Суперстан: Табышмактуу өмүр. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Табышмактуу өмүр.

#1 Пользователь офлайн   R_u_S   18 Апрель 2017 - 08:47

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 09 Январь 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 00:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Карлыгач, Аселдин жалгыз кызы, куйөөсү өлгөндө курсакта калган, кичинекейинен эле. Кызынын табышмактуу дуйнө менен байланышканын эне билген жок. Кызыгы беш жашка чыккандан кийин байкала баштады. Тиричилик менен алпурушуп журуп ойноп журген кызын унутуп калган экен. Издеп, ары жугуруп, бери жугуруп таппай, кайра уйуна кирсе, кызы башына жоолук салынып алган экен. Асел, суйунгөнунөн кызын кучактап, ыйлап ийди. Эч нерсе дагы сураган жок, өпкулөгөн боюнча, отуруп калды. Жалгыз бойчулуктун жугун көтөруп, өзү дагы кыйналып жургөн, жалгыз агасы дагы өлуп калган. Балдары менен байкеснннн аялы өз оокаттары менен алек. Эжеси Данагул менен синдиси Гулнара дагы өз - езүнчө, уй -булөсу менен. Асел өзү отузга жаңы чыгып, болуп - толуп турганы менен, сөз салган жигиттерге кылчайып карабады, куйөөсун катуу суйгөн эле. Кызын жетелеп алып, мектепте пол жууйт. Кечинде уйунө келгенде, өзү менен өзү сүйлөшүп, ойлуу телмирет: "Аске, мени менен тубөлүк бирге болом дегениң кана, кызыбызды жалгыз өстүрүп жатам. Какенибиз али жаш, турмуштун ысык -суугун, ачуу -таттуусун тушунө элек. Сенин ордуна башка бирөөнун болушун каалабайм. Какенди, кагып - силкип коёбу деп корком,”- деп куйөөсүнүн сурөтүн колуна алып карап отуруп, ыйлап жатканда, жеңеси Айжан келип калды.
- Сен, дагы эле эринди эстеп отурасьщбы?
- Эмне кылам анан, сиз акемди унутуп койдуңузбу?
-Унутмак кайда, бирок жашоо етуп жатпайбы, инилерин чоңойду алардын келечегин ойлонуш керек. А сен болсо али жашсын, бир Асанбекти ойлонуп журө берет белең, жаңы жашоо улантышың керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   R_u_S   18 Апрель 2017 - 09:06

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 09 Январь 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 00:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Карлыгач, Аселдин жалгыз кызы, куйөөсү өлгөндө курсакта калган, кичинекейинен эле. Кызынын табышмактуу дуйнө менен байланышканын эне билген жок. Кызыгы беш жашка чыккандан кийин байкала баштады. Тиричилик менен алпурушуп журуп ойноп журген кызын унутуп калган экен. Издеп, ары жугуруп, бери жугуруп таппай, кайра уйуна кирсе, кызы башына жоолук салынып алган экен. Асел, суйунгөнунөн кызын кучактап, ыйлап ийди. Эч нерсе дагы сураган жок, өпкулөгөн боюнча, отуруп калды. Жалгыз бойчулуктун жугун көтөруп, өзү дагы кыйналып жургөн, жалгыз агасы дагы өлуп калган. Балдары менен байкеснннн аялы өз оокаттары менен алек. Эжеси Данагул менен синдиси Гулнара дагы өз - езүнчө, уй -булөсу менен. Асел өзү отузга жаңы чыгып, болуп - толуп турганы менен, сөз салган жигиттерге кылчайып карабады, куйөөсун катуу суйгөн эле. Кызын жетелеп алып, мектепте пол жууйт. Кечинде уйунө келгенде, өзү менен өзү сүйлөшүп, ойлуу телмирет: "Аске, мени менен тубөлүк бирге болом дегениң кана, кызыбызды жалгыз өстүрүп жатам. Какенибиз али жаш, турмуштун ысык -суугун, ачуу -таттуусун тушунө элек. Сенин ордуна башка бирөөнун болушун каалабайм. Какенди, кагып - силкип коёбу деп корком,”- деп куйөөсүнүн сурөтүн колуна алып карап отуруп, ыйлап жатканда, жеңеси Айжан келип калды.- Сен, дагы эле эринди эстеп отурасьщбы? - Эмне кылам анан, сиз акемди унутуп койдуңузбу? -Унутмак кайда, бирок жашоо етуп жатпайбы, инилерин чоңойду алардын келечегин ойлонуш керек. А сен болсо али жашсын, бир Асанбекти ойлонуп журө берет белең, жаңы жашоо улантышың керек. - Жеңе, мен Какенди эл катарына кошуп, окутуп коюшум керек,- деп Асел улутунду.- Антпе, мен сага бир жакшы куйө таптым, абдан татынакай жигит, астында машинасы, үстүнда үйү бар, жалгыз бала экен. Аялы менен ажырашып кеткен экен, балалуу болбой -деп, Айжан кайынсиңдисин көндүрмөккө аракет кылып жатты.- Какен, азыр өтө жашында ага көнүп, ата деп калат. өзүңдү дагы ойлон, ал жигиттин апасы кары экен, ошого жакшы карасаң болду. Жеңе, кереги жок убара болбой эле коюңузчу. Менин кайненем дагы мени карап отурат, аны жалгыз таштап кетип калганым болбойт го..- Кыздары турбайбы, ошолор баксын да.- Аларга барып, эки-уч кун туруп эле кайра келет.- Келсе келет да, мен аларга айтам беш жыл болду күйөңдүн өлгөнүнө, сенчелик аза күткөн аял болду бекен, өзүңдү дагы ойлон деп, Айжан болбой көпкө отурду.- Мен, эртен келем ойлонуп, жообуңду бер. Мен аны сага тааныштырамын, макулбу деди да, үйүна кетти. Телмирген бойдон Асел ордунан жылбай отура берди. Карлыгач сыртта ойноп жүргөн, бир кезде чыгып, дагы таппай калды. Үйү айылдын четинде эле, жүгүрүп өзү менен ойноп жүрган кыздардан сураса, алар аны көрбөгөнүн айтты. Айылдын четннде мүрзө, анын тегерек четннде арбайып-тарбайган дарактар бар, жанында бир дупуйган кучак жеткис дарак көктөп турат. Асел жугуруп баратып коркуп кетти: "Ал жакта | азыткы бар дешчу эмес беле, аякка барбас, кайда кетип калды" деп элендеп баратып чоң түп дарактын түбүндө ойноп жаткан кызын көруп, жетип барып көтөруп ала койду.Кызым, бул жакка эмнеге келдиң? - Aпa, мени менен бир бала ойнободубу? Ал мени ээрчитип келди.- Эмне, ал кайсы бала экен, үрпөңдөй эки жагын карады.- Каякка кетти?- Кетип калды.- Каякка?- Билбейм мени ойнотподубу? - Каякка бардың кызым мени коркутуп?- Билбейм, биз экөөбуз бардык, оюнчуктар менен ойнодук, аябай кооз жер экен.- Журу кетгик кызым, экинчи башка жакка барбай жүр ээ макулбу,- деп Асел кызын жетелеп алып үйүнө кирди. Жалгыздык менен алпурушуп, мектепке барып пол жууп кайра келет, кызын көпөлөктөй кылып жууп, тазалап багат. Бир куну сырттан кирсе, кызы өзүнчө ойноп бурч жакты карап алып сүйлөп жатыптыр.- Сени менен кетип калсам, апам коркот, ыйлайт да жо-ок барбайм.- Какен, ким менен сүйлөшүп жатасың,- деп Асел кызын көтөрүп ала койду.- Антпей журчу кызым!- Апа, бир бала дагы мени ойнойбуз,- деп чакырып жатат.- Ок антпе, деп кызынын оозун баса койду.- Кой кызым, андай дебе. Асел коркконунан сыртка шашып чыгып, кайненесинин үйүнө жөнөдү. Айымкан өтө карып, баласынан кийин да анча болбой калган. Асел ага болгонун айтканда:- Этиет кыл кокуй, молдого дем салдыр деп, Айымкан эне чочулай карады.- Бала неме, жаман жерди басып алган го?- Билбейм, кайдагы балага азгырылып жүргөнүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   -FREEDOM-   18 Апрель 2017 - 14:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:00
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москов

Жазып койчу..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   -FREEDOM-   18 Апрель 2017 - 18:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:00
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москов

Автооор..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   R_u_S   18 Апрель 2017 - 20:47

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 09 Январь 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 00:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

-Молдого дем салдырып баса окутсаңкалып калат деп айтканда, Айымкан Карлыгачты молдого алып барыпдем салдырды, андан кийин эки үч жолу дем салдыргандан кийин, билинбей калды. Айжан аны үйүнө чакырып, Аскат менен тааныштырды. Аскат жөн гана жай турмуш өткөргөн жигит, совхоздун кара жумушунда иштейт. Апасы карыган, орто чарбачылыгы бар. Эптеп, эл арасында жашап келишет. Аскат көздөрү бакырайган, кара каштуу жигит. Аселли коруп эле көңүлүндо жактырып калды. Асел, такыр болбой кой гондон кийин, кетип калды. Арадан эки жыл өтүп, Карлыгач окуп калды. Энеси «Зыйнат баласынын жумшак мүнөзүнөн улам, Айжанга келди да аны ээрчитип алып Аселдин үйүнө келди. Асел, аларды жакшы эле тосуп алып, чай койду. Бир чыны чай ичилгеи соң, Зыйнат сөзун баштады. Айланайын кызым, ата-бабадан келаткан салт бар, өлгөндүн артынан өлмөк жок, өзүң жаш экенсин, өзүңдүн дагы келечегиңди ойлон. Аскатым экөөңөр, жарашкан жубай болооруңарга көзүм жетип турат.Ооба, эже азыр бул жаш эмеспи, өз жашоосун ойлонушу керек эле, ушул бойдон отмок беле-деп жеңеси Айжан аны коштоду.Жеңе, мен куйөөгө тийбейм, качан Какеним бойго жеткенче ушуну карегимдей сактап багышым керек.-Анда өмүр жашыңдын, жаштыгыңдын баары өтүп кетпейби?Өтсө өтө берсин,-деп Асел жер карады.-Мага, кызымдын кызыкчылыгынан башканын кереги жок,- деп көгөрүп койду. Ошентип, баш тартып койгондо Аскат башка келинге үйлөнүп алды. Асел кызын багып жүрө берди. Бир куну бешинчи кыласста окуп жүргөндө Карлыгачтын түшүнө бирөө кирип: "Сенин ырыскың элде, эл үчүн кызмат кылып, Элди оорудан сакайтасын, таза жур, бирөөнү алдаба, жамандаба, көргөнүңдү ачык айт, чындыкты жашырба Мына бул куран китеп, бул намаз китеп, үйрөнүп намаз оку”- деп айтып, көздөн кайым болду. Чоочуп ойгонуп кетсе. тушу экен. Асел эбак ойгонуп эшикте жүргөн.-Aпa деди Карлыгач чыга калып.-Эмне болду? Уйкуң кандыбы кызым деп, мээрим төгө басып келип жанына.-Апа бери карасаңыз?-Эмнеге? -Апа түш көрдүм, түшүмдө намаз оку,- дешти.-Эмне дейт, сен эмес мен намаз кармап көрө элекмин го. Асел кызын урпөңдөй карады.-Ким кирди?-Билбейм, куран китеп, намаз китеп берип жатыптыр.-Кудай сакта, молдого алып барсамбы! -Эмнеге, ага?-Жөн эле, сен намаз окуганга жаштык кыласың балам.-Окугум келет, керек болсо куранды жаттап албадымбы! -Койчу, кызым таңгала карады.-Уйдө, андай китеп жок да.-Билбенм, өзүнөн өзү эле кулагыма угулуп, оозума келип жатат.-Кудай сакта, кирчи уйгө деп, Асел танкы тамагын алып кедди.-Кардыңды тойгуз, аиан тиги төлгөчү эжеге алып барып келейин.-Ага барбайм, ал элди көп алдайт, мени алдамчы болбо дебедиби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   R_u_S   18 Апрель 2017 - 20:51

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 09 Январь 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 00:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Телден жазганга байланыштуу катачылык көп кетип жатат, оңдоп окуп койосуздар деген ойдомун..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   -FREEDOM-   18 Апрель 2017 - 22:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:00
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москов

Жазабер тууралап алабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   pompowa   19 Апрель 2017 - 21:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 43
  • Катталган: 27 Март 13
  • Соңку аракети: 18 Фев 2022 16:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Уланткыла
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   san4ik122   20 Апрель 2017 - 00:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 20 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 28 Окт 2017 22:20

Кутуп жатабыыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   R_u_S   20 Апрель 2017 - 16:56

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 09 Январь 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 00:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

- Kөп сүйлөбөй чайыңды ич деп, Асел аны уккусу келбеди, кенедей кызы кайдан намаз окусун деп, ойлоду ал.- Ошондон баштап, аньн жашоосунда таңгалыштуу дүйнө башталды, түнкүсүн кандайдыр бир кооз жайда болуп, ар кандай аппак кийимчен адамдар менен жолугушат, алардын айткандары бүт ыйман жөнүндө болот, эртеси денеси абдан оорлошуп калат. Кээ- кээде ооруп калчу болду, андайда сабактан калып калат. Өзүнчө ооруп калганда, түшүнүксүз сөздөрдү сүйлөп же балдарга кошулбайт, тез- тез жуунуп, даарат алып, намазды окуйт. Кээде, бир нерседен капаланганда, куран окуп бата кылат. Аселдин айласы кетти, көзү ачыктар көбөйгөң учурда ар күнү, ар кандай шумдукту угуп таң калтырган заман. Бир күнү өлүп тирилген адам, жер кыдырып сеанс кылып, элди дарылап, жолун ачып оорудан сакайтып жатыптыр дешсе, кээде арбактар менен сүйлөшкөн көзү ачык келиптир, айтканы айткандай келет экен, дешип дуулдаган убакта, Карлыгач апасынын тилин албай, көзү ачыктарга барбай койду. Ошондой күндөрдүн биринде эртең менен эрте туруп, намаз окуду да чай даярдап жаткан апасына:- Апа, сен жакында күйөөгө чыгасьң?-деди, суз гана.- Ал, абдан бай адам.- Кой, антип айтпа, андай сөздү сүйлөбөй жүр.- Жок апа, мен атам менен сүйлөштүм.- Ыя,- деп делдейе карап калды. Асел кызынын жүрүшүнөн, элден башкача кыял жоругунан, ансыз дагы тынчсызданып жүргөн.- Коркпой эле кой апа, атам мени менен сүйлөштү. Ал жакта мен өз күнөөлөрүмдөн тазаланып бүтө элекмин, апаң күйөөгө тийсин, келгендердиди кайтарып кесир кылса, мен кыйналамын. Баарын көрүп турам, дейт.- Кудай ай, деги сен кандай кыз болдуң, элге минтип сөз кылба.- Aпa, мага Кудай Таала өзү берди, мындай касиетти.- Касиет, деген эмне экенин түшүнөсүңбү деги?- Түшүнөмүн апа, куранды, намазды мага ошол касиет аркылуу үйрөтконүн биаип эле турбайынбы, - деп Карлыгач унчукпай капды. Асел дагы үндөгөн жок, күндөр өтө берди. Бир күнү ошол айылдык эле, шаарда жашап соода жасап, бизнес менен айланышкан Максат, ата-энесиникине тойго келип кызмат кылып жүргөн Аселди көрүп эле, жактырып катды. Канчалык Асел баш тартып жолукпай, качса да Максат ага келе берди. Анын эки уул, бир кызы бар. Аялы рактан өлүп, үч жылдан бери бой жүргөн. Асел, бир күнү күүгүмдө эшигин бекиткени жатканда, Максат пайда болду-- Кандайсын Асел?- Жакшы, өзүнөр?- Асел, менден качпачы суранам, эки бакыр бир түкүр бололу?- Жок, мен жообумду бергемин.- Койчу Асел макул болчу, колунду сууга тийгизбейм, кудайга шүгүр баары бар, сен эле макул десең, алып кетем шаарга.- Жок, мен күйөөгө тийбейм.- Апа! -деди ошондо Карлыгач чыга калып.- Сиз, күйөөгө тийүүгө ТИЙИШСИЗ.- Оо азамат десе, мына кызым туура айтты,- деп Максат үйдү көздөй басты.- Мен эмес, кудай өзү насип буйруп атат,-деген Карлыгачтын сөзүн уккан Максат таңгала түрүпкалды: - Кызым үйгө кир-деди Асел. Карлыгач үйгө кирип баратып, ары караган бойдон үн катты.- Сиз ала, арбактын айтканын аткарышьщыз керек,-деди да кирип кетти. Максат сүйлөй албай, таңгалып калды. Аселде дагы үн жок, тиктешип туруп калышты. Максат кенедей кыздын сөзүнөн улам, эмне дээрин билбей калды. Акыры, Асел макулдугун берди. Максат ага ата- энесин алып келип, Аселдин жеңеси менен эже-синдисин чакыртып, колун сурап үйүнө алып кетти. Бир жумадан кийин шаарга жашап калышты. Карлыгачты мектепке алып барып окутуп койду. Ал жерден да окубай үйдө калып калат. Бирок, намазын үзбөй окуп турат.- Асел, Какеңдин тангалыштуу мүнөзү бар экен, балдарга эмнеге кошулбайт,-деди бир күнү Максат.- өзүм да түшүнбөйм.- Сабакты жакшы окуйт окшойт.- Ооба, жакшы окуганы менен барбай жатпайбы! - Мейли, окуй берсин, Наргиза менен дагы ойнобойт го.- Бала кезден эле ошондой, эч кимге кошулбайт, намазга бешинчи класстан баштап жыгылды, кудай өмүрүн берсин,-деди Асел суз гана. Эки кабат үйдүн ичи толтура, үй кызматчылары бар. Асел жаны тынбай иш жасап көнгөнгө, кээде өзү Жасай коёт. Келгенден кийин эле, Максат Аселге баалуу жасалгаларды алып берген, кийген халаттарынын баасы дагы кымбат. Максат тойлорго, кечелерге ээрчитип баргаңда, шаардын турмушуна көнө албай жүрдү. Баарынан дагы, кызынын тагдыры аны абдан тынчсыздандырып турат. Бир күнү:: - Апа, мени чоң мазарга чакырып жатат,-деди өздөрүнчө отүрганда.- Мен чоң энемдин арбагы менен суйлөштум, Чолпон Ата деген мазар бар, ошого баргын,- деди. ^ Сиз төрт эркек төрөйсуз, мен болсо турмушка чыкпайм, элдин оору- сыркоосун айыктырам. Чолпон Ата мазарына барганда, бир адам жолугуп дары чөптөрду жасаганды уйрөтөт,- дейт.- Кызым ай, турмушка чыкпай жалгыз өтмөк белең, азыр жашсьщ, эртен Максатка айтып, алып барып кел,- дейин.- Жок, апа бара тургандар бар. Ар бейшемби куну барышат, ошолорго кошулуп барам,- деда Карлыгач кадимки чон кишидей токтоо.- Сени жалгыз кантип жиберем, чоочундарга кошуп?- Апа, баары эле, мага окшогон адамдар да.- Мейли, эртен, көрөбуз!- Мен намазымды окуюн -деп даарат алганы чыгып кетти. Асел ойлуу отуруп калды: "Эмнеси болсо деле аман болсунчу, кудайым өзун, берген касиетиндан шыпаасы болсун, өзуң улуксуң, өзундөн өткөн кучтуу жан жок, жалгыз кызымдын ырыскысын кемитө көрбө, узак жашата гөр" деп ичи "булк" эткенинен чоочуп кетти. Келгенине, уч төрт ай болуп калган эле. Карлыгачтын, төрт эркек төрөйсуз апа, - дегени эсине тушту.- Апа,- деп Наргиза Аселдин жанына келда. Ал Карлыгачтан эки жашка кичуу.- Апа, Какен мени менен ойносунчу! - Озуд айтчы кызым.- Болбой койду, ал намаз окуйм, дейт. Намазды эмнеге окуйт, атам менен сиз окубай элесиздер го.- Мен билбейм да кызым!- Ал кимден уйрөнду эле?- Алла, өзу уйрөтту го.- Алла деген ким?- Ал улук Кудай, кызым.- Эмнеге, бизге уйрөтпөйт?- Алла өзу билет кызым, сен дагы окугун келсе уйрөнсөң болот.- Качан уйрөнөм?- Алла өзу пейлинди бурган куну,-деп Асел кулуп койду. Бирок, ал кээде коркуп кетет:"Кыркка жакындап калдым, мен да намазга жыгылсам болот эле" деп ойлонуп койду да сыртка чыкты. Эки кундөн кийин Карлыгачты мазарга баргандарга кошуп жөнөтушту. Ал мазарга келген эле куну, ал жердин касиетин сезди. Он уч, он торттөгу кыздын тушунө арбактар кирип: "Уйундө коп куран окулбайт, таене менен таятандын арбактары нааразы, сага жетинчи атандын касиети келген, ал сени дагы жаш, деп коп нерселерди айта элек, өз атан дагы тируусундөгу кунөөлөрунон арыла элек, дары чөпторду жасап оорулууларга жардам береси, алардын алкыштарын алып, узак жашайсьщ, апанды намаз оку деп айт. Бул жерден барганДан кийин уч кун уктап, атандын кандай кыйналганын көрөсун,-" деди бир ун. Тан атып кетиптир, ойгонуп турду да, даарат алып келип намаз окуду. Мазардын эки жагын тазалап, келген элдерди карап, көпкө басып журду, көргөн тушун эстеди. Ал таене, таятасын көргөн эмес. "Атам эмне кунөө кылды экен» кандайча кыйналып калды, адамдар эмнеге кунөө кылаарда, тиги дуйнөсунойлошпойт" деп, ойлонуп кайра шашкедеги намазын окуду. Ошондо бир улгайган киши жанына келип:- Кызым, сен өтө жашында мойнуна алган экенсиң деди.- Ооба, а сизчи?- Менин мойнума алганыма, жети жыл бодду.- Кунөөлөрунуздөн арылуу үчүн эмне кылып жатасыз?-деди Карлыгач. Ал адам кызды таңгала карады.- Кандай кунөө?- Кунөөсузмун, дейсизби?- Бар го кунөөм, пенденин катачылыгы ошондо экен да, туура айтасың кызым касиетиң кучтуу экен, кудай өзу өмуруңду узун кылсын,-деп унчукпай отуруп калды эле Карлыгач:- Жети жылдык азап тартаар мөөнөтүңүз бар экен, азыр деле акчага азгырылып турат экенсиз, мени тазаадамдар менен бол, таза журсун, байлык менен ач кездуккө азгырылбагандарды ылгай турган бол деп ркатат. Мазарга келгенден кийин ач кездуккө берилбениз, союлган этке көзуңузду салып коюпсуз,- дегенде кезу чакчайып кетти. Анткени, союлган койдун жарым этин бышкандан кийин устукаөдарын, баиггыктарга салып алышкан эле. Эки тунөп, анан кайра келди. Асел коркуп жаткан, ал келгенде кубанып кетти.- Какен, кандай барып келдиң?- Жакшы апа, сизди намаз окусун деди.- Ырас элеби?- Ооба, үйүңдөгүлөрдүн баары намаз окусун деп жатат.- Мейли кызым-деп Асел Максатты карады, ал жаны гана кирип келаткан.- Оо, Какен келип калган го,-деп бетинен өпту.- Кандай барып келдиң кызым?- Жакшы.- Жалгыз коркподуңбу? - Эл көп, алардын кээ бирин көруп, кайра кыйналдым. - Эмнеге?-Максат Аселге бир карап алды.- Ач көздөр көп аке,-Карлыгач ата дебей аке дечу.- Бирөөлөр оорусунан арыла албай, жан соогалап, Карайлап ошолордун айтканын аткарып жатса, бирөөлөр алардын эсебинен жашоону гана ойлошот.Акча, тамак аштан чогултуп жанталашат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   dinar.meilibaeva   20 Апрель 2017 - 22:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 90
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 30 Июл 2017 04:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:кыргызстан

Уландысы барбы
кыргызстан менин мекеним!!?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   dinar.meilibaeva   20 Апрель 2017 - 22:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 90
  • Катталган: 12 Январь 17
  • Соңку аракети: 30 Июл 2017 04:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:кыргызстан

Кызыгына келгенде токтоп калганын автор батыраак жазыныз кутуудобуз? !!
кыргызстан менин мекеним!!?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   regina86   21 Апрель 2017 - 22:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 03 Январь 16
  • Соңку аракети: 13 Мар 2018 15:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Берилип окуп баштасам Айгул Шаршендин стилинде го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   san4ik122   22 Апрель 2017 - 22:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 20 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 28 Окт 2017 22:20

Бул чыгарманын калганы барбы же ушуну менен буттубу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Zakir   27 Апрель 2017 - 20:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 25 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Баткен

Автор уландысы жазып кой
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   tynara81   28 Апрель 2017 - 19:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 027
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2021 07:37
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москва

Улантып койгулачыы. Бир жумадан бери жазыла элек экен го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   aianaaiana   03 Май 2017 - 23:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 15 Дек 2021 01:55

Баштагандан кийин аягына чыгарсанар .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 01:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: