БиссмиЛлях!
Бул теманы "Адал эт" темасы менен чаташтырбаңыздар.
..
Адал жана арам императивдери.
#1 01 August 2014 - 01:43
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#2 01 August 2014 - 01:46
Бисмилляхир Рохманир Рохийм!
Кириш сөз
Биздин замандын VII
кылымынан калыптанып
баштаган Ислам
цивилизациясынын негизги
устундары болгон бир катар
мусулман окумуштуулары
дүйнөлүк медицина,
математика, астрономия ж.б.
илимдерине чыйыр салышса,
алардын бир катары ислам
мыйзамдарын тартиптеп, фикх
илимин системалаштырышты.
Бирок ХIХ кылымда башталган
батыш басып алуучулугу ислам
дөөлөтүн бүлүндүрүп, куурчак
падышалар башкарган бир
канча мамлекеттерге ыдыратты.
Ислам практикасынын
жетишкендиктери тарых
беттеринде чаң басып гана
калбастан, анын кылымдар бою
калыптанган тартиби
мусулмандардын жашоосунан
сүрүп чыгарыла баштады. Улам
күч алган неоколлониялдык
саясаттан алсыраган мусулман
үммөтү барган сайын
түшкүндүктүн сазына батты
жана дүйнөлүк картада жалаң
мусулман өлкөлөрүнөн турган
үчүнчү мамлекеттер пайда
болду. Ал аз келгенсип,
мусулман окумуштууларынын
дээрлик көптүгү батыш
жылтырагына табынып,
заманбап чечим чыгарууга алы
жетпей, мусулмандардын
жашоосу Кураан жана
Сүннөттөн четтей берди. Өзгөчө
ХХ кылымдагы совет
империясынын атеисттик
идеологиясы Орто Азия, анын
ичинде кыргыз мусулмандарын
да адал, арам түшүнүктөрүнөн
бездирип, дасторконун арак
менен чочкого толтурду.
Натыйжада мусулмандар өз
динин түшүнө албай
сабаттуулугуна карабай
караңгы, байлыгына карабай
кедей жана түптүүлүгүнө
карабай жетелеме болуп
калышты. Чындыгында азыркы
коомдо, мамиледе, дасторкондо
адалдан башканын баары бар.
Балким ошондуктан уулдарыбыз
тукумсуз, кыздарыбыз кара
далы, карыларыбыз кор,
аброюбуз төмөн болуп
жаткандыр? Бул тууралуу карт
тарыхтын али алдыда айтаар
сөзү бар!
Кириш сөз
Биздин замандын VII
кылымынан калыптанып
баштаган Ислам
цивилизациясынын негизги
устундары болгон бир катар
мусулман окумуштуулары
дүйнөлүк медицина,
математика, астрономия ж.б.
илимдерине чыйыр салышса,
алардын бир катары ислам
мыйзамдарын тартиптеп, фикх
илимин системалаштырышты.
Бирок ХIХ кылымда башталган
батыш басып алуучулугу ислам
дөөлөтүн бүлүндүрүп, куурчак
падышалар башкарган бир
канча мамлекеттерге ыдыратты.
Ислам практикасынын
жетишкендиктери тарых
беттеринде чаң басып гана
калбастан, анын кылымдар бою
калыптанган тартиби
мусулмандардын жашоосунан
сүрүп чыгарыла баштады. Улам
күч алган неоколлониялдык
саясаттан алсыраган мусулман
үммөтү барган сайын
түшкүндүктүн сазына батты
жана дүйнөлүк картада жалаң
мусулман өлкөлөрүнөн турган
үчүнчү мамлекеттер пайда
болду. Ал аз келгенсип,
мусулман окумуштууларынын
дээрлик көптүгү батыш
жылтырагына табынып,
заманбап чечим чыгарууга алы
жетпей, мусулмандардын
жашоосу Кураан жана
Сүннөттөн четтей берди. Өзгөчө
ХХ кылымдагы совет
империясынын атеисттик
идеологиясы Орто Азия, анын
ичинде кыргыз мусулмандарын
да адал, арам түшүнүктөрүнөн
бездирип, дасторконун арак
менен чочкого толтурду.
Натыйжада мусулмандар өз
динин түшүнө албай
сабаттуулугуна карабай
караңгы, байлыгына карабай
кедей жана түптүүлүгүнө
карабай жетелеме болуп
калышты. Чындыгында азыркы
коомдо, мамиледе, дасторкондо
адалдан башканын баары бар.
Балким ошондуктан уулдарыбыз
тукумсуз, кыздарыбыз кара
далы, карыларыбыз кор,
аброюбуз төмөн болуп
жаткандыр? Бул тууралуу карт
тарыхтын али алдыда айтаар
сөзү бар!
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#3 01 August 2014 - 01:54
1-императив.
АРАМДАН
БАШКАНЫН БААРЫ АДАЛ
Ислам шариатына ылайык
анын негиздери болгон ыйык
Кураан менен пайгамбарыбыз
с.а.в.дын сүннөтү тыйуу
салгандан (харамдан) башканын
баары адал (халал) деп
эсептелет. Бул императивди
ислам окумуштуулары
Кураандын: «Ал-силер үчүн
жерде баарын жараткан» (2:29),
«Ал Өз эрки менен
асмандардагыны жана
жердегинин силерге моюн
сундурган... » (45:13), «Аллах
силерге асмандардагыны жана
жердегини моюн сундуруп,
анык жана (акылыңар
жетпеген) жакшылыктарды
ыраа көргөнүн
түшүнбөдүңөрбү? !» (31:20)-деген
аятарына негиздеп
түшүндүрүшөт.
Аллах жаратылгандын баарын
адам баласына ыраа көргөнү
менен алардын кээ бир заттык
жана амалдык категорияларына
тыйуу салган. Ал категориялар
тууралуу пайгамбарыбыз с.а.в.:
«Аллах Өзүнүн Китебинде
уруксат бергени – халал,
тыйуу салганы –харам, ал
эми унчукпаганы – Анын
жакшылыгы катары
уруксаты. Ошондуктан
Аллахтын жакшылыктарын
кабыл кылгыла, анткени
Аллах эч нерсени унутпайт» –
деп, сөзүн Кураандын: «А сенин
Раббың (эч нерсени)
унутпайт» (19:64)-деген аяты
менен тастыктады.
БАШКАНЫН БААРЫ АДАЛ
Ислам шариатына ылайык
анын негиздери болгон ыйык
Кураан менен пайгамбарыбыз
с.а.в.дын сүннөтү тыйуу
салгандан (харамдан) башканын
баары адал (халал) деп
эсептелет. Бул императивди
ислам окумуштуулары
Кураандын: «Ал-силер үчүн
жерде баарын жараткан» (2:29),
«Ал Өз эрки менен
асмандардагыны жана
жердегинин силерге моюн
сундурган... » (45:13), «Аллах
силерге асмандардагыны жана
жердегини моюн сундуруп,
анык жана (акылыңар
жетпеген) жакшылыктарды
ыраа көргөнүн
түшүнбөдүңөрбү? !» (31:20)-деген
аятарына негиздеп
түшүндүрүшөт.
Аллах жаратылгандын баарын
адам баласына ыраа көргөнү
менен алардын кээ бир заттык
жана амалдык категорияларына
тыйуу салган. Ал категориялар
тууралуу пайгамбарыбыз с.а.в.:
«Аллах Өзүнүн Китебинде
уруксат бергени – халал,
тыйуу салганы –харам, ал
эми унчукпаганы – Анын
жакшылыгы катары
уруксаты. Ошондуктан
Аллахтын жакшылыктарын
кабыл кылгыла, анткени
Аллах эч нерсени унутпайт» –
деп, сөзүн Кураандын: «А сенин
Раббың (эч нерсени)
унутпайт» (19:64)-деген аяты
менен тастыктады.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#4 01 August 2014 - 01:57
Салман аль-Фарси
пайгамбарыбыз с.а.в.дан айбан
майы, сыр жана тери тууралу
сураганда: «Халал - Аллах
Китебинде уруксат бергени,
харам - тыйуу салганы. Ал
эми унчукпаганы - силер үчүн
жакшылык» -деп,
пайгамбарыбыз с.а.в. оболу
адал жана арамдын
критерийлерин белгилеп жооп
бергенин айтат. Дагы бир
хадисте пайгамбарыбыз с.а.в.:
«Аллах силерге буюрган
белгилүү милдеттерди көз
жаздымда калтырбагыла;
Анын белгилеген чектерин
жана тыйуу салгандарын
бузбагыла; ал эми Анын
унчукпагандары – силер үчүн
жакшылык, Анын
унуутчактыгы эмес,
ошондуктан сурай бербегиле» -
деп, арам болбогондун баары
адал экенин тастыктаган.
Ошондой эле заттар гана эмес
коомдук салттар жана адамдар
ортосундагы мамилелерде да
тыйуу салынгандан башкасына
уруксат берилгени: «Ал тыйуу
салганын силерге түшүндүрдү
го...» (6:119) –деген аят менен
бекитилген. Окумуштуулар
адамдар ортосундагы
мамилелерди тиричилик
катнаштарынан чыккан
маселелерди чечүүнүн тарыхый
процессинде калыптанган
практика жана адамдардын
Жаратуучусун аздектөөсү -
ибадаттар деп шарттуу экиге
бөлүп карашат. Булардын
биринчисин Аллах болгону
коомду иритүүчү, бузуучу
салттардан гана тыйуу менен
тартипейт. Ал эми экинчисинде
ибадат коом саламаттыгын
сактоонун негизги устуну
болгондуктан, аны аткарууда
адамдарга ыктыяр берген эмес
жана алардын так
аткарылылуусун Өзү гана
регламенттеп, мусулмандардын
жалгыз Аллахка жана Анын
пайгамбары көрсөткөндөй
сыйынуусун катуу талап кылат.
Пайгамбарбыз с.а.в.: «Биздин
шариатка туура келбеген иш
кабыл кылынбайт» -деген.
Тартиптен четтегендер тууралу
Аллах Кураанда: «Аллах уруксат
бербегенди мыйзамдаштырчу
алардын башка кудайлары
барбы?!» (42:21)-дейт.
пайгамбарыбыз с.а.в.дан айбан
майы, сыр жана тери тууралу
сураганда: «Халал - Аллах
Китебинде уруксат бергени,
харам - тыйуу салганы. Ал
эми унчукпаганы - силер үчүн
жакшылык» -деп,
пайгамбарыбыз с.а.в. оболу
адал жана арамдын
критерийлерин белгилеп жооп
бергенин айтат. Дагы бир
хадисте пайгамбарыбыз с.а.в.:
«Аллах силерге буюрган
белгилүү милдеттерди көз
жаздымда калтырбагыла;
Анын белгилеген чектерин
жана тыйуу салгандарын
бузбагыла; ал эми Анын
унчукпагандары – силер үчүн
жакшылык, Анын
унуутчактыгы эмес,
ошондуктан сурай бербегиле» -
деп, арам болбогондун баары
адал экенин тастыктаган.
Ошондой эле заттар гана эмес
коомдук салттар жана адамдар
ортосундагы мамилелерде да
тыйуу салынгандан башкасына
уруксат берилгени: «Ал тыйуу
салганын силерге түшүндүрдү
го...» (6:119) –деген аят менен
бекитилген. Окумуштуулар
адамдар ортосундагы
мамилелерди тиричилик
катнаштарынан чыккан
маселелерди чечүүнүн тарыхый
процессинде калыптанган
практика жана адамдардын
Жаратуучусун аздектөөсү -
ибадаттар деп шарттуу экиге
бөлүп карашат. Булардын
биринчисин Аллах болгону
коомду иритүүчү, бузуучу
салттардан гана тыйуу менен
тартипейт. Ал эми экинчисинде
ибадат коом саламаттыгын
сактоонун негизги устуну
болгондуктан, аны аткарууда
адамдарга ыктыяр берген эмес
жана алардын так
аткарылылуусун Өзү гана
регламенттеп, мусулмандардын
жалгыз Аллахка жана Анын
пайгамбары көрсөткөндөй
сыйынуусун катуу талап кылат.
Пайгамбарбыз с.а.в.: «Биздин
шариатка туура келбеген иш
кабыл кылынбайт» -деген.
Тартиптен четтегендер тууралу
Аллах Кураанда: «Аллах уруксат
бербегенди мыйзамдаштырчу
алардын башка кудайлары
барбы?!» (42:21)-дейт.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#5 01 August 2014 - 01:59
Ошентип,
Аллах анык тыйуу
салбаган категория адал деп
эсептелген бул императив
заттарга жана адамдардын
мамилелерине гана тиешелүү
жана Аллахтын түз тыйуу салган
буйругусуз адамдардын жашоо
салттарын чектөөгө уруксат жок.
Ал эми ибадат Аллахтын гана
так көрсөтүлгөн тартиби менен
жүргүзүлгөндүктөн, ибадатта
адамга ыктыяр берилген эмес.
салбаган категория адал деп
эсептелген бул императив
заттарга жана адамдардын
мамилелерине гана тиешелүү
жана Аллахтын түз тыйуу салган
буйругусуз адамдардын жашоо
салттарын чектөөгө уруксат жок.
Ал эми ибадат Аллахтын гана
так көрсөтүлгөн тартиби менен
жүргүзүлгөндүктөн, ибадатта
адамга ыктыяр берилген эмес.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#6 01 August 2014 - 02:01
2-императив.
УРУКСАТ БЕРҮҮ
ЖАНА ТЫЙУУ САЛУУ –
ЖАЛГЫЗ УКУГУ
Ислам дини халал жана харамды
түшүнүүдөгү экинчи императив
менен колунда барлардын,
бийлик ээлеринин динине,
коомдук абалына карабай өз
алдынча мыйзам чыгаруусун
чектейт. Эгер алар Алахтын
кулдарынына өз алдынча тыйуу
салып, же уруксат берип
киришсе – Аллахтын мыйзам
чыгаруу касиеттин талашкан
болуп, мусулмандардын ал
светтик же диний «мыйзам
чыгаруучулардын»
волюнтаризмине моюн сунуп,
аларды ээрчип, мыйзамдарын
ыраазы болуп аткарганы –
Аллахка башканы теңдеш
туткандай ширк деп эсептелет .
Ислам дини негизинде эле
чиркөө кызматкерлери,
китепчилер , падышалар же
султандар болсун мыйзам
чыгарууга укугу жоктугун дагы
бир ирет тастыктап, Аллах
Кураанда китеп ээлеринин
раввиндер менен чиркөө
кызматкерлеринин адал же
арам кылгандарына моюн
сунгандыгын: « (Жөөттөр жана
христиандар) өздөрүнүн
окумуштууларын жана
монахтарын ошондой эле
Марьямдын уулу Масихти
Аллахтан башка кудай сымал
таанышчу. Бирок аларга
теңдешсиз, жалгыз Кудайга
гана ибадат кылуу буюрулган
эле. Ага мактоолор болсун, Ал
алардын көп кудайлуулугунан
(бийик ) » (9:31)-деп жерийт. Муну
уккан, али Исламды кабыл кыла
элек христиан Ади ибн Хатим
пайгамбарыбыз с.а.в.дан: «Эй
Аллахтын элчиси, алар
раввиндерге, чиркөө
кызматкерлерине жана
Маьямдын уулу Масихке ибадат
кылышкан жок го»-деп таң
калат. Пайгамбарыбыз с.а.в.
буга: «Туура, бирок алар
адамдарга Аллах уруксат
бергенге тыйуу салып, Ал
тыйуу салганга уруксат
беришет. Жана адамдар
алардын уруксат бергенине
жана тыйуу салганына моюн
сунганы – аларга ибадат
кылганы болуп эсептелет» -деп
жооп берген. Демек, уруксат
берүү, тыйуу салуу
прерогативасы жалгыз Аллахка
гана таандык жана Анын
чечими түздөн түз китеби
аркылуу же пайгамбарынын
сөзү аркылуу бетитилип турган.
Ошондуктан пайгабарыбыз
с.а.в.дын жанында жүргөн
сахабалары да Аллахтын
өкүмдөрүн өз алдынча
түшүндүрүүдөн качышчу.
ЖАНА ТЫЙУУ САЛУУ –
ЖАЛГЫЗ УКУГУ
Ислам дини халал жана харамды
түшүнүүдөгү экинчи императив
менен колунда барлардын,
бийлик ээлеринин динине,
коомдук абалына карабай өз
алдынча мыйзам чыгаруусун
чектейт. Эгер алар Алахтын
кулдарынына өз алдынча тыйуу
салып, же уруксат берип
киришсе – Аллахтын мыйзам
чыгаруу касиеттин талашкан
болуп, мусулмандардын ал
светтик же диний «мыйзам
чыгаруучулардын»
волюнтаризмине моюн сунуп,
аларды ээрчип, мыйзамдарын
ыраазы болуп аткарганы –
Аллахка башканы теңдеш
туткандай ширк деп эсептелет .
