Суперстан: Жаныбарларга болгон мамиле - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаныбарларга болгон мамиле

#1 Пользователь офлайн   bekbolotabdullaev   24 Ноябрь 2019 - 17:53

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 04 Июнь 19
  • Соңку аракети: 04 Июл 2020 22:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Джалал-Абад

Жаныбарлар-тирүү организмдер дүйнөсүнүн эң чоң бөлүмү: органикалык дүйнөдөгү негизги эки топтун бири.
Жаныбарлар да адам сыяктуу эле бир нече касиеттерге ээ жандык. Аларда да жашоо бар, алар да көбөйөт, өнүгөт, жаратылышка салым кошот. Бирок жаныбарлардын кескин азайышы, аларга болгон мамиленин коштугу жер жүзүндө актуалдуу проблема. Жер эне да жаныбар атыккан балдарын коргой албай, армандап келет.

Адам баласы эзелтен эле жаныбарларга аңчылыкка чыгып, алар менен азыктанып келген. Аңчылыктын кесепетинен айрым жаныбарлардын кескин азайышы орун алган. Жаныбарларды коргоо үчүн дүйнө эли ар кыл иш-аракеттерди жүргүзүп келет. Алардын негизгиси кызыл китеп. Кызыл китептер, коруктар жана коргоочу уюмдар жаныбарларды коргоочулар катары айтылып келет.

Бирок мыйзам турса да жаныбарлардын азайганы уланып эле келет. Буга эмне күнөөлү? Албетте, браконьерлер. Же болбосо коомчулуктун өзү.

Ал Тургай экс-президент да эркин жаныбарларды үйүнө ташып, мыйзамсыз 30 дай жаныбарды кармап олтурган факт катталган. Арасынан кызыл китепке киргени да бар.

4-октябрь Жаныбарларды коргоонун эл аралык күнү катары кабыл алынган.

Эчен жылдан бери дүйнө эли жаныбарларды коргоого чакырык жасап жаткандыгы менен натыйжа жоктой.

Жер жүзүндө жыл сайын миңдеген жаныбарлар жок болууда.

Жаныбарлардын жок болуусунун негизги себептери:
⚡ Күнүмдүк тамак-ашка иштетүү;
⚡ Баалуу терилерин керектөө;
⚡ Жаныбардын мүчөсүн катыруу менен мыйзамсыз жерлерге көрктөө катары коюу;
⚡ Кийим продукцияларына иштетүү;
⚡ Үрп-адат, каада салтка карата иштетүү же жана башка нерсе.

ЮНЕСКО уюму тарабынан 2005-жылы өткөрүлгөн биотүркүм боюнча конференцияда жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүн 25 миңден 50 миңге чейинки түрү жок болуп кеткендиги айтылган.

Кыргызстанда да кызыл китепке кирген жаныбарларды атууга тыюу салынганы менен ал жаныбарлардын азайып жаткандыгын даана байкайсыз. Жаныбарды атпайбы деген өкмөт курал-жарак алуунун жеңилдигин эсепке алган эмеспи, айтор майзамдуу да, мыйзамсыз да куралы менен жаныбарларга аңчылыкка чыкканы бар.

Негизи эле улуттук оюн катары бааланган көк бөрүгө каршы элем. "Улак" аталган жаныбарды кан жадатып, аны атка тебелетип, атты да кыйнап, бир жаныбардын өмүрүн алган оюндун эмнесин баалоого болот? Мыкаачылыкты ачып берип жатпайбы?

Айтор жаш досум, жаныбар да сен сыяктуу жаратылыш укуктарына ээ. Алардын өмүрүнө кол салып, кылмышка барба! Жаныбарлардын да жашоого, тукум улоого укугу бар. Алар да биз сыяктуу #ЖЕРЭНЕ нин балдары. Өз бир тууганыңдай болгон жаныбарларга кыянаттык кылуу сага жарашпайт.

Баса, жаныбар этин жебеген оорум бар:) Алдымда эт турса өлүп жаткан жаныбарды көргөндөй болуп кетем.

Демек, баарыбыз биригип жаныбарларды коргойлу. Жаныбарлар да жаратылыштын бир бөлүгү!


Блогдон алынды!

Урматтуу форумчулар, сиздердин жаныбарларга болгон мамилеңиздер кандай? Көк бөрү оюнуна кандай карайсыңар? Браконьерлерди эмне кылуу керек?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   crazyloop   25 Ноябрь 2019 - 15:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 961
  • Катталган: 28 Март 17
  • Соңку аракети: 15 Июл 2020 23:48
  • Жынысы:Белгисиз

Кучтуу женет, кучсуз женилет, бул жаратылыштын закону.

Эгер адамзат жалгыз джунглиге же африканын саваннасына кокустан тушуп калса, эмне болоору белгилуу. ..

Былтыр болсо керек, бир зоопаркта бир киши зоопаркка аялы менен баласын киргизип коюп, озу забордон ашып кирип, жолборстун жанына тушуп, ага жем болот, андан кийин ал кишини куткарабыз деп келген адамдар жолборсту атууга мажбур болушат, ошентип адам да олот, жолборс да олот. Ушул жанылыктын тубуно комментарий жазгандардын дээрлик баары кишини куноолошуп, «кишинин акылсыздыгынан куноосуз жолборс олуп олтурат, ал жырткыч, анын жаратылышы ошондой» дешиптир. Туура, киши акылсыз, киши куноолуу,бирок эмнеге жырткычтарды биз коргойбуз? Алар адамзаттын омуруно коркунуч келтирбейби?

Мындан башка дагы бир кечээ жакындагы окуя: Тунку караоке клубуна тун оокумунда жапайы кабан кирип келиптир, клиенттердин баарын коркутуп, полиция кызматкерлери келип кармоо учурунда кабанды атып олтурушуптур. Эми комментарий бергендер : Эмнеге олтурушот? Жон эле кармап кетсе болбойбу?

Тообо… Сүрөт

Интернет айдынында аша чаап жаныбарлардын тарабын талашкан «жаныбар суйуучулорго» тан калам, тушунбойм. Уй жаныбарлары болсо озунчо бир чон тема.

Теманын суроолоруна жооп:

1. Жаныбарларды жакшы да, жаман да корбойм. Эгер адамзатына керек болсо, кандай гана жаныбар болбосун багып союп жеп же колдоно бергенге эмнеге болбосун деп ойлойм. Эт азыгы организмге пайдалуу.

2. Кок бору оюнунда улакты алгач мууздап алып,андан кийин оюнга салса керек го дейм, же тируулойбу? Тируулой болсо ЖЁСТЬ…Деги бул оюнду ото колдой бербейм, пайдасыз.

3. А браконьерлер мыйзам алдында жооп беришет. Бул экологиялык кылмыш.

Билдирүүнү түзөткөн: crazyloop: 25 Ноябрь 2019 - 15:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Sakura715   26 Ноябрь 2019 - 17:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 291
  • Катталган: 07 Ноябрь 19
  • Соңку аракети: 12 Фев 2022 22:24

Ушул тема талкуу чордонунда ар дайым .
Менимче кокустан ,же башка арга калбаса,омурго коркунуч жаратса, жаныбарларды суйгон жаным мен деле олтуруп салсам керек коркконумдан. ..

Буга го мейли деп коз жумсак коз жума албай турган нерсе жаныбарларды косметика ,кийимдерге, бир буюм жасоо учун керектегендиги. Ошолорду элестетип,адам болуп жаралганына уялып кетесин,коз алдында алсыз жана эчкимге зыяны жок жаныбар аппаратта кыйнап олтурулот.Кандай адамдардын бул иштерге дити барат тушунбойсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   crazyloop   28 Ноябрь 2019 - 09:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 961
  • Катталган: 28 Март 17
  • Соңку аракети: 15 Июл 2020 23:48
  • Жынысы:Белгисиз

Мен да аябай впечатлительный жанмын. Базарда тоок сойдурсам, союп жатканын карап тура албайм, балыкты алганда, тактайчага чаап чаап олтурсо, журогум диркиреп кетет.

Оффтоп, 2-3 ай мурун, кочодо бара жатсам, бир уйдун астында бир топ эл чогулуп ызылдашып жатышкан экен. Мен да кызыгып, эмне болгонун сурай калбаймбы, бир 6 жашар бала 26-этаждан кулап тушту дешти, кантип кулап келгенин да айтып берди, балкондон балконго илешип илешип ииий, ошол жерде нес болуп калдым, кун бою ошону ойлонуп, кечке жуук башым да ооруп чыкты.

Т.б. жаныбарлар тууралуу документалдуу фильмдерди коп кором. Кучтуу жаныбар кучсуз жаныбарды олжо кылганын, мисалы арстан антилопаны кармап жеп атканын корсом, козумдон жаш чыгып кетет. Арстан эт жеп гана жашай алат экен да корсо, жебесе ачкадан озу олот, ошондуктан жашоо учун курош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   janumbalam   01 Декабрь 2019 - 16:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 144
  • Катталган: 25 Апрель 19
  • Соңку аракети: 27 Янв 2022 05:30

Атты жакшы кором. Уйдо атты каралашканы аракет кылам.
Кой эчки тоок сойуп жатканын карап туралбайм. Сойгондон кийин коруп боорум ооруйт кадимкидей.
Документалдуу фильмдерди коп корбойм. Коопко чейин корсом ыйлап алам.
Эн жаман коргонум ит мышык бакканды жаман кором. Бирок уйдо ит багабыз айласыз((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Grand   01 Декабрь 2019 - 23:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 374
  • Катталган: 10 Апрель 15
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

kypkyzyl-jindi Порталга адепсиз, уят, жаргон сөздөрдү колдонууга, бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. 10 кун Бан!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   01 Декабрь 2019 - 23:33

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

Просмотр сообщения Sakura715 (26 Ноябрь 2019 - 17:03) жазган:

Ушул тема талкуу чордонунда ар дайым .
Менимче кокустан ,же башка арга калбаса,омурго коркунуч жаратса, жаныбарларды суйгон жаным мен деле олтуруп салсам керек коркконумдан. ..


Буга го мейли деп коз жумсак коз жума албай турган нерсе жаныбарларды косметика ,кийимдерге, бир буюм жасоо учун керектегендиги. Ошолорду элестетип,адам болуп жаралганына уялып кетесин,коз алдында алсыз жана эчкимге зыяны жок жаныбар аппаратта кыйнап олтурулот.Кандай адамдардын бул иштерге дити барат тушунбойсун.

Жон олтурсо мейли коён, маймылдарды косметиканы сыноо учун денесин кыймылдабай тургандай кылып кишендеп козуно духи же болбосо боёкторду коюп коргонун интернеттен коргом. Бир жума или он кун ошол акыбалда турушоат. Козу оюлуп же соолуп тушмоюнчо.

Крокадилдердин терисинен сумка жасоо учун токко тарттырышат, чала жан болгондо тируулой терисин сыйрышат. Иттендин да терисин тируулой сыйрышканын коргом бир ит байкуш терисин сыйрып салыптыр тируулой оло албай жатат((

Билдирүүнү түзөткөн: Kyrgyz-jigit.com: 01 Декабрь 2019 - 23:34

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Mydearzh   01 Декабрь 2019 - 23:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Инстаграмда көрдүм эле. Иттерди уруп, терисин тирүүлөй сыйрып жатышканын. Ошону жасап жаткандардын "адам" деген аты эле болбосо, "эки буттуу айбандар" десе да аздык кылат.
Ошол адамдардын динден түшүнүгү болгондо ит эмес, чымынга да зыян келтиришмек эмес...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Aishiteru   02 Декабрь 2019 - 00:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 133
  • Катталган: 14 Октябрь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 01:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ала-Тоо

Бир нерсени өлтүрүп жаткан видеолорду көрө албайм.Жайда тоодон күчүк алып келсем үйдөгүлөр урушуп,базардан стоматологиянын жанында күчүгүм мн отурсам бир эже мн аке сурап калганын "баксаңыздар алыңыздар" деп берип жатып бир ыйлайм,бир уялам.Кыскасы айййабай больная тема.Чоңоюп калгандыр күчүгүм((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   02 Декабрь 2019 - 00:37

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

Просмотр сообщения Aishiteru (02 Декабрь 2019 - 00:00) жазган:

Бир нерсени өлтүрүп жаткан видеолорду көрө албайм.Жайда тоодон күчүк алып келсем үйдөгүлөр урушуп,базардан стоматологиянын жанында күчүгүм мн отурсам бир эже мн аке сурап калганын "баксаңыздар алыңыздар" деп берип жатып бир ыйлайм,бир уялам.Кыскасы айййабай больная тема.Чоңоюп калгандыр күчүгүм((

Сабыр кыл, качандыр бир кезде ушу кундорунду кулуп эстейсин мына коросун баары жакшы болот%) деп койсон а)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 09 Июл 2025 06:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: