Акыркы учурларда кырсыкка учураган же бирөөнү көз көрүнөө кодулап же уруп жаткан окуяны көрмөксөн, укмаксан болгон кайдыгерлик көрүнүшү коом ичинде кеңири орун алганын көрүп жүрөбүз. Кайдыгерлик каякка алып барат?
Кайдыгерлик кеңири түшүнүктү камтыйт, бийликтегилердин өлкөнүн өнүгүүсүнө кайдыгер көз карашы, мугалимдин,
дарыгерлердин кайдыгерлиги,
адамдардын үй-бүлө куруудагы, ата-эненин балага тарбия берүүдөгү кайдыгерлиги жана башка. Соңку учурда кайдыгер мамиле күч алды дегенге кошуласызбы?
Өзүңөрдү жашоодо кайдыгерликке кабылгандагы окуяңарды жаза кетсеңер.
Кыргыздын түбүнө жеткен кайдыгерлик Саясат, жарандык коом, "Тез жардамдагы" кайдыгерлик
#2 13 August 2014 - 13:47
Гейлердин көбөйүшүнө шарттап алардын укуктарын коргошот. Бул улутка кайдыгерлик.
Кыргызды жок кылат!
Мектеп окуучуларына жыныстык катнаш тууралуу сабак бериле турган мыйзам......... ..... Улутка кайдыгерлик! Бул нерсе улана берсе ким билет эмне болот.
Мектеп окуучуларына жыныстык катнаш тууралуу сабак бериле турган мыйзам......... ..... Улутка кайдыгерлик! Бул нерсе улана берсе ким билет эмне болот.
#3 13 August 2014 - 14:12
Кайдыгерлик деген эмне? деген Сагынбек Момбековдун ыры бар го. Ошол ырда бул суроого кеңири жооп бар деп ойлойм.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#5 13 August 2014 - 14:37
Бишкектеги 5 поликлиника июлда «Тез жардам» менен барган адамды карабай, 6 саат убакыт өтүп кеткендиктен бейтап каза болгон. Дарыгерлердин кайдыгерлиги.
#6 13 August 2014 - 14:40
Ош – Бишкек жана Бишкек – Торугарт жолунда аварияга учуруган машиналардан жарадар болгон адамдар чыгышкан. Арттагы машинелер токтоп, жардам бербей койгон.
2012-жылы ушундай учурдан жабыркагандар бири-бирин сүйрөшүп, бир адам көз жумган. Адамдардын кайдыгерлиги. ..
2012-жылы ушундай учурдан жабыркагандар бири-бирин сүйрөшүп, бир адам көз жумган. Адамдардын кайдыгерлиги. ..
#7 13 August 2014 - 15:01
Жолдошуна очошуп, канынан буткон, тогуз ай омуртка, соогу какшап журуп тапкан баласын таштап кеткен энелердин кайдыгерлиги.
Эне деген атка ылай сурткон эне сооройлордун кайлыгерлиги,
баардык кайдыгерликтин жеткен чегинде турат.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#8 16 August 2014 - 21:23
Жолдошуна очошуп, канынан буткон, тогуз ай омуртка, соогу какшап журуп тапкан баласын таштап кеткен энелердин кайдыгерлиги.
Эне деген атка ылай сурткон эне сооройлордун кайлыгерлиги,
баардык кайдыгерликтин жеткен чегинде турат.
Бул кайдыгерлик эмес, мерездик го дейм.
А кайдыгерлик, окендер айтмакчы, "Ни холодно, ни жарко, моя хата с краю" деген абал.
Кочодо бироо олуватса кормомуш болуп отуп кеткен- кайдыгерлик.
Кошунан/тууганын/ жон эле бироо ачка отурганын билип туруп жардам бербеген- кайдыгерлик.
Ооруп жатып дарыланбасан- кайдыгерлик.
Кайдыгерлик- зыянкеч кыймылсыздык, сенектик.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#9 16 August 2014 - 22:20
Туура кыргыздын ушундай кайдыгерлик адаты бар экен. М ден соолук боюнча айта турган болсок, орустар кичине башы же ичи ооруп калса тез жардам чакырат үйүнө. Ал эми кыргыздар " ээ ошол да оорубу" деп, ден соолука да кайдыгер карап коёбуз.
Жумуштабы башкабы, тактык масалелерде бүт баарында эле кайдыгер эл экенбиз да.
Жумуштабы башкабы, тактык масалелерде бүт баарында эле кайдыгер эл экенбиз да.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#10 23 October 2014 - 13:24
Кечээ жумуштан келсем, эшиктин алдында боз үй тигилген. Тегерегинде үч-төрт жигит. Алардын бири биздин кошунабыздын уулу, көчүп келишкенине бир жыл болуп калган, шаарда өскөн, орусча сүйлөгөн, кошуналары менен мамилеси жок, таң заарда жумушка кетип, кечинде көз байланганда кайткан жигит. "Мама умерла" деп кайдыгер добуш менен телефон аркылуу сүйлөшүп турат.Энеси оорулуу эле, көзү жакшы көрчү эмес, ошондуктан эшикке чыкчу да эмес, уул-келини жумушка кеткенде сыртынан жаап кетет, келген адамдар менен каалга артында сүйлөшөт же жабык эшикти күчүнүн барынча тарсылдатып соккулап, "плотник чакырып эшикти ачтыргыла,"
-деп суранат эле. Мына ошол киши каза болуптур. Томсоргон боз үй. Капа болгон, ызы-чуу түшкөн, бир тууганын жоктогон, "энелеп"
эчкирген кыз же уул жок... "Кошунабыз каза болуптур, кирип коёлу деген" же кошуна жок... Карасаң бир үйдө элүүдөн ашык квартира болсо, анын үч-төртөөндө гана башка улуттун өкүлдөрү жашабаса, баары кыргыздар, бирок бири-бирин тааныбайт, учурашпайт,
ар ким өз тирилиги менен алек. Эшиктеш туруп эртеден бери үйдө иштеп отурган менин жолдошум да укпаптыр. Ушулардын баарын көрүп туруп, жүрөгүм сыздады. Биз, адамдар, кайда баратабыз, бул кайдыгерлик кантип жана качан биздин жан дүйнөбүздөн орун алды! Ошондо айыл эске келди. Эгерде айылда ушундай кайгы болсунчу, бүт аалам будуң-чаң түшөт. ..
#11 23 October 2014 - 13:28
"Кайдыгерлик"
темасы менен бириктирилди.
Aitunuk, кайдыгерлик тууралуу ушул темада улантыңыз.
Aitunuk, кайдыгерлик тууралуу ушул темада улантыңыз.

Супер-Инфо
super.kg
видео