Ислам дини негизинде эле
чиркөө кызматкерлери,
китепчилер , падышалар же
султандар болсун мыйзам
чыгарууга укугу жоктугун дагы
бир ирет тастыктап, Аллах
Кураанда китеп ээлеринин
раввиндер менен чиркөө
кызматкерлеринин адал же
арам кылгандарына моюн
сунгандыгын: « (Жөөттөр жана
христиандар) өздөрүнүн
окумуштууларын жана
монахтарын ошондой эле
Марьямдын уулу Масихти
Аллахтан башка кудай сымал
таанышчу. Бирок аларга
теңдешсиз, жалгыз Кудайга
гана ибадат кылуу буюрулган
эле. Ага мактоолор болсун, Ал
алардын көп кудайлуулугунан
(бийик ) » (9:31)-деп жерийт. Муну
уккан, али Исламды кабыл кыла
элек христиан Ади ибн Хатим
пайгамбарыбыз с.а.в.дан: «Эй
Аллахтын элчиси, алар
раввиндерге, чиркөө
кызматкерлерине жана
Маьямдын уулу Масихке ибадат
кылышкан жок го»-деп таң
калат. Пайгамбарыбыз с.а.в.
буга: «Туура, бирок алар
адамдарга Аллах уруксат
бергенге тыйуу салып, Ал
тыйуу салганга уруксат
беришет. Жана адамдар
алардын уруксат бергенине
жана тыйуу салганына моюн
сунганы – аларга ибадат
кылганы болуп эсептелет» -деп
жооп берген. Демек, уруксат
берүү, тыйуу салуу
прерогативасы жалгыз Аллахка
гана таандык жана Анын
чечими түздөн түз китеби
аркылуу же пайгамбарынын
сөзү аркылуу бетитилип турган.
Ошондуктан пайгабарыбыз
с.а.в.дын жанында жүргөн
сахабалары да Аллахтын
өкүмдөрүн өз алдынча
түшүндүрүүдөн качышчу.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#7 01 August 2014 - 02:03
Ибн ас-Саиб пайгамбарыбыз
с.а.в.дын сахабасы ар-Рабиа ибн
Хайсаманын: «Аллахтын адал же
арам тууралуу өкүмдөрүн
түшүндүрүүдө этият болгула!
Анткени, Ал: «Жалган айтпа!
Мен буга тыйуу салган
эмесмин!» -деши мүмкүн» -
деген. Бул салтты улап жана
ката кетирүүдөн коркуп
көптөгөн дин окумуштуулары
(факихтер), мусулман
уламалары Аллахтын адал жана
арамы тууралуу өз алдынча
фатва чыгаруудан качып, Анын
тыйуу салган жана уруксат
берген категорияларын атоо
менен гана чектелип келишкен.
Имам аш-Шафии «Аль-Умм»
аттуу китебинде Абу Ханифанын
шакирти, белгилүү аалым Абу
Юсуфтун: «Биздин чыгаан
окумуштууларыбыз билиминин
тереңдигине карабай Кураанда
түздөн түз адал же арам делген
өкүмдөрдөн башкасын өз
алдынча түшүндүрүп кирүүдөн
коркушчу»-дегенин жазган.
с.а.в.дын сахабасы ар-Рабиа ибн
Хайсаманын: «Аллахтын адал же
арам тууралуу өкүмдөрүн
түшүндүрүүдө этият болгула!
Анткени, Ал: «Жалган айтпа!
Мен буга тыйуу салган
эмесмин!» -деши мүмкүн» -
деген. Бул салтты улап жана
ката кетирүүдөн коркуп
көптөгөн дин окумуштуулары
(факихтер), мусулман
уламалары Аллахтын адал жана
арамы тууралуу өз алдынча
фатва чыгаруудан качып, Анын
тыйуу салган жана уруксат
берген категорияларын атоо
менен гана чектелип келишкен.
Имам аш-Шафии «Аль-Умм»
аттуу китебинде Абу Ханифанын
шакирти, белгилүү аалым Абу
Юсуфтун: «Биздин чыгаан
окумуштууларыбыз билиминин
тереңдигине карабай Кураанда
түздөн түз адал же арам делген
өкүмдөрдөн башкасын өз
алдынча түшүндүрүп кирүүдөн
коркушчу»-дегенин жазган.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#8 01 August 2014 - 02:04
Ибн ас-Саиб пайгамбарыбыз
с.а.в.дын сахабасы ар-Рабиа ибн
Хайсаманын: «Аллахтын адал же
арам тууралуу өкүмдөрүн
түшүндүрүүдө этият болгула!
Анткени, Ал: «Жалган айтпа!
Мен буга тыйуу салган
эмесмин!» -деши мүмкүн» -
деген. Бул салтты улап жана
ката кетирүүдөн коркуп
көптөгөн дин окумуштуулары
(факихтер), мусулман
уламалары Аллахтын адал жана
арамы тууралуу өз алдынча
фатва чыгаруудан качып, Анын
тыйуу салган жана уруксат
берген категорияларын атоо
менен гана чектелип келишкен.
Имам аш-Шафии «Аль-Умм»
аттуу китебинде Абу Ханифанын
шакирти, белгилүү аалым Абу
Юсуфтун: «Биздин чыгаан
окумуштууларыбыз билиминин
тереңдигине карабай Кураанда
түздөн түз адал же арам делген
өкүмдөрдөн башкасын өз
алдынча түшүндүрүп кирүүдөн
коркушчу»-дегенин жазган.
с.а.в.дын сахабасы ар-Рабиа ибн
Хайсаманын: «Аллахтын адал же
арам тууралуу өкүмдөрүн
түшүндүрүүдө этият болгула!
Анткени, Ал: «Жалган айтпа!
Мен буга тыйуу салган
эмесмин!» -деши мүмкүн» -
деген. Бул салтты улап жана
ката кетирүүдөн коркуп
көптөгөн дин окумуштуулары
(факихтер), мусулман
уламалары Аллахтын адал жана
арамы тууралуу өз алдынча
фатва чыгаруудан качып, Анын
тыйуу салган жана уруксат
берген категорияларын атоо
менен гана чектелип келишкен.
Имам аш-Шафии «Аль-Умм»
аттуу китебинде Абу Ханифанын
шакирти, белгилүү аалым Абу
Юсуфтун: «Биздин чыгаан
окумуштууларыбыз билиминин
тереңдигине карабай Кураанда
түздөн түз адал же арам делген
өкүмдөрдөн башкасын өз
алдынча түшүндүрүп кирүүдөн
коркушчу»-дегенин жазган.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#9 01 August 2014 - 02:06
3-императив.
АДАЛГА ТЫЙУУ
САЛЫП, АРАМГА УРУКСАТ
БЕРҮҮ - ШИРК
Пайгамбарыбыз с.а.в. өзүнүн
пайгамбарлык миссиясын: «Мен
таза ханафия менен
жөнөтүлгөмүн» -деп
түшүндүрөт. Анткени, ханафия
мурдагы пайгамбарлардын
чыныгы монотеисттик ишенимге
негизделген мурасы катары
каралгандыктан тазалык –
жалгыз Аллахтын өкүмүнө гана
баш ийүүнү туюндурат.
Пайгамбарыбыз с.а.в. кайсыдыр
кудсий хадисте Аллахтын: « Мен
адамдарды (ханифа) жалгыз
кудайлуулукту тан алгандай
кылып жараткам. Бирок,
шайтандар Мен уруксат
бергенге тыйуу салып, Мен
буюрбаган нерселерди Мага
шылтап аларды түз жолдон
буруп келишет » -дегенин айтат.
Ислам арамды адалдоону,
Шайтанды ээрчип анын ар бир
жол ачуусуна тыйуу салат.
Аллахтын өкүмүн түз бузбаганы
менен, аны айланып өтүп, адал
деп жарыялаганы үчүн
Жараткан жөөттөрдү
наалаттаган. Пайгамбарыбыз
с.а.в.: «Аллахтын өкүмдөрүн
айланып өткөн жөөттөргө
окшоп кыйтырлык
кылбагыла» -деп эскерткен. Бул
хадисте пайгамбарыбыз с.а.в.
Аллах жөөттөргө ишемби күнү
балык уулаганы тыйуу салып,
бирок алар торун жума кечинде
салып, жекшемби тартып
алганын айтып жатат.
САЛЫП, АРАМГА УРУКСАТ
БЕРҮҮ - ШИРК
Пайгамбарыбыз с.а.в. өзүнүн
пайгамбарлык миссиясын: «Мен
таза ханафия менен
жөнөтүлгөмүн» -деп
түшүндүрөт. Анткени, ханафия
мурдагы пайгамбарлардын
чыныгы монотеисттик ишенимге
негизделген мурасы катары
каралгандыктан тазалык –
жалгыз Аллахтын өкүмүнө гана
баш ийүүнү туюндурат.
Пайгамбарыбыз с.а.в. кайсыдыр
кудсий хадисте Аллахтын: « Мен
адамдарды (ханифа) жалгыз
кудайлуулукту тан алгандай
кылып жараткам. Бирок,
шайтандар Мен уруксат
бергенге тыйуу салып, Мен
буюрбаган нерселерди Мага
шылтап аларды түз жолдон
буруп келишет » -дегенин айтат.
Ислам арамды адалдоону,
Шайтанды ээрчип анын ар бир
жол ачуусуна тыйуу салат.
Аллахтын өкүмүн түз бузбаганы
менен, аны айланып өтүп, адал
деп жарыялаганы үчүн
Жараткан жөөттөрдү
наалаттаган. Пайгамбарыбыз
с.а.в.: «Аллахтын өкүмдөрүн
айланып өткөн жөөттөргө
окшоп кыйтырлык
кылбагыла» -деп эскерткен. Бул
хадисте пайгамбарыбыз с.а.в.
Аллах жөөттөргө ишемби күнү
балык уулаганы тыйуу салып,
бирок алар торун жума кечинде
салып, жекшемби тартып
алганын айтып жатат.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#10 01 August 2014 - 02:06
3-императив.
АДАЛГА ТЫЙУУ
САЛЫП, АРАМГА УРУКСАТ
БЕРҮҮ - ШИРК
Пайгамбарыбыз с.а.в. өзүнүн
пайгамбарлык миссиясын: «Мен
таза ханафия менен
жөнөтүлгөмүн» -деп
түшүндүрөт. Анткени, ханафия
мурдагы пайгамбарлардын
чыныгы монотеисттик ишенимге
негизделген мурасы катары
каралгандыктан тазалык –
жалгыз Аллахтын өкүмүнө гана
баш ийүүнү туюндурат.
Пайгамбарыбыз с.а.в. кайсыдыр
кудсий хадисте Аллахтын: « Мен
адамдарды (ханифа) жалгыз
кудайлуулукту тан алгандай
кылып жараткам. Бирок,
шайтандар Мен уруксат
бергенге тыйуу салып, Мен
буюрбаган нерселерди Мага
шылтап аларды түз жолдон
буруп келишет » -дегенин айтат.
Ислам арамды адалдоону,
Шайтанды ээрчип анын ар бир
жол ачуусуна тыйуу салат.
Аллахтын өкүмүн түз бузбаганы
менен, аны айланып өтүп, адал
деп жарыялаганы үчүн
Жараткан жөөттөрдү
наалаттаган. Пайгамбарыбыз
с.а.в.: «Аллахтын өкүмдөрүн
айланып өткөн жөөттөргө
окшоп кыйтырлык
кылбагыла» -деп эскерткен. Бул
хадисте пайгамбарыбыз с.а.в.
Аллах жөөттөргө ишемби күнү
балык уулаганы тыйуу салып,
бирок алар торун жума кечинде
салып, жекшемби тартып
алганын айтып жатат.
САЛЫП, АРАМГА УРУКСАТ
БЕРҮҮ - ШИРК
Пайгамбарыбыз с.а.в. өзүнүн
пайгамбарлык миссиясын: «Мен
таза ханафия менен
жөнөтүлгөмүн» -деп
түшүндүрөт. Анткени, ханафия
мурдагы пайгамбарлардын
чыныгы монотеисттик ишенимге
негизделген мурасы катары
каралгандыктан тазалык –
жалгыз Аллахтын өкүмүнө гана
баш ийүүнү туюндурат.
Пайгамбарыбыз с.а.в. кайсыдыр
кудсий хадисте Аллахтын: « Мен
адамдарды (ханифа) жалгыз
кудайлуулукту тан алгандай
кылып жараткам. Бирок,
шайтандар Мен уруксат
бергенге тыйуу салып, Мен
буюрбаган нерселерди Мага
шылтап аларды түз жолдон
буруп келишет » -дегенин айтат.
Ислам арамды адалдоону,
Шайтанды ээрчип анын ар бир
жол ачуусуна тыйуу салат.
Аллахтын өкүмүн түз бузбаганы
менен, аны айланып өтүп, адал
деп жарыялаганы үчүн
Жараткан жөөттөрдү
наалаттаган. Пайгамбарыбыз
с.а.в.: «Аллахтын өкүмдөрүн
айланып өткөн жөөттөргө
окшоп кыйтырлык
кылбагыла» -деп эскерткен. Бул
хадисте пайгамбарыбыз с.а.в.
Аллах жөөттөргө ишемби күнү
балык уулаганы тыйуу салып,
бирок алар торун жума кечинде
салып, жекшемби тартып
алганын айтып жатат.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#11 01 August 2014 - 02:09
Ошондой эле арамдын түсүн,
атын жана затын аралаштыруу
менен адалга чыгаруу да оор
күнөө. Анын кээ бир сапаттарын
өзгөртүү менен негизги заттык
сапаты өзгөрүлүп калбайт. Буга
«арак деле буудайдан жасалат»,
«үстөк пул пайда апкелет» деп
арамды актагандарды айтса
болот. Пайгамбарыбыз с.а.в.
булар тууралу: «Менин
үммөтүмдө арактын атын
өзгөртүп уруксат бергендер
болот», «Бир кезде адамдар
үстөктү соода деп уруксат
беришет» -деген. Ушундан улам
азыр чын эле эротикалык
бийлер – «искусство», алкоголь –
«илхам ичимдиги» жана «үстөк
– ишкердик» деп аталып калды.
Ислам арамды белгилеп гана
койбостон ага алып баруучу
шарттарды да көзөмөлдөп,
тартиптейт. Эгер кайсыдыр
аракет арамга алып барса же ага
шарт түзсө анын өзү да арам
өкүмүнө кирип калат. Мисалы,
аялдын колу менен жүзүнөн
башкасы аврат жана аларга жат
адамдын (атайлап шакват үчүн
кароону эске албаганда) көзү
түшсө күнөө эмес. Кээ бир
мазхабдарда көргөнгө уруксаты
барды кармаса да болот дейт.
Т.а. аялдын колун кармоо
тегинде арам эмес. Ал эми
никесиз байланыш, жыныстык
катнаш арам. Никесиз
байланышка алып баруусун
утурлап, шариат жат аял менен
кол алышып көрүшүүгө да
тыйуу салат.
атын жана затын аралаштыруу
менен адалга чыгаруу да оор
күнөө. Анын кээ бир сапаттарын
өзгөртүү менен негизги заттык
сапаты өзгөрүлүп калбайт. Буга
«арак деле буудайдан жасалат»,
«үстөк пул пайда апкелет» деп
арамды актагандарды айтса
болот. Пайгамбарыбыз с.а.в.
булар тууралу: «Менин
үммөтүмдө арактын атын
өзгөртүп уруксат бергендер
болот», «Бир кезде адамдар
үстөктү соода деп уруксат
беришет» -деген. Ушундан улам
азыр чын эле эротикалык
бийлер – «искусство», алкоголь –
«илхам ичимдиги» жана «үстөк
– ишкердик» деп аталып калды.
Ислам арамды белгилеп гана
койбостон ага алып баруучу
шарттарды да көзөмөлдөп,
тартиптейт. Эгер кайсыдыр
аракет арамга алып барса же ага
шарт түзсө анын өзү да арам
өкүмүнө кирип калат. Мисалы,
аялдын колу менен жүзүнөн
башкасы аврат жана аларга жат
адамдын (атайлап шакват үчүн
кароону эске албаганда) көзү
түшсө күнөө эмес. Кээ бир
мазхабдарда көргөнгө уруксаты
барды кармаса да болот дейт.
Т.а. аялдын колун кармоо
тегинде арам эмес. Ал эми
никесиз байланыш, жыныстык
катнаш арам. Никесиз
байланышка алып баруусун
утурлап, шариат жат аял менен
кол алышып көрүшүүгө да
тыйуу салат.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#12 01 August 2014 - 02:11
Ошондой эле, аялдарга
жасанууга уруксат, бирок
бузукулукка шарт түзүлбөсү
үчүн ислам аялдарды көчөгө
жасанып чыгуусун чектейт.
Дары -дармекте да адамдын
оорусу айыгуу үчүн адатта
арамдан деле колдоно беришет
жана муну муктаждык деп
актанышат. Чындыгында адам
ден соолугуна адалдан дары
табылбай калса гана арамга
уруксат берилет. Бирок, кудайга
шүгүр бүгүн арамга караганда
адалдары толтура. Кеп аны
издөөдө.
Аллах уруксат бергенди өз
алдынча тыйып, Анын
кулдарынын укугун
чектегендерди жана Ал тыйуу
салганга уруксат берип, коомдун
бузган кээ бир чектен ашкан
фанаттарды утурлап Аллах: «Эй
ыйман келтиргендер! Аллах
уруксат берген жагымдуу
нерселерге тыйуу салбагыла.
Анын мыйзамдарын бузбагыла,
Ал кылмышкерлерди жакшы
көрбөйт. Силерге ырыскы
кылынып, уруксат берилген
жана жагымдуу тамактарды
жегиле жана силер ишенген
Аллахтан корккула! » (5:87-88)-
дейт. Ошондой эле
пайгамбарыбыз с.а.в. да
мусулмандардын чектен
ашуусун эскертип: «Чектен
чыккандарга наалат» -
деген. Ошентип, адалга тыйуу
салуу жана арамга уруксат берүү
–ширк.
жасанууга уруксат, бирок
бузукулукка шарт түзүлбөсү
үчүн ислам аялдарды көчөгө
жасанып чыгуусун чектейт.
Дары -дармекте да адамдын
оорусу айыгуу үчүн адатта
арамдан деле колдоно беришет
жана муну муктаждык деп
актанышат. Чындыгында адам
ден соолугуна адалдан дары
табылбай калса гана арамга
уруксат берилет. Бирок, кудайга
шүгүр бүгүн арамга караганда
адалдары толтура. Кеп аны
издөөдө.
Аллах уруксат бергенди өз
алдынча тыйып, Анын
кулдарынын укугун
чектегендерди жана Ал тыйуу
салганга уруксат берип, коомдун
бузган кээ бир чектен ашкан
фанаттарды утурлап Аллах: «Эй
ыйман келтиргендер! Аллах
уруксат берген жагымдуу
нерселерге тыйуу салбагыла.
Анын мыйзамдарын бузбагыла,
Ал кылмышкерлерди жакшы
көрбөйт. Силерге ырыскы
кылынып, уруксат берилген
жана жагымдуу тамактарды
жегиле жана силер ишенген
Аллахтан корккула! » (5:87-88)-
дейт. Ошондой эле
пайгамбарыбыз с.а.в. да
мусулмандардын чектен
ашуусун эскертип: «Чектен
чыккандарга наалат» -
деген. Ошентип, адалга тыйуу
салуу жана арамга уруксат берүү
–ширк.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#13 01 August 2014 - 02:14
4-императив.
АРАМДЫН КЭЭ
БИР ТАЗАЛЫК ЖАНА ЗЫЯН
НЕГИЗДЕРИ
Аллах уруксат берүү жана тыйуу
салуу укугун Өзүнө гана
калтырганы Анын Өзү жараткан
Адам атага жана анын
урпактарына кыяматка чейин
жакшылыктарды ыраа
көргөнүнө далил. Ар бир затка,
кубулушка жана категорияга
кандай мамиле жасоону анын
Жаратуучусу гана беките алат,
анткени Ал алардын заттык
сапатын, талап кылынган
мамилелердин акыйкатын
билет. Бул билим чексиз
болгондуктан аны аңдоого
адамдын акылы дээрлик жете
бербегендиктен Аллах тыйуу
салып же уруксат бергенинин
акыйкатын кулдарына дайым
эле түшүндүрө бербейт.
Ошондуктан Анын өкүмүнө
кулдары: «Уктук жана моюн
сунабыз!» деши гана керек.
Бирок Аллах Кураанда: «Алар
сенден халал тууралуу сурашат.
«Силерге жакшылык гана
халал кылынды...»-деп жооп
бергин!» (5:4)-деп, уруксат
бергени жалаң гана жакшылык
экенин да айтат. Ошондон улам
зыян жана булганычты - харам,
таза жана пайдалуулуну - халал
дешет. Анын үстүнө харамдын
зыянын, халалдын тазалыгын,
жакшылыгын жана пайдасын
улам өнүгүп отурган илим да
күн сайын далилдеп келет.
Мисалы, Аллах чочконун этине
тыйуу салган себебин
түшүндүргөн эмес. Убакыт өтүм
бүгүнкү илим чочконун
этиндеги адамга эң зыяндуу
ферменттерди, алардын адамдын
жеке гана эмес, коомдук
жашоосун ыдыраткан
факторлорун да айгинилеп
отурат. Ошондой эле
пайгамбарыбыз с.а.в.: «Аллах
наалат кылган үч амалдан –
аккан сууга, жолго жана
көлөкөгө заара ушаткандан
качкыла» -дейт. Адамдар суудан
колдонот, жолдон өтөт жана
көлөкөгө эс алганы отурат.
Азыркы медицина кээ бир оор
инфекциялык оорулар заара
аркылуу тароосун далилдеди.
БИР ТАЗАЛЫК ЖАНА ЗЫЯН
НЕГИЗДЕРИ
Аллах уруксат берүү жана тыйуу
салуу укугун Өзүнө гана
калтырганы Анын Өзү жараткан
Адам атага жана анын
урпактарына кыяматка чейин
жакшылыктарды ыраа
көргөнүнө далил. Ар бир затка,
кубулушка жана категорияга
кандай мамиле жасоону анын
Жаратуучусу гана беките алат,
анткени Ал алардын заттык
сапатын, талап кылынган
мамилелердин акыйкатын
билет. Бул билим чексиз
болгондуктан аны аңдоого
адамдын акылы дээрлик жете
бербегендиктен Аллах тыйуу
салып же уруксат бергенинин
акыйкатын кулдарына дайым
эле түшүндүрө бербейт.
Ошондуктан Анын өкүмүнө
кулдары: «Уктук жана моюн
сунабыз!» деши гана керек.
Бирок Аллах Кураанда: «Алар
сенден халал тууралуу сурашат.
«Силерге жакшылык гана
халал кылынды...»-деп жооп
бергин!» (5:4)-деп, уруксат
бергени жалаң гана жакшылык
экенин да айтат. Ошондон улам
зыян жана булганычты - харам,
таза жана пайдалуулуну - халал
дешет. Анын үстүнө харамдын
зыянын, халалдын тазалыгын,
жакшылыгын жана пайдасын
улам өнүгүп отурган илим да
күн сайын далилдеп келет.
Мисалы, Аллах чочконун этине
тыйуу салган себебин
түшүндүргөн эмес. Убакыт өтүм
бүгүнкү илим чочконун
этиндеги адамга эң зыяндуу
ферменттерди, алардын адамдын
жеке гана эмес, коомдук
жашоосун ыдыраткан
факторлорун да айгинилеп
отурат. Ошондой эле
пайгамбарыбыз с.а.в.: «Аллах
наалат кылган үч амалдан –
аккан сууга, жолго жана
көлөкөгө заара ушаткандан
качкыла» -дейт. Адамдар суудан
колдонот, жолдон өтөт жана
көлөкөгө эс алганы отурат.
Азыркы медицина кээ бир оор
инфекциялык оорулар заара
аркылуу тароосун далилдеди.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#14 01 August 2014 - 02:15
Ошондой эле Аллахтын кээ бир
пайдасы бар нерселерге да
тыйуу салганы да бар. Мисалы,
Аллах Кураанда (майсир
тууралуу): «Сенден арак жана
майсир тууралуу сурашат.
«Экөө тең чоң күнөө, кээ бир
пайдасы да бар, бирок
пайдасына караганда зыяны
көбүрөөк»-дегин» (2:219)-деп,
арактын жана кумардын кээ
пайдаларын айтуу менен
алардын кесепети пайдасынан
алда канча оор болоорун да
эскертет. Мындан кайсыдыр
нерседе арам оордук кылса
арамга, адал оордук кылса
адалга оогон принцып пайда
болду. Чынында эле алардын
адамзатына апкелген оопаты
тууралуу бүгүнкү социология,
психология ж.б. бир катар
илимдер келтирген далилдер
үрөйдү учурат. Күн сайын көз
алдыбызда бүтүндөй
мамлекеттер урап, калкы
кырылып жатканы карандай
чындык.
пайдасы бар нерселерге да
тыйуу салганы да бар. Мисалы,
Аллах Кураанда (майсир
тууралуу): «Сенден арак жана
майсир тууралуу сурашат.
«Экөө тең чоң күнөө, кээ бир
пайдасы да бар, бирок
пайдасына караганда зыяны
көбүрөөк»-дегин» (2:219)-деп,
арактын жана кумардын кээ
пайдаларын айтуу менен
алардын кесепети пайдасынан
алда канча оор болоорун да
эскертет. Мындан кайсыдыр
нерседе арам оордук кылса
арамга, адал оордук кылса
адалга оогон принцып пайда
болду. Чынында эле алардын
адамзатына апкелген оопаты
тууралуу бүгүнкү социология,
психология ж.б. бир катар
илимдер келтирген далилдер
үрөйдү учурат. Күн сайын көз
алдыбызда бүтүндөй
мамлекеттер урап, калкы
кырылып жатканы карандай
чындык.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#15 01 August 2014 - 02:17
5-императив.
АДАЛДА АРАМДАН
КУТУЛУУ БАР
Исламда кайсыдыр нерсеге
тыйуу салынса, ордуна албетте
андан жакшыраагы сунуш
кылынат. Бул исламдын дагы
бир өзгөчөлүгү. Бул жагдайды
Ибн аль-Кайим: «Аллах
келечекти билүү үчүн пал (төлгө
ж.б.) ачууга тыйуу салды, бирок,
анын ордуна Аллахтан жакшы
келечек үчүн дуба кылып,
истихаара окууну сунуш кылды.
Аллах үстөккө тыйуу салды,
бирок кирешелүү соодага
уруксат берди. Кумарга тыйуу
салды, бирок, ат, төө чабыш,
жаа атыш ж.б. диний адепке
жана шариатка каршы келбеген
мелдештерде байге сайууга
уруксат берди. Эркектерге
жибек кийимге тыйуу салып,
жүн, пахтага уруксат берди.
Сойкулук, бачабаздыкка
окшогон бузукулуктарга тыйуу
салып, диний нике менен
жыныстык мамилеге уруксат
берди. Арак ичимдиктерин арам
кылып, пайдалуу жана жан
эргиткен ичимдиктерди адал
кылды. Арам тамакка тыйуу
салып, адалына уруксат берди»-
деп түшүндүрөт. Ушундан улам
Аллах пенделерин кайсыдыр
нерседен тыйса, анын ордуна
ушуга окшош, бирок сөзсүз
андан жакшыраагын жана
пайдалуусун сунуш кылганын
байкаса болот. Анткени Аллах
туура жол менен пенделеринин
жашоосун жеңилдеткиси келет.
Анын бул жакшылыгы тууралу
Кураанда: «Аллах силерге (бул
өкүмдөрдү) түшүндүргүсү,
мурдагы (пайгамбар) лардын
мыйзамдарына багыттап,
силерди кечиргиси келет.
Анткени, Аллах –Билүүчү жана
Даанышман! Аллах силерди
кечиргиси келет. Ал эми өз
каалоолорун ээрчигендер
силерди (түз жолдон) чыгаруу
үчүн бүт күчүн жумшашат.
Аллах силердин (жашооңорду)
жеңилдеткиси келет, себеби
адам табиятында алсыз
жаратылган» -делет.
КУТУЛУУ БАР
Исламда кайсыдыр нерсеге
тыйуу салынса, ордуна албетте
андан жакшыраагы сунуш
кылынат. Бул исламдын дагы
бир өзгөчөлүгү. Бул жагдайды
Ибн аль-Кайим: «Аллах
келечекти билүү үчүн пал (төлгө
ж.б.) ачууга тыйуу салды, бирок,
анын ордуна Аллахтан жакшы
келечек үчүн дуба кылып,
истихаара окууну сунуш кылды.
Аллах үстөккө тыйуу салды,
бирок кирешелүү соодага
уруксат берди. Кумарга тыйуу
салды, бирок, ат, төө чабыш,
жаа атыш ж.б. диний адепке
жана шариатка каршы келбеген
мелдештерде байге сайууга
уруксат берди. Эркектерге
жибек кийимге тыйуу салып,
жүн, пахтага уруксат берди.
Сойкулук, бачабаздыкка
окшогон бузукулуктарга тыйуу
салып, диний нике менен
жыныстык мамилеге уруксат
берди. Арак ичимдиктерин арам
кылып, пайдалуу жана жан
эргиткен ичимдиктерди адал
кылды. Арам тамакка тыйуу
салып, адалына уруксат берди»-
деп түшүндүрөт. Ушундан улам
Аллах пенделерин кайсыдыр
нерседен тыйса, анын ордуна
ушуга окшош, бирок сөзсүз
андан жакшыраагын жана
пайдалуусун сунуш кылганын
байкаса болот. Анткени Аллах
туура жол менен пенделеринин
жашоосун жеңилдеткиси келет.
Анын бул жакшылыгы тууралу
Кураанда: «Аллах силерге (бул
өкүмдөрдү) түшүндүргүсү,
мурдагы (пайгамбар) лардын
мыйзамдарына багыттап,
силерди кечиргиси келет.
Анткени, Аллах –Билүүчү жана
Даанышман! Аллах силерди
кечиргиси келет. Ал эми өз
каалоолорун ээрчигендер
силерди (түз жолдон) чыгаруу
үчүн бүт күчүн жумшашат.
Аллах силердин (жашооңорду)
жеңилдеткиси келет, себеби
адам табиятында алсыз
жаратылган» -делет.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#16 01 August 2014 - 02:18
6-императив.
АРАМГА АЛЫП
БАРУУЧУ ДА АРАМ
Исламда тыйуу салынганга алып
баруучуга да тыйуу салынат
жана ал жолго бөгөттөр коюлат.
Мисалы, исламда сойкулукка
жана никесиз байланышка
тыйуу салынгандыктан, ага
алып баруучу же анын пайда
болуусуна шарт түзүүчү
(никесиз эркек менен аялдын
кол алып, өбүшүп
саламдашуусу, алардын
оолактап калуусу ж.б.)
байланыштарга жана адамдарды
азгыруучу эротикалык, порно же
ушул сыяктуу адабият, адеп
жана маданиятка да тыйуу
салат.
Бул өкүм аны жасап жаткан
гана эмес, ага тиешеси боло
турган ар бир адамга жайылат.
Бул өкүмдү түз бузбаса да анын
бузулуусуна салым кошкон (аны
тейлеген, көмөктөшкөн,
токтотпогон) ар бир адам
жазасын алат. Пайгамбарыбыз
с.а.в. арак ичкендерди гана
эмес, аны чыгаргандарды,
ташыгандарды, саткандарды
жана токтотпогондорду кошуп,
үстөк пулга каражат берип жана
алгандарды гана эмес, анын
жайылуусуна
жардамдашкандардын да ар
бирин наалаттаган. Демек,
арамга алып барган жол да арам
жана ага ким түшсө күнөөкөр.
БАРУУЧУ ДА АРАМ
Исламда тыйуу салынганга алып
баруучуга да тыйуу салынат
жана ал жолго бөгөттөр коюлат.
Мисалы, исламда сойкулукка
жана никесиз байланышка
тыйуу салынгандыктан, ага
алып баруучу же анын пайда
болуусуна шарт түзүүчү
(никесиз эркек менен аялдын
кол алып, өбүшүп
саламдашуусу, алардын
оолактап калуусу ж.б.)
байланыштарга жана адамдарды
азгыруучу эротикалык, порно же
ушул сыяктуу адабият, адеп
жана маданиятка да тыйуу
салат.
Бул өкүм аны жасап жаткан
гана эмес, ага тиешеси боло
турган ар бир адамга жайылат.
Бул өкүмдү түз бузбаса да анын
бузулуусуна салым кошкон (аны
тейлеген, көмөктөшкөн,
токтотпогон) ар бир адам
жазасын алат. Пайгамбарыбыз
с.а.в. арак ичкендерди гана
эмес, аны чыгаргандарды,
ташыгандарды, саткандарды
жана токтотпогондорду кошуп,
үстөк пулга каражат берип жана
алгандарды гана эмес, анын
жайылуусуна
жардамдашкандардын да ар
бирин наалаттаган. Демек,
арамга алып барган жол да арам
жана ага ким түшсө күнөөкөр.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#17 01 August 2014 - 02:29
7-императив.
НИЕТ АРАМДЫ
АДАЛДАБАЙТ.
Исламда ар бир адамдын
аракети ниетине жараша
бааланат деген түшүнүк бар.
Буга пайгамбарыбыз с.а.в.дын:
«Амалдар ниетке жараша
бааланат» ,-деген хадиси далил.
Мисалы, мусулман аллах
алдындагы миледттерин аткаруу
үчүн адал тамак менен
азыктанып, кубаттанса сооп
алат. Ошондой эле мусулман
бөзүн бузукулуктан тыйуу же
үй-бүлөөсүнүн бекемдиги үчүн
никелешкен аялы менен
жыныстык катнашка барса сооп
алат. Бул тууралу
пайгамбарыбыз с.а.в. айтканда
сахабалар таң калып: «Эй
Аллахтын элчиси, адам жыргаса
деле сооп ала береби?»-деп
сурашкан. Пайгамбарыбыз
с.а.в.: «Эгер ал никесиз аял
менен катнашка барганда
күнөө кылгандай эле, адал
жубайы менен мамиле
кылганы үчүн сооп алат» -
деген.
Дагы бир хадисте Абу Хурайра
р.а. пайгамбарыбыз с.а.в.дын :
«Үй-бүлөөсүнүн камында жана
кошуналарына жакшылык
кылып, адалга умтулуп,
арамдан качкан Аллахына
толгон айдай жүзү менен
жолугат» -дегенин айтат.
Ушундан мусулман амалды адал
ниет менен аткарса ибадат
болоорун түшүнсө болот.
Бирок, ислам арамды да жакшы
ниет менен аткара берүүдөн
кайтарат. Т.а. арамды кандай
гана болбосун жакшы максатта
колдонууга уруксат жок. Адал
максат үчүн арамды иштетүүгө
тыйуу салынат. Мисалы, мечит
куруу же кайрымдуулук фонду
үчүн арамдан (кумардан,
баңгизат сатуу, үстөккө акча
берүү, уурулук, тоноо ж.б.)
табылган акча адалданып
калбайт. Буга Аллах Өзү:
«Акыйкатта, Аллах жакшы
жана Ал жакшыдан башканы
албайт жана чындыгында
ыймандууларга
пайгамбарлдарына: «эй
пайгамбарлар! Жакшы тамакты
гана жегиле жана жакшылык
гана кылгыла, Акыйкатта Мен
кылганыңардан
кабардармын! »-дегендерин
буюрду», «Эй, ыймандуулар!
Биз ырыскы кылып берген
жакшылардан жегиле!» -дейт.
Пайгамбарыбыз с.а.в. да:
«Кимдир бирөө арам жол
менен тапкан байлыгын
кайрымдуулукка сарптаса, ага
сооп эмес, оор күнөө болуп
жазылат» ,-деген.
АДАЛДАБАЙТ.
Исламда ар бир адамдын
аракети ниетине жараша
бааланат деген түшүнүк бар.
Буга пайгамбарыбыз с.а.в.дын:
«Амалдар ниетке жараша
бааланат» ,-деген хадиси далил.
Мисалы, мусулман аллах
алдындагы миледттерин аткаруу
үчүн адал тамак менен
азыктанып, кубаттанса сооп
алат. Ошондой эле мусулман
бөзүн бузукулуктан тыйуу же
үй-бүлөөсүнүн бекемдиги үчүн
никелешкен аялы менен
жыныстык катнашка барса сооп
алат. Бул тууралу
пайгамбарыбыз с.а.в. айтканда
сахабалар таң калып: «Эй
Аллахтын элчиси, адам жыргаса
деле сооп ала береби?»-деп
сурашкан. Пайгамбарыбыз
с.а.в.: «Эгер ал никесиз аял
менен катнашка барганда
күнөө кылгандай эле, адал
жубайы менен мамиле
кылганы үчүн сооп алат» -
деген.
Дагы бир хадисте Абу Хурайра
р.а. пайгамбарыбыз с.а.в.дын :
«Үй-бүлөөсүнүн камында жана
кошуналарына жакшылык
кылып, адалга умтулуп,
арамдан качкан Аллахына
толгон айдай жүзү менен
жолугат» -дегенин айтат.
Ушундан мусулман амалды адал
ниет менен аткарса ибадат
болоорун түшүнсө болот.
Бирок, ислам арамды да жакшы
ниет менен аткара берүүдөн
кайтарат. Т.а. арамды кандай
гана болбосун жакшы максатта
колдонууга уруксат жок. Адал
максат үчүн арамды иштетүүгө
тыйуу салынат. Мисалы, мечит
куруу же кайрымдуулук фонду
үчүн арамдан (кумардан,
баңгизат сатуу, үстөккө акча
берүү, уурулук, тоноо ж.б.)
табылган акча адалданып
калбайт. Буга Аллах Өзү:
«Акыйкатта, Аллах жакшы
жана Ал жакшыдан башканы
албайт жана чындыгында
ыймандууларга
пайгамбарлдарына: «эй
пайгамбарлар! Жакшы тамакты
гана жегиле жана жакшылык
гана кылгыла, Акыйкатта Мен
кылганыңардан
кабардармын! »-дегендерин
буюрду», «Эй, ыймандуулар!
Биз ырыскы кылып берген
жакшылардан жегиле!» -дейт.
Пайгамбарыбыз с.а.в. да:
«Кимдир бирөө арам жол
менен тапкан байлыгын
кайрымдуулукка сарптаса, ага
сооп эмес, оор күнөө болуп
жазылат» ,-деген.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#18 01 August 2014 - 02:31
8-императив.
КҮМӨНДӨН
КАЧУУ-АРАМДАН САКТАЙТ
Адал да арам да анык. Аллах
Кураанда: «Аллах тыйуу
салгандарын силерге
түшүндүрдү го» ,-дейт. Ал эми
анын ортосундагы күмөн бир
четинен адамга берилген
жеңилдик. Анткени, адал менен
арамды анык билгени менен
мусулман дайым эле күмөндү
аныктоого кудурети жете
бербейт. Же убактысы, же
билими жетпей калуусу мүмкүн.
Ошондуктан ислам күмөндөн
качууну сунуш кылат.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Адал
анык, арам да анык. Алардын
ортосунда адал же
арамдыгын көпчүлүк биле
бербеген күмөн маселелер бар.
андан сактангандын дини
жана абройу саламат болот.
Ал эми күмөндөн качпаган
малы бирөөнүн коругуна кирип
кеткени турган чабан сымал
арамды жасап жиберүүсү да
мүмкүн. Ар бир кожоюндун
сөзсүз коругу болот. Ал эми
Ааллахтын коругу –Анын
тыйу салгандары» ,-деген.
КАЧУУ-АРАМДАН САКТАЙТ
Адал да арам да анык. Аллах
Кураанда: «Аллах тыйуу
салгандарын силерге
түшүндүрдү го» ,-дейт. Ал эми
анын ортосундагы күмөн бир
четинен адамга берилген
жеңилдик. Анткени, адал менен
арамды анык билгени менен
мусулман дайым эле күмөндү
аныктоого кудурети жете
бербейт. Же убактысы, же
билими жетпей калуусу мүмкүн.
Ошондуктан ислам күмөндөн
качууну сунуш кылат.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Адал
анык, арам да анык. Алардын
ортосунда адал же
арамдыгын көпчүлүк биле
бербеген күмөн маселелер бар.
андан сактангандын дини
жана абройу саламат болот.
Ал эми күмөндөн качпаган
малы бирөөнүн коругуна кирип
кеткени турган чабан сымал
арамды жасап жиберүүсү да
мүмкүн. Ар бир кожоюндун
сөзсүз коругу болот. Ал эми
Ааллахтын коругу –Анын
тыйу салгандары» ,-деген.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#19 01 August 2014 - 02:36
9-императив.
АРАМ БААРЫНА
ТЕҢ АРАМ
Адам затынын караңгылык
доорунда ар бир коомдун өзүнүн
жашоо эрежелери болгон жана
андагы тыйуу-кайтаруулар ошол
коомдун гана ичинде иштеп,
калгандары менен болгон
мамилелерге тиешеси болгон
эмес. Т.а. адам өзүнүн гана
туугандарына чын сүйлөп,
калгандарын албаганы, өзүнүн
гана уруулаштарын сыйлап,
калгандарына текебер мамиле
ж.б. илгерки караңгылык
дооруна тиешелүү көрүнүш.
Андан кийинки дин түшкөн
элдерде да мындай көрүнүштөр
болуп турган. Мисалы,
өзгөртүлгөн «Торада»: «Бир
тууганыңа күмүш, нан, акча
үстөккө бербе...», -деген саптары
бар. Ошондон улам ал кездеги
жөөттөр өз уруулаштарына
үстөккө каражат беришчү эмес.
Бирок, башкаларга каалаганча
үстөк коюп, андан түшкөн пайда
менен байышчу. Бул тууралу
Кураанда: «Китеп ээлеринде бир
кинтар алса да кайтарчулары
бар. Ошондой эле бир динар
берсең да төбөсүндө турсаң да:
«Бул караңгылар менен кандай
ишибиз бар?»,-деп
кайтарбагандары да бар. Алар
билип туруп, ушундай
жалгандарды Аллахка
шылташат» -деген аяттары бар.
Ал эми ислам шариатына
ылайык Аллахтын тыйуу
салганы арап жана арап эмеске,
териси ак же карага, бийлиги,
мансабына жана тегине карабай
баарына бирдей арам. Мисалы,
уурдалгандын улутуна,
расасына, атуулдугуна,
жынысына же динине карабай,
уурулукка тыйуу салынган жана
ууру бирдей жазаланат.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Аллах
менен ант ичем, эгер менин
кызым Фатима уурулук
кылса, анын да колун
кесемин!» ,-деген.
Бир жолу бир жөөт мусулманды
уурулукта айыптап,
пайгамбарыбыз с.а.в.дын сотуна
алып келишти. Мусулман
чыныдыгнда уурдаганына
карабай, анын туугандары калп
айтып аны жазадан коргоп
жатышты. Пайгамбарыбыз с.а.в.
ишенгени калганда Аллахтан:
«Чындыгында Биз сага Китепти
Аллах үйрөткөнү аркылуу
адамдар ортосундагы
дооматтарды чечүү үчүн
түшүргөнбүз. Саткындар
тарабында болбо да. Аллахтан
кечирим сура, анткени Аллах
Кечиримдүү, Ырайымдуу!
Өздөрүн саткандарды коргобо,
себеби чындыгында Аллах
саткынды да, күнөөкөрдү да
жакшы көрбөйт. Алар
күнөөлөрүн адамдардан
жашыруусу мүмкүн, бирок
Аллахтан жашыра алышпайт.
Анткени алар Ага жакпаганды
жашыруун ойлонуп
жатышканда Ал алардын
арасында. Бирок Аллахка
алардын кыла турганы
белгилүү. Албетте аларга силер
бул дүйнөдө аларга болуша
аласыңар. Ал эми акыретте
аларга ким колдоочу болуп
чыга алат?» ,-деп уурунун
туугандарын айыптап,
пайгамбарыбыз с.а.в.ды
жемелеген аяттар түштү.
ТЕҢ АРАМ
Адам затынын караңгылык
доорунда ар бир коомдун өзүнүн
жашоо эрежелери болгон жана
андагы тыйуу-кайтаруулар ошол
коомдун гана ичинде иштеп,
калгандары менен болгон
мамилелерге тиешеси болгон
эмес. Т.а. адам өзүнүн гана
туугандарына чын сүйлөп,
калгандарын албаганы, өзүнүн
гана уруулаштарын сыйлап,
калгандарына текебер мамиле
ж.б. илгерки караңгылык
дооруна тиешелүү көрүнүш.
Андан кийинки дин түшкөн
элдерде да мындай көрүнүштөр
болуп турган. Мисалы,
өзгөртүлгөн «Торада»: «Бир
тууганыңа күмүш, нан, акча
үстөккө бербе...», -деген саптары
бар. Ошондон улам ал кездеги
жөөттөр өз уруулаштарына
үстөккө каражат беришчү эмес.
Бирок, башкаларга каалаганча
үстөк коюп, андан түшкөн пайда
менен байышчу. Бул тууралу
Кураанда: «Китеп ээлеринде бир
кинтар алса да кайтарчулары
бар. Ошондой эле бир динар
берсең да төбөсүндө турсаң да:
«Бул караңгылар менен кандай
ишибиз бар?»,-деп
кайтарбагандары да бар. Алар
билип туруп, ушундай
жалгандарды Аллахка
шылташат» -деген аяттары бар.
Ал эми ислам шариатына
ылайык Аллахтын тыйуу
салганы арап жана арап эмеске,
териси ак же карага, бийлиги,
мансабына жана тегине карабай
баарына бирдей арам. Мисалы,
уурдалгандын улутуна,
расасына, атуулдугуна,
жынысына же динине карабай,
уурулукка тыйуу салынган жана
ууру бирдей жазаланат.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Аллах
менен ант ичем, эгер менин
кызым Фатима уурулук
кылса, анын да колун
кесемин!» ,-деген.
Бир жолу бир жөөт мусулманды
уурулукта айыптап,
пайгамбарыбыз с.а.в.дын сотуна
алып келишти. Мусулман
чыныдыгнда уурдаганына
карабай, анын туугандары калп
айтып аны жазадан коргоп
жатышты. Пайгамбарыбыз с.а.в.
ишенгени калганда Аллахтан:
«Чындыгында Биз сага Китепти
Аллах үйрөткөнү аркылуу
адамдар ортосундагы
дооматтарды чечүү үчүн
түшүргөнбүз. Саткындар
тарабында болбо да. Аллахтан
кечирим сура, анткени Аллах
Кечиримдүү, Ырайымдуу!
Өздөрүн саткандарды коргобо,
себеби чындыгында Аллах
саткынды да, күнөөкөрдү да
жакшы көрбөйт. Алар
күнөөлөрүн адамдардан
жашыруусу мүмкүн, бирок
Аллахтан жашыра алышпайт.
Анткени алар Ага жакпаганды
жашыруун ойлонуп
жатышканда Ал алардын
арасында. Бирок Аллахка
алардын кыла турганы
белгилүү. Албетте аларга силер
бул дүйнөдө аларга болуша
аласыңар. Ал эми акыретте
аларга ким колдоочу болуп
чыга алат?» ,-деп уурунун
туугандарын айыптап,
пайгамбарыбыз с.а.в.ды
жемелеген аяттар түштү.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#20 01 August 2014 - 02:38
10-императив.
АБАЛ АРАМДЫ
ӨЗГӨРТӨТ
Ислам арамга шарт түзүлүп
калуусун көзөмөлдөгөнү менен
адам кырдаал алдындагы
алсыздыгынан өлүмгө же оор
дартка дуушар болуучу
абалдардын алдын алат. Т.а.
ислам мындай учурда белгилүү
чекте арамды жегенге, ага
тийгенге ж.б. уруксат. Мисалы,
эгер адам ачкадан өлгөнү калса
(өлүмдүк, кан, чочконун,
Аллахтын аты аталбай союлган
этин ж.б.) жегенге уруксат.
Бирок, өлбөстүк өлчөмүндө гана.
Андан толук тоюуга жана
келечек үчүн камдоого уруксат
жок. Ошондой эле ар кандай
хирургиялык кийлигишүү сөзсүз
(төрөт, авто кырсык ж.б.)
болуп, ага шариат уруксат
берген адис табылбаса аялга
эркектин (эркекке аялдын)
кийлигишүүсүнө да уруксат
берилет. Аллах Кураанда: «Ким
муну атайлабай жана чектен
ашпаса, ага күнөө эмес.
Акыйкатта, Аллах Кечиримдүү,
Ырайымдуу» ,-дейт.
Окумуштуулар «атайлап» деген
аятты: «Атайын ниет менен
арамды жеген кырдаалды
түзбөөсү жана жеп же жасап
жатканына маашырканбоосу
керек», «Арамды түзүлгөн
кырдаалга карабай тоюп жеген
күнөөкөр»,- дешет. Ошого
карабай исламдын бул талабы
адамга берилген жеңилдик.
Анткени, Кураанда Аллахтын:
«Аллах сиздерге оордук эмес,
жеңилдик каалайт...», «Аллах
сиздерге ыйгайсыздыкты
такыр каалабайт. Ал сиздердин
тазаланууңарды жана силерге
арнаган жакшылыгын аягына
чыгарууну каалайт. Балким ага
ыраазы болоорсуңар», «Аллах
сиздерге жеңилдеткиси келет.
Анткени адам табигатынан
алсыз жаратылган» ,-деген
аяттары бар.
ӨЗГӨРТӨТ
Ислам арамга шарт түзүлүп
калуусун көзөмөлдөгөнү менен
адам кырдаал алдындагы
алсыздыгынан өлүмгө же оор
дартка дуушар болуучу
абалдардын алдын алат. Т.а.
ислам мындай учурда белгилүү
чекте арамды жегенге, ага
тийгенге ж.б. уруксат. Мисалы,
эгер адам ачкадан өлгөнү калса
(өлүмдүк, кан, чочконун,
Аллахтын аты аталбай союлган
этин ж.б.) жегенге уруксат.
Бирок, өлбөстүк өлчөмүндө гана.
Андан толук тоюуга жана
келечек үчүн камдоого уруксат
жок. Ошондой эле ар кандай
хирургиялык кийлигишүү сөзсүз
(төрөт, авто кырсык ж.б.)
болуп, ага шариат уруксат
берген адис табылбаса аялга
эркектин (эркекке аялдын)
кийлигишүүсүнө да уруксат
берилет. Аллах Кураанда: «Ким
муну атайлабай жана чектен
ашпаса, ага күнөө эмес.
Акыйкатта, Аллах Кечиримдүү,
Ырайымдуу» ,-дейт.
Окумуштуулар «атайлап» деген
аятты: «Атайын ниет менен
арамды жеген кырдаалды
түзбөөсү жана жеп же жасап
жатканына маашырканбоосу
керек», «Арамды түзүлгөн
кырдаалга карабай тоюп жеген
күнөөкөр»,- дешет. Ошого
карабай исламдын бул талабы
адамга берилген жеңилдик.
Анткени, Кураанда Аллахтын:
«Аллах сиздерге оордук эмес,
жеңилдик каалайт...», «Аллах
сиздерге ыйгайсыздыкты
такыр каалабайт. Ал сиздердин
тазаланууңарды жана силерге
арнаган жакшылыгын аягына
чыгарууну каалайт. Балким ага
ыраазы болоорсуңар», «Аллах
сиздерге жеңилдеткиси келет.
Анткени адам табигатынан
алсыз жаратылган» ,-деген
аяттары бар.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..

Супер-Инфо
super.kg
видео








