Суперстан: Topcubai`дын чыгармалары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Topcubai`дын чыгармалары "Патриот", "Кайтуу",,, жана башка чыгармалары

#361 Пользователь офлайн   Abuxanifa   22 Февраль 2016 - 18:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 703
  • Катталган: 22 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Июн 2019 06:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Мм даа Баракелде Топчуке, калемине береке. Ушинтип бизден да кутулдун...)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#362 Пользователь офлайн   Topcubai   24 Февраль 2016 - 11:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Бул кичинекей ангеме Советтер Союзунун баатыры,жердешим Самат Садыковдун жаркын элесине арналат


Сегиз кун


Москва шаарында Улуу жеништин жетимиш жылдыгына карата кызуу даярданып жатышкан мектеп окуучулары тушку тамак учурунда тамактарын чала була ичишип,колдорундагы нандарын оздору менен ала чыгып,кочодогу когучкондорго кукумдорун чачышып,ойноп жатышты.Бир гана Мурат аттуу бала нандын кукумдоун колуна алып,адам баспай турган жерге коюп жатканын жанатан бери эс алуучу устолдо карап олтурган карыя Мураттын жанына келип,башынан сылап
-Чырагым, кай жерден болосун-деди
-Атам апам мигрант болгонуна байланыштуу ушул жерде окуймун.Негизи Кыргызстан деген олкодон болобуз-деди Мурат.Ал экоо суйлошуп жатканын коргон жанындагы курдаштары келип
-Ну Миша,кеттикпи тиякка?-деди. Алардын бактылуу жуздорун коргон карыя коздоруно жаш ала
-Эх балдарым! Силер биз коргон кунду корбодунор, биз кечкен отту кечпединер, бирок,балдарым, ушул нандын кукумдорун когучкондорго бергенче,тиги метронун жанында жургон селсаяктарга берсенер болбойбу! Силер сындырган,чачкан нандын кукумуно жетпей жургондор канча?Билсенер, согуш убагында бизге болгону эки жуз граммдан нан берилчу,ал да болсо бир кунго.Бир сындырым нан учун,душмандын уюгуна чейин кирип,аларды талкалап,нан жеп,жан бакчубуз-деди козундогу жашын аарчып.Мотурайган жаш балдар ангеменин кызып бара жатканын билип,ар кимиси суроолорун жаадыра башташты.
-Чон ата,согушта кандай жерлерди кордунуз?-десе бириси
-Чон ата,немистерди кайсы жерге чейин кубаладыныздар? -деди экинчиси.
Алардын берген суроолоруна кызыккан Мурат дагы
- Чон ата,сиз менен Кыргыздар дагы согушка катышканбы? -деди
-Ой чулдурабай тургула!Бир бирден суроо берсенер,карыган мени шаштырбай! -деди карыя.
Бир саамга нур качкан коздору менен батышты карап,ойлонуп туруп,анан узак ангемесин баштады.
Мен анда отуз жашта болчумун.Ага лейтенант чинин алганыма да аз эле болгон болчу,атын очкур Гитлер СССРге капыстан кол салып,канчалаган элди кырып,канын суудай агызып,ач калган ажыдаардай улам бир айыл кыштакты,шаарды басып,андагы элди тируулой куйгузуп жатышты.Баардык нерсе согуштагы жоокерлерге жонотулуп жатты.Атын очкур Гитлер "уч айга жетпей СССРди басып алам!"-деген ою таш каап,Москвага жакын калганда биздин жоокерлер катуу каршылык корсотуп,акыры душманды Сталинградга чейин суруп барып,ошол жерде анча кармашып турдук.Ошол Москва алдындагы кармашта Орто Азиядан келген баатырлар чыныгы баатырдыкты корсотту.Азыр атын унутуп жатам,сен билбейсинби? -деди карыя ангеме угуп жаткан Муратка капыстан
-Менимче Панфиловчулар болсо керек.Себеби атам апам ошолор тууралуу айтып калчу мага жомок катары-деди Мурат ынгайсыз абалда.
-Во,азаматсын! Ооба,сен айткан дал ошол Панфиловчулар болчу.Ошолор чыныгы каармандыкты корсткон да-деди карыя.
-Азаматсын Миша!-деп, Марат аттуу бала далысына таптап койду.Ошол,анан 1943-жылдын март айларында биздин он алтынчы аткычтар дивизиясына арык чырай,орто бойлуу,кара торусунан келген,буркут кабактуу Кыргыздын кымыз жыттанган баласы келип кошулду.Аны алгач жаш бала деп,коп салгылашка катыштырбай, катышса да,пулеметтун лентасын ташып,кимде ок даары тугогнсо,ошого ок даары ташытып,айтоор аны тенсинбей журдук.Бир жолку кандуу кармашта Самат пулеметко лентаны алып бара жатса,пулеметто аткылап жаткан Саша каза болуп калып,Самат ошол жерден пулеметко лентаны кийгизип,бизге жакындап калган фрицтерге пулеметтон окту мондурдой жаадырып,душмандын мизин бир заматта кайтарды.Аны коргон биздин солдаттар кубанып," азаматсын Самат!Сага буйруса ушул пулемет насип кылыптыр,эми ар дайым ушул пулемет менен фрицтердин энесин таанытасын! "-деп жатышты.Башында тенсинбеген жоокерлер Саматка башкача мамиле кылып,кээси айрылышкыс дос да болду.Саматтын биринчи согуш куну ушинтип башталды.Самат чыныгы каармандыкты корсотуп,биздин дивизиядагы эн шамдагай,баатыр жигит эле.Бир жолу Польша мамлекетиндеги кандуу кармашта ал он бешке жакын немистин офицерлерин жайлап,беш майорун жана бир танкын граната менен жайлаган жалгыз жигит эле.Ошол кезде анын каармандыгын маршал Жуков менен Ракасовский дубал гезитке чыгартып,ал каармандыгы учун далай орден медалдарды тагынды го чиркин.Бирок, -деп,калганын айта албай,козунон акка жашын колдору менен аарчып,уну дирилдеп,жаак эттери титиреп,колдору болсо калтырап,-болгону согуш бутооруно сегиз кун калганда,жыйырма бешинчи жазын тосооруна жети кун калганда коз жумуп кете берди го!-деп ыйлап жиберди.Ушунчалык берилип угуп олтурган окуучулар дагы карыяга кошулуп ыйлап олтурушту.Бир чай кайнамга чейин ыйлашып,акырында карыя тамагын кыраболду эми балдар,силерге айтып жатып,озум ыйлаганым аз келгенсип,силерди да жашыттым-деди. Анан бир саамга олтуруп,кайра баштады созунОшол куну эмнегедир Саматтын конулу куунак болчу,мага келип
-Ага лейтенант,буйруса фашисттерди ийнине чейин кубалап барып,ошол ийининде аларды тып тыйпыл кылып жайлап салбасак,ал донуздар бир кун болбосо бир кун дагы башка бироого кол салат-деди кыжырдана.Анын куунак жузун коруп,
-Самат, буйруса согуш бутсо не кылайын деген оюн бар?-дедим кепти башка нукка бура.
-Буйруса ошол кунго жете береличи! -деген эле ону бир заматта бузула.Ошондо эле билген окшойт кургурум.Ошол куну немистердин Бранденбург шаарында катуу кармаш болуп,Самат Садыков баатырларча курман болду.Ошол Бранденбург шаарын бошотконго анын салымы зор болду.Ал пулемет менен немистин уч жузго жакын фрицин,онго жакын офицерин жок кылып,озу дагы кете берди.Кандай асыл максаттыры болсо,ошонун баарын озу менен ала кетти.-деп созун бутурду карыя.
Жанатан бери угуп олтурган балдар окуя буткондон кийин коздоруно жаш алып,азыр эле тируу болуп турган каарман бир заматта курман болгонуна ишенип ишенбей,балалык ой кыялдары менен алпурушуп," неге андай болду экен?биз коруп жургон кинодогу каармандар анан аягына чейин эч жери эч нерсе болбой,кино аяктайт го?"-деп ойлонуп олтурушту.Баары оз ойлору менен болуп,карыган карыянын кантип узап кеткенин да байкабай калышты.Карыя болсо,эки ийини бирде "дирт дирт"-этсе, бирде коз алдына бирге согушкан жоокерлер тасма сымал чубаалжып,кансырап, олум менен омурдун ортосунда жаткан жоокердин элесин коруп,журогу алкымынан чыга кете жаздап,илен салан болуп,бара жатты

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 24 Февраль 2016 - 12:09

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#363 Пользователь офлайн   Topcubai   24 Февраль 2016 - 12:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Мен Кыргыз мамлекетин келечекте ушинтип элестетем.




Мигрант



Коздорунон аккан жашын жуз аарчысы менен аарчыган отузга жаны гана чыккан кара чачтуу,келин "от араба"кетчуу аялдамада жаап жаткан жаанга да кайыл болуп,мекенине болгон кусалыгы артып,суйуктуусун башка бир жерге калтырып кетип жаткан Надя суйуктуусу менен откоргон бактылуу да,бактысыз да кундорун эстеп жатты.
2070-жыл.Убагында эбегейсиз онугуп турган Орусия мамлекети аябай жакыр мамлекеттердин катарына кошулуп,ал жерде жашап жаткан элдер жумушсуздуктун айынан туш келген олколорго агылып кирип,омуру оздору мигрант болбогон байкуштар аргасы жок кара курсактын айынан туш тарапка чачырап жатты.Алардын арасында жаны гана турмуш курушкан Вася менен Надя да бар эле.Кундордун биринде Вася кочодон тааныштары аркылуу Кыргызстан деген жаш онуккон олко тууралуу угуп калып,ошол жакка иштегени Надя менен акылдашты.
-Надя,ал жакта жакшы толойт экен,анан да ал жактагылар орус тилин жакшы тушунушот экен,жумушу женил,акчасын болсо кымбат толойт экен.Ал жакта бизге окшоп завод фабрика иштетпейт,бирок мал чарбасы,анан дыйкан чарбасы жакшы онугуптур.Мурдакы Россия жок эми,"кой устуно торгой жумурткалаган" заман болбойт,андыктан ал жакка барып кичине болсо да иштеп,акча таап,келечекти туптойлу.Антпесек бизге ким тамак берет?Ким бизге "могуну жеп ал,мобу кийимди кий!"-деп, ким акча берет?-деди
-Убагында чон-ата,чон- энелерим айтып калчу,"1990- 2000-жылдары ошол азияттар биздин жумушубузду жасап,акча таап,анан ата-энесин бакчу,а биз болсо аларды жаман коруп,"чурка, черный"-деп мазактачубуз" -деп.Эми болсо заман озгоруп,ошол чуркаларга биз барабызбы?Андан коро тиги Англия же Францияга эле барбайлыбы? -деди Надя.
-ушул сенин улутчулдугуну качан коесун!Ал жакта эле жыргал жашоо кутуп турабы сени!Ал жакта тил билбей кыйналасын! Андан коро колуну сунсан жете турган жерге эле барып,ошол Кыргызстан мамлекетине эле барып иштейли,ал жакта деле орустар бар.Алар улутчул эмес,эгер улутчул болгондо ошол орустарды жок кылмак да!-деди Вася ачуусу келип.
-Макул анда,ошол Кыргызстанга эле баралы,бирок мен иштебей уйдо отурам,а сен болсо иштеп,мени багасын-деди Надя кулумсурой
-Биринчи баралы,анан ал жакта эркекке тиешелуу жумуш болсо мен иштейм,сага болсо бироонун баласын бакканга иш таап берем-деди Вася.Анан экоо кыналыша олтуруп,сын алгыдан кечки жанылыктарды коруп олтурду.
"биздин ажо менен Кыргызстандын ажосу бир келишимге кол коюшту.Келишимге ылайык,эми орусиядан барган биздин жарандарга Кыргызстан тарап,толук жумуш менен камсыз кыла турган болушту,андыктан ошол тоолуу олкого баарыныздарды барып,иштеп келиниздер демекчибиз" -деп жатыптыр алып баруучу.
Арадан бир жумача убак откондон кийин,Вася менен Надя жукторун котруп,Казанский вокзалынан от арабага олтуруп,коздорунон аккан жашын бири бирине корсотпой,улуу тоолуу Кыргызстан мамлекетине сапар алышты

______________________________________________________________
_____
Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Арка айылындагы орукзарда усту башы кир,шире болуп калган Вася оруктун бутагына чыгып,андагы осуп турган,шагы ийилип,мына мына сынып кете тургандай болгон бутакка акырын бутун коюп,орукторду бир бирден желим чакаларга салып,толтурган чакасын болсо,узун аркан менен чаканын сабын байлап,жерде турган суйуктуусу Надяга акырын узатып жатты.Надя болсо желим чакадагы орукторду бир бирден жерге коюп,алардын устунон текшеруучу алаксып калганда акырын бир орукту оозуна салды да,чайнабай туруп жутуп жиберди.Текшеруучу болсо,башка орук тергендерди карап,мыйыгынан жылмайып,кынылдап ырдап жатты.
Сагынганда бир келээрсин,
саргайганда бир келээрсин
Ала Тоону коргону!-деген ыр саптарды уккан Вася,"ненди урайын,ушул силер кантип онуктунор экен?Жерде жаткан орукту гана алып койгонго жарабайсынар, анан кантип байыдынар,мен эч тушунбой жатам?"-деп согунуп,наалып жатканын угуп калган текшеруучу
-Э Вася,биз аябай мээнеткеч калкпыз,керек болсо суу чыкпаган жерге суу чыгарабыз.Карасан, айланабыз жалан тоолор менен курчалган,ошол суу аркылуу,ал суунун бир азын гана иштетип,калганын болсо коншу суусу жок олколорго литрин кымбат баада сатып,андан тушкон каражатка ушул Кыргызстанды онуктурууго жумшап,акырында ушинтип бай мамлекеттердин катарына кошулганбыз. Бул го орук экен,аны жерге таштап койсон кургап,как болот,анан аны жыйнап алып,кышында компот жасап ичсен болот.Силерчи, силер нанды кадырлай албайсынар, анан кантип байыйсынар? Силерди нандын кусуру урган,ошол учун силер моонтип,тентип ар кайсы олколордо тентип журосунор! Билебиз,убагында кандай онуккон эленер,эми болсо ажонор алмашып," батышты туурайм,мусулмандарга каршы саясат ойлоп табам"-деп жатып,эми озунор ошол силер жаман коргон мусулмандарга иштеп,алардын эсебинен жан сактап журосунор.Дагы жакшы,биздин ажо силерге боору ооруп,кичине женилдиктерди кылып,жан тартып,"кой, ушул орустар улуу эл эле,боодо ачарчылыктан кырылып калбасын" -деп жан тартса,дагы мага согуносун да!Бол,бат баттан кыймылдап,бугунку планынды аткар!-деди текшеруучу. Жумуш убактысы буткондон кийин,Вася менен Надя ээрчишип алып,тунку Арка айылын айланып,андагы кооздуктарга тан калып,"айылы ушунча кооз болсо,анда шаарларыга барсак коз уялат го!"-деп суктанганын жашыра албай жатты.
Ушинтип кундор кунго,айлар айга алмашып отуруп,куз айы да кирип келди.Оруктун убагы бутуп,анар тергени алып жоношту алардын устунон башкаргандар. Анарларды дагы терип буткондон кийин,Надя "эки кат"(боюнда болуп) болуп калып,суйуктуусун уйдо кутуп,тамак ашын даярдап жатты.Вася болсо кечке иштеп,кечинде бутун аран суйроп келип,тамагын да ондуу иче албай,суйлогонго алы келбей,уктап калып,тан эрте туруп кетип журду.Адаттагыдай эле жумушунан келе жатса,аялдамада турган беш алты бала Васяга тийишип,акырында ур тепкиде калып,когуш коздору ачык бойдон каза тапты.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 24 Февраль 2016 - 12:15

