Суперстан: Кыргыз эстрадасынын өнүгүшү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыз эстрадасынын өнүгүшү Кыргыз эстрадасынын өнүгүшү

#1 Пользователь офлайн   azamat1992kg   09 Ноябрь 2011 - 11:58

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кыргыз эстрадасы XX – кылымдын 60- жылдарынын аягынан 70- жылдардын башынан тартып мектептердин, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын, айылдык, райондук, областтык маданият үйлөрүнүн, клубдардын алдында аспаптык, вокалды аткаруучулук, көркөм окуу, бий, куудулдук жана башка жаш шайырлардын башын бириктирген чакан аспаптык вокалдык топтор уюштурула баштаган. Жаңы жанр кыргыз музыкасында жаңы чыгармалардын жазылышына жол ачкан. Кыргыз мамлекеттик Т.Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык студия кыргыз эстрада ансамблинин, «Арашан», «Наристе» вокалдык аспаптык топтордун уюшулушунда, жаңы эстрада ансамблдеринин жаралышында өзүнчө мектеп болду. Балыкчы шаарынын «Наристе», Оштогу жибек комбинатынын «Кыз бурак» Фрунзедеги маданият үйүнүн «Семетей», «Гүлдесте», Сокулук районунун «Мээрим», Бишкектеги саясий ырлардын «Аракет» аттуу вокалдык – аспаптык ансамблдери аткаруучулук чеберчиликтери, профессионалдуулугу менен бөтөнчө айырмаланган. Алар фестивалдын лауреаттарынан болушкан. 90- жылдан тартып, айрыкча Кыргызстан эгемендүүлүккө жаңы багытта, жаңы стилде өнүгүүнүн, өсүүнүн жолуна түштү. Бүтүндөй чыгармачылык дараметин эстрадага арнаган К.Эралиева, С.Каримов, Г.Сатылганова, Ж.Осмоналиева, А.Иманалиева, Д.Акулова, Т.Черикчиева, А.Жетигенова, А.Турдалиева, Ш.Аскарова, А.Исабаев, Ы.Осмонкулов башкалардан ырдоо манералары репертуарлары менен өзгчөлөнгөн. Ал эми С.Балтаева, Г.Батырканова, К.Жолдошев, Г.Кахарова, А.Карымов, С. Бейшекеев, Г.Жунушовдор калктын урматтоолоруна ээ болушту. Кыргыз композиторлору жана обончулары улуттук эстраданын өнүгүшүнө баалуу салымдарын кошууда.


Кыргыз эстрадасы 1967 – жылы комуз- прима, комуз-бас, комуз-альт, электр-комуз жана урма аспаптар, аккордеондорду курап, Н.Давлесов уюштурган жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Чоро Кожомжаров жетектеген. Ансамбль КМШ өлкөлөрүнүн көп шаарларына, ошондой эле Монреалга Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө, Египет, Чехословакия жана башка өлкөлөргө гастролго барган.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   bostars   09 Ноябрь 2011 - 13:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 395
  • Катталган: 28 Май 11
  • Соңку аракети: 17 Дек 2012 11:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва-бишкек

90-жылдардагы эң жылдызы жанган Бек байке менен "Биз" эстрадалык тобу болгон,талашсыз. ....
Өзүмдү сыйлайм,өзгөнү дагы....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Likvidator   02 Декабрь 2011 - 11:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

"Жаш кыял " тобу да коптогон жагымдуу ырлары менин эсте калган.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   azamat1992kg   15 Август 2014 - 22:17

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Азыркы убакта кыргыз эстрадасынын абалы кандай болуп атат?
Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   ACAH   22 Август 2014 - 09:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 249
  • Катталган: 17 Июль 14
  • Соңку аракети: 03 Янв 2015 16:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Азыркы эстраданын сапатына салыштырмалуу союз кезиндегиси жогору болгон. Азыркы ырлардын кинолордун да омуру аз. Жада калса ырчылар да жылдыз эмес эле лампочка сыяктуу коп болсо 10.15жыл талыкпай сахнада журушот да жок болуп кетишет....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Asan-aka   22 Август 2014 - 10:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 548
  • Катталган: 10 Май 14
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 12:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КАЙСЫЛ ЖЕРДЕ ЫЗЫ ЖАНА ЧУУ БОЛСО НАК ОШОЛ ЖЕРДЕ.

Кысскасы бир сомго беш штук ырчы дегендей болуп калыптыр да.Беш милион калк болсок эки милиону ырчы экен да
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР







А.ОСМОНОВ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   ere   22 Август 2014 - 11:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 874
  • Катталган: 16 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Июн 2025 10:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:KGZ

Просмотр сообщения Asan-aka (22 Август 2014 - 10:40) жазган:

Кысскасы бир сомго беш штук ырчы дегендей болуп калыптыр да.Беш милион калк болсок эки милиону ырчы экен да


туураСүрөт
Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.

Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.

Бакыт - деген телегейи тептегиз,

Там-Туң баскан наристенин кадамы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   kadam   17 Сентябрь 2014 - 21:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Кыргыз эстрадасынын профессионалдуу денгээлдеги алгачкы карлыгачтарынын бири Чоро Кожомжаров жетектеген ансамбль болгону талашсыз. Чоро Кожомжаров эстрадалык жанрга ошол мезгилдеги Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри колдонгон аспаптарды эстрадага алып чыккан. Төрт кылдуу орустун домбрасы, жалпак тил менен айтканда плектр үчун "Концертино" деген чыгарма жараткан, бул чыгарма ойнолушу жагынан виртуоздуулукту, вариациялуу ыкмалары менен аткаруучулук чеберчиликти талап кылган чыгарма. Убагында бул чыгарма аябай популярдуу болгон. Азыр да бул чыгарма домбрачылардын бутурүүчү экзаменинде сөзсүз ойной турган чыгармаларынын катарына кирет. 70-жылдары дүрт этип жанган эстрадалык топтордун катарында "Ариет" тобу да бар, бул топтон Шамшибек Өтөбаевдин тушоосу кесилген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   kadam   17 Сентябрь 2014 - 21:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Союз мезгилиндеги эстраданын абалы жакшы болгон дегенге көп кошулбайт элем. Ал мезгилде жогорку жакты Москваны карап оокат кылынчу. Жадакалса эстрадалык топто иштей турган артисттер жергиликтүуэмес эле. М: "Молодая Киргизия" - деген ансамбль ЦК буйругу менен түзүлгөн, солисти Бечелова күйөөсү экөө Украинадан чакырылып контракт менен иштешкен. Өзүбүздөн кадр маселеси кыйын турган, жакшы менеджмент, продюссерлик кылуу деген таптакыр жок болчу. Раматылык Марат Алыбаев жетектеген "Жетиген" тобу жана анда эмгектенген Алина Жетигенова, Динара Акулова, Батма Калчаева, Роза-(кийин каза болуп калды) кыргыз эстрадасына нукура кыргыз жыттанган ырлары менен элдин жүрөгүнөн түнөк табышты. Мында, наам үчүн эмес, эстрадага жан дүйнөсүн берип, жаркыраган обондорду жараткан Марат Алыбаевдин эмгеги зор. Эстрада жаатына өзгөчө бйлөө манерасын киргизип жаңылык ачкан Айчүрөк Иманалиева болду. Буга чейин көптөгөн артистерибиз классикалык ырчылык этиканы сактап, зыңкыйып ырдап, зыңкыйган боюнча сахнадан чыгып кетишчү болсо, Айчүрөк-бий элементтерин киргизип, артисттер ырчы гана болбостон, бийлей да алаарын көргөзгөн новаторлугу менен кыргыз эстрада тарыхында калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   anya   29 Май 2016 - 14:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Болот акырындап .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жылдыздар жана биз
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Сен 2025 19:34

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: