Күзүндө Уругвай өлкөсүнүн жашоочулары “альтруистиги” менен дүйнөгө белгилүү болгон президент Хосе Мухико менен коштошушат.
(альтруист- өзүнүн кызыкчылыгынан башканын кызыкчылыгын өйдө койгон инсан)

Уругвайда президенттик шайлоо компаниясы башталды. Октябрь айынын аягында болчу шайлоодо,&
nbsp; талапкерлер арасында талаш-тартыш катуу болчудай болуп турат. Бирок дүйнө коомчулугун президенттик шайлоо эмес, Латын америка өлкөлөрүнүн арасында эң либералдуу мамлекет түзгөн Хосе Мухиконун мындан аркы тагдыры кызыктырууда.

Хосе Мухико өзүнүн “альтруистиги” жана радикалдуу реформалары менен дүйнөгө таанылган президент. The Economist деген абройлуу журнал 2013-жылы “жылдын мамлекети” деген наамды Уругвайга тапшырган. Мурда журнал
мындай сыйлык берген эмес. Уругвай мамлекети&
nbsp; консервативдүү-
католик өлкөсүнөн,&
nbsp; тез аранын ичинде эле социалдык-либерализмдин үлгүсүнө айлангандыктан улам, &
nbsp;редакция ушул сыйлыкты ыйгарганын айтышты. Себеби
бир нече жылдын ичинде эле Уругвайда бир жыныстагы адамдардын никеси, марихуана сатуу жана аборт кылуу мыйзамдаштырылды.
Мындай чечимдерди кабыл алууда президент&
nbsp; Хосе Мухиконун ролу чоң болду.

br>

Британиянын The Daily Mail деген аталыштагы оңчулдардын гезити Хосе Мухиконун турмуш шартына суктануу менен “Өзүнүн мүлкүн жашырбаган саясатчы” деген темада макала жазышкан. Чынында эле Мухиконун жашыра турган мал-мүлкү жок. Президент болгондон кийин мурдагы президенттер жашаган ак сарайдан баш тартып, борбор калаанын чекесиндеги Монтевидео деген жердеги жубайынын фермасына жайгашкан. Кичинекей кепе үйдө президент жашаарын билүү оңой эле. Анткени үйдүн алдында президенттин 1987-жылкы
Фольксваген Жук автоунаасы токтоп турат. Кароол катары эки полиция кызматкери бөлүнгөн. Аларды фермага кеткен жолдо зеригип отурган жеринен жолуктурса болот.

78-
жаштагы президент бош убагында бакча менен алектенет. Ооруп калса кадимки айылдагы бейтапканага барып, карапайым калктын арасында өз кезегин күтөт. Тамак-ашты дагы айылдын жөнөкөй дүкөнүнө өзүнүн машинасы менен барып сатып алат. Айлык акысынын 90 пайызын кайрымдуулука жумшайт. Өзү айына миң долларга жакын акча сарптайт.<
br>
Мухико өзүн “эң кедей президент” дегендерди жактыра бербейт. Анын айтымында ак сарайдын ичинде алтынга оронуп алышкан, бирок &
nbsp;жан дүйнөсү бош президенттер кедей.
Ал эми мен моралдык жактан каалаганымдай жашап жатам.Көп жылдар бою мен жөнөкөй эле жер төшөк тууралуу кыялданып келгем. Ошондуктан азыркы жашоо шартыма ыраазымын дейт,-ал.

Мухико жер төшөк тууралуу айтканда көпчүлүк анын башынан өткөн кыйынчылыктарды эстешет. Саясий карьерасын марксисттик идеяны туу туткан партизандык уюмдан баштаган. Тумапарос деп аталган партизандык кыймыл байларды тоноп, кедейлерге таратып бергендикттен Робин Гуд аталышкан. Бирок көп учурда алар кандуу кагылышууларга туш болушкан. Мисалы Мухико алты жолу ок жеп, жарадар болгон. Уругвайдын бийлигине аскер кызматкерлери келгенде Тумапарос кыймылынын көпчүлүк мүчөсү камака алынган. Алардын арасында келечектеги президент дагы бар болчу. 15 жылдан ашык убакыт түрмөдө отурган Хосе Мухико эки жыл жөнөкөй жер төшөкө зар болуп, зынданда жалгыз отурган.

Мухико жетектеген Уругвай өтө кооптуу өлкөгө айланды. Марихуананы мыйзамдаштыруу жана анын сатуу мамлекет&
nbsp; тарабынан катуу көзөмөлгө алынышы менен ири баңги сатуучулар өлкөдөн чыгып кете башташты. Себеби марихуана ачык сатылып баштаганда,
героин менен кокаинге суроо талап жок калган. Баңги сатуучуларга каршы эч кандай согуш болгон жок. Жөн гана Уругвай наркобарондор үчүн кирешелүү жер болбой калган.

Марихуананы мыйзамдаштырууну башында калк терс кабыл алган. Ошондо президенттин аброю бир топ эле түшүп калган. Бирок кийинчерээк бул демилгенин жакшы жагын түшүнгөн соң, эч ким унчукпай калды. Тескерисинче кээ бир өнүкөн өлкөлөр Уругвайдын бул тажрыйбасын колдонуу үчүн иликтеп жатышканын айтышат.

Октябрдан кийин Уругвай эли Мухиконун альтруистигин гана эмес, анын &
nbsp;куйкум сөздөрүн дагы сагынышат. Президент болгондон кийин ар бир сөздү ойлонуп сүйлөш керек. Бирок 15 жыл түрмөдө отурган, алты жолу ок жеген президент анча-мынча этиканы эске албай эле балп этирип сүйлөп коёт. Карыса дагы жүрөгү партизан бойдон калган Мухиконун мындай кылыгын эли сынга албайт. Тескерисинче колдоп-коштоп коюшат.

2013-
жылы Аргентина президенти Кристина Киршнер менен болгон жолугушуудан кийин уругвай лидери эч кимге угулбайт деген ойдо аны “карыган мастан” деп атаган. Бирок микрофондор күйүк болгондуктан,
бул сөз баарына угулуп калган. Учурда Аргентина оппозиционерлери президенттин “карыган мастан” деп аташат экен. Кийинчерээк сураган Уругвай президентинин кечирими эч кандай пайда берген жок.

br>Ушул сыяктуу окуя 2014-жылдагы футбол чемпионатында дагы кайталанды.
Уругвайдын улуттук футбол командасынын чабулчуусу Луиса Суаресаны оюндан четтетүү чечимин кабыл алган ФИФА функционерлерин,
Мухико оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, чечимди “фашистик чечим” деп атаган. Журналисттер бул айтканын жаза берсек болобу деп сураганда, бир дагы сөзүн жымсалдабай жарыялагыла деген.

Учурда Уругвайда президенттик шайлоо компаниясы кайнап жаткан учуру. Хосе Мухико бул шайлоого катышпайт. Бирок Уругвайдын тарыхында жана элдин эсинде легендарлуу өлкө башчысы катары кала берет.

br>

- (2 )

- 1
- 2
Дүйнө жүзүндөгү эң кедей президент кызматын тапшыруу астында турат. Байкуш...(((
#1 25 August 2014 - 16:22
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни

#2 25 August 2014 - 16:25
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни

#3 25 August 2014 - 16:28
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни

#5 25 August 2014 - 20:12
О, кандай инсан! Тируу легенда го.
Эми кептин баары болочок жаны президентте, Хосе мырзанын саясат багытын озгортуп жибербейт бекен, яа?
Эми кептин баары болочок жаны президентте, Хосе мырзанын саясат багытын озгортуп жибербейт бекен, яа?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#6 26 August 2014 - 00:47
Дуйнодо ушундай адамдар да бар экен да.
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#7 26 August 2014 - 04:01
Бизге качан келет экен ээ ушундай олко башчы. Дал ушундайы го жок дечи, жок дегенде окшошураак,
жок эле дегенде 30-40% окшош болсо. Анда жыргализм заман келмек олкого.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#9 26 August 2014 - 09:43
Кой, ай мен мындай президентти биздин арабыздан элестете албайм. Ажо эмес, облустук губернаторлор чумкомо машинеде жансакчылары менен журушот, оз элинен коркуп-уркуп.
))) Ажого ак уй менен резиденциясы эле буйрусун.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#10 26 August 2014 - 13:53
“Уругвай өлкөсүнүн президенти Хосе Мухика – эң кедей президент” деп жазылат чет элдик маалымат каражаттарында.
Анын минтип табылганынын да жөнү бар экен. Көрсө, 77 жаштагы президент алган айлыгынын (айлыгы 12 миң доллар) 90 пайызын кайрымдуулук иштерине жумшайт тура. Анан да ал президенттик резиденцияда жашоодон баш тартып, борбордон анча алыс эмес жайгашкан Монтевидеодогу фермасында жашайт. Эл катары эшигинин алдына тартылган кермеге кир жайып, кудуктан суу ташып ичет. Аялы экөө сатыкка деп атайын гүл да өстүрүшөт.
2010-жылы тапшырган декларациясында анын наамына баасы 1987-жылы чыгарылган 1800 долларлык Фольксваген Жук үлгүсүндөгү унаасы гана жазылган. Бул унаасы менен жумушка келип кетет. Аялынын наамына катталган 2 тракторду жана тамды кошкондо бул үй-бүлөнүн байлыгы 215 миң долларды түзгөн.
Ал жашоосу тууралуу “Мени эң кедей президент деп аташат. Бирок мен өзүмдү кедеймин деп эсептебейм. Кедейлер булар – жомоктогудай жашоого умтулган, өзү тойсо да, көзү тойбогон адамдар. Менин жашоом эң сонун. Бул жашоону өзүм тандап алгам” деп айтып келет.
Эске салсак, Хосе Мухика 2009-жылы Уругвайдын президенти болуп шайланган. http://www.super.kg/ kabar/news/40751/

#12 27 August 2014 - 03:44
#13 27 August 2014 - 12:10
Бизге да кун тийип, ошондай президенттуу болуп каларбыз."
жакшы тилек жарымы ырыс" демекчи жакшы тилек кылалы. Балким арабызда бардыр.
#14 27 August 2014 - 12:37
Бизде президент эмес айыл окмот да мындай жашабайт, болушунча элдин байлыгын жеп жок кылышат.
#15 27 August 2014 - 13:22
Биринчи жолу угушум мындай адамдар аз ото аз мынча жонокой киши элим жерим деген
#18 27 August 2014 - 15:52
1. Себеби бир нече жылдын ичинде эле Уругвайда бир жыныстагы адамдардын никеси, марихуана сатуу жана аборт кылуу мыйзамдаштырылды.
Мындай чечимдерди кабыл алууда президент Хосе Мухиконун ролу чоң болду.
2. Саясий карьерасын марксисттик идеяны туу туткан партизандык уюмдан баштаган. Тумапарос деп аталган партизандык кыймыл байларды тоноп, кедейлерге таратып бергендикттен Робин Гуд аталышкан. Бирок көп учурда алар кандуу кагылышууларга туш болушкан. Мисалы Мухико алты жолу ок жеп, жарадар болгон.
3. Марихуананы мыйзамдаштыруу жана анын сатуу мамлекет тарабынан катуу көзөмөлгө алынышы менен ири баңги сатуучулар өлкөдөн чыгып кете башташты. Себеби марихуана ачык сатылып баштаганда, героин менен кокаинге суроо талап жок калган. Баңги сатуучуларга каршы эч кандай согуш болгон жок. Жөн гана Уругвай наркобарондор үчүн кирешелүү жер болбой калган. Марихуананы мыйзамдаштырууну башында калк терс кабыл алган. Ошондо президенттин аброю бир топ эле түшүп калган. Бирок кийинчерээк бул демилгенин жакшы жагын түшүнгөн соң, эч ким унчукпай калды.

1. Болбогон мыйзамдар. Бузукулукка түртчү мыйзамдар!
2. Кандай максатта болбосун бирөөнүн байлыгын тартып алуу, каракчылык деп эсептелет.
3. Наркобарондор азайганы менен наркотик колдонгондордун саны өстү. Наркобарондор бар убакта наркотикти көпчүлүк сатып ала албайт эле. Эми каалаган адам аны сатып ала алат. Ал эле эмес алар үйүндө да марихуана өстүрүүгө уруксат берилген. Мындай кетиште Уругвай эле өтө кооптуу жагдайга туш болот. Мисалы тамекиге дүйнөнүн бардык жеринде уруксат берилген. Жыйынтыгы көрүнүп эле турат. Азыр миллиондогон тамеки чегүүчүлөр бар. Эртең Уругвайды туурап, башкалар да уруксат бере башташат. Анан элдер массалык түрдө наркомандарга айланышат. Миллиондогон эл наркоманга айланат.
Анын кедей жашаганына алданбоо керек. Мамлекеттин бюжетинен акча урдабаган болсо эле, анын бардык иши туура дегенди билдирбейт. Тем более партизан болуп жашоосун джунгилин арасында, андан кийин түрмөдө өткөргөн адам мындай жашоого көнүп деле калса керек.
#20 29 August 2014 - 11:08
Уругвайлыктарга завидую белой завестью!
Сыймыктанатурган президент экен!
а биздин президентерибиз менен только уялганын уялган башка элдин алдында...
вывод - кыргыздар дагы президент болом деген кандидатты 6-жолу аптомат менен атып, анан тируу калса 15-жылга турмого тошогу жок бетонго камап салышыбыз керек экен! анан адам болгондон кийн гана аны президент кылып шайлашыбыз керек экен! орусча айтканда - выживает сильнейший! сильнейший будет президентом!

Супер-Инфо
super.kg
видео