Өзү: акырыныңыз,
үшүп кетти, ыткытып жатат, абайлаңыз, тумчугуп калат. Кулагына суу кирген жокпу деп энесине ишенбей, карап турат. Мыскалдын ачуусу келе: — Ой кандайсың деги. Сенин күйөөңдү деле киринткем, неберем баламан да ысык. Эми чачын кыркып, кырк кашык сууга чайкап ырымдап, кыркын чыгаралы деди.
— Азыр токтосоңуз,
апаман сурап көрөйүн?— деп апасына телефон чалды.
Бул учурда Мыскалдын: келин баары бир кайненени өз энесиндей көрбөгөнүнө,
кырк күн колун сууга салдырбай, ысыктап кетпесин деп кайнатма тамак жасап бергенин баалаган жок. Бирдеме айтсаң эле энемен сурайын деп кишини келесоо тутат окшойт деп ачуусу келип турду. Мыскал бүгүн таң эрте туруп, камыр ачытып, тогуз токоч бышырып, кошуналарына таратып чыккан.
— Апа, туура эле экен. Сиз айткандай эле кыркын чыгарат экен. Алар кой союшуптур деди.
— Эртең менен эмне үйдү түтүн кылып жибердиңиз дегениңде айткан жок белем. Сен турганча тогуз токоч жасап, куран окуп, таратып койдум. Болот ошол, мал сойбойт деле,— деп жактырбагандыгы үнүнөн байкалып турган.
Кечинде Белек жумуштан келип, чай ичип алып, бөлмөсүнөн чыкпай кечке баласын эрмектеп, акыры уктап калат. Апасы жалгыз бир бөлмөдө, кечке телевизор тиктеген болот. Эшке чыгып, сөөк саактары какшаганча басып келет. Атасына эстелик катары мүрзөсүнө барып, кыш катуулап киргиче, арча тигип келсең боло деп айтайын деп айталбай жүрөт. Ал акыбалын сурап, атасына куран окуп, жаныма олтурса анан айтайын деп жүргөн. Бирок Белек баласына шашып келет, ал менен көп нерсени кыялданышат.
Сүрөткө түшүрөт. Өздөрү да башынан ушинтип жумуштан келгени ар кими өз бөлмөсүндө болуп, көнүп калышкан да. Апасынын жалгызсыраганын,
баласы менен сүйлөшкөнгө аны күтүп жүргөнүн сезбейт. Айсулуу да кечке зеригип, Белекти чап кенедей жабышып, апасына жибербейт. Мыскалдын сиңдилери баланы көргөнгө келишти. Эшикте кыламыктап кар жаап турду. Аларга кайненесинин төшөгүнөн алып келип салып койду. Септеги төшөктөрүн зымырата катып салган. Мыскалга анысы да жакпай турду. Айсулуу аларга тамак жасап бермек түгүл баласынан чыга албай жатты. Менменсинген аялды бешик берет сазайын дегендей, баягы тырмагын өстүрүп, үлпүлдөп өзүнө каранган Айсулуунун жүдөгөнүн айтпа. Баласы менен алек болуп, күндүн чыкканы да батканы менен да иши жок. Эптеп эле баласын чоңойтсо болду. Баласын конокторго кармата коюп, жүгүргөн келин жок.
— Тим эле келиниң Манас туугандай го деп кетишти. Кайнененин ичине келининин жагымсыз кылыктары топтоло берди. Эшикке таза абага чыкты. Кыш келип, бат эле караңгы кирген менен ай жарык экен. Жердеги аппак карлардан улам ого бетер жарык болуп туруптур. Аппак карларды карап Мыскалдын көзү карыга түшүп, бир аз көнө түшкөндөн кийин тарап кетти. Ал студент кезинде шаардан Таласка үйүнө түнкү автобус менен баратып, автобус бузулуп, Жамбылда үшүп турганда күйөөсү экөө таанышканын эстеп кетти. Ооба, ошондо кыш мезгили болчу. Бирок анда ай караңгы эле. “Жүрү, үшүп кеттик, ашканадан тамактаналы”— деп колтуктап алса тааныш бирөө-жарым көрүп калабы деп элеңдеп эки жагымды каранам. Ой — боюма койбой жетелеп келатты. Аярлай бир аз баскандан кийин көздөрүм караңгыга көнүп, ылдамдай басканбыз. Ээ, андан бери канча кыш өттү, бирок ошол кыш, кечээ эле болгондой эсимен кетпейт деп үшүгөнүн сезбей көпкө турду.
Айсулуунун кайнатасы өлгөндөн кийин кайненеси өзгөрдү, мурда мындай иштерине көңүл бурчу эмес. Белек айлыгын Айсулууга берет. Апасы иштебей акчасы жок. Дарысы түгөнгөнүн айтса унутуп коюшат. Алымкан кудагыйына келип, ал-абалын көрүп, кызына акылын айтып кетти.
— Кызым,-деди ал,— сеники да жалгыз бала болуп, кайненеңе кылган мамилеңди кийин өзүң келиниңден аласың. Чын пейилиң менен жакшы кызмат кыл. Өзүңдүн карылыгыңды ойло, балам. Бул жашоодо кимге эмне кызмат кылсаң, ошону кайра ушул эле жашоодон ыраатын көрөсүң. Жакшылыгыңдын да жамандыгыңдын да. Адамдар жакындарын апасына, балдарына туугандарына кошунасына жакшы сөздөрдү айтып көңүлүн көтөргөнгө караганда нааразычылыгын,
таарынычын,
капачылыгын айтканды жакшы көрөбүз. Эми сен апаңа эрегишпей анын сөздөрүн көтөрүп, оор күндөрүнөн чыгар. Кайненең жаштайынан жесир калып убал болду. Ал да жаш балаңдай сенден мээримдүүлүктү,
сыйды, жакшы сөздү күтөт. Сен аны балаңдай эркелетип, маал-маалы менен дары дармегин берип, жаңылыктардан айтып берип, көңүлүн көтөр. Белек-бечкек алып берип, концертке алып барып анын жанында көбүрөөк болгула деп кетти.
Кайнене менен келиндин ортосунда кыргый кабак башталат. Айсулуунун ар бир кылган иши көзүнө одоно көрүнө берет. Анан эле чыртылдап жактырбайт.
Жай кыймылдап жүргөнчө чайы муздап калат. Ал болсо ысык чайды жакшы көрөт. Айсулуу кээде байкабай кайненесине чети кетик чыныга чай куюп жиберет.
"Кайнене-келин баяны".. жаш жубайлар
#21 12 Ноябрь 2014 - 00:32
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#22 12 Ноябрь 2014 - 00:33
Белек келгенче кечки тамакты алып келсе, ага да ачуусу келе: Үй ээси бизден калган кешигибизди ичмек беле деп капаттап, тамак ичпей диванга олтуруп алды. Айсулуу жини келе атайын ага далысын сала олтуруп, шуркуратып сорпосун иче берди. Кийинки күнү тамактын астын өзүнчө куйуп койдум дегенден кийин ичет. Мыскал уулуна айтып он ай көтөрүп, омурткамды сыздатсам, сени кандай түйшүк менен баккам, тишибиздин кирин соруп, Москвага окуттук деп кадимкидей опурулуп кирчү. Белекке апасы аялың минтти антти деп айта берип, уруштары улам күн, ай өткөн сайын көбөйүп баратты. Аялы да апаң ар бир кадамымды тескейт. Кече минтти, бүгүн антти деген сайын аялына нааразы. Жумуштан чыгып үйүнө келгиси келбейт. Заарканып, кимиси кимисинин бетин тытып салды деп араң келет. Мурдагы көзү менен тең айланган аялынан жылуулук жок болуп баратты. Балага болушуп кайненеси чыкты.
— Муну урганың мени урганың, ушинтип тарбиялайм деп жатасыңбы?
— Баланы мен төрөгөм. Кандай тарбия берсем өзүм билем.
Аларды көрүп Белек ачууланып ортого түшсө Айсулуу да ачуусуна жеңдирип, кыйкырып чыкты. Итти деле ура берсе чая болот да. Айсулуу да кайненесинин жемесинен улам бети ачылып бейжай болуп алды.
— Тилиңди кыскарт,— деп аны бөлмөсүнө түртүп киргизип койсо Айсулуу кийинип алып төркүнүнө кетип калды. Экөөнү уруштуруп алып, Мыскал да кайра үйүнө батпай калды. Үн сөзсүз экөө эки бөлмөдө телевизор тиктеп олтурушат. Белек бөлмөсүндө коңулдап, баласынын ар бир оюнчугун кармалап, кийимдерин жыттап, аялы менен таанышканын эстеп жатты. Анда кыш мезгили эле. Сотка алганы Мегаком кампаниясына келип, Айсулууну көргөн. Ал ошол жерде иштечү. Кыз сотканы түшүндүрүп жатты. Эмнегедир алардын көздөрү тиктеше калып, кыз уялгандан көзүн ала качып, башка жакты карап калып жатты. Белгисиз күч алардын көздөрүн көздөрүнө аргасыз кайра— кайра кадалта берди. Кемел ансайын от чачкан каректерин теше тиктейт. Айсулуу албыра толкундап, бети кулагына чейин ысып чыкты. Кемелдин жүрөгү туйлап, оозунан сөзү түшө, жалдырап эле карайт. Бирок бардык күчүн жыйнап кечинде сизди узатып койсом болобу деп сурап алган. Кыз күтпөй кетип калбасын деп алган соткасын кайра кызга таштап кеткен. Кечке чейин Айсулуунун сөздөрүн кайталап, элесин элестеп жүрдү.
Жумуш убактысы бүткөндө Кемел келип, экөө аялдамага баратышты. Тили буулуп калгансып, сөз таппай Кемел кыйналып келатты. Алардын аңгемеси да кадамдарына шайкеш келип, жай эле. Кар калың жаап, суук болуп тургандыктан бассаң таманыңдагы карлар качыр-кучур этип дабышың угулуп жатты. Болгон эркин жыйнап, тамагын жасап алып, өзү жөнүндө айтып кирди. Кайра ичинен мактанып салдымбы деп бүдөмүктөнөт. Айсулуу да өзү жөнүндө айтып берип, бири-биринин телефондорун, даректерин алышкан.
Кийинки күнү жигит кызды кафеге чакырды. Тамактангандан кийин бийге чыгышты. Күн мурун камдап алган сөздөрүн айта албай мукактанып, унутуп да койгон. Ал чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып көл-шал болгон чекесиндеги терин аарчыды. Алар анчейин сүйлөшө албаган менен жүрөктөрү сүйүүлөрүн билдирип жатышты. Музыка да жалгыз алар үчүн коюлгансып, денени жибитип, жүрөктөрүн эзип турду. Вальс бийлешсе экөөнүн тең колдору, денелери калчылдап, жүрөктөрүнүн катуу соккону бири-бирине билинип турган эле. Чекесинен тер чылпылдап чыккан. Бул дүйнөдө экөө гана жүргөндөй бактылуу болушкан. Ал күн эмеле болуп өткөндөй эстеген сайын толкунданып, өзүн коёрго жер таппай калган. Ошентип кыз кылтакка илип алып, анан ушинтип азапка салды.

#23 12 Ноябрь 2014 - 00:34
Ойгонсом көз алдымдан, уктасам түшүмдөн кетпедиң го. Кийин үйүнө барып, суукта тоңуп, ары–бери басып, колумду үйлөп жылытып, кеңгуруча секирип далай үшүктөн калдым. Ал назик колу менен колумду аяр кармаганда,
ток ургандай кайра ысып чыкчу. Бир аз үйүнүн тегерегинде серүүндөп кайра кайтчымын. Сүйүүмдү кышта тапкан үчүнбү айтор кышты жакшы көрөм. Ал деле мага кайдыгер эмес эле. Кечиксем кабагы түйүлө, коркутуп, сүйөөрүн даана билгизип койчу. Эми эмне болду билбейм. Бешенеси тырышып, сустаят да турат. Эч ким жакпайт. Апам да таза аңдып алды аны. Эмне кылсам, артынан барып алып келсем аялсаак деп апам жаман көрөт го. Барбасам аларды бир күндө эле сагынып кеттим. Бир жума эптеп чыдайын, апам өзү айтсын деп ойлонот.
Мыскал баласына кичинесиндегидей кылып жакшы тамак бышырып берчү болду. Анысы болсо тултуюп ичпейт. Жакшы жемпир да алып келип берди, көңүлүн улагысы келип. Аны да кийбей койду. Баласынын кабагы ачылбай, ачка-ток жүргөнүнө жүрөгү ооруйт. Бирдемсе сураса, көңүлсүз күңкүлдөйт. Өзүн жемелейт. Небересин сагынат. Баласын ичинен тилдейин десем жалгызсың, тилдебейин десем байкушсуң деп армандап алат. Кыйын болгондо да Мыскалга кыйын болду. Эринен ажыраганы бир тең болсо, келин баласы да минтип күнөөлөп кошул-ташыл кайгысы артты. Деги иши оңолбос болду, кургурдун. Ансыз да ичмекейи ичинен болуп кусадан куурап жүргөндө. Эринен да булардыкы жаман экен. Жетимсиреп түндөй түнөрүп унчукпаган баласына боору ооруйт. Ойлуу жүрүп кырсыкка кабылбаса болду деп коркот. Бирөө-жарым келиниң кайда деп сурап ийбесин деп тышка да чыкпай калды. “Чыныгы байлык байлыктын көп болушунда эмес, көңүлдүн ток болушунда”— деп куранда айтылганы чын экен. Белек да түн бир оокумда келет. Таң эрте кетет. Аны арак ичип жүрөбү деп энеси шектүү карайт. Ал: балам үчүн намысты коюп, эртең барып келинди алып келейин. Балам атасы өлгөндө да мынча жаман болгон эмес. “Бокту чукуган сайын сасыйт” дегендей, жаман жагын эле көрө бербей, эми жалаң сеники туура деп, бийликти буларга берип, башымды чүмкөп жата берейин, мага десе өтүгүн башына кийип алышсын деп ойлоп жүрдү.
Айсулуу болсо төркүнүнө батпай, бир бөлмөдөн чыкпай калды. Үйгө бирөө-жарым келсе эле баласын көтөрө качып бекинип калат. Алардын эмне айтаары белгилүү да. Белекти тескеген эч ким жок, кыздар менен сейилдеп жүрөбү деген оңтойсуз ойлор ага тынчтык бербечүдөй. Ичи тарып, ошол кыздардын бетин тытып алгысы келип кетет. Анан эмне мында келгенине өзү да түшүнбөйт. Самын түгөнүптүр. Кечкиге эмне жейбиз. Үй жыйнайын. Оюнчукту эмне сындырдың деген Алымкандардын үйүндөгү күнүмдүк ар бир сөздөрүн өзүнө алып чүнчүй түштү. А турмак эркелеп эркин өсүп жаткан баласын да: Ага тийбе, буга тийбе. Үнүңдү чыгарба, акырын деп какмалап жатып, жүдөтүп ийди. Атасынан уялат. Ушунча адам менен жумуш түгөнбөгөн жер тамда Маянын жаркылдап жүргөнүн көрүп, андан уялат. Өзүн салыштырат. Булардын баласын көтөрүп, барктаган деле эч ким жок. Белек, үйү, көзүнөн учуп жатты. Бирок намысты кантет. Урушкандарын эки күндөн кийин эле унутуп калган. “Төркүнгө да төрөдөй кыз батат“— дегени чын экен. Эми кудай буйруп сүйгөнүм келип алып кетсе экинчи келбейм. Чачыман сүйрөп алып келсе да кайра андан мурун жетип барам. Ошол үй менин кенен, эркин жүргөн өз үйүм экен. Куда-а-й алтынымды жибитип, жибере көр. Ой буларда деле казан-аяк кагышат тура. Маянын кулагы анча мынчаны укпай, көзү да көрбөй коёт турбайбы. Кайыненесин аяйт экен, жемелесе кайра ошондой жиндимин апа деп кайра ырсалактайт. Кемел да жумуштан келатып үч шокалад алат экен. Апасына, аялына, баласына. Биз кайненеме шоколад, балмуздак, сок, пирожный дегендерди эч бербейбиз. Картаңдар андайларды жебейт деп ойлопбуз го. Уят. Меники тим эле, мунун жанында бейиш тура. Кой, ырбап кете электе, куру намысты коюп, кечинде Белек келгенде бир шылтоо таап үйгө барайын. “Туугандын таарынычы Торконун жыртыш таратканынча” деп апам көп айтчу эле. Тууганы эмес алардын бүлөсүмүн да. Барсам, калгыла деп бир ооз айтышаар. Ээк, айтпаса да калам! деп чечип койду. Ойлонсун деп Алымкан апасы да эч алардын турмушу тууралуу кеп козгобой койгон. Кечинде Айсулуу баласын көтөрүп, эч кийимин албай Белектикине барды. Эшикти кайыненеси ачып:

#24 12 Ноябрь 2014 - 00:35
— Келгиле. Кандай куда, кудагый жакшы жатышабы? Эмне мынча бир жума жатып алдыңар? Ырас болбодубу, жалгыз тамак иче албай олтурат элем. Ой, сен мени эмне таштап кеттиң го? Мен коркподумбу?
Экинчи таштабайм дечи? Менин башым ооруп, ыйладым. Соороткон эч ким жок. Дарымды шкафтан алалбай, жаман куурадым. Эртең догдурга жатам. Мага мамаң экөөң оокат алып баргыла ээ,— деп сүйлөй элек небересине “керегем сага айтам, келиним сен ук” дегенсип даттанып жатты. Кайыненесинин мамилеси түп көтөрө өзгөрүлүптүр.
Небереси да тимеле камактан бошонуп келгендей сүйүнүп жатты. Айсулуу да өз чекилигин билди. Белек жумуштан маанайы пас келип, каалганы Айсулуу ачканда оозуна сөз кирбей какап калгансып, сестейе түштү. Күткөн эмес. Белек кайда бармак эле. Ал да бүлөсүнүн келгенине сүйүндү, бирок аялын башынан ылдый бутуна чейин сыдыра бир карап алды. Ал көз караш кек сактагандык эмес, кызганычтын көз ирмемдери эле. Айсулуу жашка толгон көзүн ирмегилеп, жашын артка тарталбай жатты. Аялынын минтип ыйлагысы келгенин анын ачуусунун тарап, кайрат-күчүнөн тайый баштаганы деп кымыңдап Кемел уулуна кетти. Караңгы киргенде Алымкан апасы кызына телефон чалып, кайда экенин билгенден кийин:
— “Адам баласы азапты сөзсүз өткөрүү ылаазым, азап-тозок аркылуу гана адам өркүндөп, пейил-кую оңолот” деп ким айткан.— деп кыйытты.
— Толстой, Достоевскийлер.
— Туура. Чыдаш керек. Жылаан чакпай, жылкы теппесе жылуу ордуңду козгобо, каралдым. Мейли, кош,— деп анын да жүрөгү тынчып калды.
Эртеси Мыскал догдурга жатты. Келин баласы табышып, үйдө тынчтык орногондо барайын деп ойлоду эле. Өзүнүн баркын да билгиси келди.
Мыскал догдурга он күн жатты. Айсулуу, Белектер күнүгө барып турушту. Алымкан кудагыйы доктурга барды.
— Кандай, жакшы болуп калдыңбы, кудагый? — деди жантарта.
— Ийи, кудайга шүгүр. Оорунун келмеги бат, кетмеги кеч экен. Дарыланып жатам.
— Ишин билген, күчтүү доктур бекен деги? Илгери биз доктур десе эле көрүнө берчү элек. Анда алар күчтүү эмес беле. Азыр тандап көрүнбөсө, билгенинен билбегени көбөйүп кетиптир.
— Дурус эле. Белектин курсташы экен. Чалым барда ооруу эмне экенин деле билбепмин, — деп көзүндөгү кылгырган жашын кайра тартып алды.— Бутумдун ооруганы басылбай жатат. Балдар да ооруңа оору кошуп берет экен да.
— Кудагый ыйлай берип, нервиңдин баарын бузуп алдың көрүнөт. Болду, эми жетишет. Ыйың асманга жетти. Ыйлап эле чакырып алсаң, эмгиче келет эле го. Эми өзүңө кара. Бутуңдагы оорунун сазайын берип, көп бассаң. Кудагый, мен деле балдарыңа айтчумду айтып жатам. Азыркылар укпайт. Ээнбаштар экен, эмне кылайын эми. Урушасыңбы, алдайсыңбы келин сеники, мага десең бышырып же. Мага эч нерсе айтпай өзүң тарбияла.
— Коюңузчу, урушуп эмне. Антип айтпаңыз. Ээнбаштар дегениңиз мага катуу тийди. Жапжакшынакай жалгыз эле келин-балам бар,— деп Мыскал кайра чычалап кетти.
— Болуптур. Сөзүмдү артка алдым кудагый, кечирип кой. Мейли, балдар бактылуу болуп, жаман балдарын багып жүрө берели. Кудагый бир балам эле бар деп кайгырба. ”Атасы он баласын бапестеп баккандай, он баласы жалгыз атасын багалбайт— деп бир акылман айткан экен. Азыркы балдар аман эле болушсун. Башка эмне дейли. Кой, эми мен кетейин,— деп дагы бир аз көңүл улаган сөздөрдү айтышкан соң коштошуп бөлүнүштү.

#25 12 Ноябрь 2014 - 00:36
А байкуш энесинин сөз тийгизбей секиргенин ошолор түшүнсө кана деп ичинен ойлоп турду Алымкан.
Мыскал күйөөсүнүн акыбалын билгиси келип догдурда жатып “Жан азыгы” деген ыйман китепти окуп чыкты. Андан Жан алуучу периште жанды алгандан кийин азап периштеси алып, оттон болгон матага ороп жетинчи кат көккө алып чыгып, кайта көргө алып келип денеге киргизилет. Мүңкүр-наңкир келип сурак алат. Эй ыплас пенде, рабың ким, пайгамбарың ким, диниң кайсы?”— дегенде, ал пенде ушундай коркунучтуу добуш менен ой-бойлоп чыңырат. Билбеймин деп кыйкырат. Андан кийин Алладан амир келет. Эй, тозок периштелери, көрүн тар жана караңгы кылып, өзүн тозокко салгыла. Кыямат күнүнө чейин уруп, от чокмор менен азап берип, жанына жылан-чаянды кошкула дегенден кийин, ошол айтканындай иштешет. Тозоктун сыпатын, анын кыйын азабын тил менен айтып жеткизүү мүмкүн эмес. Бирок Срат көпүрөсүн –тозоктун үстүнө тартат. Чыгуу 1000 жылдык, үстү тегиздиги 1000 жылдык, түшүү1000 жылдык – баары 3000 жылдык дегендерди окугандан кийин ал мурдагыдай болбой ыйманга келип, жалаң Аллага ибадат кылып калды .
Кудуретиңден кагылайын кудайым, чым жамынып жатып калган алтынымдын күнөөсүн кечип, бейишке чыгара көр. Өзүң колдо. Күнөөлөрүбүздү кечир жаннаттан жай бер деп тиленип, келин баласына мурдагысындай тыкыр көңүл бөлбөй калды.
Догдурдан чыкканда кудагыйынын башын куттуктап жакшы япон жоолук, кыргыз оюм басылган чермей белдемчеси менен алып келип кудагыйына кийгизип кетти. Анан эмне кылат, эптеп кызы батып кетсе деп эне байкуш чуркайт экен да.
Алымкан келинине:
— Жумуштарыңды бүттүңбү, эми эки саатыңды балаңа бөл. Таалим тарбия сабак өт. Тарбия биринчи үй-бүлөдөн башталат. Азыркы техниканын жетишкен учурундагы балдарды тарбиялоо бул бир чети оор, бир чети жеңил. Текчени карасаң “Мусулман адеби” деген китеп бар. Балаңа биринчи Алланы тааныт. Кудайдан корксо ата-энеси көрбөгөн жерден туура эмес иш кылбайт. Анан келме, куран, ыйман, өзүн алып жүрүү, улууларды сыйлоо, тамак ичүү адеби, уктоо адеби, кийим кийүү адептерин, эрктүүлүктү үйрөнсө келечек жолдору даңгыр болоорунда шек жок деди. Бул дүйнөгө эмнеге келгенин түшүндүр, эли бирөөнүн алдында чөгөлөбөгөн, намыстуу калк экенин айткын,— деди.
Балдарын бир кылка очор-бачар кылам деген Алымкандын эмгеги текке кеткен жок, талыкпай дагы болочокто эки уулун үйлөнткөнгө кудай күч-кубат бере көр деп тиленип жүрдү. А Мая болсо кайненесинин үндөгүнө кирип, алардын шартына көнүп, күйөөсүнө, үйүнө, баласына кир кийим кийгизбей, жаман тилин тийгизбей, жакшы келин болуп чыкты. Кырк беш жаштагы жаш кайынене менен албетте алтымыш бештеги кайнененин тарбиясы башка эмеспи.
Ошентип, арадан көз ачып жумганча үч жыл өтүп кетти.
Белек жаңы алган машинеси менен Ак-Өргөөгө келип токтоду. Авас эшиктин алдында турган. Жүгүрүп келип, жездесине кош колдоп учурашты. Ал мурдагыдай эмес, салкын учурашты. Көңүлү чөгүңкү. Ачкычты Аваска берип, көрө бер деп кетип калды. Машине түсү билинбей кир. Авас карап турабы, дароо сууга жакын айдап барып, жууп койду.
Белек үйгө кирип, учурашкандан кийин кайыненесине: Айсулуу Мегакомдон утуп алган эки кишилик жолдомо менен он күнгө эртең Анталияга эс алууга учканы жатат. Апам жалгыз калат, барбайбыз десем мени же энеңди танда деди,— дейт.
— Ок, танда дегени эмнеси. Жин тийген, кейбир кыз го. А сен эмне дедиң.
— Эч нерсе. Апамдын менден башка жакыны жок, карындашым да алыста. А Айсулууну сүйөм, ансыз бир саат да жашай албайм. Экөөнү тең кыялбай, жаман чайналдым.

#26 12 Ноябрь 2014 - 00:37
— Балам, энеңди эч кимге алмаштырба.
Ал сага эч убакта мени же аялыңды танда деп айтпайт. Эне өзү жалгыз бир үйдө калса да баласынын үй-бүлөсү жок жүрүшүн каалабайт. Биринчи энем, анан сен деп катуу эле айт. Кошунаңдын аялын чакырып алып балаңа бир момпосуй карматып энеңе же эжекеге бер деп көрчү. Күн мурунтан, балаң менен сүйлөшүп ал. Баласынын башканы тандап алганын көрүп кантээр экен. Акылы болсо ойлонот, – деп айткан менен уялгандан башын жерден алалбады.
— Макул апа, кеп-кеңешиңизге рахмат,— деп, санаадан өңү саргайып, шуңшуюп арыктап, жүдөгөн Кемел чыгып кетти. Ой басып машинесин жууп, ичине килем салып коюшканын да байкабай кетти.
Ал кетээр менен күйөө балам кадыр тутуп келген экен, эми кызыма кадырым өтөөр бекен деп телефон чалса анын телефону өчүк. Алымкан эне ал күнү өзүн коёрго жер таппай, аябай жаман болду. Айсулуунун кылган кылыктарынан уялганынан, келининин бетин карай албай бөлмөсүнөн чыкпай калды. Кызынын мугалими да, дарыгери да энеси да. “Эмнени эксең ошону аласың”, “Энесин көрүп кызын ал” деген макалдарда айтылгандай, демек мен жаманмын деген тыянак чыгарып алган. Кызына төрөлгөндөн бери аны кантип чоңойтконун эстеп жатты. Аны төрөгөндө өзүнүн каны азайып, көзү көрбөй калып, күйөөсү беш киши таап келип кан куйдурганын, алы-күчү жок жамбаш сөөгү чыгып, аябай кыйналганын, кийин желкабыс болуп ооруп, шишип кеткени көз алдына келе түштү. Тамактын таттуусун, кийимдин тазасын кийгизип, ырдайм десе ырга берип, бийлейм десе бийге берип, гимнастика десе спорттук гимнастикага берип, комуз десе аны үйрөттүрүп, мектептен кийин кошумча эки, үч тил үйрөттүрүп, мектебиндеги таймаштарына бүт классын даярдап, кийим тиктиртип чуркап, кинолорго тартылса деп кастингдерге, теле радиолорго балдарга арналган көрсөтүүлөргө алып баруучу кылып иштетип жүргөн күндөрүн эстеди. Эс алууга жайлоого, лагерлерге жиберди. Классынын эң алды болуп кымбат телефондуу болуп, кымбат кийимди кийди. Анан он төрткө келгенде баарын таштады. Эч нерсеге кызыкпай: уйку, кийим, акча, жигит, дос кыздар, башка эч нерсенин кереги жок болуп калды. Турмушка даярдайм деп үч жыл алдап да, урушуп да акырында “химичка эжебиз сизге окшоп келесоо болуп калыптыр” деген сөз уккан эле. Өз кызыман ушуну угам деп ойлогон эмес. Укту. Сөөгүнөн өтүп, чучугуна ийне болуп сайылып калды. Таарынды. Бирок кечирим сурап, актанууну угалган жок. Ошондо эле дээринде жок болсо, болбойт экен дебей артынан кууп көргөн-билгенимди айта берди. Үй тириликти таза, убагында жана так жаса дейт. Бирок жалкоо, эптпеп-септеп күм-жам кылат. Сабактан келип эмне жумушуңду кылып берейин деген болот. Ал мындай кезинде апама жумуш жасатпай, ал келгенче баарына үлгүрчү эле. Убара болбой тим кой, өзүм эле кылам десе сүйүнүп, олтуруп алат го чиркин. Эми ошонун баарын кайын-журтуна көргөзүп жаткандыр. Энесин аябаган, кайыненесин аяп калыптырбы? Кызына далай артист болду го, баары бир түшүнбөптүр. Тажатты көрүнөт. Кызга кырк үйдөн тыюу деген чын экен. Кырк эмес, ата-энесинин айткандары кулагына кирбесе кантесиң. Айла кеткенде эне азыр кереги жок болсо, кийин турмушка чыкканыңда эң керек деп да айтты. Энесинен акыл сурап, даттангысы келчү. Бирок уят экен, оозу барбайт. Көп эле иш колунан келет, баарынан бала тарбиялоо өтө оор экен. Беш балаң болсо бешөө беш башка. Өзүн энеси менен салыштырат. Бирок ал энесиндей боло албады. Ал баардык жагынан мыкты адам. Анын ар бир сөзү баалуу. Энесинин ыкмаларын да колдонуп, акырындан кыйытып айтып көрдү. Эч нерсе чыккан жок. Баарынан кызыгы “менин подростковый учурума силер түшүнбөйсүңөр, бир аз чыдап койгула” — дегенде күйбөгөн жери күл болбодубу. Кудая тобо, андайы жок эле чоңойду эле. Орустарды туурагандары го, айылда орус көрбөй эле чоңоюшпады беле. Айласы барбы?. Чыдайт экен эне. Тил албаса, жумуш жасабаса, сабак окубаса, көчөдө сандалып жүрсө түшүнүп, күтө бериш керек экен да! Нерв кетет экен. Андайды кыргызча эле ата-эненин мээсин мите курттай жеген учур деп эле коюш керек. Алтындай убактыларын текке кетирбей, өнөр же билим үйрөнүшү болмок да. “Кыздын сыры төркүнгө маалым” дегендей күйөө баласы менен кайыненесинен айланса болот, дагы муну батырып жүргөн. Балекетине каршы сүйлөйбү аларга? Эки адамды алдап-солдоп алып кете албаган. Кайынене деген буга чейин баарын белендеп баласын да, үй-жайын да бекер берген, бекер балаңды баккан, үйүңдү кайтарган, бекер бата берген, агын актай, көгүн көктөй жыйнап берген жардамчы го келинге. Же балдарына дүнүйөсүн тараткандай, беш-алты баласы болсочу. Кайыненелер баары жакшы болсо деп, өзүнүн жаш кезде кетирген кемчиликтерин кайталашпаса деп көп жылдык тажрыйбасын жумшайт. Бир айтат укпайт, эки айтат укпайт, анан эле кайынене деген атка конот. Келинге деле өз кызындай мамиле кылат. Бирок ошону келин түз кабыл албай кайыненелик кылды деп, өзү кайнене кылат. А аңкоо кызы өз энесине ишенип, кайыненесине ишенбейт. Кээде жакшы келинди да өз энеси эле турмушун бузуп койгон учурлар болот. Анан бара-бара кайынененин да ичи муздап, келинине боор бербей, аябай калат. Кийин келиндин балдары чоңоюп ал да кайынене болгондо ошондо кайыненесинин баркын билип кырк кырдуу акылман аял экенине көзү жетип аны сыйлай баштайт. Ал убакыт келгенде кайыненесинин көзү бар болсо жакшы экен. Бири-бирин кечиришип, батасын алып калат. Ой, билбейт эмнеден жазды. Кичинесинде ою менен болуп койдубу? Бир элге таанымал кыз болсо деп кыялданчы эле.

#27 12 Ноябрь 2014 - 00:39
Же беш ай эле эмчек эмди эле, ошондон мээрими жок, мэрес болуп калдыбы? Ооруп доктурга жатып калганда таенеси сүт менен он күн багып берген. Кийинкисине оңой болсун деп, орус класска окутту эле. Ошондон ушундай бетке чабар, эркеталтаң болуп калдыбы? Кызымды жакшы батырып алышсын деп, кошомат кыла бөйпөңдөйт.
Кайсы күнөөсү үчүн кызы минтип, күйөөсүнө шарт коюп олтурат? Күйөөнүн да ичи эмгиче муздай түшкөндүр. Кызынын тилин кесип салса сооп болмок экен. Телефонун өчүрүп салыптыр же токмоктошуп жатышабы? Кантип билсе болот. Кайыненеси кызыңды тый деп чакырбаганына караганда ал укпаса керек. Ылайым укпай эле калса экен. Ал байкуш деле намазын окуп, буларга зыяны жок, өз санаасы менен өзү. Балдары тынып кетпесе да эненин шору экен. Үйдөгү балдары тил алчаак. Айттырбай жумуш кылышат. Кандай болсо да эркектики билинбейт эмеспи. Ай, Айсулуу, сулуу болбой эле акылдуу жана бактылуу болсоң болоор эле. Макмал кызы улуу болуп, кошо талашып жумуш кылып жүрүп түйшүктүн көбүн көрдү. Дегеле баланы эркелетип бош койбоо керек экен деп калды. Кыздын төркүнүндө эле көргөнү көргөн деп жүрбөйүмбү.
Илгеркилердин кызды бешикке салаарда биринчи бешикке кайчы салганы туура экен. Бешиктеги кезинен башташ керек экен. Маям да акылы тетик, зирек, куйма кулак, ыймандуу, сабырдуу келин. Айсулууга жакшы жүр, сенден эле чыкпаса булардан эч нерсе чыкпайт, кудайдын момундары экен деп айткан ага. Босогосун аттаганда эле, алар да саал тизгиндебей,
жайдак койбодубу. Атаны иттин кызы эми эмне болот деп кирпик какпай чыкты. Эртеси эртең менен күйөө баласы телефон чалып:
— Апа, жакшы турасызбы? Бизден кам-санабай эле коюңуз. Мен аэропорттон чалып жатам. Бир сааттан кийин учабыз. Айсулуу менен Салмоор сизге салам айтышууда. Жакшы туруңуздар, — деди.
— И-ийи айланайын, аман-эсен барып келгиле, апаңар эмне деди? — деп кабырлана кетти.
— Өзү барып келгиле деп болбой койду. Баары жакшы, — деди жайдары.
Санаасы аз да болсо тына түшкөн кемпир чөнтөк телефонун өчүрүп, турган ордунан жер көчүп келаткандай башы айланып олтура кетти. Соодасы түгөнгөн сарттай болуп, шалдайып же сүйүнөөрүн билбей же күйүнөөрүн билбей босогону карап бир саамга катып калды. Кудагый байкушу өзү сымал баласы үчүн өзүн курмандыкка чалган экен, каңкайып үйүндө жалгыз калып.
Анан кайра эптеп өзүнө келип, окшошкон кана ээнбаштар ушуну кылмак. “Өз акыл өзөк менен тең, өзгөнүн акылы кишен менен тушоо”, “Бирөөнүн акылы бирөөнө сыйбайт”— деген чын экен. Бала төрөлгөндө кылык-жоругун кошо төрөбөйсүң. Мейли эми, ушундай кызды бергенине да тобо дейин. Үй-бүлө, бала-чакасы менен аман болсун. Мунун да өз орду бар. “Апа иштебе, жаныңды кара!”— деп калат эмеспи. Аман эле болушсун, бирөөнүн баласы ошону айтабы? Шүгүр ушуга да. Кечээ ачуум менен көп тилдеп койдумбу, кечир, Аллам. Түбү түз болсунчу. Жаш да, толук акылдарына кире элек. Кой анда, чалымды үйгө калтырып, булардын таштай качкан апасын курортко алып кетейин. Чалынан ажырап байкуш мурдагыдай болбой ментинен тайып калыптыр. Антпесем жалгыз үйдө куурайт го, байкуш. Баары жакшы эс алып, келгенде бири-бирин сагынышып ынтымактуу, бактылуу жашап кетишээр деп ойлогонундай эле эки кудагый эртеси он күнгө көлгө, курортко жөнөп кетишти.
(аягы)
Асылбекова Зульфира, 2012

#28 12 Ноябрь 2014 - 12:51
Мааниси ото терен экен,сизге рахмат,дагы жазып турунуз.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.

#29 12 Ноябрь 2014 - 15:42
Бул чыгарма бар болуш керек, мен жакында эле окуп чыккандай болдум эле.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#30 12 Ноябрь 2014 - 15:49
Ооба Адабият жакта бар го, ошентсе да рахмаат, Мээримка
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#32 14 Ноябрь 2014 - 18:24
Мааниси терен экен бирок бир кемел бир белек,бир мая бир айсулуу ошол жерлерден башым айланып кетти,атары алмашып басылып калганбы же кээ жерлеринде
#35 23 Ноябрь 2014 - 20:51
soonun,tarbia bere turgan 4ygarma eken,kaleminiz orkundoi bersin.