Суперстан: Кайрадан супер сынак стартта! "Ислам көйгөйлөрдү чечүүчү жол" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Кайрадан супер сынак стартта! "Ислам көйгөйлөрдү чечүүчү жол" Кел форумчу, сынактын арты менен ыйманыбызды тазарталы!

#41 Пользователь офлайн   Kg.lady   02 Декабрь 2014 - 14:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

5) Чынында абийирдуу аялга жалаа жаап, ал жалаа торт адам тарабынан тастыкталбаса, доомат арткан тарап жазасын алат,тагыраагы сексен балактан. Андан кийин анын созу эч жерде кабыл алынбайт, ишенимден чыгат.
Амавилер (Умаяттар) доорунун үч
белгилүү сатирик акынынын бири
Фараздактын кемпири көз жумат.
Жерге жашыруу ырасмына Хасан
Басри дагы катышат. Ырлары менен
айрым адамдардын ар намысына
шек келирип, кара көө шыбаган бул
акынга мүрзөнү нускаган Хасан
Басри мындай суроо узатат:
«-Акырет үчүн эмне даярдадың?»
«-Жетимиш жылдан бери шахадат
келмесин даярдап жүрөм».
«-Кандай сонун даярдык. Бирок
Шахадат келмесинин шарттары бар.
Ошондуктан ар-намысы таза
аялдарга жалаа жаппа!»
Чогуу
тургандардын бири дин көсөмүнөн
таңыркап сурайт:
«-Лаа илааха иллаллах - келмеси
бейиштин ачкычы эмеспи мырзам?»
«-Ооба ал келме, бейиштин ачкычы.
Бирок тишсиз ачкыч болушу
мүмкүнбү? Кулпу тиштери бар
өзүнүн гана ачкычына ачылат,
болбосо жок» дейт Хасан Басри.

«Акыйкатта, абийирдүү, ак
ниеттүү момун аялдарга жалаа
жапкандар – бул дүйнөдө да,
акыретте да каргышка калышат.
Албетте алар үчүн чоң азап
бар!» (Нур, 23).
«... Абийирдүү аялга жалаа
жаппагыла! » деген Азирети
Пайгамбарыбыз (Тирмизи, Истизан,
33/2733).

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 02 Декабрь 2014 - 14:28


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Topcubai   02 Декабрь 2014 - 19:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Ассалааму алейкум ва рахматуллооху ва баракатух.Жакшы саамалыкты баштапсыздар азиз момун мусулман бурадарлар. Мен дагы сынакка катышып корууну чечтим,бирок берилген суроолордун учунчусуно гана жооп бере алат экем.Анда эмесе учунчу суроого жооп
Ошондо пайгамбарыбыз салолооху алейхим ва салаам айтты
-Ошол зына ишти эжене каалайсынбы?
-жок-деди жигит
-апана каалайсынбы?
-жок
-бир туугандарына каалайсынбы?
-жок,жок жок!Жазади канаас!
-Кордунбу? Сендей эле башкалар да каалабайт-деди да,жигиттин журогуно колун коюп-аллахым, бул жигиттин куноолорун кечиргин-деди
"Жазади канаас"-деген созду ката жазсам тууралап коесуздар деген умуттомун.Рахмат
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Kg.lady   03 Декабрь 2014 - 02:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

6)Эгерде каапырлардын аскерлерине мусулман адам сатылып кетсе, алар менен келишим тузуп, мусулмандарга келип тынчылык кылып, ар бир купуя сырды жеткирип турса ал катуу жазасын алып, абакка тушот. Качан ал Алладан кечирим сурап, тообо келтирмейинче.
Тынчылык кылуу, бироонун артынан андуу бардык жерде болуп келген. Эгер бул ишти каапырлар, иудейлер, динсиздер жасаса алар олум жазасына тартылат. А эгер мусулман адам ушул ишке кол урса абакка тушот. Эгер куноосун мойнуна алып тообо келтирбесе сургунго айдалат.

(«Сказал аль-Аузаи о шпионе
который шпионит для врага за
мусульман: «Требуется с него
покаяние, и если он покаялся, то
принимается его покаяние. А если
он отказался покаяться, то
правитель наказывает его
болезненным наказанием, а затем
изгоняет его в какие то далёкие
земли и заключает в тюрьму».)

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Kg.lady   03 Декабрь 2014 - 02:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Эн алгач жолу Умар ибн Хаттоб тарабынан мамлекет казынасынан жумушка жараксыз адамдарга акчалай жардам көрөсөтүү иштелип чыккан. Алар кичинекей
наристелер жана каары- картаңдар , багар көрөөрү жок жетим, жесирлер, майып адамдары
болгон. Мына ушул кишинин шарапаты менен азыркы кезге чейин бул жөрөлгө уланып келет.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Kg.lady   03 Декабрь 2014 - 03:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

8) Зайд ибн Харис Йеменде апасы экөө бир жака баратканда туткунга алынып кулдукка жиберилет.Меккеге алып
келип хазирети Хадича энебиздин жээнине сатылат. Жээни хазирети Хадича энебизге белекке берет, ал пайгамбарыбызга тартуу этет. Бирок аны ата-энеси издеп Меккеге келишет.Ал кезде али
пайгамбарлыгы жарияланбаган
Расулуллахтн алдына келип
баласын сурашат. Пайгамбарыбыз:
- Зайдин өзүнөн сурайлы. Силерге
баргысы келсе барсын, менин жанымда
калгысы келсе қалсын!-дейт
Ата-энеси буга аябай кубанат. Анткени баласынын
оздөрүнө қайтуусуна үмүт артышат. Зайдини
чакырып пайгамбарыбыз жагдайды
түшүндүрөт. . Ошондо ал мындай дейт:
- Мен эчкимди сизге
алмаштырбайм. Менин атамда, энемда сизсиз. Сиз менен бирге болгум келет дейт.
Атасы бул жообуна ачүүланып;
- Сен кантип, ата-эненди, өз боштондугуңду кулчулукка алмаштырып жатасын?-дейт.
-Атаке мен бул кишиден көп жакшылык көрдүм, мен андан айрылгым келбейт дейт.
Пайгамбарыбыз буга өтө кубанып
Зайдди Каабадагы ажарул асуад
тоосунун жанына алып барып, ал
жердегилерге мындай деп
жарыялайт:
- Баарың күбөө болгула! Зайд бүгүндөн
баштап менин балам.
Ата-энеси бул жагдайды
көрөгөндө ачуулары басылып, көңүлдөрү
толуп үйүнө кайтып кетишет.

Заид бин Хариса Расулуллах
пайгамбарыбыздын арты менен ыйманга
келди. Алгачкы ыйман келтирген 4
адамдын бири болду. Мекке каапырлары
ага өтө көп азап менен кордук
көрсөтүшөт. Кийинчерек ал
Мадинаға көчөт. Расулуллахда аны
азаттыкка чыгарат.
Сахабалардын ичинде хазирети
Заидтен башка эчкимдин ысымы Кураани
каримде анык айтылбаган. 630 жылы
колбашчы ирээтинде катышкан Мута согушунда шеит кетет.
. Анын уулу Усама
хазретида пайгамбарымыз тарабынан
колбашы болуп дайындалган
сахабалардан болгон..

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Kg.lady   03 Декабрь 2014 - 03:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

9) Ибн Халдун (1332-1406)
көрүнүктүү тарыхчы катары жана
социологиянын илим катары
түптөлүшүнө зор салымын
кошкон. Батыштын көптөгөн
окумуштуулары үчүн анын
эмгектери жол көрсөткүч катары
колдонулган.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Kg.lady   03 Декабрь 2014 - 04:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

10)" (Файзулкадиир 6\357).
Адилет падыша Азирети Умар
бин Абдулазизге белек
берилгенде кабыл алуудан баш
тарткан учурда, ага:"Эмне үчүн
белек алуудан баш тартасыз?
Пайгамбарыбыз алайхис салам
белекалчу эле го?" дешет. Кайран
киши минтип жооп айтты:
"Пайгамбарыбыз алайхис
саламдын пайгамбар болгондугу
үчүн жакындагыбыз келет. А
бизге бийликте болгондугубуз
үчүн жакындагысы келишет.
Экөөнүн айырмасы асман менен
жердей. Бийликтеги адамга белек беруу, бул пара беруу дегендикке жатат!" деп айткан. (Муьиинул Хуккаам 17).

Жоопторду толуктайм деп жатып таңда атканы калды. :81:

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 03 Декабрь 2014 - 04:10


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Kg.lady   03 Декабрь 2014 - 04:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Экинчи тапшырманы жарыяламайынча баштабай турабыз. Алгач катышуучулардын тизмеги илинет.


Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 03 Декабрь 2014 - 04:21


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   03 Декабрь 2014 - 14:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

4) Umar al' Hattab (Allah andan yraazy bolsun) ar daiymkyday Madina kocholorun eldin abalynan ozu lichno kabardar boluu uchun kydyryp jurgondo, bir uido bir ayaldyn " oo Allahym, men kuioomdun uzak ubakyt janymda bolbogonu sebeptuu ozumo ozum zulumduk kyluuchulardan boldum, meni kechir" degen maanidegi sozdor menen Allaga jalbaryp atkanyn ugup kalsa kerek. Andan kiyin Hafsa attuu kyzynan ayaldyn erisiz kancha ubaytka bolo alyshyn suraganda 4 ai degen jooptu algan. Owondon kiyin baryshyna (sogushka) 1ai , soguwka 4 ai , keliwine 1ai ubakyt bolunup bardygy bolup 6ai belgilense kerek.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   03 Декабрь 2014 - 14:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

5) Aбийирдуу аялга жалаа
жаап, ал жалаа торт адам тарабынан
тастыкталбаса, доомат арткан тарап
жазасын алат,тагыраагы сексен
балактан. Андан кийин анын созу эч
жерде кабыл алынбайт, ишенимден
чыгат.
«Акыйкатта, абийирдүү, ак
ниеттүү момун аялдарга жалаа
жапкандар – бул дүйнөдө да,
акыретте да каргышка калышат.
Албетте алар үчүн чоң азап
бар!» (Нур, 23).
«... Абийирдүү аялга жалаа
жаппагыла! » деген Азирет
Пайгамбарыбыз (Тирмизи, Истизан,
33/2733).v
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   AZIK01   04 Декабрь 2014 - 05:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Ассаламу алайкум!
Бисмилахир- рохманир-рохийм.

4-суроого жооп.
Аскерлерин 4 айда үйлөрүнө келүүсүн буйруганын себеби: аялдардын да өз акыларын берүү. Эркектердин нафсын кандыруу болгон. Умар ибн Хаттаб аялы эмес, кызы Хафсадан сураган:" Аял күйөөсү жок, канча жүрө алат"-дегенде, кызы "4 ай"-деп жооп берет. Ошондон улам баруусуна 1 ай, кайра келүүсүнө бир ай, согушка 4 ай берилип, 6 айда аскерлер үйлөрүнө келип турган.


7-суроого жооп:

Мамлекеттин казынасынан ишке ашырыруу Умар ибн Хаттаб (р.а) тарабынан киргизилген. Ал адам теңдикти сүйгөн, элди кедей, бай маселесин жойгон. Баарына бирдей мамиле жасаган халифа болгон.
Умар адаттагыдай Медина көчөлөрүн айланып жүргөндө, бир үйдөн бала ыйын угат. Ал үйдө, эне баласын эмизбей жаткан болот. Умар аялдан " неге баланы эмизбей жатасын?" -дегенде, аял " Умар бин Хаттаб эмчектен чыккан балдарга гана акы берет, менин балам эмет"-дегенде, Умар ыйлап жиберет. Эрте менен багымдат намазын окугандан кийин "Балдарыңыздарды сүттөн ажыратпагыла, ар бир туулган мусуман баласы үчүн акы төлөнөт"- деген.

8-суроого жооп:

Зайд бин Хариса Хадижа энебиздин кулу болгон. Хадижа энебиз Аллаһтын расулуна эмне белек берүүнү билбей, өзүнүн эң жакшы кулун Зайд бин Харисаны тартуу кылат.
Пйгамбарыбыз Зайдды кулдуктан бошотуп, бала кылып алат.
Анан, Зайдтын атасы жана амекиси алып кетүү үчүн келгенде, Пайгамбарыбыз С,А.В Зайд р.а га тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Зайд р.а ата-энесин эмес, сүйүктүү пайгамбарыбызды тандайт. Зайд : "Менин атам да, энем да, бир тууганым да сизсиз"-дейт. Бул жерде пайгамбарыбызда канчалар сүйгөнүн көрсө болот. Пайгамбарыбызды сүймөйүнчө момун боло албайбыз.
Ошентип Зайд калгадан кийин, аны байтуллахка алып чыгып: "Күбө болгула! Зайд менин уулум. Мен ага мураскор, ал да мага мураскор" -деди.
Ал жөн Мухаммад бин Абдуллахты танбаган эле. Ал келечектин пайгамбарыны тандаган эле. Кийин айгамбарыбызга вахий түшө баштаганда, Зайб бин Хариса биринчилерден болуп, ыйман келтирди.Пайгамбарыбыз С.А.В Исламга даават кылганда дайым жанында болду. С.А.В ташбараңга алганда да бирге болгон.

9-суроого жооп:
Абдуррахман ибн Мухаммад ибн Хальдун ал-Хадрами. "Мукаддима"

10-суроого жооп:

"Пайгамбар соллаллоху алайхи вассалам белек алат эле го"- дешкенде, Умар бин Абдулазиз : "Пайгамбар С.А.В үчүн белек эле, биз үчүн пара"-деген.

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Kg.lady   04 Декабрь 2014 - 12:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Мына ушинтип биринчи тапшырма аркылуу катышуучулардын тизмесин аныктап алдык.
1. Nurjigit.kg,
2. Azik01,
3. Ali.12,
4. rumaika5544,
5. FREZIYA,
6. Sister,
7. Yasmin,
8. Nurdoolot94,
9. Momyn_jygyt,
10. Kg.Lady,
11. Topcubai


Ушуну менен биринчи тапшырмабызды жыйынтыктайбыз. Дауд мырза катышуучулардын эмгегине оз баасын бере кетсин, андан сон экинчи тапшырманы баштайбыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 04 Декабрь 2014 - 12:32


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Daud   04 Декабрь 2014 - 16:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

بسم الله الرحمن الرحيم
Кимдин канча балл алганын айтуудан мурда туура жоопторду айтайын. Ар бир катышуучу өзүнүн берген жообун ошол жоопторго салыштырып көрсүн. Жоопторду суроолору менен кошо илдим жана артынан кыскача комментарий жаздым. Сынагыбыз "Ислам - көйгөйлөрдү чечүүчү жол" деп аталат эмеспи. Ошого тигил же бул суроонун кайсы көйгөйгө кандайча тиешеси бар экенине кыскача комментарийлер жазылды.
1. Арак тууралуу аяттар бир нече жолу, баскыч -баскыч менен түшүрүлгөн. Арак боюнча түшкөн алгачкы аят “Сенден арак жана кумар оюндары тууралуусурашат. Айткын: Ал экөөндө – чоң күнөө (бар). (Бирок) адамдар үчүн (бир аз)пайдалары да бар. Ал экөөсүнүн пайдасынан күнөөсү чоңураак... ” - деген аят болгон. (Бакара – 219).Ошондо кээ бирөөлөр пайдасынан күнөөсү көп болгон нерсени колдонбойбуз деп арактан пайдаланууну токтотушкан. А кээ бирөөлөр биз анын пайдалуу жагын гана колдонобуз деп аны колдонууну улантыша беришкен. Андан кийин “Эй, ыйман келтиргендер! Силер мас болгон абалыңарда өзүңөрдүн эмне деп айтып жатканыңарды билмейинче намазга жолобогула! ...” –деген аят түшкөн. (Ниса – 43). Ошондо бизди намаздан калтыра турган нерсенинбизге кереги жок деп бир топ адам арак ичүүнү токтотушкан. А бирок кээ бирөөлөр намазга тоскоол болбой тургандай кылып, арак ичүүнү уланта беришкен. Анданкийин аракка байланыштуу дагы бир аят түшкөн. Ошондо мусулмандардын баары үйлөрүндө сактаган арактарын көчөгө алып чыгып төгүшкөн. Ал эми Мадинанын көчөлөрүнөн арак суудай эле аккан.

Суроо: Ушул үчүнчү жолу түшкөн аят кайсы аят жана анда эмне деп айтылган?

Жооп: «Эй, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) кадалган таштаржана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар? ! Ичкилик кумар себептуу шайтанаранарда жек коруу, душмандык салууну,ошондой эле силерди Аллах Тааланы эстенчыгаруудан жана намаз окуудан тосууну гана каалайт! Эми токтоорсунар? !».Маида (5:90-91).

Ким жогорудагы аяттардын жазган болсо, анын жообу толукдеп эсептелет. Ал эми ага берилген комментарийлерге баа берилбейт. Алар үчүн иншаа Аллах соопторго ээ болосуздар.

Комментарий: Жогоруда айтылгандай бул аят арак тууралуу түшкөн эңакыркы аят. Бул аятта арак эле эмес, кумар оюндарын ойноо, төлгө ачуу жанабудка сыйынуу тууралуу да айтылган.Арак ичүүнү менен будтарга сыйынуунун бираятта айтылуусу арак ичүүнүн өтө чоң күнөө экендигин көрсөтүп турат деп айтышаткээ бир аалымдар.

Бул аят түшкөн убакта, анда айтылган өкүмдү сахабалардароо аткарышыт. Экиленишпеди. Эгерде бүгүнкү күндө мусулмандар Кураанаяттарындагы, хадистердеги өкүмдөрдү кыйшаюсуз аткарышканда, анда бүгүнмусулмандар арасында аракечтик, казино, букмердик конторолар ж.б. кумаройнотулуучу жайлар, төлгөчү, көзү ачыктар ж.б. ар кандай көйгөйлөр жок болмок.Биздин көйгөлөр биз динибиздин өкүмдөрүн аткарбагандыктан гана келип чыгууда.Демек, аларды чечүү жолу да динибиздин өкүмдөрүн аткарууда. Андыктар ар бирибизбиринчи кезекте өзүбүз динибиздин өкүмдөрүн үйрөнүп, андан кийин башкаларгаүйрөтүүгө күч аракетибизди жумшообуз зарыл!


2. Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам)бир жолу: “ЭгердеМухаммадтын (солла Аллаху алейхи ва саллам) кызы Фатима уурулук кылган болсо,Мухаммад (солла Аллаху алейхи ва саллам) анын колун кесмек” – деп айткан.

Суроо: Пайгамбарыбыздын (соллаАллаху алейхи ва саллам) бул сөздү айтуусуна кайсы окуя себеп болгон?

Жооп: Курайш уруусу, уурулук кылган Махзума уруусунан болгон бир аял тууралуу кабатыр болушуп: “Аллахтын элчиси (солла Аллаху алейхи ва саллам) менен ким сүлөшөт? Ким буга батына алат? Агабир гана Аллахтын элчисинин (солла Аллаху алейхи ва саллам) сүйүктүүсү Усама бин Зайд гана жарайт” – деп айтышат. Анан ал Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхива саллам) менен сүйлөшөт. Ошондо Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам):“Кантип Аллахтын өкүмүндө ортомчулук кыласың!?” – деп айтып, андан кийин ордунан туруп: “О, адамдар! Чындыгында силерге чейин болгондор кадыр барктуу адамдар уурдаса аларды жөн коюп, алсыз адам уурдаса ага жаза беришип, туура жолдон адашышты. Аллахтын аты менен ант ичем, эгерде Эгерде Мухаммадтын (солла Аллаху алейхи ва саллам) кызы Фатима уурулук кылган болсо, Мухаммад (солла Аллаху алейхи ва саллам) анын колун кесмек” –деп айтты. (Сахих аль-Бухарий).

Бул хадистин бир канча варианты барболгондугу үчүн жана хадистерди сөзмө-сөз эмес, маанисине карап айтууга даболоорун эске алып, ушул мааниде айтылган хадистердин баарын туура депэсептелет.

Комментарий: Булхадисте Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) мурдакы коомдор кантиптуура жолдон адашышкандыктарын айтты жана өзүнүн Ислам өкүмдөрүн аткаруудаканчалык бекемдигин көрсөттү. Анткени уурулук кылган аял анын уруулашы, тууганыэле. Анын колун кестирбөө үчүн ортого түшкөн адам Пайгамбарыбыздын (соллаАллаху алейхи ва саллам) багып алган баласы Зайд бин Харисанын уулу Усама бинЗайд эле. Ошого карабастан ал уурулук кылган аялдын колун кесүүгө буйрук берди.Ал эле эмес, анын ордунда өз кызы болсо да, бул чечимден кайтпоосун айтты.

Бүгүнкү күндө бизде кылмыштуулуктун көбөйүүсүнө себепболгон нерсе, соттордун адилеттүү болбой жатышкандыктары, чоң кызматтагылардынөз туугандары, жакындарына кылмыштарына жаза берилбөөсү үчүн күч-аракеттерин жумшап жатышкандыктары себеп болууда. Эгерде алар Пайгамбарыбыздан (соллаАллаху алейхи ва саллам) үлгү алышканда, анда азыр бизде кылмыштуулук деген көйгөй жок болмок. Демек, биз динибиздин өкүмдөрүн башкаларга жеткирүү үчүн күч-аракетибизди жумшообуз зарыл.


3. Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыздын (соллаАллаху алейхива саллам) алдына бир жаш жигит келди да: “О, Аллахтын элчиси!Мага зына (никесиз жыныстык байланыш) кылууга уруксат бериңиз” – деп айтты.Анда ошол жерде отурган сахаблар ал жигитти жемелеп: “Үнүңдү өчүр! Үнүңдү өчүр!” – деп айта башташты. А Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам)болсо: “Аны жакын алып келгиле деди”. Ал жакын келди. Анда: “Отур” – деп айтты эле, ал жигит отурду. Андан кийин Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам)менен тиги жигит менен зына жөнүндө сүйлөштү.Алардын диалогу бүткөндөн кийин Пайгамарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) ал жигитке колун коюп: “О, Аллах!Анын күнөөсүн кечир, жүрөгүн тазарт жана жыныстык мүчөсүн (күнөө иштерден) сакта” – деп айтты. Андан кийин тиги жигит эч качан андай ишке эч кызыкпай калды.

Суроо: Жогоруда айтылган окуяда Пайгамбарыбыз (соллаАллахуалейхи ва саллам) тиги жигит менен зына жөнүндө эмнелерди сүйлөшкөн эле?

Жооп: Ал жигит менен Пайгамбарыбыз (солла Аллахуалейхи ва саллам) арасында төмөндөгүдөй диалог болгон:

-Сен муну (зынаны) энеңе каалайсыңбы?
- Аллахтын аты менен ант ичем, жок(каалабайм). Жаным сизге садага болсун!

-Адамдар да өз энелерине каалашпайт. А кызыңа каалайсыңбы?
- Аллахтын аты менен ант ичем, жок(каалабайм). Жаным сизге садага болсун!
-Адамдарда муну кыздарына каалашпайт. Эже-карындашыңакаалайсыңбы?
- Аллахтын аты менен ант ичем, жок(каалабайм). Жаным сизге садага болсун!
-Адамдарда муну эже-карындаштарына каалашпайт. Абжең (атаңдын карындашы) үчүн каалайсыңбы?
- Аллахтын аты менен ант ичем, жок (каалабайм). Жаным сизге садага болсун!
-Адамдар да муну абжелерине каалашпайт. Сен муну таяжеңе (апаңдын эже-сиңдилери) үчүн каалайсыңбы?
- Аллахтын аты менен ант ичем, жок (каалабайм). Жаным сизге садага болсун!

-Адамдар да муну таяжелерине каалашпайт. .. (Муснад, Ахмад).

Ушул мааниде айтылган хадистердин баары туура жооп депэсептелет.

