Суперстан: Диний фанатизм - улуттун келечегине чабылган балта - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Диний фанатизм - улуттун келечегине чабылган балта ойлон кыргыз, ойгон кыргыз

#1 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   10 Ноябрь 2014 - 17:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек


Цитата

Атамбаев ашкере исламдашуу кесепеттерин эскертти
Коргоо кеңешинин 3-ноябрдагы отурумунда президент Алмазбек Атамбаев диний фанатизмди сынга алды.

Жыйында дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынды. 2014-2020-жылдарга белгиленген бул документте дин менен мамлекеттин алака-катышын так аныктоо, диний радикалдашуунун алдын алуу, экстремизм- терроризмге каршы күрөш чаралары камтылган.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө ашкере исламдашуунун кесепеттерине токтолду. Анын артында улутту маңкуртташтыруу, касиетин жок кылуу, баалуулуктарына шек келтирүү саясаты жатканын кыйытты. Дин чөйрөсүндө улуттук кызыкчылык биринчи болушу керектигин эскертти:

- Адам сакал өстүрүп, дамбал кийип, намаз окуса эле мусулман болуп калбайт. Адам аны иштери, жүрөгүнүн тазалыгы, билими, адеп-ахлак, жүрүм-туруму менен далилдеши керек. Кыргыздар исламды өз менталитетине жараша, кулк-мүнөзүнө, жашоо-шартына, дүйнө таанымына ылайыктап, байыртан өткөн тарыхый оош-кыйыштардын оң-тетири жактарын эске алуу менен акыл калчап, он өлчөп, бир кесип боюбузга сиңирген калкпыз. Бул жагдайда биз эч бир элди туурабаган, диний фанатизми жок, Алла Тааланын амирине моюн сунган эл элек. Эми ал жолубуздан адаштыргысы келгендер күчөгөндөн күчөп баратат. Айрым молдолордун, саясатчылардын жан үрөп жүргүзгөн аракеттери өлкөбүздү ашкере исламдаштыруу экенин байкоо кыйын эмес.

​Атамбаев Орозо Айт менен Курман Айттан башка, мисалы мамлекеттик Нооруз, Жаңы жыл өңдүү майрамдарды жерип, исламга жат жоосундар деп атагандар жакшылыкка алып барбасын белгиледи. Кээ бир молдолор Манасты жаратканга каршы коюп жатканын белгилеп, “адал”, “арам” деген сөздөрдү “халал”, “харам” деп айтууга үгүттөгөндөрдүн иш-аракети акылга сыйбайт деп атады:


- Мен айрым молдокелерге, саясатчыларга айткым келет: кыргыз элине бирөөнүн кийимин, бирөөнүн тилин, үрп-адатын таңуулабагыла! Кыргыз эли, кыргыз жери жакпаса, ошо сизге жаккан элге, өлкөлөргө барып жашагыла. Эч ким каршы эмес. Биз мусулманбыз. Ислам дини дүйнөдө дайыма болооруна ишенебиз. Бирок ошол эле учурда биз кыргызбыз. Кыргыз эли, кыргыз тили да дүйнөдө дайыма болсун деп тилейбиз. Бул тилегибизди Алла Таала өзү колдоп, кыргызга эгемендик берди. Ошондуктан биз эл-жерибизди, тилибизди, дилибизди коргоп, сактап калуу үчүн чечкиндүү кадамдарга даярбыз. Муну эч ким унутпасын!


Коргоо кеңеши 3-ноябрдагы жыйынында дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын кабыл алды. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев документтеги негизги приоритеттерди санап берди:

- Дин жана дин тутуу эркиндигин камсыздоо, башкарууга дин аралашпаган мамлекеттин кыргыз моделин түзүү жана түптөө, дин уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн чектерин калыптандыруу, дин чөйрөсүн жөнгө салуу үчүн мамлекеттин кийлигишүү жактарын аныктоо, жарандардын диний радикалдашуусун алдын алуу жана эскертүү, Кыргызстандагы диндин негизинде экстремисттик жана террорчулук ишмердүүлүктү болтурбоо, дин чөйрөсүнүн радикалдашып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн салттуу ислам катары белгилүү болгон ханафи мазхабынын матруди мектебинин колдоп жайылтуу саясаты, дин таануу жана диний билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү үчүн эксперттик жана талдоочулук потенциалды жогорулатуу чаралары каралган.


