Достор көөбүнүздөр эле билсеңиздер керек тойлордо, туулган күн кечелерде жигиттердин кыстамайы башталат "бул эми жөн эле вино да" деген сыяктуу, кайра-кайра "жок" дегенге болбой кыстай беришет. Жакында эле курбу кызымдын тойунда " частичку яда для нее ичип кой" деп туруп алышты беш, алтоосу аргасыздан ооз тийгенге туура келди ооз тийсен "до дна" деп, акыры сылык жооп берсен болбойт экен деп катуу-катуу эле айтып салдым. Бул менен эмнени билдиргилери келет? Кыздарды кыстап ичиргенден кандай пайда түшүнбөдүм.
Жакында эле дагы бир курбу кызым жолдошу менен урушуп кеткенин айтып ага себеп ошол күнү кечеге барып ал жерде аяштары кыстап, а менин досум такыр ичпей коюптур, үйүнө келгенде жолдошу жанжал салып "сен мени уят кылдын ичип коюшун керек эле" деп ызы-чуу салыптыр. Деги эле ичимдике кыстаганда кантип кутулуу керек?
Эмнеге ичимдикке кысташат?
#2 01 September 2014 - 20:27
1. Ичимдик ичиле турган жерге барбоо керек! Кыстоодон кутулуунун 100 % жолу ушул.
2. Кыздар хижаб кийүүлөрү керек. Хижаб кийген кызга бир да адам ичимдик сунуштабайт.
3. Намаз окуу керек. Намаз окугандарга кээ бир мээсине доо кеткендер гана ичимдик сунуштабаса, анча мынча адам сунуштай бербейт.
2. Кыздар хижаб кийүүлөрү керек. Хижаб кийген кызга бир да адам ичимдик сунуштабайт.
3. Намаз окуу керек. Намаз окугандарга кээ бир мээсине доо кеткендер гана ичимдик сунуштабаса, анча мынча адам сунуштай бербейт.
#3 01 September 2014 - 20:35
тиги "жинди суу"ичине киргенден сон тим эле аалам Гулистан болуп калса керек.кыстагандардын ар кандай максаты бар.Бироосу жакшы маанайда бирге бололу дейт.Кээси атайын мас кылуу максатында.
Кыздарга жигит кыстаса ары жагы сокурга деле белгилуу эмеспи.эптеп мас кыла салып арам оюн ишке ашыруу.Туз ойлогон жигит кызына кыстамак тугул ичимдиктин жанына жолотпойт.
Что хочу,то и ворчу!
#4 01 September 2014 - 20:36
Аргасыздан "ооз тийип" койдум дейсин андай жерде ооз да тийбоо керек.Ооз тийип койсон ойлошту да демек ичет экен ичирсе болот деп.Башында эле ичпейм деп кагып койсон кутуласын.
#7 01 September 2014 - 22:57
Адамга карап кыстайт да.
Ыыы нак айттын да капата кашпирина карап эле кыстамай.Миздей жездей болуп турсан кысташтан да коркот
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
#8 01 September 2014 - 23:12
Ичимдиктин айынан урушкан үй-бүлөөлөрдү көп көргөм, ичип алып аялын дагы сабап салчу. Бирок ал кезде мен болгону жети сегиз жашар бала элем... Убакыт өтүп мен да чоңойдум, ошол окуялар эч эстен кетпейт, кокустан ичип алып алсыз эркек аялына кол көтөргөнүн көрүп калсам атасын таанытам го... Кудай жалгап мен ичимдике каршы күрөөшү жерде иштеп калганым...
#9 01 September 2014 - 23:15
#10 01 September 2014 - 23:18
Достор арасында ар кандай балдар болот, бири ичет бири ичпейт,бири спортсмен. Анан жанагындай мероприятияларда кыстамай башталат. Ошондо ичкени ичет, ичпегени калат канча кысташса деле. Кийинкисинде деле ошол көрүнүш, ичкендер иче берет, бирок берки достор ичпей кала беришет. Себеби аларга бир кысташат, эки кысташат үчүнчүсүндө " э тим кой ал баары бир ичпейт" дешет...
#11 01 September 2014 - 23:19
Тойдо жон эле 'сый' катары кысташат, келиндин курбуларын куйоо баланын достору сыйлап коюш салт эмеспи? Эми той ошонусу менен той да... Андай жерде жаман ой менен деле ичимдик сунуштабайт,
жакшы маанайды тен болушкулору келет деп ойлойм. Ал эми башка жайда мисалы кафеде, кечелерде кыстагандарды жаман ойлойм сразу. Анан аялын 'ичип коюшун керек эле' деп чыр чыгарган курбунун куйоосуно тан калдым чын эле. Кайсы мээсинен айныган эркек аялына ичимдик ичиргиси келет? Бирок тойдо деле скромно олтурган кыздарга коп кыстап чаптала беришпейт жигиттер. Ооз тийип койгонун туура болбой калыптыр, башында эле 'мен таптакыр ичимдик ичпейм, тост айтсанар моол сок менен деле коштоп коё берем, рахмат' деп сылык жооп берип кыстоолорду тыйып койсо болот да...
Ж-
И-
В-
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца жизни...
#12 01 September 2014 - 23:24
Мен тойлодо дайым балдар тийише баштаганда кемпирлердин арасына кирип кетем. "ал Жадыра, аштан же,гоштон же, чайдан ич жакшылап курсагынды тойгоз" деп жыргай берем озумчо))). "Эч ким арак ич" деп кыстабайт ошондо. Озунуз конул учун кичине ичип повод берип коёт экенсиз да.
Внешность - это козырь , но не туз…
#13 01 September 2014 - 23:29
Билбейм биз тарапта анчалык эле кыстап ичиргенин кездештире элекмин той кечелерде барганда. Тост суйлоо учун карматып коюусу мумкун, аны эми коюп коесунда,оозго албай. Кээбирлери,
куйоо жолдоштор деле ичимиш болуп, оозго албагандарын коргонмун. Лично мага сунган адамга эмне ичкич корунуп атамбы десем. Кечиресин карындаш деп туягын сразу шыкылдатат 
Не скажи Аллаху что, у тебя есть проблемы. А скажи проблемам что, у тя есть- Аллах!
#14 01 September 2014 - 23:52
ичпей эле коюш керек болду кыстаса кыстай берсин жэ катуу эле айтыш керек ичпесем сенин бир жэрин кемейип кетеби деб негизи зордоп ичирген болбойт
#15 01 September 2014 - 23:55
Туура достор ооз тийгеним өзүмө да жакпады, утуру тост айтылганда утуру карматышат сок ичип коем акыры турмушка чыгып жаткан курбум "досум билем ичпейсин, бирок бул жөн эле винода мен үчүн ооз тийип кой" дегенинен ооз тийип койсо)) Үйгө келип алып байкем билип алгандай көзүн карай албай аябай уялдым.
Жашоо уйкуну сүйгөндөр үчүн эмес!
#17 02 September 2014 - 00:00
Ыыы нак айттын да капата кашпирина карап эле кыстамай.Миздей жездей болуп турсан кысташтан да коркот
Демек менин "капата кашпирим" айтып турат экенда ээ буга кыстаса боло берет деп))) мындан кийин сиз айткандай "миздей - жездей" болуп коём)))
Жашоо уйкуну сүйгөндөр үчүн эмес!
#18 02 September 2014 - 00:02
#19 02 September 2014 - 00:55
Такыр ичпесен эч ким кыстабайт, Ичип журуп, таштап койдум десен, Учкашкандан кийин тушмой жок болуп калат. Ичип-чеккенден кудай сактасын!
#20 02 September 2014 - 03:51
"Мени сыйласаң…"
дешет ээ көптөрү.
"Сыйлачу жер башка, ичкилик менен сыйлабайм сени" деп айтууга дарамет келбейби…
Жөн эле вино дешет ээ.
А ошол жөн эле вино деле көп нерсеге көмөктөшүп коет.
"Сыйлачу жер башка, ичкилик менен сыйлабайм сени" деп айтууга дарамет келбейби…
Жөн эле вино дешет ээ.
А ошол жөн эле вино деле көп нерсеге көмөктөшүп коет.
В каждой шутке есть доля правды...

Супер-Инфо
super.kg
видео





















