Тажадым сенден!!
! ичип алып чочко болгонундан,
кайра эртеси эч нерсе болбогондой кулуп кечирим сураганындан тажадым!!
! Жаштыгымды,
сулуулугумду кор кылып буттун! Таштап кетип калайын десем айаймын сени.... жетимсин, кор болуп талаада калабы деп корком! А мени айай турган киши бар болду бекен? Бакырып ыйлап-ыйлап алайын десем, балдарым ойгонуп калабы деп озумду токтотом.
Жан сырымды эч кимге айта албайм. Башкаларга кулуп гана баардыгы сооо-ооонун деп коём. Мектепти алтын медаль менен, университетти кызыл диплом менен буткон кыздын турмушу ушундай экен деп табалашабы деп корком. Жан досума дагы сырымды айтпайм. Ичимден туттугуп, жан дуйном жанчылып, тунгуюкка тыгылып калдым! Онолчу суранам деп жалбарсам дагы, онолбодун!
!! Мага мээрим жетпей жатат. Аялдай болуп назданып эркелегим келет. А сен кайдан... ичип алып, сасып жаткандан башканы билбейсин. Тыпырап, бир тыйындан чогулткан дунуйомду дагы шамалдай сапырып, туготуп бутмой болдун!!
! Айла таппай калдым, алдастап туруп басалбай калдым... Бирок эртен эле кайра жумушка чыгыш керек... балдарды багыш керек!!!
Аракты кантип койдурса болот? Жардамга!
#3 27 September 2014 - 00:09
Менин бир жакшы досум бар, ичпесе андан откон жакшы киши жок. Бирок 100гр ичип алса эле болду, запойго кирип кетет, айлап ичет. Бир жакшы дарылаган жер бар дейт, туугандары ошол жакка алып барган жатышат, 6 кун дарылайт экен, 15000сомго. Ошо менен таштап койсо экен деп кудайдан тилеп отурам.
#4 27 September 2014 - 00:10
жаздым го. мага жардам бергилечи, куйоомду кантип аракты койдурсам болот?
#5 27 September 2014 - 03:16
Жогоруда гладиатор менен купуялашыңыз.
Жазыптыр го жакшы эле.
Адрестерин тактап сурап алыңыз.
Ой, Максимус турбайбы...
Кыскасы гладиатор да.
Жазыптыр го жакшы эле.
Адрестерин тактап сурап алыңыз.
Ой, Максимус турбайбы...
Кыскасы гладиатор да.
Алыста…
#6 27 September 2014 - 03:53
Аллахтан чын дилден сурап намаз окунуз,дуа кылыныз.Аллахым баарына жардам берет.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#7 27 September 2014 - 04:36
Кудай ынсап бербесе биздин колдон не келсин эми! Мындай ар бир учунчу уйбулоодо кездешет.
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
#8 27 September 2014 - 09:36
Махимус, сиз алып барган жерде баары бир аракты таштай алдырбаса керек. Негизинен алкоголду адамдан алыстатууга медицинанын күчү жетпейт... Жанагы айтып жаткан больницаларда жөн гана канын тазалап коёт, ошодон кийин ичеби ичпейпи врач наркологдор кепилдик бере алышпайт, ал адамдын эркине жараша болот...
#9 27 September 2014 - 09:38
Автор, кайсыл жерде турасыз? Эгер Ошто болсо мен сизге ООАНБнын адресин айтайын...
#10 27 September 2014 - 09:50
мен Таласта жашаймын. Дарылап деле кордум. ал деле убактылуу эле экен. Озу онолгусу келбесе, болбойт экен. Праздная жизнга конуп жыргап журо берген жагат озуно. Туугандары деле аралашты. Болбойт кайра эле ичип алат. Билбей калдым эмне кылышты?
#11 27 September 2014 - 09:53
Кара-Балтада бир молдо бар экен, арак менен тамекини адамдан алыстатып таштайт имиш, чынбы калппы билбейм. Бир жолу өллө көп ичкен бир киши соо жүрөт, э не болду ичпей калыпсыз десем ошол Кара-Балтада бирөө окуп койду, тамекини да таштап салдым, көргүм келбей калды дейт...
#12 27 September 2014 - 10:13
Менин байкем да иччу,аягында белая горячка болуп калган. Анан молдо келип дем салып кеткен, чон-аталарын молдо болуптур,сени да намазга чакырып жатат деп. Ошол кундон баштап аракты таштаган, азыр намаз окуп журот,чон жумушта иштейт кудайга шугур.
#13 27 September 2014 - 10:53
Кудайдан ынсап сураныз.
Жалганды коро туруп, кормоксон болгончо, чындыкты чыркырата айтып, олгон жакшы
Супер-Инфо
super.kg
видео




















