Айтканыныз туура. Менин дин бойунча түшүнүгүм китептен окуп, теледен көрүп, анан айланамдагы динге берилген(өздөрү ошондой деп эсептейт да) адамдардын жүрүм турумунан көргөнүм бойунча эле чектелет. Китептен окуганым бойунча бир да китепте(көбүнчө 1916-жылга чейинки, ошондон кийинки СССРдин жаны түзүлүп аткан убагындагы турмуш чагылдырылган китептерди жакшы көрөм. Ошолорду көп окуйм) бир да молдокени он каарман катары көрбөгөм. Аларга болгон ишенбөөчүлүк ошондон улам кокүрөгүмө уйуп калса керек. Интернеттен,
телевизордон көргөнүм бойунча диндин ашынган фанаттары көрүнгөн жерди барып жардырып аткан, шаарларды талкалап аткан. Жакшы жумушун али жолуктура элекмин. Айланамдагылардан көргөнүм болсо кыздар хиджаб кийет да бирок ошону эмнеге кийгенин түшүнбөгөндөй,
айрым ошондой кыздардын жүрүм туруму да ирээнжитет.
Ал эми ошондой байкелердин көпчүлүгүнүн аялына жасаган мамилеси жанды кашайтат. Аялына экинчи сорттогу адам катары мамиле жасашат. Эгер ошолор жакшы жагы менен өздөрүн көрсөтсө балким мен дагы кызыгып, алардын жолуна түшмөкмүн. Бирок жалан гана терс жактарын көрүп отурсан болушунча өзүндү алып качат экенсин.
Кече эле жакында байкемдин классташтары чогуу отурганда бир сакал койуп, намаз окуп жүргөн байкенин сөздөрүнөн оозум Ошту карап калды го. "Сирияга барыш керек. Ошол жактан өлсөн да дароо бейишке чыгасын"- дейт го. Кантип эле башка бирөөгө кастык кылып, жанын оорутуп, тынч жашоосун бузган адам бейишке чыгып кетсин. Ушундай нерсени айтып башкалардын башын айлантып эмне кереги бар? Тынч эле жашай бербейби десен дөөрүй бербей. Ушинтип отурсак улут жок болбогондо анан эмне жыргамак беле?

Азыр дүйнөдө чоң согуш. Ал согуш Исламга каршы багытталган маалыматтык согуш. Азыр мусулманды жакшы мүнөздө көргөзгөн маалыматты табыш кыйын. Терс, жалган маалыматтарга сугарылган адам түзүк мусулманды көрө албай калат. Европанын мусулман журналисти Мехди Хасан мындай айтат: "Исламга каршылар террорист-жардыргычтар, жан-кечтилер аркылуу Исламды көргөзүп келүүдө. Андай болсо, он бир миң жан кечти табылабы азыр дүйнөдө? Мейли, табылсын дейли. Ошол он бир миң террорист бүткүл мусулмандын 0,001 пайызын түзөт. Эгер Ислам алар айткандай болсо, калган 99,99 пайыз мусулман эмне үчүн жардырбай жүрүшөт "?
Чынында, жан кечти аркылуу, ашынган фанаттары аркылуу Исламды тааныш - адамдын акылы тайыз экенинен кабар берет. Эң туурасы, Исламды Мухаммад пайгамбарыбыз аркылуу таануу.

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия