Суперстан: Кайрадан супер сынак стартта! "Ислам көйгөйлөрдү чечүүчү жол" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Кайрадан супер сынак стартта! "Ислам көйгөйлөрдү чечүүчү жол" Кел форумчу, сынактын арты менен ыйманыбызды тазарталы!

#1 Пользователь офлайн   Kg.lady   24 Ноябрь 2014 - 13:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Арыбаныздар ардактуу форумчулар! Жыл аяктап жатып, дагы бир жакшы саамалыкты баштап олтурабыз. Тагыраагы Ханиф агабыздын демилгеси менен уюштурулуп жаткан супер сынагыбызды сиздерге сунуштамакчыбыз. Бул сынак, мурунку сынактардан озгочолонуп дин жаатында болмокчу. Вирт дуйнодо пайдасыз, зыян нерселерге, уруш-жанжал дил оорутуу, конул калууларга убактыбызды, акчабызды коротпой, ыйманыбызды тазарталы! Исламды тааныйлы, Аллага жакын бололу! Динден маалыматым жок деп четке чыга качпай жапа тырмак сынакка катышалы! Сынактын арты менен алакан жайып Аллага кызмат кылчу мусулман бир туугандын санын арбыткан болсок, анда биз максатыбызга жеткен болобуз. :)

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Kg.lady   24 Ноябрь 2014 - 13:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Анда эмесе томондо тапшырмалардын эрежелери:

1-тапшырма
Алгачыкы тапшырмабыз суроо-жооптон турат. Суроолор Дауд мырза тарабынан берилип, жалпы он суроодон турат. Жооптор так, туура жана кураандагы хадис, аяттарды мисал келтируу менен берилуусу керек.

2-тапшырма
"Исламдагы алтын доор", деп аталат. Пайгамбарыбыз (солла
Аллаху алейхи ва салламдын доорунан баштап 13-кылымга чейинки мусулмандардын жасаган иштери, жетишкен ийгиликтерин азыркы биз жашап жаткан коомго салыштырып ыр турундо баяндоо. Ыр саптар 3 куплеттен кем болбошу керек.

3-тапшырма Ислам дини аркылуу азыркы койголорду чечуунун жолу. (Наркомания, суткорлук, аракечтик, ыймансыздык, дегеле биз жашап жаткан коомдогу ыпластык) Б.а. ошол көйгөйдүн
келип чыгуу себеби, ошол көйгөйдү
Исламдын жардамы менен кантип
чечүүгө болот, мына ушул жонундо дил баян жазуу.
а) Дил баян өтө кыска да, өтө узун
да болбоосу керек.
б) Бир катышуучу бир гана көйгөй
тууралуу жаза алат.
в) Бир эле көйгөй тууралуу бир
канча катышуучу жазса болот.

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 28 Ноябрь 2014 - 23:48


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Daud   24 Ноябрь 2014 - 15:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

بسم الله الرحمن الرحيم Эмесе мен суроолорду жазып калтырайын. Каалоочулар жооп берип баштай беришсе болот. Суроого жооп берүү мөөнөтү 10 күн. Ошол 10 күн аралыгында ким суроолорго жооп жазган болсо, ал кийинки сынактарга да катыша алат. Ар бир суроо өзүнчө бааланат. Туура эмес жоопко - 0 упай, туура бирок толук эмес жоопко - 1 упай, ал эми туура жана толук жоопко - 2 упай берилет. Аягында бардык упайлар кошулуп эсептелет.
Суроолордо эмне деп айтылган болсо, ошого гана жооп берүү зарыл. Эгер аят жана хадис жаз деп айтылган болсо, бир аят жана бир хадис жазуунун жетиштүү болот. Ошол жооп толук жооп деп эсептелет. Каалоочулар андан көбүрөөк жазышса деле мейли. Бирок ага кошумча упай берилбейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Daud   24 Ноябрь 2014 - 15:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

1. Арак тууралуу аяттар бир нече жолу, баскыч - баскыч менен түшүрүлгөн. Арак боюнча түшкөн алгачкы аят “Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат. Айткын: Ал экөөндө – чоңкүнөө (бар). (Бирок) адамдар үчүн (бир аз) пайдалары да бар. Ал экөөсүнүн пайдасынан күнөөсү чоңураак... ” - деген аят болгон. (Бакара – 219). Ошондо кээ бирөөлөр пайдасынан күнөөсү көп болгон нерсени колдонбойбуз деп арактан пайдаланууну токтотушкан. А кээ бирөөлөр биз анын пайдалуу жагын гана колдонобуз деп аны колдонууну улантыша беришкен. Андан кийин “Эй, ыйман келтиргендер! Силер мас болгон абалыңарда өзүңөрдүн эмнедеп айтып жатканыңарды билмейинче намазга жолобогула! ...” – деген аят түшкөн. (Ниса – 43). Ошондо бизди намаздан калтыра турган нерсенин бизге кереги жок деп бир топ адам арак ичүүнү токтотушкан. А бирок кээ бирөөлөр намазга тоскоол болбой тургандай кылып, арак ичүүнү уланта беришкен. Андан кийин аракка байланыштуу дагы бир аят түшкөн. Ошондо мусулмандардын баары үйлөрүндө сактаган арактарын көчөгө алып чыгып төгүшкөн. Ал эми Мадинанын көчөлөрүнөн арак суудай эле аккан.

Суроо: Ушул үчүнчү жолу түшкөн аят кайсы аят жана анда эмне деп айтылган?



2. Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) бир жолу: “Эгерде Мухаммадтын (солла Аллаху алейхи ва саллам) кызы Фатима уурулук кылган болсо, Мухаммад (солла Аллаху алейхи ва саллам) анын колун кесмек” – деп айткан.

Суроо: Пайгамбарыбыздын(солла Аллаху алейхи ва саллам) бул сөздү айтуусуна кайсы окуя себеп болгон?



3. Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхива саллам) алдына бир жаш жигит келди да: “О, Аллахтын элчиси! Мага зына (никесиз жыныстык байланыш) кылууга уруксат бериңиз” – деп айтты. Анда ошол жерде отурган сахаблар ал жигитти жемелеп: “Үнүңдү өчүр! Үнүңдү өчүр!” – деп айта башташты. А Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) болсо: “Аны жакын алып келгиле деди”. Ал жакын келди. Анда: “Отур” – деп айтты эле, ал жигит отурду. Андан кийин Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) менен тиги жигит менен зына жөнүндө сүйлөштү.Алардын диалогу бүткөндөн кийин Пайгамарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) ал жигитке колун коюп: “О, Аллах! Анын күнөөсүн кечир, жүрөгүн тазарт жана жыныстык мүчөсүн (күнөө иштерден) сакта” – деп айтты. Андан кийин тиги жигит эч качан андай ишке эч кызыкпай калды.


Суроо: Жогоруда айтылган окуяда Пайгамбарыбыз (солла Аллахуалейхи ва саллам) тиги жигит менен зына жөнүндө эмнелерди сүйлөшкөн эле?


4. Умар бин аль-Хаттаб халифа болуп турган убакта согушка кеткен аскерлердин алты айда бир жолу үйлөрүнө келүүсүн буйруган. Тактап айтканда согуш үчүн төрт ай, баруу үчүн бир ай жана келүү үчүн бир ай, бардыгы болуп алты ай белгилеп берген.

Суроо: Анын мындай чечим чыгаруусунун себеби эмнеде?

5. Суроо: Зына кылгандыгы далилденбеген, эркин, таза мусулман аялды зына менен айыптаган, мисалы: “эй зынакер”, “эй, сойку” же анын күйөөсүнө “эй сойкунун күйөөсү” же баласына “эй сойкунун баласы” - деп айткан адам, ал аялдын чындап эле зына кылгандыгын төрт күбө менен тастыктабаса анын бул дүйнөдөгү жана акыреттеги жазасы кандай болот? Кураанда бул тууралуу эмне деп айтылган?

6. Бүгүн массалык маалымат каражттарынан ар кандай маалыматтарды табууга болот. Алардын арасынан кээ бир белгилүү адамдардын башкалардан жашырып жүргөн иштерин ачыкка чыгарган маалыматтарды да табууга болот. Демек, ал маалыматтарды жазган адамдар же алардын артынан аңдып жүрүшөт же аларга жалаа жабып жатышат.

Суроо: Жалаа жабуунун күнөө экенин баарыбыз эле билебиз, ал эми мусулман адамдын артынан аңдып жүрүүнүн өкүмү кандай? Бул туурасында Кураанда жана хадистерде эмне деп айтылат?


7. Азыркы күндө ар бир мамлекеттин казынасынан пенсия,пособиялар берилип турат жана андан билим берүү, медицина ж.б. тармактарга жумшалат. Бирок мамлекеттик казынаны жана жогоруда аталган нерселерди мамлекеттик казынанын эсебинен ишке ашырууну биринчи жолу ким баштагандыгы тууралуу баарыбыз эле биле бербейбиз.

Суроо: Алгачкы болуп мамлекеттик казынаны түзгөн, андан пенсия,пособия берүүнү жана жогоруда аталган тармактарга жумшоону баштаган алгачкы адам ким болгон?

8. Зайд бин Харис (Аллах андан ыраазы болсун) кара кул болгон. Бирок аны Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) азаттыкка чыгарып, аны өзүнө бала кылып алган. Б.а. ал Пайгамбарыбыздын (солла Аллахуалейхи ва саллам) мураскерине айланган. Андан кийин Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) аны кадыр барктуу үй-бүлөнүн кызы болгон Зайнаб бинти Жахшка үйлөндүргөн. Ошондой эле кээ бир согуштарда аны аскер башчысы кылып дайындаган.

Суроо: Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам) Зайд бин Хариске мындай мамиле кылуусунун сыра эмнеде эле?

9. Суроо: Социология илиминде Огюст Контту, экономика илиминде Адам Смит жана Давид Рикардону артта калтырган мусулман аалымы ким болгон? Ал өз эмгектеринде жумушту бөлүштүрүүнүн маанилүүлүгүн, жасалма инфиляциянын, товарларга баалардын мамлекет тарабынан бекитилүүсүн зыяндуулуктарын ж.б. бүгүнкү күндө чоң мааниге ээ болгон көп нерселерди айтып өткөн. Анын илимий эмгектери 19-кылымдан баштап, бүгүнкү күнгө чейин Европа өлкөлөрүндө жана АКШ жана Японияда да окутулуп келет.

10. Умар бин Абдулазиз халифа болуп турган убакта, ага берилген белекти кабыл албай коёт. Ошондо ага: "Эмне үчүн белек алуудан баш тартасыз? Пайгамбарыбыз алайхис салам белек алчу эле го?" - дешет.

Суроо: Умар бин Абдулазиз бул суроого эмне деп жооп берген?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Kg.lady   24 Ноябрь 2014 - 16:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Теманы булгап, ашыкча билдируу калтыргандар жазаланат:эреже:
Сынакка жараан, конок дебей ар бир форумчу катышууга укуктуу!


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Nurjigit.Kg   24 Ноябрь 2014 - 18:58

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 63
  • Катталган: 23 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Апр 2015 03:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Спорт чойросу. Карате (ЧП) . Вольная борьба (КМС).

3)суроого, жооп: "Сен ошол зынааны апана каалайсынбы? -жок. Эжене каалайсынбы? -жок. Биртууган карындашына, ж.а кызына каалайсынбы? -жок. Анда сенда ошол сыяктуу сенда мусулман бир туугандарына мындай арам ишти каалаба" деген. Ката жазсам тууралап койосуздар.
7) суроого. Жооп: "Умар ибн хаттаб, халифалык кезинде тузгон. Эмчектен чыккан балдарга пособие берилет, деп окум чыгарат."

9) суроого, жооп: "Ибн Халдун" саясий, ж.а экономика тарыхындагы эн чон салым кошкон, ислам аалымы. Англичандар тан берген бул кишиге.

Билдирүүнү түзөткөн: Nurjigit.Kg: 24 Ноябрь 2014 - 19:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Nurjigit.Kg   24 Ноябрь 2014 - 19:01

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 63
  • Катталган: 23 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Апр 2015 03:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Спорт чойросу. Карате (ЧП) . Вольная борьба (КМС).

1) суроонун жообу: "Эй момундар! Арак, кумар (сыйынуу учун) орнотулган таштар жанан, жаанын огу менен толго толго тартуу-шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла. Мумкун кутулаарсынар. ", "Чындыгында, шайтан аракта, кумарда ортолорунарга душмандык жана кек салып, Аллаахтын эскеруулорудон жана Намаздан тосууну каалайт. Ошондой болсода тыйылбайсынарбы? !"
Маида суросу, 90-91 аят.

Билдирүүнү түзөткөн: Nurjigit.Kg: 24 Ноябрь 2014 - 19:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   AZIK01   24 Ноябрь 2014 - 21:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

ﻢﻴﺣﺮﻟﺍ ﻦﻤﺣﺮﻟﺍ ﻪﻠﻟﺍ ﻢﺴﺑ
Ассаламу алейкум, урматтуу дин таанычу, аалымдар!
Ушундай пайдалуу сынактан артта калбоо максатында, мен да катышууга аракет жасадым. Аллаһ Таала илимибизге илим, билимибизге билим кошсун. Эң негизгиси, ыйманыбызды бекем кылсын!
Илимибизди жогорулатууга, изденүүгө себепкер болгондорго (Сынактын уюштуруу тобу) Аллаһ Таала ыраазы болсун!

Анда эмесе, убакыт өткөрбөө максатында биринчи суроого жооп узата кетейин:

1)Үчүнчүсү: Арак бул нажас, арам деген аят түшкөн. Алла Таала айтты: ُﺮِﺴْﻴَﻤْﻟﺍَﻭ ُﺮْﻤَﺨْﻟﺍ ﺎَﻤَّﻧِﺇ ﺍﻮُﻨَﻣَﺁ َﻦﻳِﺬَّﻟﺍ ﺎَﻬُّﻳَﺃ ﺎَﻳ)) ِﻥﺎَﻄْﻴَّﺸﻟﺍ ِﻞَﻤَﻋ ْﻦِﻣ ٌﺲْﺟِﺭ ُﻡﺎَﻟْﺯَﺄْﻟﺍَﻭ ُﺏﺎَﺼْﻧَﺄْﻟﺍَﻭ ((َﻥﻮُﺤِﻠْﻔُﺗ ْﻢُﻜَّﻠَﻌَﻟ ُﻩﻮُﺒِﻨَﺘْﺟﺎَﻓ ] 90 :ﺓﺪﺋﺎﻤﻟﺍ [ «Эй, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) кадалган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар? !». Маида (5:90) Бул аятты укканда мусулмандар
колундагы кармап турган арагын
жерге койгон. Ушул аракты сатып
алдым ичип жиберейин пулум текке
кетип кабасын- деп ичип жиберген
эмес. Кампаларындагы бочка-бочка болгон арактарын көчөгө төккөндө
Мадинанын көчөлөрүндө арак сел
болуп аккан- деген кабар келет.
Мына бул арактын даража- даража
болуп үч тепкичте келгендиги.


-Албетте, булардын баарын оозеки билүү биз үчүн кыйынга турду. Ошондуктан, башка булактардан тууралап көчүрүүгө туура келди. Шартка туура эле болду, деп ойлойм.

Баардык дин таануучу аалымдарга ийгилик!! !

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Ali.12   24 Ноябрь 2014 - 22:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

Ассалому Алейкум момун бир туугандар
Мен дагы билгеними жазып кетейин
1)Эй момундар,арак мас кыла турган ичкилик ичуу ,кумар ойноо,айкелдерге сыйынуу жана таякчалар менен толгочулук кылуу шайтандын амалынан болгон арам иштер.Демек тозоктон кутулушунар учун алардын ар биринен алыс болгула.Ичкилик кумар себептуу шайтан аранарда жек коруу ,душмандык салууну,ошондой эле силерди Алла Тааланы эстен чыгаруудан жана намаз окуудан тосууну кана каалайт!Эми токтоорсунар. Маиида 90
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Ali.12   25 Ноябрь 2014 - 01:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

5) Таза аялдарга айагы суйуктук кылды деп жалган жалаа жапкандар эгер торт адамдан турган кубо келтире албаса ,анда алардан сексен балак алынсын .Мындан сон алардын куболукторун эч качан кабыл албагыла.Мына ушулар бузукулар .Бирок андан кийин тооба кылып тузолгондорго Алла кечиримдуу мээримдуу.Нур 024.
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   rumaika5544   25 Ноябрь 2014 - 02:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Ассалааму алайкум! Баарыңыздырга ийгилик! :достор:


: 1Арак ичкен адам Алланы эстөөдөн, намаз окуудан алыстайт жана аны менен досторунун арасында душмандык жек көрүү пайда болот,Аллах арака тыйуу салган,ал ушул эки аятта тең ичүүнү уланта беришкен,качан гана Маида сүрөөсүнүн 90- аяты түшкөндө баары токтотуп,кээ бирөөлөр оозуна келип калган идиштердеги арактарды төгүшкөн,бул аятта мындай делет:" "Чындыгында шайтан, аракта, кумарда ортоңорго душмандык салып,Алланы эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт.Ошондой болсо да тыйылбайсыңарбы? ! "(5;90)

2 Уурунун ыйманы толук болбойт,Уурулук кылуучу чоң күнөөкөр болот.

Далил "Уурулук кылган эркек жана аялдын кылмыштарына жараша колдорун кескиле,.Бул Алла тараптан (белгиленген) азап жаза. Алла Жеңүүчү,Даанышман "

Ушул аяттын негизинде,Пайгамбарыбыз( солля аллахи уа саллам) Уурулардын колун кестирчү.Бир жолу атактуу,абройлуу уруулардын бир кызы уурулук кылып койот,пайгамбарыбыз ууру кыздын колун,күбөлөр далилге өткөндөн кийин кесмекчи болот.Ошондо Уруу башчылары ортого түшүп,кызынын колун кестирбей алып кетмекчи болуп келишет, ошондо пайгамбарыбыз (салаллахи алайхи уа саллам) "эгерде менин кызым Фатима уурулук кылса да анын колун кескиле дейт " муну менен Аллахтын элчиси, Алланын закону байына да кедейине да бирдей деген.


3. Зына бул, жаман ыплас амал "Алла айтты"" "Зынага жакындабагыла, анткени ал эң ыплас жаман жол " ( Исра;32)

Пайгамбарыбыз, сахабалар менен олтурган кезде,бир жаш бала пайгамбарыбыздан, ага, зынага руксат берүүсүн суранат,ошондо сахабалардын жини келип,"эй эмне деп атасың?! Үнүңдү өчүр,Үнүңдү өчүр,Үнуңдү өчүр! Деп кайталашат, Ошондой Аллахтын элчиси баланы жаныма жибергилечи деп айтат,бала жанына келгенде,балага
- А сен каалайсыңбы! Ушул нерсени апаңа

Десе бала жок деп жооп берет

Каалайсыңбы эжеңе,каалайсыңбы карындашыңа, каалайсыңбы башка бир тууганыңа деп сураганда бала "жок " жок " жок " мен буларды каалабайм,дегенде пайгамбарыбыз, башкалар дагы сен сыйактуу каалабайт деп туруп,колун баланын жүрөгүнө койуп туруп " Оо Аллахым,бул баланын жүрөгүн тазартчы,күнөөсүн кечир,жана сакта " дегенде бала ошондон кийин зынаны жаман көрүп калган....

Дененин ар бир мүчөсүн зинадан сакта. Кыямат күнү ар бир мүчөң күбөлүк беретШарият көргөзгөн тартипте нике кыйылмайынча аял эркектин бири бирине жакындоосу арам. Зинага жакындабагыла ал эң ыплас жана эң жаман жол!



.: 4:Себеби,аялдарга барып эркектин милдетин аткаруу,болбосо аялдардын гормондору өсүп,үнү жоонойуп,мурут өсүп,оорулуу дагы болуп калат,ошол үчүн,күйөөсү өлгөндөр дагы азасын 4 ай 10 күндө чечип,эрге тийүысүнө уруксат берилген,кээ бир эрки жок аялдар зынага дагы барып ийиши мүмкүн...


5... Таза аялга, зынакар,шуркуя ушундай сөздөрдү айтуу чоң күнөө.Аллах кураанда " Таза аялдарга, аягы суюктук кылды деп жалаа жапкандар эгер төрт күбө келтире албаса,анда алардан сексен балак алынсын.Мындан соң алардын күбөлүктөрүн эч качан кабыл албагыла.Мына ушулар бузукулар "
(Нур;4)

Жалган жабуучуларга Алланын наалаты болот жана кыяматта азапталышат.

Далил; "Акыйкатта абийирдуу, ак ниеттуу момун аялдарга жалаа жапкандар--- - бул дүйнөдө да, акыретте да каргышка калышат.Албетте аларга чоң азап бар "(Нур;23)

Абу Хурайра (Алла андан раазы болсун) риваят кылган хадисте,Пайгамбарыбыз( Ага алланын салам-салаваты болсун)

- Жок кылуучу жети күнөөдөн сактангыла " деди.

-Алар кайсылар деп сурашты сахабалар.


-Аллага шерик кошуу,сыйкырчылык, Алла тыйуу салган адамды өлтүрүү,суткордук, жетимдин акысын жеш,уруш талаасынан артка качуу,таза мусулман аялга жалган жалаа жабуу " беп жооп берди.(Бухарий, Муслим)

Билдирүүнү түзөткөн: rumaika5544: 25 Ноябрь 2014 - 02:01

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   rumaika5544   25 Ноябрь 2014 - 02:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Дауд байке,акыркы сурооңузду толуктап кетесизби? Ал адам көп жерде белектен баш тартканда,ошонун кайсынысын айталык,ушул суроодо такалып турам,же түшүндүрмө бере кетсеңиз калган бешөөн илип койойун.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   FREZIYA   25 Ноябрь 2014 - 07:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 08 Дек 2014 06:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гулдор олкосундо...

1-Суроону жообу:
«Маида» сүрөөсүндөгү бир аят менен арак арам
кылынган. Анда Алла Талаа мындай дейт:
} ﻳَﺎﺃَﻳُّﻬَﺎ ﺍﻟَّﺬِﻳﻦَ ﺁﻣَﻨُﻮﺍ ﺇِﻧَّﻤَﺎ ﺍﻟْﺨَﻤْﺮُ ﻭَﺍﻟْﻤَﻴْﺴِﺮُ ﻭَﺍﻷَﻧﺼَﺎﺏُ ﻭَﺍﻷَﺯْﻻَﻡُ
ﺭِﺟْﺲٌ ﻣِﻦْ ﻋَﻤَﻞِ ﺍﻟﺸَّﻴْﻄَﺎﻥِ ﻓَﺎﺟْﺘَﻨِﺒُﻮﻩُ ﻟَﻌَﻠَّﻜُﻢْ ﺗُﻔْﻠِﺤُﻮﻥَ ﺇِﻧَّﻤَﺎ
ﻳُﺮِﻳﺪُ ﺍﻟﺸَّﻴْﻄَﺎﻥُ ﺃَﻥْ ﻳُﻮﻗِﻊَ ﺑَﻴْﻨَﻜُﻢُ ﺍﻟْﻌَﺪَﺍﻭَﺓَ ﻭَﺍﻟْﺒَﻐْﻀَﺎﺀَ ﻓِﻲ
ﺍﻟْﺨَﻤْﺮِ ﻭَﺍﻟْﻤَﻴْﺴِﺮِ ﻭَﻳَﺼُﺪَّﻛُﻢْ ﻋَﻦْ ﺫِﻛْﺮِ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﻭَﻋَﻦِ ﺍﻟﺼَّﻼَﺓِ ﻓَﻬَﻞْ
ﺃَﻧْﺘُﻢْ ﻣُﻨﺘَﻬُﻮﻥَ {
- «Эй момундар, хамр (мас кыла турган
ичкилик ичүү), кумар (ойноо), буттар (т.а.
буддаларга сыйынуу) жана таякчалар (т.а.
таякчалар менен бал ачуу) шайтандын
амалынан болгон арам иш. Демек, (тозоктон)
кутулушуңар үчүн алардын ар биринен алыс
болгула! Ичкилик, кумар себептүү шайтан
араңарга жек көрүү, душмандык салууну о.э.
силерди Алланы эске алуудан жана намаз
окуудан тозууну гана каалайт! Эми
токторсуңар! ». [Маида:90-91]
Көкүрөгүм мыкчып турат сезим бир.Көп ыйладым, кирпикте жаш шүүдүрүм.Неге атың жаздым экен жүрөккө?Махабаттын көрдүм кандай үзүрүн? У.Амираева

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   FREZIYA   25 Ноябрь 2014 - 07:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 08 Дек 2014 06:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гулдор олкосундо...

Айша РА риваят кылган мына бул хадис:
« ﻛَﺎﻧَﺖْ ﺍﻣْﺮَﺃَﺓٌ ﻣَﺨْﺰُﻭﻣِﻴَّﺔٌ ﺗَﺴْﺘَﻌِﻴﺮُ ﺍﻟْﻤَﺘَﺎﻉَ ﻭَﺗَﺠْﺤَﺪُﻩُ , ﻓَﺄَﻣَﺮَ
ﺍﻟﻨَّﺒِﻲُّ ﺻَﻠَّﻰ ﺍﻟﻠَّﻪُ ﻋَﻠَﻴْﻪِ ﻭَﺳَﻠَّﻢَ ﺑِﻘَﻄْﻊِ ﻳَﺪِﻫَﺎ , ﻓَﺄَﺗﻰ ﺃَﻫْﻠُﻬَﺎ ﺃُﺳﺎﻣَﺔَ
ﺑﻦَ ﺯَﻳْﺪٍ ﻓَﻜَﻠَّﻤﻮﻩُ , ﻓَﻜَﻠَّﻢَ ﺍﻟﻨَّﺒِﻲَّ ﺻَﻠَّﻰ ﺍﻟﻠَّﻪُ ﻋَﻠَﻴْﻪِ ﻭَﺳَﻠَّﻢَ ﻓِﻴْﻬَﺎ ,
ﻓَﻘَﺎﻝَ ﻟَﻪُ ﺭَﺳُﻮﻝُ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﺻَﻠَّﻰ ﺍﻟﻠَّﻪُ ﻋَﻠَﻴْﻪِ ﻭَﺳَﻠَّﻢَ : ﻳَﺎ ﺃُﺳَﺎﻣَﺔُ ﻻَ
ﺃَﺭَﺍﻙَ ﺗَﺸْﻔَﻊُ ﻓِﻲ ﺣَﺪٍّ ﻣِﻦْ ﺣُﺪُﻭﺩِ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﻋَﺰَّ ﻭَ ﺟَﻞَّ, ﺛُﻢَّ ﻗَﺎﻡَ
ﺧَﻄِﻴﺒًﺎ ﻓَﻘَﺎﻝَ : ﺇِﻧَّﻤَﺎ ﺃَﻫْﻠَﻚَ ﻣَﻦْ ﻛَﺎﻥَ ﻗَﺒْﻠَﻜُﻢْ ﺑﺄَﻧَّﻪُ ﺇِﺫَﺍ ﺳَﺮَﻕَ
ﻓِﻴﻬِﻢُ ﺍﻟﺸَّﺮِﻳﻒُ ﺗَﺮَﻛُﻮﻩُ , ﻭَﺇِﺫَﺍ ﺳَﺮَﻕَ ﻓِﻴﻬِﻢُ ﺍﻟﻀَّﻌِﻴﻒُ ﻗَﻄَﻌﻮﻩُ ,
ﻭَﺍﻟﺬﻱ ﻧَﻔْﺴِﻲ ﺑِﻴَﺪِﻩِ ﻟَﻮْ ﻛَﺎﻧَﺖْ ﻓَﺎﻃِﻤَﺔَ ﺑِﻨْﺖَ ﻣُﺤَﻤَّﺪٍ ﻟَﻘَﻄَﻌْﺖُ
ﻳَﺪَﻫَﺎ , ﻓَﻘَﻄَﻊَ ﻳَﺪَ ﺍﻟْﻤَﺨْﺰﻭﻣِﻴَّﺔِ »
«Махзумдук бир аял нерселерди ариятка алып,
кийин танар эле. Пайгамбар САВ анын колун
кесүүгө буюрду. Аялдын күйөөсү Усама ибн
Зайдга келип сүйлөштү. Ал Пайгамбар САВ
менен сүйлөштү. Ошондо Пайгамбар САВ: «Эй
Усама, сени Алла Азза жана Жалланын бир
хады жаатында ортого түшөт деп ойлободум
эле», - деди да, ордунан туруп, минтип
кайрылды: «Силерден мурункулар ушул үчүн да
өлүмгө учурашкан, абройлуулары уурулук
кылса, тек коюшкан, заиптери уурулук кылса,
колун кесишкен. Жаным Анын колунда болгон
затка ант, эгер Мухаммаддын кызы Фатима
уурулук кылганда да, албетте, анын колун
кескен болор элем». Ошондон кийин махзумдук
аялдын колун кести
Көкүрөгүм мыкчып турат сезим бир.Көп ыйладым, кирпикте жаш шүүдүрүм.Неге атың жаздым экен жүрөккө?Махабаттын көрдүм кандай үзүрүн? У.Амираева

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   FREZIYA   25 Ноябрь 2014 - 07:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 08 Дек 2014 06:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гулдор олкосундо...

3-суроону жообу:
Ал жигитке: апаӊ, эжеӊ, карындашын барбы?
Башкалар да сени эже-карындаштарынды
зынаа кылышын каалайсынбы? Деген мааниде
соз айтат

4-суроонун жообу: Умар РА кызы Хафса
энебизден сурайт. “Аял киши эри жок канча
жүрөт” – дегенде, Хафса энебиз 4 ай деген...
5-суроонун жообу:
Алла Талаа айтат:
} ﻭَﺍﻟَّﺬِﻳﻦَ ﻳَﺮْﻣُﻮﻥَ ﺍﻟْﻤُﺤْﺼَﻨَﺎﺕِ ﺛُﻢَّ ﻟَﻢْ ﻳَﺄْﺗُﻮﺍ ﺑِﺄَﺭْﺑَﻌَﺔِ ﺷُﻬَﺪَﺍﺀَ
ﻓَﺎﺟْﻠِﺪُﻭﻫُﻢْ ﺛَﻤَﺎﻧِﻴﻦَ ﺟَﻠْﺪَﺓً ﻭَﻻَ ﺗَﻘْﺒَﻠُﻮﺍ ﻟَﻬُﻢْ ﺷَﻬَﺎﺩَﺓً ﺃَﺑَﺪًﺍ ﻭَﺃُﻭْﻟَﺌِﻚَ
ﻫُﻢُ ﺍﻟْﻔَﺎﺳِﻘُﻮﻥَ {
- «Пакиза аялдарды (зынаакор) деп жаманатты
кылып, кийин (бул сөздөрүнө) төрт күбө
келтире албаган адамдарга сексен дарра ургула
жана эч качан алардын күбөлүктөрүн кабыл
албагыла! Алар фасык адамдар». [Нур:4]
Дагы айтат:
} ﺇِﻥَّ ﺍﻟَّﺬِﻳﻦَ ﻳَﺮْﻣُﻮﻥَ ﺍﻟْﻤُﺤْﺼَﻨَﺎﺕِ ﺍﻟْﻐَﺎﻓِﻼَﺕِ ﺍﻟْﻤُﺆْﻣِﻨَﺎﺕِ ﻟُﻌِﻨُﻮﺍ
ﻓِﻲ ﺍﻟﺪُّﻧْﻴَﺎ ﻭَﺍﻵﺧِﺮَﺓِ ﻭَﻟَﻬُﻢْ ﻋَﺬَﺍﺏٌ ﻋَﻈِﻴﻢٌ {
- «Албетте (бузук ниеттерден) бейкабар, пакиза
муминаларды жаманатты кыла турган адамдар
дүйнөдө да, акыретте да наалатка дуушар
болушат. Алар үчүн улуу азап бар». [Нур:23]
Абу Хурайрадан риваят кылынат:
« ﺍﺟْﺘَﻨِﺒُﻮﺍ ﺍﻟﺴَّﺒْﻊَ ﺍﻟْﻤُﻮﺑِﻘَﺎﺕِ, ﻗَﺎﻟُﻮﺍ : ﻳَﺎ ﺭَﺳُﻮﻝَ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﻭَﻣَﺎ ﻫُﻦَّ؟
ﻗَﺎﻝَ : ﺍﻟﺸِّﺮْﻙُ ﺑِﺎﻟﻠَّﻪِ , ﻭَﺍﻟﺴِّﺤْﺮُ , ﻭَﻗَﺘْﻞُ ﺍﻟﻨَّﻔْﺲِ ﺍﻟَّﺘِﻲ ﺣَﺮَّﻡَ ﺍﻟﻠَّﻪُ ﺇِﻻَّ
ﺑِﺎﻟْﺤَﻖِّ , ﻭَﺃَﻛْﻞُ ﺍﻟﺮِّﺑَﺎ, ﻭَﺃَﻛْﻞُ ﻣَﺎﻝِ ﺍﻟْﻴَﺘِﻴﻢِ , ﻭَﺍﻟﺘَّﻮَﻟِّﻲ ﻳَﻮْﻡَ ﺍﻟﺰَّﺣْﻒِ ,
ﻭَﻗَﺬْﻑُ ﺍﻟْﻤُﺤْﺼَﻨَﺎﺕِ ﺍﻟْﻤُﺆْﻣِﻨَﺎﺕِ ﺍﻟْﻐَﺎﻓِﻼَﺕِ »
«Пайгамбар САВ: «Өлүмгө алып барчу жети
нерседен этият болгула», - деди. «Эй Алланын
Пайгамбары, алар кайсылар?» деп сурашты.
Айтты: «Аллага шерик келтирүү, сыйкыр, Алла
арам кылган жанды жазыксыз өлтүрүү,
сүткорлук кылуу, жетимдин малын жеш,
душман менен кагылышканда аркага качуу
жана абийирдүү, баёо аялдарга доомат кылуу».
Бул эки аят жана бир хадистеги «мухсонат» сөзү
«иффаттуу» (пакиза-абийирдүү) маанисинде
келүүдө. Негизи, бул сөз Куранда төрт мааниде
келген. Биринчиси - ушул эки аяттагы
«иффаттуу» маанисинде. Экинчиси - «турмуш
курган» маанисинде.
Көкүрөгүм мыкчып турат сезим бир.Көп ыйладым, кирпикте жаш шүүдүрүм.Неге атың жаздым экен жүрөккө?Махабаттын көрдүм кандай үзүрүн? У.Амираева

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   FREZIYA   25 Ноябрь 2014 - 07:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 08 Дек 2014 06:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гулдор олкосундо...

6-суроону жообу:
Мусулмандарга карата тыңчылык кылуу
} ﻭَﻻَ ﺗَﺠَﺴَّﺴُﻮﺍ {
- «...тыңчылык кылып жүрбөгүлө... »,
[Хужжирот:12]
аяты менен арам. Бул аятта тыңчылыктан
кайтаруу умумий мааниде келген. Аны бир
нерсеге таандык кыла турган далил жок
болгондуктан, ал умумий бойдон кала берет.
Муну Ахмад о.э. Абу Давуд өз санады менен
Микдад жана Абу Умамадан рыбаят кылган
хадис да тастыктайт. Хадисте Пайгамбар САВ
мындай деген:
« ﺇِﻥَّ ﺍﻟْﺄَﻣِﻴْﺮَ ﺇِﺫَﺍ ﺍﺑْﺘَﻐَﻰ ﺍﻟﺮَّﻳْﺒَﺔَ ﻣِﻦَ ﺍﻟﻨَّﺎﺱِ ﺃَﻓْﺴَﺪَﻫُﻢْ »
«Эгер амир адамдардан күмөн издесе, аларды
бузат». Ошондуктан, мусулмандарга карата
тыңчылык кылуу арам.

7- суроону жообу: Умар ибн Хаттоб

8- суроону жообу: Ал Пайгамбар САВдын
сүйүктүүсү деп аталат эле, ал Хадича энебизден
кийин ыйман келтирген экинчи адам эле.

Пайгамбарыбыз Оз уулудай жакшы корот эле...



9- суроону жообу: Ислам тарыхында айтып
өткөнүңөрдөй инсандар өтө көп болгон...


10- суроону жообу: Валлоху аълам, “акимдин
белек алуусу арам, казынын пара алышы
каапырлык” деген хадис болсо керек.
Көкүрөгүм мыкчып турат сезим бир.Көп ыйладым, кирпикте жаш шүүдүрүм.Неге атың жаздым экен жүрөккө?Махабаттын көрдүм кандай үзүрүн? У.Амираева

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   rumaika5544   25 Ноябрь 2014 - 08:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

6; О,ыйман келтиргендер! Күмөнчүл болуудан сактангыла кээ бир күмөндөр күнөө.
Жана бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири-бириңерди кыйбат кылбагыла! Силердин бириңер өз бир тууганынын этин жегенди жактыраабы? ! Жактырбайсыңар го! Аллахтан корккула! Аллах тообаларды кабыл кылуучу,боорукер!

Бул аят менен аңдуу арам! Деп эстешкен.

Абу Дауддан келген хадисте,аңдуу бузуку делген! «Эгер амир адамдардан күмөн издесе, аларды
бузат».
.: 7; Умар Аль- Фаррух,пособия, пенсияларды түздөп казынадан бөлүп берүүнү баштаган

8; Зайд ибн Аль Хариси,ал Хадижа энебиздин кулу болгон,Ал пайгамбарыбызга тийгенден кийин,Зайдды, белеке берет,андан кийин,Зайдды аталары билип калып баардык уруу биригип сатып алалы деп келишкенде пайгамбар(Алланын Ага салам салаваты болсун) Зайддга сенде эки жол бар,бирөөсу мени менен каласың экинчиси кааласаң булар менен кет деген.ошондо Зайдд эдчи менен калууну чечкен,андай кийин Аллахтын элчиси баланы,менин бакма балам деп жарыялаган, Эң биринчиси ХАДИЖА ЭНЕБИЗДИН БЕЛЕГИ БОЛГОН!


9 Абдурахман ибн Муххаммад ибн Аль-Хальдун!
(1332, 27-май) Туннисте төрөлгөн.Бул кишинин эмгектери ушул убака чейин колдонулуп келет.

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   sister   25 Ноябрь 2014 - 11:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ассаляму алейкум. "Катышпайм" - деп ойлодум эле, коздорум, колдорум кычышып кетти суроолорду коруп.
Азырынча биринчи суроого жооп:
Шараптарга учунчу ирээт, тап такыр тыйуу ансар менен мухажжилердин ортосунда болуп откон жаман окуядан кийин тушкон. Ал окуяда мединалыктар менен меккеликтер той откозушот. Ал тойдо шарап ичилет. Ичип, кызып калган сон ансар менен мухажжирлер бири бирине мактанышып, мактануусу урушка отуп, урушу мушташка отуп, мушташта дасторкондон мулжунгон сооктор менен колдонушат. Эстерине келгенде кылган кылыктарынан аябай уялышып, тообо келтиришет. Ошондо Аллах "Маида" сууранын 90 - 91 аяттарын тушурот. Анда (клавиатурам арабча жазбагандыктан, жана Курандын кыргызча котормосу болбогондуктан - менде орус тилинде аяттын маанисин эле жазып жатам) Аллах баардык акыл эсти алчу нерселерге, идолдорго, толго салууга тыйуу салат дагы, булар шайтандын адамды адаштыруу куралы экенин билдирет. Бул аяттар тушкондон кийин пайгамбарыбыз с.а.в шарапка, шарап жасаганга, ташыганга, жуктогонго, шарапты дасторконго койгонго, шарапты ичкенге наалат айткан.

Билдирүүнү түзөткөн: sister: 25 Ноябрь 2014 - 11:27


brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   sister   25 Ноябрь 2014 - 11:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

экинчи суроого жооп:
Пайгамбарыбыз с.а.в Махзума атту аялдын колун кыйууга буйрук берет, анткени ал аялдын ага аманатка берилген буюмдарды, каражатты уурдаганы, чабыштырганы (махинация) такталат. Анда ал аялдын туугандары келип, алардын арасында Усама ибн Зайд дагы болот, Махзумага отунуч болушат ( заступничество). Анда пайгамбарыбыз с.а.в Усамага айтат: " кантип Аллахтын окумуно отунуч сурайсын?" Элдин алдына чыгып: " силерге чейин болгон коом байлар уурдаса аны кечирип, кедей уурдаса анын колун кыйгандыгы учун жок болгон. Эгерде эле пайгамбардын кызы Фатима уурдаса, анын колун дагы кыйып салмакмын" - деп Махзуманын колун кыйууга буйрук берет.

Билдирүүнү түзөткөн: sister: 25 Ноябрь 2014 - 12:04


brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Yasmin   25 Ноябрь 2014 - 12:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 89
  • Катталган: 11 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 16 Июл 2015 20:36
  • Жынысы:Аялзаты

1-Эй момундар! Арак кумар айкелдерге сыйынуу жана жаанын огу менен толго тартуу шайтандын аплас иштери. Андан сактангыла! Мумкун кутулаарсынар. Ичкилик кумар себептуу шайтан аранарда жек корууну, душмандык салууну о.э силерди Алла Тааланы эстен чыгаруудан жана намаз окуудан тосууну гана каалайт.маида суросу(90-91)

2-Айша р.а риваят....
Махзуми коомунун уурулук кылган ,аялы жонундо чыккан кабар курайш уруусун туйшуко салды . Алар айтты: Бул кабарды ким Пайгамбарыбыз (САВ)га жеткирет деп. Бул ишти бир гана Усама ибн Зайд айта алат деди. Ал Пайгамбарыбызга айтты. Сен Алланын койгон чектериге жардамчы боло аласынбы?деп. Андан кийин хутба айтты .Албетте силерден алдынкылар жок болгон, себеби алар бир шарапаттуу жакшы адам уурулук кылса жон койушчу .Карапайым адам уурулук кылса колун кесишчу.Аллага касам болсун эгер Мухаммадин кызы Фатима уурдаган болсо мен анын колун кесет элем деген...

3-Сен ошол арам ишти апана ,эже карындашына, кызына каалайт белен?
-Албетте жок.деген жигит ошондо Аллага дуа кылган...

4-Кундордун биринде куйоосу согушта болгон, аял келип, зынаа арам иштерден болбогондо, мен ошол жолго барат элем деген.Ошондо Умар ибн Хаттаб кызы Хафсадан сураган аял куйоосу жок канча убакытка чейин журо алат дегенде 4 ай деп жооп берген.Ошондон кийин уй булоолуу эркектерди 6 айда келуусун буюрган...

5-Таза аялдарды зынакорлук кылды деп айткан адамдар ,андан кийин торт кубоо алып ,келе албаса аларга сексен жолу балак ургула жана алардын куболорун эч качан кабыл кылбагыла жана алар бузуку адамдар.нур суросу(4аят). ..

6-Хадистин мааниси:Эгер сен бироого жалаа жапсан,ошол нерсе анда болбосо ,сен ага куру доомат кылыпсын.Эгер ошол кемчилик бар болсо гыйбат (ушак) кылыпсын....

7-Казынаны тузгон, каары картандарга болуп берген Умар ибн Хаттаб....

9-Ислам аалымы Ибн Халдун болгон. Ал сойиология илимдерин тузгон.Теги Испаниялык бирок Тунисте жарык дуйного келген. 76 жашында дуйнодон кайткан.(1332- 1406).Соогу Каир шаарына коюлган...

10-Умар ибн Абдулазиз мындай деп жооп берген.Пайгамбарыбыз (САВ) дин убагындагы белек чыныгы белек болгон, азыркы учурдагы белек пара деген....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: