Суперстан: Юристке суроо - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Юристтин кенеши
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Юристке суроо

#41 Пользователь офлайн   Askaruli   23 Сентябрь 2013 - 06:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 993
  • Катталган: 22 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 05 Июл 2016 13:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сатуля Мышуля.

Просмотр сообщения admin_superstan (19 Сентябрь 2013 - 18:05) жазган:

Суроого юрист А.Сыдыкова жооп берди:

- Дубликатын алсаңыздар болот. Ал үчүн окуган мектепке паспортуңуздун көчүрмөсү менен барып, арыз жазышыңыз керек.




Эжеке,билип беринизчи.Чон жардам берген болосуз.
Тиги мен Россиядамынго акыры.Ошол ишти мен бул жакта туруп бутурсом болот бекен?Акча менен болсода..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   zina29   27 Ноябрь 2013 - 17:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 306
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Май 2019 08:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Салам!Менин сурай турган суроом бар эле да.Дос кызым эки баласы менен ажырашып атат.Анан куйоосу экоо 9жыл жашашыптыр суйрайын дегеним уйу кайыненесинде катталуу экен соз менен эле силердин уй дешиптир,бирок ошол уйдо 9жылдан бери прописана бардык услуга толоп анан куйоосу менен ажырашса уйу болунобу же билбейм хотябы балдарына.Анан да уккам если канча бир жыл жашап услуга барын толосо уйу болунот деп ошол туурабы же ал эмне кылса болот?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   meri6ka   27 Ноябрь 2013 - 23:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 063
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 09 Янв 2022 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Город зеленого цвета...

Саламатсы3дарбы, менинда суроомо сураныч батыраак жооп берип койосу3дар деген умуттомун ..менин байкем мындан 4 ай мурун уйлонгон бира3 шарт туура келбей ала качып алган, женешанын ата энеси макулдугу менен жашап калышкан. Эми мынтип ушул 4 ай ичинде дайым чыр чыгып эми ажырашып кетти, женешанын ата энеси 'сен менин кы3ымды ала качырып алгансын' деп сотко берем деп жатат, мый3ам боюнча ошол момент бериш керек элего эгер наара3ы болсо,же 4 айдан кийинда боло береби? Менин оюмча ' они не имеют право ' же адаштымбы?

Билдирүүнү түзөткөн: meri6ka: 27 Ноябрь 2013 - 23:37




Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   mister.kantemir   27 Ноябрь 2013 - 23:47

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 972
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 26 Дек 2024 18:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения meri6ka (27 Ноябрь 2013 - 23:34) жазган:

Саламатсы3дарбы, менинда суроомо сураныч батыраак жооп берип койосу3дар деген умуттомун ..менин байкем мындан 4 ай мурун уйлонгон бира3 шарт туура келбей ала качып алган, женешанын ата энеси макулдугу менен жашап калышкан. Эми мынтип ушул 4 ай ичинде дайым чыр чыгып эми ажырашып кетти, женешанын ата энеси 'сен менин кы3ымды ала качырып алгансын' деп сотко берем деп жатат, мый3ам боюнча ошол момент бериш керек элего эгер наара3ы болсо,же 4 айдан кийинда боло береби? Менин оюмча ' они не имеют право ' же адаштымбы?


"Они имеют право эле" адаштынСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   kanat4ik   30 Декабрь 2013 - 21:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Дипломатиялык укук: Эл аралык укук тармагы мамлекеттердин, эл
аралык уюмдардын ортосундагы
дипломатиялык катнашты жөнгө салат.
Дипломатиялык укук системасы
дипломатиянын төмөнкүдөй негизги
формаларына ылайык келет: бир мамлекеттин дипломатиялык өкүлдүгү
аркылуу башка мамлекеттин аймагында ишке
ашырылуучу эки тараптуу дипломатия;
конкреттүү маселелерди чечүү максатында
башка мамлекетке же эл аралык жолугушууга
(конференцияга) атайын миссия жиберүү; эл аралык уюмдардын делегациясы жана
мамлекеттердин эл аралык уюмдардагы
туруктуу өкүлдөрү же уюмдардын өздөрү
аркылуу ишке ашырылуучу көп тараптуу
дипломатия. Дипломатиялык укук 1961-
жылдагы дипломатиялык катнаштар жөнүндөгү Вена конвенциясына, 1969-
жылдагы атайын миссиялар жөнүндөгү
конвенцияга, ошондой эле ар бир өлкөнүн
мыйзамдарына таянат. Чет өлкөлөрдүн
дипломатиялык өкүлдөрү, ошондой эле
элчиликтин жана миссиянын дипломатиялык кызматкерлери, алардын үй-бүлөсү
дипломатиялык жеңилдиктерден
пайдаланышат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   kanat4ik   30 Декабрь 2013 - 21:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Түзөтүү бул – эмгек мекемесинин негизги түрү. Анда эркинен ажыратууга соттолуп, жазасын түзөтүү-эмгек колониясында өтөө белгиленген жашы жеткен адамдар кармалат. Түзөтүү-эмгек колониясында соттолгондорго түзөтүү-эмгек мүнөзүндөгү чаралар- эмгекке тарбиялоо, жалпы жана кесиптик билим берүү, ар түрдүү саясий- тарбия иштери жана башкалар жүргүзүлөт. Жазаны анын түрүнө жараша өтөө жана соттолгондордун тигил же бул тобуна түзөтүү- эмгек мүнөзүндөгү тийиштүү чараларды колдонуу максатында түзөтүү-эмгек колониясы төмөндөгү түрлөргө бөлүнөт: жалпы, күчөтүлгөн, катаал, өзгөчө тартиптеги колониялар, абайлабай
кылмыш жасандар үчүн колония-тургун жай, атайылап кылмыш жасагандар үчүн колония- тургун жай, оңолуу жолуна түшкөндөр үчүн колония-тургун жай (ССР Союзунун жана союздук республикалардын түзөтүү-эмгек закондорунун негиздери, 23-статья, СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1985-жылы 2-
апрелдеги указында кайра редакцияланган – “СССР Жогорку Советинин ведомосттору”, 1985, № 15, 252-статья, 1-бөлүк,1-п.). Жазанын кандай тартиптеги колонияда өтөлө тургандыгы сот өкүмүндө көрсөтүлөт. Аялдардын түзөтүү-эмгек колониясында эркинен ажыратуу жазасын өтөө төмөндөгү тартипте: ашынган рецидивист аялдар, о. эле өзгөчө коркунучтуу мамлекеттик. кылмыш жасаган аялдар – катаал режимдеги колонияга, абайлабай жасаган кылмышы үчүн биринчи жолу соттолгон аялдар – абайлабай кылмыш жасагандар үчүн колония-тургун жайга, атайылап жасаган кылмышы үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон аялдар – атайылап кылмыш жасагандар үчүн колония-тургун жайга калган соттолгон аялдар – жалпы тартиптеги колонияга кесилет. Оңолуу жолуна түшкөндөр үчүн колония-тургун жайда жалпы же катаал тартиптеги колониялардан мыйзамда белгиленген тартипте которулган аялдар жазасын өтөйт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   kanat4ik   30 Декабрь 2013 - 21:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эркектер түзөтүү-эмгек колониясында эркинен ажыратуу жазасын өтөөгө төмөндөгү тартипте: абайлабай жасаган кылмышы үчүн эркинен ажыратууга соттолгондор – абайлабай кылмыш жасагандар үчүн колония-тургун жайга: анча оор эмес, атайылап жасаган кылмышы үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгондор: – атайылап кылмыш жасагандар үчүн колония- тургун жайга, анча оор эмес, атайылап жасаган кылмышы үчүн 5 жылдан ашык мөөнөткө биринчи
жолу соттолгондор – жалпы режимдеги колонияга, оор кылмышы үчүн биринчи жолу соттолгондор – күчөтүлгөн тартиптеги колонияга , өзгөчө коркунучтуу мамлекеттик кылмышы үчүн соттолгондор же мурда да эркинен ажыратуу жазасын өтөгөн кылмышкерлер катаал тартиптеги колонияга, ашынган рецидивисттер, өлүм жазасы мунапыс же кечирим берүү тартибинде эркинен ажыратуу жазасына алмаштырылган – өзгөчө тартиптеги колонияга кесилет.Оңолуу жолуна түшкөндөр үчүн колония-тургун жайда – эркинен ажыратуу жазасынын мыйзамда белгиленген бөлүгүн өтөгөндөн кийин жалпы, күчөтүлгөн, катаал тартиптеги колониялардан которулгандар жазасын өтөйт. Соттолгондор жаза мөөнөтүнүн бардыгын эреже катары бир гана түзөтүү-эмгек колониясында өтөшөт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   kanat4ik   30 Декабрь 2013 - 21:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Түзөтүү-эмгек колонияларынын ар кайсы түрлөрү
соттолгондорду кармоонун шарты(баарынан мурда, соттолгондорго уруксат берилүүчү жолугушуулардын, посылкаларынын саны, о. эле колониянын ичинде ары-бери жүрүү эркиндигинин даражасы ж.б.) боюнча бири- биринен айырмаланат. Жүрүм-туруму талаптагыдай болуп, ак ниеттүү эмгектенген соттолгондорго жаза мөөнөтүнүн кеминде жарымын өтөгөндөн кийин шарты жакшыртылат: аларга тамак-аш продуктуларын жана зарыл буюмдарды алуу үчүн кошумча акча берилип, кошумча жолугушууларга (кыска же узак) уруксат кылынат. Колония-тургун жайларынын соттолгондорду кармоо шарты калган түзөтүү- эмгек колонияларынан олуттуу айырмаланат. Бул колонияларда соттолгондор эртеден кечке колониянын бүткүл аймагында эркин жүрө алат, көзөмөл менен , бирок кайтаруусуз кармалат. Соттолгондор администрациянын уруксаты менен колониядан чыгып, республиканын, крайдын же областтын аймагында көзөмөлсүз жүрүүгө укуктуу (бул алар аткарган жумуш же окуу үчүн зарыл болсо): алар граждандык кийим кие алат, жанына акча же балуу буюм алып жүрүшү мүмкүн, акчаны чектөөсүз пайдалана алат, алар үчүн кат, посылка алууга, жолугушууда чек коюлбайт. Турак жай шарты мүмкүндүк берсе , соттолгондор администрациянын уруксаты боюнча колониянын аймагында үй-бүлөсү менен чогуу жашап, турак үйгө ээ болушу, өздүк чарба күтүшү мүмкүн
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   kanat4ik   30 Декабрь 2013 - 21:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Аскердик кылмыш төмөнкү топторго бөлүнөт: 1) баш ийүүчүлүк тартибине жана аскердик ар намыска каршы кылмыштар (буйрукка баш ийбөө, аткарбоо, начальникке каршылык көрсөтүү же аны кызмат милдеттерин бузууга мажбурлоо, начальникти коркутуу, начальникке күч колдонуу, баш ийген адамдын начальникти же начальниктин баш ийген адамды кордоосу);2) аскер кызматын өтөө тартибине каршы кылмыштар (уруксатсыз кетип калуу, дезертирлик, аскер кызматынан качуу, мүчөсүн майып кылуу); 3) аскердик мүлктү пайдалануу жана сактоо тартибине каршы кылмыштар (аскердик мүлктү сатып жиберүү же кара санатайлык менен жок кылуу, зыянга учуратуу); 4) аскердик техниканы пайдалануу тартибине каршы кылмыштар (машина айдоонун, учуунун же ага даярдануунун, кеме айдоонун эрежерин бузуу); 5) аскердик дежур болуу тартибин бузуу же атайын кызмат тартибине каршы кылмыштар (кароолдо туруунун, чек ара кызматынын, дежур болуунун эрежелерин бузуу); 6) аскердик сырды сактоонун тартибине каршы кылмыштар (мамлекеттик сыр болуп саналган аскердик маалыматтарды жарыя кылуу, ушундай маалыматтар бар документтерди жоготуу, мамлекеттик сыр болбогону менен жарыялоого тыюу салынган маалыматтарды жарыя кылуу); 7) аскердеги кызматтык кылмыштар (бийликтен кыянат пайдалануу, бийликтин чегинен чыгуу же кызматка шалакы мамиле жасоо); согуш жагдайында же согуш болуп жаткан аймакта аскер кызматын өтөө тартибине каршы кылмыштар (душманга курал-жаракты өткөрүп берүү же калтырып кетүү, калкка зордук көрсөтүү, мүлктү талоо, ыктыяры менен туткунга түшүү ж.б.).
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   kanat4ik   30 Декабрь 2013 - 21:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Адам укугунун жалпы декларациясы 1948-жылы 10-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Генеральный ассамблеясы тарабынан кабыл алынган. Ал кириш бөлүмдөн жана 30 статьядан турат. Декларация Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын (расасы, жынысы, дини, тилине карабай адам укуктарын, эркиндигин урматтоо, сыйлоо керек деп көрсөтүлгөн) өнүктүрүлүшү жана конкреттештирилиши болуп саналат. Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттерге каршы күчтөрдүн жеңишинен улам түзүлгөн дүйнөлүк коомдук өнүгүүнүн өзгөчөлүгү, адам укугун коргоо боюнча эл аралык масштабда иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачып, эл аралык мамилелердин тарыхында биринчи жолу бардык мамлекеттер сактоого тийиш болгон, адам эркиндиги менен негизги укук маселелеринин чөйрөсү аныкталды. Фашизмдин согуш убагындагы адамзат мурда билбеген жырткычтыгы, адам укугун сактоо жана урматтоо тынчтыктын шартарында гана мүмкүн болорун көрсөттү. Декларацияда «ар бир адамдын кадыр-баркын, теңдигин, укугун таануу, эркиндик, адилеттиктин жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтыктын негизи болот» деп жарыяланган. Декларацияга ылайык адамдын укук чөйрөсүнө инсандын элементардык укугун, граждандык, саясий, ошондой эле социалдык- экономикалык укуктарын жалпы урматтоо, сактоо кирет. Декларацияда инсандын элементардык укуктарынын ичинен эң оболу ар бир адамдын жашоого, эркиндикке, керт башына эч кимдин тийбестиги (3-ст.) көрсөтүлүп, алар анын жоболорунда да толукталган. Атап айтканда, эч ким кулчулукта же эрксиз абалда болбоого (4- ст.), эч ким бирөө тарабынан кыйноого же адамдык беделди кемсинтүүчү ырайымсыз, катаал мамилеге, жазага кириптер кылынбоого (5-ст.), эч ким зомбулук менен кармалбоого, куугунтукталбоого (9-ст.) тийиш. Инсандын элементардык укугуна, ошондой эле адамдын жеке жана үй-бүлөлүк турмушуна, турак жайына, эч кимдин тийүүгө укугу жок, ар бир адам ар- намысы менен беделин коргоого (12-ст.) укуктуу жана ал адилдик соту тарабынан корголууга (8, 10-11-ст.) тийиш.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   kanat4ik   30 Декабрь 2013 - 21:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Документтерди жоготуп коюу: Мамлекеттин жашыруун сыры болгон документтерди жоготуп коюу администрациялык кылмыш болуп эсептелип, ал үчүн тартип жазасы (сөгүш, эскертүү ж.б.) берилет. Мамлекеттик жашыруун сыры бар документерди жоготуп коюу мамлекеттик же аскердик кылмыш болуп саналып, уголовный мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жазаланат. Мисалы: Кыргыз ССРинин УКсы боюнча мамлекеттин жашыруун сыры бар документтерди жоготкондук үчүн анын оордук даражасына жараша 1 жылдан 8 жылга чейин (70-ст.), ал эми аскердик сыры бар документерди жоготкондук үчүн анын жагдайларына жараша 1 жылдан 10 жылга чейин (265-ст., б, в-п.) эркинен ажыратылат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   kanat4ik   30 Декабрь 2013 - 21:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Айыптоо корутундусу Айыптоо кеорутундусу бул – тергөөчүнүн (алгачкы тергөөнү жүргүзгөн адамдын) жоопко тартылуучу адамды айыптоо иши боюнча акыркы чечими баяндалуучу жана айыпкердин ишин сотко берүү үчүн прокурордун бекитүүсүнө жиберилүүчү документ. Айыптоо корутундусунда тергөөнүн жыйынтыгы жазылып, кылмыш иши белгилүү укуктук жак тарабынан жасалгандыгы жана ал ишти сотто коргоого далилдердин жетиштүүлүгү жөнүндөгү тыянак чыгарылат. Айыптоо корутундусунда тергөө бүтүп, айыпкерди, анын жактоочусун жана процесстин башка катышуучуларын иштин материалдары менен таныштыргандан кийин түзүлөт. Айыптоо корутундусу баяндоочу жана корутунду бөлүктөрдөн турат. Баяндоочу бөлүгүнө иш алдын ала тергөөдө кандайча аныкталса, ошондой мазмунда: айыпкер тарабынан иштелген
кылмыш орду, убагы, жолу, мотиви, натыйжасы жана башка маанилүү жагдайлары; жабырлануучу жөнүндө маалыматтар; кылмыштын анык болгондугу жана айыпкердин күнөөсүн аныктоочу далилдер; айыпкердин күнөөсүн женилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар; айыпкердин өзүн өзү актоо үчүн келтирген далилдери жана ал далилдерди текшерүүнүн жыйынтыктары жазылат. Айыптоо корутундусу соттук териштирүүнүн чегин аныктайт жана айыпкерге кылмыштын болгондугу жөнүндөгү далилдер, аларды текшерүүнүн жыйынтыктары менен таанышып, актанууга даярданууга мүмкүндүк берет.Соттолуучуга айыптоо корутундусунун көчүрмөсү берилгенден кийин 3 сутка өтмөйүнчө сот жыйынында ишти кароону баштоого болбойт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   kanat4ik   30 Декабрь 2013 - 21:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кыргыз Республикасынын конституция күнү Биз тарыхка кайрылсак, 1924-жылы Россиянын курамында автономиялуу облус, 1926-жылы автономиялуу республика. 1936-жылы өз алдынча республика болуп, өз алдынча эгемендүү мамлекеттүүлүккө жетиштик деп айтып келдик. 1991-жылы союздук республикада шарт чукулунан өзгөрүп, союз кулап, СССР өзүнөн –өзү бүлүнгөндөн кийин кыргыз республикасы СССРдин конституциясынын негизинде жашап келди. Өз алдынчалуулукка жетишип, 1993-жылы 5-майда эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи чыныгы конституциясы кабыл алынды. 5-май ХХ кылымдын соңунда ээ болгон жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизинде адам эркиндиги жана укуктарынын, мамлекеттик түзүлүштүн, коомдук куруунун принциптери жана нормалары түптөлгөн, биздин өлкөнүн көз карандысыздыгы укуктук жактан бекемделген күн. Жаңы конституция кабыл алууга негиз жана башат болгон. 1990-жылдын 15-декабрындагы мамлекеттин эгемендүүлүгү жөнүндө жана 1991- жылдын 31-августундагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларациялар сыяктуу тарыхый, саясий укуктук документтер азыркы кыргыз конституциясынын бийик имараты өсүп чыккан пайдубалдардан болуп калышты. Арийне, биздин эл, мамлекет бул бийиктикке карай миңдеген жылдарды, ондогон кылымдарды, узак жолдорду басып өттү. Конституция – бул укуктук база болгондуктан, кийинки кабыл алына турган бардык мыйзамдар да ушул Конституциянын негизинде гана жүргүзүлүп турушу зарыл.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Umka220190   20 Январь 2014 - 12:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

[quote name='Askaruli' date='23 Сентябрь 2013 - 06:09' timestamp='1379894989' post='1233910' ]

Эжеке,билип беринизчи.Чон жардам берген болосуз.
Тиги мен Россиядамынго акыры.Ошол ишти мен бул жакта туруп бутурсом болот бекен?Акча менен болсода..
[/ quote]

Эми ишеничтүү адамың болсо, ошого акча салып көр да. Бутүрүп берээр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   kutordo   01 Февраль 2014 - 09:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Апр 2014 21:14

Ооба, акыйкатты бир Кудайга койупсун, башка айла -амалында калбаган чыгаар. Мына сеникиндей эле акыйкаттын жоктугунан не бир куноосуздор зым тордун артында отурушат. Акыйкат жок жерде коом бузулат, ирийт, чирийт туура. Биз ишенге адилеттуулук бир гана акчага иштеп калгандыктан карапайым адамдардын кыйкырыгы жетпей, жетседа кайра оздорун доого жыккан коом пайда болду. Элге кенеш, жардам беребиз адвокаттарын да, юристерин да жогоркудай акчага иштешип, акчага азгырылып келет. Кыргызда айттат эмеспи эмнеси болсо да Кудайдын озунун козу туз болсун деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   asiret   11 Февраль 2014 - 13:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 16:59

Саламатсыздарбы. менин аялымды туура эмес операция жасап жана менден мыйзамсыз акча алган врачтын устунон прокуратурага арыз жазсам, прокурор менин арызымды каттоого албай ар турдуу шылтоолорду айтып жатат. эми мен кандай аракет кылсам болот. алдын ала ыраазычылык билдирем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   rumaika5544   15 Март 2014 - 15:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Саламатсыздарбы! Менин да суроомо жооп берип койосуздарбы. Куйом экообуз уйлонгонубузго беш жыл болуп калды.Жаны уйлонгондо, куйоомдун айылына барып ,ЗАГС алалык десек бербей койушту.Себеби куйоомдун учету Кеминде экен.Эми азыркыга чейин ала албай жатабыз.Кантип, кайсыл жерден алсак болот?Кеминден бербей жатат.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Апрель 2014 - 18:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Просмотр сообщения zina29 (27 Ноябрь 2013 - 17:46) жазган:

Салам!Менин сурай турган суроом бар эле да.Дос кызым эки баласы менен ажырашып атат.Анан куйоосу экоо 9жыл жашашыптыр суйрайын дегеним уйу кайыненесинде катталуу экен соз менен эле силердин уй дешиптир,бирок ошол уйдо 9жылдан бери прописана бардык услуга толоп анан куйоосу менен ажырашса уйу болунобу же билбейм хотябы балдарына.Анан да уккам если канча бир жыл жашап услуга барын толосо уйу болунот деп ошол туурабы же ал эмне кылса болот?


Суроого юрист А.Сыдыкова жооп берди:


- Эгерде ал үй кайын энесинин наамына катталган болсо, дос кызыңыз ал үйгө талаптана албайт. Ажырашууда жубайлардын ортосундагы менчикте болгон мүлк гана бөлүнөт. Бирок дос кызыңыздын күйөөсү балдарга алимент төлөөгө милдеттүү.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Апрель 2014 - 18:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Просмотр сообщения meri6ka (27 Ноябрь 2013 - 23:34) жазган:

Саламатсы3дарбы, менинда суроомо сураныч батыраак жооп берип койосу3дар деген умуттомун ..менин байкем мындан 4 ай мурун уйлонгон бира3 шарт туура келбей ала качып алган, женешанын ата энеси макулдугу менен жашап калышкан. Эми мынтип ушул 4 ай ичинде дайым чыр чыгып эми ажырашып кетти, женешанын ата энеси 'сен менин кы3ымды ала качырып алгансын' деп сотко берем деп жатат, мый3ам боюнча ошол момент бериш керек элего эгер наара3ы болсо,же 4 айдан кийинда боло береби? Менин оюмча ' они не имеют право ' же адаштымбы?


Саламатсызбы!
Суроого юрист А.Сыдыкова жооп берди:
- Арызды ички иштер органдарына ошол ала качып кеткен убакта бериши керек болчу. Кийин ал өз эрки менен 4 ай жашаган. Эгер жеңеңизди өз эркине каршы 4 ай кармап же башка зомбулук күчтөр колдонулганы тууралуу далилдегенге фактылар болсо, милицияга жана сотко аныктап кайрылганга акысы бар.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   kokokola   16 Май 2014 - 12:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 193
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2019 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

Саламатсыздарбы? менда суроомо чыдымсыздык менен жооб кутом, суроом томондогучо менин жетекчим айлык акы алчу карточкамды алып бербей журот... кимге кантип кайрылып карточкамы алсам болот? дагы сурайын дегеним мен азыр декретнный отпуска жаны эле чыктым жана мага декретный акча чыкса ошол карточкама тушотпу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Юристтин кенеши
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:46

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: