Суперстан: Кудай барбы? Далилдеп бер - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Кудай барбы? Далилдеп бер

#1 Пользователь офлайн   vampir_perishtesi   21 Май 2017 - 11:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 13 Май 17
  • Соңку аракети: 11 Июн 2017 14:36

Кудай барбы? Эгер болсо эмнеге бизге жардам бербейт. Эмне учун Сирияда куноосуз мусулмандар олуп жатат. Эмне Аллахтын наристелерге, бобокторго боору оорубайбы. Аллахтын колунан баары келет дейсинер,жок дегенде энелерди,наристелерди сактап калбайбы? Куранда Аллах боорукер деп айтылат,ошол учун миллиарддаган адамдар олуп кетип жатабы? Бул дуйнону Аллах жараткан деп айтылат,эмнеге анда каафырлар Жана мусулмандар деп куранда болот. Мусулмандар момундар экен,ошол учун эркектер аялдарын сабайт. Кыскасы далил барбы? Кудайдын бар экенине. Бир гана факты жазгыла, каяктагы жоо жомокторду жазбай.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 23f8185d537db0e6bfeebbfea5360eef.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Girl1996   21 Май 2017 - 13:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 57
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2021 00:04
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения vampir_perishtesi (21 Май 2017 - 11:51) жазган:

Кудай барбы? Куранда Аллах боорукер деп айтылат,ошол учун миллиарддаган адамдар олуп кетип жатабы? Кудайдын бар экенине. Бир гана факты жазгыла, каяктагы жоо жомокторду жазбай.


Силердин суроого журокко жеткире турган даражада жооп бере албайм бирок аракет кылып көрөйүн, анан калса сайтта отуруп, озунөр сыяктуу ыйманы алсыздардан сурабай, аалымдарга барып ошолордон сурасаң туура жана так жооп алмаксыңар.
Жооп: 1" Эгер болсо эмнеге бизге жардам бербейт." Өзүңөр жардам сурадыңарбы?
Мен ар дайым жардам сурайм, мага ар дайым жардам берет. Силер да намазга туруп көргүлө, сурабасан да берип жаткан ушунча ырыскыңды сурасаң дагы көбөйтүп берет, өзүңө кадимкидей сезилет. Сынап көрсөңөр болот.
2." Эмне учун Сирияда куноосуз мусулмандар олуп жатат. " өлүм бул ыймандуулар үчүн сыйлык, Аллах менен жолугушуу, бейишке жетүү. Ошондой экен эмне үчүн өлбөй калуу керек. Эгер адамдар өлбөсө жерге батпай кетпейсиңби? Миллиарддаган адамдар өлүп, ар бири өз жүрүм турумуна жараша сыйлыгын же жазасын алууда.
3"Эмне Аллахтын наристелерге, бобокторго боору оорубайбы" .. Наристелерге келсек, Аллахтын аларга боору ооруган үчүн эртте алат, анын ата-энесин бейишке алып кирүүсү үчүн эртте алат, Эгер алар бул дүйнөдө жашаса дозокко кирип калуусу толук мүмкүн ошон үчүн эртте алат. Тетирисинче саалих, саалиха болсо кордук көрүп калуусу мүмун ошол себептүү эртте алат. Эртте алганы аларды сактаганы болуп саналат.
4." Аллахтын колунан баары келет дейсинер,жок дегенде энелерди,наристелерди сактап калбайбы?" - Өзүң ойлоп көр, эгер адам өлбөс болсо, каарып алдан тайгандан кийин кимге жүк болсун? өлбөгөн эне өз балдарына батпай калып жатат, небере, гыбыра, шыбыраларына кантип батсын? Энелер өлбөсө жер жүзүндө каарыган энелер көбөйүп кетпейби?
5."Бул дуйнону Аллах жараткан деп айтылат,эмнеге анда каафырлар Жана мусулмандар деп куранда болот." Каафыр деп Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сүннөттөрүн карманбаган, аны жокко чыгарган адамдар айтылган. Кураанда да, Инжилде да, Библияда да пайгамбарыбыздын келеери жөнУндө айтылган, бирок көрө албастыктын айынан каафыр болушкан.
6. "Мусулмандар момундар экен,ошол учун эркектер аялдарын сабайт" Аялын сабабаса мусулман эмес деген сөз уктуңбу?
" Аялдарыңарды сабабагыла, аларга кам көргүлө, алар силердин карооңордо" - деп көп жолу айтылат, динди түшүнбөгөн адамдар аялын сабайт. Сен аалымдардын бирөөсү аялын сабайт экен деген сөз уктуңбу? Уккан болсоң да, ал адам чыныгы мусулман эмес деп айтылып келет. Аялын эмес, эшекти да сабаганга тыюу салган исламда.
7. ". Кыскасы далил барбы?" Сен өзүңдүн маймылдан келип чыкканыңа ишенесиңби? Эгер ишенсең айтчы эмнеге биз адамдар кайра дагы башка нерсеге айланып кетпейбиз? Тарыхта эмнеге ушул жылдары маймыл болуп жүргөнбүз деп окубайбыз?
Акырында болсо, Макул Аллахтын барлыгына ишенбейт экенсиң, айтчы адамдар өлгөндөн кийин кайда барат деп ойлойсуң?
Жакшылап эле ойлонсок Аллахты тааный алабыз, ушу пенделер ойлонгонду билбейт экенбиз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Okunboim.   21 Май 2017 - 13:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 196
  • Катталган: 24 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 09 Фев 2022 00:26

Ооо Кудайым ХХХ озун сакта

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 22 Май 2017 - 14:21

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Tansuluu09   21 Май 2017 - 13:46

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 12 Авг 2025 18:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Как раз азыр " Бейиш жолу " - деген китепти окуп жаткан учурум . Ошол китепти окубагандар дагы чыгар ...
Ошол китептен кичине болсо болушо кетейин ушул темада ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Tansuluu09   21 Май 2017 - 13:47

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 12 Авг 2025 18:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Максатыбыз эмне?
Бисмил-Лаахир- рохмаанир-рохиим. Мээримдүү жана
боорукер Аллахтын аты менен баштаймын. Аллахка мактоо
айтабыз, Андан жардам сурайбыз жана кылган күнөөлөрүбүз
үчүн кечирим тилейбиз.
Кимде-ким Жалгыз Аллахка таянып, Ага тобокел кылса,
Аллах аны ызаттуу кылат. Кимде-ким Аллахтан башкага таян-
са, Аллах аны таянганы менен бирге кор кылат.
Кимде-ким Аллахка гана сыйынып, андан жардам сураса,
Аллах ага ыраазы болот. Кимде-ким Аллахтан башкага сый-
ынса, ага Аллах ачууланат.
Кимде-ким Аллахты жүрөгүнө киригизип, Аны эстесе, ага
Аллах мээримин төгөт. Кимде-ким Аллахты унутуп койсо, ага
Аллахтын азабы болот.
Күбөлүк берем Аллах жалгыз, Анын эч кандай шериги
жок. Ал бүткүл ааламдын падышасы, Ал эч нерсеге муктаж
эмес, биз Ага муктажбыз. Ал, Аллах адамзатка өзүнүн жалгыз
экендигин билдирген зат. Ал, Аллах инсандарды өзүнө ыйман
келтирүүгө буйруду. Ал, Аллах адамдарды жана жиндерди
өзүнө ибаадат кылуу үчүн гана жаратты.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) Аллахтын кулу жана акыркы элчиси. Ал, Пайгамбар
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) адамзатты ыйман-
сыздыктын сазынан тартып чыгып, ыймандуулуктун нуру
менен нурлантты. Адам баласына бул дүйнөдөгү жашоо мак-
сатын үйрөткөн улуу Пайгамбар Мухаммадга жана анын үй-
бүлөөсүнө Аллахтын саламы жана салаваты болсун..
Урматтуу мусулман бир тууганым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Tansuluu09   21 Май 2017 - 13:50

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 12 Авг 2025 18:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Азыркы учурда кайсы жерге барбагын, кайсы газета-жур-налды окубагын, кайсы теле берүүнү укпагын, бир гана масе-
ле талкууланып жатат. Ал, канткенде биз оңолобуз деген ма-
селе. Чындыгында, бул ар бир адамды ойлондура турган иш.
Бирок, биз канчалык аракет кылбайлы оңолуунун негизин
тапмайынча эч качан оңоло албайбыз. Өсүмдүктүн жалбыра-
гын канчалык жууп тазалап, канчалык күн нуруна жылыткан
менен, эгер анын тамырына азык бербесе баары бир куурап
калат. Ошондой эле, биз дагы канчалык көп мыйзамдарды
чыгарбайлы, канчалык китептерди жазбайлы, эгер биз бул
жашоодогу максатыбызды биле албасак, эч качан оңоло да
албайбыз. Ал эми жаратылуудагы максатыбызды билүү үчүн
Жаратуучуга кайрылуу керек. Аллах Таала, Хаж сүрөсүнүн
жетимиш жетинчи аятында: «Эй, ыйман келтирген пенделер!
Руку, сежде кылып Эгеңерге сыйынгыла жана (башкаларга)
жакшылык кылгыла» – деп, адам баласыны бул дүйнөгө эмне
үчүн жараткандыгын ачык айтып берген. Демек, адам баласы-
нын бул дүйнөгө жаралуусунда эки гана максат бар: биринчи-
си Аллахка ибаадат кылуу, экинчиси башкаларга жакшылык
кылуу.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Ибаадат кылуу деген сөз, намаз окуп, орозо кармоо эле
эмес, же зекет берип, ажылык кылуу эле эмес, Аллах Таала
буйруган нерселерди аткарып, тыюу салган нерселерден тый-
ылуунун баары ибаадат болот. Ошол үчүн Аллах Таала Кура-
анда: «Мен жиндерди жана инсандарды өзүмө ибаадат кылуу
үчүн гана жараттым. Мен алардан ырыскы да сурабаймын
жана алар мени азыктандыруусун да каалабаймын. Чынды-
гында, Аллах – ырыскы Берүүчү жана Күч-кубаттын ээси»
– деп айткан. Ошондой эле Аллах Таала хадисул-кудусийде:
«Эй адам баласы, мен жалгыздыгымдан сени жолдош болсун
деп жараткан эмесмин. Мен аздыгымдан сени көп болсун деп
жараткан эмесмин. Кайсы бир амалды аткара албай калсам
жардам берет деп жараткан эмесмин. Кимдир бирөөгө мени
менен бирге пайда же зыян берет деп да жараткан эмесмин.
Мен сени күнү-түнү мага ибаадат кылууң үчүн жаратканмын» дейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Girl1996   21 Май 2017 - 13:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 57
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2021 00:04
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Okunboim. (21 Май 2017 - 13:37) жазган:

Албетте сиз эмес!
Автор :макоо: :ыыы: азыр ишенбе олгондон кийин окуноорсун? !


Ал деле өз оюндагысын айтты, берген суроосу үчүн аны жинди десең, ал кайра сурабайт, акырында адашуучулардын катарында болуп калат. "Жинди" - деген бир эле сөз менен анын адашкандар катарында болуусуна себепчилерден болуп калышың мүмкүн, абайлайлы тууганым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Tansuluu09   21 Май 2017 - 13:52

