Болочок Акыл Карачачтарга кеңеш:
1. Cүйкүмдүү жана жагымдуу болуңуз.
"Сага кимдир бирөө кандай мамиле жасоосун кааласаң, сен да ага ошондой мамиле жаса" деген сөз бар. Ошондуктан жолдошуңуз менен анын үй-бүлөсүнө жогорку тондо катуу сүйлөбөңүз.
Сизден баары заарканып туруучу келинге айланбаңыз.
Жолдошуңуз жумуштан келгенде ар дайым жылмаюу менен күтүп алыңыз. Иш күнүнүн оор өткөндүгүн айтып, даттанчу болсо, сөздөрүнө көңүл буруп угуп, жакшы сөздөрүңүздү айтып колдоңуз.
2. Жолдошуңузга сый-урмат менен мамиле кылыңыз.
Аны ар дайым түшүнгөнгө аракет кылыңыз. Эч качан аны кимдир-бирөөнүн көзүнчө уяткарбаңыз,
анын тандоосун, чечимин сыйлаганга аракет кылыңыз. Эгер сизге жакпаган чечим чыгарчу болсо, өз каалоңузду буйрук иретинде эмес, жай гана сунуш иретинде айтып көрүңүз.
3. Аны колдоп туруңуз.
Жолдошуңуздан сыр жашырбаңыз.
Өз ойлоруңуз менен бөлүшүп, кандайдыр көйгөй чыкса чогуу чечкенге аракет кылыңыз. Жолдошуңуздан да дал ушундай мамилени күтүңүз. Анын жетишкендиктери менен сыймыктаныңыз.
Эгер кандайдыр бир себептен туугандары,
достору ал менен сүйлөшүүдөн баш тарткан учурда да, сиз анын жанында болуңуз. Жолдошуңуз сиздин колдооңуз менен камкордугуңузду сезип турсун.
4. Өзүңүзгө кам көрүп, үйдү таза кармаңыз.
5. Жолдошуңузду тилдей бербеңиз.
Жолдошуңуз жаш бала эмес, чоң эле киши. Аны апасындай тилдей берүү туура эмес. Амалкөйлүккө барып, жолдошуңуздун жакпаган кылыктарын жайынча түшүндүрүүнү өздөштүрүңүз.
Канткенде Акыл Карачач болобуз? Кыздар бири-биринен кенеш алып, кенеш берет
#22 08 Май 2016 - 19:23
Жакшы кенештер экен....
Мени Апама окшоштугумду айтышты,
Бул жашоомдогу эн жагымдуу соз!
Бул жашоомдогу эн жагымдуу соз!