Анда эмесе кыргыз элинин каада-салттарын, үрп-адатын, оюн-зоокторунун баса белгиленип өнүгүшүнө түрткү болгон Нооруз майрамы же мусулмандардын анын ичинде кыргыз элинин "жаңы жылынын" тарыхы, колдонулушу жөнүндө колдон келишинче, баяндама! (өзүмчө ушинтип атап койдум
Тарыхы.
Нооруз мындан үч миң жыл мурун эле майрамдала баштаган. Чыгыш календары боюнча 20-21-22-март Нооруз катары белгиленген. Жакынкы чыгыш жана Борбордук Азиянын дыйкандарынын майрамы катары тарыхта белгилүү. Бул аймакка Ислам дини орногонуна карабай,миңдеген жылдарды карытып бизге жетип отурат. Майрамдын түпкү теги Иранда, атактуу күн кудайы Заратуштра менен байланыштуу. "Навруз" фарс тилинен кыргызча которгондо "жаңы күн" дегенди билдирет. Бул күндү байыркы перси хандары башына күндүн айлануу мөөнөтүн билдирген таажыны кийип, От менен Күн кудайларынын храмдарына барышкан. Кол алдындагыларына мол белек беришкен. Майрам бара-бара Борборазиядагы жана Сибирдеги түрк элдерине тараган

Супер-Инфо
super.kg
видео



















