Суперстан: Остеохондроз оорусу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Неврология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Остеохондроз оорусу. Ден соолук

#1 Пользователь офлайн   Feijipiao   31 Октябрь 2014 - 13:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Остеохондроз менен дүйнө жүзүндөгү адамдардын 50 %ы жабыр тартат. Адамдын жашы 35тен ашкандан кийин остеохондроз симптомдору күч алат. Бирок акыркы убакта жашы 18-30 дун аралыгындагы жаштардын остеохондроз менен врач нервологдорго көп кайрылышууда. Остеохондроз - бул омуртка түзүлүшүнүн бузулушу менен анын кемирчек тканын катырып, аморфтук касиетин жоготкондуктан, нерв учтарына таасир тийгизе баштайт. Ошонун натыйжасында кыймылдаганда, жөтөлгөндө, оор нерсе көтөргөндө омурткалар оорутат. Остеохондроздун башкы стадиясында ооругандыгы билинбейт. Аны билиш үчүн көптөгөн текшерүүлөрдөн өтүп чыгыш керек. Омуртканын түзүлүшүнө жараша моюн, далы, бел, жамбаш жана таралган остеохондроз деген түрлөрү бар. Бардыгынан көп диогностолгон бел остеохондроз (50% көп) эсептелинет, андан кийин моюн (25% көп), жана таралган остехондроз (12% көп байкалган). Секиргенде, оор нерсеге күч жумшаганда эң көп жабыр тарткан область бел болуп саналгандыктан, андагы пайда болгон остеохондоз омуртка аралыгында этти пайда кылып, грыжага алып келет. Эгерде омуртка аралыгындагы грыжа, жүлүнгө кетүүчү каналдагы ферменттерди талкаласа, адам жамбаштан ылдый паралич болуп калышы ыктымал.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Feijipiao   31 Октябрь 2014 - 13:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Остеохондроз (байыркы грек тилинен ὀστέον — сөөк жана χόνδρος — кемирчек) — сөөк жана кемирчек ткандарында зат алмашуу продуктуларынын топтолушунан келип чыккан өнөкөт оору.


Омурткалардын остеохондрозу көп жолугат. Анда омуртка дисктеринин дистрофияга учурашы жана жукарышынан омуртка сөөктөр өсөт, муун арасында артроз, көп учурда диск чуркусу өөрчүп, жүлүндү, жүлүн нервдеринин дүмүрчөктөрүн кысат. Андыктан омуртка тутумунун ийилгичтиги жана кыймылы төмөндөйт. Оорунун жүрүшү ар кандай факторлорго (зат алмашуу жана эндокриндик бузулуулар, травма жана башкалар) байланыштуу. Омурткалар бири бирине салмагын тийгизип баскандыктан, омуртка дискинин бийиктиги төмөндөп, омурткалардын ортосунда фиброздук шакекче чыгып, жүлүндүн элементтерине таасир этиши мүмкүн.
Остеохондроз көбүнчө бел, моюн, көкүрөк бөлүгүндө кездешет. Оорунун негизги белгиси — белдин белгилүү жери ооруп, ал жамбашка жана бутка берилет. Көп учурда куяңга окшойт. Омурткалардын бузулган дисктин тушундагы кылкандай урчугу пальпация жасаганда ооруйт. Эгерде нерв кыпчылып калса, ал нервдештирген жерде оору сезилип, сезгичтик бузулат, буттун алсыздануусу жана башкалар байкалат.

Остеохондрозду дарылоодо эң мурда горизонталдуу тегиздикте чоюу (ал үчүн кроваттын бут жагын 30—40 см көтөрөт), физкультура, новокаин менен электрфорез жана башкалар колдонулат. Радондуу минерал суулары бар курорттордо (Жети-Өгүз, Жыргалаң, Пятигорск жана башкалар) дарылануу жакшы натыйжа берет. Бел ооруса атайын ортопедиялык корсеттер сунуш кылынат. Мындан тышкары ооруну басаңдатуучу каражаттар да колдонулат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 250px-Osteochondritis_dissecans_pathology_Danish_sow.png

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Feijipiao   31 Октябрь 2014 - 13:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Остеохондроздун пайда болушу
* Тукум куугандан (гендик түзүлүштөн).
* Организмдеги зат алмашуунун бузулушунан, инфекциялардан.
* Ашыкча салмак, туура эмес тамактануудан. (микроэлементтердин жетишсиздиги)
* Омуртканын сынганы, жабырланганынан.
* Туура эмес отуруу, туруу, басуунун натыйжасында омурткананын жылышып кетишинен.
* Экологиялык ыңгайсыз шарт.
* Аз кыймылдоодон
* Оор нерселерди көтөрүүдөн
* Көп убакытка чейин ыңгайсыз абалда туруудан.
* Бут кийимдерден; бийик такалуу бут кийимдерди кийүүдөн.
* Нервдин бузулушунан же стресс абалында узак мөөнөттө болушу.
* Суук тийгизип алгандыктан, тамеки чегүүдөн пайда болот.

Остеохондроздун белгилери
* Остеохондроз менен ооругандардын омурткаларын сыздатып, колдоруна жана буттарына таасир берет
* Кыймылдоодо белдин күчөп ооруп кетиши.
* Моюн остеохондрозунда; Колдор, ииндер жана баш ооруйт. Омуртка артерия симптомдору пайда болот, алар төмөнкүдөй; кулакка чуулдаган үн угулуп, баш тегеренип, көз караңгылап, точкалар көрүнүп жана баштын лукулдап оорушу менен коштолот.
* Далы омуркасынын остеохондрозунда; төштүн сайгылашып оорушу, жүрөк жана башка органдардын кыймылдоодо ооруп кетиши.
* Белдин остеохондрозунда; жүлүн тартылып жаткансып кыймылдатпай калат. Кээ бирде жамбаш сөөктөрдү кыймылдаттырбай оорутат.
* Остеохондроздун бардык түрүнө тиешелүү белгилери: гипотония, рецепторлордун сезгичтигин начарлатып, булчуңдардын күчүн азайтат.


Далы омурткалары үчүн көнүгүүлөр
1. Түз турган абалда терең дем алып, колуңузду ылдый түшүрүңүз, колуңузду өйдө көтөрүп демиңизди чыгырыңыз. 8-10 жолу кайталаңыз.
2. Столго олтуруп, колуңуз менен башыңыздын артына тиреп терең деп алып, артты көздөй улпунуп демиңизди кое бериңиз.
3. Көмкөрөңүздөн полго жатып, башыңызды жана буттарыңызды өйдө көтөрүңүз.
Бел омурткасына көнүгүүлөр;
1. Белиңизди таянып түз туруңуз. Ошол эле абалда оңго, солго, артка, алдыга ийилип, ар бирин 10 жолу аткарыңыз.
2. Тизелеп туруп, колуңузду болгон күчүңуз менен полго тартыңыз, кайра туруңуз.(10-15 жолу кайталаңыз).
3. Капталыңыз менен жатып, бутуңузду төшүңүзгө чейин бүгүңүз. (8-10 жолу).


Остеохондроз менен операция болгондорго;
o 3 айга чейин 5 кг ашык оор салмактуу нерселерди көтөргөнгө болбойт.
o 2-3 айга чейин унаа айдаганга болбойт.
o Тамеки чегүүгө, дароо кыймылдаганга болбойт.
o Белди жылуу кармоо талап кылынат.

Остеохондроздун дарылоо методдору жөнүндө
Остехондроздун дарылоо ыкмаларынын бири бул консервативдүү метод. Мындай метод остеохондрозду хирургиялык жол менен дарылайт. Антан тышкары компекстүү консервативтүү методду пайдаланса болот. Анда атайын дарылоочу көнүгүүлөр, физиотерапия, массаж, мануалдык терапиялар камтылат. Ушундай жол менен дарылоодо 1-3 айда сакайып кетсе болот. Айрым

Өз алдынча аткара турган комплекстүү көнүгүүлөр
Комплекстүү көнүгүүлөр остеохондрозго каршы профилактика үчүн иштелип чыккан. Мындай көнүгүүлөрдү аткаруунун натыйжасында булчуңдар бекип, омуртканы ийилгич жана кыймылдуу кылат.
Моюн омурткалары үчүн көнүгүүлөр
1. Колуңузду чекеңизге такап, башыңызды түртүп, моюнуңузга күч келтириңиз. Мындай абалда 7 секунддай болуп, 3 жолу кайталаңыз.
2. Моюнуңузду артка буруп, жаагыңызды өйдө көтөрүңүз.
3. Башыңызды жана ийиниңизди түз кармап, оңго беш жолу буруп, андан кийин солго беш жолу буруңуз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Feijipiao   31 Октябрь 2014 - 13:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Остеохондроз менен операция
болгондорго;
-3 айга чейин 5 кгдан ашык оор салмактуу нерселерди көтөргөнгө болбойт.
- 2-3 айга чейин унаа айдаганга тыюу салынат.
- Тамеки чегүүгө, дароо кыймылдаганга болбойт.
- Белди жылуу кармоо талап кылынат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   тилек   31 Октябрь 2014 - 14:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 553
  • Катталган: 14 Май 10
  • Соңку аракети: 31 Июл 2024 08:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сургут

Рахмат чон.
2жума мурда ренген ушундай деп айтты эле белден азыр дагы ооруп турат
конугуулорду жасаймын буюрса.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   тилек   31 Октябрь 2014 - 14:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 553
  • Катталган: 14 Май 10
  • Соңку аракети: 31 Июл 2024 08:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сургут

Бел омурткасына көнүгүүлөр;
2. Тизелеп туруп, колуңузду болгон күчүңуз менен полго тартыңыз, кайра туруңуз.(10-15 жолу кайталаңыз).
ушул позага тушунбой калдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   admin_superstan   31 Октябрь 2014 - 16:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Просмотр сообщения тилек (31 Октябрь 2014 - 14:08) жазган:

Бел омурткасына көнүгүүлөр;
2. Тизелеп туруп, колуңузду болгон күчүңуз менен полго тартыңыз, кайра туруңуз.(10-15 жолу кайталаңыз).
ушул позага тушунбой калдым.


13-көнүгүү тууралуу болуп жатса керек.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 114474078_3740351_es2086187.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   fea1990   01 Ноябрь 2014 - 00:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 709
  • Катталган: 12 Февраль 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2020 17:19
  • Жынысы:Аялзаты

Ой фейжи ушунча маалыматты каерден аласын.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 15:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Бул - кылымдын оорусу деп айтсак болот. Муну менен бир жерде отуруп иштеген адамдар көп ооруйт. Маселен, айдоочулар, бир жерден жылбай жазуу жазган жана компьютер менен иштеген адамдар. Кыймыл болбогондуктан далыга туздар уюп, башты оорута баштайт. Мээге кеткен кан тамырлар ичкерип, кан басымы көтөрүлөт. Кишини алсыратып, керек болсо приступка чейин алып келет. Бул оорунун алдын алуу үчүн бир жылда эки жолу туура массаж алуу зарыл. Учурда кыргызстандыктардын дээрлик 80%ы остеохандроз менен ооруйт. Анткени, компьютерде отурат же машина айдайт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Ноябрь 2014 - 15:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Эң алды туура массаж жасаган адамды табуу керек. Туура массаж жасалганда гана ооруну айыктырса, алдын алса болот. Билбегендер остеохандрозду айыктыра албайт же омуртканы жылдырып жибериши мүмкүн. Ошондуктан, көрүнгөн эле жерден массаж жасатуу туура эмес. Өзүбүз үчүн болсо да массажчынын кесиби жөнүндө билимин, анан канча жылдык тажрыйбасы бар экенин билүү керек. Мен башкаларды сындай албайм, ал ар биринин өз иши. Бирок, дагы айтаар элем, массаж алууну каалагандар сөзсүз анын тажрыйбасын, билимин суроосу абзел.


Жаз жана күз мезгилдеринде баардык илдет күчүнө кирет. Эгерде өзүңө карап, массаж алып жүргөн болсоң муну сезбейсиң.
Баса, остеохандроз демекчи, көпчүлүк бул ооруну эсепке албай, массаж кылдырбайт. Анын жыйынтыгында көптөгөн ооруларда өрчүп кетиши мүмкүн. Ушундан улам менин айтаарым, "Биринчи байлык ден соолук" дегенди дайым эстей жүрсөк.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   kilim   17 Сентябрь 2015 - 20:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 634
  • Катталган: 03 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 02 Фев 2021 18:55
  • Жынысы:Аялзаты

мени тамографийадан 5мм грыжа бар деп чыкты кандай кенеш берестер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Ananai   13 Январь 2017 - 02:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 202
  • Катталган: 13 Июнь 16
  • Соңку аракети: 18 Дек 2023 20:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Белгисиз тараптарда...

Менин да далым коп ооуйт, кокурогум сайгылап оорутат. КУЛАГЫМА чуулдаган дабыштар угулат..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Tentek1   24 Январь 2017 - 16:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 301
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 01 Окт 2021 17:32
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Менде да остеохондроз бар,Бишкекте кайсы жерде жакшы массажист бар,билесиздерби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   chikeusenov   27 Январь 2017 - 02:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 26 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 22 Авг 2018 14:17

Просмотр сообщения Tentek1 (24 Январь 2017 - 16:39) жазган:

Менде да остеохондроз бар,Бишкекте кайсы жерде жакшы массажист бар,билесиздерби.

остеопатка кайрылып корунуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   molniya77   28 Июль 2017 - 22:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 85
  • Катталган: 10 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2017 08:32

стенозной грыжа экен апамдыкы. он жамбашы буту ооруп жатат. кенеш бергилечи сураныч. операциясыз айыктырса болобу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   aytunuk   28 Июль 2017 - 23:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 253
  • Катталган: 16 Июнь 14
  • Соңку аракети: 01 Сен 2021 17:03

болот буйруса
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   aytunuk   28 Июль 2017 - 23:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 253
  • Катталган: 16 Июнь 14
  • Соңку аракети: 01 Сен 2021 17:03

жардам берем мага өзунчө чыксанар болот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   izdeim.seni   29 Июль 2017 - 01:16

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 07 Янв 2018 14:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Тынч токой

Болот биз жардам беребиз, Жалал-Абад шаарындабыз. Купуяга откуло номер керек болсо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Неврология
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июн 2025 17:27

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: