Бишкекте Кара-Көл шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Алтынбек Арзымбаевди
атып кетишти.
Окуя болгон жерден 9 миллиметр калибрлүү 6 гильза, уюлдук телефон, кара түстөгү спорт сумкасы табылган.
Оперативдүү маалыматтарга караганда, Алтынбек Арзымбаевди футбол ойноп, үйүнө келе жаткан маалда атышкан. Ага алты ок тийген.
Кара-Көл шаардык кеңештин депутаты Алтынбек Арзымбаев кылмыштуу топтун мүчөсү эместигин 17-июнда маалымат жыйынында айтып чыккан болчу. Анын айтымында, бейбаштык кылуусун Кара-Көл шаарынын мурунку мэри Иляс Эркеев атайын уюштурган. “Ооба, мен жабырлануучуну сол колум менен ургам. Бир жума өткөндөн кийин ал милицияга менин үстүмөн арызданды. Бул Эркеевдин уюштурганы.
Мен анын мамлекеттин казынасынан акча уурдагандыгын жана баңгизат сатуу менен алектенгендигин далилдейм
” деди Арзымбаев. Ал соттун чечимине нааразычылыгын билдирип, апелляцияга жазаарын кошумчалаган.
Маалыматка ылайык, ал бир жылга шарттуу кесилген. 7-мартта Жин каймана аты менен таанылган Арзымбаев адам өмүрүнө кол салуу жана бейбаштык кылмыштарына шектелип кармалган болчу.
20-августта Ички иштер министри уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар депутаттарды атаган. Алардын ичинде бул инсан дагы бар болчу:
http://www.super.kg/
kabar/news/78379/
Бул адамды ким өлтүрдү? Балким ошол кримдүйнөнүн (достору) өкүлдөрү менен бир нерсе бөлүшө албай калган?
А балким, Кара-Көл шаарынын мурунку мэри Иляс Эркеедин заказы?
Же КРде дагы бир "БОРЕЦ за СПРАВЕДЛИВОСТЬ"
чыкты?
Коомчулукта Жин деген каймана атка ээ Алтынбек Арзымбаевди атып кетишти
#3 27 August 2014 - 18:18
#4 27 August 2014 - 18:20
Озунун чойросундогу адамдар эле го.
Борец за справедливость пайда болсо аны биринчи кезекте ИИМ таап турмого отургузат.
Борец за справедливость пайда болсо аны биринчи кезекте ИИМ таап турмого отургузат.
#5 27 August 2014 - 18:22
Жайы жаннаттан болсун! Аллах сурагын женил кылсын.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#6 27 August 2014 - 18:31
Экс-депутат Алтынбек Арзымбаевдин атып өлтүрүлүшү Өмүрбек Текебаевге эскертүү деп айтылууда
Бишкекте 26-август күнү Кара-Көл шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Алтынбек Арзымбаевди атып кетишти. Коомчулукка Жин деген каймана аты бар экени былтыр белгилүү болгон эле. Арзымбаевге 6 ок тийип, алган жаракатынан улам окуя болгон жерден жан берген.
Мындан 2 жыл мурун Алтынбек Арзымбаев "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Бир ай мурун кылмыш чөйрөсүнө катыштыгы бар деген сөздөрдөн улам мандатынан ажыратылган болчу.
Кыргызстандагы 2010-жылкы бийлик алмашуудан кийин революциячыл "Ата Мекен" партиясынын бирден-бир урааны "кримчөйрө менен аёосуз күрөшүү" болгон. Партия лидери Өмүрбек Текебаев мындан ары өлкөдө "каралар дүйнөсү" бийликке олуттуу таасирин тийгизе албагыдай, коомчулукта өз үстөмдүгүн жүргүзө албагыдай шарт түзүү керектигин айтып чыккан. Парламенттик башкаруунун алгачкы жылдары Текебаевдин демилгеси колдоо таап, крим чөйрө менен күрөш катуу жүрүп, негизги башчылар чет өлкөлөргө качып, өлкөдө кримчөйрөнүн таасири азая түшкөн. Бакиевдик режимдин тушундагыдай буйрутма киши өлтүрүүлөр, ачыктан-ачык коркутуп үркүтүүлөр чектелген.
2012-жылдан тарта "каралар" чөйрөсүнө байланыштуу резонанс жараткан окуялар башталды. Айрым урунттууларын эске салсак: 2012-жылдын декабрында эл аралык издөөдө жүргөн кримавторитет Камчы Көлбаев Бириккен Араб Эмирликтеринен Кыргызстанга учуп келери менен аэропорттон кармалган. Көлбаевдин өлкөгө келиши катардагы окуя эместигин, кримчөйрөдө бир катар олуттуу иштер күтүлөрү ошондо эле айтылган. 2013-жылдын 11-январында Ош шаарында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы Толкунбек Шоноевди атып кетишти. Көп узабай, 18-январда Кара-Балта шаарынын "смотрящийи" Урмат Садабаев (Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон) белгисиз бирөөлөрдүн огунан ажал тапты. Апрель айында Нарында түрмөдө отурган жеринен сот аркылуу бошонуп, "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев өлкөдөн сыртка чыгып кетти. 2014-жылдын март айында белгилүү кикбоксчу Руслан Абасов унаасындагы жардыруудан көз жумду. Санаса бир топ.
Кечээ жакында парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда криминал өтө активдешип кеткенин айтып коңгуроо какты. Адегенде депутат "Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" башталганча Чолпон-Атадагы ат майдандан Камчы Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаевдин ысымын тез арада алып салуу демилгесин көтөрүп чыгып, сунушу ишке ашты. Текебаев муну мындай түшүндүрдү:
"Камчы Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаев жакшы адам болгон, ага дооматыбыз жок. Бирок Көлбаев деген фамилияны укканда дароо “кримавторитетти” көңүлгө алышат. Ал жерде жакында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага чет өлкөдөн журналисттер, маанилүү коноктор келет. Журналисттер “Көлбаев атындагы ипподромдо өтүп жатат” деп жатса, Кыргызстан криминалдык идеологияны пропагандалап калабыз жана бул президенттин саясатына каршы келет”.
Текебаев Женго деген каймана атты алып жүргөн кримчөйрө өкүлү Кадырбек Досоновдун эркиндикте жүрүшүн сынга алган. Прокуратура өкүлү оор кылмышка шектелип кармалган Женгону соттор актап жибергенин айткандан кийин "Сиздер судьяларга чара көрүшүңүздөр керек. ММКлар мактап, Манаска теңеп мактаган материалдар чыгып жатат. Алар менен байланышы болсо, гезит редакторун кошуп түрмөгө отургузушубуз керек. Ташиевди чыгарып жиберген сот кандай абалга туш болду эле? Үйүнө чейин кубалап барып, эмне кылды билбейм. Ташиевди актабайм, бирок Ташиев Женгодон коркунучтуубу? Андай кылмышкерлерди сыртта калтырбаш керек”,- деди Текебаев. Айтор байма-бай ушундай олуттуу билдирүүлөрдү жасады.
Алтынбек Арзымбаевдин атып өлтүрүлүшүн, кримчөйрөдөн Өмүрбек Текебаевге эскертүү катары болушу мүмкүн деп жоромолдошууда, айрым серепчилер. Кылмыштын "Ата Мекендин" лидеринин жогоркудай билдирүүлөрүнөн көп өтпөй болуп жатканы ушундай ойго жетелейт. Текебаев буга чейинки билдирүүлөрүндө Арзымбаевди мурдатан тааныбастыгын, кылмыштуу иштери билингенден кийин партиянын сунушу менен мандатынан ажыратылганын айткан.
http://www.super.kg/ kabar/news/79079/
#7 27 August 2014 - 18:41
Ошо бир балээси барда. Кримчойро менен алакасы болсо керекда.
Убакыт учкан куш
#8 27 August 2014 - 19:04
Черный эле ал!
Аны «ошондо» эле атып салыш керек болчу!
Аны «ошондо» эле атып салыш керек болчу!
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
#9 28 August 2014 - 11:14
Депутаттардын баары эле крим чөйрө менен тыгыз байланышта.
Кичине көтөрүлсөң артыңан өздөрү таап келишет. Койчу, депутаттар өздөрү көп пайдаланышат.
Кандайдыр деңгээлде пайдасы бардыр, бирок, аз сандагысы. Азыр топторго бөлүнүп, болор болбос чөйрөнү түзүп алып, анча-мынча карапайым калк, базар, кичине ашкана ээлерин коркутуп акча талап кылышат. Аларды да бир чоңу башкаруучусу болуш керек.
Өлгөн адамдын жайы жаннаттан болсун. Сурагы женил болсун.
Кандай чырдан улам кеткени кызык. Албетте акча маселеси болсо керек.
Өлгөн адамдын жайы жаннаттан болсун. Сурагы женил болсун.
Кандай чырдан улам кеткени кызык. Албетте акча маселеси болсо керек.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#10 18 February 2015 - 11:37
Жаткан жери жайлуу болсун.
Жабылды.
Жабылды.
"Касыңды кучактасаң - дос табасың,
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."

Супер-Инфо
super.kg
видео














