Суперстан: Оливье салатынын тарыхы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Ашкана сырлары
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Оливье салатынын тарыхы.

#1 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   30 Август 2014 - 13:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Күркө ордуна ресторан
Үч эркек бир туугандын кичүүсү Люсьен Оливье бели ката элек кезинде Франциядан Москвага иштеп, акча табуу үчүн келген. Башка өлкөдө көп жылдар бою өз жолун таба албай жүргөн Оливье күндөрдүн биринде бай соодагер Яков Пегов менен чогуу аракет кылып Москванын чок ортосунан жер тилкесин сатып алат да, бул жерге эң жакшы француз үлгүсү менен жогорку класстагы ресторан салууну чечет. Ошентип, 19-кылымдын 60-жылдарынын орто ченинде мурун жыттоочу тамекилерди саткан күркөлөрдүн ордуна хрусталь люстралар тагылган, кооз эмеректер менен жабдылган, жасалгасы мыкты ресторан пайда болот. Москва үчүн бул чоң жаңылык болуп, ошол кездеги ак сөөктөр, бай соодагерлер бул жерге байма-бай каттап калышат. Оливьенин бизнесинин ийгилигинин сыры - алардын гана үй-бүлөсүнө таандык сырдуу татымалдар кошулган майонез соусунда болгон. Өзгөчө даамы бар бул соусту колдонуп Оливьенин эки агасы Францияда өз бизнестерин жүргүзүшсө, Оливье Москвада бизнесин өркүндөткөн.

Сулуулук эталонунун өзгөрүшү
менен пайда болгон салат
Тилекке каршы, сулуулук эталону болуп арык айымдар модага киргенден баштап Оливьенин калориялуулугу жогору майонез соусуна тартылгандардын саны азая баштайт. Тез аранын ичинде башка нерсе ойлоп табууга туура келип, ошондо акылдуу ашпоз бизнесинин күчүн жоготпоонун аракетин кылып жаңы салат ойлоп тапкан. Кардарларды магниттей өзүнө тарткан салат - "Оливье салаты" болгон. Ошондон ушул күнгө чейин бул салатты көптөгөн ашпоздор өзүндөй кылып жасоого аракеттенип келишет, бирок, жыйынтык чыкпайт. Анткени, француз ашпозу жеке рецеби менен даярдалган майонездин жасалышын башкаларга үйрөтүүдөн кызганып, жабык эшиктүү бөлмөдө гана жасачу экен.

Кооз салаттан аралашма салатка
Алгач "Оливье салаты" мындай ыкма менен жасалган: жалпак-жалпак болуп тууралган куштун этин тарелканын астына салып, четине рактын кайнатылган моюнун жана тилдин майда-майда кесимдерин тизип чыгышкан. Андан соң үстүнө сырдуу майонез куюлган. Ортосуна кооздук катары кайнатылган картошканын жана жумуртканын кесимдерин колдонушкан. Бир жолу Люсьен Оливье ресторанга келген орустардын салаттын кооз жерин бузушуп, кашык менен баарын аралаштырып, бул аралашманы сугалактык менен аптыга жеп жаткандарын байкап калат. Эртеси күнү ишкер француз салатка керектелүүчү бардык азыктарды аралаштырып, соусту көп кылып кошуп салат. Бүгүнкү күндө баарыбыз тамшанып жеген, Жаңы Жылдык дасторконду мунсуз элестете албаган "Оливе салаты" мына ушинтип пайда болгон.

Салаттын сыры ашпоздун өлүмү менен кошо кетти
1883-жылы Люсень Оливьенин өлүмүнөн кийин "Эрмитаж" рестораны колдон колго өтүп кетет, ал эми салаттын рецебин Москвадагы ак сөөк үй-бүлөлөрдүн жеке ашпоздору кайталоого аракет кылышат. Биринчи Дүйнөлүк согуш, андан соң 1917-жылкы революция болуп, натыйжада, көптөгөн азыктар кескин жоголуп кетет. Бир нече жылдар бою азык-түлүктүн тартышсыздыгы өкүм сүрүп, 1924-жылы кайра жаралуу доору келген менен да салатка керектелүүчү азыктар, мисалы, рактын моюну кол жеткис азык катары кала берет. Ошондо айрым ашпоздор мурунку чыныгы оливьеге жакын, бирок, башкачараак вариантын ойлоп чыгышат. Оливьенин бул вариантынын курамына алма, тооктун эти, калганы азыркы биз колдонгон азыктар кирген. Убакыттын өтүшү менен бул салаттын курамы өзгөрүп отурса да Жаңы Жылдык дасторкон даярдоодо ал өзүнүн актуалдуулугун жогото элек.

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   KUMU89   30 Август 2014 - 13:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 173
  • Катталган: 25 Апрель 12
  • Соңку аракети: 07 Июн 2025 18:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош, Узген.

Мага дагы жагат. Автор жасагандай жасасак, мындан дагы даамдуу болмок экен ээ?


Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   kuu-1005   30 Август 2014 - 13:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 12 Июн 2025 12:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Mmm biz suktanyp jegen salattyn jaraluu taryhynda bilip aldyk. Kyzyk awpozchu hotya jazyp ketse bolmokken rezebin Сүрөт
"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   bliznesy   27 Декабрь 2014 - 20:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 137
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 28 Июн 2017 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалалабат

Бул жака эчким баш бакпаптырго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   KG_Beka_KG   07 Январь 2015 - 01:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 930
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Апр 2016 22:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:PARIJ

Тарыхын билбеймго.бирок салаттын озу олло жагат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Kari   27 Декабрь 2020 - 05:28

  • Момун
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 36
  • Катталган: 07 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Июн 2024 03:11

Оливьени суйуп жегендер арбын,Жаны Жылга саналуу кундор калды.Келип чыгуу тарыхын бугун билдим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ашкана сырлары
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: