Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылдын жазынан тартып бериле баштай турган жаңы электрондук биометриялык паспорттордун эскиздеринин бет ачаарын өткөрдү.
Кыргызстанда 2017-жылдын жазынан тартып жаңы электрондук биометриялык паспорттор ишке киргизиле баштайт — документтин эскизинин бет ачаарын бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматы (Мамкаттоо) өткөрдү.
Бул ичине чип салынган ID-паспорт болот, анын ичинде биометриялык маалыматтар, жаран тууралуу маалымат жана анын электрондук- санариптик кол белгиси (ЭСКБ) сакталат.
Эскизге караганда, жаңы ID-паспорттор дизайны жагынан айырмаланат. Кызгылтым фондун ордуна көк фон коюлат, документтин өзүндө жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашаган дареги тууралуу маалыматтар көрсөтүлбөйт — ал маалымат чипте сакталат.
Негизги маалыматтардан тышкары, чип айдоочунун күбөлүгүнө, пенсия китепчесине, социалдык камсыздандыруу кагазына жана банк эсебине байланып турат.
Мындай паспорттор Кыргызстандын жарандарына мамлекеттик органдарда бюрократияга туш болбой тейленүүгө мүмкүнчүлүк берет — эмнеси болсо да Мамкаттоонун жетекчилиги ушундай убада берүүдө.
«Биометриянн артыкчылыгы — бул баарыдан мурда ыңгайлуулук, коопсуздук, убакытты үнөмдөө жана мамлекеттен сапаттуу жана ыкчам тейленүү мүмкүнчүлүгү», — деп билдирди Мамкаттоонун төрагасы Тайырбек Сарпашев.
2017-жылдын октябрына карата Мамкаттоо 2,5 миллиондой ID-картаны биометриялык паспортко алмаштырууну пландаштырууда. Жалпысынан Кыргызстанда 6 миллиондон ашуун киши жашайт.

Бийлик болбогон убаларга элди "тойгозууга" маш, Сарпашев биометрикалык маалыматтар эн биринчи кезекте "таза" шайлоону камсыздоо максатында болгонун жана кечооку референдумда компьютер артында жашырынып алып шайлоого катышпаган жарандардын ордуна бийлик озу добуш бергенин ачык айтып койсо омурундо бир жолу эркектик кылган болоор эле...

Супер-Инфо
super.kg
видео