Бир сенин үчүн согот менин жүрөгүм,
Ишен мага, ишенип кой, чүрөгүм.
Сен дегенде өртөнөмүн, күйөмүн,
Сенсиң менин түбөлүктүү түгөйүм.
Сүйүү саптары. Сүйүү жөнүндө төрт саптан турган ырлар...
#82 14 Август 2014 - 18:05
Сенсиз жаным соксоюп жалгыз жүрөм,
Бул жалганда бир өзүн деп өмүр сүрөм.
Бар менин бир эле жалгыз күнөөм,
Периштем, чын дилимден сени сүйөм.
Бул жалганда бир өзүн деп өмүр сүрөм.
Бар менин бир эле жалгыз күнөөм,
Периштем, чын дилимден сени сүйөм.
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#83 14 Август 2014 - 18:38
Сени жаным эч бир жанга теңебеймин.
Сени менен дайым тегиз телегейим.
Сени менен түбөлүккө бирге болсом.
Бул жашоонун татаалдыгын кенебеймин.
Сени менен дайым тегиз телегейим.
Сени менен түбөлүккө бирге болсом.
Бул жашоонун татаалдыгын кенебеймин.
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#84 14 Август 2014 - 19:07
Уккум келет бал татыган сөздөрүңдү,
Көргүм келет табышмактуу көздөрүңдү.
Ээритчи тоңуп калган жүрөгүмдү,
Көрсөтүп сүйүүдөгү жөндөмүңдү.
Көргүм келет табышмактуу көздөрүңдү.
Ээритчи тоңуп калган жүрөгүмдү,
Көрсөтүп сүйүүдөгү жөндөмүңдү.
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#85 14 Август 2014 - 19:26
Сени ойлосом жаман ойдон арыламын.
Ойлорумдун борборунда сенсиң жаным.
Дүйнөдөгү бүт жакшыны сага берсин -
Деп кудайга миң ирет жалынамын.
Ойлорумдун борборунда сенсиң жаным.
Дүйнөдөгү бүт жакшыны сага берсин -
Деп кудайга миң ирет жалынамын.
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#86 14 Август 2014 - 19:42
Ишенем,
убактылуу, бул «ашырашуу,»
Көп болсо ортобузда эки ашуу.
Ооба билем, мен сүйүүнүн кулумун,
Ишен мага, мен сендикмин, кулунум.
Көп болсо ортобузда эки ашуу.
Ооба билем, мен сүйүүнүн кулумун,
Ишен мага, мен сендикмин, кулунум.
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#87 14 Август 2014 - 20:02
Жүрсөм да сага эркелеп,
Жүрөсүң мени жемелеп.
Суранам сенден, суранам,
Айтпачы мени, «мерез» деп.
Жүрөсүң мени жемелеп.
Суранам сенден, суранам,
Айтпачы мени, «мерез» деп.
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#88 14 Август 2014 - 20:31
Келчи бери, кучагыма кысайымбы?
Супсулуум деп, чачтарыңдан сылайымбы?
Койнумдан чыгырбай түнү-бою,
Эркелетип, жаным сени кыйнайымбы?
Супсулуум деп, чачтарыңдан сылайымбы?
Койнумдан чыгырбай түнү-бою,
Эркелетип, жаным сени кыйнайымбы?
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#90 15 Август 2014 - 15:08
Келчи бери, кучагыма кысайымбы?
Супсулуум деп, чачтарыңдан сылайымбы?
Койнумдан чыгырбай түнү-бою,
Эркелетип, жаным сени кыйнайымбы?
Супсулуум деп, чачтарыңдан сылайымбы?
Койнумдан чыгырбай түнү-бою,
Эркелетип, жаным сени кыйнайымбы?
Жаныңдан карыш чыкпай жүрөйүмбү?
Таңдан кечке бактыга бөлөйүмбү?
Ала жипти аттабай өмүр-бою,
Жаным деп жалгыз сени сүйөйүмбү?
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#91 15 Август 2014 - 15:55
Кычырап кыш бизге кылат өктөм,
Эч нерсе эмес, экөөбүз көптөн күткөн,
Жакында жаркырап келет көктөм...
Ошондо канатымды кенен жайып,
(ага чейин кетпесем эстен тайып)
Барам сага сүйгөнүм учуп кайып.
Эч нерсе эмес, экөөбүз көптөн күткөн,
Жакында жаркырап келет көктөм...
Ошондо канатымды кенен жайып,
(ага чейин кетпесем эстен тайып)
Барам сага сүйгөнүм учуп кайып.
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#92 15 Август 2014 - 16:37
Олтурам саманчынын жолун карап,
Булбулдардын сайраган үнүн тыңдап.
Мына өттү салкын жел, Арым жактан,
Эркелетип сылап менин маңдайымдан.
Булбулдардын сайраган үнүн тыңдап.
Мына өттү салкын жел, Арым жактан,
Эркелетип сылап менин маңдайымдан.
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#93 16 Август 2014 - 10:34
Жадыраган жароокерим эрмегим.
Жазда куттум,жазда отту келбедин.
Жакшы коруп жанылсамда мейли деп,
Салкын желде элесинди термедим.
Жайда куттум,тунук суулар агылып
Сезимдерди тумар кылып тагынып.
Жаным дебейм,бирок журом дагеле
Жар болбогон ак жузунду сагынып.
Куздо куттум,куугум менен жарыша
Сага болгон ойлор менен алыша.
Санаалардан бакыт курам тундордо
Озун болуп жандуйномдо ханыша.
Кышта куттум,кылым откон ондонуп
Кетпейм бирок суйбос болуп озгоруп.
Кереметпи, же башкабы билбеймин
Кетет кээде кош карегим олдонуп...
А.Жоодар.
Жазда куттум,жазда отту келбедин.
Жакшы коруп жанылсамда мейли деп,
Салкын желде элесинди термедим.
Жайда куттум,тунук суулар агылып
Сезимдерди тумар кылып тагынып.
Жаным дебейм,бирок журом дагеле
Жар болбогон ак жузунду сагынып.
Куздо куттум,куугум менен жарыша
Сага болгон ойлор менен алыша.
Санаалардан бакыт курам тундордо
Озун болуп жандуйномдо ханыша.
Кышта куттум,кылым откон ондонуп
Кетпейм бирок суйбос болуп озгоруп.
Кереметпи, же башкабы билбеймин
Кетет кээде кош карегим олдонуп...
А.Жоодар.
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#94 16 Август 2014 - 14:05
Ошол
күнү
, эмнегедир жүрөк ооруп,
Олтургам түндө көргөн түштү жооруп.
Жарк этип, күлүп-жайнап, сен келгенде,
Жан дүйнөм кубанычка кетти толуп...
Олтургам түндө көргөн түштү жооруп.
Жарк этип, күлүп-жайнап, сен келгенде,
Жан дүйнөм кубанычка кетти толуп...
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#95 16 Август 2014 - 14:13
Жаз мага өз таасирин тийгизгендей,
Өзүмдү сезип турам – Семетейдей.
Жазым бүтүп, күзүм кала электе,
Айчүрөгүм, келсең болду сен кечикпей.
Өзүмдү сезип турам – Семетейдей.
Жазым бүтүп, күзүм кала электе,
Айчүрөгүм, келсең болду сен кечикпей.
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#96 16 Август 2014 - 14:24
Ким билет, балким ал аян түштүр.
Жүрөктөгү ак сүйүүн сыйкыр күчтүр.
Мен аны жакшылыкка койдум жооруп
Сүйүү гүлүн дагы деле жүрөм коруп.
Жүрөктөгү ак сүйүүн сыйкыр күчтүр.
Мен аны жакшылыкка койдум жооруп
Сүйүү гүлүн дагы деле жүрөм коруп.
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#97 16 Август 2014 - 14:48
Өзүнчө эле жаш баладай сүйүнүп,
Өттүн кечээ сен жанымдан жүгүрүп.
"Кандайсыз? "деп, койдун мага жылмайып,
Кала бердим бүткөн бойум дүүлүгүп.
Өттүн кечээ сен жанымдан жүгүрүп.
"Кандайсыз? "деп, койдун мага жылмайып,
Кала бердим бүткөн бойум дүүлүгүп.
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#98 16 Август 2014 - 16:48
Бир мезгил жан дүйнөмө кылат өктөм,
Ооба туура, ал мезгилдин аты көктөм ...
Себебин жазайынбы жашырбастан?
Ошондо туң сүйүүмдүн даамын таткам.
Ооба туура, ал мезгилдин аты көктөм ...
Себебин жазайынбы жашырбастан?
Ошондо туң сүйүүмдүн даамын таткам.
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#99 16 Август 2014 - 20:02
Мен ишенем баары жакшы болоруна.
Мен ишенем, менин ыйык тоолорума.
Мен ишенем экөөбүздүн багыбызга,
Бир күнү сүйүү күшү коноруна.
Мен ишенем, менин ыйык тоолорума.
Мен ишенем экөөбүздүн багыбызга,
Бир күнү сүйүү күшү коноруна.
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©
#100 16 Август 2014 - 20:23
О, жараткан суранам, болчу калыс.
Каалайсыңбы, мен сүйүүдөн болом алыс?
- Жок каалабайм, сен сүйүктүү пендемсиң,
Эч качан калтырбайм сени жалгыз.
Каалайсыңбы, мен сүйүүдөн болом алыс?
- Жок каалабайм, сен сүйүктүү пендемсиң,
Эч качан калтырбайм сени жалгыз.
Когда я слышу звук комуза -
ко мне всегда приходит Муза. ©
ко мне всегда приходит Муза. ©

Супер-Инфо
super.kg
видео










Мобилдүү версия