Баарыңыздарга салам айтуу менен бирге Жараткан Алла Тааланын ырайымын жана жашообузга береке беришин тилеп кетмекчимин.
Мен бул жакка жаңы келдим. Келип эле жаңы тема ача койуу - атыма жана темамдын атына туура келбесе, алдын ала кечирим сурайм. Бардык ишти жаңы баштаганда толкундоо болот эмеспи. Анын сыңарындай ошол толкундоо менен өзүмдү жоготуп жаңы тема ача койгон учурум
Темадан да байкалгандай эле, адеп тууралуу ойлорумду сиздер менен бөлүшкүм келди. Бул жакка жаза тургандарым баарынан мурда өзүмө, андан кийин башкаларга айта турган сөздөрүм. Себеби, эң алгач кеп-кеңешке, насыятка, сунушка жана сынга муктаж болгон өзүм экенимди билем. Эгер, мендей абалда болгон башка адамдар болсо, анда аларга да пайдасы тийип калаар деген жакшы ойдомун. Андыктан, жазгандарымы туура кабыл алышыңыздарды суранып кетмекчимин.

Супер-Инфо
super.kg
видео