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#364 Пользователь офлайн   uikuchu7   24 Февраль 2016 - 12:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ооо Топчуке сүйүнүп салдыңыз гоо.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#365 Пользователь офлайн   Topcubai   24 Февраль 2016 - 14:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Сен мен учун жазылбаган чыгармасын (новелла)
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#366 Пользователь офлайн   Topcubai   24 Февраль 2016 - 16:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек


Сен мен учун жазылбаган чыгармасын (ырга болгон ашыктык ангемеси)



Жакында эле Орусиядан иштеп келип,"эми ал жакка барбай,ушул озумун туулуп оскон айылымда эле тиричилигими откороюн" -деп,борордон арзаныраак унаа алып,айылда эл ташып,кунумдук тиричиликке тыйын тыпыр чыгарып,уй-буломду багып,андан ашканына мал алып,ушинтип тиричилик кылып жаттым.Эми билесиздер да кундузгуго караганда кечиндеси кардар аз болот,бирок акчасы кобуроок болот.Мага эмнегедир кобуроок жаштар жолугат.Алар "байке,кошуна айылга алып барып келиниз,мен кошуна айылдагы бир кыз менен суйлошот болчумун,ошого алып барып келиниз"- деп коп суранышат.Андайда мен деле бааны бир аз которуп,аны менен соодалаша кетем.Кундогудой эле кечке маал жол четиндеги аялдамага жете бербей унаамды токтотуп,кардар кутуп турган болчумун.бир маалда арык чырай,кара курткачан жашы мен курактуу жигит келип,алыскы айылдардын бирине алып баруумду суранды.Бир азга ойлонуп туруп,кымбатыраак сумманы айтсам дароо эле макулдугун айтып,тезирээк жонооузду айтты.Унааны от алдырып,кечки айылдын тар жолунда акырын айдап жонодум.Бир маалда жанымдагы жигит
-Мен бир аз уктап алсам болобу?Анткени, азыр уйго баргандан кийин кичинекей уулумду каралашбасам, келинчегиме жардам бербесем болбойт-деди.
-Ии макул.Айылга жакындаганда айтып коем-дедим да,биздин негизги жолдошубуз болгон ун алгынын буроосун бурап,музыка угуп бара жаттым.Бир маалда кабарчы "азыр эми кезекти сезим ыргагына берсек,келиниздер, биз менен айланышып,журогунуздорду оюгон маселениздерди айып,бир аз болсо дагы женилдеп алыныздар" -дегенин угуп,анан бир жай музыканы койду."Дагы кайсы жаандан кийин пайда болгон козу карын экен"-деп ойлонуп,жолдон козду албай,унааны башкарып бара жаттым.Созу Жалил Садыковко таандык болгон "Суротуно" -деген ырды бир уну ипичке болгон селки ырдап чыкты.Билген саптарын ичимен кынылдай ырдап,жолду карап бара жаттым.Эмнегедир бул ырды мурда угуп жургон болсом дагы,бул селкинин аткаруусунда биринчи жолу угушум эле.Тилекке каршы ал музыка бат эле бутуп калды.Анан жанакы кабарчы менен улам бир угарман байланышып, оздорунун журокторун оюгон маселесин айтып,акырында оздоруно жаккан ырын суранып жатты.Мен болсо ичимен "жанакы ырды качан ким суранаар экен?"-деп, улам бир угарман озунун жан дуйносун оюгон сырлары менен болушкон сайын кутуп бара жаттым.Акырында бир жигит ошол ырды суранды.Жада калса кайсы селки ырдаарына чейин билип,ошол ырды берилуу менен угуп,ичимен ошол селкинин атын кайталап бара жаттым.Кардарым айткан айылга жакындаганда аны ойготуп койдум.
-Копко уктапмын го.Эми туну бою бала карасам деле чарчабаймын. Бул кичинем,мага ото жакын,мен жумуштан уйго баргычам уктабастан мени кутуп отура берет.Качан мен барсам,мени менен ойноп,тун бир оокумга чейин отуруп,анан уктайт-деди.
-Эми балдар ушундай да.Мени болсо тескерисинче балдарым тааныбай калышкан.Озум жакында гана Орусиядан келгениме байланыштуу балдарым жаткыркап ыйлап,уйго чоочун бироо келгенсип коркуп ыйлашат-дедим.
-Ха ха ха ха ха хахахаааа.Чындап эле ошондой болуп калат экен.Менин чон балдарым жатыркап журуп аран уйронушту.Ал эми кичинебиз торолгондо алыска барбай эле ушул айылда мугалим болуп иштеп калдым.Бугун эртен менен райондун борборунда жумуштар менен барып,кечке калып кетпедимби- деп эми гана суйлоп келе жатканда,чонток телефонуна чакыруу келип калып,мен жанараакта эле уккан мукам ундуу селкинин ошол ыры жанырып калды.Анан ал жооп берип буткондон кийин
-Азыркы чакыруу келгендеги ырды менин телефонума откоруп берчи-деп суранып калдым.Ал менин суранычымды аткарып,озундогу ырды мага откоруп берип,айылдын баш жагында токтотуп коюуумду суранып,акчасын берди да,"ырахмат, сиз бар экенсиз мен минтип куттуу уюмо жетип келдим"-деп коштошуп кете берди.Чонток телефондогу жанакы жигит откоруп берген ырды уйумо жеткенче угуп,жолдон козду албай келе жаттым.Оюмда болсо,ошол селкинин он келбетин тузуп келе жаттым.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 24 Февраль 2016 - 16:51

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#367 Пользователь офлайн   Bogotik   25 Февраль 2016 - 00:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 411
  • Катталган: 29 Август 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 05:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан!

ogooo Top4ubai ake 4ygarmanyz soonun

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#368 Пользователь офлайн   Dan4ik.kg   25 Февраль 2016 - 06:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 20 Февраль 16
  • Соңку аракети: 21 Май 2016 14:21

Баракедеее
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#369 Пользователь офлайн   Tomega   12 Март 2016 - 22:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 313
  • Катталган: 29 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 14 Янв 2021 22:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Топчубай ака снайперлер жонундо жазып жатканда илхом жакшы келбей калган окшойт.Аягы 1-2-болумдорго караганда бир кыйла томон жазылып калыптыр.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#370 Пользователь офлайн   Chokun   11 Апрель 2016 - 11:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 16 Февраль 14
  • Соңку аракети: 03 Дек 2016 13:36
  • Жынысы:Эркек

Брат дагы чыгармаларыныздан кутобуз.
:3
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#371 Пользователь офлайн   Topcubai   11 Апрель 2016 - 17:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Буйруса жакында фантастикалуу чыгарманы окуйбуз.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#372 Пользователь офлайн   Sushi_wok   25 Октябрь 2017 - 19:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Жазганынынызга коп болсо да эми окуп чыктым. Оюмда "Бриллиант жыланды", "Качкын" чыгармаларын окуп анан ошого таасирленип ушул чыгарманы жараткан окшойт деп калдым. Башкача кылып жазганга аракет кылганыныз менен мааниси окшош экен. Кантсе да ийгилик.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#373 Пользователь офлайн   Topchubai   01 Июль 2018 - 20:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Просмотр сообщения Sushi_wok (25 Октябрь 2017 - 19:26) жазган:

Жазганынынызга коп болсо да эми окуп чыктым. Оюмда "Бриллиант жыланды", "Качкын" чыгармаларын окуп анан ошого таасирленип ушул чыгарманы жараткан окшойт деп калдым. Башкача кылып жазганга аракет кылганыныз менен мааниси окшош экен. Кантсе да ийгилик.

Рахмат.Жакында дагы башка чыгармалар жазылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 06:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: