Ошол кезде күзгүнүн тээ аркы түпкүрүнөн кимдир бирөө суурулуп, мени көздөй жылып келаткандай көрүндү. Айнектен көрүнгөн көз менин көзүм менен тиктеше түштү.Айдар жылмайды.Жүрөгүм селт этти.Эшик жакка жалт бурулдум.
-Эмне келдиңиз?
Айдар күлдү.
-Кетиңиз.-Мен аны карай үч-төрт кадам басып токтодум.
-Кубалайсыңбы?
-Кубалайм.
-Болуптур,кетем азыр.Кечинде жакшы кино болот экен.Ошого чакырып келдим,барасыңбы?
-Жок.барбайм.
-Барасың.-Айдар мени көздөй жакындады.-Суранам сенден макул деп койчу.Киного чогуу баргандын эмне жамандыгы бар экен.Билесиңби Мыкат,эгер сен мага колукту болгон болсоң,кандай сыйлаар элем.Айдакең анда төбөсүнө гана көтөрүп жүрмөк.
Колумдан кандай кармаганын билбейм,эки каруумдан куушура кысып келип,өзүн көздөй тартты. Ал ушунчалык карылуу экен,камынтпай мени бооруна сыга кучактады.Айдардын өбүүгө аракет кылып,оозун жакындатып келатканда мойнумду буруп,жүзүмдү андан ала качып,бошонууга аракет кылып жаттым.
-Коё бериңиз.
-Сүйгөнүм.
-Уятсыз экенсиз.Коё бер деп жатам.
-Махабат!-
Аялдын үнү кулагыма шак дей түштү.Айдар мени коё берди.
Жапайы розалар Зуура Сооронбаева
#42 06 September 2014 - 01:52
Эшиктин алдында турган Батыш эжемди көрүп,уялганымдан өңүм бузула түштү.Оозума сөз да,салам да кирбей калтырап кеттим.Шаардан качан келип калды экен деген суроо көңүлүмдү чарпып өттү.Ооба,Батыш эжем күйөөсү экөөтеңинститутта иштөөчү.Алар менин окууга өткөнүмдү угуп чоң кубанычта калган болучу. Эми минтип эжемдин көз алдында ак жеримден Айдардын отуна күйүп отурганыма өкүндүм. Болгондо да ал мени кучактап алып,өпкөнү жатканын көрдү.
-Мыкат биздикине келип кетчи.-Тез бурулду.Батыш эжем чыгаары менен Айдар кайра баштан мени көздөй жакындай баштады.
-Жолобо жаныма.
-Болуптур,жолобой эле коёюн.Кечинде клубга барасыңбы?
-Барайын.-Калп айттым...
Батыш эжеме көрүнүү мен үчүн кыямат болду.Чындыкты айтууну ойлодум.Ал кыраакы аял болучу.Адамдын оюн айттырбай көзүнөн билүчү.Короодон чыксам Батыш эжем эки жагын карап,көчөдө туруптур.Кебетеси мени акмалап турган сыягы бар.Жанына келип токтодум. Мен аны карабай туруп эле,менден көзүн албай карап турганын сездим.Аялдын өткүр,тегерек кара көздөрү денеме ток ыргытып жаткандай калтыратат.
-Жүрө гой!-Ал дарбазанын калиткасын ачты.
Батыш эжем экөөбүз унчукпаган калыбыбызда ээрчише басып келип бактын көлөкөсүнө, огороддун ичиндеги какум аралаш өскөн көк майсандын үстүндө салынып жаткан шырдакты басып көрпөнүн четине отурдук.
-Айдар менен көптөн бери сүйлөшүп жүрөсүңбү?
Шырдактын оюуларын алаканым менен сылай берип,акырын үн чыгардым.
-Кечириңиз эжеке,мен аны менен сүйлөшкөн эмесмин.Ортобузда эч кандай байланыш жок.
-Башка бирөөдөн уксам ушак дейт элем,өз көзүм менен көрдүм го.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#43 06 September 2014 - 01:57
-Ишениңиз эжеке,сөзүм болсо эмне дейсиз.Мага турмушка чыккын деп асылып жүрөт.Киного чакырып келиптир.Тартипсиз жигит көрүнөт,капысынан эле...Мен сиздин ушинтип ойлооруңузду билгем.
-Чынбы?
-Кудай урсун!
-Карганба.Сабырлуу жетер мураска,ашыккан калар уятка деген сөздү өзүң да уккандырсың. Ар нерсеге эстүүлүк,токтоолук, кыраакылык керек.Турсунайды угуп,абдан кейидим.Ага турмуш жөнүндө,келечек жөнүндө,балким, эч ким кеңеш берип,жол көрсөткөн эмес чыгаар.Эркеликке жеңдирип жибергендей көрүнгөн.Селкилдеп жеңилип кетиптир болучу.Турсунайды айтпаганда да,кээ бир жеңил ойлуу кыздар орто мектепти бүтүрсө эле болду,жигит сүйүүнү,күйөөгө тийүүнү өздөрүнүн милдети катары ойлошот экен. Мен кыздарды сүйүүдөн,турмушка чыгуудан тыйып,өмүр бою так өтсүн деп жаткан жерим жок.Сүйгүлө, күйөөгө да чыккыла.Бирок сүйүүнүн да сүйүүсү,сүйүүнүн да чындыгы болот.Кыз-жигитттин бири-бирин жакшы көрүп калышынын баары эле сүйүү боло бербейт.Жүрөгүң каалап,чын сүйгөн кишиң,таза махаббатың табылмайынча күтүп жүрө бер.Ал сага эртедир-кечтир келбей койбойт.Мен өзүмдү эле мисалга алып көрөйүнчү. Мага айылда окуп жүргөндө эле жигиттер сөз айта баштаган.Бирок мен аларды каалаганым жок.Алдыга койгон максатым күйөо эмес-окуу болду.Окуунун артынан түштүм.Институтка өттүм.Анда да ашык болдум деген бозойлордун саны күндөн-күнгө көбөйүп жатты.Ошонун баарына сабырдуулук кылган ушул эле Батыш эжең болчу.Өз алдыма койгон биринчи максатыма жетип,институтту бүтүп алып анан турмушка чыктым.Сүйгөнүмдү ал жерден эмес,башка шаарда,башка окуу жайда окуп жүргөндөрдүн арасынан таптым.Эламан да ошол кезде мага окшоп,өз сүйгөнүн издеп,кздан кыз жакпай тандап жүргөн кези экен.Көүшкөн күндөн тартып жылдызыбыз жарашып калса болобу.Ошентип жездең экөобүз аспирантураны чогуу бүттүк.Мени менен бирге окуп,орто мектепти бүткөн кээ бир кыздар турмуштун оор сыноосунан өтө алышпай арабөк калышты.Бардык кыйынчылыкты турмушка чыгуу менен жеңемин деген кыздар казан-аяк менен алышып,бала басты болуп,илим-билимден четтеп кете берди.Азыр алар кандай өкүнүп,оозун карманып жүргөнүн билесиңби?
Мен Батыш эжемдин көп сөзүнүн ичинен катуу кармап,эсиме сактап калганым "бардык кыйынчылыкты турмушка чыгуу менен жеңемин деген кыздарды да көрдүм"," Бири-бирин жактыруу,бирин- бири жакшы көүүнүн баары сүйүү боло бербейт" деген сөздөрү болду.Көңүлүмдө көптөн бери ойлоп,өзүмдөн- өзүм уйгу-туйгу болуп чече албай жүргөн купуя сырымды айттырбай билип,көзү ачык олуядай сүйлөп отурган салабаттуу жаш аялдын акылдуу кара көздөрү менин ички дүйнөмө тинтүүр салып,улам тереңге сүңгүп бараткандай денемди дүүлүктүрүп, оюмду обого көтөрүп,акылымды бир жерге топтогонсуп баратты.Карегин менден албай тиктеген эжемдин сүрүнөн тайсалдап,ачык асманды телмире карадым.Көзүмө жаш айланып баратканын билдирбөөгө аракет кылдым.

#44 06 September 2014 - 02:11
-Айдар жаман деле жигит эмес.Бирок сен окушуң керек да.
-Мен анын сунушуна макул болгон жокмун.Жакшы да көрбөйм.
-Ишендим Махабат.-Эжем шадылуу аппак манжалары менен маңдайыман сылады.-Сени менен ушул темада сүйлөшүүнү көптөн бери ойлоп жүргөн элем.Сага окуу гана керек.Али балтыркан бойдонсуң.Келечегиң алдыда.
-Макул эжеке,айткандарыңыздан баарын кабыл алдым.Түз жолдон адашпашка аракет кылам. Ушул үстүмдөгү арзыбаган чүпүрөк үчүн сүйбөсөм деле,өзүм кор болбой турган бирөөнү таап кетип калсамбы деп да ойлоп кетүүчү элем кээде..Сиздин азыркы акылман кеңешиңизден кийин бир заматта астым-үстүм түшүп кетти.Институтка барганда кийүүчү түзүгүрөок туфлим да жок. Көйнөктөрүм да ылайыксыз.Энеме айтсам,кийимиңди жарабайт деп институтка кийирбей койсо кайра кел деп какшыктайт. Атама тигиним жок,мунум жок деп эчтеке айткан жокмун.Өзү да түшүнүп жатса керек. Байкуш атам,баш аманында акча саман деп коёт.Таалйым тайкы,шорум калың экен эжеке,энем өлбөгөндө эмне...
Батыш эжем кол жоолугу менен көз жашымды сүрткөндө гана ыйлап жатканымды билдим.
-Сага эми түшүндүм.Буга чейин билбептирмин. Укканым жакшы болду.Д-а-а,бойго жеткен,анын үстүнө жогорку окуу жайга барган ар бир кыз баланын ойлогон ою ошол.Кымбат баалуу болбосо да айлана чөйрөсүнө ылайык,өз боюна жарашыктуу кийинүүнү каалашат.Мунун баары убактылуу,Мыкат. Эртең эле бир күнчөлүк көрүнбөй калат.Төрт жыл чыдасаң бардыгы жайында болот. Сен биз менен кет.Жайнак абамды деле көп кыйнаба.Калганын үйгө барганда сүйлөшөлү.Институтта да бул жерде окугандай окусаң жаман боло койбоссуң.Стиипендия аласың.-деди Батыш эжем мени имере кучактап.

#45 06 September 2014 - 02:28
Батыш эжем күлүп жиберди.Калгандар да күлүштү.Олтургандардын бардыгы чоңэнемди карашат.Күкү жеңем кайын энесине жаңылап чай сунду.Эне колуна алган чынысын капалуу дасторкондун четине түртүп койду.Жадыраган Батыш эжем энесинин кыйшайып турган чынысын оңдоду:
-Абакир абам сизди тамаша кылып жатат.Алдагы жыйырма сом.
-Ии,ошондой десең,ботом. Баса,кантип эле алдатып жибердим экенмин дейм да.-Чоң энем дасторкондун үстүнөн эңкейе берип мага сунду.-Алмадай энеңдин пенсиясынан балам.Аз болсо да бирдемеңе тыгынчык кыл.Абакир абаң менен Күкү жеңең да куру койбос сени.
Кысыла түштүм.
-Эне,тим эле коюңузчу.
Туш-туштан жаалап кетишти.
-Алагой.Тим кой деген да кеп болобу...
Ушундан кийин Абакир абам энеси жөнүндө согуш маалындагы бир окуяны айтып,баарыбызды күлдүрдү.
-Биз кичинебиз.Атам согушка кеткен.Байкуш энем балдарын кантип,эмне кылып багып жатканын ким билсин.Айтор, бирде ач,бирде ток болуп дегендей күнүбүз өтүп жатты.Бир күнү окуудан келсем отуз сомдук чоң-чоң көк кагаз акчаларды ар кайсы жерге койгон энем санатын чыгара албай отуруптур. Э,Абакир бери келчи балам,-деп чакырды мени.Мен арбирин жыйырма сомдон он тал саттым эле.Бул акча жети эле экен,кулкунуна келип үч талдын акчасын жеп кеткен көрүнөт,-деди энем кабагын карыш түйүп. Анда мен биринчи класста окуп жүргөн кезим болчу.Энем экөөлөп талдын акчасын эсептеп чыгара албай башыбыз айланды.Биздин көчөдө колхоздун бухгалтери туруучу.Энем экөобүз акчанын санын тактатып алыш үчүн ошол кишиге бардык.Ал чотко салып чыгарды да,тал сатып алган киши он сомду ашык бергенин айтты.Бирок энем бухгалтердин айтканына ишене бербей көпкө чейин бушайман болуп жүрдү.
Айлана кайра баштан күлкүгө толду.Энем кызарып кетти.
-Ким билет ботом,он талдын акчасы он бөлөк болот экен деп ойлогон турбайымбы. А-а атаңдын көрү-ү-у,кат тааныбаган киши да курусунчу.Өңгөнү унутсаң да ушул тал сатканды унутпайсың го,балам.Мындан башка да билгениң барбы?
-Эне,баякыда базарга алып барган койду акчага саттык беле,же заёмго саттык беле?
Чоң энем уялгансып мыйыгынан күлдү.
-Агаңдын сөзүн уктуңбу Махабат.А деген арипти,эки деген эсепти билбей,минтип өзүңөргө шылдың болуп отурам.Билим адамдын канаты тура.Жанакы күйөө деген эмени жаныңа жолотпо.Оку балам.

#46 06 September 2014 - 02:34
Алмадай чоң энемдин сөзүн тыңшап отургандардын баары огородго кирүүчү кичинекей калитканы карап калышты.Оо,Кудай,
атам келатыптыр.
Батыш эжем ордунан секирип турду.Эламан жездем утурлай басты.
-Колум май эле!-Атам манжаларын ары-бери оодарып карады.Анан колун эмес билегин сунду.
-Эчтеке эмес.Берекен н баары ошол майда.Кана,жогору өтүңүз.-Эламан жездем атамды каруудан алды.
-Махабатты издеп кире калдым эле.
-Келгениң жакшы болбодубу.-Тамак да бышып калды эле.Буларды чай ичеби деп самоор койдурсам,ичишпейт. Жумуштан келатсаң керек,курсагың ачтыр,ичсең чайдан.
Атамдын эки көзү жалжылдап менден өтөт.Эмне ойлоп жатат болду экен.Батыш эжемди,Эламан жездемди тиктеп калат. Кээде менин үстү-башымды карап коёт.Анткен менен көрүнүшү көңүлдүү,кабагы жарык.Колундагы чыныны бошотуп,дасторкондун четине коюп,алаканы менен үстүн басты.Анан тамагын жасап,калпагын желкесин көздөй жылдырып,чачын сылады.
-Батыке садага,Махабат сиңдиң окуусуна кетип жатат.Эламан экөөңө аманат айланайындар. Көз кырыңарды сала жүргүлө.Тышка чыга элек неме...
-Мыкатыңыздан кам санабаңыз,Жайнак аба.Маркум Шаршекан жеңем өлөөр алдында ущшул кызын оозунан түшүрбөй,энеме кайра-кайра табыштап жатыр көз жумган.Унута элекмин.Кантип көз салбай коёлу.Сиздин келип калганыңызга сүйүнүп отурам.Махабат биздин үйдө туруп окусун аба.Сизге кезигип ошону сүйлөшө кетсем деп турдум эле.
-Эмне кылсаң да өз колуңа өттү го,айланайын. Эламан экөөңө кантип ишенбей коёюн.Эжесиникине жатып,эжесиникинен тарбия көрүп чыкса жаман болмок беле.Санаам да тыңгылыктуу болот...
Шаарга,Батыш эжемдикине келгендин эртеси эле,ал мени ательеге ээрчитип барып бир сыйра кийим заказ берди.Түштөн кийин жездем үчөөбүз дүкөндөрдү кыдырдык.Аялдардын тышкы кийимдерин сатуучу магазинден плащ-пальто алып берди.Андан чыгып бут кийим сатуучу дүкөнгө кирдик.Жапыс така,венский така,бийик така туфлилердин беш-алтоон тандап алдыма коюшту.
-Кийип көрчү.Өзкөңүлүңө жакканын тандап ал.-Эжем улам бирин алып көрүп жатты.Мынчалык бут кийимди көргөнүмдө эмне дээримди билбей апкаарый түштүм.Бардыгы тең көзүмө биринен-бири жакшы көрүнүшөт.Кайсынысын тандаарымды билбей кармалайм. Жездем мени карады:
-Эмнеге карап турасың,тандай бер тартынбай.
Мен мойнумдан байлаган немедей ийменип туруп,жапыс така ак туфлини колума алдым.Жездем алганымды акырын алды да кайра ордуна койду.
-Тандаганың ушулбу?Сен тандаганды билбесең анда мен тандайын.
Жездем ортодо турган койкойгон орто така лактуу кара туфлини ары-бери карап туруп,мага сунду.
-Сага ушунусу ылайык.Кана кийип көрчү.
Мен Батыш эжемди карадым.Ал күлүмсүрөп, күйөөсүнүн жөн билгилигине ыраазы болгонсуп турду.
-Көрдүңбү,жездең кандай тандайт!Тигил жапысын да ал.Ара-чолодо арыш-коруш кылып кийээрсиң...

#47 06 September 2014 - 02:52
Заказ берген кийимдер да тез эле даяр болду.Мен буга чейин заказ берип көргөн эмесмин.Тим эле укмуш,тиктиргенибиздин баары боюм менен бой,чапчак.Жарашыктуу.
Кубанычым койнума батпайт.Ошол күнү кечинде бүтүндөй жаңы кийимдеримди кийгизип алып,эжем менен жездем мени киного ээрчитип бармак болушту.Эжем чачымды мурдагыдай эле бир өрүп артыңа таштап койгун деп кеңеш берди.Өзүм жаткан бөлмөгө кирип буйдалып калдым.Кийимимди кийип,чачымды кайта өрдүм.Кайра-
кайра күзгүгө каранам.Көңүлүмдү көккө сермеп,айнектин ары жагында сургулт жука лапсан аралаш шерстен тигилген костюм-платьяны кийип,ак капрон блузкалуу,чачы узун,кара-торусунан келген жылдыздуу кыз мени карап бактылуу жылмаят.Өз денем өзүмө өзгөрө түшкөнсүп,боюма кандайдыр бир келбет пайда болуп чыга келгендей сезилет мага.Батыш эжем эшикти акырын ачып кирип келатып сүйлөдү:
-Мыкат,даярсыңбы?
Жаныма келген эжемди кучактап,чекесинен өөп-өөп алдым.
-Рахмат,жездем экөөңүздөргө.
Эжем чачымдан сылады.Жакамды оңдоду...
-Кана эми ары карап,тигиндей басып көрчү.И,кайра мени көздөй.Көрктүү кыз болуп калыптырсың садага.Кийимиң морт болсун,жаның бек болсун.-Мени айландырып, костюмдун тигилишин дагы бир сыйра карап чыкты.-Жакшы тигилиптир. Эч жеринде өөнү жок.Бир гана оң жак жеңиңдин боору болоор-болбос тартышкансып турат.Алаарда кандайча байкабай калдым экенмин.Жүрү, калганы жездең сынасын.
Менин көңүлүмдө костюмдун эч бир жеринде өөнү жоктой,бардык тигиши да,тигилиши да сыдыргыга салгандай көрүнгөн болчу.Бирок Батыш эжемдин жок жерден кынтык таап турганына таңдандым.Жеңинин ич жагын тим эле ким шыкаалап карап туруптур деп ойлодум. Биз үйдөн чыкканда жездем короонун ортосунда тамеки тартып туруптур.
-Мына,мына кийим да жарашкан кишиге жарашат.Кут болсун.Эжең өзүңө да,өңүңө да жарашыктуусун тандаган тура.Кана алдыга басчы...
Мен уялган калыбымда башымды жерге салып,аягымды солгун таштадым.Жеждем бир демге артыман карап туруп,мага жете келип каруумдан кармап токтотту.
Эртең улантайын ээ? Уйкум келип чыдабай калдым. Баш да ооруп кетти тикчийип мониторду карап отура берип. Жакшы жаткыла адабият сүйүүчүлөр.

#50 06 September 2014 - 21:50
belka эже жакшы чыгарма экен рахмат кочуруп жазганынызга.
Чыдамсыздык менен кутуп окуп жатам
#51 07 September 2014 - 01:46
-О-х-о-о,мени менен тең турбайсыңбы?
Карасаң,Батыке сиңдиңдин боюн.
-Сиңдим өзүмдү тартып чалыш турбайьы.
Жездем колумду коё берди. Эжем менен жездемдин ортосунда келаттым...
Кинодо экрандан көзүмө биринчи урунган бой жетип калган жигит менен кыз болду.Жаш жигит көчөдөн өтүп баратып,алдынан чыккан бейтааныш кызга урунуп алды.Кыздын колтугундагы бош кыскан китеби ыргып кетти.Кыз жигитти ачуулуу карады.Жигит күлүмсүрөйт.
-Атың ким?
Кыз жооп бербестен мисирейип,көздөрүнөн от чачып турду.
-Атың ким деп сурап жатам.-Ал жерде жаткан китепти колуна алып,кол жоолугу менен сүртүп,артына кармайт.-Атыңды билмейинче бербейм.Таанышып жүрөлү.Менин атым болсо Арамис...
Кыз жумшара түштү.
-Менин атымбы?Атым Эмма!..
Эки жаштын ортосунда алгачкы тааныштык,алгачкы сүйүү мына ошентип башталат.
Экөөнүн өбүшкөнүн көргөнүмдө көңүлүм иренжий түштү.Кызык экен,эмне үчүн ай айланып апта өтпөй тез эле элжирешип калышты,-деп ойлодум жездемден уялганымдан башымды көтөрбөй.Картинанын орто ченинде Арамис менен Эмманын ЗАГСка барып никелешип жатканын бир билем...
-Мыкат,уктап жатасыңбы?-Эжем акырын сурады.Картинанын канчасын өткөрүп жибергенимди билбейм,көзүмдү ачып жаш колукту сотко арыз көтөрүп барганын көрдүм.
-Бул эмнеге арыз көтөрүп жүрөт?
-Күйөөсү таштап кетпедиби.Кызды баланын ата-энеси кабыл албай койду.Эми минтип же окуудан жок,же күйөөдөн жок арабөк калды.

#52 07 September 2014 - 02:11
-Кыздын ата-энеси бар бекен?Үйүнө кетип калбайбы?
-Такыр эчтеке көргөн эмес турбайсыңбы? Алар кызынын күйөогө чыкканын да,окубай калганын да билишкен жок да.Эмма мурункусундай эле күйөөгө барганын жашырып,окуп жатам деп кат жазып,жардам алып жатпадыбы.
...Эмма соттун үстүнөн ыйлап чыкты.
Ал көчөнүн жээгине коюлган бир скамейкага олтуруп алып,ары-бери өткөн кишилердин эч кимисине назар салбай,кош алаканы менен бетин бек басып алып тынымсыз солуктап өпкө кагат...
Бул чет элдик киного мени эжем атайын ээрчитип келгенин түшүндүм.Сыягы, сабак болоор деген окшобойбу.Чынында эле жаштарга тарбия берүүчү картина экен...
Институтка келгенден бери,эжем жөнүндө студенттердин арасында ооздон түшпөй айтылып жүргөн көп сөхздөргө күбө болдум.Анын окуган лекциясы,берген сабагы ар-дайым көңүлдүү өтөт.Батыштын сабагында аудиторияда чымын учса угулгандай жымжырттыктын өкүм сүргөнү сүргөн.Эмики пар Батыш Иманалиевнаныкы дешип,студенттер алдын-ала бир сыйра дуулдап алышат.Анан алеки саатта бөлмөнүн ичин тартипке салып,жасап- түзп жиберишет.Өз бойлорун түзөгөн ар-бир студент,менин эжемдин алдында өздөрүн салабаттуу кармоого тырышышат.Өңгөчө кыз балдар каш кирпиктериндеги боёкторун сүртүнүшүп, прическаларын оңдоп,табигый өңдөрүнө чыга келишет.Батыш эжем окуган лекциясынын арасында,студенттердин жүлүнүнө тие турган күлкүлүү сөздөрдү кыстара сүйлөп,көңүл көөрүүнү да унутпайт.Көпчүлүктүн көөдөнүнөн фонтандай атылып бир заматта чыккан күчтүү күлкүнүн эпкининен аудиториянын чоң терезелери шарактай түшүп басылат.Кайра баштан Батыш эжемдин кулакка сиңип калган коңур үнү бөлмөнүн ичинде калгый баштайт.

#53 07 September 2014 - 02:29
Студенттердин бардыгы тең эжемди төгөрөгү төп келген акылдуу,жайдары аял дешет.Батыш Иманалиевна менен Эламан Орозович издешпей табышыптыр.
Ушундай жакшы жарга туш болгон жигиттердин арманы болот болду бекен дешип,суктана сүйлөшөт.
Бирок Батыш эжем алган билими,иштеген иши,адамгерчилиги жагынан жогору бааланып,турмуштан өз ордун тапканы менен,анын түпкүрүндөгү жашыруун өкүнүчүн эч ким билүүчү эмес.Анын жетпеген кемчилиги,толбогон дүйнөсү башка аялдарга окшоп бала төрөп,бала сүйбөгөндүгү болчу.
Кошунабыз бала-чакалуу, жаш аялмет адамдар болучу. Он бир бала бир казандан аш ичип,биркишинин көзүн карайт.Эгер өкмөт жагынан жардам берилбеген болсо кантип күн көрушөөр эле,билбейм.
Биринчи жарым жылдыкты аяктап,каникулдан кайра келип,окуу башталардын алдыңкы күнү болучу. Үйдөн келгени жездемди көрө элек болчумун.Мончодон келип,ирегеден эркектин өзүмө тааныш болуп калган кышкы ботинкасын көрүп,өтүгүмдү акырын чечип,өз бөлмөмө өтүп кеттим.Жаңы эле күзгүнүн алдына жеткенимде: Мыкат-деп чакырган эжемдин үнүн угуп шашып калдым.Суусу тоборсуй элек узун чачымды тарабай туруп ыгы менен бир өрүп,бир байлам кызыл ала гүлдүү штапель жоолукту артыма байлап,бөлмөдөн чыгып келатсам бак жактагы терезенин ачык форточкасынан аялдын жаны ачыган ачуулуу үнү бөлмөнүн ичин аралап өтүп,диванда сүйлөшүп отруган эжем менен жездемди селт эттирди.Мен токтоп калдым.
-Кырылып кеткен топ мололор ай.Бир жагынан жыйнасам,бир жагынан үйдүн ичин үч көтөрүшөт да турушат.Силер чоңоюп мени жыргатканча, карыбастан мурда карып,жоголбостон мурда жоголом го. Жок дегенде бир-экөөң кыз болуп калсаңарчы. -Балдар ызы-чуу түшүп,ыйлап жатышат.
Эжем окуп жаткан китебинин бетин жаап,шалдая түшкөнүн ачык турган эшиктен байкап калдым.

#54 07 September 2014 - 02:33
-Баланын бары да балее,жогу да балээ дегени ушул экен да.Ушул бечарага берген көп баланын бирөөн мага берсе эмне болот?-Эжем терезе жакка мойнун созуп,улутунуп алды.Эламан жездем эжемдин көзүнө айлана түшкөн жашын байкап калды окшойт,мукактана сүйлөдү.
-Сага бала эле керекпи?Алып келип берейин.
-Кайдан?Балдар талаада жаткансып сүйлөйсүң да...
-Балдар үйүнө барсаң...
-Мага балдар үйүнөн эмес,сенин каныңдан,өз курсагымдан чыккан бала керек түшүндүңбү?
Жездем унчукпай калып,эжемди бир демге тиктеп ийнине колун арта салды.
-Картайып кеткен жокпуз.Али убакыт бар,Батыке.Буйруктуу бала болсо аны көрөөрбүз,буйругу жок бала болсо аны да көрө жатарбыз.Колдон келбей турган иш үчүн көңүлүңдү бузуп,санааркоонун кереги эмне.Жакшы адам бир жеринен кем болоорун билбейсиңби?
-Ким жакшы?Менби? -Эжем жездеме жүзүн бурду.
-Албетте,сен.
-Тапкан экенсиң.
-Тапкан үчүн сан кыздардын ичинен сени алганмын да.-Жездем аялын бооруна кысып,өөп жаткандай болду.-Мен сени төрөбөйсүң деп көңүлүңдү ооруткан жерим барбы?
Батыш эжемдин үнү ыйга муунгансып каргылданып чыкты.
-Эгер мен төрөбөсүмдү билсем такыр күйөөгө чыкмак эмесмин.
-Акылы жок.-деди жездем,колуктусун кучагынан коё бербей.-Экинчи мындай сөздү сүйлөбөй жүр.Өзүң айткандай балалуу болуу,албетте, жаман эмес дечи...

#55 07 September 2014 - 02:39
Балалуу болбой калуу да бир азап экен го дедим ичимден.Эгерде мен күйөөгө барып балалуу болсом,биринчи эле баламды Батыш эжеме алып келип берээр элем.Бирок эжеме асыранды бала эмес,өз курсагынан чыккан бала керек тура.Менин берген баламды алмак беледеген сыяктуу ойлор учуп келип жүрөгүмдүн башына тура калды.Өз оюмду өзүм кайрадан эсиме түшүргөндө бүткөн боюм чымырап,эки бетим албырып чыкты.Эчтекеден эчтеке жок тилеген тилегимди кара,дедим ууртумдан жылмайып.Бөлмөдөн жездемдин үнү угулду:
-Мыкат!
Кичүү кишилер улуулардан турмуштук багыт алуу деген сөз келечектен өз жолуңду табуунун ачкычы болот тура.Бул күнгө чейин Батыш эжеме окшоп эч кимден акыл-насаат уга элек болучумун. Өткөндөгү күндөргө кайра кылчайып,,Турсунай жөнүндө,турмуш жөнүндө, көргөн-уккандарым жөнүндө ойлонгонум болбосо,бардык багытым окуу менен коомдук иштер болуп калды.Күндөн- күнгө ойчул болуп баратасың,-дейт эжем менен жездем.Бирок өзүмө бул жөнүндө эч нерсе сезилбейт.Оюмдун баары окуу.Математикалык оор маселелер мээмдин ичине тереңдеп кирип,бүтүндөй каныма сиңип калгандай.Өзгөчө комсомолдун шаардык комитетине мүчө болуп шайлангандан бери иштей турган иштерим көбөйүп кетти.
Түндүн бир оокумунда институтта өткөн комсомолдун ачык жыйналышынан жаңы эле чыгып,щвейцар аялдан плащымды алып жатып,студенттердин кимдир бирөөгө жол бошотуп,сыпайыкерчилик көрсөтуп жатканын байкадым.
-Жыйнылышыңар аябай узак болду го.Бүттүңөрбү? Эмне,Махабат чыга элекпи?-деген жездемдин үнүн угуп жалт бурулдум.
Студенттер жооп бергенче,столун үстүндө жаткан портфелимди ала коюп,озунуп үн чыгардым:
-Жезде!
Жездем жалт бурулду.
-Оо,жолдош секретардын орун басары,бошодуңузбу? -деди жездем мени эркелете сүйлөп,алдымдан утурлай басып.-Орчундуу маселе карагансыңар го.Шаршембиеванын арызын да текшердиңерби?

#56 07 September 2014 - 02:46
-Күйөөсүн комсомолдон чыгардык.Ал эми институттан алыстатуу маселесин сиздерден сурап чечим чыгардык.Эртең таанышасыңар.
-Жездем менен катарлаш бастым.-Бекер эле убара болуп келиптирсиз.
-Эмнеси убара.Жанарак келсем дем алыш жасап,кайра киришти дегенинен кетип калдым.Сен кечиккенде эжеңдин тынчы кетээрин билесин го...
-Түшүнөм жезде.
-Үйгө меймандар келди.Болгондо да жездеңдин жанындай көргөн жакын досу,тууганы.
Биз дарбазадан киргенде короонун орто ченинде турган мала Волганы көрүп,жанынан өтүп баратып,эңкейип номерин карап өттүм.
-Аны эмнеге карап жатасың?-Жездем өтө берип сурады.
-И-и,сиздин машинаңыз бекен десем...
-Жети түндө менин машинам бул жерде эмне кылып турсун.Үйдөкү коноктордуку.
Батыш эжем биздин дабышыбызды угуп,коридорго чуркап чыкты.
-Эми араң бошодуңбу?Чарчадың го?
-Чарчаганым жок,курсагым аябай ачты.-Эжем күйөөсүнө карады.
Ой,бай болгур,керилбей үйгө кирчи.Эламанды таап кел деп Акылбек жанымды сууруп ала жаздады. Мен Мыкатка тамак берейин.

#57 07 September 2014 - 02:56
Колума тийген бир чыны чайды ортолоп ичип келгенимде жездем меймандардын үстүнөн көңүлдүү чыкты.
-Э Батыке,балдызың менен тааныштырбайсыңбы деп меймандар сурап жатат.Кандай дейсиз,хозяйка? Руксатпы?
-Коё тур эми,чайын ичсин.
-Тигинден деле ичет да.Жүрү.-Мени каруумдан кармап жогору көтөрду.
-Уят эмеспи,меймандардын үстүндө эмне бар мага.-Салмагымды стулга сала жыйрылдым.
-Болуптур,жездең каалап калыптыр,кирип учурашып чык.Жана сен жөнүндө сөз болгон.
-Мен жөнүндөбү?Кандайча?
-Мына бул өпкөсүн колуна кармаган жездең менин мындай балдызым бар,тигиндей балдызым бар деп мактанып жаткан.
Күлүп жибердим.
-Жарайт.-Колумду сүртүп ордумдан турдум.Бөлмөгө киргенде көзүмө биринчи эле бейтааныш жигит урунду.Акылбек агайды тааныдым.Мени менен өзү туруп келип учурашты.
-Жогору өт.
-Жок,ушундай эле...-Диванга олтура кеттим.
-Столго кел.Эмне үчүн бул жерге олтурдуң?
Акылбек агай мага жол бошотуп,жанындагы стулду оңдоп койду.Меймандардын ортосунан орун алдым.Акылбек мени кайра-кайра карайт.Мени таанып жатабы же тааныбай жатабы?

#58 08 September 2014 - 00:41
-Эмне үчүндүр балдызыңдын өңү жылуу учурайт.Кайдан көргөнүмдүэсиме түшүрө албай койдум.
-Күзүндө силердин колхозго жардамга...
Башкарма жездемдин сөзүн аягына чыгарбай колун көтөрдү.
-Коё турчу...Ии-и эми эстебедимби. -Жигит мага бурулду.-во, во,во ушундай бир унутчаак итмин.Кээде өз айылымдын жаштарын да тааныбай калып уят болом.Өзгөрүп кетиптирсиң. Рахмат,окуудагы ийгиликтериңди угуп,кубанып олтурам.Батыштын сиңдиси турбайсыңбы?
Жездем тигил мен тааныбаган бейтааныш жигит менен да тааныштырууну унуткан жок.
-Махабат!Бул жигит менен таанышып кой.Мага ини болот.Бир айылдыкпыз. Аты-Майрамбек.
Башымды ийкедим.Жигит мага карап тамылжый түшүп,күлүмсүрөп койду.
Мен улуулардан уурданаөзүм менен оро-пара теке маңдайымда отурган Майрамбекти сынай тиктедим.ошол замат Майрамбектин жылдыздай жанган кош карегинен атылган ыссык жалын мени бир серпип өттү.Бири-биринен жалтана түшкөн кош каректер ошол замат тайгаланып жерди көздөй төгүлдү.
Олтургандардын кеп-сөзүнө аралашпаган жалгыз гана Майрамбек экөобүз болдук.Анын оттуу көздөрү көзүмө чагылыша түшкөндө жүрөгүм солк дей түшөт.

#59 08 September 2014 - 00:46
Сөз бир кезде Майрамбек жөнүндө болуп кетти.
Акылбек агай анын Жогорку Советке депутаттыкка кандидат кылып көрсөтүлүп жатканын сыймыктануу менен айтып олтурду.
-Жүн менен төлдөн областта үч жылдан бери алдына эч кимди сала элек.Өткөн жылы Ленин ордени менен сыйланды.Быйыл минтип депутаттыкка көрсөтүлүп жатат.Эр эмгегин жер жебейт деген ушул...
Мен өзүмө келген кат-кабарды такай институттун өзүнөн алучумун.Батыш эжем экөөбүз студенттер менен фойеде турсак артыбыздан өтүп бараткан студенттин үнүн угуп кылчайдым.
-Махабат,сага почтада телеграмма бар экен,алдыңбы?
-Телеграмма? Магабы?
-Ооба,сага.
-Кызык,мага кимден телеграмма келет?!-дедим эжемди карап.
-Алганда көрөсүң да.Анын эмнесине тынчсыздандың? 8-мартың менен куттуктап курдаштарың жибергендир.
-Жок,эжеке,алыста андай телеграмма жиберүүчү эч кимим жок.
Батыш эжем мени карап жылмайып койгондо көздөрү сүзүлө түштү.Институттан чыгып үйдү көздөй бет алдык.
-Кат жазган да эч кимиң жокпу?
Күлдүм.
-Жок.
-Кат жазган эч кимим жок дегениңе Батыш эжең ишене койбос.Кат жазгандар бар дечи.Бирок көңүлгө толгону көптүн ичинен көрүнбөйт десең бир жөн.Ачылып турган роза гүлүнө ким эле назарын салбасын.Жигиттердин сугун алып,суусатпаган кыз да кызбы.Ошондой артыкчылыгы үчүн кыз кыз болуп,жакшы жакшы болуп дүйнөгө жаралат окшобойбу.Туурабы?
-Туура,эжеке.
Жолдун айрылышына жеткенде эжем каруумдан кыса кармап койду.
-Мен бара берейин.Сен телеграмманы алып кел...

#60 08 September 2014 - 01:08
Батыш эжемден бөлүнүп жолдо келатып өзүм жөнүндө ойлондум.Ай,
эжекем ай,чын эле сиңдиме назар салган эч ким жок болсо керек деп күдүктөнөбү,
же мени кантер экен деп сынап жатабы.Ушул акылман ая болбогондо,
беш эмес жыйырма бешке окусам да мындай болбойт элем деп ойлоп келаттым.Анан өзүмдүн 23-февральда Майрамбекке башка фамилия менен жөнөткөн открытканы эстеп кызара түштүм.Адамдын оюна келбей турган иш.Кимден деп ойлоду экен.Аны мен кандайча эстеп,эмне үчүн куттуктоо жибергениме да толук түшүнүгүм жетпеди.Кыздар укмуш экенбиз деги.Мени ушундай болот деп кимдин оюна келсин.Ошол мезгилде кимдир бирөө мени катуу жөөлөп өттү.Оюмду бирөө жулуп кеткенсип,сынган айнектей бычырап кетти.Ачуум келе түшүп,көзү жок кандай неме деп айтканы артыма бурулуп карадым.Менден анчалык алыс эмес жерде күлө карап турган Сандарбекти көрүп,күлүп жибердим.
-Мен да ким экен десемчи!
-Алдыңда келаткан кишини көрбөй,өзүңдү жогото кимди ойлоп бараттың эле.
-Сени ойлоп баратканмын.
Жигит шыйпактап тийише сүйлөдү.
-Шылдыңдайсың ээ.
-Эмнеси шылдың.Ырас айтып жатам.
-Жездең турганда,биздей майда-чүйдө кишилерди көзүңө илмек белең?
-Эмне,жездем жаман кишиби?
-Мен да ким экен десемчи!
-Алдыңда келаткан кишини көрбөй,өзүңдү жогото кимди ойлоп бараттың эле.
-Сени ойлоп баратканмын.
Жигит шыйпактап тийише сүйлөдү.
-Шылдыңдайсың ээ.
-Эмнеси шылдың.Ырас айтып жатам.
-Жездең турганда,биздей майда-чүйдө кишилерди көзүңө илмек белең?
-Эмне,жездем жаман кишиби?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!

Супер-Инфо
super.kg
видео