Суперстан: Аялдардын курсагынын түрлөрү жана аны калыбына келтирүү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Аялдардын курсагынын түрлөрү жана аны калыбына келтирүү Аялдардын курсагынын түрлөрү жана аны калыбына келтирүү

#1 Пользователь офлайн   medina.   24 Сентябрь 2015 - 23:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Көпчүлүк аялзаты курсагы ачык кийим кийгенден уялабыз. Анткени дене мүчөбүздү жагымсыз көрсөтүп турган - биздин курсагыбыз. Эмесе, төмөнкү курсактын беш түрүнөн өзүңүздүн курсагыңызды тандаңыз да, туура кам көрүп тегиз курсактуу болууга аракет кылыңыз.



Сүрөт1. Кошумча дөңгөлөк

Курсактын бул түрүнүн ээлери дайыма олтуруп иштеген же таттууга жакын адамдар болушат. Бактыга жараша, мындай курсактын түрүнөн арылуунун жолу оңой. Спорт залга баруунун да кереги жок, болгону рационуңузду тууралаңыз. Эгерде аз кыймылдап, чакмак кант, печенье, пирог, ак нан жегениңизди токтотпосоңуз, сиздин курсагыңыз таттуудан ого бетер чоңоёт. Курсагыңыздын майы бутуңузга түшүп калуусунан сактаныңыз.

Калыбына келтирүү үчүн:

Спирт - кадимки эле кант. Башка кычкылтектер сыяктуу эле арак да организмге сиңери менен курсактагы майларга барып кошулат. Сыра да курсакты чыгарарын баарыбыз билебиз. Эгерде келбеттүү болуп, курсакты жок кылам десеңиз, алкоголдук ичимдиктер менен коштошконуңуз оң.

Алкоголдук ичимдиктерди токтоткон эки жумадан кийин тамактануу рационуңузга караңыз. Эч кандай жарым фабрикатталган, консерваланган, калориялуу, туздуу, таттуу азыктарды жебеңиз.

Экологиялык жактан таза, иштелип чыкпаган, жаңы азыктарга басым жасаңыз: балык, жумуртка, ферманын эти, жашылча, жаңгак.

Көп кыймылдаганга аракет кылыңыз. Паркка чыгып сейилдеңиз. Эрте менен кыска убакыт дене тарбиялык көнүгүү жасаганды адатка айлантыңыз, йога менен машыксаңыз андан жакшы.

Кеңеш: торт сыяктуу таттууларды жээрдин алдында аны курсагыңыздын үстүнө коюп, курсагыңыз ошондой чоң болорун элестетсеңиз, дароо жегенден баш тартасыз.




Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   medina.   24 Сентябрь 2015 - 23:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Сүрөт2. Стресс курсак

Стресс курсактын ээси дайыма стресс абалында жүргөндүктөн ичеги-карыны дүүлүгүп ичи көөп кетет. Курсагындагы май киндиктин айланасына чогулуп калат. Эгер сиздин курсагыңыз жумшак эмес, катуу болсо, стресс курсактын белгиси. Бул курсак - организм картизол гормонун көп бөлүп чыгарып жатканынын белгиси. Аталган гормон киндиктин айланасында көпкө сакталып, оңой менен кетпей турган майды топтойт. Сиз убагы менен тамактанбай, колуңузга эмне тийсе, ошону жегенден, кофени көп ичкениңизден да пайда болгон.

Калыбына келтирүү үчүн:

Кечинде эрте уктагандан баштаңыз же эрте менен кеч туруңуз. Көпчүлүк аялдар убагы менен укташпайт, алардан лептин гормону бөлүнүп чыгат. Уйкусу канбаган аял аны толукташ үчүн таттуудан жеп алат, таттуу энергия бергени менен майды пайда кылат.

Йога менен машыгып, уктардын алдында тынчтандыруучу ысык ванна кабыл алыңыз. Күнүнө эки стакандан ашык кофе ичпеңиз.

Сизге өтө күч келтире турган спорт менен машыкканга болбойт. Ал ансыз деле сиздин организмиңизде көп бөлүнүп чыгып жаткан картизол гормонун көп бөлүп чыгарат. Андан көрө сейилдеңиз.

Минералдык сууну көп ичиңиз. Анын курамындагы магний сизди тынчтандырып, эс алдырат. Эгер минералдык сууну көп ичүүнү каалабасаңыз, жашылча-жемиштерден жеңиз.

Кеңеш: ромашка менен чай ичүү, йога менен машыгуу сизди жеңилдетип, организмиңиздеги картизол гормонун түшүрүп, арыктатат.




Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   medina.   24 Сентябрь 2015 - 23:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

3. «Кичинекей күчүк»Сүрөт

Бул курсак өтө эле камкор энелерде, карьера курам деп жанталашкан аялдарда, же спорт залда өзүн кыйнап машыккандарда пайда болот. Булардын белине күч келгендиктен курсактын булчуңдары чыгып кетет.

Калыбына келтирүү үчүн:

Эң башкысы жакшы тамактануу. Сиз клетчаткаларга бай, жакшы аш болумдуу тамактарды жеңиз. Бул курсактуулардын аш кылуучу органдары начар иштегендиктен ичи көөп, катат. Андыктан кебектен жасалган нан, жалбырактуу жашылчалар сунушталат.

Олтуруп-туруп дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасаган сизге болбойт. Йоганын “асан” деген ыкмасы менен машыксаңыз, белиңиздин булчуңдарын чыңдайт.

Кеңеш: ашказаныңыздын саламаттыгын ойлоңуз, ичиңиздин оорушуна жол бербеңиз. Суу көп ичип, жеңил тамактарды, жашылча-жемиш, майсыз эт, белокко бай азыктарды, балык, тооктун этин жеңиз.



Сүрөт4. «Муми-Тумми»

Эгер сиздин курсагыңыз мындай түргө кирсе, демек, сиз жакында эле балалуу болгонсуз. Майлардын катмары сиздин курсагыңызда кат-кат болуп турат. Коркпой эле койсоңуз болот. Төрөттөн кийин эң арык энелердин курсагы да алты жумадан кийин кирип калыбына келет. Жаш энелердин катасы - дароо спорт залга чуркап барганы. 2-3 айга чейин курсак калыбына келгенче спорт менен машыгууга болот. Андыктан чыдоо гана керек.

Калыбына келтирүү үчүн:

Балыктын майын ичкенден баштоо керек. Күн сайын үч маал, тамак ичер маалда бир капсуладан ичип коюңуз. Муну өмүр бою адатка айландырып алсаңыз эң жакшы болот.

Күн сайын жаңгак, зайтун майына окшогон майларды колдонуңуз. Алар жаман майларды жок кылууга, тамак-аштагы витаминдерди натыйжалуу сиңирүүгө жардам берет. Ошол эле учурда адатка айланып калган чарчоону жазат.

Жамбаштын булчуңдарын чыңдаңыз. Алар тартылып турса курсак кетет. Эгер курсагыңыздын булчуңдарынын калыбына келишине жардам бербесеңиз, чоюлуп калат.

Кеңеш: уктардын алдында бир аз чоюлуп, керилип туруңуз.



5. Булут курсакСүрөт

Сиздин дайыма кечке маал ичиңиз көөп кыйналсаңыз, анда ашказаныңыздын иштөө тартиби бузулган. Тактап айтканда, ашказаныңыз тамакты аш кыла албайт, аллергияга чалдыккан. Сиз рационуңузга өтө эле кылдаттык менен карайсыз. Ар түрдүү тамактарды аралаштырганга аракет кылыңыз.

Калыбына келтирүү үчүн:

Ашказан көп учурда дан менен клейковина (эгиндин курамындагы белоктук зат) бар азыктарды, башкача айтканда, нан, макарон, кондитер азыктары, пицца, торт, дан азыктарын, алкоголдук, дрожж кошулган сыра, кексти аш кыла албайт. Аталган азыктар ичти көптүрөт. Андыктан эки жума бул азыктардан баш тарта турсаңыз, ошондо сиздин ашказаныңыз эмнени аш кыла алат, эмнени аш кыла албайт, билесиз. Эгер ичиңиздин көпкөнү токтосо, мындан ары көбүнчө эт, балык, жумуртка, жашылча менен азыктаныңыз.

Эрте менен толук кандуу тамактанбаган, же эрте мененки тамакты жебеген, кечки тамакты болсо жакшы жеген адамдын ичи көбөт. Туура тамактанганга, сууну көп ичкенге үйрөнүңүз.

Ичтин көпкөнү - ичегидеги микрофлоранын бузулушунун да себеби. Андыктан кефир, шорпо, капуста, сарымсак, пияз, каймакмайды колдонуңуз. Ичегиңизди дарыласаңыз, курсагыңыз жалпак курсак болот.

Кеңеш: тамактангандан кийин сейилдеңиз. Ар бир таңда чалкаңыздан денеңизди бош алып жатып, демди 10 жолу ичке, 10 жолу сыртка чыгарып терең дем алыңыз. Көкүрөгүңүз, ичиңиз менен дем албаңыз.




Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   aruuke2013   25 Сентябрь 2015 - 00:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 132
  • Катталган: 15 Август 15
  • Соңку аракети: 17 Апр 2019 16:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош-жалаабадтын ортосу

Кайсы туруно киришинда билбей калдым.Кесерова менен торогом оорудан улам ичимди тана албай калгам Эми минтип ичим чыгып фигурам жер жангакка окшоп калды
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Aikoo2014   25 Сентябрь 2015 - 01:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Башка сайттан окудум элем.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   perim.ai   27 Сентябрь 2015 - 17:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 24 Апрель 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2020 19:31
  • Жынысы:Аялзаты

Жакшы тема экен. Рахмат кенешинизге
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 08:31

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: