Мен сыяктуу эле ушул форумдун колдонуучулары да убагында бешикке болонуп чонойушса керек. Бешик бул илгертеден бери кыргыз элинде колдонулуп келет. Кээ бир жерлерде баланы бешикке биринчи жолуу болоо да озунчо салтка айлаган азем.
Мен коптон бери ойлонгонум,
бешиктин кандай пайдалуу жактары жана терс жактары бар экени. Дегеле азыркы жаштар ушул нерсеге кандай коз карашта, алар оз балдарын бешикке бологонду жактырышабы же болобой эле эркин коюп, памперс кийгизип чонойтууну он корушобу.
Озунуздор билгендей, баланы бешикке ой-боюна койбой, буту-колун кыймылдабай турган кылып, бекем байлап жаткырып, зордоп эле терметип уктатат. Бала жада калса кычышкан бетин сылаганга да мумкунчулугу жок (силердин бир жеринер кычышса, тырмабай тура аласынарбы?
).
Экинчи четинен, бала бешикте жылуу, таза жатат, аны терметип уктатканга да ынгайлуу, уктап жатып теминип ачынып калат деп да тынчсызданбайсын.
Урматтуу окурман, сиздин оюнуз кандай?
- (2 )
-
- 1
- 2
МЕНИН АРЧА БЕШИГИМ ! Бешиктин он жана терс жактары тууралуу ой болушолу...
#3 23 Ноябрь 2011 - 15:39
Баланы бешикке бөлөө каадасы
Баланы бешикке салуу ырымы кыргыздарда кадимки чоң той менен коштолот. Ымыркайдын киндиги түшүп, төрөлгөнүнө жети күн болгондон баштап бешикке салынат. Бешик наристени бакканга, таза кармаганга,
уктатканга бир топ ыңгайлуу. Салт боюнча бешикти төрөлгөн наристенин таенеси алып келет. Ал эми наристенин бешикке салынган күнүн бешик тою дешет. Илгертен эле бешик тою берилүүчү күнү нан бышырылып, мал союлуп, айыл-апа, куда-сөөк, тууган-уруктар,
тааныштар чыкырылган.
Жентек делип сары май омурулуп, досторконго жер-жемиштер,
боорсоктор,
таттуулар төгүлгөн. Кур кол келбей белек- бечкектерин ала келишкен коноктор наристени алкашып, бешигине боорсок, таттуу, мөмө-чөмөлөрдү чачышкан. Ошол салт бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Баланы бешикке көптү көрүп, көп жашаган, көп төрөгөн, дөөлөттүү байбичеге салдырышат.
Эгер ымыркай кыз болсо - бешикке кайчы, сөйкө, шуру, эркек болсо - чүкө, камчы салынат. Оң-сол чүкөлөрдү бешикке салып, аны баш жагынан көтөрүп "бар бол", "оң бол" деп эңкейткенде чүкөлөр күлтүккө түшүп кетет. Баланы бөлөөрдүн алдында алгач бешикке ар кандай оорулар, жин-шайтандар жашынып калбасын деп арча менен бешиктин ичи-сыртын аласташат. Анан: "Шайтандар кач, кач, кач, ээси келди!"
-деп алып барып жаткырышып,
"Бешик апа, бек карма! Умай эне, уйку бер!" деп таңат. Бөлөп жаткан учурда ыйлаак болбосун деп оозуна боорсок тиштеп алат. Жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы болуп жети нерсени бешикке жаап, төрөгөн энесине карматат. Ал көтөрүп алып төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй жүгүнөт. Байбичелер алкап, баталарын беришет. Анан байбичелердин эң улуусу бешикти минип алып, камчылана теминет. "Ой, кайда жөнөдүң? Кайда барасың?"
-деп сураганда: "Мекеге баратам",
-деп жооп берет.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#4 23 Ноябрь 2011 - 15:40
Бешикке байланыштуу ырым-жырымдар
Баланы бешикке бөлөгөндөн кийин тынч уктасын деп бешиктин үстүнө тогуз уйкучу адамдын кийимин жаап коюшат.Бөбөктү бешикке бөлөп жаткан учурда үйгө кирип келген адам баланын бутун таңып бүтмөйүнчө чыкпай туруш керек. Болбосо уйкусун кошо алып кетет деп коюшат.
Бешикти куру терметсе балалуу болбой калат деген ишеним бар.
Бешикти бут менен тээп жылдырганга, үстүнөн аттап өткөнгө болбойт. Ошондон улам баланы бөлөөрдө бөбөктүн өзүн да бешиктин үстүнөн алып беришпейт.
Бешикти бир убакта эки адам эки башынан көтөрбөйт. Бул сөөк койгондо табытты эки башынан көтөрүп барганга окшоштурулуп, суук көрүнгөндөн улам пайда болсо керек.
Бешикти экөөлөп терметкенге да уруксат берилбейт.
Бала бөлөнгөн бешикти сыртка алып чыга турган болсо, биринчи аяк жагын чыгарат.
Бешик сатып алып жатып соодалашпай, сураган акчасын берип алыш керек.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#5 23 Ноябрь 2011 - 15:45
Бешик-ыйык буюм. Анда бу жарык дуйного келген наристе жатат. Баланын тазалыгы, организминин ойдогудай осушу учун бабалардан калган белек. Чынын айтсам, терс жагын уга элек экенмин, тескерисинче,
бутту туз кармайт, кышкысын жылуу, туну менен таза болот...........
............. А памперсти айтсам, убактылуу гана пайдаланбаса,
наристенин назик денесине зыянын тийгизет.....
....... Так, что, как не крути , биздин эле БЕШИГИБИЗГЕ тен келе турган эч нерсе жок.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#6 23 Ноябрь 2011 - 17:53
Мен бешиктин эч кандай терс жагын байкай элекмин,тескерисинче бөлөп койсо, жылуу, жумшак, кургак болуп бөбөккө ылайыктуу, түртүп койсо, жеңил жорголоп, соороткон, терметкен адамга оңой.
Балага бекемдигин, узун өмүрүн берсин үчүн арча бешикке бөлөшкөн." Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?" - деп, наристенин келечегине үмүт артышкан.Бала басып, эмчектен чыгып, элге аралашып кеткенче, анын такай жатуучу жайы бешик болот. Андан улам бөбөктү коргоочу күчкө ээ болгон заттар анын бешигине илинген.
Термеле бер, арча бешик!
АРЧА БЕШИК
Күнгө — күндөр ачып эшик,
Өмүр өтөт сууну кечип.
Өмүрлөрдү улай көргүн,
Биз бөлөнгөн арча бешик.
Термеле бер, термеле көр,
Биз бөлөнгөн арча бешик.
Балалуу үйдө ырыс-кешик,
Бала баксак уйку кетип.
Ар бирөөнү кубантса экен,
Сүйүнчүлөр эшик чертип.
Термеле көр, термеле бер,
Кут куюлган арча бешик
Жыргалдуу күн, турмуш жаңы,
Көбөйсө экен бала саны.
Бала бакыт жаркыраган,
Келечектин күйгөн шамы.
Термеле көр, ар бир үйдө,
Акжолтоюм арча бешик.
Бала деген ичти эзип,
Борс-борс күлсө кайгы кетип.
Жыргай түшөт ата-эне,
Айга, күнгө колу жетип.

★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#7 23 Ноябрь 2011 - 18:58
Бешик-көөнөрбөс элдик мурастардын бири. Азыркылар бешиктен алыстап баратышкандай.
Канчалык жаман жагын далилдешпесин,
мейли бешик баланын башсөөгүн, көкүрөк жана бут түзүлүшүн бузат деп какшашпасын,
бешик-бул бешик. Кыргыздын канына сиңген, кыргыз менен аралашып бир бүтүнгө айланган нерсе. Туулган жерим алтын бешигим дешет, ак бешик деп коюшат, деги койчу, бешикке байланыштуу канча жакшы сөздөр, кандай сонун каада-салттар бар кыргызда... Бешик терметип олтурган кыргыз келинин эле элестетип көрүңүз-кандай бир керемет, чынбы?
#8 23 Ноябрь 2011 - 22:55
“Албетте,
өзүбүз кыргыздын кыздары болгон соң, баланы бешикке салууга болбойт дей албайбыз. Бешикти кыргыздар ыйык тутуп, бешик той берип, төрөлгөн ымыркайдын бешик боосу бекем болсун дешкен. Чындыгында,
бешиктеги баланын кыймылы чектелүү болуп, колу-буту бекем таңылып жатат. Мындай ыкманын жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Жакшы жагы: суукта бала бир температурада жылуужумшак жатат. Илгертен элибиз көчүп-конуп,
боз үйлөрдө жашап келишкен. Илгери күн азыркыдан суук болчу дешет. Ал эми мындай кырдаалда бешик баланы суукка урунуудан сактап калган. Бешиктин кемчилиги – баланын кыймылын чектегени. Баланын колу, буту бош болсо, ал ээн-эркин кыймылдап, өсүүсү жакшы болмок. Ошондуктан,
мен врач эмес, жөнөкөй эле эне катары айтып коюшум керек: колдон келсе, баланы бешикке түнкүсүн бөлөгөн оң. Себеби, түнкүсүн бала тынч жатып, уйкусу бөлүнбөй, жылуу-жумшак уктайт, энеси да аны ороп-чулгайм деп убара болбойт. Баланы үшүтүп албаш үчүн, түнкүсүн бешик өтө ыңгайлуу”.
#9 24 Ноябрь 2011 - 12:44
Жогоруда айткан билдируунор учун чоон рахмат ! Мен коп нерсе билип алдым . Эми Бешик ырларынан да жаза кетсенер жакшы болмок .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#10 24 Ноябрь 2011 - 13:00
Жогоруда айткан билдируунор учун чоон рахмат ! Мен коп нерсе билип алдым . Эми Бешик ырларынан да жаза кетсенер жакшы болмок .
Бешик ыры
Алдей алдей ак бөбөк,Ак бешикке жат бөбөк,
Кунан койду сой бөбөк,
Куйругуна той бөбөк.
Алдей алдей бөбөгүм,
Алдей бөпөм ыйлаба,
Менин жаным кыйнаба,
Атаң тойго кетиптир,
Аккисте толгон эт келет.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Энең тойго кетиптир,
Эмчеги толгон сүт келет,
Алдей бөбөк ыйлаба,
Эжекеңди кыйнаба.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Кырма табак кырдырба,
Кыруусу менен куйдурба,
Куруу кыйнап эжеңди,
Кокуйлатып кыйнаба.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Жапкан нандын ортосу,
Жүрөгүмдүн толтосу,
Алдей, алдей бөбөгүм,
Садагасы кетейин,
Сарысына жетейин,
Ат тээп ийгенсип,
Томолонуп кетейин.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#11 24 Ноябрь 2011 - 21:28
Бешикке байланыштуу ырым-жырымдар
Баланы бешикке бөлөгөндөн кийин тынч уктасын деп бешиктин үстүнө тогуз уйкучу адамдын кийимин жаап коюшат.Бөбөктү бешикке бөлөп жаткан учурда үйгө кирип келген адам баланын бутун таңып бүтмөйүнчө чыкпай туруш керек. Болбосо уйкусун кошо алып кетет деп коюшат.
Бешикти куру терметсе балалуу болбой калат деген ишеним бар.
Бешикти бут менен тээп жылдырганга, үстүнөн аттап өткөнгө болбойт. Ошондон улам баланы бөлөөрдө бөбөктүн өзүн да бешиктин үстүнөн алып беришпейт.
Бешикти бир убакта эки адам эки башынан көтөрбөйт. Бул сөөк койгондо табытты эки башынан көтөрүп барганга окшоштурулуп, суук көрүнгөндөн улам пайда болсо керек.
Бешикти экөөлөп терметкенге да уруксат берилбейт.
Бала бөлөнгөн бешикти сыртка алып чыга турган болсо, биринчи аяк жагын чыгарат.
Бешик сатып алып жатып соодалашпай, сураган акчасын берип алыш керек.
Кичине кезимде ушундай ырымдарды чон кишилерден укканымда кызык болгон мен учун да. Азыр сиздин жазгандарынызды окуп, ошолорду эстеп кеттим. Беш кемпир фильминдеги бешикке бологондору да кызык, бирок ошол ырымды толук тушунгон эмесмин. Бирок бешикти кобунчо айыл жергесиндегилер эле колдонот го менин билишимче...
#13 04 Декабрь 2011 - 18:31
Бешик кандай түзүлгөн?
Бешик талдан, жаңгактан, арчадан жасалат. Эң баалуусу – арча бешик. Бешикти жасоодо байыркы акылман усталар бардык ыңгайлуулуктарды эске алышкан. Мисалы, бешиктин баш жагындагы алкакка тирөөч коюшкан. Бул тирөөч аяк жагында жок. Анткени, эне бешикке салмагын салып эмизгенде тирөөч кармап турат. Ошондой эле бешиктин эки таманына жаа сымал жыгачтар ашталып, алар бешиктин термелишин жеңилдетет.
Мындан он жыл мурун деле, жүз жыл мурун деле энелер алдей ырын ырдап, бешик терметишкен. Бешик – көптөгөн Орто Азия элдеринин, анын ичинде кыргыз энелеринин алмашкыс жардамчысы болгон. Бул ыйык буюмдун качан пайда болгонун эч ким билбейт, бирок, көчмөн турмушта кеңири колдонулганы баарыбызга белгилүү. Биздин көчүп-конуп жүргөн элибиз үчүн бешик эң зарыл буюм эле. Анткени, ал оңтойлуу жасалган. Кокусунан бала бөлөнгөн бешик аттан оодарылып кетсе да баланын эти оорубайт, башы жерге тийбейт. Аны бешик сактайт.
Жабуулары – бешикти сыртынан жабуучу кездеме. Жайкы жабуу баланы чымын-чиркейден сактоо үчүн тордон тигилет. Кышкы жабуу балага жылуу болуш үчүн калың кездемеден – баркыттан тигилет.
Боортко – баланы байлоо үчүн жумшак кездемеден тигилген жазы курлар. Бала муну менен эки жеринен: тизесинен жана төшүнөн таңылат. Төшүн таңуучу боортко узунураак жана кененирээк болсо, бутун таңуучу боортко кыскараак жана куушураак болот.
Олпоктору – күлтүктүн орду оюлган үч кабат төшөк. Эң астыңкы олпоктун ичине арчадан салып тигишет. Бул баланы бешик курттан сактайт. Анын үстүнө баланын асты калың болуу үчүн эки катар төшөк салынат.
Шимек – заара агып, күлтүккө түшүүгө ыңгайлашкан буюм. Шимекти адатта койдун шыйрак сөөгүнөн жасашкан. Учурда жыгачтан жасашат. Жыгачтан жасалган жаңы шимекти кызып турган майга салып, бир кайнатып алуу керек. Андан соң күнгө жакшылап кургатат. Ошондо жыгачтын майда таарындылары жоголуп, сыйда болот. Шимек эркек балага өзүнчө, кыз балага өзүнчө жасалат.
Күлтүк – баланын заарасы менен заңы түшүүчү идиш. Адатта бул идиш чоподон же жыгачтан жасалат. Бирок, азыркы күндө айнектен, пластмассадан жасалган идиштерди да колдонуп жүрүшөт. Сийдик ары-бери чайпалып, чачырабаш үчүн күлтүккө топурак же күл салып коюшат.
Жаздык – баланын башына коюлат.
Бут ороосу – баланын үстүн жабуучу жууркан.
jpg]

#14 16 Декабрь 2011 - 23:40
Мен балам торолгондо башы жалпак болуп калат деп,бешикке бологум келчу эмес.2-3 ай манежде бош кармагам,туну менен балам да,мен да улам-улам ойгонот элек.Кийин уйдогулор ой -боюма койбой эле бешикке салгандан кийин,жакшы жактары коп экенине ынандым.Балама да,мага да жагып,жыргап эле калганбыз экообуз тен.Бош койгонумда жарым саат сайын ойгоно берчу,бешикте спокойно 2-3 саат уктайт эле,бирок только тундосу эле болойт элем.Бешикти таза тутуп,тошокторун кунго жайып,жаткырарда тегиздеп,шимекти майлап,баланы женилирээк кийгизип,баланы аккуратно болосо,эн сонун болот.Кундо болбосо да,кун алыс ысырыктап турса ашыкча болбойт.Кээбир энелерди коргом,озунун жанынын тынчтыгын ойлоп,бешикке коп убакытка калтырганын,
менимче бул туура эмес.
#15 23 Декабрь 2011 - 13:21
Бешик деген эн сонун нерсе да. Мен биринчи кызымды 2айынан 6айына чейин болодум. жанын жыргап эле калат, жумушун да бутот. Экинчи кызым торолгондон бош жатып конуп алып бешике жатпай койду.
#17 04 Март 2013 - 19:07
Быйтыйган колу бутундан,
Балалык жыпар жытындан.
Жыргалым деп сеземин,
Жыттаган сайын ууртунан.
Таттуу дейт экен шекерди,
Таттуусу анын бекерби?
Бал жыты менене жыттанган
Балама шекер жетеби?
Эненин бала он колу,
Балам бактылуу болсон болгону
Каарыганда балам апанды
Сен мен ондуу суйсон болгону.
Каарыганда балам атанды,
Сен биз ондуу баксан болгону.
Балалык жыпар жытындан.
Жыргалым деп сеземин,
Жыттаган сайын ууртунан.
Таттуу дейт экен шекерди,
Таттуусу анын бекерби?
Бал жыты менене жыттанган
Балама шекер жетеби?
Эненин бала он колу,
Балам бактылуу болсон болгону
Каарыганда балам апанды
Сен мен ондуу суйсон болгону.
Каарыганда балам атанды,
Сен биз ондуу баксан болгону.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#18 10 Октябрь 2014 - 17:04
Бешиктин орду баары бир башка экен. Азыр Россияда тургандыгыбызга байланыштуу,
бешикке жатпай эле. Айылдан алдырбасак болобойт окшойт. Бала тынч, асты курук жатат экен. Россияда торогон энелер, силер кандай кылып атасынар?
#20 10 Октябрь 2014 - 17:34
"Бешик"
темасы менен бириктирилди.
femida86, бешик тууралуу талкууну ушул темада улантыңыз.
femida86, бешик тууралуу талкууну ушул темада улантыңыз.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия