Уят! Тоо бурчак не экенин билбей, жер жемиш жана момо жемищти айырмалай албаган кантип?!
- (2 )
-
- 1
- 2
Жер жемиш өстүрүүнүн сырлары. Жер жемиш остуруунун сырлары.
#23 21 September 2014 - 19:22
Тоо бурчак жер жемишке кирет айланайындарым.
Өрүк, алма, жүзүмүңөр, мөмө жемиш болот... Анткени алар мөмө берет. Билип туруп, анан талашкыла, ырас талашкыңар келсе. Автор жазып бүтсүн, анан сын-пикир жазсаңар. Пададан алдың чаң чыгарбай.
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#25 21 September 2014 - 19:36
Башка областарда кандай болорун билбейм бирок Таластын Кара-Буура жана Бакай Ата райондорунда жакшы болот 1 гк жерге тиксең 1 тн дан 5 тн га чейин төө буурчак алсаң болот 1 кг 65 сомдон 120 сомго чейин сатсан болот анан эсптей бер орто эсеп м-н 1 гк жерден 2,5 тн төө бурчак алсаң 90 сомдон сатсаң жакшы эле пайда болот тиккендер 1 гк эле тикпейт да жок дегенде 3,4 гк тигишет мына ушундай.
Таарынсаңар Таласка келип төө бурчак эккиле.
Таарынсаңар Таласка келип төө бурчак эккиле.
#26 21 September 2014 - 19:46
<br />Тоо бурчак жер жемишке кирет айланайындарым.
Өрүк, алма, жүзүмүңөр, мөмө жемиш болот... Анткени алар мөмө берет. Билип туруп, анан талашкыла, ырас талашкыңар келсе. Автор жазып бүтсүн, анан сын-пикир жазсаңар. Пададан алдың чаң чыгарбай.<
br />
.
.
Жер жемиш деп типке болунбойт осумдуктор. ЖАШЫЛЧА ЖЕМИШТЕР, МОМО ЖЕМИШТЕР, ДАН ОСУМДУКТОРУ, ж.б. Жер жемиштер- Ягоды жалпы эле тогулуп чачылып турган жемиштерге карата айтылат.
Тоо-Буурчак (фасоль) (НОЯ) чанактуулар тибиндеги дан осумдукторуно кирет.
#27 21 September 2014 - 19:48
#28 21 September 2014 - 20:33
Бир киллограммды канча жерге эгет канча соттихке? Кайракы жер болуусу шартпы же жер тандабайбы?
Бир сезондо канча жолу чаап, кеминде канча жолу суугарат? Жоокко болуп эккенде ар бир дандын аралыгы канча болушу шарт? Ушул суроолорго кенен жооп берсен автор.
#29 21 September 2014 - 21:05
1 га жерге 2 же 1.5 кап жетет. Чопко алдырбай отоп туруш керек. Негизи суу кенен болсо коп эле суугарылат,
бирок 4 суу ичсе болот. Тиккенде аралыгы бир карыш болот. Жерин семиз болсо 1га жерден 2-5 тоннага чейин алса болот. 1 кг фасоль азыр 70-75сом болууда.
#30 21 September 2014 - 23:44
#31 22 September 2014 - 07:16
Мага малинани кантип тигуунун жолдорун айткылачы бай болгурлар
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#34 23 September 2014 - 10:20
Тоо бурчагыңар эмнеси? Фосоль эмеспи?
Фасоль, төө буурчак, ноя.
- Бир жылдык чанактуулар тукумундагы чөптүү өсүмдүк. Бийиктиги 50 см ге жакын, анын сабагы түз же жармашкыч; жалбырактары үчүлүк татаал, башкан жалбырак сабында үч каптал жалбыракчалары болот, жалбырак пласитинкасынын формасы жумуртка сыяктуу. Гүлдөрү ак, мала кызыл же сыя көк, көпөлөк өңдүү типте, узундугу 1-1,5 см, жытсыз. Фасоль июнь-июлда гүлдөйт. Мөмөсү – чоң буурчак, тамак катары пайдаланылат. Август-сентябрда жыйналат.
- Фасоль (төө буурчак) - кадимки күнүмдүк тамак. Фасольдун 200 гө жакын түрү бар, анын ичинен 20 түрү эгилет. Биздин өлкөдө кадимки фасоль белгилүү. Азыркы кезде фасолду республиканын Талас областында көп өстүрүшөт.
- Дарылык максатта бышкан буурчактын жашыл эки капкакчалары менен буурчактын уруктарынын өзү колдонулат.
- Кадимки фасолдун (төө буурчактын, ноянын) уругунда организмге керектүү азык заттары: 20-25% белок, 50% ке жакын углевод (негизинен крахмал), 2% ке жакын май, витаминдер, минералдуу туздар, микроэлементтер болот. Фасоль абдан калориялуу, анын 100 граммында 339 ккал бар.
- Фасолдун белоктору жаныбарлардын белогуна окшош, аны организм оңой кабыл алат. Фасолдун буурчагында ар кандай аминокислоталар, органикалык кислоталар, С, В, В2 , РР, А провитамини, минералдуу туздар (кальций, фосфор, кальций) ж.б. табылган. Фасолдон бышырылган боткосу гастритте, бөйрөктүн сезгенүү ооруларында, подаграда, ошондой эле атеросклероздо, жүрөк ритми бузулганда берилет. Бирок фасолдон бышырылган тамак-аш аш казанда көбүрөөк сакталгандыктан, ичти көптүрөт. Ошондуктан андай тамакты байкап жеш керек.
- Фасолдун капкакчаларын жанчып, 1 аш кашыктын үстүнө 2 стакан кайнак суу куюп, 10-15 минута кайнатып, чыпкалап ичсе, заараны айдайт, кант диабетинде кандагы канттын өлчөмүн төмөндөтөт.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео