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун пикиринде, өлкөдөгү салттуу диндердин коомдогу жоопкерчилигин эске алуу менен аларга өзгөчө шарт түзүү керек. Спикер жаңы диний уюмдарды каттоодогу талап, диний билим берүүнүн оош-кыйыштарын белгиледи:

- Салтуу агымдарды колдоп, жаңы диний уюмдарды расмий каттоодо аларга талаптарды күчөтүү керек. Бир дагы жеткинчек бала светтик билимден четте калбашы керек. Биздин Конституциябызда жалпы билим алуу милдеттүү деп, так жана даана жазылып турат. Ошондуктан диний билим берүү иш-аракети мамлекеттик стандарттагы жалпы билим берүүгө кедерги болбошу керек. Болбосо мындай диний окуу жай Конституциянын нормаларын бузган болот. Мындай кылгандарды мыйзам чегинде жоопко тартуу зарыл.

Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын жетекчиси Максат ажы Токтомушев "Азаттыктагы" маегинде ханафи мазхабын жайылтуу иш-аракеттери жүрүп жатканын айтып берди.


- Сырткы келбети менен динди жаманатты кылгандар бар. Ички дүйнө таптакыр башка. Сакал коюп, жакшынакай кийинип, мамлекет, туруктуулук, элдин ынтымагы үчүн кызмат кылып жаткан дин кызматкерлери, молдокелерибиз бар, жок эмес.

Өлкөдөгү диний кырдаал боюнча алгачкы жолу Коргоо кеңеш жыл башында чогулган эле. Анда Алмазбек Атамбаев жагдайды өтө опурталдуу деп баалаган. Анын алдында диний коопсуздукту камсыздоо, бул жаатта мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүү максатында президентке караштуу “Ыйман” фонду да түзүлгөн болчу.


Булак: Азаттык сайты Элеонора Бейшенбек кызы


Президентибиздин акыркы коопсуздук кеңешинде көтөргөн маселеси негизинен туура болду, Ушул нерсеге жеткизбей мамлекетт убагында диний тармакка көңүл бурулушу керек эле. "Ат минбеген минип өлтүрөт" дегендей, жетимиш жыл дин көрбөгөн элибизди, ар кайсы диний миссионерлер, даваатчылар келип "дин деген ушу" -деп,мээсин айлантып, манкуртчулукга алып баратат. Батыштан дагы, Чыгыштан дагы келген миссионерлер, даваатчылар каптап келип өз саясатын, кыргыз элинин салтына,үрп адатына, маданиятына каршы коюп элге жайылтып атышат. Башка өлкөлөрдө тыюу салынган "Таблиг Жаамат" уюму муфтиятты басып алып, муфтий баш болуп, ушул уюмдун кызыкчылыгы үчүн иштеп атышканы ачык болсо дагы, эмнегедир бийлик тарабынан бул уюмга көңүл бурулбай келе жатканы суроо жаратат.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   11 Ноябрь 2014 - 01:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Ассалааму Алайкум! Исламда фанатизм жок!

Баардык сөзгө бир эки сөз менен эле жооп бергим келди.
Ислам динин тутунган инсан (мусулман) бул кечил эмес. Айтайын дегеним намазын окуп эле өзү менен өзү жүрүү бул Ислам менен жашоо эмес. Бул Исламдын кээ бирки факторлорун жошоодон чийип салуу болот, бул туура эмес. Ислам бул бүт жашоодо колдонуучу дин.

Кээ бирки секталарын агылып келүүсү бул баарыбыз үчүн коопту, "Кантип алдын алабыз" Өзүбүз карманган мазхабыбыз боюнча илим алып. Илимди биз үчүн бирөө алып бербейт, ар бирибиз өзүбүз үчүн өзүбүз аракет кылабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   aruuzat88   11 Ноябрь 2014 - 02:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 472
  • Катталган: 16 Апрель 13
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 22:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйык" Кааба "Медине.

Жогоруда айтып откон Nurmuxammet байкенин создоруно толук кошулам.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   bossmos7   11 Ноябрь 2014 - 02:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 991
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Июн 2015 21:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Moscow

Просмотр сообщения Nurmuxammet (10 Ноябрь 2014 - 22:56) жазган:

Ассалааму Алайкум! Исламда фанатизм жок!

Баардык сөзгө бир эки сөз менен эле жооп бергим келди.
Ислам динин тутунган инсан (мусулман) бул кечил эмес. Айтайын дегеним намазын окуп эле өзү менен өзү жүрүү бул Ислам менен жашоо эмес. Бул Исламдын кээ бирки факторлорун жошоодон чийип салуу болот, бул туура эмес. Ислам бул бүт жашоодо колдонуучу дин.

Кээ бирки секталарын агылып келүүсү бул баарыбыз үчүн коопту, "Кантип алдын алабыз" Өзүбүз карманган мазхабыбыз боюнча илим алып. Илимди биз үчүн бирөө алып бербейт, ар бирибиз өзүбүз үчүн өзүбүз аракет кылабыз!


Намазды тынч окуп! Озуно тиешелуу билимди алып жашоо керек! Элге жарнамалык диний кийим кечек, жуз башты кандай абалда болуусу жонундогу угутторду жарнамалоонун кереги жок! Биз Кыргызбыз! Эгер жакпаса ..................... ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   11 Ноябрь 2014 - 02:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения bossmos7 (11 Ноябрь 2014 - 02:09) жазган:

Намазды тынч окуп! Озуно тиешелуу билимди алып жашоо керек! Элге жарнамалык диний кийим кечек, жуз башты кандай абалда болуусу жонундогу угутторду жарнамалоонун кереги жок! Биз Кыргызбыз! Эгер жакпаса ..................... ...


Эмне намазды кафеде шум музыка менен окуп жатат бекен анан? Ушу кызыксыңар. Илим бул бир эле дин илими эмес, дүйнөнү, Жаратканды таанытуучу илимдер (математика, химия, физика, биология ж.б)




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   bossmos7   11 Ноябрь 2014 - 02:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 991
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Июн 2015 21:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Moscow

[quote name='Nurmuxammet' date='10 Ноябрь 2014 - 23:16' timestamp='1415650589' post='2046524' ]
Эмне намазды кафеде шум музыка менен окуп жатат бекен анан? Ушу кызыксыңар. Илим бул бир эле дин илими эмес, дүйнөнү, Жаратканды таанытуучу илимдер (математика, химия, физика, биология ж.б)


Мен ойлойм ! Эгер жакында Эл башчынын созу кучундо болсо. Бутундой мамлекетеги диний уюмдар,уюшмалар, кочодогу жузу жана кийими озгорулгон жердештер тыкыр козомолго алынат деп ишенем! Баарын мыйзам турундо текшерип. Баары мурунку тарыхы терен Кыргыз уул кызына айланат деген жакшы тилектер бар! Азыркы заманбап биометрикалык маалыматтар топтолгон. Жарандарга жаны турдогу жарандык паспорту беруудо дагы : Ата энеси койгон ысымын озгорткон жаштарды Кыргызча оз атына кайтуусун отунобуз! Анткени арабташкан ысымдар шектуу туюлушу мумкун! Биз Кыргызбыз! Кечееги создон кийин Кыргыздын мамлекети бар экендиги билинди!! ! Эгер жакпаса....... ........................
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   asmera   11 Ноябрь 2014 - 08:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 05 Февраль 13
  • Соңку аракети: 08 Янв 2018 09:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ОБН

Атамбаев азамат, мына эми чыныгы президенттин сөзүн айтты!

Ал эми динге ашкере ишенген, басса-турса Куранды, Шариятты айтып, өзүн да, башкаларды да алагды кылып, "ерунда" менен "заниматься" эткендерге айтаарым: "Өз ханын сыйлабагаң - башканын ханын сыйлап калат".
Ошондуктан кысчу жерди акырын кысып, куску келтирчү, түшүнүсүз "мазхаб" , "ширк-мирк" , ж.б.у.с. сөздөрдү эч кимге угузбай сүйлөп, сасыган, чубалжыган дамбалыңарды, хиджабыңарды көзгө көргөзбөй, үйүңөрдө кийип, акырын турмушуңарды өткөрө бергиле. Антпесеңер, президент айткандай, "ошондой өлкөлөргө барып жашап каласыңар. Эч ким каршы эмес. Биз эл-жерибизди, тилибизди, дилибизди коргоп, сактап калуу үчүн чечкиндүү кадамдарга даярбыз. Муну эч ким унутпасын! ".

Баса белгилеп айтаарым, дин - азыркы заманда силер ойлогондой ишеним эмес, эң күчтүү, эң кубаттуу идеология. Ал идеологияны ишке ашыруу үчүн ислам төбөлдөрү эч кандай финансылык ресурстарды, адам өмүрлөрүн аябайт. Бул буга чейин болгон, азыр да болуп жатат жана мындан ары да боло берет. Муну - дүйнөлүк саясат деп койот. Алар эч кандай партия-мартия түзүп убара болбой эле, дин аркылуу башыңарды айлантып, "тирүү бутага (мишенге)" айлантып коюшат. Өзүңөр да байкабай каласыңар.

Ошондуктан, көзүңөрдү ачкыла, каяктагы эскирип, чалдыбары чыккан, пайдасы жок китептерди окуп, чала сабат, өздөрү эмне айтып атканын түшүнбөгөн "молдоке" сөрөйлөрдүн айтканын угуп, башыңарды "мусорго" толтурбай , Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө пайдасы тие турган илим-билимге ээ болгула, амалдарды жасагыла!

Ошондо, анча-мынча болсо дагы кээ бир түшүнүксүз суроолор, аз-маз болсо дагы "сомнениелер" пайда боло баштайт. Анткени, адам болгондон кийин болуш керек да мындай нерселер. Эгер мал болсок, анда кете бермекпиз айдактаган жакка.

Билдирүүнү түзөткөн: asmera: 11 Ноябрь 2014 - 09:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   raia   11 Ноябрь 2014 - 10:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Илгерки замандан ата бабабыз кыргыз болуп туулуп,кыргызмын деп жашап кыргыз болуп отуп кеткен.Ал эмне учун биз озгорушубуз керек.Озубуздун каада салтыбыз,урп адатыбыз бар.кылымдан кылымга жашап келген.Атам рахматы болгур (кайнатам) беш маал намазын калтырбай окуп,соопчулук ишти коп кылат эле.Жалган суйлоп бироонун бир нерсесине коз алайтпайт эле.Бергенине шугур деп оз ырыскысын мээнети менен тапкан киши эле.Бир жылы бир адамды издештирип, таппай журуп сураштырып журуп аты менен чыгып уч кун дегенде уйго келишти.Корсо илгери бир бир адамдан 2 сом акча алып аны бере албай калган экен эле.Намаз окуп бутуп падышабыздан баштап жетим жесирлерге да жакшылык тилеп кетер эле.Намаз окуганга даярданганда таза кийимин кийп,башына ак чалмасын (туура эмес айтсам кечирим сурайм) башына кийп анан жайнамаз салып отурар эле.Кийимин, жайнамазын таза тутар эле.Куран китебин дайыма ак чупороко ороп койот эле.
Атам дайыма сакалына конул болуп,тегиздеп, жайкалтып жакшы алып журор эле...
Ал эми азыр сунот деп кийинип алганы менен дамбалдары шакмары чыгып кеткен,сакалы сербейип кээ бириники жудоп турганын коруп зэнин кейийит.Бут жактарын айтпай эле койойун.Ушундай кийинген жигиттерин деле кыздарын деле кобурок жалганчы болушарын дин жагынан саймедиреп элге айтканы менен оздорунун жан дуйносу таза болбогонун коп эле жерден коруп журобуз.Жакшынакай сулуу жузду,билими кучтуу кыздарды бал тилине салып алып алып,хиджапка киргизип бирок оздору ачык кыздардын артынан коз алайтып жургондорун, оронгон аялынын кадырына жетпей кагып силкип турганын угуп да коруп да журобуз.
Атам ракматы болгур жетимдин башын сыласан сооп болот.Жесир менен жетимдин акысын жебе деп бироолорго айтканын угуп калат элем.
Биздин жээнибизди илими бар жигит суйуп куйуп журуп бербегенине койбой артынан тушуп алды.Эми сен жетимсин,сурарын жок,жетимдигин тез тез айтып кордоп,уруп, оозго алгыс создор менен кордоп турат экен.Мына сага илими бар,кучтуу молдокенин кылганы.Мына ошол илим менен кошо жан дуйносун,маданиятын остурсо болмок.
Ошон учун биз кыргыз болгондон кийин ата бабабыз кандай каада салт менен келсе,кандай болуп келсе ошондой болгонубуз эле жакшы болсо керек.Биз канча оронуп,чумконгонубуз менен жан дуйнобуз жарды болуп турса,сунот деп мажбуур кийингенибиз менен дилибиз таза болбосо анда кандай болду?
Биздин ошто кыздарды корсон кыргыз экенин жэ озбек экенин жэ турк экенин айрый албай каласын.Баары эле кара каш кара коз.
Мурун кочобуздо аласс кийген анан нукура кыргыз кыздары журор эле.
Кана эми жаштарыбыз келечекте нукура кыргыз кийимин кийип,нукура кыргыз тилин суйлоп,нукура кыргызымдын ак пейилин кармап,меймандостугун артырып,ошону менен бирге ата бабабыздай динди да туу тутуп оздорунон кийинки муунга таза кыргыз бойунча откоруп берсе деген эле тилек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   raku   11 Ноябрь 2014 - 10:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 89
  • Катталган: 10 Апрель 10
  • Соңку аракети: 12 Окт 2018 14:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Өйдөдө айтылган bossmos7, asmeraнын жазгандарына толук кошулам!! !
Атамбаев туура айтты, мындан дагы кеч болуп кете электе айтылганы жакшы болду.

Просмотр сообщенияraia (11 Ноябрь 2014 - 10:25) жазган:

Илгерки замандан ата-бабабыз кыргыз болуп туулуп, кыргызмын деп жашап кыргыз болуп өтүп кеткен. Ал эмне үчүн биз өзгөрүшүбүз керек. Өзүбүздүн каада-салтыбыз, үрп-адатыбыз бар. Кылымдан кылымга жашап келген.
...
... жаштарыбыз келечекте нукура кыргыз кийимин кийип, нукура кыргыз тилин сүйлөп, нукура кыргызымдын ак пейилин кармап, меймандостугун артырып, ошону менен бирге ата-бабабыздай динди да туу тутуп өздөрүнөн кийинки муунга таза кыргыз боюнча өткөрүп берсе деген эле тилек.

Туура айтасыз!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   11 Ноябрь 2014 - 12:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Силердин көз карашыңар боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары атеис жана теңирчи болушу керекпи?

Эч качан!!! Силерге да эгер жакпаса....... ........
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Nursss_Real_Madrid   11 Ноябрь 2014 - 13:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 434
  • Катталган: 04 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 21 Фев 2016 01:16
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Nurmuxammet (11 Ноябрь 2014 - 12:42) жазган:

Силердин көз карашыңар боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары атеис жана теңирчи болушу керекпи?

Эч качан!!! Силерге да эгер жакпаса....... ........


Бул жакта атеис же Тенирчи бол деген жок. Намаз окуп мусульман боло бергиле бирок фанат болбогула деп жатат. Башкача айтканда арабтардын кийимин кийбей аларды туурабай кыргыз болгондон кийин кыргызча жургуло деп жатат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   edu.kg   11 Ноябрь 2014 - 13:40

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Просмотр сообщения raia (11 Ноябрь 2014 - 10:25) жазган:

Илгерки замандан ата бабабыз кыргыз болуп туулуп,кыргызмын деп жашап кыргыз болуп отуп кеткен.Ал эмне учун биз озгорушубуз керек.Озубуздун каада салтыбыз,урп адатыбыз бар.кылымдан кылымга жашап келген.Атам рахматы болгур (кайнатам) беш маал намазын калтырбай окуп,соопчулук ишти коп кылат эле.Жалган суйлоп бироонун бир нерсесине коз алайтпайт эле.Бергенине шугур деп оз ырыскысын мээнети менен тапкан киши эле.Бир жылы бир адамды издештирип, таппай журуп сураштырып журуп аты менен чыгып уч кун дегенде уйго келишти.Корсо илгери бир бир адамдан 2 сом акча алып аны бере албай калган экен эле.Намаз окуп бутуп падышабыздан баштап жетим жесирлерге да жакшылык тилеп кетер эле.Намаз окуганга даярданганда таза кийимин кийп,башына ак чалмасын (туура эмес айтсам кечирим сурайм) башына кийп анан жайнамаз салып отурар эле.Кийимин, жайнамазын таза тутар эле.Куран китебин дайыма ак чупороко ороп койот эле.
Атам дайыма сакалына конул болуп,тегиздеп, жайкалтып жакшы алып журор эле...
Ал эми азыр сунот деп кийинип алганы менен дамбалдары шакмары чыгып кеткен,сакалы сербейип кээ бириники жудоп турганын коруп зэнин кейийит.Бут жактарын айтпай эле койойун.Ушундай кийинген жигиттерин деле кыздарын деле кобурок жалганчы болушарын дин жагынан саймедиреп элге айтканы менен оздорунун жан дуйносу таза болбогонун коп эле жерден коруп журобуз.Жакшынакай сулуу жузду,билими кучтуу кыздарды бал тилине салып алып алып,хиджапка киргизип бирок оздору ачык кыздардын артынан коз алайтып жургондорун, оронгон аялынын кадырына жетпей кагып силкип турганын угуп да коруп да журобуз.
Атам ракматы болгур жетимдин башын сыласан сооп болот.Жесир менен жетимдин акысын жебе деп бироолорго айтканын угуп калат элем.
Биздин жээнибизди илими бар жигит суйуп куйуп журуп бербегенине койбой артынан тушуп алды.Эми сен жетимсин,сурарын жок,жетимдигин тез тез айтып кордоп,уруп, оозго алгыс создор менен кордоп турат экен.Мына сага илими бар,кучтуу молдокенин кылганы.Мына ошол илим менен кошо жан дуйносун,маданиятын остурсо болмок.
Ошон учун биз кыргыз болгондон кийин ата бабабыз кандай каада салт менен келсе,кандай болуп келсе ошондой болгонубуз эле жакшы болсо керек.Биз канча оронуп,чумконгонубуз менен жан дуйнобуз жарды болуп турса,сунот деп мажбуур кийингенибиз менен дилибиз таза болбосо анда кандай болду?
Биздин ошто кыздарды корсон кыргыз экенин жэ озбек экенин жэ турк экенин айрый албай каласын.Баары эле кара каш кара коз.
Мурун кочобуздо аласс кийген анан нукура кыргыз кыздары журор эле.
Кана эми жаштарыбыз келечекте нукура кыргыз кийимин кийип,нукура кыргыз тилин суйлоп,нукура кыргызымдын ак пейилин кармап,меймандостугун артырып,ошону менен бирге ата бабабыздай динди да туу тутуп оздорунон кийинки муунга таза кыргыз бойунча откоруп берсе деген эле тилек.

Эч болбосо ушу эжэ айтканын туура деп тушунгулочу урматту билермандар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   edu.kg   11 Ноябрь 2014 - 13:51

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Просмотр сообщения Nursss_Real_Madrid (11 Ноябрь 2014 - 13:02) жазган:

Бул жакта атеис же Тенирчи бол деген жок. Намаз окуп мусульман боло бергиле бирок фанат болбогула деп жатат. Башкача айтканда арабтардын кийимин кийбей аларды туурабай кыргыз болгондон кийин кыргызча жургуло деп жатат

Бирнерсе деп ойунду жаза калсан эле сразу создору даяр ааа сен тенирчисин ааа сен атейссин ааа сен аллахтан ашык суйлодун дешет. Аллахтын алдында пенде болгонсон,пенде ой жугуртот ойлонот суйлойт жазат оз ойун. Кудайга шугур колдон келгенин жасап,момунчулуктун фарзын аткаруудабыз. Эми суроо силерге ошол фанат болуп баш отун менен кирип кетуунун зарылчылыгы барбы? Уй було эмне болот бала бакыра эмне жеп эмне ичет кайдан кийинет деген ой болобу? Жэ аллах берет пендесине деп айлап кундоп дааватта журо бериш керекпи? Аллах дагы аракет кылсан берет бир ишке, анан жатып алсан же уйдон безип журо берсен эмнеге бермек эле. Рая эжэ айткандай мусулманчылыктын биринчи кузгусу ошол угутоп жургон адамдар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   asmera   11 Ноябрь 2014 - 13:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 05 Февраль 13
  • Соңку аракети: 08 Янв 2018 09:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ОБН

Просмотр сообщения Nurmuxammet (11 Ноябрь 2014 - 12:42) жазган:

...Кыргыз Республикасынын жарандары атеис жана теңирчи болушу керекпи?

Буга чейин биздин аталар дамбал кийип, сакал өстүрбөй эле, энелерибиз болсо хиджап кийбей эле ислам динине соп-сонун, керек болсо силерден ашыгыраак, ишенип келишкен. Азыркылардыкы - баары көрсөтмө.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Nursss_Real_Madrid   11 Ноябрь 2014 - 13:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 434
  • Катталган: 04 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 21 Фев 2016 01:16
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения edu.kg (11 Ноябрь 2014 - 13:51) жазган:

Бирнерсе деп ойунду жаза калсан эле сразу создору даяр ааа сен тенирчисин ааа сен атейссин ааа сен аллахтан ашык суйлодун дешет. Аллахтын алдында пенде болгонсон,пенде ой жугуртот ойлонот суйлойт жазат оз ойун. Кудайга шугур колдон келгенин жасап,момунчулуктун фарзын аткаруудабыз. Эми суроо силерге ошол фанат болуп баш отун менен кирип кетуунун зарылчылыгы барбы? Уй було эмне болот бала бакыра эмне жеп эмне ичет кайдан кийинет деген ой болобу? Жэ аллах берет пендесине деп айлап кундоп дааватта журо бериш керекпи? Аллах дагы аракет кылсан берет бир ишке, анан жатып алсан же уйдон безип журо берсен эмнеге бермек эле. Рая эжэ айткандай мусулманчылыктын биринчи кузгусу ошол угутоп жургон адамдар.


Овада, бул фанаттар ушундай жол менен кете беришсе бир куну оздорун бомба мн жардырышат бейишке тушобуз деп. Кыскасы булар робот болуп калышкан да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   edu.kg   11 Ноябрь 2014 - 14:03

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Кыргыз экенинерди кыргыздынтукуму экенинерди унутпагыла. Баарыбыз момунбуз баарыбыз муслман фарзын аткарууга милдеттубуз! !! Ошенсе да баш отун менен кирип,кыргыз экенибизди унутпайлы . МАГА капа болбогула сураныч катуу тийсе кечиреерсинер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   edu.kg   11 Ноябрь 2014 - 14:08

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Просмотр сообщения asmera (11 Ноябрь 2014 - 13:54) жазган:

Буга чейин биздин аталар дамбал кийип, сакал өстүрбөй эле, энелерибиз болсо хиджап кийбей эле ислам динине соп-сонун, керек болсо силерден ашыгыраак, ишенип келишкен. Азыркылардыкы - баары көрсөтмө.

Туура айтасын кошулам сага. Тиги жакта „журок сырында„ „Туштук кызы„ деп бир форумчу кызыбыз жакшы чыгарма жазып жатат. Ошол чыгармпда буга чейин кыргыз кызы кандай болгондугу дааана жазылып жатат. Ошол жакка отуп окуп койгула Кыргыз кызынын кандай болгонун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Asan-aka   11 Ноябрь 2014 - 14:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 548
  • Катталган: 10 Май 14
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 12:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КАЙСЫЛ ЖЕРДЕ ЫЗЫ ЖАНА ЧУУ БОЛСО НАК ОШОЛ ЖЕРДЕ.

Ошол фанаттар адам беле динди болуп динге жанылык киргизген шакалдар да.Ар нерсе оз оорду менен болгону дурус
Фанаттарбы болунгон уюмдарбы алар оруктун шагынан алма издеген келесоолор да
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР







А.ОСМОНОВ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   edu.kg   11 Ноябрь 2014 - 14:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Фанат болуп баш оту мн кирип кеткенден кийин мусулманчылыкка карама каршы жагдайларды жаратууда. Тероризм ошол фанаттардын айынан келип чыгууда,тынч жаткан калкты басып алуу жэ болбосо жардырып оз жанын кыйып башкаларга да залакасын келтируудо. Болбосо тероризм дегендин Т сын тушунбойт элек бул учурга чейин. Алыскы ислам олколоруно тенелебиз алардын бааардык жашоо шарты жетишкен олколор,кааласа он аял алып бага алышат,кааласа каалаган саясатын жургузо алышат. Биз деген кичинекей Кыргыз деген мамлекетпиз алардын абалына жетиш учун коп эмгекти коп жылдарды талап кылат. Кереги жок бизге башка олконун саясаты. Аллахым буйруп насип кылса бизда бир кун толук кандуу Ислам мамлекетти аталаарбыз. Азырынча бизге эрте себеби бир коомдон бир коомго алмашкан олкобуз. Акырындык менен мусулманчылыкам туз коз караш менен карап жаткмныбызга бирааз кубанасын бирок ошол нерсени коргозуу жэ болбосо угутоо бизде терс жактарын коргозуп жатат аны мойунга алыш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   bossmos7   11 Ноябрь 2014 - 14:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 991
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Июн 2015 21:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Moscow

Просмотр сообщения edu.kg (11 Ноябрь 2014 - 11:31) жазган:

<br />Фанат болуп баш оту мн кирип кеткенден кийин мусулманчылыкка карама каршы жагдайларды жаратууда. Тероризм ошол фанаттардын айынан келип чыгууда,тынч жаткан калкты басып алуу жэ болбосо жардырып оз жанын кыйып башкаларга да залакасын келтируудо. Болбосо тероризм дегендин Т сын тушунбойт элек бул учурга чейин. Алыскы ислам олколоруно тенелебиз алардын бааардык жашоо шарты жетишкен олколор,кааласа он аял алып бага алышат,кааласа каалаган саясатын жургузо алышат. Биз деген кичинекей Кыргыз деген мамлекетпиз алардын абалына жетиш учун коп эмгекти коп жылдарды талап кылат. Кереги жок бизге башка олконун саясаты. Аллахым буйруп насип кылса бизда бир кун толук кандуу Ислам мамлекетти аталаарбыз. Азырынча бизге эрте себеби бир коомдон бир коомго алмашкан олкобуз. Акырындык менен мусулманчылыкам туз коз караш менен карап жаткмныбызга бирааз кубанасын бирок ошол нерсени коргозуу жэ болбосо угутоо бизде терс жактарын коргозуп жатат аны мойунга алыш керек.<br />
<br /><br /><br />

Жок ! Биз Эч качан Ислам мамлекети болбойбуз! Биз бул динди тутунган гана мамлекет болушубуз керек. Кыргыз мамлекети.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 00:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: