Солих эр
Ибн Умар розияллоху анхумдан риваят кылынган муттафакун алайх хадисте айтылат: Мен Расулулла с.а.вдан ушундай деп жаткандыгын уктум: «… эркек киши өз үй-бүлөсүнө башчы жана ал кол астындагылардан жоопкер…». Кишинин аялы да анын кол астындагылар катарына кирет. Аял кишиге башчылык кылуу төмөндөгү иштерди талап кылат:
Биринчи: Нафака кылуу:
Нафака Алла тааланын:
لِيُنْفِق ذُو سَعَةٍ مِن سَعَتِه وَمَن قُدِرَ عَلَيْهِ رِزْقَهُ فَلْيُنْفِقْ مِمَّا آتَاهُ الله
- «Бай-дөөлөттүү киши өз байлыгынан (т.а. байлыгына жараша) нафака берсин. Кимдин ырыскысы кемирээк кылынган (кембагал) болсо, анда Алла өзүнө ата кылган нерседен (т.а. өз абалына жараша) нафака берсин!». [65:7]
وَعَلَى الْمَوْلُود لَهُ رِزْقُهُنَّ وَكِسْوَتُهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ
- «Аларды (т.а. энелерди) жакшылык менен жедирип-кийдирүү атанын мойнунда». [2:233]
деген сөздөрүнө ылайык нафаканын өлчөмү маъруф, т.а. күч-токатынан тышкары нерсени жүктөбөө деп белгиленет.
Масъуд Бадрий d Набий с.а.вдан рыбаят кылган муттафакун алайх хадисте Пайгамбар с.а.в айтты: «Эгер киши ажр-сооп үмүт кылып, өз үй-бүлөсүнө нафака кылса бул нафака аның үчүн садака болот».
Сахихте Абдулла ибн Амр ибн Ос dдан мындай рыбаят кылынат: Расулулла с.а.в: «Өз карамагындагыларды кароосуз таштап коюу кишинин күнөөкөр болушуна жетиштүү болот» деди. Абу Хурайра рыбаят кылган муттафакун алайх хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Ар күнү таңга маал эки периште түшүп, алардын бири: Эй Парвардигер,
нафака кылуучунун сарптаган малынын ордуна (мал) ата кылгын дейт. Экинчиси болсо: «Эй Парвардигер,
сараңдын малына зыян жеткиз, дейт». Бухарий Абу Хурайрадан рыбаят кылган хадисте Набий с.а.в айтты: «Берүүчү кол алуучу колдон жакшыраак. Нафака кылууну өз карамагыңдагы кишилерден башта. Садаканын жакшысы өз муктаждыгынан арткан убакытта берилген садака. Кимде ким бирөөдөн бир нерсе суроодон өзүн тыйса, Алла аны суроодон пак кылат жана кимде ким башкага муктаж болбоону кааласа, Алла аны башкага муктаж болбой турган кылып коёт».
Саъд ибн Абу Ваккастан рыбаят кылынган муттафакун алайх хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Алланын ыраазылыган каалап бирер нафака кылсаң ажр-сыйлыкка ээ болосуң, ал тургай, өз аялың оозуна тамак салып койсоң да сооп аласың».
Муслим Абу Хурайрадан рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Алла жолунда бир динар инфак кылган болсоң, кул азат кылууда бир динар инфак кылган болсоң, бечарага садака кылууда бир динар инфак кылган болсоң жана үй-бүлөңө бир динар инфак кылган болсоң бул динарлар арасында эң сообу улуу болгону үй-бүлөңө инфак кылган динарың».
Муслим Савбандан рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в мындай деди: «Кишинин инфак кылган динарлары ичинде эң абзелдери үй бүлөсүнө сарптаган динары, Алла жолунда мине турган ат-улоосуна сарптаган динары, о.э. Алла жолундагы боордошуна сарптаган динары».
Хоким, ибн Хиббон, Ахмад жана башкалар Муавия ибн Хийдадан рыбаят кылган хадисте мындай делет: Мен: Эй Расулулла, аялдарыбыздын биздин үстүбүздөгү акылары эмнелерлен турат? - деп сурадым. Расулулла с.а.в айтты: «Тамак жегениңерде ага да тамак жедиришиңер,
жүзүнө урбастыгыңар,
кабих- жаман сөздөрдү айтпастыгыңар жана тарк кылсаңар үйдө гана тарк кылышыңар».
Термизий Амр ибн Ахвас Жашамий dдан хасан, сахих деп рыбаят кылган хадисте: Расулулла с.а.вдын хажжатул вадоъдо (коштошуу ажылыгында):
«… Аялдардын силердин үстүңөрдөгү акылары, аларды жакшы кийдирип жакшы тамактандырышыңар» дегенин уккан элем - деди. Нафака кылууга: тамак-аш, кийим-кечек,
үй-жай, кызматчы, зийнат буюмдары … менен камсыздоо жана ооруп калса даарылатуу сыяктуу иштер кирет. Булардын ар биринин кеңири баяндамалары бар, азыр аларга киришүүнүн орду эмес. Кимде-ким нафака жана жакшы мамиленин чокусуна жетүүнү кааласа, Абу Зариъдин өз аялы Умми Зариъге кылган мамилесин кылсын.
Сахихте келген хадисте Расулулла с.а.в Айша d энебизге Абу Зариъ жөнүндө: «Мен сизге Абу Зариъ Умми Зариъге кандай мамиледе болгон болсо, ошондой мамиледе болдум»-деген эле. Бул хадис узун хадис болуп, анда түшүнүү кыйын болгон сөздөр бар. Ошондуктан шару (кеңири баяндама) китептерине кайрылуу зарыл. Киши өз үй-бүлөсү үчүн бир жылдык тамак-ашты камдап коюшу да мүмкүн жана бул мүмкүн деп эсептелет. Буга далил Бухарий Умар dдан рыбаят кылган ушул хадис: Пайгамбар с.а.в Бани Назир уруусунун курма дарактарын сатчу эле жана өз үй-бүлөсү үчүн бир жылдык азыкты камдап койчу эле.
Экинчи: Жакшы мамиледе болуу:
Абу Хурайрадан Ибн Хиббан жана Термизий хасан сахих деп рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Момундар арасында эң ыйманы толук киши кулку жакшы болгон киши. Силердин жакшыларыңар аялдарына жакшы кулкта болгондору».
Айша энебизден Хоким жана Термизий хасан сахих деп рыбаят кылган хадисте Расулулла с.ав айтты: «Момундардын ичинде эң ыйманы толугу кулку жакшысы жана өз үй-бүлөсүнө жакшы мамиледе болгондору».
Ибн Хиббан Айша dдан рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в мындай деди: «Силердин жакшыларыңар өз үй-бүлөсүнө жакшы мамиледе болгондоруңар.
Силердин ичиңерде үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиледе болгон киши менмин».
Үчүнчү: Мураса кылуу:
Ибн Хиббан Самура ибн Жундуб dдан рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Аял киши кабыргадан жаралган. Эгер аны түздөмөкчү болсоңор, сындырып коёсуңар. Ошондой болгон соң, аны менен мураса кылгыла, ошондо аны менен жашай аласыңар».
Абу Хурайрадан рыбаят кылынган муттафакун алайх хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Аялдар менен жакшы мамиледе болгула, себеби, аял киши кабыргадан жаратылган.
Кабырганын эң ийри жери, анын үсткү бөлүгү. Эгер аны түздөөгө урунсаңар, сындырып коёсуңар, эгер тек таштап койсоңор ийрилигинче калат. Ушундай болгон соң, аялдарга жакшы мамиледе болгула».
Муслимдин рыбаятында болсо Пайгамбар с.а.в айтты: «Албетте аял киши кабыргадан жаратылган.
Аны эч кандай жол менен түздөй албайсыңар.
Эгер андан пайдаланмакчы болсоңор, ийрилигинче пайдалангыла.
Эгер аны түздөйм деп урунсаңар сындырып коёсуңар. Сындырып коюу болсо, талак кылуу».
Төртүнчү: Түнөө, түндү өткөрүү:
Эгер кишинин бир эле аялы болсо жана ал сапарда болбосо, аялынын алдында кеминде төрт кечеде бир жолу түнөшү важып. Буга ижма далил. Себеби, Умар ибн Шабиъдин Шаъбийден рыбаят кылышынча, Каъб ибн Сувар халифа Умар ибн Хаттаб алдында отурган эле. Ошондо бир аял келип: Эй момундардын амири, мен эримден көрө абзелирээк кишини көрбөдүм. Себеби, ал Аллага ант ичип айтам, түнкүсүн ар дайым ибадатта жана күндүзү ар дайым орозо, деди. Ошондо Умар бул аялдын сөзүнө истигфар айтты жана аны мактады. Ал аял болсо уялып, кайтып кетти. Ошондо Каъб: Эй момундар амири, бул аялдын жанын алып, эрине сөгүш бербейсизби,
деди. Ошондон кийин анын эри алып келинди жана Умар Каъбга: Булардын ортосунда өкүм чыгарың, себеби, сиз бул аялдын иши туурасында мен түшүнбөгөн нерсени түшүнүпсүз - деди. Каъб болсо: Мен бул аялга бир эркектин кол астындагы төрт аялдын бири катарында карап мындай өкүм чыгарам: Бул киши үч кече-күндүз (каалаганча) ибадат кылсын жана бир кече-күндүздү аялына ажыратсын. Ошондо Умар: Аллага ант ичип айтам, экинчи райыңыз биринчисинен да жакшыраак. Сиз Басрага казы кылып дайындаласыз,
деди. Дагы бир рыбаятта Умар: Сиз кандай жакшы казысыз,-деди.
Каъбдын бул өкүмү кең таркалды жана ал эч ким тарабынан четке кагылбай турган өкүмгө айланды. Эми эгер кишинин эки же андан көп аялы болсо алардын ортосунда теңдик кылышы лаазым болот. Буга Абу Хурайрадан «Сунан» жана башка китептерде рыбаят кылынган ушул хадиси далил. Расулулла с.а.в мындай деди: «Кимдин эки аялы болсо, алардын бирине бүтүндөй ооп кетсе, кыямат күнү (денесинин) бир тарабы жок болгон абалда келет». Башка бир рыбаятта болсо: «Денесинин жарымы бир тарапка оогон абалда келет» делген. Динибизде кайтарылган ооп кетүү Алла Тааланын:
فَلا تَمِيلُوا كُلَّ الْمَيْلِ
- «Эми, бүтүндөй (сүйгөн аялыңар тарапка) ооп кетпегиле».
[4:129]
деген сөзүндө келген ооп кетүү болот. Аятта келген бүтүндөй ооп кетүү - жүрөгүндө да, иш жүзүндө да ооп кетүү. Ал эми иш жүзүндө билдирбей жүрөктө ооп кетүү болсо, адам башкара албай турган иш. Буга «Сунан» ээлери Айша dдан рыбаят кылган ушул хадис далил: Расулулла с.а.в бардык нерселерди бөлүштүрчү жана адилеттик кылчу эле жана «Эй Парвардигер,
менин колумдан келгенче бөлүштүргөнүм мына ушул. Менин колумдан келбей бир гана өзүңдүн колуңдан келе турган иштер туурасында мени жаман атты кылба»-дечү эле.
Бешинчи: Эр өз аялынын акысын жакшылык менен бериши:
Буга далил Алла тааланын:
وَلَهُنَّ مِثْلُ الَّذِي عَلَيْهِنَّ بِالْمَعْرُوفِ
- «Жана жакшы иштерде алар (аялдар) үчүн мойнуларындагы эрлери алдындагы милдеттери барабарында укуктары да бар». [2:28]
деген сөзү. Мындан максат эркек киши аялына тамак-аш жана башка муктаждыктарын оорунбастан балким, ыраазы болуп орундатууда аракет кылышы.
Алтынчы: Аялды ар-намыс катарында коргоо:
Киши үйлөнсө аял анын ар-намысына айланат. Ошондуктан эр - өлүмгө алып барса да – бул ар-намысты коргошу важып. Буга Пайгамбар с.а.вдын: «Кимде-ким өз ар-намысын коргоп жаткан убакытта өлтүрүлсө, ал шейит»-деген сөзү далил. Бул сөздөн талап көздө тутулуп, катъий талап болду.
Жетинчи: Аялдын сырын ачыкка чыгарбоо:
Муслим Абу Саид ал-Худрийден рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в мындай деди: «Кыямат күнү Алланын алдында эң мартабасы жаман адам, өз аялы менен жыныстык мамиледе болуп кийин аны бардык адамдарга тараткан адам».
Ибн Кудома өзүнүн «Мугний» китебинде Хасандан рыбаят кылган хадисте айтылат: (Бир күнү) Расулулла с.а.в аялдар жана эркектер арасына отуруп калды. Эркектерге карап: «Мүмкүн силердин бириңер аялы менен жалгыз калган убакытта кылган иштерин айтып жүрөр»-деди.
Кийин аялдарга карап: «Мүмкүн силердин бириңер эри менен болгон иштерин аялдарга сүйлөп жүрөр»-деди.
Ошондо бир аял: Эркектер да ушундай кылышат, биз да ушундай кылабыз, деди. Расулулла: «Мындай кылбагыла. Бул кудум бир шайтандын экинчи бир шайтан менен учурашып калып, адамдар көз алдында аны менен жыныстык мамиледе болгонуна окшойт»-деди.
Абу Довуд да Абу Хурайрадан ушуга окшогон хадисти рыбаят кылган.
Сегизинчи: Шаръий жаза менен гана жазалоо:
Шаръий жаза-чаралар Алла тааланын ушул сөзүндө айтылган:
وَاللَّاتِي تَخَافُونَ نُشُوزَهُنَّ فَعِظًُوهُنَّ وَاهْجُرُوهُنَّ فِي الْمَضَاجِع وَاضْرِبُوهُنَّ
- «Аялыңардын итаатсыздыгынан корксоңор, элден мурда аларга насаат кылгыла, кийин (т.а. кылган насаатыңар пайда бербесе) аларды жатактарда тарк кылгыла (алар менен бир жерде жатпагыла, жакындашпагыла),
кийин (т.а. ошондо да силерге моюн сунушпаса) ургула». [4:34]
Эр мына ушул жаза чараларынан бирине чектелиши да же баарын колдошу да мүмкүн. Себеби, бул аяттагы (=) тамгасы мутлак жам үчүн келип жатат. Насаат кылуу - аялды Алла Азза ва Жалладан коркутуу жана ага инфак кылбай зыян жеткизүү менен коркутуу. Тарк кылуу болсо, жатакта тарк кылуу жана сүйлөбөй коюу. Аялга сүйлөбөй коюу үч күндөн артып кетиши адал болбойт. Буга Пайгамбарыбыз с.а.вдын: «Мусулман киши өз боордошун үч күндөн ашык сүйлөшпөй таштап коюшу адал эмес. Алардын жакшысы мурда салам бергени», деген сөзү далил. Жатакта үч күндөн ашык тарк кылуу болсо мүмкүн. Куранда уруксат берилген уруу, өтө катуу болбогон уруу. Буга Амр ибн Ахвас Жашамий dдан Термизий хасан сахих деп рыбаят кылган ушул хадис далил. Расулулла с.а.в хажжатул вадоъдо айтты: «Аялдарга жакшы мамиледе болгула. Себеби, алар силердин алдыңардагы туткундар. Силер аларга мындан башкача мамиле кылууга акыңар жок. Эгер ачык күнөө кылышса гана аларга жаза беришиңер мүмкүн. Андай абалда аларды жатактарында тарк кылгыла жана катуу-оор болбогон уруу менен ургула…».
Муслим Жобир ибн Абдулладан рыбаят кылган хадисте айтылат: Расулулла Арафат тоосунда кылган хутбасында айтты: «Аялдарды өтө катуу урбагыла».
Абу Довуд Муавия ибн Хабада ал-Кушайрийден рыбаят кылган хадиске караганда, бетке уруу макрух. Расулулла с.а.в деди: «Бетке урбагыла, жаман сөздөрдү сүйлөбөгүлө жана үйдө гана тарк кылгыла». Жаман сөздөрдү сүйлөө - куник сөздөрдү айтуу же аялды акаараттап сөгүү же Алла сени жаман кылсын деш. Аялды же анын үй-бүлөсүн же башкаларды лаанаттоо арам. Эми эгер камчы же ушуга окшогон нерсе менен урулса, он камчыдан ашпоосу керек. Буга Пайгамбар с.а.вдын: «Алланын жазаларынан башка абалда эч кимге он камчыдан ашыкча урулбайт», деген муттафакун алайх хадиси далил.
Тогузунчу: Аялды жаман көрбөө:
Муслим Абу Хурайрадан рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Бир момун бир момун аялды жаман көрбөсүн. Себеби, анын бир кулкун жактырбаса башка кулкунан ыраазы болот». Бул хадис жаман көрүүдөн кайтарууда.
Т.а. момун адам өз аялын жаман көрбөстүгү лаазым. Себеби, анда өзү жактырбай турган бир кулкту тапса, өзү ыраазы боло турган башка бир кулкту да табат. Мисалы: аялы сараң же кызганчак болушу мүмкүн. Бирок, ушуну менен бирге чынчыл, таза жана итааткер болушу мүмкүн. Аялда сонун жана жакшы сыпаттардын бар болушу жаман көрүүгө тоскоолдук болушу лаазым.
Онунчу: Аялга адеп жана таалим берүү:
Алла таала айтат:
قُوا أَنْفُسَكُم وَأَهْلِيكُم نَاراً
- «Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозоктон сактагыла».
[66:6]
Али d бул аятты: аларга (т.а. үй-бүлөгө) таалим жана адеп бергиле, деп тапсир кылды. Ибн Умар dдан рыбаят кылган муттафакун алайх хадисте келген Расулулла с.а.вдын: «… Эркек киши өз үй бүлөсүндө башчы жана ал кол астындагылардан жоопкер…» - деген сөзү, кишинин өз үй-бүлөсүнө амру маъруф жана нахий мункар кылышынын, о.э. аларды тозок отунан сактоого бар күчү менен аракет кылышы важып экендигин талап кылат.
Солих эр жана солиха аял Ар бир мусулман эркек жана аял өз милдетин толук билиши шарт!
#2 15 November 2014 - 03:46
Аллахым сизден ыраазы болсун,ото пайдалуу баян жазыптырсыз,
дагы коп коп жазып турунуз.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.

#3 15 November 2014 - 14:03
Создорду жонокойлотуп,
жалпак тилде жазсан мынданда жакшы болмок. Же арапча жазылган создордун кыргызча тушундурмосун камтый кетсен, терен тушунгонго шарт тузот белен.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#4 15 November 2014 - 14:16
Создорду жонокойлотуп,
жалпак тилде жазсан мынданда жакшы болмок. Же арапча жазылган создордун кыргызча тушундурмосун камтый кетсен, терен тушунгонго шарт тузот белен.
Эжеке арабчанын,кыргызча мааниси бар экен,арабчанын түбүнө жазып кетиптир...
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#5 15 November 2014 - 14:48
Эжеке арабчанын,кыргызча мааниси бар экен,арабчанын түбүнө жазып кетиптир...
Кай жеринде журот, коз байкуштунда майы тугоно баштады, интернетте отура берип.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#6 15 November 2014 - 16:16
#7 15 November 2014 - 16:55
Солиха аял
Солиха аял - дүйнө маталарынын эң жакшысы.
Муслим Абдулла ибн Амр dдан рыбаят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в айтты: «Дүйнө өзү бир мата. Дүйнө маталарынын эң жакшысы солиха аял».
Хаким өзүнүн «Мустадрак» китебинде Анас dдан сахих деп рыбаят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в айтты: «Кимге Алла солих аял насип эткен болсо, Алла анын дининин да жарымына жардам бериптир. Калган жарымында Алладан таква кылсын».
Солиха аялдын зыйнаттары төмөнкүлөрдөн турат:
Биринчиси:
Аллага жана өз эрине итаат кылат (моюн сунат). Алла Таала айтат:
الرِّجَالُ قَوَّامُونَ عَلَى النِّسَاءِ بِمَا فَضَّلَ اللَّهُ بَعْضَهُمْ عَلَى بَعْضٍ وَبِمَا أَنفَقُوا مِنْ أَمْوَالِهِمْ فَالصَّالِحَاتُ قَانِتَاتٌ حَافِظَاتٌ لِلْغَيْبِ بِمَا حَفِظَ اللَّهُ
- «Эркектер аялдарынын үстүнөн жетекчи. Мунун себеби, Алла алардын бирөөлөрүн бирөөлөрүнөн (т.а. эркектерди аялдардан) артык кылганы жана эркектер (аялдары жана үй-бүлөлөрү үчүн) өз мал-мүлктөрүнөн нафака (сарп-каражат) кылгандыктары. Демек, ибадат-итааттуу жана эрлери жоктугунда Алланын коргоосу менен (эрлеринин мал-мүлктөрүн жана өз абийирлерин) сактоочу аялдар - жакшы аялдар». [4:34]
Алла Тааланын قَوَّامُونَ деген сөзүндөгү «жетекчилик кылуу» - эркек кишинин өз аялына карата камкордук менен жетекчилик кылышы - дегени. Өз кезегинде солиха аял да эрине итаат кылат.
Абу Нуайм зыйнат туурасында төмөнкү кабарды келтирет: Саид ибн Мусаййибдин аялы: «Биз өз эрлерибизге силер өз амирлериңерге айткандай, «Алла сизди солих кишилерден кылсын, Алла сизди саламат кылсын» деп айтар элек» - деп айтат.
Термизий Абу Хурайра dдан рыбаят кылат, Пайгамбар с.а.в айтты: «Эгер мен бирер адамды бирер адамга сажда кылууга буйрумакчы болгонумда эле, албетте аял кишини өз эрине сажда кылууга буйруган болор элем». Бул хадисти Хоким менен ибн Хиббон сахих дешкен.
Ибн Хиббондун айтканы мындай сөздөр менен келет: «Эгер мен бирер нерсени бирер нерсеге сажда кылууга буйрууну каалаганымда эле, мен аял кишини өз эрине сажда кылууга буйруган болор элем. Жаным колунда болгон Затка ант ичип айтам, өз эринин акысын өтөй албаган аял эч качан Раббисинин акысын өтөй албайт».
Ибн Можа Абу Умома dдан рыбаят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в айтты: «Момун адамдын Аллага таква кылууну жараткандан кийинки жетишкен нерсесинин эң жакшысы - солиха аял. Ал аялга бирер иш буйруса, итаат кылат, эгер аялына караса, көзү куунайт, эгер бирер ишти кылууга ант ичкен болсо, аялы ошол анттын үстүнөн чыгууда жардам берет, эгер эри үйүндө жок болсо, өзүн да, эринин малын да калыстык менен сактайт».
Байхакый «Шаъбул ыйман» китебинде Асмо ибн Хорижа ал-Физорийдин өз кызын турмушка чыгарып жаткан кезинде айткан сөзүн келтирет: «Эй кызым, сен эриңе күң сыяктуу болгун, ошондо эриң сага кул болот. Эриңе өтө жакын келбе, сенден тажап калышы мүмкүн. Андан өтө алыстап кетпе, сенин алыстап кетишиң ага оор тийиши мүмкүн. Сен, мен сенин энеңе айтканымдай бол. Мен энеңе мындай деген элем: «Эгер, сен мени үзгүлтүксүз түрдө кечирип баэрсаң, менин сага болгон махабатымды узак сактап каласың. Мен каарданган кезде, мага бирер сөз айтпагын. Себеби, менин билишимче, бир убакыттын өзүндө адам жүрөгүндө махабат менен ыза чогуу болбойт экен, балким махабат кетип калат экен».
Эгер аял өз эрин ыраазы кылган абалда өтүп кете турган болсо, ал аялдын бейишке кириши үмүт кылынат. Себеби, Термизий Умму Салама dдан рыбаят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в: «Кайсы бир аял өтсө жана эри андан ыраазы болуп калса, ал аял албетте бейишке кирет» - деген.
Экинчиси:
Өз эри үчүн жасанат.
Ибн Можанын жогоруда Абу Умомадан рыбаят кылган хадисинде Пайгамбар с.а.в: «Эгер ага караса, көзү куунайт», - деп айтты.
Хоким Саъд dдан сахих деп келтирген хадисте Пайгамбар м.м.в айтат: «Көргөн кезиңде көзүң кубана турган, жок болгон кезиңде өзүн да, менин малыңы да сактаган аял - бир бакыт».
Хоким Абу Хурайра dдан сахих деп рыбаят кылган хадисте Пайгамбар с.а.вдан: «Аялдардын кайсынысы абзел?» деп суралды. Ошондо Пайгамбар с.а.в: «Караганда көз кубана турган, иш буйруганда итаат кыла турган, өз написинде да, эринин малында да эрине каршы иш тутпай турган аял» - деп айтты.
Ибн Абдулбир «Тамхид» китебинде келтирген рыбаятта болсо: «Написинде да, эринин малында да эри жактырбай турган бирер ишти кылбайт» - делген.
Үчүнчүсү:
Эринин үйүнө камкордук кылат жана өзүн да, эринин малын да сактайт. Негизи , аял киши - эне жана үй бекеси. Буга Бухарий жана Муслим ибн Умар dдан рыбаят кылган хадис далил болот. Пайгамбар с.а.в айтты: «Силердин ар бириңер жетекчисиңер жана ар бириңер кол астыңардагы нерседен жоопкерсиңер. Амир жетекчи. Киши өз үй-бүлөсүнө жетекчи. Аял киши - эринин үйүнө жана перзенттерине жетекчи. Ар бириңер жетекчисиңер жана ар бириңер кол астыңардагы нерседен жоопкерсиңер». Дагы Саъддын жогорудагы: «Жок болгон кезиңде написинде да, малыңда да ага ишенесиң», - деген хадиси, ибн Аббастын: «Эри үйдө жок болгон кезде, эринин нерселерин сактайт», - деген хадиси, Абу Умоманын: «Эри үйдө жок болгон кезде написин да, эринин малын да калыстык менен сактайт», - деген хадиси жана Муслимдин Абу Хурайрадан рыбаят кылган: «Төө минген аялдардын эң жакшылары - жаштык кездеринде перзенттерине мээрмандык кыла турган жана эринин кол астында турган кезде ага камкордук кыла турган Курайш аялдары», деген хадиси, о.э. Муслимдин Асмодан рыбаят кылган: «Зубайр мага үйлөнгөн кезде, анын бир атынан башка мал-дөөлөтү да, кызматчысы да жок эле. Мен анын атына жем берер элем, аны суугарар элем, камыр кылар элем, нан жабууну жакшы билбес элем, ансарлардан болгон кошуна аялдар мага нан жаап берер эле, алар кайрымдуу аялдар эле. Расулулла с.м.в Зубайр үчүн бөлүп берген жерден данды башыма коюп көтөрүп келер элем. Анын аралыгы үчтөн эки фарсахка тең эле (т.а. 3840м)», башка бир рыбаятта Асмо айтат: «Мен Зубайрга үй иштерин кылып берер элем. Анын бир аты бар эле, мен аны жетелер элем. Мага ат жетелөөдөн кыйыныраак кызмат жок эле. Мен ага кашек оруп берер элем, аны багып, жетелеп жүрөр элем» деген хадиси далил болот.
Төртүнчүсү:
Өз эрине акырет иштерин аткарууда жардам берет.
Ибн Можа Савбан dдан рыбаят кылат: Савбан айтат: «Алтын менен күмүш тууралуу Алла Тааланын аяты түшкөндөн кийин, сахабалар: «Малдын кайсы түрүн өзүбүзгө алсак экен, малдын кайсы түрүнө ээлик кылсак экен» деп калышты. Ошондо Умар d: «Мен барып ушуну билип келем» деди да төөсүнө минди. Пайгамбар с.а.вдын алдына жетип барды. Мен анын артынан бардым. Барып: «Я Расулалла, дүйнөнүн кайсы түрүнө ээлик кылсак экен?» - деди. Пайгамбар с.а.в: «Силер шүгүр кылуучу калбга (жүрөккө), Алланы зикр кылуучу тилге жана акырет иштеринде жардам берүүчү момуна аялга ээлик кылгыла» деди.
Ибн Абу Шайба Абдуррахман ибн Абзодан рыбаят кылышынча, ал киши: «Эр кишинин алдындагы солиха аял куду падышанын башындагы алтын менен капталган таажы сыяктуу. Салих эрдин алдындагы жаман аялдын мисалы болсо, кары кишиге артып коюлган оор жүк сыяктуу» деген.
Бешинчиси:
Диндар болушу. Себеби, ибн Можа Абдулла ибн Амр dдан рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Аялдарга сулуулугу үчүн үйлөнбөгүлө, алардын сулуулугу аларды өлтүрүшү мүмкүн. Аларга малы үчүн үйлөнбөлүгө, алардын малдары аларды көптүрүп жибериши мүмкүн. Бирок, аларга дини үчүн үйлөнгүлө. Кап-кара, мурду тешик болсо да, диндар күң абзел».
Байхакый сунанында Абу Узайна ас-Садафий dдан сахих санад менен рыбаят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в: «Силерди сүйүүчү, көп төрөй турган, сулуу, о.э. силерге дартташ болгон аялдар, эгер Алладан таква да кылышса, аялдардын эң жакшылары», - деди.
Байхакый «Шаъбул ыйман» китебинде Умар ибн Хаттаб dдан рыбаят кылат, ал киши айтты: «Аялдар үч түрлүү болот.
Биринчиси: абийирдүү, муслима, зыянсыз, жумшак мамилелүү жана мээрман болот, өз үй-бүлөсүнө заман кыйынчылыктарын жеңүүдө жардам берет. Мындайларды кемден-кем табабыз.
Экинчи аял бир идиш, төрөөдөн нары өтпөйт.
Үчүнчүсү болсо, адамдын мойнуна салынган сыртмакка окшойт (ибн Абу Шайба келтирген рыбаятта сыртмак сөзүнүн ордуна сарамжалсыз сөзү айтылган). Алла Таала мындай аялды Өзү каалаган пендесинин мойнуна жүктөп коёт жана Өзү каалаган учурда аны алып таштайт», - деген. Биерде туурараагы да ушу сарамжалсыз деген мааниде. «Лисан» китебинде ушул асардын бир бөлүгү айтылып өткөн. Ибн Асир да ушуга окшогон сөз айткан. Массалык маалымат каражаттары адаштыруучу бузук сериалдар сыяктуу нерселер аркылуу таркатып жаткан куфр пикирлери жана адаштыруулар аялдар менен эркектерди бузуп жаткан нерселерден. Булардан сактануу керек.
Алтынчысы:
Аял өз эрине аялдык милдетин өтөөсү, аны ыраазы кылууга умтулушу.
Байхакый «Шаъбул ыйман» китебинде, о.э. ибн Асир, Абу Хотим Розий, ибн Абдулбир, ибн Манда жана Абу Нуаймдар Асмо бинти Язидден рыбаят кылышат, ал аял Расулулла с.а.вдын алдына барды. Расулулла с.а.в сахабалары менен эле. Ал аял айтты: «Ата-энем сизге курман болсун, эй Расулулла, мен аялдардын атынан сизге элчи болуп келдим. Жердин күн чыгыш же күн батыш бөлүгүндөгү ар кандай аял, менин сиздин алдыңызга келгенимди билсе да, билбесе да, бардыгы ушул менин пикиримде. Алла Таала сизди эркек-аялдарга пайгамбар кылып жиберди. Биз сизге жана Кудайыңызга ыйман келтирдик. Биз, аялдар жамаатынын амалдары чектелип коюлган. Биз үйүңөрдүн бекесибиз, кумарланууңарды кандырабыз, балдарыңарды көтөрүп жүрүп багып-тарбиялайбыз. Силер, эркектер болсо, бизден абзел кылындыңар. Анткени, чогуласыңар, жамаат менен ибадат кыласыңар, кеселдерди зыярат кыласыңар, жаназаларга катышасыңар, ажылык артынан ажылык кыласыңар. Мындан да абзели, силер Алла жолунда жыхат кыласыңар. Силерден бир киши ажылыкка же умрага же болбосо, чегараны коргогону кетсе, биз силердин малдарыңарды сактайбыз жана кийимдериңерди тигип беребиз, балдарыңарды тарбиялайбыз. Биз бул сооп иштерде силерге шерик болобузбу, я Расулалла?» Ошондо Пайгамбарыбыз с.а.в асхабтарына биротоло бурулуп айтты: «Силер бул аял өз дини жөнүндө сураган суроодон көрө чырайлуураак сөз уккансыңарбы? » Ошондо сахабалар: «Я Расулалла, аял киши мынчалык хидаят табат деп эч ойлобогон элек» - дешти. Пайгамбар с.а.в баягы аялга карап айтты: «Аялдарга барып айтың, аял киши өз эрине аялдык милдеттерин чырайлуу өтөшү, анын ыраазылыгын издеши жана анын ырайына эргешүүсү эркектердин бардык ишине барабар келет». Ошондо аял курсант болуп «Ла илаха иллаллох, Аллоху акбар» деп кайтып кетти. Аялдык милдеттерин жакшы өтөө - аял кишинин эри бар болуп турган кезде, анын уруксатысыз напил орозо тутпоосу, өз махрамдарын эринин үйүнө анын уруксатысыз киргизбөөсү. Себеби, Бухарий жана Муслим Абу Хурайра dдан рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в мындай деди: «Аял киши эри үйдө болуп турган кезде анын уруксатысыз напил орозо тутушу жана эринин үйүнө анын уруксатысыз бирер кишини киргизүүсү туура эмес». Дагы аял кишинин напил намазды жалаң гана эринин уруксаты менен окуусу.
Табароний, ибн Аббас dдан хасан санад менен рыбаят кылат, Пайгамбар с.а.в айтты: «Аял киши бирер кишиге эринин уруксатысыз анын үйүнө кирүүгө уруксат бербейт жана анын уруксатысыз напил намаз окуу үчүн жаткан төшөгүнөн туруп кетпейт».
Муслим Асмо dдан рыбаят кылат, Асмо айтты: «Менин алдыма бир киши келип «Эй Умму Абдулла, мен кембагал адаммын, мен үйүңдүн жанында соода кылмакчымын» деди. Мен айттым: «Мен сага уруксат берген менен, Зубайр уруксат бербейт, сен Зубайр бар кезде келип менден сурагын». Ал Зубайр бар кезде келди жана айтты: «Эй Умму Абдулла, мен кембагал адаммын, мен үйүңдүн жанында соода кылмакчымын». Мен: «Мединада менин үйүмдөн башка үй жокпу?» - дедим. Ошондо Зубайр мага: «Сен бул кембагалды эмне үчүн соода кылуудан кайтаруудасың? » - деди. Кийин кесип кылып, байлык арттырганга чейин ошол жерде соода кылды». Аял кишинин эрине аялдык милдеттерин чырайлуу өтөшүнө эри каарданганда аны ыраазы кылуусу да кирет.
Байхакый сунанында Абдулла ибн Аббас dдан рыбаят кылат, Расулулла с.а.в айтты: «Силерге бейиши болгон аялдардын кабарын берейинби? Алар эгер эрине азар жеткирип койюшса, тезинен анын алдына келип, колунан кармап: «Аллага ант ичип айтам, мен, сиз менден ыраазы болмоюнча эч качан уктабайм» деп айта турган, көп төрөй турган, мээрман аялдар».
Булар аял киши сыпаттанышы керек болгон оң сапаттар. Эми аялдар сактанышы керек боло турган терс сыпаттар да бар. Алар төмөнкүлөр:
Биринчиси: Аял киши өз эрине азар бербөөсү керек.
Термизий Муаз ибн Жабал dдан хасан санад менен рыбаят кылат, Расулулла с.а.в айтат: «Аял киши, эгер бу дүйнөдө эрине азар бере турган болсо, хур кыздардан болгон анын (эрдин) аялдары: «Алла сени өлтүрсүн, ал адам сенин алдыңда бегене (жат), жакында ал сени таштап, биздин алдыбызга келет», - деп айтышат».
Экинчиси: Өз эри тууралуу жамандап арызданбашы керек. Саид ибн Мансур сунанында Саид ибн Мусаййибдин же Хасандан (шектенүүчү Хаммод ибн Зайд) мурсал санад менен рыбаят кылат, Расулулла с.а.вдын кыздарынын бири келип, өз эри тууралуу арыздана баштады. Ошондо Расулулла с.а.в: «Артыңа кайт, мен аял кишинин өз эри тууралуу арызданышын жактырбайм» - деди. Байхакий «Шоъбул ыйман» китебинде мавсул санад менен рыбаят кылган хадисте болсо: «Мен аял киши өз эри тууралуу арызданышын жаман көрөм» - делген. О.э. Пайгамбар с.а.вдын аялдардын арыздарын уккандыктары туурасындагы хадистер да келген. Бул хадистерди чогуу кароодон - Расулулла с.а.вдын ата позициясында турганда арызданууну жаман көрүп, жактырбашы, ал эми, Үммөткө жетекчи сыпатында иш жүргүзүп жаткан кезинде болсо, арыздарды угушу жана аны жаман көрүшүн көрсөтпөгөндүктөрү ыктымал кылынат. Ошондуктан, аталар жана валийлер аялдардын иштеринде, эгер алар эрлери тууралуу унчукпай коюусу дурус болбой турган темадан башка темаларда арызданып келишсе, Расулулла с.а.в кыздарына айткан сөздөрү сыяктуу сөздөрдү айтуулары мустахаб болот.
Үчүнчүсү: Үйүнөн көчөгө көп чыкпашы керек. Аял киши үйдө олтуруп балдарын тарбиялашы, жамаат жайларында, эркектер көп боло турган жайларда жүргөнүнөн көрө абзел. Аялдарды назик айнек буюмдардай абайлагыла. Себеби, айнек сынса, кайра оңдолбай турган нерсе. Аларга карата дажжаалдардын (шайтандардын) чабуулу өтө ырайымсыз.
Булар солиха аял сактанышы зарыл болгон терс сыпаттар. Жогорудагылар болсо, солиха аялдардын сыпаттары эле. Бул сыпаттар менен безенген аялдар Расулулла с.а.вга маектеш болгон солиха, момуна аялдардын тарыхын кайталаган болушат. Алар чындыгында, Алла Таала алар жөнүндө:
لِيُدْخِلَ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا وَيُكَفِّرَ عَنْهُمْ سَيِّئَاتِهِمْ وَكَانَ ذَلِكَ عِنْدَ اللَّهِ فَوْزًا عَظِيمًا
- «Ал (Алла) момун жана момуналарды астынан дарыялар агып тура турган, алар түбөлүк кала турган бейиштерге киргизүү үчүн жана алардын жамандык-күнөөлөрүн өчүрүү үчүн (алардын дилдерин Өзү буйруган, капырларга каршы жыхат кылуу сыяктуу өкүмдөрдөн канаат ала турган кылып койду) жана бул Алланын алдында улуу бакыт болду». [48:5]
деп айткан момун, садык кишилердин бир тууган карындаштарындай эле.

Супер-Инфо
super.kg
видео