар арабызда. Мисалы: маршруттук бусиктерге баарыбыз түшөбүз, ичинин кири, чаңы, сасыгы, айдоочунун оройлугу адам чыдагыс, кыргыз чыдайт, Көчө шыпырчулар саат 8ден кийин чаңдатып шыпырып жатат, эптеп өтүп кетесиң, адамдын кадыры, аны сыйлоо маселеси бүгүнкү күндүн оорусу, башкалар чыдамак эмес кыргыз чыдайт, таштандынын көптүгү ушунчалык жаңы конуштарда жумасына эмес, бир айга чейин албаган учурлар бар. Башка өлкөлөрдөй бололу десек каражат тартыш. Анан ушинтип таштандыга чөгүп, өрттөбөй турган таштандыны өрттөп уу заттар менен ууланып дем алып, абаны бузуп жатсак кайдагы ден соолук, айыл өкмөттөр, кварталдык комитеттер тазалыктын кызматкерлери көчө кыдырып ушул жөнөкөй эле нерселерди түшүндүрүп иштешсе болмок, алар андай иштерди жасабайт. Буга ким контролдук кылат, ким жооптуу эч ким жок. Ошол эле жүргүнчүлөрдүн арасында да бар, ичип алган, тамеки жытынан жанына туралбайсың,
кийиминин жыты адам чыдагыс, ушулар Бишкектке, жаныңда, аяйсың, жаның кейийт, кыргыз деп уяласың, колдон эмне келет, чыдайсың айта албайсың. Мына ушул абалда майда нерсе чоң нерсеге айланат экен. Ким эмне дейт? Мындан арылуунун жолу кайсы?. Бүтпөгөн, чечилбеген суроо, көйгөй.
#32 17 March 2016 - 11:26
Жөө жүргүнчүлөр жеп жаткан момпосуйунун,
банандын сыртын, суусундуктарынын бөтөлкөсүн,
айтор, колундагы болгон таштандысын таштанды челекке салбай, ой келди жерге таштап кетет. Буларды тазалаган "Тазалыктын"
кызматкерлери эле куурашат. Айрыкча мындай көрүнүш сейил бактарда көп кездешет. Буга көбүнчө жаштар күнөөлүүбүз.
Андыктан коомдун алдында өзүбүздү татыктуу, жоопкерчиликтүү алып жүрсөк жакшы болмок...
#33 17 March 2016 - 11:31
Колуңдан жакшылык кылыш келбесе - жамандык жасаба деп коётго.
Ошо сыңары шаарды тазартыш колдон келбесе да, таштандыны ар жерге таштоодон жана башка жаман адаттардан, "государство төлөп берет" деген сыяктуу кайдигерликтен ар ким өзүн арылтса шаар бир жылга жетпей кулпуруп, таптаза болуп чыга келет.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#34 17 March 2016 - 12:06
Баарыбыз эле адамбыз, баарыбызда баш, ичинде мээси менен бар, алты саныбыз аман, демек, тоң моюндук кылбай жаман көнүмүш адаттарыбызды,
оюбузду, кылган ишибизди жакшы жакка өзгөртөлү. Бардык нерсе майда нерседен башталат, ошондуктан семичканын кабыгын таштабайлы,
тамекинин пучогун урнага салалы, көчөдө баратып балчайтып түкүрбөйлү!
Мына ушинте баштасак андан да чоңураак нерселерди таштабоо, өзүбүздү, айланабызды,
көчөбүздү, айылыбызды,
анан шаарыбызды таза сактоону үйрөнөбүз. Мына ошентип таза мамлекетте бактылуу жашап калган экен болобуз
.
#35 17 March 2016 - 13:45
бизде маданияттуулук деген жок шаардын четин карасан коркуп кетесин кудум Эле кой кайтаргандай таштандылар коп Туркменистанды Коруп аябай суктанам буюрса биздин шаарда башка шаарлардай жолдору таза жалтырап турат.
#37 17 September 2016 - 18:38
Шаарды таза кармаш учун, шаарды эмес озун жашаган уйундун айлана-тегерегин тазалоо керек, сени коруп кошунан тазалайт, кошунанды кочодон бироо коруп, ал тазалайт дегендей .
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео