Суперстан: Москвада өрттөн улам каза болгон кыздардын элесине! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Москвада өрттөн улам каза болгон кыздардын элесине!

#1 Пользователь офлайн   mayrambek   28 Август 2016 - 20:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 105
  • Катталган: 31 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2021 05:03
  • Жынысы:Белгисиз

Москвада болгон каргашалуу окуяны терең кайгыруу менен эскерип, окуяга байланыштуу акын жазуучулардын чыгармаларын бул жака жарыялайбыз. .

Калаа барбы кыргыз буту баспаган,
Кана барбы кыргыз санаа тартпаган.
Өз элинен жылыналбай бакытка,
Өрткө кетти канчалаган жаш балаң.
Кыз-уулуңду багалбаган мекенде,
Кыргызмын деп кайсы арыма мактанам! (Жеңишбек Жумакадыр)


Оозунан сүтү кете элек.
Он тогуз жаштан өтө элек.
Оюнга тойбой эселек,
Кыргыздын кызы күл болду.
Жаралып эне болалбай,
Жарына башын койалбай,
Бакытка балкып тойалбай,
Жаш кыздар күйүп жок болду.
Ата—эне калды күйүттө.
Балдары жатат күйүктө.
Армандар кетти бийикке.
Ботодой кыздар күл болду.
Балдары калып апасыз.
Жолдошу катып капасын.
Курсакта бала жатасың.
Бир эне күйүп жок болду..
Уулкан Амираева
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   mega777   29 Август 2016 - 12:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Түнөргөн кара жалын,
Түрүүлөй жалмап баарын.
Тилсиз жоо учук улаар
Кыргыздын кыйды жанын.
Азаңды тең бөлүшөм,
Армандуу Кыргыз калкым...

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 29 Август 2016 - 13:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   mega777   29 Август 2016 - 12:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

АРМАН ДУЙНО

/Орттон каза болгон кыздардын элесине/

Арман айтып боздоп турат кыргызым.,
Ажал андып алып тынды топ кызын.
Аттин арман чырпык эле баарысы,
Ботон жерде кыйылды гоо ырысын.

Аттин арман, кыздар учту кырчындай,
Элин ыйлайт коздун жашы тыйылбай.
Бакыт издеп кеткен эле аруу кыз,
Ажал таптын бактылуу кун буюрбай.

Кыргызымдын эртенкиси энеси,
Боло албай, чокту омур кемеси,
Эне болмок, кыргызымды кобойтуп,
Жатат мынаа, жер кучактап денеси..

Нечен бала калды эми торолбой,
Апакелеп ак бешике болонбой.
Шейит кетти аруу кыздар арман ай,
Эли журтун, ата энесин коро албай.

Элин ыйлайт, перилерди эскерип,
Жерин ыйлайт, ичтен буулуп термелип.
Кагылайын кимдин кызы болсон да,
Кыргыз кызы калдын ортто тепселип..

Уккан элдин баары ыйлап кейиште,
Болдунар го тээ коктогу периште,
Кыска экен омурунор арман ай,
Жургулочу... чогуу эми бейиште

Кундузбү Алимбековна.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   mega777   29 Август 2016 - 12:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Жаман болду.

Жаман болду жалын каптап жан дуйном,
Жаман болду алоо отко жан куйгон.
Канырыгым быкшып турат силерге,
Мекендештер апаат болуп жаш куйгон.

Жаман болду жамы Кыргыз журтуна,
Жаман болду кулку турбай ууртуна.
Мекен эмес дуйно жугун которуп,
Жанбай кетти жаштыгынар кулпуна.

Жаман болду нечен тилек акталбай,
Чынар терек эрте куурап шак салбай.
Кулгундой жаш, кырчын омур кыйылды,
Кыздарыбыз оз мекенде баркталбай. ..

Бирин эже, бирин мага карындаш,
Боордош элен каны бирге замандаш.
Кантип сени кыйдым экен ошого,
Эми мага кыйын болду эл караш.

Жук артынган туйшуктуу элен аял зат,
Алалбаган бизде куноо аярлап.
Бир тал чачын тете келээр дуйного,
Муну эч бир таналбастыр адам зат.

Кечиргиле бейишинен болгурлар,
Бизге сабак, даана далил болдунар.
Айлам калбай ырдан болок куйутуу,
Билинбестир арабызда жогунар....

Б. Жакыпов.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   mega777   29 Август 2016 - 12:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Уктап кетти уу жытына ууланып.
Он жети кыз бир бирине кыналып.
Ороп кетти шум ажалдын жалыны.
Байкуш кыздар жатып калды суналып.

Апакелеп калды байкуш баласы.
Айыгабы наристенин жарасы.
Ай кызынан ажыраган жер чапчып.
Аттин калды жаш кыздардын апасы.

Оттой куйуп отко куйуп кыргызын.
Очуп жатат арасында жылдызын.
Оош кыйыш жашоосунун айынан.
Отту кечти татынакай жаш кызын.

Ойлонобу ушуларды чондорун.
Отко салбайт эч бироосу колдорун.
Ооз учунда суйлоп койюп тайрандап.
Ондой албайт келечектин жолдорун.

Он жети кыз куйуп кетти кул болуп.
Оо бейишке чыксын баары гул болуп.
Орусия ондоп кетпей жашоосун.
Кулдо калды ачылбаган бур болуп.

(Кечээки каргашалуу окуяда каза тапкан эже карындаштардын жаркын элесине арнайм! Жаткан жерлери жайлуу болсун Аллахым бейиштен жай берсин.)

Умарали Уулу Кыялбек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   mega777   29 Август 2016 - 12:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

*******Арман.******
(Орттон каза болгон Кыргызымдын кыздарынын жаркын элесине багыштаймын. )
Кыргызымдын кыздары гулгун курак,
Тирилик деп келдин эле,кеттин урап.
Алоолонгон тилсиз жоонун кучагында,
Жаш кеттиго омурун гулдой куурап.

Журдун эле Ата эненди сагынып,
Азыраак иштесем кетемин деп камынып.
Жетпей калдын алдыга койгон максатка,
Бут кыргызым зыркыроодо жанчылып.


Шейит кетти Кыргызымдын сулуулары,
Кырк беште дейт арасында улуурагы.
Копчулугу он сегизге аран жетип,
Оо дуйного аттаныптыр мунун баары.


Жаратканым бейишинен орун берсин,
Баарынарга чын дуйнодо багын берсин.
Сабыр тилейм Ата энеге бир тууганга,
Кудайым чын дуйносун кенен берсин.

Жаткан жерин жайлуу болуп ылайым,
Топурагын торколуу кылсын Кудайым.
Курандан башка атай албайм силерге,
Силер учун кунуго Куран окуп турайын.
Автор:Абдуллаева Бактыгуль
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   mega777   29 Август 2016 - 12:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Топ кыздардын козго тартып элесин,
Ток ургандай отко куйгон денесин.
Топ гулдордун жалт деп очсо жарыгы,
Токтоно албай шолоктодум мен озум.

Толкунданткан чын жашоонун кемесин,
Топ кыздардын ойлоп Ата Энесин.
Тоодой бакыт куткон кызын жоготсо,
Томсоргонун сезип турам мен озум.

Ата эненин актайын деп умутун,
Аттин мында,уул кыз иштейт,куну тун.
Алмадай кез жалын менен жалп очсо,
Ал жоготуу арман болбос ким учун.

Чылымов Б.Ж.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   mega777   29 Август 2016 - 12:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

БАКЫТ ИЗДЕП КЕТИШТИ ЭЛЕ...
Автор; ЭРКЕАЙЫМ БОТАЛИЕВА Ш.

Бакыт издеп кетишти эле алыстан.
Суук кабарды угузушту, капыстан.
Боздоп ыйлап кала берди, дос-тууган.
Кайран кана, кырчын омур кыйылган.

Кайран кыздар, жаш кезинде жайраган.
Эне болуу укугунан айрылган.
Кыялдары ишке ашпай, кайрылган.
Ботон жерде козун жумуп, жабылган.

Ата-эне, бир-туугандар ыйлашып.
Айла таппай, кабыргасы кайышып.
Ааламатка болуп откон ишенбей.
Жараткандан суранышат, жалынып.

Ата-Мекен жолун тосуп, майышып.
Жооп таба албай,жонун тосуп, карышып.
Уройу учуп Кыргыз эли, тунжурап...
Умутунон калгансыды. .. ажырап...

Табигат да ишене албай кокуйлап...
Айлана да тынчы кетип, чоочулап.
Асман дагы жаай албай ношорлоп.
Кундун бетин булут басып, кошорот...
ЭРКЕАЙЫМ БОТАЛИЕВА Ш. 27.08.2016г.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   mega777   29 Август 2016 - 12:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

КЫЙЫНДАРЫМ КОРГО УУЛ КЫЗЫНДЫ

Кыйындарым, зырп эттиби журогун,
Кыйын кундо, куйуп кетти чурогун.
Кырчын курак эми, эми осоордо,
Шейит болду, таштап элин, туногун.

Кыйындарым, жашы толбой кыз кетти,
Колу чебер, татынакай уз кетти,
Кыргыз кызы бала тороп кобойтмок,
Эне болбой, коктойунон мурт кетти.

Кыйындарым, коргобосон кызынды,
Тебеленип, ботон элде узулду,
Эл аралап кантип басып журосун,
Эр жигитсин, актасанчы тузунду..

Кыйындарым, кыргыз кыздар кырылды,
Кыргызымдын журогу ооруп сыйрылды.
Кыйын болбой, кыргызынды коргоп ал,
Эр жигитке элин коргош кыйынбы?

Оз жеринен бакыт нуру буюрбай,
Бакыт издеп кетти эле бурулбай,
Жер кучактап жатат кыздар денеси,
Турбайт эми, биздин создор угулбай.

Темселеттик секелекти бага албай,
А талаада калды кыздар каралбай.
Апакелеп, жанын кыйды байкуштар.
Алдан кетип жыйган чачы таралбай..

Оз жеринен бакыт издеп табалбай,
Кор оокат деп кеткен эле талаалай.
Кыйын болбой секелекти коргоого,
Журосунор бир законду жаза албай..

Ойлонгула, ойлонгула кыйындар,
Башка жерде нечендеген кыргыз бар,
Жаш оспурум..эне суту кетелек,
Татынакай бойго жеткен кызын бар..

Карабасан кыргызымдын уул кызын..
Ажал андып кемип барат кыргызын..
Кырчын жаштар моюн сунду ажалга,
Топурака алмаштырып жылдызын..

Кундузбү Алимбековна.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   mega777   29 Август 2016 - 13:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Кармап алып татаал турмуш этегин.
Эх, өмүрлөр, батпы ушунча кетериң.
Эми туйдум карындаштар, эжелер,
Менин дагы бир тууганым экенин


.Ош түнөрүп, муңайгандыр Көл чети.
Түштү тагдыр тыйынынын сол бети.
Он жети миң урпак болуп көбөймөк,
Он жети эне. Он жети аалам. Он жети...

Улукбек Омоккеев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   mega777   29 Август 2016 - 13:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

...БИЗ СИЛЕРДИ УНУТПАЙБЫЗ
КЫРГЫЗ КЫЗЫ КЕЧИРГИН....
Азап болуп кечээ уккан жаңылык,
Кулагымдан кетпей турат чаңырык.
Жүрөгүмдө мен да турам өрттөнүп,
Жардам!-деген кыздар ыйы жаңырып!!
Кыргыз кызын ажал сааты жандады.
Жалын чырмап кара түтүн жалмады.
Билсек дагы кудай берген тагдыр деп,
Бул өлүмдөр кыргыз жерин кандады...
Кыргыз кызын кыйгым келбей өлүмгө,
Жүрсө дедим Ала-Тоомдун төрүндө...
Аттиң арман, келет күйгөн денелер,
Гүл жайнасын, бейиш кирип көрүндө.
Эне болуп аппак жоолук салынып,
Күлсө кана балдарына жалынып.
Ажал арбап кара күлгө чулгандың,
Кыргыз жерин жүргөн кезде сагынып.
Кара чачтуу кыргыз кызы каралдым,
Сен да, мен да бир энеден жаралдым.
Боздоп турам бир тууганым өлгөндөй,
Кечиргиле! !! Күүсү ушундай замандын! !!
Аргабыз жок кайрат айтып турабыз,
Жүрөктөргө эрдик суусун бурабыз.
Көп эркектер намыс үчүн биригип,
Силер күткөн жаркын заман курабыз!! !
#albansayak
A.Асейин Саралаев (Aseiin Saralaev)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   arman14   29 Август 2016 - 16:45

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 18 Август 16
  • Соңку аракети: 25 Фев 2017 16:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Не дейин айтаарга соз таппай турам,
Не кылам ыйга муунуп, айлам курам.
Кош болгун 17 гул, жылдыздарым,
Кол жайып бейишинди тилеп турам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Uhtishka.   29 Август 2016 - 20:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 066
  • Катталган: 05 Февраль 16
  • Соңку аракети: 04 Авг 2023 19:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:МСК

Ыйлагыла Мекенимдин булуттары,
Жаш өлүүдөн өткөн кайгы, күйүт барбы?!
Периштедей он жети кыз учуп кетип,
Көөдөндөргө бутпөс арман уюп калды.
Ыйлагыла кыргызымдын жигиттери,
Жигит көзгө жаш алчу күйүт келди.
Балдарыңа апа болчу селкилердин,
Өмүрүнүн өчүп калды биликтери... .....
Чыйралгыла кыргызымдын жигиттери,
Чымырканып кайратту бол бууп белди.
Көздөн аккан ачуу жашты арчып салып,
Кыргыздыгың далилдөөчү учур келди.
Кыргыз элим көзүндү ач, үргүлөбөй,
Болду жетет ойгонууга мезгил келди!
(Автору белгисиз)

Билдирүүнү түзөткөн: Uhtishka.: 29 Август 2016 - 20:19

Сам воздух родных мест-другой ,сам запах земли -особенный.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   kozunek.   29 Август 2016 - 21:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 876
  • Катталган: 09 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 22 Июл 2025 23:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дүйнө...

Алыс жакта кызым эсен жүрсө деп,
Амандыгын тилеп жүргөн жаныңдын.
Ата энеңди, салып силер кайгыга,
Алааматын көтөрдүңөр жалындын.

Гүлдөй болуп жайнап турган кезиңде,
Ойноо курак, эч нерсе жок сезимде.
Куткарууга, айла болбой эч жактан,
Калып кеттиң, кызыл оттун ичинде.

Ажалмын деп, сойлоп келип кызыл от,
Алып кетти, он төрт кызды тузактап.
Ойрон болуп, алдыга койгон үмүттөр,
Жатып калдың кара жерди кучактап...!

Жалын каптап ич дүйнөнү турган кез,
Биз айрылып он төрт чырак кыздардан.
Астын-үстүн болуп турган өндөнөт,
Тарып бизге,он сегиз миң кең аалам.

Оо жараткан бооруң таштан жаралды,
Отко салып он төрт бирдей балаңды.
Шейит кылып, алып кеттиң бейишке,
Фирдаустун эшигинен киргиз эми аларды.

Көнүл айтам, кыргыз элим жалпыңа,
Тең бөлүшүп башка түшкөн кайгыңды.
Учуп кеткен, он төрт биздин кыздарга,
Жаратканым, бейиш төрүн жай кылды.

Кайгы тартып, аза күтүп мекеним,
Турат бүгүң кызыл туусун түшүрүп.
Элим ыйлайт, он төртүңдү эскерип,
Көз жаш төгүп, көөдөнүнөн үшкүрүп.

. М.Абдыкаимов

Билдирүүнү түзөткөн: kozunek.: 29 Август 2016 - 21:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Taranchy   30 Август 2016 - 00:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 20 Май 14
  • Соңку аракети: 02 Дек 2021 11:17

Бул жалганда акка кара жолдош тура
Нелер кана болбойт аттин турмушта
Кечээ эле кулку менен жургон силер
Кайгыртып оо дуйного кеттинер

Омурунор отко айланып кетерин
Орт силерге олум менен жетээрин
Караанынды кайым кылып коз жаздымда
Ким ойлоптур шум ажалдын келээрин

Оо бир тууган сабыр тилейм мен сага
Оор болду жакындарга, балдарына
Оодарылып кеткенсиди кен аалам
Орусиядан келген суук кабарга

Эне турат эскерип элесинди
Ишенбей келбестикке кеткенине
Атанын журогуно азап толду
Мундуу карап суроттогу келбетине


Мээринине зар болуп жаны сыздап
Боздоп ыйлап, чыркырап балан калды
Ун созсуз бир озунду жоктоп карайт
Сен жаткан боз топурак кабырынды
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Monchoshka   30 Август 2016 - 14:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 335
  • Катталган: 05 Август 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2017 14:38

Ким куноолу?..
Биринчиден жазып жаткан МЕН куноолу,
Экинчиден окуп жаткан СЕН куноолу..
Пара берип, пара алган эл куноолу..
Кыздарыны темселеткен чет жерлерде,
Ата Ага Ини деги эр куноолу..
Тогулбогон убагында мээр куноолу,
Ырдаганды гана билген шер куноолу..
Уул кызыны сактай алгыс чеп куноолу,
эл журтуна куйбой койгон бек куноолу..

Баарыбыз куноолубуз, бирок тагдыр экенда((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   ms.jankam   30 Август 2016 - 18:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 190
  • Катталган: 12 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 29 Май 2025 20:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Ээхх!!! кетти кыздар калтырышып элесин,
жалын орт алып омур нечесин.
Жылдыздай жанып очкон омурлор,
жашырышты топуракка денесин.

Канча омур куйду отко жалындап,
аруу кыздар,кетти эне,асыл зат.
Тороло албай бала кетти карында,
таба албайбыз кайда,кайда акыйкат.

Куйук дене жансыз барат учакта,
эне боздойт кызын таппай тумандап.
Канча бала калып кетти энесиз,
суроттогу элестерин кучактап.

Бакыт издеп ботон жерден бак издеп,
жетпей кетти тилегине периште.
Апаа деген кыйкырыктай бир туйлап,
торо албай кетти арман наристе.

Тилектерин максаттарын куралбай,
канча омур кетти,очту уланбай.
Жатышат алсыз гана периштелер,
энелердин боздогонун
угалбай.

Ыйла Кыргыз,боздо Кыргыз ыйлагын,
шейит кетти канча аруу кыздарын.
Канчалаган наристелер торолмок,
коргой турган Кыргызымдын урпагын.

Куткон улан суйуктуусун сагынып,
куткон бала калды энесиз чанырып.
Айрылуунун ызаасына чыдабай,
Энелердин ыйы турат жанырып.

Жеке калемиме таандык.
Жайлары жаннатта болсун!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   belleza   30 Август 2016 - 21:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 320
  • Катталган: 30 Июнь 11
  • Соңку аракети: 05 Июл 2021 11:35
  • Жынысы:Белгисиз

Жаткан жери жайлуу болсун Эже синдилерибиздин! Аллахым оз ырахматына алган болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Jadyrashka   31 Август 2016 - 01:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Отко жанып чымын жаны чыркырап
Күйүт ыйы көөдөнүмдү тыткылайт
Эгиздерди төрөп берчүү энелер
Учту, кетти бөтөн жерде быркырап.

Гүл жытанган элестери өрт болду
Ууга оролуп, канга сиңип жоголду
Жүрөк түптө сайгылаган күйүттөн
Көз тунарып, көз жаш менен буулду.

Наалат сага көр тиргилик тентиткен
Өз мекенден алыстарга ээрчиткен
Гүлкайырдай гүл кыздарды сыздатып
Бөтөн элде, бөтөн жерде кемирген.

Өрт да өчтү, өчтү кошо өмүрлөр
Сууп бүттү бөтөн жерден көңүлдөр
Ойноп алчуу, күлүп алчуу куракта
Коюу отко кошо жанды көп көздөр

Жектеп турам ажоо, бийлик сөөрөйдү
Эл башына кара күндү түшүрдү Карындашын, эже, аялын бакпаган
Жектеп турам эркектерди бүгүнкү.

Айта бесе узун кептин учугу
Көөдөндөргө батпайт жатат аза бу
Топ топ болуп кыргыз кызын тепсеген
Патриот сөөрөй акмактардын тийди мына кусуру.

Оо кыргызым аял ыйык билип ал
Кыз, келинди төргө коюп барктап ал
Бул каргаша сабак эмей эмине?
Улутуңдун улоочусун сактап кал.

:Jadyrashka
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Ashka.   31 Август 2016 - 11:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

Жашоодон кеткен он төрт кыз.
Силерсиз калды онтоп күз.
Баарыңды жоктоп кыргыз эл.
Кайгыга бүгүн ортокпуз.

Өмүрдөн кеткен он төрт кыз.
Көңүлдөр бүгун онтоп, сыз.
Эгемен күнү силерди.
Турабыз аттиң жоктоп биз.

Кыргызга келди кара күн.
Кыргызда бүгүн аза күн.
Тынчтыкты бүгүн өкүрүп.
Көөдөндөн чыккан жарат үн.

Ала-Тоо бүгүн күйүттө.
Арманын жайып жайытка.
Эгемен күнүн жаркырап.
Майрамдоо бүгүн айып да.

Таирбек Ерматов
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 03:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: