Фейсбук,
Твиттер, Инстаграм сыяктуу бардык социалдык желелерде #alsicebucketchallenge хэштеги менен белгиленип,
бир чака муздуу сууга жуунган атактуулардын видеолору таркап кетти. Боково́й (латера́льный) амиотрофи́ческий склеро́з (БАС) аттуу оору менен жапа чеккендерге кайрымдуулук кылуу менен бирге эстафетаны жайылтышууда.
Бул оору борбордук нерв системаларынын айыкпас дегенератив дарты катары эсептелип, шал оорусуна чейин алып барат. Жылына 100.000 адамдын 1 же 2оосу бул оору менен жабыркайт. Релузол- бул оорунун оорчушун азайткан жалгыз препарат.
Эми эстафетага кезек берели. Атактуулардын обу жоктугубу же чын эле кайрымдуулук кылып жатабы ким билсин, айтор бекерчилерге жакшы эле эрмектечу нерсе табылды. Сиздердин оюнуздар кандай ? Сиз да бул эстафетаны кабыл алдынызбы? Кыргызстанда да бул нерсе башталдыбы?
- (2 )
-
- 1
- 2
"Бир чака муз сууга жуунуу" эстафетасы кайрымдуулук фонду...
#3 22 August 2014 - 22:04
Мен угуп алып эн сонун идея деп койдум ичимден. Атактууларда эмне коп? Акча албетте. Жардам беришсин да. Эгер макул болбосо ит эле болот. Намысына шек келип. Азыр ага мени чакырса макул болбойм. Бирок атактуу болсом макул болбогонго арга жок эле. Угушум боюнча кыйла эле акча топтолуп, эч ким отказ кыла элек экен. Жана атактуулардан Роналдо, Месси да беришкенин уктум.
#4 22 August 2014 - 23:10
Бул эстафетаны укпаптырмын,
бирок башка эстафеталарды бири-бирине откоруп жургондорун коруп журом.
#7 26 August 2014 - 17:32
Бул флешмобдун башын Криштиану Роналдо, Билл Гейтс, Жастин Тимберлейк,
Жастин Бибер, Марк Цукерберг, Майли Сайрус таанымалдар баштап беришкен эле...
#9 26 August 2014 - 17:35
Каптал амиотрофикалык склерозду (айыкпаган ооруну) изилдөөгө көңүл буруу үчүн флешмоб-акция,
август айынын башында старт алды жана дүйнө жүзү боюнча IT-гиганттар,
актерлор, музыканттар жана саясатчылар өздөрүнө башынан ылдый чакалай муздак суу куя баштаганда катуу күү алды. Флешмобдун эрежелери өтө оңой: башыңдан ылдый бир чака муздак суу куюп, 10 доллар кайрымдуулук кыласың дагы башка үч адамды кошулууга чакырасың же болбосо кургак бойдон калып, бул ооруну изилдөө үчүн 100 доллардан кем эмес кайрымдуулук кыласың. Мунун барын 24 саат ичинде кылыш керек. Атактуулар 10 миң доллардан кем эмес кайрымдуулук кылып, айдын аягында 15 млн доллардан ашык акча топтолгон.
Эрежесин өзүбүздүн өлкөгө ылайыктштырып, бираз өзгөрттүк: муздак суу куюнуп, “Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна” 500 сом кайрымдуулук кыласың же болбосо кургак бойдон калып, 5000 сомдон кем эмес кайрымдуулук кыласың. Биздин мекендештер бул флешмобду колдоп, муктаж болгондорго ашыкча болбогон жардамын берет деген үмүттөбүз.
Эрежесин өзүбүздүн өлкөгө ылайыктштырып, бираз өзгөрттүк: муздак суу куюнуп, “Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна” 500 сом кайрымдуулук кыласың же болбосо кургак бойдон калып, 5000 сомдон кем эмес кайрымдуулук кыласың. Биздин мекендештер бул флешмобду колдоп, муктаж болгондорго ашыкча болбогон жардамын берет деген үмүттөбүз.
#14 26 August 2014 - 17:47
Мобу биздин кабарчы жана ырчылар ! Баткенге барып ошол жерден бир чака сууну алып ! Мекенди коргоо учун чакырык жасашсынчы!
Тынч Бишкекте туруп алып сууну куйуна бербей! Кыргызга куло турган адам жок азыр! Мектеп башчысын уруп кетиптир!
Айылдагылар кочуп кете баштаптыр!
Бир айга болсо да тынчтык учун Мекенди коргоо учун чакырык жасашсын!
Же каражат топто учун! Жоокерлерге жана Баткен Элине!
#16 26 August 2014 - 17:50
Мобу биздин кабарчы жана ырчылар ! Баткенге барып ошол жерден бир чака сууну алып ! Мекенди коргоо учун чакырык жасашсынчы!
Тынч Бишкекте туруп алып сууну куйуна бербей! Бирдемени уйронбосун!
АКШдан уйронгону!
Эрежесин өзүбүздүн өлкөгө ылайыктштырып, бираз өзгөрттүк: муздак суу куюнуп, “Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна” 500 сом кайрымдуулук кыласың же болбосо кургак бойдон калып, 5000 сомдон кем эмес кайрымдуулук кыласың. Биздин мекендештер бул флешмобду колдоп, муктаж болгондорго ашыкча болбогон жардамын берет деген үмүттөбүз.
#17 26 August 2014 - 17:51
Эрежесин өзүбүздүн өлкөгө ылайыктштырып,
бираз өзгөрттүк: муздак суу куюнуп, “Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна” 500 сом кайрымдуулук кыласың же болбосо кургак бойдон калып, 5000 сомдон кем эмес кайрымдуулук кыласың. Биздин мекендештер бул флешмобду колдоп, муктаж болгондорго ашыкча болбогон жардамын берет деген үмүттөбүз.
Баткен учун! Мекенди коргоо учун!
#18 26 August 2014 - 18:06
Үстүнөн муздак суу куюп акцияга катышкан 18 жаштагы шотландиялык жаран каза тапты
Шотландияда 18 жаштагы жарандын "Кайрымдуулук кыл же өзүңө муздак сууну куй" он-лайн кайрымдуулук акциясына катышып каза болгону айтылууда. Аты аталбаган жаран Инверкитинг шаарындагы Престон Хиллз жарынан түшүп кеткен.
Анын Бернтайленд шаарынан келгени белгилүү болгон. Бийлик өкүлдөрү маркум өзүнүн үстүнө муздак суу куйганда дароо каза болгон деп билдиришүүдө. Бирок эч кандай дилил көрсөтүлгөн эмес. Айрым маалыматтарда бала үстүнө суу куйган соң тайгаланып, жардан түшүп кеткени айтылды. Ал эми каза болгон жарандын жакындары флешмобдун алкагында тартылган видеону таратышпай жатат. Бул тууралуу 25-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Престон Хиллз деп аталган жардын бийиктиги 24 метрге чейин жетет. Бийлик эки жыл мурун аймакты кооптуу жайлардын катарына киргизген.
"Кайрымдуулук кыл же өзүңө муздак сууну куй" аталышындагы флешмоб күн санап популярдуулугу артууда. Акцияга ырчы, актёрлордон тартып саясатчыларга чейин катышканы үлгү болгонбу, айтор дүйнөнүн булуң бурчунда жашаган эл кайрымдуулукту түрдүүчө жасап жатат. Индияда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир чака күрүч берип жаткандагы сүрөттү интернеттеги социалдык тармактарга жүктөө эрежеси менен акция өтүүдө.
http://www.super.kg/ kabar/news/78907/
#20 27 August 2014 - 12:23
Дүйнөдөгү белгилүү адамдардын мындай жоруктарын окудум эле. Көрсө, КРде да уланып жатыптырда.
Эмнеси болсо да, баары жакшылыкка болсун.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео