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 12 Авг 2025 18:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Пенденин пенде болуп жаратылуусунун негизги макса-
ты Аллахка ибаадат кылуу. Ал эми ибаадат, пенденин адеп-
ахлагын оңдоп, аны тарбия кылат. Исламда балагат жашына
жеткен күндөн баштап, ибаадат кылуу милдеттендирилет.
Анткени дал ушул жашка келген кезде балдар ар түрдүү жаман
жолдорго баса баштайт. Дал ушул өткөөл мезгилде Аллахка
ибаадат кылуу менен, балдар өз нафсисин жамандыктардан
сактап кала алат. Аллах Таала буйруган ар бир ибаадаттын өтө
чоң тарбиялык мааниси бар. Бирок, азыркы мезгилде биз иба-
адаттардын сырткы көрүнүшүнө гана маани берип, алардын
негизги максатына көңүл бурбагандыктан, ибаадаттарды жөн
эле сыйынуунун бир формасы катары түшүнүп калдык. Аллах
Таала Кураанда: «Намаз окугула! Чындыгында намаз жаман
тыюу салынган күнөөлөрдөн тосот» – деп айткан. Демек, на-
маз окуу бир гана ибаадат кылуу эмес экен. Намаз окуу менен,
адам өзүнү жаман иштерден сактоого тарбия кылат. Ошондой
эле Кураанда: «Сабыр кылуу жана намаз окуу менен кубаттан-
гыла» – деп айтылган. Намаз окуган адам, ар кандай кыйын-
чылыктарга туруштук бере ала тургандай кубаттуулукка ээ
боло алат. Ал эми орозонун парз болуусунун негизги макса-
ты да, нафсини тарбиялоого байланыштуу. Аятта: «Силерден
мурдагыларга парз кылынган сыяктуу, силерге да орозо парз
кылынды, такыба болууңар үчүн» – деп айтылган. Такыбалык
бул-өзүнө жана башкаларга зыян берүүчү, Аллах тыюу салган
иштердин баарынан тыйылуу. Отуз күн өзүн тарбиялаган оро-
зо кармоочу, жылдын калган бөлүгүндө да өзүн жакшы алып
жүрө алат. Зекет ибаадатынын да адамдар менен болуучу ма-
милеге тийгизген чоң мааниси бар. Аллах Таала: «Алардын
малын алып садака кылгын, ошону менен алардын нафсисин
тазалап, жакшылыгын арттыр» – деген. Малынан зекет бер-
ген адам, ач көздүктөн, сараңдыктан ж.б. жаман сыпаттардан
өзүнү тазалайт. Ошондой эле ажылык ибаадатынын да тарби-
ялык мааниси чоң. Кураанда жана Пайагамбарыбыздын (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) көптөгөн хадистеринде,
ажылык убагында жаман сөз сүйлөөдөн, башкаларга зыян берүүдөн кыскасы баардык жаман амалдардан алыс болууга
буйруган. Ошондуктан ажылык амалын аткарган адам эне-
ден жаңы төрөлгөндөй болуп келет. Башкача айтканда жаңы
төрөлгөн баланын жүрөгү кандай таза болсо, ажылык дагы
адамдын жүрөгүн ошондой тазалайт. Демек, адамдын жара-
луудагы негизги максаты ибаадат кылуу болсо, ал эми ибаа-
даттар адамды жакшы жашоого тарбия кылат. Ал эми жогор-
ку аяттагы, адамдын экинчи максаты: башкаларга жакшылык
кылуу.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Ислам дини өзүңдөн башка адамдарга жакшылык кылуу-
ну эң бийик даражадагы амал катары эсептейт. Анткени ислам
жалпы адамзаттын дини, жалпы адамзаттын ынтымактуу жа-
шоосун негиздеген дин. Ошондуктан башка адамдарга жакшы
мамиле кылууну, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) ыйман менен байланыштырып, бир хадисинде:
– «Өзүңөргө жакшы көргөн нерсени башкаларга да каа-
ламайынча, ыймандуу боло албайсыңар» – деген. Динибиз,
жалпы жашоонун жакшы болуусу үчүн жол ачкан дин. Дини-
бизде эч нерсе унутта калган эмес. Биздин жашообузга пайда-
сын тийгизүүчү амалдар ачык-айкын айтылган. Ислам динин
карманган мусулмандар, кээ бир адамдар ойлогондой жалкоо
эмес. Динибиз бизди ак эмгекти сүйүүгө буйруган. Пайгамба-
рыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:
- «Ким, үй-бүлөөсүн багуу үчүн адал жол менен эмгек-
тенип ырыскы тапса, эгер ашыкча болсо кошунасына берсе,
Кыямат күнү Аллах Таалага, жүзү он төрт күндүк айдай болуп
жаркырап жолугат» – деген. Экинчи бир хадисинде:
– «Бир күнөөнү намаз кетире албайт, орозо кетире албайт,
бирок кимде-ким үй-бүлөөсүн багуу үчүн эмгектенип, чарчап ук-
тап калса, ал күнөөдөн таза болуп ойгонот» – деп айткан. Ошон-
дой эле Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
бир жолу мечитте отурганда бир сахаба кирип салам айтат. Ага
жооп берип, анын колун кармаган Пайгамбарыбыз: (Ага Аллах-
тын салам-салаваты болсун)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Tansuluu09   21 Май 2017 - 13:54

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 12 Авг 2025 18:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

– «Аллахка мактоо болсун, бул колдорду тозоктун оту
күйгүзбөйт» – деп айткан. Көрсө ал сахабанын колу көп эмгек-
тенгендиктен чор болуп катып калган экен. Өз үй-бүлөөсү менен
жакшы жашаган мусулман, эми кошунасы менен да жакшы жа-
шоого тийиш. Динибизде кошунага жакшылык кылуу, ыйманду-
улуктун бир белгиси. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-са-
лаваты болсун) хадисинде:
– «Ким Аллахка жана кыямат күнүнө ишенсе кошунасы
менен жакшы мамиледе болсун» – деп айткан. Пайгамбары-
быз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир жолу сахаба-
лары менен отуруп:
– «Аллахка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт, Аллах-
ка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт, Аллахка ант ичип
айтам ыймандуу боло албайт» – деп кайталайт. Сахабалар:
– Оо, Аллахтын элчиси, ким ыймандуу боло албайт – деп
сурашканда, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун)
– «Жаман адаттары менен кошунасына тынчтык бербе-
ген адам» – деп жооп берди. Ошондой эле дагы бир хадисте:
– «Өзүнүн курсагы ток, кошунасы ачка отурган адамдын
ыйманы толук эмес» – деп айткан. Мусулман адам ар дайым
өзү жасаган жакшы амалды башкаларга да үйрөтүп турат.
Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Ким бир адамды жакшылыкка үндөсө, тигинин жаса-
ган жакшылыктарынын сообу ага да жетип турат. Ал эми жак-
шылык кылуучунун соопторудан эч нерсе кемибейт» – деген.
Ошондой эле экинчи бир хадисте:
– «Аллах Тааланын жакшы жана жаман казыналары бар.
Алардын ачкычтары адамдар. Аллах кимди жакшылыкка ач-
кыч, жамандыкка кулпу кылса, ал адам бейишке кирсин. Ал-
лах кимди жамандыкка ачкыч, жакшылыкка кулпу кылса, ал
адам тозоко кирсин» – деп айтылган. Пайгамбарыбызга (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) бир адам келип:
– Оо, Аллахтын элчиси. Кандай адам Аллах үчүн жакшыраак бо-
лот жана амалдардын жакшыраагы кайсы – деп сурады. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага карап:
– «Аллах үчүн жакшыраак болгон адам, ал башкаларга
пайдалуу болгон адам. Ал эми, амалдардын жакшыраагы,
экинчи бир мусулманды кубандыруу» – деп жооп берди.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Мусулман адам өзүмчүл болбойт. Өзүм өлбөсөм болду, баш-
калар эмне болсо ошол болсун деген жаман сыпат мусулманга
тиешелүү эмес. Башка адамдарга жардам берүү, аларды кыйын-
чылыктан чыгарып коюу, диндеги эң даражасы бийик амалдар-
дан. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Бир мусулмандын муктаждыгын аткаруу үчүн аны ме-
нен бирге басуу, менин мечитимде бир ай этикафта отургандан
жакшыраак» – деп айткан. Пайгамбарыбыздын мечити жөнөкөй
мечит эмес. Ал жерде окулган бир рекет намаз, башка мечитте-
ги жүз миң рекет намазга барабар. Ал эми ошол мечитте бир ай
этикафта отурууну өзүңөр ойлоп көргүлө. Демек, бир адамга жак-
шылык кылуу, бул өтө чоң сооптуу амал. Бир хадисте Пайгамба-
рыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Ким, бир мусулмандын кажети үчүн басса, Кыямат
күнүндө, буттар тайгаланган мезгилде, Аллах анын кадамын
бекем кылат» – деп айткан. Ошондой эле:
– «Ким бир мусулмандын кайгысын кетирсе, Аллах анын
эки дүйнөдөгү кайгысын кетирет» – деп айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллах Таала жогорку аятты айткан кезде, жакшылык
кылгыла деп бир гана адамдарга тиешелүү айткан жок. Жак-
шылык кылгыла деген сөз жалпы түрдө айтылды. Демек
жакшылык кылуу бир гана адамдарга гана тиешелүү эмес,
жалпы жаратылышка тиешелүү. Ошол себептен динибизде
жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө жана жалпы эле айлана-
чөйрөгө аяр мамиле жасоого терең көңүл бурулган. Пайгам-
барыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Кайсы бир мусулман бак тиксе же эгин эксе, андан
асмандагы канаттуулар жесе, же жердеги жаныбарлар жесе,
же адамдар тамактанса, ал үчүн садака болот» – деп айткан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Tansuluu09   21 Май 2017 - 13:56

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 12 Авг 2025 18:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Ошондой эле:
– «Эгер колуңарда көчөт болсо жана кокустан кыямат
башталып кетсе, аны тигип койгула» – деп айтылган. Ал эми
айлананы таза кармоону талап кылган Пайгамбарыбыз: (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Үч жерге даарат ушатуучуларга Аллахтын каргышы
болот: адамдар суу алуучу жерге, адамдар эс алуучу жерге
жана адамдардын жолуна» – деп айткан. Ал эми жаныбарлар-
га тиешелүү өтө көп хадистер бар. Мисалы: жаныбарларды
азаптагандарды Аллахтын азаптоосу, мышыкты камап коюп
өлтүргөн аялдын тозокко киргендиги жана итти сугарып кой-
гондугу үчүн бир адамдын бейишке киргендиги айтылган.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллах Таала, мына ушул бир аятта биздин эмне үчүн жаратылга-
ныбызды жана кандай жашаганыбызда жашообуз бактылуу өтөөрүн
ачык айтып койгон. Эми биздин милдетибиз ушул аятка амал кылуу
гана. Эгерде биз ушул аятка амал кылып жашасак, биздин жашообуз
бүгүнкүдөй баш-аламан, толгон-токой машакаттар менен коштол-
бой, тескерисинче бейпилдикте жана бактылуулукта өтмөк. Дагы
бир жолу кайталап айтамын, биз качан жашоодогу максатыбызды
билмейинче эч качан оңоло албайбыз. Биздин максатыбыз «Эй, ый-
ман келтирген пенделер! Руку, сежде кылып Эгеңерге сыйынгыла
жана (башкаларга) жакшылык кылгыла» – деп айтылгандай, Жарат-
канга сыйынуу жана жаратылгандарга жакшылык кылуу гана. Ан-
дан башка эч кандай максатыбыз жок.
Аллахым, ар бирибизди өз максатын биле турган пенде-
лерден кылгын. Ар бирибизди өзүңө сыйына турган, өзгөлөргө
жакшылык кыла турган адамдардан кыл. Ар бирибиздин би-
лип жана билбестен жасап койгон күнөөлөрүбүздү кечир.
Аллахым, элибизге жакшы жашоону насип кыл. Карыя-
ларыбызга ыйман, жаштарыбызга жакшы адеп-ахлак бергин.
Мамлекетибизге оңолуунун жолун ачкын. Бүгүн ушул жерде
кандай чогулган болсок, Кыямат күнүндө улуу бейиште да ба-
арыбызды чогуу кылгын. Асслааму алайкум ва рахматул-Лохи
ва барактуху.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Defend.   21 Май 2017 - 14:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 518
  • Катталган: 19 Апрель 17
  • Соңку аракети: 01 Июл 2019 20:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мекен Чегинде

Тооба кылдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Girl1996   21 Май 2017 - 14:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 57
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2021 00:04
  • Жынысы:Аялзаты

Тансулуу 09, жөнөткөндөрүңдү окуп ыйманга кирсе, канча сооп табаарыңды элестете да албайсың. Аллах ыраазы болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   21 Май 2017 - 14:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Көлгө кайырмак салып, балык улоого келген балыкчы отурат дейт.  Анан бака сууга түшүп кетет экен.  Кайырмакта турган курт-кумурскага умтулганда кайдандыр бир үн "Эй аны жебе,  сени тутуп алышып, сени кескилеп, кызыган майга кууруп жешет " дейт.  Бака ошол жерден токтоп калат экен.   Кайырмактагы азыкты жегиси келгендерге эскертип,  баарына айтып чыгыптыр.  Бир маалда бир балык келет экен,  ага да түшүндүрүп, эскертсе:" Ал жакка барып келген ким бар экен,  кана кимиң көрдүң, далилиң барбы?" деп азыкты жеп,  кайырмакка илиниптир.

Сиз менен биз азыр дал ошол балыкка окшоп турабыз. Кудайдын барына ишенбеңиз, бирок чыныгы дүйнөгө барганда баары кеч болот.

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 21 Май 2017 - 14:18


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Tansuluu09   21 Май 2017 - 14:18

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 12 Авг 2025 18:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

vampir_perishtesi
Ислам дини - эн эн эн таза Жана тынчтыктын дини экенин эсинден чыгарба.
Аялы эркегин, эркеги аялын канчалык сыйлайт.
Керек болсо адам эмес, кумурсканын уясын бузган куноо..
АК мээнет, бешене терин менен иште, уурулук кылба.
Колундан келсе Садака Бер, башкалардан жардамын аяба.
Айта берсен коп соз.....
Эн таза Дин Ислам дини.

Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 21 Май 2017 - 14:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Tansuluu09   21 Май 2017 - 14:23

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 12 Авг 2025 18:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Просмотр сообщения Girl1996 (21 Май 2017 - 11:08) жазган:

Тансулуу 09, жөнөткөндөрүңдү окуп ыйманга кирсе, канча сооп табаарыңды элестете да албайсың. Аллах ыраазы болсун!



:kiss2:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   no.comment   21 Май 2017 - 14:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

Автор жашоодон запкы коруп, жолу болбой, оз жолун таба албай, кыйналып жургон немелерден окшойт, аты эле бир укмуш керемет экен. Эч айласын таба албай, анан Кудайды издеп чыккан корунот. Колубуздан келсе Аллахтын мээримдуулугун, боорукердигин, берешендигин кобуроок айтып берсек анан бул адамга дуба кылсак жакшы болот. Ага далилдин деле, же кабат-кабат амири-маруфтун деле кереги жок
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   anuvar0903   21 Май 2017 - 14:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 305
  • Катталган: 08 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 05 Апр 2018 07:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Г.Ош

Кудайдын бар экенине шектенүү,ишенбөө бул динден чыкты болот.
Тобоо кылың Кудай бар үчүн сиз экөбүз жашап,ичип жатабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   -LEGENDA-   21 Май 2017 - 16:09

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 185
  • Катталган: 04 Февраль 17
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 17:07
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения vampir_perishtesi (21 Май 2017 - 05:51) жазган:

Кудай барбы? Эгер болсо эмнеге бизге жардам бербейт. Эмне учун Сирияда куноосуз мусулмандар олуп жатат. Эмне Аллахтын наристелерге, бобокторго боору оорубайбы. Аллахтын колунан баары келет дейсинер,жок дегенде энелерди,наристелерди сактап калбайбы? Куранда Аллах боорукер деп айтылат,ошол учун миллиарддаган адамдар олуп кетип жатабы? Бул дуйнону Аллах жараткан деп айтылат,эмнеге анда каафырлар Жана мусулмандар деп куранда болот. Мусулмандар момундар экен,ошол учун эркектер аялдарын сабайт. Кыскасы далил барбы? Кудайдын бар экенине. Бир гана факты жазгыла, каяктагы жоо жомокторду жазбай.


Ханиф аке өзүңүз келип жооп берип кетпесеңиз болбойт окшойт. Мындай олуттуу суроолорго илимибиз жетпегендер унчукпай эле койсок, илимдүүлөр (Ханиф аке) келип далилдеп жооп беришсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Aisuluu160790   21 Май 2017 - 21:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 01 Июнь 15
  • Соңку аракети: 01 Авг 2025 16:16
  • Жынысы:Аялзаты

Жооп жазам деп адашып калдым автор бул жазгандарын чон куноо. Жараткан бар учун биз да барбыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Aisuluu160790: 21 Май 2017 - 21:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   SERENADA.   21 Май 2017 - 22:54

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 475
  • Катталган: 07 Февраль 17
  • Соңку аракети: 23 Дек 2018 02:20

Просмотр сообщения Aisuluu160790 (21 Май 2017 - 21:47) жазган:

Жооп жазам деп адашып калдым автор бул жазгандарын чон куноо. Жараткан бар учун биз да барбыз.

Далилдесенер четка далилдеп бергиле да э, болбосо далили жок эле "куноо пуноо" деп дооруй бербей. Неге чон күноо экенинда далидегилечи?
Азыр Кудайга ишенбегендер толтура, аларга куноо, ширк мирк деген сказканар отпойт. Мындай конкретно далдип, козго сайып койгулада сабатсыз исламчыл болуп бир эле созду кайталап тура бербей.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 02:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: