Батирди мейманкана кылып иштетүүгө тыюу салуу демилгеси депутаттардын ортосунда кайчы пикир жаратты
Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында батирлерди мейманкана катары иштетүүгө тыюу салуу, саатына берилүүчү батирлерди көзөмөлдөө жана айып пул салуу укугун ички иштер органдарына берүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Анын жүрүшүндө депутат Азамат Арапбаев аталган демилгеге каршы пикирин айтып, аны четке кагууну сунуштады. "Бүгүнкү күндө өлкөдө экономикалык абал жакшы эмес. Жарандарыбыз үй-бүлөлөрүн багыш үчүн ар кандай жолдор менен акча тапканга аракет жасашат. Эгер батирди мейманкана кылып иштетүүгө тыюу салсак, ижарага берген жарандар кирешесиз калышат. Ошондой эле тыюу салынганы менен, саатына берилүүчү мейманканалар иштей берет. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзүн жумуп, батир ээлеринен акча ала алышат", - деди Арапбаев.
Демилгечи депутат Кожобек Рыспаев мындай пикирге нааразы болду. "Тартиптүү адамдар өз үйлөрүндө тынч уйкудан жана эс алуудан ажырап, мейманканаларга келген адамдардын уятсыз аракеттерин,
башка жосунсуз жоруктарын күн сайын угууга жана көрүүгө мажбур. Алардын мас абалындагы мушташтарын жана чыр-чатактарын көрүп жатышат. Саатына берилүүчү мейманканалардын болушу коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирет, анткени аларда сот адилеттигинен качып жүргөн криминалдык элементтер,
өздөрүнүн кылмыштуу иш-аракеттерин пландаган террордук топтор оңой-олтоң жайгаша алышат", - деп жооп берди Рыспаев.
Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү бул мыйзам долбоорун жайкы каникулдан кийин кайра кароону чечишти.
Өз батирин башкага бир-канча саатка берип, батирди мейманкана катары иштеткен адамдарга көз карашыңыз? Тыюу салуу керекпи?
#1 28 June 2016 - 23:16
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 29 June 2016 - 00:51
Мен ушундай типтеги мейманкананы билем мен жашаган домдо , ага ким крышалык кылышын айтсам оозунар Ошту карайт тем более орган башчысы. Бул мыйзам каралбай калып кетет же жактырылбайт . Баардык эле чинушкалардын бизнеси ушу азыр.
Озунду эр ойлосон , бироону шер ойло!
#4 29 June 2016 - 02:12
Коросунор го, эгер кабыл алынса, олуу торолгон мыйзам болот. Балык башынан сасыйт демекчи...кимдин кимдин заманы, квартирасы коптун заманы, закон болот, бирок колдонулбайт,
бул бир эле тарабы.
Анан да муну менен жан баккандар дейлииии бош калса жумуш орун караштыруу, альтернатива деген нерсе бизде жок, айланайындар, эки бутту бир отукко камап, "мне гылсан ошо гыл" деген бир тушунуксуз позиция заманы. Анан майлуу жерден куру калган алар митингге чыкпай, мен чыгамбы?
Озу законду чыгараарда бир мындай караштыруу керек го ары-бери тегеретип, "эл эмне дейт, кошунанын балдары кулбойбуу" деп. Пайдасы зыянынан ашып тушсун - пажалста, иштеп кетууго шарт тузулсун - пажалста.
Болокторго тынчтык бербей жатса чалсын милийсага. Анан "жоок, милийса озу келгенден коркооот" дечу болушса, анда закон кучуно киргенде деле келуудон коркушат да алар. Башка вариантын карап корууго болбойбу? Тунку саат он бирден эрте мененки жетиге дейре коомдук тынчтыкты бузгандарга административдик жаза, штраф деген мыйзамыбыз барбы- жокпу? Бар болсо ошону иштетпейсинерби эгер тынчтык беришпесе? Суточныйга келгендер деле мыйзамга баш ийет го эл сынары дегендей да.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#8 29 June 2016 - 03:53
Озунуку болгондон кийин отугун торго илет да)
Мен деле каршымын, бирок эч кимди менин оюм кызыктырбайт

АльхамдулиЛлях!
#9 04 July 2016 - 15:26
Маселени туура талдап, туура чечим чыгарса болчудай экен.
Мамлекеттин максаты: кошуналардын тынчтыгы, кылмышкерлердин изи, анан анча-мынча налог.
Жарандардын максаты: мыйзамдуулук анан кошумча киреше булагы.
Чечим: обьекттерди мамкаттоодон откоруу, коп эмес салык салуу, эгер мумкун болсо ошол обьекттер жайгашкан подьезддерге же особняктын сыртына камераларды орнотуу...ушундай жол менен чечилиши керек...мен колдойм демилгени..

..
#10 05 July 2016 - 09:13
Бул мыйзам кабыл алынса жанагы бар го, эки-уч кыз бир квартирага чыгып алышып ошол жерден клиенттерди кабыл ала беришет. Ошолорго да айып пул салынабы же биз квартирага чыкканб ыз, нормале жашап жатабыз деп коюшабы?
Реал чемпиооон!!!
#11 05 July 2016 - 11:15
Бул мыйзам кабыл алынса жанагы бар го, эки-уч кыз бир квартирага чыгып алышып ошол жерден клиенттерди кабыл ала беришет. Ошолорго да айып пул салынабы же биз квартирага чыкканб ыз, нормале жашап жатабыз деп коюшабы?
Алар кыйын кыздар экен, "все включено" саатына болгону баланча сом дешет экендер да э? ))) Аларды Аллах озу токтотпосо биздин мыйзамдар токтото албай калды го..
..
#12 05 July 2016 - 11:27
Маселени туура талдап, туура чечим чыгарса болчудай экен.
Мамлекеттин максаты: кошуналардын тынчтыгы, кылмышкерлердин изи, анан анча-мынча налог.
Жарандардын максаты: мыйзамдуулук анан кошумча киреше булагы.
Чечим: обьекттерди мамкаттоодон откоруу, коп эмес салык салуу, эгер мумкун болсо ошол обьекттер жайгашкан подьезддерге же особняктын сыртына камераларды орнотуу...ушундай жол менен чечилиши керек...мен колдойм демилгени..
Мамлекеттин максаты: кошуналардын тынчтыгы, кылмышкерлердин изи, анан анча-мынча налог.
Жарандардын максаты: мыйзамдуулук анан кошумча киреше булагы.
Чечим: обьекттерди мамкаттоодон откоруу, коп эмес салык салуу, эгер мумкун болсо ошол обьекттер жайгашкан подьезддерге же особняктын сыртына камераларды орнотуу...ушундай жол менен чечилиши керек...мен колдойм демилгени..
Анча-мынча?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#14 05 July 2016 - 19:46
Бул мыйзам кабыл алынса баягы эле орган кызматкерлеринин чонтогун толтурат. Текшерип келгенде итке соок ыргыткандай биртке акча берип коюшат да иштете беришет.
#15 06 July 2016 - 00:57
Кыргызстанда мындар башка олуттуу проблемалар толтураго. Ушу биздин чондор керектуу маселелерди биринчи чечишседа
#16 07 July 2016 - 13:39
Оңго барсаң деле атың өлөт,солго барсаң деле атың өлөт дегендей кыскасы.
"Анча-мынча" налог бюджеттин жытын деле жыттабай калса керек,жарым жолдо жайрап.
Тополоңчуларга келген милийсаң деле ошо,чөнтөктү кампайтат да "төө көрдүңбү жок,бээ көрдүңбү жок"басып кетет.
Бул мыйзам иштелип чыкса деле кимге пайда кимге зыян белгисиз.

Супер-Инфо
super.kg
видео