Комментарий: Бул хадис Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам) коомдогу көйгөйлөрдү чечүүдөгү көрөгөчтүгүн көрсөтүп турат. Ал тигил жигитке бир канча мисал келтирүү менен эле, зына кылуунун кандай жаман иш экендигин түшүндүрүп бере алды. Эгерде зына кылууну каалаган ар бир эркек, ким менен зына кылгысы келсе өзүн ошол аялдын баласынын, атасынын, бир тууганынын ордуна коюп көргөн болсо, мындай ишке барышмак эмес. Анын натыйжасы катары азыр коомубузда күч алган сойкулук, никесиз бойго бүтүү, аборт кылуу сыяктуу терс көрүнүштөр жок болмок. Кана эми ар бир адам Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам)бул куттуу хадисинин маанисин түшүнө алса. Ал жөнүндө терең ой жүгүртө алса.Демек, жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн биз бул хадистин маанисин башкаларга түшүндүрүүгө аракет кылуубуз зарыл.

4. Умар бин аль-Хаттаб халифа болуп турган убакта согушка кеткен аскерлердин алты айда бир жолу үйлөрүнө келүүсүн буйруган. Тактап айтканда согуш үчүн төрт ай, баруу үчүн бир ай жана келүү үчүн бир ай, бардыгы болуп алты ай белгилеп берген.

Суроо: Анынмындай чечим чыгаруусунун себеби эмнеде?

Жооп: Умар бин аль-Хаттабтын мындай чечим чыгаруусуна себеп аялдарды зына кылып коюдан коргоо болгон.

Буга байланшытуу окуя ар кандай вариантта айтылгандыгыүчүн, ушул маанидеги жооптор туура деп кабыл алынды. Анткени кээ бир риваяттарда бир аял өзү келип Умарга (Аллах андан ыраазы болсун) арызданганы айтылса, башка риваятта Умар анын Аллахка кайрылып дуба кылып жаткандыгын угуп калгандыгы айтылат. Бир риваятта төрт ай делсе, башка риваятта алты ай деп айтылат. Ошондуктан риваяттардын кайсынысы айтылган болсо да, алар туура деп кабыл алынды.

Комментарий: Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) бул чечими, үй-бүлө маселесине байланыштуу кабыл алынган мыкты чечим болгон. Жубайлардын көп убакыт бою бири-бирлеринен алыс жактарда жүрүүлөрү азыркы күндө да актуалдуу маселе.Көпчүлүк убакта эркектер аялдардын табиятын эске албай койгондуктан, ар кандай көйгөйлөр чыгып жаткандыгы да жашыруун эмес. Күйөөсү жок убакта өзүн башкара албай, шайтанга азгырылып зына кылгандарда жок эмес. Кээ бирөөлөр зына кылышпаганы менен ден-соолуктарына зыян жеткен учурлар да болуп турат. Демек, мындай көйгөйлөр чыкпоосу үчүн жубайлар бул маселеге да көңүл бөлүүлөрү зарыл. Эске сала кетчү нерсе Умардын окуясында айтылган убакытты так өзүндөй болуусу шарт эмес. Анткен ал убак башка болчу. А биздин убак башка. Ошондой эле жубайлар канча убакыт бири-биринен алыста боло алышат, аны башкаларга караганда өздөрү жакшы билишет. Ошондуктан бул маселеге кайдыгер карабоо зарыл. Ошондой эле уулдарын чет өлкөгө жиберип, келиндерин үйдө алып калган кайната, кайненелер да бул маселеге көңүл бөлүп коюлары ашыктык кылбайт.


5. Суроо: Зына кылгандыгы далилденбеген, эркин, таза мусулман аялды зына менен айыптаган, мисалы: “эй зынакер”, “эй, сойку” же анын күйөөсүнө “эй сойкунун күйөөсү” же баласына “эй сойкунун баласы” - деп айткан адам, ал аялдын чындап эле зына кылгандыгын төрт күбө менен тастыктабаса анын бул дүйнөдөгү жана акыреттеги жазасы кандай болот? Кураанда бул тууралуу эмнедеп айтылган?

Жооп: “Таза аялдарга “аягы суюктук кылды” - деп жалган жалаа жапкандар эгер төрт күбө келтире албаса, анда алардан сексен балакалынсын. Мындан соң, алардын күбөлүктөрүн эч качан кабыл албагыла. Мына ушулар–бузукулар” . (Нур:4)

Ал эми акыреттеги өкүмү жөнүндө минтип айтылат:

“Акыйкатта, абийирдүү,ак ниеттүү момун аялдарга жалаа жапкандар – бул дүйнөдө да, акыретте да, каргышка калышат. Албетте, алар үчүн чоң азап бар. Кыямат Күнү аларга тилдери, колдору, буттары эмне иш
кылгандарына күбө болушат. Ошол Күнү Аллах аларга ылайыктуу жазасын толук берет. Анткени, алар Алланын (бар экени) ачык акыйкат экенин билишет”. (Нур, 23-24-25).

Комментарий: Бизде мындай нерсе аз болгону менен бул чоң күнөө иштерден болгондугу үчүн, суроолордун арасына коштум. Анткени кээде кээ бирөөлөр башка аялдар тууралуу “шуркуя”, “сойку” ж.б.у.с. сөздөрдү айтып калышат. Кээ бирөөлөргө бул сөздөрдү колдонуу адат деле болуп калган. Албетте алардан далил талап кылынган болсо, алар буга далил келтире албасы турган кеп.

Динибиздин бул сыяктуу жоруктарга тыюу салгандыгы, динибиз аял затынынын кадыр-баркын, даражасын көтөрүп, алардын абийлерине шек келтирүүчү сөздөрдөн коругандыгына далил болот. Бүгүнкү күнү өздөрүн укуккоргоочулар деп атаганда сойкулардын укуктарын коргоп жатышкан болсо, Ислам аялдарга сойку деген ат жабышуусунан коруйт. Албетте сойкунун укугун коргоо сойкуларды гана көбөйтөт. Ал эми аялдын абийрин коргоо коомдун оңолуусуна өбөлгө түзөт. Анткени ар бир аял – эне. Ал эми ар бир эне – мектеп.

6. Бүгүн массалык маалымат каражттарынан ар кандай маалыматтарды табууга болот. Алардын арасынан кээ бир белгилүү адамдардын башкалардан жашырып жүргөн иштерин ачыкка чыгарган маалыматтарды да табууга болот. Демек, ал маалыматтарды жазган адамдар же алардын артынан аңдып жүрүшөт же аларга жалаа жабып жатышат.

Суроо: Жалаа жабуунун күнөө экенин баарыбыз эле билебиз, ал эми мусулманад амдын артынан аңдып жүрүүнүн өкүмү кандай? Бул туурасында Кураанда жана хадистерде эмне деп айтылат?

Жооп:Мусулман адамдын артынан аңдып, анын айыбын издөө арам. Аны кылган адам күнөөкөр болот. Кураанда бул туурасында минтин айтылат: “Эй, ыймандуулар! Шектенүүлөрдүн көпчүлүгүнөн арылгыла. Анткени,айрым шек саноолор – күнөө. Бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири бириңерди артыңардан гыйбат кылбагыла! Силердин араңардан ким өлгөн бир тууганынын этин жешти жакшы көрсүн?! Силер аны жактырбайсыңар! Аллахтан корккула! Чындыгында Аллах – тооболорду Кабыл Кылуучу, Боорукер” . (Хужурат:12)

Ал эми Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхива саллам) хадисинде болсо мындай делет: “Күмөндөн сактангыла, күмөн сөздөрдүн эң жалганы. Бирөөлөрдүн артынан аңдыбагыла, алардын айыбын издебегиле, бири-бириңеге жамандык кылбагыла, бурадар болгула эй Аллахтын пенделери! ”.(Сахих аль-Бухарий).

Суроонун шарты боюнча бирөөнүн артынын аңдуу тууралуу Кураандан аят жана хадис жазуу керек болчу. Башында айтканымдай хадис жана аят жаз деген убакта бир аят жана бир хадис айтуу жетиштүү болот. Ким бир аят жана бир хадис жазган болсо анын жообу толук деп эсептелет. Бирөөсүн эле жазбаган болсо, ал толук жооп деп эсептелбейт .

Комментарий: Бири-бирлеринин артынан аңдуу учурдун көйгөйлөрүнөн бири. Биз бул нерсеге анча маани бербегенибиз менен чындыгында бул нерсенин зыяндары чоң. Биринчиден минтип аңдышып жүрүү адамдардын бири-бирлерине болгон ишенимдерин жок кылат. Ишеним жок болгондон кийин алардын арасындагы мамиле да солгундайт. Бүгүнкү күндө күйөөсүнүн же аялынын почтасын, телефонун ж.б.нерселерин текшерүүнүн натыйжасында үй-бүлөлөр ажырашкан учурлар да болуп жатат. Ал да болсо, аңдуунун зыяндарынан бирөөсү. Экинчиден: Башка бирөөнүн артынан аңдып, ал жашыруун кылып жүргөн ишин ачыкка чыгаруу, жаман иштердин коомдо жайылуусуна шарт түзөт. Мисалы кайсы бир жаман ишти жашыруун кылып жүргөн адамдын артынын түшүп, ал кылып жаткан иштерди элге жарыялоо менен биз ал адамдын жүзүн ачып койгон болобуз. Анын жүзү ачылгандан кийин эми ал бул ишти башкалардан жашырып кылуусунда эч кандай маани калбайт. Ал эми жаман иштерди ачык түрдө кылган убакта, аны көргөн башкалар да бул ишти кыла баштоолору мүмкүн. Ошондуктан да биз кайсы бир адамдын өзү ачыкка чыгарбаган айыбын издебөөбүз зарыл. Бир жолу Ибн Масудка бир адам келип: “Баланчынын сакалынан арак тамчылап жатат” – деп айтты эле, Ибн Масуд: “Биз тыңчылык кылгандан тыйылганбыз. А бирок кайсы бир иши ачыкка чыккан болсо, биз аны ошол иши үчүн жоопко тартабыз”– деп жооп берди.


7. Азыркы күндө ар бир мамлекеттин казынасынан пенсия,пособиялар берилип турат жана андан билим берүү, медицина ж.б.тармактарга жумшалат. Бирок мамлекеттик казынаны жана жогоруда аталган нерселерди мамлекеттик казынанын эсебинен ишке ашырууну биринчи жолу ким баштагандыгы тууралуу баарыбыз эле биле бербейбиз.

Суроо: Алгачкы болуп мамлекеттик казынаны түзгөн, андан пенсия, пособие берүүнү жана жогоруда аталган тармактарга жумшоону баштаган алгачкы адам ким болгон?

Жооп: Умар бин аль-Хаттаб (Аллах анданыраазы болсун).

Комментарий: Бүгүн биз тигил же бул президенттин кылган ишин мактап, аны жерге тийгизбей көкөлөтөбүз. Бирок ошол президенттердин баары бириксе да, Умар бин аль-Хаттабка жетпестиги анык. Мына бизге кимдер үлгү болуусу керек! Коомубуз, заманыбыз оңолсун десек, биз ошол Абу Бакр, Умар, Усман, Али (Аллах алардын ыраазыболсун) сыяктуу адамдар арабызан өсүп чыгуусу үчүн аракет кылуубуз керек.


8. Зайд бин Харис (Аллах андан ыраазы болсун) каракул болгон. Бирок аны Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) азаттыкка чыгарып, аны өзүнө бала кылып алган. Б.а. ал Пайгамбарыбыздын (солла Аллахуалейхи васаллам) мураскерине айланган. Андан кийин Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи васаллам) аны кадыр барктуу үй-бүлөнүн кызы болгон Зайнаб бинти Жахшка үйлөндүргөн. Ошондой эле кээ бир согуштарда аны аскер башчысы кылып дайындаган.

Суроо: Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам) Зайд бин Хариске мындай мамиле кылуусунун сыра эмнеде эле?

Жооп: Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхива саллам) өз хадистеринде бир улут башка улуттан, бир адам башка адамдан такыбалыга жагынан гана жогору турбаса, башка тараптан алып караганда баары бирдей экенин көп жолу айткан. Суроонун башында айтылгандай Зайд (Аллах андан ыраазы болсун) кара түстөгү (негр) кул болгон. Ошол убактын көз карашы менен караганда кулчулуктан бошотулган адам барибир катардагы эркин адамдардан бир даража төмөн турган. Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) бул түшүнүктү жокко чыгаруу үчүн алгач аны өз мураскери деп жарыяласа, андан кийин аны кадыр-барктуу үй-бүлөнүн кызына үйлөндүргөн. Чындыгында мындай болоорун кыздын үй-бүлөсү да күткөн эмес. Бирок, Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи васаллам) айткандыгы үчүн гана алар макул болушкан. Андан кийин аны аскер башы дакылып дайындаган. Муну менен Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) динибизде расса, улут, социалдык статуска маани берилбестигин кайра-кайратастыктаган. Зайд бин Хаарис бир эле мисал. Андан башка Билалдын азанчы болуусу, Зайдтын уулу Усаманын аскер башчы болуусу да ушул максатта кылынган.

Мен жогоруда айтылган жоопту күткөн болчум. Бирок андай жооп болбоду. Анын ордуна Пайгамбарыбыз (солла Аллахуалейхи ва саллам) Зайдты жакшы көргөндүгү ж.б. нерселер жөнүндө жазылды. Алайтылгандар да туура болгондугу үчүн, аларды толук эмес жооп катары кабылалдым.

Комментарий: Пайгамбарыбыз Мухаммад (солла Аллаху алейхи ва саллам) улутчулдук, рассизм сыяктуу терс көрүнүштөрдү 14 кылым мурда эле чечип койгон. Бирок, биз динибиздин өкүмдөрүн так аткара албаганыбыздан улам бүгүн түндүк-түштүк, өзбек-кыргыз, дунган- кыргыз ж.б. болуп бөлүнүп жатабыз. Эгерде саясатчыларбыз бул көйгөлөрдү чечүүдө Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва сллам) методун колдонушкан болушса, анда бул маселелер алда качан чечилмек.


9. Суроо: Социология илиминде Огюст Контту, экономика илиминде Адам Смит жана Давид Рикардону артта калтырган мусулман аалымы ким болгон? Ал өз эмгектеринде жумушту бөлүштүрүүнүн маанилүүлүгүн, жасалма инфиляциянын, товарларга баалардын мамлекет тарабынан бекитилүүсүн зыяндуулуктарын ж.б. бүгүнкү күндө чоң мааниге ээ болгон көп нерселерди айтып өткөн. Анын илимий эмгектери 19-кылымдан баштап, бүгүнкү күнгө чейин Европа өлкөлөрүндө жана АКШ жана Японияда да окутулуп келет.

Жооп: Мухаммад бин Халдуун .

Комментарий: Чындыгында, Ислам гүлдөп өсүп турган убакта мусулмандар арасынан чыккан аалым-илимпоздор өтө көп болгон. Ибн Халдун алардын бирөөсү гана. Андан сырткары Ибн Сина, аль-Харазмий, аль-Бируний, аль-Идрисий, ат-Туртуший ж.б. көптөгөна алым-илимпоздор чыгып турушкан. А бүгүн мусулмандар билим жаатында артта калып жатышкандыктары жашыруун эмес. Билим жаатында артта калуу албетте технологиялар, экономика, мамлекетти башкаруу системасы ж.б. тармактарда да артта калууга себеп болот. Ошондуктан биз бизден ушундай аалмыдар чыккан деп сыймыктанып эле тим болбостон алар жеткени йгиликтерди кайталообуз зарыл. Ошондо биздин алга карай өнүгүүбүз бир топ жеңилдейт.

10. Умар бин Абдулазиз халифа болуп турган убакта, ага берилген белекти кабыл албай коёт. Ошондо ага: "Эмне үчүн белек алуудан баш тартасыз? Пайгамбарыбыз алайхис салам белек алчу эле го?" - дешет.

Суроо: Умар бин Абдулазиз бул суроого эмне деп жооп берген?

Жооп: Адилет падыша Азирети Умар бин Абдулазизге белек берилгенде кабыл алуудан баш тарткан учурда, ага: “Эмне үчүн белек алуудан баш тартасыз? Пайгамбарыбыз алайхис салам белек алчу эле го?" дешет. Кайран киши минтип жооп айтты: "Пайгамбарыбыз алайхис саламдын пайгамбар болгондугу үчүн жакындагыбыз келет. А бизге бийликте болгондугубуз үчүн жакындагысы келишет. Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Бийликтеги адамга белек беруу, бул пара беруу дегендикке жатат!” - деп айткан. (Муьиинул Хуккаам17).

Бул окуя ар кайсы вариантта айтылгандыгы үчүн бийликте турган адамга белек берүү пара деп эсептелет деген маанидеги жооптордун баары туура деп кабыл алынды.

Комментарий: Умар бин Абдулазиз кээ бирөөлөргө окшоп “мен бир да жолу коррупцияда айыпталган эмесмин” - деп көрүнгөнгө актанып отурбастан, коррупция дан алыс экендигин өз иши менен көрсөткөн. Ал ачык түрдө пара алмак мындай турсун, белек демиш болуп берилген параларды да алган эмес. Коррупцияга каршы күрөшүүнү мамлекет башчысы өзүнөн баштаган болсо, анын иштерин ийгилик коштоосу талашсыз.


Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 04 Декабрь 2014 - 16:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Daud   04 Декабрь 2014 - 16:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эми катышуучулардын алган упайларын жазып өтөюн. Карап көрүп, кайсы бир жерин туура эмес эсептеген болсом, берки темадан айтыңыздар.
1. Nurjigit.kg, - 8 балл
2. Azik01, - 17 балл
3. Ali.12, - 4 балл
4. rumaika5544, - 19 балл
5. FREZIYA, - 16 балл
6. Sister, - 17 балл
7. Yasmin, - 18 балл
8. Nurdoolot94, - 10 балл
9. Momyn_jygyt, - 19 балл
10. Kg.Lady, - 18 балл
11. Topcubai - 2 балл

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 04 Декабрь 2014 - 16:41

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Kg.lady   04 Декабрь 2014 - 17:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Бардык катышуучуларга чын дилден ийгилик каалап, куттук айтабыз! Аракетинерге жараткан береке берсин!

Анда эмесе экинчи тапшырманы аткарууну баштасак.

2-тапшырма
"Исламдагы алтын доор", деп
аталат. 13-кылымга
чейинки мусулмандардын
жасаган иштерин, жетишкен
ийгиликтерин азыркы биз жашап
жаткан коомго салыштырып ыр
турундо баяндоо. Ыр саптар 3
куплеттен кем болбошу керек.
Бул тапшырмага бир жума убакыт берилет. Ыр саптар эки жол менен бааланат. Биринчиси Дауд мырза тарабынан жазылган ырлар чын эле тарыхтагы маалыматтарга дал келеби, чындыгында ырда жазылган ысымдар мусулман тарыхында болгонбу ошол жагын тактап баа койсо. Грамматикалык жактан туура жазылуусун, жазылган ырлар кыргыз тили, адабиятына шайкешеби, бул жаатта Клара жана Мега эжекелер оз баасын коет.

Катышуучуларга ийгилик жар болсун!
Кеттик анда маарага карай!:)

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 04 Декабрь 2014 - 20:19


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   sister   06 Декабрь 2014 - 11:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ассаляму алейкум. Чыгармам биринчи класстын денгээлинде болсо деле, жазып коёюнчу. Аталышы жок.

Тарыхта сонун доор болгон:
Аллахтын ырайымы менен берекесине толгон,
Анткени адамдардын журогу
Ага болгон суйуу менен ыйманга толгон.

Ал суйуусу бир гана Жаратканга арналган.
Ал суйуусу пайгамбарга багышталган.
Ал ыйманы тазалыка уйротуп.
Ал ыйманы чынчылдыкты талап кылган.

Тарыхта сонун доор болгон:
Адамдар Акыретти ойлогон.
Бул дуйнону оз жайына калтырып
Керектуу гана амалдарды топтогон.

"Керектуу амал" - деп сыйынууну билишкен.
"Керектуу амал" - деп Аллахка жагуу жолун издешкен.
Байлык, бийликти керексизге чыгарып,
Акыретке соопчулукту топтошкон.

Тарыхта сонун доор болгон:
Башчысы элин ойлогон.
Башчысы элине ушунчалык кам коргон -
Бир дагы ач калган адам болбогон.

тарыхта сонун доор болгон:
Алыстаган бизден Кыямат Куну!
Канчалык онолсо адам пейили -
Ошончо алыстайт Кыямат Куну.
Канчалык бузулса адам пейили -
Ошончо жакындайт кыямат Куну.


brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   07 Декабрь 2014 - 11:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

[b] Баштаймын жалгыз  Аллах аты менен,
Болгон экен тээ бир доор "жахил" деген,
Баласы, шериги бар Алланын деп,
Буттарга сыйынышып "ширк" келтирген.

Кыздуу болгонду уят сындуу корушкон,
Уялгандан тируу жерге комушкон,
Алсыздарын кучтуулору эзишип,
Бул жоруктар эл ичинде конушкон.

Жалгыз умут жараткандын нуру¹ эле,
Туура жолдун башатынын тушу эле,
"Алтын доордун" негизги себепкери,
Келээр маалы Мухаммаддын² ушул эле,

Аллах улуу, шериги жок жалгыздыгын,
Калгандары³ пайда,зыяны жок алсыздыгын,
Аял заттын коомдо орду бийиктигин,
Алсыздарды кучтуу коргоо керектигин,
Бейиш менен тозоктун бар экенин,
Момундарга Алла озу жар экенин,
Бул дуйнодо ылайыктуу жашабаса,
Кабыр азап, жер асты да тар экенин,
Бут ааламдар бир Аллахка зар экенин,
Эмне сураба ал Аллахта бар экенин,
Иш турундо, соз турундо дуйно элине,
Жеткируучу пайгамбарым Мухаммедим⁴


Жахил доордун айланганы алтынга,
Куран нуру, суннот нуру алдында,
Осуп жетти Мусулмандар олкосу,
Ыйман менен бут дуйнонун багынта.

Билдирүүнү түзөткөн: Nurdoolot94: 07 Декабрь 2014 - 11:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   FREZIYA   07 Декабрь 2014 - 12:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 08 Дек 2014 06:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гулдор олкосундо...

Кылмайынча амалында,
элдерге аны айткан эмес.
Ал Абу Ханифа, Имам Аазам,
Биз мазхабын карманган... .

Бир кул келип,Аазамга
Кожоюнум аазар берет
бир таасирдүү сабак кылың
кожоюнум урбай калсын деп суранат

Андан бери өттү үч жума,
Имам Аазам сабак кылат.
Ал сабактан таасирленип,
бая кулду кожоюну азат кылат.....

Азааттыка чыккан кул баягы,
Аазамдан келип сурады
не себептен кечиктиңиз? ,
жума бойу кордук көрдүм....



Анда, Аазам кеп айтат
"сен кеткенден акча топтоп,
кул алдымда иштеттим,
иштеттим да азаттыка чырадым,
кантип айтам,амал кылбай?!
Амал кылдым таасир берди....



Азыркы мусулмандар. ....
амал кылбай, кыйкырышат. .
өзү менен иши жок,
бирөөлөргө кыйынсынат. ...




эптеп чыгардым,баа бербесеңер да мен раазы
Көкүрөгүм мыкчып турат сезим бир.Көп ыйладым, кирпикте жаш шүүдүрүм.Неге атың жаздым экен жүрөккө?Махабаттын көрдүм кандай үзүрүн? У.Амираева

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   alibekova94   07 Декабрь 2014 - 15:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

.

Билдирүүнү түзөткөн: alibekova94: 07 Декабрь 2014 - 16:12


Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Декабрь 2014 - 15:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Бысмылда деп баштайын,
ырдын оозун ачайын
Эн акыркы пайгамбар,
Мухаммад алейхи салам тууралуу
азыноолак айтайын.


13-кылымга чейин,
элдин баары карангы
болушканы белгилуу.
Мухаммад алейхи салам
пайгамбар болгон сон,
элдин козу ачылган.


Эй Мухаммад улуусун
Эй Мухаммад сулуусун.
Пайгамбарлардын ичинен
мартабан да улуу сен.
Кечиресиздер, поэзиядан анча аксайт экенмин.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: