Суперстан: Келин келди... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Келин келди... Келиндин жаңы бүлөгө келиши.

#41 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   14 Сентябрь 2014 - 10:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Сиздердей тушунуктуу турмуштун ачуу таттуусун коруп баамдай билген кайнене бизге да насип этсин!Бактылуу доолоттуу карылыкты баштан кечириниздер!
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   14 Сентябрь 2014 - 10:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Улуу эжелерибизге суроо(ушул жака берууну туура кордум)Эмнеге кайын энелер келиндерин торкунуно ташыйт,тууганына берет деп соз кылышат?Мисалы менин 4 женем бар,бири Алматыда ,бири Чымкентте,бири борбордо,бири Ошто(атамдын бир тууган инилеринин келинчектери) 3 женем жылына бир жолу айылга келип анан торкундоруно барышат.Энем да шаарда жашагандыктан алар келээрде чогу келет айылга.Чон небереси болгондуктан баарын мага айтат.Эмнеге чыгашаны коп кылышат ,не кереги бар деп...Таап жатабы алып бара берсин десем(бир абам убагында картошка сатып отурганда кайнагасы беделдуу кызматта отуруп уйу жакын туруп бир кесим эт бергенге жарабаган дейт) мунусу туура.Анткени кумуш уйлуу куйо бала,камыш уйлуу кайнатадан умут этет дегендей.Апам алтын сойко алса энелериме анан тайнеме да алат,жылына бир эки койнок тайнеме алып берсе ,энелериме ашыкча алып берет.Башка келиндери деле апаларына бирден алып берсе энеме учтон дегендей бирок баягы эле соз машинасы толтура каяка алып барды дегендей.Келиндердин баардыгы 10 бир туугандан ,алар бир тууганынын уйуно учурашканы барганда эле машинадагы нерселер тугонот да:)Азыр айтпай калды.Бирок бир жылдан бери айылда жашагандыктан, башка айылдагы кемпирлердин ушактарын да угуп калам.Келиним ташынат торкунуно деген.Эмнеге бир ууч таттууну оз апана алып барсан кайнене учун ал кооп корунот.
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   kadam   17 Сентябрь 2014 - 23:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Биздин жашоо өз ыргагы менен өтүп жатат. Келиним кээде кеңешпей өз билгениндей кылып коюп, анысы жөнсуз экенин байкап жатат. Кайненелик кылып азырынча " Манас айта" элекмин. Байкаштырып коюп жүрөм... Бир чети жаш, экинчиси ушунтип жатып үйрөнүп онолот да...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   bai.kymbat   19 Сентябрь 2014 - 18:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 356
  • Катталган: 23 Август 11
  • Соңку аракети: 03 Дек 2021 18:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва-каракол

Баардык келиндерге кудайым ыйман ынсап берсин!
келечек алдыда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   kadam   27 Сентябрь 2014 - 20:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Келин келип биздин үйдүн босогосун аттаганына беш ай болду. Кадимкидей көнүшүп калдык. Сабагынан кечигип калса чай ичпей күтөбүз, ал келгенде үйүбүз жарык болуп, шаңга бөлөнөт. Кудагыйыма аябай ыраазы болдум, ичи-башы ооруп анан апасына чалса, менден сураба, кайненең бар мындан ары ошондон сура деп коюптур, аны келиним өзү айтып берди. башында маани берген жок элем, өзүмчө ой жүгүртсөм, кудагыйым туура кылыптыр. Көпчүлүк энелердин катасы, кыздарын алыстаткысы келбей, улам-улам чалып кызына кийлигише беришет экен, аны мен кайдан билейин, аялдар отуруп сүйлөшүп калганда айтылып жатат. Менден тажрыйбалуу тааныштарым айтышат, келинибиздин келгенине төрт жыл болду. Келген күндөн баштап келиниме апасы бир чалат, анан атасы бир чалат, эмне кылап жатасыңар деп. Килтейген эле кишилерге айтуу кыйын экен. Акыркы күндөрү келиним телефонун басып койчу болду. Кызы бөлүндү бизге бүлө болду, болду да, эмне биздин жашообузга кийлигишет? Келинибиз милдеттүү эмес да отчет бергидей. Үч күндүн биринде эле,кызыбызды сагындык жиберип койгулачы дей беришет. Бул кепти угуп көңүлүмө түйүп койдум, ии ушундай да болот турбайбы деп. Кызын күйөөгө узаткан дагы бир таанышымдыкында кешик жеп отурсак, кызы телефон чалып жатат, апа эмне тамак кылайын деп. Ушундай кептерди угуп салыштыра баштайт экенсиң. Турмуш сабактары уланып жатат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   raia   01 Октябрь 2014 - 10:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Келин келгенде башына баш кошулуп,уйун толуп шатыра шатман болуп бактылуу болосун..
Кызын кеткенде бир кабырган боксоруп,уйундун ичи ангырап,жангызсырап кызым кантти экен,кайын журттун алдында уят болбой тиричилигин кылып атат бекен деп сарсанага батасын.Кудаларым кагып силкпей,оз баласындай корор бекен деп сызылып ойлоносун...
Бирок экоо тен балан.Келинди кел балам,тиричилике жардам берчи дей аласын.Кызынды чыкан кыз чийден тышкары дейт,тууп чонойтсон да ал бироонун булосу,аны кел деп чыкыра албайсын.Болбосо экоо тен балан.Кыз бироонун булосу.Келин сенин оз булон.Ошон учунбу мен экоону тен бирдей корушко аракет кылам.Кызыман келиндерим жакын,женилимди жерден оорумдуу колдон аларым,козум отсо ордумдуу басарым келиндерим.
Кыз сыйларым,козум отуп кетсе апакелеп чырылдап ыйлаарым.Бирок дайыма чон келиниме айтып келем,балам мен олсом сыйай жоолук салынып,апакелеп кошуп отурасын,кызына шерик болосун,калган келиндерим кызматта болот деп калам.Чон келинимди алганда мен 38 жашта элем ошондо мен келиним эмес кызым деймин,мен кыз кылып алам дегем..Ошондо тентуштарым келин кыз болмок беле,кайдагыны баштаба деп кулушкон.Чындап келиним эмес кызым,акылыма акыл кошор кенешчим,ичимдеги арманымды айтаар сырдашым,уйумдун боксосун толтурар кубанычым болот.Апакелеп жаркылдап келип,кобуроок корбой калса сагындым апа деп журогумдуу кубантып кетет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Taranchy   06 Ноябрь 2014 - 01:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 20 Май 14
  • Соңку аракети: 02 Дек 2021 11:17

Buga chein birda myndai jakwy sozdordu okugan emes elem. Kyrgyzda jaw kezde bersin meenetti karyganda korsun doolottu degen soz bargo... Uwundai jawoonuz ulana bersin
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   kadam   14 Ноябрь 2014 - 23:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Бүгүн көптөн бери чыгынбай жүрдүк эле, балдар үй жумушун кылышып үйдө калышты, келиним экөөбүз шоппинг саякат кылдык. Адегенде детский мирден баштадык, анан шаардагы балдар дүкөндөрүн кыдырдык. биздин убакта момозуй жалаяк, анан чыт жалаяк эле болчу эле, азыр болсо, боди, слип дегендер чыгыптыр. Экөөбүз тең билбейбиз, боди м-н слипти кантип качан кийгизээрин. Мастер класс үйрөтүштү дүкөнчүлөр. Аябай күлдүк билбегенибизге, келиним мени карайт, мен аны карайм. Жаңы төрөлгөн балдарга кандай кийим алыш керек экенин үйрөнүп кайттык. Бысмылда деп даярдана баштайбыз буюрса. Келиним Винни-Пухтай оорлошуп калды, тоголонуп оокат кылып жүрөт. Ичимен "Винни-Пушка" - деп эркелетип коём. Уулум кызык, кош бойлуу экенин унутуп коёт окшойт, ары- бери куушуп жатып бутун оорутуп коюптур, эки жума мурун. Тойдон келсем, апа неприятный сюрприз дейт. Келиндин бутун гипстетип келиптир. Айй, оңбогур абайлабайсыңбы деп, тарбия саат өттүм. Чын эле, көзүнөн билдим, кош бойлуу экенин, аяр мамиле кылыш керек экенин түшүнө элек. Эх, жаштык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   fittoniya   15 Ноябрь 2014 - 00:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 133
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Июл 2016 09:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апамдын журогу,дайым ошол жердемин.

Cиздин келин сиздей кайын энеси бар бактылуу! :)


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   kadam   02 Январь 2015 - 11:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Жаңы жыл алдында биздин үй-бүлөбүзгө кичинекей наристе кошулду. Күтүп жатканбыз, бирок маалы келгенде алапайыңды таппай калат экенсиң. Деги биздин үй-бүлө тамашасыз жүрбөйт. Үч төрт күн үйдөн киши үзүлгөн жок. Үйдү тазаладык, келиним ай-күнүнө жетип калса да чогуу иш кылып жүрдү, кем- карчыбызды толуктап иш кылып эле тазаланып жаттык. Балага деп алып койгон кийимдерди жуудум. Таңга жуук жарык күйүп өчпөйт, туруп барсам, келиним жалаяк үтүктөп жатыптыр. "Апа башталды" - деди. Түн ичинде эле толгоосу башталыптыр. Уулум болсо, " меня не беспокоить" -деп коюп уктап жатып алыптыр. Баарын ойготуп, даярданып, төрөтканага жөнөп калдык. Дем алыш күн болчу. Кудай жалгап, төрөгөндөр аз экен. Кечинде телефон чалышты, келип калгыла деп. Уулумду кошо киргизди, родзалга, мен терезеден карап турдум. Күйөөсү кошо катышат десе, таптакыр жаман көрдүм эле, ошо да болмок беле деп. Көрсө, абдан керектүү ыкма экен.Келиним аябай кыйналып жатыптыр, уулум көңулүн көтөрүп, жардамдашып жанында журдү. Төрөөр маалда чыгып кетти.Түнкү экиде көз жарды.Келинимдин кыйналганын көрүп жаным чыгып кетти. Үстүнө кирип, келиниме эле жалына берипмин, бир убакта карасам, бир кыбыраган кызыл эт ээмп жатат, анан эсиме келип, апей сен бар эмес белең депмин.Сөөмөйүн кезеп коёт. Бир сутка толготуп жатып,ымыркайды жарык дүйнөгө алып келди келиним. Үйгө барып эле сулк жыгылыппыз, аябай чарчаппыз. Ошентип, небере кызым баарыбызды суй жыгылтты. Үйгө чыгараарда, баарын камдаптырбыз да, келиндин өтүгүн унутуп коюппуз. мына тамаша! Тапичкеси м-н үйгө чыгардык. Андан мурун эле кеп кылып жаткам, таежем роддомдон чыгаарда, жездем байпагын унутуп коюп, өтүгүн коңултак кийип келиптир болчу. Анын сыңарындай биз да унутуп коюппуз. Үйгө келгенде келиним айтат, толгоо башталганда, кантип үтүктү алып, жалаяктарды үтүктөп калганымды билбейм деп. Эсиме бир гана жалаяк келди дейт. Жоруктарыбызды эсеп алып аябай кулдүк. Адамдын түйүлдук болуп жаралышын, жарык дүйнөгө келишин оңой көрөбуз. Канчалаган эмгекти, санааны басып өтөсүң? Анын кадырын билбей, ай-уй дейбиз. Жаңырган жылда эл-журтума, ӨЗГӨЧӨ ЖАШТАРГА КААЛАРЫМ! Эч убакта утурумдук үчүн, шапар тээп көңүл ачыш максатында гана жүрбөстөн, биринчи кезекте, тубөлүктүү түгөй боло алабызбы?- деген суроону коюп анан жүргүлө! Өмүр, Жашоо- бул оюнчук эмес. Ошол суроого туура жооп алсаңар, ТАШТАНДЫ болгон, КАРООСУЗ калган балдар болбойт! Туура чечим- туруктуу, туура жашоого апкелет! УРМАТУУ АТА-ЭНЕ! Көр оокат үчүн гана убакыт таппастан, балдарыбыз м-н мандай -тескей отуруп сырдашканга да убакыт табалык. Сый сөз м-н балдарыбыздын жан дүйнөсүн билгенди үйрөнөлүк. Ушуну м-н КЕЛИН сериалына чекитти коюп, НЕБЕРЕ сериалына өттүм. Ар бир үйдө наристе үну жаңырып, эл-журтубузга бай турмуш орносун!

Билдирүүнү түзөткөн: kadam: 02 Январь 2015 - 11:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   mani   02 Январь 2015 - 13:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 09 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 17 Сен 2016 02:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош Узген

Бактылуу уй булолодун катарын толуктап журо бериниз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   02 Январь 2015 - 16:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения kadam (02 Январь 2015 - 08:14) жазган:

Жаңы жыл алдында биздин үй-бүлөбүзгө кичинекей наристе кошулду. Күтүп жатканбыз, бирок маалы келгенде алапайыңды таппай калат экенсиң. Деги биздин үй-бүлө тамашасыз жүрбөйт. Үч төрт күн үйдөн киши үзүлгөн жок. Үйдү тазаладык, келиним ай-күнүнө жетип калса да чогуу иш кылып жүрдү, кем- карчыбызды толуктап иш кылып эле тазаланып жаттык. Балага деп алып койгон кийимдерди жуудум. Таңга жуук жарык күйүп өчпөйт, туруп барсам, келиним жалаяк үтүктөп жатыптыр. "Апа башталды" - деди. Түн ичинде эле толгоосу башталыптыр. Уулум болсо, " меня не беспокоить" -деп коюп уктап жатып алыптыр. Баарын ойготуп, даярданып, төрөтканага жөнөп калдык. Дем алыш күн болчу. Кудай жалгап, төрөгөндөр аз экен. Кечинде телефон чалышты, келип калгыла деп. Уулумду кошо киргизди, родзалга, мен терезеден карап турдум. Күйөөсү кошо катышат десе, таптакыр жаман көрдүм эле, ошо да болмок беле деп. Көрсө, абдан керектүү ыкма экен.Келиним аябай кыйналып жатыптыр, уулум көңулүн көтөрүп, жардамдашып жанында журдү. Төрөөр маалда чыгып кетти.Түнкү экиде көз жарды.Келинимдин кыйналганын көрүп жаным чыгып кетти. Үстүнө кирип, келиниме эле жалына берипмин, бир убакта карасам, бир кыбыраган кызыл эт ээмп жатат, анан эсиме келип, апей сен бар эмес белең депмин.Сөөмөйүн кезеп коёт. Бир сутка толготуп жатып,ымыркайды жарык дүйнөгө алып келди келиним. Үйгө барып эле сулк жыгылыппыз, аябай чарчаппыз. Ошентип, небере кызым баарыбызды суй жыгылтты. Үйгө чыгараарда, баарын камдаптырбыз да, келиндин өтүгүн унутуп коюппуз. мына тамаша! Тапичкеси м-н үйгө чыгардык. Андан мурун эле кеп кылып жаткам, таежем роддомдон чыгаарда, жездем байпагын унутуп коюп, өтүгүн коңултак кийип келиптир болчу. Анын сыңарындай биз да унутуп коюппуз. Үйгө келгенде келиним айтат, толгоо башталганда, кантип үтүктү алып, жалаяктарды үтүктөп калганымды билбейм деп. Эсиме бир гана жалаяк келди дейт. Жоруктарыбызды эсеп алып аябай кулдүк. Адамдын түйүлдук болуп жаралышын, жарык дүйнөгө келишин оңой көрөбуз. Канчалаган эмгекти, санааны басып өтөсүң? Анын кадырын билбей, ай-уй дейбиз. Жаңырган жылда эл-журтума, ӨЗГӨЧӨ ЖАШТАРГА КААЛАРЫМ! Эч убакта утурумдук үчүн, шапар тээп көңүл ачыш максатында гана жүрбөстөн, биринчи кезекте, тубөлүктүү түгөй боло алабызбы?- деген суроону коюп анан жүргүлө! Өмүр, Жашоо- бул оюнчук эмес. Ошол суроого туура жооп алсаңар, ТАШТАНДЫ болгон, КАРООСУЗ калган балдар болбойт! Туура чечим- туруктуу, туура жашоого апкелет! УРМАТУУ АТА-ЭНЕ! Көр оокат үчүн гана убакыт таппастан, балдарыбыз м-н мандай -тескей отуруп сырдашканга да убакыт табалык. Сый сөз м-н балдарыбыздын жан дүйнөсүн билгенди үйрөнөлүк. Ушуну м-н КЕЛИН сериалына чекитти коюп, НЕБЕРЕ сериалына өттүм. Ар бир үйдө наристе үну жаңырып, эл-журтубузга бай турмуш орносун!

Ар дайым ушул калыбыныздардан жазбай бактылуу болунуздар. Неберениздин омуру узун болуп ден соолугу чын болсун. Жазгандарынызды окуп озунчо эле бактылуу болуп кеттим. Ар бир булоо сиздикиндей бактыга ээ болушсун. Ракмат жакшы тилектеринизге.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   kg.sity93   02 Январь 2015 - 16:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 15 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Мар 2015 10:15

Их эй.сиздердей болгон эжелер энелерибиз коп болсун.сиздин айткан окуяныздан мен билбеген кенештеринизди туйуп койдум.аман болунуз, ден соолукта болунуз..менин да кайненем бар мен да бироого келинмин..окуп алып салыштырыып койдум ичимде.))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   kadam   02 Январь 2015 - 20:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Жашоо десе эле материалдык байлыкты биринчи орунга коюп , жан дүйнөнү байытуу, аруулугуна маани бербей келебиз. Адам канткенде бактылуу болот? Жан дуйнөсү тынч алса, жан дүйнөсү бай болсо турмуштун сыноолорун көтөрө билет. Элибизде бекеринен айтылбаптыр, "барга көппө, жокко чөкпө"-деп. Жаш жубайлар турмуш курууга олуттуу мамиле кылышса,бири- бирине ишеним артышса анан жемишин татышат. Чогуу барып бир кашык сатып алышса да кандай кубаныч, себеби үй-бүлө үчүн жасалган биринчи кадам.Кийин эстеп, айта жүргөнгө да жакшы. Мен да убагымда жаш болгом, кайнененин жакшы жагын да, жаман жагын да көргөм. Биздин убакта окууга маани берилип, кызды үй-бүлө күтүүгө даярдашчу эмес эле. Көп эле жаңылыштык, катачылыктар кетирпмин ойлосом. Азыр кайненемдин көтөрүмдүүлүгүнө баа берем.Дагы бир мисал келтире кетейин. Теңтуш кызым 18 жашында кайненеси СССРдин депутаты болгон үй-бүлөгө келин болуп түшкөн. Курбум "чала орус" болуп оокат кылганды билчү эмес. Акырындык менен кайненеси үйрөтүп, бүлө кылды. Үйрөтсө болот экен, убагында тамекини бурулдата соргон курбум кийин мыкты келин болуп чыга келди. Азыр өзү да кайнене, кайненесинен алган таалим тарбияны келинине үйрөтүп келет. Депутат кайнененин баалуулугу ушунда болду- Эң башкысы, баласынын тандоосун кабыл алганында болуп жатат.Тилекке каршы, бизде кызды болобу, баланы болобу үй-бүлөгө даярдоо жагынан өксүгүбүз көп. Көптөгөн катачылыктар АТА-ЭНЕНИН баласынын тандоосун кабыл албагандыгында жана келинден көптү күткөндүгүндө. Азыр заман башка, калыптанып кан жаныбызга сиңип калган "каардуу кайнененин" образын түп тамырынан бери өзгөртүшүбүз керек. Массалык маалымат булактары үй-бүлө баалуулуктары тууралуу жакшы берүүлөрдү байма-бай берип турушса коом, коомдогу ой-пикир өзгөрө баштайт. "Ала качуу салт эмес кылмыш деп коомдук ой-пикирди өзгөртө алдык го. Мына ошондо, кыздар "чыккан кыз чийден сырткары болуп, төркүнүнө сый-урмат көргөнү барып, кайын журтту туу тутуп, эл кылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   menedjer   06 Январь 2015 - 02:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 81
  • Катталган: 02 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 24 Окт 2017 22:40
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары!

МАШАЛЛАХ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   06 Январь 2015 - 02:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Аман болуңуз...
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Adilet2014   06 Январь 2015 - 03:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 112
  • Катталган: 24 Январь 14
  • Соңку аракети: 11 Сен 2021 13:16
  • Жынысы:Эркек

Ооо жараткан, жашоосуна ыраазы болуп жашаса да болот экенго, баарыбыз эле жок, жетбейт, карыз, кредит деп башыбызды оорутбай! !! рахмат эже!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   azimova90   06 Январь 2015 - 05:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 31 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Биз дагы турмуш куруп жатканда аябай тынчсыздандык. Жакшы иш жакшы жакка боту берет экен. Кудайга шугур уулубуз чоноюп баратат.Мен дагы сизге уузуууун омур тилейм,бактылуу болунуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   bazi83kg   11 Январь 2015 - 14:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 13 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Май 2017 00:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:жалалабад =ош

келининиздин убайын коруп узак бактылуу жашан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   diku.bek   13 Январь 2015 - 02:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 27 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2017 23:04
  • Жынысы:Эркек

Сиздей кайненелер кобойо берсин омурунуз узун болсун!)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 20 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 20, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 02:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: