Салам баарыңарга!
"
11 ЖАШТАГЫ КЫЗ ТОККО ТАРТЫЛДЫ. ТРАНСФОРМАТОРДУН ЭШИГИ ДАЛЕ АЧЫК" бул макаланы окуп зээним аябай кейиди. Кошулганга ташылган болуп өз апасы да жок экен, баккан таенеси да майып, эки көзү да көрбөйт экен.
Балким биз дагы колубуздан келген жардамыбызды беребиз деген ойдо тема ачтым.
Кимде кандай сунуштар бар?
Токко тартылган Айгеримге жардам
#2 14 May 2013 - 10:51
Ушул окуядан кабардар болорум менен эмнегедир сени эстегем, кайрымдуулук акциясын баштаса керек деп... Жүрөгүң түтпөгөн жан экениңе дагы бир ирет ынанып отурам...
Бир күндү белгилеп, бүгүн, балким эртең, шүгүр, демилгелүү форумчулардан куру эмеспиз, оорукана тарапка барып келели. Кыздын абалы менен таанышалы, дарыгерине жолугалы. Эмне менен жардам бере аларыбызды аныктайлы Кандай дейсиңер?
Бир күндү белгилеп, бүгүн, балким эртең, шүгүр, демилгелүү форумчулардан куру эмеспиз, оорукана тарапка барып келели. Кыздын абалы менен таанышалы, дарыгерине жолугалы. Эмне менен жардам бере аларыбызды аныктайлы Кандай дейсиңер?
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#3 14 May 2013 - 10:55
Айгеримдин токко тартыла элек кезиндеги, азыркы абалынын сүрөттөрүн көрүп боорум ооруп, ичим ачышты. Энеси да жок болсо, эми мындан аркы жашоосу кадимкидей болбой калды. Колубуздан келишинче жардам берели! Жок дегеде, дары-дармектерине кичине болсо да жардамыбыз тийсин.
Суперстандыктар, Айгеримдин абалына кайдыгер болбой жардам кылалы!! !
Суперстандыктар, Айгеримдин абалына кайдыгер болбой жардам кылалы!! !
#4 14 May 2013 - 11:15
Баары жакшы болот!
#5 14 May 2013 - 11:24
Жакшы болмок.
Анан тигил макала тарапта да "Кандай жардам бере алабыз?" деген сыяктуу комменттер жазылып жатат.
Анан тигил макала тарапта да "Кандай жардам бере алабыз?" деген сыяктуу комменттер жазылып жатат.
Кууп кел, бул жакка...)))
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#6 14 May 2013 - 12:23
кызды коруп абдан кыйналып кеттим....айгерим бишкектеби же ат башыдабы колуман келишинче жардамымды берем
#9 14 May 2013 - 13:45
смс аркылуу акча которсок кантет...
Укпайт деп ушак айтпа,
Көрбөйт деп уурулук кылба.
Көрбөйт деп уурулук кылба.
#12 14 May 2013 - 19:35
смс менен которгонубуз жетеби анан, ия...
еми жетпеседа бир чекесине жардам беретта..
Мисалы: форумда 30 миндей колдонуучу бар.. Алардын 10мини 10 сомдон которсода 100 мин сом болот... Еми 10 сом емес андан коптон которсода боло турган кылыш керекда... 50 сом 100 сом ж.б.
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#13 14 May 2013 - 19:39
#14 14 May 2013 - 19:43
Колдооңорго рахмат, бирок кантип колдойлу? Ошол боюнча да өз ойлоруңарды жазсаңар.
Мисалы, fanat.kg сиздин сунушуңуз да жакшы экен. Ал боюнча мен Айгеримдин таякеси менен байланышып билип көрөйүн. Анан жообун жазып коем.
Мисалы, fanat.kg сиздин сунушуңуз да жакшы экен. Ал боюнча мен Айгеримдин таякеси менен байланышып билип көрөйүн. Анан жообун жазып коем.
Айгеримге сиздер счет ача аласыздарбы? Жакшы болмок кимдир бироо, дайым текшерип, канча акча тушкондугу тууралуу, Айгеримдин ден соолугунун жылышы жонундо кабар жазып турса....
#15 15 May 2013 - 11:50
Кайсы ооруканада жатат экен бул кыз , маалымат берип коюнуздарчы ...
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#16 15 May 2013 - 15:08
мен казакстандамын.
2000мин сом салайн. Кантип салам жолун айтып койосунарбы.
Номр 87756699118
#17 15 May 2013 - 16:01
Кудайым ылайым шыпаа берсин,бактылуу кыздардан болсун.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#18 15 May 2013 - 21:00
Колумдан келишинче салымымды кошом.Коп тукурсо кол болот...Кеп кошо турган сумманын аздыгында же коптугундо эмес,кеп кичине болсо да кайрымдуулук кылып пендечилик парзыбыздан кутулуп койуу...
#19 16 May 2013 - 07:32
Колумдан келген жардамымды берем буюрса.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#20 16 May 2013 - 08:43
Колдойм жана жардам берем колуман келишинче, жакшы болуп сакайып кетсин ылайым Кудайым жар болсун.
Падыша бол, кайырчы бол баарыбир,
Олум учун бирдей сенин катарын.
Олум учун бирдей сенин катарын.

Супер-Инфо
super.kg
видео






















