Мындай демилгени Ош шаардык кеңешинин жыйынында жергиликтүү депутат Талант Капаров көтөрдү. Анын айтымында, аталган көпүрө Орусиядан келген гранттын негизинде курулууда. Мындан улам орус президентинин ысымын ыйгаруу туура болот.
Бүгүн шаардык кеңеш эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча мэриянын маалыматын укту. Вице-мэр Жапар Ормоновдун айтымында, 18-ноябрдан тарта көпүрө курулушунун экинчи баскычы башталды. Ага Орусиядан келген гранттын негизинде акча бөлүнгөн.
Навои көчөсүндөгү Ак-Буура суусу аркылуу өтө турган көпүрөнүн курулушу тегерегиндеги инфраструктурасын кошкондо азыр 699 миллион сом деп бааланууда.
мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун тушунда 800 миллион сом деп эсептелген.
Бул айырмачылыкка байланыштуу талаш-тартыш чыгып, иш убактылуу токтоп турган эле. (BkA/YI)
19 ноябрь 2014
- (2 )
-
- 1
- 2
Оштогу эстакадалык көпүрөгө Путиндин ысымын беришеби? Оштогу копурого Путиндин аты коюлуп жатат
#2 19 November 2014 - 15:35
Ушул нерсе туурабы ? кандай ойлойсунар достор баардык нерсеге Путиндин атын ыйгарсак кандай болот бул кылганыбыз кошоматык болуп калбайбы?
#3 19 November 2014 - 16:07
Акча болуп жатса коебузда анан. Койбой койсо деле болот негизи.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#4 19 November 2014 - 16:59
Эгер бүтсө ушундай көпүрө болот экен.
Ал эми Путиндин ысымын ыйгаруунун анчалык деле кажети жок болсо керек эле менимче.
Ал эми Путиндин ысымын ыйгаруунун анчалык деле кажети жок болсо керек эле менимче.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#6 19 November 2014 - 17:16
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#7 19 November 2014 - 17:36
Кайра курулуп башталганы жакшы экен, бирок, Путиндин ысымы керек эмес! Кошомат кылып эле журо беришет.
#8 19 November 2014 - 19:33
Көйгөй кимдин ысымын ыйгарууда эмес, анын бүтүшүндө болуп жатат. Ар бир тарап өз кызыкчылыгын ойлойт.
Азыр көпүрө курулуп бүтпөй, шаар калкына ыңгайсыздык жаратып келет. Ошол көпүрө жок: Масалиев проспектинде күнүнө жок дегенде бир жолу авария катталат. Күндө жол тыгын (пробка). Бир эле ушул көчөгө кичи автобустар, чон автобустар, траллейбустарды тыгып койгон.
Мен үчүн, бул көпүрөнү бүтүүсү маанилүүрөк. Анын аты берилген менен, кыргыз элине кызмат кылып жатпайбы?!
Анан, бул жөн гана сунуш. Муну четке кагуу да кеп эмес. Ал эми бул, бийлик ээлеринен көз каранды. Кийинчерээк атын өзгөртүп коюу да иш бекен. Биздикилер бийлик ээлерин алмаштырып коюп жатпайбы?! Эми, митинг уюштурбаса эле болду. Митингке чыкса, дагы иш токтоп калат.

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#9 19 November 2014 - 19:48
Башка эле ысымда болгону жакшы! Путин ысымы Кыргыздын бир бийик тоосунда болгону эле ! Туура! Копурону тээбелеп отот туура келбейт! Менин жеке оюм! Негизи Путинди адам катары, Орус Элин бутка тургузганы учун сыйлайм. ! Саясат жолундагы кемчиликтери жана ийгигиликтерин . Баарын тарых жондойт! Азырынча дуйнодогу эн барктуу инсан!
Кара майдын баасынын томондошу Оруссиянын ондурушун бир аз алсыздатып турат. Оруссия менен тыгыз байланыштагы бутун Орто Азия дагы кыйын абалда калды. Азыркы кырдаалды жондоп кетсе! Тарыхтагы эн кучтуу саясаттчы аталат. Анткени дуйнолук онуккон ондурушу кучтуу мамлекетердин каршылыгында калды.!

#10 19 November 2014 - 20:05
Айта кетчү нерсе: Бул биз үчүн чоң көпүрө болсо, В.Путин үчүн кичине эле. Көпүрөгө атын ыйгарбаса да капа болбосо керек.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#11 19 November 2014 - 20:11
Менимче бул жерде эч кандай кошомат кылуу деген нерсе жок,эн маанилуусун караш керек маанилуусу копуронун тез арада бутушу жэ элге кызмат кылуусу. Путиндин атын берсек эле копурону которуп кетпейт да, же жаап салбайт,ошол адамдын денгеелинде эл башкарган эч ким жок,ажобузга да сабак болмок. Менимче копуронун тезиреек бутуруп калк кызматына беруудо. Беришеби койушабы ал ишчара биздин чондордун колунда.
#12 19 November 2014 - 20:57
Озубуздо канчалаган чыгаан инсандар турса,анан кайдагы Путинди коебу? Дагы Кыргыз-тилин онуктуробуз деп коюшат...
Сени менен бактылуумун)
#13 19 November 2014 - 21:23
Путиндин атын копурого, Эрдогандын атын завод-фонддорго,
Ма Инцзюнун атын тундук-туштук жолуна, Назарбаевдин атын мектептерге кое берип, озубуздун олкобуздо жургонубузду да сезбей калабыз го жакында. Бирок "Алмайдын бермейи бар",- демекчи, акчалай бере албасак, атын коюп ыраазычылыгын алабыз да, башка айла жок.
#14 19 November 2014 - 21:26
Кыргызча эле атап . Ким сунуштаса ошону путинович кылып койсун
Өзгөнү ээрчиген, өздүгүн унутат...
#15 19 November 2014 - 22:55
Акча берди эле деп атай бергенге болбойт да Путин озунун чонотогунон берип жатыптырбы.
Адам сырткы дуйнону озгортуудон мурун озун озгортууго тийиш.
#18 20 November 2014 - 04:32
Россия акча бербесе деле курулмак, Оштуктар оздорунун акчасына. Кошоматчылыктын да чеги болот, Уйуно копуро куруп алып каалаган адамдын атын коюуп алсын, Ашкабактай болгон башты иштетиш керек, биз башка Мамлекетбиз Эгемендуу, баарын откоруп бергенге болбойт, Россиянын бир областындай болуп калдык.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#20 20 November 2014 - 08:55
Коюп коё беришсин копуро бутуп, путин иштен кеткенден кийин атын алмаштырып коёбуз
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео